Эркек сапарга аттанып жатып келинчегин дагы бир ирет өзүнө сыга кучактап, атыр жыттуу алкымынан көпкө жыттап туруп калганда, аялдан капкара тармал чачтары кытыгылап сылагансып бетине жабылды. "Берекем" –деп шыбыраган келинчеги күйөөсүн өз кучагына алганда, аялдан эркекке жанга башкача бир жагымдуу жылуулук шоолдоп, эркек узак сапарга негедир аягы тартпай турду. Куркултайдын уясындай жыпжылуу бөлмө менен бир гана ушул эркектин гана таалайына жазылган аялынан чыккан сыйкыр жылуулуктун айкашы аны андан бетер кетпе дегенсип өзүнө тартып жатты. Аял жана үй, аял үйдүн куту. Бул эки улуу биримдик бакыттын символу менен тутумдашып тургансыйт. "Эх, аял жана үй. Аял, үй жана бакыт. Чымчыктын уясы да бузулбасын…"– деп жубайынын кучагында магдырган эркек үйдөн кеткиси келбей турса да,бүткүл эркин жумшап аялдын кучагынан бошонуп чыкты. Эмнегедир аягы үйгө тартып, сыртка чыгаргысы жок. Жубайынын болпойгон, ысык эрдинен сүйүп, караңгы түндөй коюуланган карагаттай көздөрүн карап адатынча жарк этти:
– Жакшы тур, жаным! Тез эле келип калам.
– Качан келесиз? – деди карагат көз жубайы буга ичи эңшерилип.
–Үч күндө келип калышка аракет кылам.
–Үч күндө?! – жубайы чочугандай болпойгон эрди кенен ачылды. Анан күйөөсүнө таарынгандай жер карап: – Үч күн Сиз болбосоңуз, мен кантип чыдайм! Сиз жок үч күн мага үч жылга тете сезилет.
Аял таарынгансып карагат көздөрү мөлтүрөп жер тиктеп туруп калганда, капкара тармал чачы мажүрүм талдай салаалап жүзүн жаап калды. Сулуулуктун чеги жок тура. Карасаң, таарынган кезде бултуюп жер тиктеп туруп калганы деле өзүнчө бир башкача сулуу көрүнөт. Кудайдан берилген жапайы сулуулук, аялга сулуулукту Жараткан аянбай берген экен. Аял кандай кийинсе жарашып калар эле. Кийим аялга эмес, аял кийимге жарашып калгансыйт. Эркектин буга ичи жылып кетти. Аялдан жүзүн жапкан саамай чачтарын аяр артка тарап, маңдайынан сүйүп жатып шыбырады:
– Кечир, жаным… А мага үч кылымга тете сезилет. Бишкектен сага сюрприз ала келем.
– Эмне тартуу кыласыз? – деди аял жагымдуу эркелеп.
– Келгенде көрсөтөм.
– Макул, – деди жубайы кылыктана. – Келгениңизде мен да Сизге сюрприз кылам. Барганда мага сөзсүз жеттим деп телеграфтан телефон чалып коюңуз.
– Албетте, – деди эркек сырткы кийимин кийип жатып.
Бишкекке жетер замат, кардарларын тийиштүү жерлерге жеткирер замат сүйлөшүү түйүнүнө зуулдап барып, жубайына телефондон аман-эсен келгендигин бир ооз билдирип койбосо тамагынан эчтеке өтпөйт. (Ал кезде азыркыдай интернет, мобилдик телефон жок заман.) Андан соң шаардагы кафелердин бирининен курсагын тойгузуп, кайрадан автобекет тараптагы мейманканалардын биринде уйкусун кандырып, автобекетке келип, ал жерден Ошко кардар издейт. Авто-унаага төрт адамды салар замат Ошту көздөй учуп жөнөйт. Бишкекти карай шашылбай айдап келет да, эмнегедир Ошко жөнөгөндө байлоодон бошонгон күлүктөй келер-келгиче куюндай зуулдап келет да, бир сыйкыр күч – белгисиз жип моюндан үйүн көздөй сүйрөп бараткансып туюлат. Ошондо гана жубайы экөөнүн ортосунда байланган жан адамга туюлбас белгисиз жипти сезет.
– Макул, берекем! Кайыр кош, жаным, мен кеттим – деди эркек тамаша-чынын аралаштырып. Андан соң төртүнчү кабаттагы үйдүн босогосунда аны узатып карап турган жубайына карап подъездди жаңыртып ырдап кирди:
Сен менден кеткиң келди, кеткин эми,
Таңга окшош таалайыңа жеткин эми,
Өзүндү элестетер жалгыз мага,
Өксөөсү басылбаган жаздын деми...
Кезигип түшүбүздө, жашоодо жолугушпай!...
– Эчтекени унуткан жоксузбу? – деди ирегеде аны узатып карап турган жубайы. – Жакшылап бир карап алың. Керектүү нерсени унутуп, орто жолдо кайра кайрылып келчү болбоң.
Подъездде турган эркек чөнтөгүн аңтарып, документтерин бир сыйра карап алды да, аялына жайдары кайрылды:
– Жок, баары жайында.
–Анда ак жол Сизге!
– Жакшы тур, каралдым!
Сырткы эшик тарс жабылды. Эркек тепкичтен ылдый чуркап жөнөдү. Сыртка чыкты да, авто-унаасын от алдырып, жүрүп кетти. Үйдөн анча узай электе нике шакегин унутуп калганын эстеп, буга ичи тызылдай түштү. Сапарга чыкканда кайра артка кайтпайт, сапардын жолу буулат деген ырымды эстеп, үйгө кайрылып барышты ылайык көрбөдү. Жолунан кайтпай шашылыш жөнөп кетти.
***
Ош-Бишкек жолунда Таш-Көмүр тушка келгенде авто-унаа бузулуп калбаспы. Кар жаап жаткан. Кан жолдо тайгалактан аярлап баскан кишидей маңдай жарыгы күйгөн мышык көздүү унаалардан башка айланада бир жан көрүнбөйт. Авто-унаанын капотун ачып жиберип, оңдойм деп бир сааттай убара тартты. Жүргүнчүлөр да олтура беришип жамбаштары талыды окшойт, утур бирден сыртка чыга калышып, ичиркене жер тепкилеп алышат да, капотту ачып коюп көрөңдөнүп жаткан анын жанына үмүт менен басып келишет да, бир аздан соң борошолоп жааган каргабы, же карайлап жарым жолдо унаасын чукулап олтурган ага нааразы болушабы, айтор, кабагын тыржыйтып ары басып кетишет.
Айдоочу ара жолдо, ач белде калганда узак жолго кардар ташыган айдоочулардан айланса болот. Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт дегендей жол азабы – көр азабын түшүнсө бир ушулар гана түшүнөт. Айттырбастан утур түшүп келишип, эмне жардам керектигин өздөрү сурап, унаа эмнеден бузулганын билишинче божурап жатышты. Кар өчөшкөнсүп андан бетер көз ачырбай куюн аралаш жаап кирди. Акыры айла кеткенде кардарларды бир-бирден өздөрү чакыртпай-этпей токтоп, жардамга чуркап келе калышкан Бишкекке жол тарткан айдоочулардын унааларына эптеп жалгыз-жарымдан тыгып кетирмей болду. Мындайда узак жолго жүргүнчү ташыган айдоочулардан дагы бир ирет айланса болот, жүргүнчүлөр берген жол кирени аларга сунса: "Жок, салып коё бериңиз"–дешип эч бири алышпады, кардарларын Бишкекке бекерге жеткирип бермей болушту.
Эң акыркы жүргүнчүнү башка унаага эптеп батырган соң, жүрбөй токтоп турган авто-унаасына олтурду да, тамекини бурулдата түтөтүп бир топко дейре шалдайып үн-сөзсүз олтурганда, оюна бир нерсе кылт этти: Эми кандай жол менен болбосун эвакуатор таап, унааны артка сүйрөтүп кетиш керек.
Артына бузулган авто-унааны сүйрөгөн эвакуатор Ошко кирип келгенде, шаар эбак уйкуда экен. Шаарда ичи да борошолоп жааган карга чүмкөнүп, жол боюнда бир да караан көрүнбөйт. Кең көчөдөн анда-санда гана каршы тилкеден бирин-серин унаалар жолуга калып жатты. Авто-унаасынын маңдай терезесин шыпыргысы менен утур тазалап, эвакуаторго сүйрөлүп баратып, жол боюнда турган кино театрдын электрондук сааты көзгө урунду. Түнкү саат эки. Жаны жер тартып, көңүлү суз, эмнегедир бул ирет тагдыры татаал жолдо тайгаланып, эвакуаторго авто-унаасы эмес, өзү сүйрөлүп бараткандай, башына күтүүсүз жаман ой келгенде жүрөгү шуу этип, денеси чымырай түштү да, үйдөн чыгып баратып унутуп калган нике шакегин эстеди: демек бул жакшылыктын жышааны эмес экен. Ушул маалда авто-унаанын каптал терезесинен жол боюндагы аппак карда чачылып жаткан бир букет роза гүлдөрүн көрүп калды. Куюн учурган аппак кар бетинде туш келди чачылып жаткан роза гүлдөрү жок жерден талкаланып калган тагдырларды буркурап-боздоп айтып жатышкансыйт. Бир караганда жашоонун өзү өтө опурталдуу, кечээ эле жылуу витринада бажырайган роза гүлдөрү эми минтип бороондо буюгуп жол четинде чачылып жатышы не деген шумдукту каңкуулап туру!
Аппак кар бетинде мээримсиз таш боор куюнга уйпаланып жаткан роза гүлдөрү көз алдынан кетпей, бутун араң шилтеген эркек өзү жашаган үйдүн кире беришине келгенде гана өөх дей демин басып, жаңы жааган карга чүмкөнгөн кире бериштеги скамейкага көчүгүн басты. Алдынан кардын суугу уруп жатты. Тумагын чечип, карын күүп жиберип, бети-башын аарчып, тумагын кайра кийди. Шалдайып бир топко олтурду да, башын жогору көтөрүп төртүнчү кабаттагы үйүнүн терезесине назар салды. Үйдүн жарыгы өчүк, бир гана уктоочу бөлмөдөгү түнкү лампанын кызыл-тазыл жарыгы пардасы тартылган терезени болор-болбос жарытып турат. Демек жубайы үйүндө экен. Менин амандыгымды тилеп, мени Жараткан менен сампарлап кар жааган бороондуу түнгө аманат тапшырып, сар-санаага батып төшөктө ары-бери ооналактап жакшы уктай албай жаткан чыгарсың, түн чүрөгүм! Муну ойлогондо эркектин бүгүн тарткан жол азабын, көр азабын, бар азабын куркултайдын уясындай жыпжылуу өз үйү менен жубайынын жыпжылуу жууркан төшөктөгү ысык деми кардай эритип жок кылып жибергенсиди. Ичи жагымдуу туйлап, подъездге кирип баратып өзүнчө күбүрөнүп алды:
– Эх, аял жана үй. Аял, үй жана бакыт. Чымчыктын уясы да бузулбасын...
***
Ош шаардык милиция бөлүмү. Түнкү нөөмөт. Дубалга илинген саат туура төрттү көрсөтүп турат. Милициянын ага лейтенанты Биримкулов Акылбек иш ордунда чарчаңкы олтурду. Өзүн алаксытканы столдон гезитти алды да, столдун жарык жерине ыктай салып окуп кирди. Бутунун талыкшып чарчаганы эми гана сезилип, таманы жерге тиер замат тызылдап ачышып, таманы ачышкан буттарын бири-бирине утур алмаштыра арта салып гезитке үңүлдү. Өзүн алаксытышка гезит да жардам бербеди окшойт, бир маалда гезитти стол бетине ыргытып жиберип, үн-сөзсүз чарчаңкы дем алып столдогу телефонду караган бойдон мелтиреди. Түнкү нөөмөттү тейлеген кызматтык телефон түнкү саат үчкө дейре чырылдап, азыр эми дудук немедей тилден калгансып тунжурай түшкөнүнө кабатыр боло түштү да, эмнегедир бир нерсеге тынчсыздангандай аркы бөлмөдө уйкусурап олтурган нөөмөттөгү прапорщик Мырзалиев Бакытка кыйкырды:
–Мырзалиев!
Аркы бөлмөдөн прапорщик Мырзалиев жооп берди:
– Кулак сизде, жолдош лейтенат!
–Чакыруу жокпу башка?
–"Бахор" кафесинин администраторунан чакыруу түштү.
– Эмне болуптур?!
– Туулган күнгө чогулгандар мушташа кетиптир.
–Ай, энең!...–ага лейтенант Биримкулов Акылбек кейип алды. Анан кайра сурады: – Мастар бекен?
– Ошондой окшойт.
– Мастар болсо барыштын кереги жок. Ансыз да бүгүнкү смен жалаң мастар менен өттү. Эртең биринин үстүнөн экинчиси арыз жазып бөлүмгө өздөрү келишет. Ошондо тактайбыз.
– Хе-хе-хее… –прапорщик Мырзалиев Бакыт акырын күлдү.
Бир аз туруп ага лейтенант Биримкулов кайра сурады:
– Алар кимдер экен?
– Студенттер окшойт.
– Тим кой, –ага лейтенант Биримкулов дагы ороң этти. – Биринин гөшүн бири жесин ары жоктор.
Ага лейтенанттын айтканы бир жагынан жөндүү. Түнкүсүн милийсанын тынчын элди талап-тоногон каракчылар, уюшкан бандиттер эмес, "мени өлтүрүп кетти, союп кетти!" деген жалган чакыруулар менен көбүнчөсү аракка өлөрчө тойгон мастар алат. Бүгүнкү нөөмөт дал ушундай жалган чакырууларга ыкчам жетип барган убарагерчилик менен өттү десек жарашат. Алгач "Мени экөөлөп бычактап салды!" деген чакырууга ага лейтенант эки опердин коштоосунда дароо жөнөп кетти. Айтылган дарек боюнча ыкчам жетип барышса, батирде аракка өлөрчө тойгон үч эркек жана бир аял олтурат. Эч кандай бычакташуу болгон эмес. Иштин жагдайы мындай: үч эркек кафеде майрамдап олтурушуп, ал жерден бейтааныш аял менен таанышып калышат. Кафеден чыгышкан соң, алагүү эрендер бейтааныш аялды ээрчитип биринин батирине келишет. Майрам андан ары батирде уланып, бир маалда эки эркек үчүнчү ашынасын оозу-мурдун канжалата сабап салышат. Чатак эмнеден чыкканы белгисиз, сыягы бир аялды үчөө талаша кетишкендей. Таяк жеп калган эргул сыртка атып чыгат да, жакын арадан телефон будкасын таап, милийсага мени экөөлөп бычактап салды деген жалган чакырык таштайт. Буга ишенген ага лейтенант айтылган дарекке "Тез жардамды" да айгай салып чакыра салганын айт, атаңдын көрү. Жок эле нерсеге ушунча тарактаптыр. Жетип келген "Тез жардам" кызматкери алардын ар бирине соолуктурма укол сайган соң, лейтенант алардын баарын бөлүмгө жүктөп келип, төртөөнү тең бир камерага тыкты.
Кийинкиде "Күйөөм мени союп салам деп мойнума бычак такап коркутуп жатат!"–деп ажаандай кыйкырган аялдын чакырыгына ыкчам жетип барса, даңкыйган кара тору аял ашканада өзү жалгыз коньяк ичип олтурат, жанындагы диванда бою чыканактай, сары тору тыртайган эркек коңурук тартып уйкуга кетиптир. Ага лейтенант Биримкулов уктап жаткан эркекти бир тээп ойготту. Эч кандай бычакташуунун изи байкалбайт. Териштире келгенде, иштин чыныгы жагдайы мындай болуп чыкты: ашынасынын чакыруусу менен анын үйүнө барып, бузулган печкесин оңдоп берип, ал жерден өлөрчө ичип кайткан күйөөсү жанына бир бөтөлкө коньяк сала келип, ичкенди ашканада улантат. Ызы-чуусу жок жөн ичсе да мейли. Бир маалда аркы бөлмөдө өзүнчө күдүңдөп иш кылып жүргөн аялына кирип келип, себепсиз жерден эле оозун канжалата урат. Аялы ваннага кирип бети-башын жууп жатып, муш жеген маңдай тиши шалактап калганын билгенде, ашканага кирип, коньяктан эки ыстакан уруп жиберет да, артынан келип күйөөсү менен мушташа кетип, андан дагы таяк жеп жеңилип калганда, долуланып үйгө милийса чакырат. Ага лейтенант ишти териштирип жаткан маалда, күтүүсүз жерден эрди-катын эркекче тапыр-тупур мушташа кетишсе болобу! Лейтенант аларды ажыратпастан, мушташкандарын тамаша кылып олтура берди. Эмнеге ажыратмак эле, экөө черди жазып кызыл-жаян мушташып жатышса.
Бир маалда даңкыйган аял тыртайган күйөөсүн жамбашка салып көтөрө чапты да, үстүнө минип алып бети-башын былчылдатып кызыл-жаян канга боёп жанчып кирди. Күйөөсү деле эмес окшойт, бирге жашаган көңүлдөшү шекил. Аялдын жашы эркектен бир топ улуурак көрүнөт. Эгер эркек аялды минип алып жанчып жатса, бул анча эмес, бирок аял киши эркекти минип алып баш-көзгө ургулап жатканы көзгө жаман калааты көрүнөт экен. Алдында калган эркекти өлөрчө сабап, өчүн алып көкшүүнү сууган соң, аял күшүлдөй оор дем алып ордунан турду. Тыртайган эркек жерде бети-башы канжалап бир топко дейре туралбай жатты да, анан бир ооз айтканы бул:
– Аял киши эркекти эч качан муштабайт, теппейт, келесоо! Жатыныңды кестирип баласыз болуп калганың, эрден чыгып эрге тийип бактысыз болуп калганың ошондон, сөйрүк. Чала болот сага…
Муну укканда жаалы кайнаган аял бурулуп келип, жерде сулап жаткан эркекти ич талаштыра бир тепти да, ажылдап берди:
–Өлүгүңдү кана көрөйүн, арамы жексур! Бул жерден эртең көзүмө көрүнбөй жогол! Силердей эркектин барынан жогу! Колумда бийлик болсо, эркек аттуунун баарын автомат менен татыратып ит аткандай атып салат элем! Эркектерди койдой мууздап салгым келет! Мууздап салгым!...
"Силердей эркектерди мууздап салгым келет!"–деген аялдын заар сөзүнө селт эте түшкөн ага лейтенант кыжынган бойдон жамбашына байланган тапанчасын сууруп чыгып, ары-бериден дүрмөттөй салды да, аялды как чекеге мээлеп туруп, тапанчанын маашасын басып жибермекчи болгондо, жан-соогалап кыйкырган аял үстүнө жууркан төшөктү жамынып жерге сулаган бойдон үн чыгарбай дымып калды. Бетинен заары чачыраган ага лейтенант Биримкулов жерде тырайып жаткан эркекти бир тээп кыйкырды:
– Тур, энеңди! Тез жуунуп чык!
Эркек ваннага кирип кетип, бети башын жуунуп чыккан соң, анын колун артына кайрып, наручникти салып жиберди да, эркектин башын жерге ныгырып сыртка сүйрөп чыгып, кызматтык унаанын ичине ыргытып жиберди. Андан соң батирге кайрылып келип, жууркан астында бөдөнөдөй пысып жаткан аялга басып келди да, үстүнөн жуурканды сыйрып жиберип, аялды үндөбөстөн сыртка жетелеп жөнөдү. Кетип баратып аял шолоктоп ыйлап, күбүрөнүп баратты:
–Шор пешенем, ай!... Энеден кийин төркүн жок деген ушул тура... Сен өлгөн соң кызың ушинтип эч жерге батпай калды, апа!... Кызыңды неге төрөдүң экен, бактысын кошо төрөбөйт белең... Бейиштик апам жакшы жат, итке окшоп он бирди төрөпсүң... Кана ошолордон бычакка сап бирөөсү! Эжеме барсам жездем жат, агама барсам жеңем жат болуп, көчөдө сандалып мен калдым... Же балам болбосо... Же бала төрөбөсөм... Же минтип эрден айтпаса, мен бетпакты неге төрөдүң экен... Неге!... Мейли, маңдайга жазганын көрөрмүн, жашоодон жалгыз өтөөрмүн... Өксүп өтөөрмүн... (Аял эчкирип ыйлап жиберди.)
Ага лейтенант үндөгөн жок. Экөө жетелешип унаага дейре басып келишти. Унаанын эшиги ачылганда, аял лып этип унаага өзү эле кирип кетти. Кошо келишкен эки опер кызматкери да унаага олтуруп, эшик жабылган соң, бөлүмдү көздөй жөнөп кетишти.
