
Ыр жини бар кесипкөй акындын бир күнү ар кандай темадагы ырга керектүү кайрыктарды издеп жүрүп өтөт эмеспи, кайсы күнү кандай темадагы ырга илхам жаралат – муну бир Кудай билет.
Айталы, күз темасына илхам жаралды дейли, жашикте топтолгон кагаздарды алып чыгып, «убада», «булут», «жалгыздык», «күз» темасына арналган ыр кайрыктарын шашпай окуп киресиң.
Мына минтип жазылып жүрөт: «ийнелик», «тунуктук»…
Күзүндө ийнелик курган илмийип, денеси өлүктөй тартайып, абада ийнелик эмес, анын арбагы каалгып жүргөнсүйт. Күзгү күнгө ийнеликтин денеси тунара түшкөнүчү…
Дагы мынтип жазылып жүрөт: «Күз – жайкы саратан өрттөгөн күл», «Куйкаланган жер бети»…
Жана дагы: «Жайдын оттой шам чырагы жаркырап, жетимсиреп күз чырагы жалдырайт».
А бул жерде: «Жылдызча гүлү, ташбоордук» –деп да жаза салган жайым бар экен.
Бир ирет шаар чекесиндеги ресторанда кесме ашка буюртма берип, тамак келгичекти стол үстүндөгү журналдан катуу жер титирөөдөн кийин тартылган сүрөткө назарым түштү. Куйкаланган жер бети жана жерде шалдайып олтурган аял – катак көйнөкчөн жападан жалгыз караан. Жүрөгүмдүн түпкүрүнөн аны аяп кеттим да, сезимдин тээ түпкүрүнөн сүйүү сыяктуу элес-булас каалоо сезимдер алоолонуп кеткенсиди.
Кайгы менен каалоо сезимдердин айкалыш сыры эмнеде? Жүрөгүм тилинип кеткенсип турдум. Какыраган талаада каңгып баратып, бир маалда алдыны карай салсаң, жерде жападан жалгыз бир кучак жылдызча гүлү өсүп турса, аны көрүп кантип каңырык түтөбөйт… Кечинде көрүнгөн ажарлуу жүздөй бажырайып гүл ачкан күзгү гүлдөрдү көргөндө кантип кабыргаң кайышпайт...
Дагы мындай жазуу: «Жай менен ээрчишип күз да келди».
Жай менен ээрчишип күз да келип калганын жайкы саратанга какталып көнгөн пенделер кайдан аңдап туюшмак. Жайында саратан чегирткелер чырылдап, жайдын толгон кезинде бакчадагы коңгуроо гүлү бажырайып гүл ачат эмеспи. Жайкысын туш-туштан ийнелик учуп, курма дарагынын мөмөсү бышып жетилет…
Күздөн өткөн жалганчы жоктур. Жай мезгилинин артына жашынып алат да, кытмыр күлүп, эч кимге байкатпай бир күнү кирип келет. Аны мага окшогон көрөгөч акын гана баамдап туйбаса, башкага туюлушу кыйын. Жайкы саратанга эргий түшкөн үй-бүлөм деңиз жээгине кетсекпи же тоого кетсекпи деп талашып-тартышып жатышканын боорум ачып карабаска аргам калбады. Эми баары кеч, кембагалдар! Жай артына жашынып ууру мышыктай акырын жойлоп күздүн кирип келгени качан, кем акылдар!...
«Көрүнчүлөр тууралуу кызыктуу аңгемелер». «Сокур массажист». «Алло, алло…»
«Желге чийдей ыргалып көргөн жанды арбашкан». «Ал тарапта баягы эски бейит жайгашкан…»
«Басар жолду эми кайдан табамын?», «Аял–бул ажаан», «Куйкаланган түздүк» …
Толгон-токой жазуулардан карайлап, башыма эчтеке кирбеди. Унутуп калбайын деп жазып койсом керек, азыр эми эмнеден улам минтип жаздым экен – ушуга акылым жетпей башым катыды, тообо.
Мына дагы минтип жазыптырмын: «Терезден бакчаны турдум карап. Кап кара жер бетинде бир өлүм санги күзгү көпөлөк жөрмөлөп барат. Аны ичтен боор ооруп турдум аяп. Ушул күнгө өлбөй жетиптир, демек чыйрак. Назиктик? Ким билет…»
Муну өтө кыйналып жүргөн кезимде жазсам керек эле. Эси-көөнүмдөн эч качан кетпейт. Бирок бул жөнүндө азыр эскериштин эч кажети жок…
Дагы жазуу: «Деңиздеги өлүүдөй жымжырт мезгил».
Күздүн күнү деңиз жээгине бир басып бардыңыз беле?
Деңиз жээгиндеги толкундарга ыргалган сынык чатырлар, кумга баткан чырактар, жайкы шаттык жашоону эске салып чырактарга кызыл тегерекчелер тартылган. Ыргытылган кагаз калдыктары, пластинканын сыныктары, бош бөтөлкөлөр… Деңизде ылайланган кызгылт толкундар жай термелет…
«Огата-сандын балдары бар экени чынбы?»–дептирмин, эй.
«Күзүндө тери серүүн тартып, жанга жагымдуу».
«Учакта күзүндө учкан кандай сонун»–деген жери да бар экен.
Муну эмнеден улам жазганымды такыр эстей албадым. Бирөөлөрдүн айткандарын кокустан эшитип жазгандарым болсо керек.
Мына жазганымды караңыз: «Өзүн жан-дили менен искусствого арнаган адам алсыздарды коргой билиши керек».
Мына көрдүңүзбү, кээ бир жазгандарым күз темасына такыр коошпойт. Балким муну «мендеги күзгү толгонуулар» деп койсок жарашат. Адам болгондон кийин пенде ар мезгилде ар башкача ойлонуп-толгонот эмеспи…
Жазат десе эле мындан башка да толтура жоромол-дөдөмөл, кирди-чыкты ойлорду жаза берипмин, жаза берипмин: «Дыйкан үй-бүлө. Сүрөттүү китеп. Күз жана жоокерлер. Күзүндөгү жип ийрим. Өрт. Түтүн. Ибадаткана…»
Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