
Чыгыш поэзиясынын салттарынын бири – ыр жараткан акындардын жеке жашоосундагы дервишчилик, календардык жашоо образында жүрүп, ошол таасирлерин поэзияда чагылдыруу. Бул өзгөчө сопучулук агымы менен байланыштуу.
Бул көрүнүш кандайдыр бир деңгээлде Парпи апызда учурайт. 1884-жылы күз күндөрүнүн биринде төрөлгөн деп келебиз аны. Ата-теги жарды адамдар болгон, бир тууган тогуз баланын бири. Он бир жашына чейин ал кадимкидей көздүү бала эле. Ошол чакта бирде Ачы, бирде Мака-Торпок, бирде Беш-Бала, бирде Чаңгент деген айылдарда жалчы болуу менен Жалал-Абаддын тегерегиндеги эл турмушун абдан жакшы өздөштүрөт. Он бир жашынан кийин бир көзү күңүрттөп, 1929-жылы кырк беш жашында катуу ооруп, эки көзү тең азиз болуп калат.
Парпи апыз чоң, салмактуу киши эле, тамагынын астында богогу болгон, малдаш токунуп отуруп алып колун эки тизесине коюп, комузу жок эле төгүп ырдай бергенин көпчүлүк көрүп-билип жүргөнү менен анын кыргыз поэзиясынын генийи экенин ал кезде элес албаган. Бирөөлөргө жетелетип, ак дамбал-жегдечен азыркы Фергана өрөөнүн кыдырып ырдаган, согуш жылдарында Жалал-Абад темир жол станциясына барып, төгүп турган, көзү азиз апызга балдарын урушка узатып жаткандар, же майданга бара жаткандар бирин-эки чакаларын топусуна таштап, ал тапкан жарыбаган тыйындарын тириглигине жумшаган.
Көптөгөн айылдарга барганда жашоосу оор кыз-келиндерди көргөндө аларга бир чети боору ооруп, экинчи жагы өзүнүн кыйын абалына каралышып калар деп, никесине байлай берген. Ошентип, анын никедеги аялдарынын саны жыйырмага жеткен, алардан жыйырма бир балалуу болгон да, улам чарчап кала берген, соңку Жумагүл деген зайыбынан Бурул аттуу кыздуу болгон.
Согуштан кийин да турмушу оорлоп, кымыздык терип, эшек менен алып келип базарга сатчу, ошол базарда ырдап отуруп жан багып жүргөн. Аялдары акындын жокчулук турмушуна чыдабай кетип кала бериптир. Ачыдан ар жерге көчүп-конуп, Сайда, Беш-Мойнок деген жерлерде күн кечирип жүрүптүр, Өзбекстандагы Кыдырша деген айылга ичкилик тууганы раис Жолдош Балтабаев көчүрүп да кеткен экен. 1946-жылы Жалал-Абадда акын Барпы Алыкул уулуна жолуккан, кийин белгилүү тилчи диалектолог болгон, кыргыз тилинин диалектологиялык атласын түзгөн Гүлжамал Бакинова (1917-2001) жазып жатат: «Үстүндө түштүктөгү элеттик карапайым эркектер кийген колго тепчилип шырылган, эки капшытынын этегинде ачыгы бар жакасыз өзбекче тигилген эскирген кара чапан (түштүкчө «тон»), буту жылаңайлак, көлөш (маасысы жок) кийген, шымы да ошол учурда элеттик карыялар кийчү ак кездемеден колго кенен тигилген ыштан, башында чачы жок, кыргызча төбө чыгарып кара кездемеден шырылып тигилген эски топу (калпак же тебетей эмес)». Бул 1946-жылы эле. Мына ушундай турмуш кечирген, биз азыр даңазалап отурган Парпы апыз. Бул – чыныгы дервиштик жашоо образы. Дал ошол дервиштик жашоосунда анын кезиккен бактысы да, бактысыздыгы да – биринчи кезекте түрдүү аялдар. Апыз ошол аялзаты тууралуу сүйүү ырларын өзгөчө эргүү менен ырдаган, алар: «Буракжан», «Мырзайым», «Арзыкан», «Коноюн», «Мөлмөлүм», «Гүл кыздар», «Ак жылдыз», «Лөлүкан», «Гөзал кыз», «Кара көз», «Ак дилбар», «Тартип», «Дилбарым», «Өзгөчөм», «Алтын» жана башка ырлары. Алар азыркы күнгө чейин эл оозунан түшпөй келет. Таң каласың: көзү жакшы көрбөсө, аялзатынын бой-келбетин, өңү-түсүн кантип ырга салып атат?
Чыгыш адабиятындагы өзгөчө жарык жылдыз Абу Абдуллах Жафар ибн Мухаммад Рудаки да тубаса көзү азиз болгондугу айтылат (Мирзо-заде Х.М. Рудаки – основоположник таджикской классической литературы. – М.: Знание, 1958. – с. 7). Көзүнүн ошол абалына карабай XII кылымдын аягында XIII кылымдын башында жашаган жазуучу жана окумуштуу Мухаммад Ауфи дегендин айтуусуна караганда жөндөмдүүлүгү жана кабыл алуусунун өзгөчөлүгү менен сегиз жашында Куранды жатка билип, философиялык ой жүгүртүп, ырларды жазып калган экен (Мирзоев А.М. Рудаки. Жизнь и творчество. – М.: Наука, 1968. – с.84).
Ошол Рудакинин мындай бейти бар:
Тынбай сени кечке чейин өпкүм келет бетиңен,
Карызымды бөлүп-жарып бергим келбейт четинен (Акыл кенчи. Ирандын даанышман акындарынын тандалган чыгармалары. Которгон К.Басылбеков. – Б.: 2010. – 20-б.).
Бул саптар жети кылымдан кийин Парпы апыздын саптарында кайра жаңырып тургансыйт.
Дагы бир көзү азиз, көкүрөгү ачык Чыгыш акыны Ашик Вейсель (Aşık Veysel), же Вейсель Шатыроглу. Ал 1894-жылы Барпы апыздан он жылдан соң 25-октябрда азыркы Түркиянын Шаркышла шаарына жакын Сивриалан деген жеринде туулган. Атасы Каража, апасы Гүлизар карапайым дыйкандар болгон. Үй-бүлөдөгү эки эжеси чечек менен ооруп, көз жумат да, жети жаштагы бул бала да ооруп, аман калат, бирок көрүүсүнөн ажырайт. Атасы ага саз (түркчө баглама) деген музыкалык аспап сатып берет, атасынын жана Чамышихлы Али Ага ашик дегендердин жардамы менен сазда ойноого көнүгөт. Сивас түрктөрүнүн ошол чөлкөмдөгү таанымал ашыгдарынын фольклордук чыгармаларын аткара баштайт. 1920-жылдардын башында Эсма деген кызга үйлөнөт, бир кыз, бир уулдуу болот, бирок алар көпкө жашабайт. Аялы да таштап кетет. 1930-жылдарда Ахмет Кутси Теджер (1901-1967) менен таанышат. Ал киши кезегинде Сорбонни университетинин медицина факультетин, Стамбул универститетин бүткөн акын жана саясатчы болгон. Мамлекеттик консерваторияны түптөөгө катышкан, элдик ырчылардын чыгармаларын телевидение аркылуу элге жайылткан. Адана жана Урфа шаарынан Түркиянын Улуу улуттук жыйынына депутат да болгон. Ошол киши Вейселди өз демөөрчүлүгүнө алып, Түркия боюнча ээрчитип жүрүп өнөрүн тааныткан, «айыл-кыштак институттары» деген жайлар иштей баштаган эле, ошолорго саз ойноо боюнча ийрим ачып беришкен жана казынадан каражат төлөнгөн.
Тууганым, мени бийиктен караба,
Сен – алтын, а мен болсо – уятсызмынбы?
Биз баарыбыз жаралганбыз бир эле нерседен,
Сен – күмүш, а мен болсо – коргошунмунбу? (https://ru.wikipedia.org/ wiki/Ашик_Вейсель), – деген ыр саптары бар Ашыгдын.
Ашыг Вейсель каза болгондон кийин азыр эми Шаркышла шаарында жыл сайын ага арнап, анын атында өнөр фестивалы өтөт, анын чыгармаларынын негизинде Мамлекеттик опера жана балет театры мюзикл коюп, анын атын «Достлар бени hatırla» аташкан.
Ошол Түркияда Ашыг Вейселды демөөрчүлөрү жана мамлекети машинага салып алып, бүт өлкөнү кыдыртып жүргөндө, биздин Парпыны жалгыз кызы Бурул эптеп жетелеп, буту жеткен жерге жөө-жалаңдап, эшек минип барып турушкан. Ырларын жазып алуу 1943-жылдан араң башталып, биринчи китеби көзү өткөн жылы чыгат, катуу ооруп Фрунзе шаарында ооруканада жатып калат. Акыркы күндөрү ырдайт, сүйлөйт, бул жөөлүп жатат деп эч ким ал сөздөрүн жазып калбайт. Бул чоң арман болгон! Балким ошондо не бир философиялык-дидактикалык ырларды ырдаса керек эле. Аттиң, кыргызчылык!..
Парпы апыздын чыгармаларынын жүздөн бири гана жазылып калган, башкасын айтпаганда да, анын «Жалайыр жалгыз», «Козуке менен Баян», «Муңдук менен Зарлык» дастандары окурмандарга жетпейт турат.
Ошентип, көкүрөгү ачык, көөдөнүнөн ыр төгүлүп турган Парпы апыз дүйнөлүк адабияттын бир бөлүгү болгон орто кылымдагы Чыгыш поэзиясынын, ислам диний окуусунун идеяларын жана салттуу поэтикалык маданиятын өздөштүрүп, аларды өз элегинин өткөрүп, кыргыз маданиятын бир бийик чокусун жараткан.
Абдыкерим МУРАТОВ, адабиятчы, жазуучу
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана Оптима банк-4169585341612561.