Бөлүмгө келишкен соң, мушташкан эрди-катынды ага лейтенант бир камерага тыкты. (Жашоонун өзүн толук аңдап түшүнүү мүмкүн эмес. Адам жашоосу ушундай сырдуу, ары көп кырдуу. Тирүүнүн күнү эптеп өтө берет. Ушуну менен экөө ажырашып тынды дейт чыгарсыз. Жок, андай эмес! Кийинки жазда бул экөөнү ага лейтенант Биримкулов Навои сейил багынан көргөн. Майрам күн эле. Экөө паркта кыз-жигиттей жетелешип баратышат, маанайлары беш. Аял жашына ылайык келбесе да, анчалык жарашпаса деле, жамбашын даңкыйтып этеги кыска, сырттан караганда ич кийими байкалган үлбүрөгөн жука тор көйнөк кийип алган. Экөө тең бир аз кызуу, колдорунда балмуздак. Кетип баратып сейил бакта топураган элди көзгө илишпей, экөө улам бири-бирин эми көрүшкөнсүп чоп-чоп эттире ооздон өбүшүп коюшат.) Андан соң иш дагы ушул сыяктуу чакыруулар менен уланды.
Ага лейтенант олтурган туштагы терезеден түнкүсүн короого орнотулган лампочканын жарыгы улам бозомук тартып, шаар ичине таң супа тарта баштады. Корридор тараптан камерада камалып жаткандардын угулар-угулбас жөөлүгөнү, акырын кобур-собуру угулат. Биримкулов дубалдагы саатка карады. Түнкү саат бешке он мүнөт. Ошол маалда түнкү саат үчтөн кийин жаны жай алып дымый түшкөн нөөмөттү тейлеген кызматтык телефон ачуу чырылдап жибербеспи. Ага лейтенант селт чочуп, колун трубкага ыргылжың сунган кезде, телефон кайра дымып калды. Ичинен сөгүнгөн ага лейтенант колун чекесине таяп олтурган жеринде биртке куш уйку салып алмакчы болгондо, кызматтык телефон дагы ачуу чырылдап жиберди.
–Энеңдурайын, – сөгүнгөн ага лейтенант трубканы алды да, айта жүрчү сөзүн кайталады: –Шаардык номер он экинчи милиция бөлүмү! Ага лейтенант Биримкулов Акылбек Сизди угуп жатат!
– Алло, милиция бекен? – деген эркек кишинин үнү угулду.
– Шаардык номер он экинчи милиция бөлүмүнүн ага лейтенанты Биримкулов Акылбек Сизди угуп жатат.
– Бирр…римкулов Ак..кылбек, секетим. Амансыңбы, секет. Иштериң жакшыбы?
– Тууй ата!– трубканы колу менен жаап аркы бөлмөдөгү прапорщик Мырзалиев Бакытка кыйкырды: – Мырзалиев!
– Кулак Сизде, жолдош лейтенант,– прапорщик Мырзалиев шаңк этти.
– Дагы бир мас! Мага секетим деп тийишип мээни чагып жатат! Эмне кылалы!
– Бөлүмгө алып келип энесин таанытып салалы.
– Чарчап турам да, болбосо… –деди ага лейтенант ыргылжың. Анан трубкадан маска кайрылды: – Угуп жатам Сизди. Айта бериңиз.
– Мен аялымды сабап өлтүрүп алдым, – деди эркек бүшүркөп.
– Эмне?!
– Аялымды сабап өлтүрүп алдым, –деди мас эркек. Анан өксөп ыйлап жиберди: –Секетим Акылбек, садагаң кетейин Акылбек, айланып кетейин, ак чочок!... Аялымды сабап өлтүрүп алдым дейм! Эми менин көргөн күнүм не болот, оо-ууу!...
– Жөн сүйлөчү, энең!... – ага лейтенант кыйкырды. – Кайсы даректе турасың?
Мас эркек бирдемелерди божурап жатты. Ал арада ага лейтенант ручканы алып, столдун тартмайынан бир барак кагазды сууруп алды да, мас эркектин айткандарын кагазга дароо чиймелей салып, трубкадан маска кайрылды:
– Түшүнүктүү! Бизге караштуу район. Азыр таңкы саат беш болду. Сен эми биз баргыча төшөккө жат да, жакшы уктап, эртерээк соолук. Алыңа ченеп ичпейсинби!
– Силер саат канчада келесинер?
– Таңкы саат ондо барып калабыз.
– Оо-уу! Ошончо узакта келесиңерби? Андан көрө азыр келип, менин аялымды ооруканага алпарып, мени тезирээк түрмөгө тыгып салгылачы. Аялымдын өмүрүн сактап калыш керек, ал жашаш керек, ал өлүмгө татыктуу эмес! –мас эркек бырбыңдап ыйлап кирди. – Мен аялымды өлтүрүп салдым! Милийса иним, мага аялымды таап бересизби, мага аял таап бересизби, ал жок болсо, мен шордуунун көргөн күнү не болот, милийса иним!… Мага аялымды таап бересизби… Мени… Мен… Мага аял таап бересизби, милийса иним! Советтик доордо төрөлгөн, ак бешикке бөлөнгөн, айланайын Акылбек, секетим!
–Ыйлаба, киши, ыйлаба дейм! Адамды таза кыйнай турган болдуң! – ага лейтенант кыйкырды. – Аял таап бергидей милиция сага жеңе беле! Ичкен болсоң, өпкөңдү басып жатып тур, сага мен саат ондордо өзүм барам. Аялың да мас беле?
– Жок, экөөбүз тең соо болчук. Мен аялымды сабап, ал өлүп калганын билгенде, курганымды төшөккө аяр көтөрүп келип жаткырдым. Канжалаган бети башын таптаза жууп тазалап, колун көпкө дейре кармалап олтура бердим. Бир маалда колдору муздай баштады, Көйнөгүнөн колумду сойлотсом, денеси муздап баратыптыр. Чечиндим да, аялымдын үстүнө баса жыгылып, муздап бараткан денесине өзүмдөгү бар жылуулукту берип жаттым. Кучактап эрдинен сүйдүм, ыпысык көз жашым жүзүнө салаалап төгүлгөндө, жүзүнө кызыл жүгүрүп кадимкидей албырып чыкты. Жылуулугу кайта элек жалбырактай жупжумшак эриндери! Демек ал тирүү! Тирүү!
Кексе лейтенант мас эркектин анткорлоно кууланып жатканын дароо түшүндү. Иштин жагдайы толук маалым болгон соң, ага лейтенант мас эркекти эптеп жаткырып коюшту ылайык көрүп, алдап-соолаганга өттү:
– Ии, анан? Аялыңды сабап, анан өпкүлөп жатып өлтүрүп алдыңбы?
– Жок, андай дебеңиз! – Мас эркек кыйкырып жиберди. – Аялымдын өлгөнүнө түк ишенбейм, андан көрө мен өлөйүн. Ишенесизби, анын денеси муздап калса да, эриндерин көпкө дейре өпкүлөп жата бердим. Ысык таза көз жашыма жүзү кадимкидей албырып, өпкөн сайын эриндери ыпысык, тирүү бойдон. Ах, сенин жалбырактай жупжумшак эриндериң!
Ага лейтенант эрди-катын кошо ичишип, андан сон эс-учун билбей жерге сулаган аялына кошок кошкон мас эркектин мындай лирикасына – кайдагы мастык менен ойдон чыгарылган жоромол-дөдөмөл сюжетке маани бергенди каалабады, маска теңелгиси келбеди. Эс-учун билбей жерде жаткан аялын өпкүлөп жатса, демек өзү да кыйла мас. Эгер эбак өлүп калган аялын өпкүлөп жатса, анда даана акылынан айныган, психикалык жактан бир аз оорукчан жан чыгар. Канткен күндө да бул жерде киши өлтүрүүнүн ишарааты байкалбайт, ошого аны дагы жоошутканы майин түрдө айтты:
–Макул, баары түшүнүктүү. Эгер айтканыңыз чын болсо, эртен Сиз айткан дарекке оперлер барат. Аялыңыздын өлүгүн моргго өткөрүп беребиз да, опер балдар Сизди мага алып келишет. Мен Сизге протокол түзүп, Сизди "особо жестокое убийство и издевательство над мертвым телом" деген берене менен он жылдан ашуун түрмөгө кесем да, түрмөдөн өзүңүзгө ылайык аялды таап, үйлөп коём. Алло, мени угуп жатасызбы?... Макул, келиштик... Эртен саат ондо Сиз айткан батирге оперлер барат. Алло... Жакшылап эс алыңыз да, мага телефон чалбаңыз... Оперлер өздөрү Сизди таап барышат. Алло, түшүндүңүзбү?... Жакшы жатыңыз.
Ага лейтенант Биримкулов анын жообун күтпөстөн трубканы койду да, дубалдагы саатка карады. Таңкы саат алты. Сырттан бирин-серин унаалардын гүрүлдөгөн доошу угулуп, шаарда таң агарып келатты. Ачык эшиктен корридордо басып бараткан участкалык милициянын карааны көрүнгөндө, ага лейтенант Биримкулов аны өзүнө чакырды:
–Участковый!
– Кулак Сизде, жолдош лейтенант. Кутман таң – участкалык милиция бөлмөгө кирип келди.
–Эмне мынча, таң атпай, карга бок чокуй электе?– ага лейтенант суроолуу карады.
– Зарыл иштер чыгып калды.
Ага лейтенант бир барак актай кагазга жазылган даректи сунду.
– Ушул райондо бүгүн иштериң жок беле?
Участкалык милиция актай кагазды алып, ага үңүлүп карады да, кагаздан башын көтөрбөй туруп жооп берди:
– Жок, мен азыр бир жарым ай мурдагы киши өлтүрүү катталган батирге тезинен барышым керек. Ошого шашылыш келдим. Тергөөдө кылмышка тиешелүү дагы жаңы жагдайлар, ысымдар чыгып жатат. Эмне болду эле? – столду өбөктөй олтурган ага лейтенантка карады.
– Ой, ит билсинби. Бир мас эркек аялымды сабап өлтүрүп алдым, мени эртерээк кармап кетип түрмөгө тыккыла деп сурана берип бир сааттан бери мээмди жеп таштады. Эч кандай убийствонун деле изи байкалбайт. Аялы менен чатакташа кетип, долуланып жаткан мас окшойт. Кантсе да, бир басып барып, ушул батирден да кабар алып койчу.
Участкалык милиция бир саамга ойлоно калып, анан үн катты:
–Макул. Болгону азыр эмес. Азыр бир жарым ай мурда киши өлтүрүү катталган батирге барам да, ал жерден тиешелүү маалыматтарды тактап бүткөн соң, жолдо келатып бул жайга да бурула кетейин.
– Жарайт, келиштик.
Участкалык милиция дарек жазылган актай казазды бүктөй төш чөнтөгүнө салды да, шашылыш чыгып кетти. Бир аздан соң столдогу телефон күтүүсүз жерден дагы ачуу чырылдап жибергенде, ага лейтенанттын кулагына телефондун чырылдаган үнүн коштоп бирөөнүн буркурап-боздоп ыйлаган ачуу ыйы угулуп кеткенсиди. Селт эте чочуп кеткен ага лейтенант трубканы алар замат жооп берди:
– Шаардык номер он экинчи милиция бөлүмү! Ага лейтенант Биримкулов Акылбек Сизди угуп жатат!
Трубкадан шолоктоп ыйлаган баягы мас эркектин үнү дагы чыкты:
– Алло, милиция бекен? Мен деген... Мен келесоо аялымды сабап…
Таң атпай милиция менен бир саат бою тамашалашкан мас эркектин кылыгына катуу жаны ачыган ага лейтенант трубканы ыргытып жиберип, фуражкасын башына кийди да, чарчаган таманы ачышкандан улам аксай басып бөлмөдөн чыгып кетти. Бөлмөдө эч ким жок. Баары жымжырт. Эшик жабылганда, бөлмө ичин караңгылык каптап, капкараңгы мейкиндикти көзөп мезгил таразасы – дубалдагы сааттын гана чык-чык үнү угулат. Капкара туңгуюктан телефондун жанында дубалга илинген чоң күзгүдөн чачы куудай аппак, сакал-муруту өсүп жүдөгөн, көздөрү канталаган эркектин жылаңач карааны көрүнөт.
Столго салаңдай асылган трубкадан эркектин үнү эмнегедир бийик чыгып жатты:
–Алло, милиция... Сүйүнчү, сүйүнчү!... Ал тирүү экен!... Денеси муздак, бирок албырган жүзү, эриндери ыпысык бойдон... Демек ал тирүү!... Оо, Жараткан! Мен аны эми эч качан көрбөймүнбү?... Анын ордуна мен кетсем болобу?... Ага жашоо бере көр, он сегиз миң ааламдын эгеси! Анын ордуна менин жанымды алчы... Мени алып кетчи... Ансыз мен бир күн да жашай албайм... Ой, тообо! Чачым бир түндө куудай агарып кеткени эмнеси?!... Бир түндө ушунча агардыбы?!... Оо, Жараткан!... Ал тирүү бойдон!... Алло, мени угуп жатасызбы?... Ыпысык жүзүнөн жыттап, албырган илебинен соруп жатам... Ыпысык албырган илебиңден... Жалбырактай жупжумшак эриндериң…