Генри Киссинжер «тамак-ашты көзөмөлдөсөң, элди башкарасың» дейт

  • 24.10.2024
  • 727

Генри Альфред Киссинжер (1923–2023-ж.ж) – америкалык мамлекеттик ишмер, дипломат, эл аралык мамилелер боюнча эксперт. АКШ Президентинин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси жана Мамлекеттик катчысы болгон. Нобель Тынчтык сыйлыгынын лауреаты.

*     *     *

Баардык саясатчылардын абийирине капкайдагы 90% саясатчы көлөкө түшүрөт.

*     *     *

Эмненин чын экени маанилүү эмес, эмненин чындыгы маанилүү.

*     *     *

Жетекчинин милдети – өз элин турган ордунан башка жакка жеткирүү.

*     *     *

Американын туруктуу достору да, душмандары да жок, кызыкчылыктары гана бар.

*     *     *

Жыныстык согушта жеңүүчү болушу мүмкүн эмес, анткени каршылаштар тууганчылыкка өтө жакын.

*     *     *

Нефтини көзөмөлдөсөң бүт мамлекеттерди; тамак-ашты көзөмөлдөсөң, элди башкарасың.

*     *     *

Эч бир улуу держава түбөлүккө чегинбейт.

*     *     *

Делебени козгоор эң күчтүү каражат – бийлик.

*     *     *

Бийлик – эбегейсиз зор афродизиактардын[1] бири.

*     *     *

Саясий баяндамачы – бул бийликтегилердин көздөгөнүн ачыкка чыгарган эле адам.

*     *     *

Дипломатия – бул бийликтин тизгинин тартуу өнөрү.

*     *     *

Жакшысы – адептүү адамдардын баары ишти чалгынчылыктан баштаган. Мен дагы.

*     *     *

Улуу державалар союздаштары үчүн өздөрүн курмандыкка чалбайт.

*     *     *

Мыйзамга каршы иштерди дароо жасайбыз, а Конституцияга туура келбес иштерге узагырак мөөнөт керек.

*     *     *

Жада калса психоз оорулуунун деле душманы болот.

*     *     *

Атагың таш жарып тургандын эң башкы артыкчылыгы – кошуналарың тамактануудан зериксе эле; өздөрүн өздөрү күнөөлүү сезет.

*     *     *

Кийинки аптада кризис болушу эч мүмкүн эмес. Календардагы жолугушууларымды карасам, толуп калыптыр.

*     *     *

Коррупцияланган саясатчылар он пайыз калганына эле кабактары карыша берет.

Которгон Бек Тамырлан

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Булак: https://ru.citaty.net/avtory/genri-kissindzher/  

 

[1] Сексуалдык активдүүлүктү турукташтыруучу же күчөтүүчү заттар.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз