Падыша Яяти өлүм алдында жатты. Ал жүзгө чыккан эле. Жан алгыч келгенде Яяти андан суранат:
– Балким менин ордума балдарымдын бирин аларсың? Мен падышачылыктын ишин ойлоп жүрүп чыныгы жашоону көрүүгө үлгүргөн жокмун, өлөрүмдү түк ойлобоптурмун. Бир жолу аяп кой!
– Мейли, балдарыңдан сура, макул болсо мен каршы эмесмин.
Яятинин жүз уулу бар болчу. Аларга кайрылганда көптү көрүп, куу такым болуп калган улуу балдары ордуларынан козголушкан жок. Эң кичүү көкүрөк күчүгү – ал болгону он алты жашка жаңы толгон эле, ошол кенжеси атасынын маңдайына келип макулдугун билдирди.
Башкаларды мындай кой, Жаналгычтын өзүнүн боору ооруду ага: жүзгө чыккан абышка жашагысы келип жатса, бул жашоодон эч нерсе көрө элек он алтыдагы өспүрүмдүн бул жашоодон аша кечкени кандай?
– Сен эч нерсе көрө элек – күнөөсүз боз улансың. Тигил токсон тогуз агаң унчукпай карап турушат. Алардын алды жетимиш беш жашта. Алар жээрин жеп, ичерин ичишкен, жашоолору деле аз калды. А эмнеге сен макул болдуң? — деди Жаналгыч.
– Эгерде жүз жашка чыккан атам жашка тойбосо, мен тоймок белем? Канча жашасаң да айырмасы жок! Мага атам жүз жылда тойбогон жашка жүзгө чыккан күндө да тойбосумду түшүнгөнүм жетиштүү. Кандайдыр бир жашоонун башка жолу болушу керек. Бул жашоо аркылуу ага жеталбайт көрүнөм, ошондуктан ага өлүм аркылуу жетүүнү көрөйүн дедим. Суранам, мага ошол максатыма жетишке каршы болбо, – деди жаш улан.
Жаналгыч атасын калтырып, жаш уланды алып кетти. Андан соң Жаналгыч кайра келди. Падыша таң калды:
– Ушунчалык ылдамбы? Мен жүз жыл бүткүчө көп бар деп шашпай жүрбөдүмбү. Мен дагы эле жашоону көрүп бүтө элекмин, жаңы жашоону эми баштайын дегенде жетип келипсиң! Дагы бир уулумду ал.
Мына ошентип Жаналгыч дагы он жолу келди, ар бир келген сайын бир уулун берип жүрүп миң жашка чыкты. Жаналгыч кайра дагы келип Яятадан сурады:
– Эми эмне дейсиң, дагы бир уулуңду бересиңби?
– Жок, эми мен даана билем, миң жыл жашасаң да баары бир экен. Ушунча жылдан бери баягы эле чечилбеген түйшүктөргө баш катырып жүрүп, жашоомду эч мааниси жок, бошко кетириптирмин. Ошондуктан бул эми жардам бербесин түшүндүм.
Жашоо жөнүндөгү мааниси терең икая
… Саякаттан кайтып келгенден кийин Устат башынан өткөзгөн окуяны айтып берди: Авто-унаа кыска убакытка токтогондо ал жол боюндагы жайлуу кафелердин бирине кирип калат. Менюда даамдуу сорполор, ачуу татымалдар жана башка жыты буркурап табитти ачар түрдүү тамактар турган. Устат сорпого буюртма кылат.
— Сиз тигил автобустансызбы? – деп сурайт андан ашпозчу сылык-сыпаа. Устат башын ийкейт.
– Анда сизге сорпо жок.
– Анда кэрри соусу менен бууланган күрүч барбы? – деди таңгалган Устат.
– Эгер сиз тигил автобустан болсоңуз, аны да бере албайм. Сэндвичтерге гана буюртма берсеңиз болот. Мен бул тамактарды эртең менен эрте туруп канча убара менен бышырдым, а сизде тамактанууга он мүнөттөн ашык убакыт жок. Убакыттын тардыгынан даамын баалай албас адамга бул тамактарды бере албайм.
Которгон Абийрбек Абыкаев
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана Оптима банк-4169585341612561.