Каухар Биймамат кызы: Чагылган отундай өмүр

  • 30.10.2024
  • 1269

Муундар

– Булар кимдер?.. – деген өспүрүм карагайдын көлөкөсүндө арак шыңгытып, жакшылык үчүн стакан кагыштыргандарды көрсөттү.

– Буларың СССР заманында чоңойгондор...

– Буларчы?.. – Тынбай тытынып, улам мекенден алыска барып-келип, аарыдай ташынгандарды көрсөттү.

– Булар эркиндиктин балдары.

Жыгылуу

“Ушунтип жандүйнөм жабыркап төшөккө тоголонгон ооруга кабылгандан көрө, бир нерсеге чалынып жыгылсам эмне?!” – деп банкротко учурап, мүлкүн мамлекетке тарттырып ийген эл багар ишкер жаздыкка башын тыкты...

Үлгү

Жогорку класстын окуучуларына кайрымдуулук, боорукерлик, таш боорлук темасында ачык саат өтмөк болгон мугалим, жол кырсыгына кабылган авто-унаа жүргүнчүлөрүнө биринчи жардам бербестен, газды тээп, кырсык болгон жерден зуу коюп өттү.

Комиссия

Айтылуу кымызы менен таанылган айылга кыш оор түштү. Жаз кеч келди, чын куран айынын этеги, бугу айынын башында... Тоют чөп түгөнүп, жылкылар кышта кар тээп оттоп, бала салганы көп...

Башка жактарга көктөм келип, кымыз чыккан маал. Элдин саламаттыгын текшергени келген комиссияга кымыз берилбей, көтөрүм мал союп меймандашканы үчүн айылдык ооруканада аргасыз иштеп жүргөн дарыгерлерге айыппул салынып, үч ай айлыгы жок калышты.

Өч алуу

Аны камчы менен көк шиле кылып сабап кетишти. А камчынын сабы бир кезде өзү аткан акыркы эликтин шыйрагы. Өрүмү ошонун териси.

Муңдуу

Балдар үйүнөн аны бирөөлөр асырап алышкан. Мурда жарым кесим нанга ыраазы болгон бала үчүн дүйүм тамак, түрдүү оюнчуктар, кымбат кийимдер, күн сайын ар түрдүү оюн аттракцион аянттарына баруу, ага жашоого башкача көз караш менен кароону жана катылып жаткан таланттары ачылышына жардам берди.

Бирок баланын жүрөгү, бөйрөгү, боорун донорлук кылуу үчүн асырашканын билгенде – тоё тамак жеген ашказаны, кооздуктарга суктанган көзү өзү менен бирге кетерин ойлоду. Ойлоду да: “донорлукка жарар органдарым жарыктыктын мен көрбөгөн жыргалдарды көрсүн" – деди көзүн жаш чайып.

Уңгучу

– Бүгүн атамдын туулган күнү! Атама арнап ыр жаздым, угуп көрчү? Мүмкүн ката жеримди айтаарсың? – деди балдар үйүндө тарбияланган улан. Ал "Мээрим жана камкордук" жөнүндө ырларды жазып тааныла баштаган досуна кайрылды.

– Кечирчи досум... – деди тигиниси, – Менден кеңеш сураганыңа рахмат. Бирок бул жөнүндө сага кеңеш бере албайм!

– Эмнеге?! – ыр жазууга жаңыдан үйрөнүп баштаган улан таңданды.

– Билесиңби?.. – деди муңайган досу үнү каргылдап, – Балдар үйүндө чоңоюп, бир аз жакшы сөз сүйлөгөн тарбиячылардан гана мээрим издеген мен шордуу ата көргөн сезимден алыс өстүм. Мени деле корообуздагы кой-эчкилер жээрип таштаган козу-улактай сана. Энеси жээриген козу-улактар көрүнгөн малды сүзгүлөп эмип, карын тойгузганындай...

Инвестиция

Турмуш катаал мезгилде унга акчам жетпеди деген атасы ун ордуна бир кап "англис тилин үйрөнүү” деген көп баскычтуу китеп алып келгени үчүн, апасынын катуу жемесин уккан.

Өздөрү тамак-аш тартыштыгынан кыйналышса да, ошондогу атасы алып келген китептерден тил үйрөнүштү. Азыр минтип Малайзияда жакшы жумушта иштеп жүрөт.

Даярдык

– Кийин турмушка чыкканда керек болот. Сен да бала-чакаңа үйрөтөсүң! – апасы өспүрүм кызына эскертти.

– Жок, мен үйрөтпөйүм,– деди кызы.

– Эмнеге?

– Мен аларга кыйналууну үйрөтөмбү?

– Сен эмне анча кыйналыпсың? – апасы ого бетер таңданды.

– Жо-ок, мен эмес, сиз кыйналып жүрөсүз го.

Кайрылып сынган канаттар

– Ата, мен милийса болбойм. Башка кесип карайынчы... Мисалы, куруучулардай...

– Жок! Үйдөн бир милийса чыгышы керек. Сен болосуң! – атасы кесе айты.

Атасынын айтканын угуп, ошол кесипке окуду. Бирок окуусун бүтүп, кесиби боюнча иштебеди.

Жолбашчылар

Дүйнөдөгү апаат кыргын согуштар жөнүндө лекция окуп жаткан лекторго студент суроо салды:

– Эже, эмнеге дүйнөдө болуп жаткан согуштун баштоочулары жана согушта жан бергендер жалаң эркектер?

– Анткени алар толготуп төрөп көрбөгөн да, – деди лектор муңайым.

Динозаврлар

– Апа, оозунан от чачыраткан динозаврлар азыр эмнеге жок? – "Менин ажыдаарым" мультфильмин көрүп отурган бала суроо салды.

– Азыр деле бар.

– Алар кайда? Азыр деле согушабы алар? – Бала кызыга карады апасына.

– Азыр адамзаттын колунан чыккан динозаврлар бейпил турмуштагылардын тиричилигин, өмүрүн талкалап, кыйноо, азап-тозок, жан дүйнөлөрүн жабыркатуу менен согушат.

– Чындап элеби? Алар эмнелер? – Ички дүйнөсү дүрбөлөңгө түшкөн бала апасын тынчсыздана карады.

– Алар согуш самолёттору, курал-жарактары.

Көчмөндөр

Шаарда ижаралап, түндүгүнөн түштүгүнө, чыгышынан батышына, борборунан четине, аягы бүтпөчүдөй тыгындарда көчүп-конуп жүрдү. Бала кезинде журттан журт которуп, конуштан конуш которуп, ак жаан майдалап жаап, мойнунан суу кирип, мал айдап көчүп, конгон кездерин сагынат негедир.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз