
Адаттагыдай эле рыцардын кыялдары соот-чопкуттарын жууганга келгенде бырын-чырын талкаланды.
♦ ♦ ♦
Сизди түшүнбөй коюу кыйын, бирок мен аракет кылайын…
♦ ♦ ♦
Аял жөн гана аны угууну эмес, ал эмне жөнүндө айтып жатканын түшүнүүгө жардам берүүнү суранат.
♦ ♦ ♦
Эгер кимдир бирөө сен жөнүндө жаман ойдо болсо, капа болбо, сен ал жөнүндө андан да жаман ойлосоң болот.
♦ ♦ ♦
Сиз биз үчүн – баарысыз! Бирок бизге анчалыктын деле кереги жок...
♦ ♦ ♦
Парадокс: бир караганда – ал жөнөкөй эле дөбөт, бирок жашоодо ал – ушундай канчык...
♦ ♦ ♦
Ишенимдүү пикирлеш адам – бул сиз менен бирге өз көз карашын өзгөртүүгө даяр адам.
♦ ♦ ♦
Медициналык ката – бул пациенттин төлөгөнгө үлгүрбөй тез айыгып кеткени.
♦ ♦ ♦
Сиз кечирген адамдардан сак болуңуз! Кең пейилдигиңиз жоопсуз калбайт!
♦ ♦ ♦
Акциялардын түшүп кеткенин оңой эле билип турсаңыз болот – аларды сатып алыңыз.
♦ ♦ ♦
Эгер адамдар сизди тебелеп-тепсеп, буттарын тынымсыз сүртүп өтсө, демек, сиз алигиче алардын көз жаздымынан кете элексиз.
♦ ♦ ♦
Өзүң менен баарлашканда гана өзүңдүн канчалык аз билгениңди түшүнөсүң...
♦ ♦ ♦
Канчалык жамандык каалашса да, мен баары бир какап калган жокмун.
♦ ♦ ♦
Эң эр жүрөк чечим – жашынуу болду.
♦ ♦ ♦
Мага таяк берсең, пряникти өзүм таап алам.
♦ ♦ ♦
Өзүңүзгө гана таян, бул ката кетирүүнүн эң жакшы жолу.
♦ ♦ ♦
"Уялбайсызбы!" – бул барган сайын суроого эмес, суктанууга окшошуп барат.
♦ ♦ ♦
Жашоо – бул жок туңгуюктан келип, кайра туңгуюкка кайтуунун ортосундагы саякат.
♦ ♦ ♦
Кантсе да Фемида чыныгы аял болгон: көзүн таңып алып таразага тартып, ошол эле учурда шектенүүгө жол бербөө кимдин оюна келет!
♦ ♦ ♦
Баарыбыз бул дүйнөгө жөнөтүлгөнбүз, бирок эмне үчүн – белгисиз...
♦ ♦ ♦
Ал төмөн кулады. Бирок кандай манчыркоо менен!
♦ ♦ ♦
Бизди ушунчалык сылык узатышты, кетпей коюу адепсиздик болуп калмак.
♦ ♦ ♦
Эгер чындап эле чындыкка тик карасаң, ал да уялып калышы мүмкүн.
♦ ♦ ♦
Сен көп адамга керексиң, бирок эмне үчүн экенин кеч түшүнөсүң.
♦ ♦ ♦
Принцип канчалык ойлонулбаган болсо, ага ошончолук кыйынчылык менен макул болосуң.
♦ ♦ ♦
Адам келесоолуктун айынан бойго бүтүп калса да, бакыт үчүн жаралат.
♦ ♦ ♦
Адамдар менен тил табышуу конфликттен чарчагандан кийин келет.
♦ ♦ ♦
Сабыр – бул чоң күч. Бөтөнчө жарылып кеткенде...
♦ ♦ ♦
Элдин аягында күлбө, буга кеч жетет деп ойлошпосун.
♦ ♦ ♦
Жашоодо эрдиктин орду бар деп бизди ишендиргендер эмне үчүн дал ошол жерден айланып өтүшөт?
♦ ♦ ♦
Уятсыздыктын өзү эмес, анын ачкан мүмкүнчүлүктөрү таң калтырат.
♦ ♦ ♦
Акылсыз жалгыздыкты жеңүүнүн жолун издейт, акылдуу андан ырахат табат.
♦ ♦ ♦
Кимге көп берилсе, ага ар дайым жетпейт.
♦ ♦ ♦
Айсберг жылуу мамилеге туш болгуча өзүн тоо сезет.
♦ ♦ ♦
Эркиндик сезимин үйүр инстинктинен башка эч нерсе басалбайт.
♦ ♦ ♦
Президенттик мөөнөт – шайлоочулар үчүн бир нече жылдар бою эркинен ажыроо дегенди билдирет.
♦ ♦ ♦
Кочкордун жашоосундагы эң негизги нерсе – короодон өз ордун табуу.
♦ ♦ ♦
Ойлор өзүнөн өзү келбейт, аларга өзүң жетишиң керек.
♦ ♦ ♦
Топтон акылдуу болом деп ойлобо: ар бир адам канчалык акылсыз болсо да, алар бириккенде акылдуу.
♦ ♦ ♦
Жалкоолукту жеңүү оңой, бирок каалабайсың.
♦ ♦ ♦
Убакыт баарын дарылайт, бирок аман калган эч ким жок.
♦ ♦ ♦
Тарбия көргөн адам ачкычтын тешигинен шыкааласа да токтоолугун жоготпойт.
♦ ♦ ♦
Ар кимде уктап жаткан сүрөтчү, акын бар. Тапкан түнөктөрүн кара...
♦ ♦ ♦
Эгерде аялды жеке башынан өткөргөн окуялар капа кылса, алар коомдук угууларга айланат.
♦ ♦ ♦
Жан-дүйнөң ыйласа акылдын үнү угулбайт.
♦ ♦ ♦
Эгер из калтыргың келсе, бир жерди таптап тура бербе.
♦ ♦ ♦
Тоголок кат ушунчалык ийгиликтүү жазылгандыктан, автор байкабай кол коюп алды.
♦ ♦ ♦
Жаш өткөн сайын келесоолук менен жасаган иштер азаят, бирок анын сапаты жогорулайт.
♦ ♦ ♦
Өзүнөн качып кеткендердин көбү санитарлардын колуна түшкөн.
♦ ♦ ♦
Жаңы жылдык маанай –эшиктен жаңылыш киргендерди көргөндө да сүйүнөсүң.
Которгон Абийрбек Абыкаев
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана Оптима банк-4169585341612561.