Мээрим Сайдилкан: Мээримге зар

  • 02.11.2024
  • 660

БИР АКТЫЛУУ ПЬЕСА

Катышуучулар:

Акбар – 17 жашта. Орто бойлуу, келбеттүү, ачуусу чукул бозулан. Бирөөнү мазактаганды жакшы көрөт.

Периште – оор шартта билим алган, тарбия секторунун мугалими. 

Аскат Мырза – 45 жашта. Бардык ишти акча менен чечүүгө болорун ойлогон ишкер.

Акылай – 42 жашта. Сулуу, ишкер айым.

Мирлан – 50 жашта. Мектеп мүдүрү. Кошоматчы, пайданы көздөгөн шылуун.

Жаныш – 17 жашта. Акбардын досу. Өзүмчүл бозулан.

Айгүл – 37 жаштагы мугалим.

Талант – 17 жаштагы Акбардын досу.

Самара – 35 жаштагы мугалим.

Жазгүл – окуучу.

Бакыт – окуучу.

Санжар – окуучу.

Гүлү – Үй кызматчы.

Элес – Акбардын ички үнү.

1-көшөгө

СЦЕНА

Мектептин ичи. Окуучулар тамашалашып, каткырыктары жаңырат. Айгүл эжей көрүнгөндө окуучулар класстарына киргенде кээ бир окуучулар учурашып, кээси ордуларынан козголуп да коюшпайт.

Айгүл: Олтургула, балдар. Бүгүн силер менен мурунку теманы бышыктаган соң, жаңы темага өтөбүз. Кана Санжар, мурунку сабакта эмнелерди талкууладык эле?

Санжар: Унутуп калдым, эжей. Эстетип коюңузчу.

Айгүл: Эстеп көрчү. Эмне жөнүндө сүйлөштүк эле?

Санжар: Мм?.. Эжей, Бакыт менен Жазгүл кыз-жигитпи деген сурооңуз эле эсимде...

Жазгүл: Сен каерде олтурганыңды билбейсиңби, Санжар!

Бакыт: Оюңа келгенди сүйлөй бербечи, тантык?

Айгүл: Токтоткула, балдар!

Бакыт: Эжей, биринчи сүйлөгөн адамдын оозун жаппайсызбы?!.

Айгүл: Болду, Бакыт!

Бакыт: Көзүңүз мени эле көрөбү? (окуучулар күлүп калышат)

Айгүл: Болду, болду! Токтоткула! Бүгүн атактуу инсан Чыңгыз Айтматовдун ой берметтерин, накыл сөздөрүн талкуулайбыз. Чыңгыз Айтматов: “Адамга эң кыйыны — күн сайын адам болуу” деп айткан. Кана, Акбар, Айтматов эмне дептир, анын жогорудагы сөзүн кантип чечмелесек болот?

Акбар: “Сулууларга суктанууга акым бар” деген (класста каткырык).

Айгүл: Сабакка көңүл бур, Акбар. Эл жазуучусу Айтматов бул сөзү менен ар бир адамга чакырык жасап кеткендей. Күн сайын адам болуу – адам өзүнүн ички дүйнөсүн, моралдык стандарттарын жогору кармап, адилеттүү, боорукер болуп, ар бирибиз ар бир күнү өзүбүздү тарбиялообуз керектигин айткандай. Кана, Жаныш сен айтчы, Айтматовдун дагы кандай ой берметин билесиң?

Жаныш: Эжей, окуучулардын жарымы кайда деген окшойт.

Айгүл: Кандай баласыңар деги, сабакка көңүл бурбайсыңарбы?

Акбар: Биздин окуучулардын көбү ойлонгонду билишпейт, ошону айткысы келгендей...

Айгүл: Болду, тентектигиңерди токтоткула! Сабакка көңүл бурбайсыңарбы? Бул эмне кылганыңар?

Акбар: Эжей, бетиңиз албырып эле жатып калды го! “Сулууларга суктанууга акыбыз бар”.

Жаныш: Аларды ойлонууга да акыбыз бар. Сулуулук – Кудайдын жазасы! Суу ичесизби?

Айгүл: Болду, тамашаңарды токтоткула! (Кан басымы көтөрүлүп, өзүн жаман сезет).

Акбар: Болду, достор. Акырын болгула! Эжей өзүн жоготсо, алты айлабыз кетпесин.

Айгүл: Балдар, Айматов “Адамдын башкаларга кылар эң чоң жакшылыгы — үйүнөн адам болор балдарды тарбиялап өстүрүү” деген.

Бакыт: Эже, баланы уруп тарбиялаш керекпи же?

Талант: Сен адам болбойсуң, бала эмес эле балээ болдуң! – деп урушуш керек.

Жаныш: Талант туура айтат эжей. Сиз деле эмне деген баласыңар деп дайыма урушасыз го!..

Айгүл: Токтоткулачы! Кандай немесиңер! (Класстан чыгып кетет).

Акбар: Достор, болду эми тамашаңарды токтоткула! Байкуш эжени сабактан да кубалап жибердик.

2-көшөгө

Тарбия иштери боюнча жетекчинин бөлмөсү. Үстөл, эки олтургуч. Үстөл үстүндө китеп, калем сап бар. Чак түш. Олтургучта чалкалаган Акбар. Кулакчын кийип, эки бутун учкаштырып алган. Тарбия иштеринин жетекчиси Периште эжей бөлмөсүнө кирди. Колунда документтер.

Периште: Келдиңби, Акбар?

Акбар: Ооба.

Периште: Жакшысыңбы?

Акбар: (башын шылкыйтат)

Периште: Кулагыңдан кулакчыныңды чыгар… Сени менен сүйлөшүшүм керек...

Акбар: (Бир кулакчынды чыгарып) эмне дедиңиз?

Периште: Экөөбүз сүйлөшөлү.

Акбар: Сүйлөбөйсүзбү, анда. Бир кулагым сизде.

Периште: Адамдай сүйлөшөлү.

Акбар: Ал кандай сүйлөшүү?

Периште: Кулакчыныңды чыгарып, мени уксаң...

Акбар: Айта бериңиз.

Периште: Досторуңа, мугалимдериңе кылган мамилең...

Акбар: Мамилем? Мен эмне кылдым? Көзүңөр эле мени көрөбү?

Периште: Классташтарың менен урушасың, кыздарга түрдүү ат коёсуң, мугалимдерди укпайсың...

Акбар: Ким айтты? Ошентипминби?

Периште: Мындай нерселер сага жарашпайт, Акбар. Сен акылдуу баласың го.

Акбар: Сизге эмне болду, эжей? Кылдан кыйкым издеп эле!..

Периште: Мектеп – сенин экинчи үйүң. Ал окуучунун жетишкендигине, билимине, психологиясына да көңүл бурат.

Акбар: Мага көңүл бурбай эле коюңуздар. Ансыз деле жетишинче акча төлөп жатамын...

Периште: Сен биз үчүн баалуусуң. Ар бир бала биз үчүн баалуу! Уксаң, мен сени, сенин келечегиңди ойлонуп жатамын. Мен сага окшоп, бардык шарттары бар жерде окуган эмесмин. Мындан улам балким сени түшүнбөй калышым мүмкүн. Бирок мен сага ишенемин! Сен мыкты Адам болосуң!

Акбар: Мени эч ким түшүнбөйт. Ата-энем түшүнбөгөндөн кийин сиз түшүнөт белеңиз! Ошондуктан эч нерсе сүйлөбөңүз, айтпаңыз. Байдын балдарын жактырбаганыңызды көзүңүздөн көрүп турамын...

Периште: Мага бардык балдар бирдей. Баарыңарды өз балдарымдай жакшы көрөм. Кубансаңар кошо кубанамын, кайгырсаңар кошо кайгырам. Мыкты педагог Орозали Сайдилкановдун жолун жолдоп, окуучунун жүрөгүнөн түнөк таба алган мугалим болгум келет.

Акбар: Өз балдарымдай?.. Ха-ха-ха! Жадап кеттим, насаат айткандарды уга берип, кулагым бышы кулак болуп бүткөн, башка сөзүңүз жокпу?

Периште: Бар. Сени менен башка темада да өзүң менен ачык сүйлөшкүм келет. Кээ бир досторуң баңгизат колдонгон балдар менен турганыңды көрүшүптүр. Мен өзүңдөн сурагым келди. Бул туурабы?

Акбар: Сиздин ишиңиз эмне, тиешеси жок ишке мурдуңузду тыкпаңыз?   

Периште: Акбар! Бул оюнчук эмес! Бир гана өзүңдү эмес, ата-энеңди да азапка саласың!

Акбар: Ата-энеме менин тагдырым баары бир. А мага да баары бир. Мага киришпеңиз, мен кантип жашаганды жакшы билемин. Мени менен ишиңиз болбосун!

Периште: Мындай кылганың туура эмес, Акбар. Анда ата-энең менен сүйлөшүүгө туура келет. Эртең мектепке келишсинчи.

Акбар: Ата-энемби? (каткырык). Ата-энемби? Жарайт. Аларга жолугуп калсаңыз, менден салам айтып коюңуз. Ким деп сурашса, “уулуңардан” деңиз!

Периште: Акбар болду токтот, тамашаңды!

Акбар: Тамашасы жок, эжей. Мен ата-энеми бир жылда бир эле жолу көрөмүн. Сиз болсо мектепке келип кетсин дейсиз. Мен кеттим.

3-көшөгө

Мектеп. Класстын ичи.

Жаныш: Каякта жүрөсүң, доске?

Талант: Жарым сааттан бери сени күтүп атабыз? Каякта жүрөсүң?

Акбар: Жаңы келген мугалим жолугушууга чакырып...

Жаныш: Койчу, анан? Эмне деди?

Акбар: Жакшы көрүп калыптыр.

Талант: Койчу, эмне деди?

Акбар: Койчу койчунун таягына тойчу! Болду эй, токтоткула суроолоруңарды! Силер эмне кылдыңар?

Талант: Жөн эле олтурабыз.

Жаныш: Достор, өлөрчө жададым. Эмне кылалы? Келгиле кызыктуураак бир нерсе кылалы.

Акбар: Ойлонбо, доске. Мен турам го!..

Жаныш: Кана, эмне кылалы?

Акбар: Карачы (кичинекей пакеттеги майда улпактарды көрсөтөт)

Жаныш: Бул баңгизатпы?

Акбар: Жок, мунун аты баңгизат эмес! Эс алдыруучу, рахатка батыруучу, бардыгын унуттуруучу сырдаш дос!

Талант: Бул эмнеңер, достор? Түшүнгөн жокмун.

Жаныш: Кел кошул, эс алып жатабыз.

Талант: Кантип?

Жаныш: Мына-мынтип, мына-мынтип...

Акбар: Талантка да бер. Ал биз менен!

Талант: Охоо-оо!

4-көшөгө

Тарбия бөлүмү (Периште эжей менен Самара эжей бөлмөдө. Периште эжейдин колунда телефон).

Периште: Саламатсызбы? Аскат Ибраев менен сүйлөшүүгө болобу?.. Макул, күтүп турамын. (үнсүздүк). Аскат мырза. ...Катчысыбы? Жок, мейли. Жолугушуу сааты белгиленген эмес. Көп деле убактысын албаймын. Уулу Акбардын мугалими элем... Маанилүү болбосо чалмак эмесмин. Уксаңыз. Кандай? Кандайча? Уксаңыз, Аскат мырза менен сүйлөшүшүм керек. Мейлиңиз. Мейлиңиз. Саламатта калыңыз.

Самара: Периште, эмне деди?

Периште: Акбар Аскат уулунун ата-энесине жолугуу керек. Бирок алар...

Самара: Аскат Ибраев мененби? Ал абдан бай киши, байлыгына манчыркайбы же уулуна өтө эле кайдыгерби, ал тургай уулун мектепке каттатканда да келген эмес. Бирок эл алдында чыгып сүйлөсө андан өткөн акылдуу, камкор ата жоктой...

Периште: Тема маанилүү болбосо сүйлөшмөк эмесмин...

Самара: Эмне тууралуу сүйлөшөсүң?

Периште: Ата-энеси менен сүйлөшкөнгө чейин айтпай турайын.

Самара: Телефондо эмне дешти?.

Периште: Катчысы менен сүйлөштүм. Ал Акбарга тиешелүү нерселерди апасы менен сүйлөшсүн дептир. Маани дагы берген жок.

Самара: Абдан маанилүү көйгөй болсо деле жөн эле койбойсузбу?. Ал мектепке эң көп жардам берген адам. Демөөрчүлүктөн баш тартса, баарыбыз айлыксыз калабыз...

Периште: Самара, анткенге менин дитим чыдабайт. Көрүп, билип туруп унчукпай коё албаймын. Мага ар бир баланын тагдыры маанилүү. Кой, апасына байланышканга аракет кылайынчы. (Көшөгө жабылат)

5-көшөгө

Акбардын үйү. Үйдө үй кызматкери Гүлү айым жүрөт.

Гүлү: Келиңиз, Акбар мырза.

Акбар жооп бербейт.

Гүлү: Тамак ичесизби?

Акбар: Апам келе элекпи?

Гүлү: Келе элек. Бирок атаңыз келген.

Акбар: Атам келдиби? Эмнеге келиптир? Бөлмөсүндөбү?

Гүлү: Ооба.

Акбар: (Акбар кийимдерин алмаштырып, атасынын бөлмөсүнө кирет) Ата? Ата? Убактыңыз барбы?

Аскат: Туруптур, азыр. Убактым жок экенин көрүп турасың го...

Акбар: Жарайт. (телефон чалат) Жаныш, Талант экөөң үйгө келгиле. Үй бош. (Көшөгө жабылат)

Свет күйүп турат. Акбар, Жаныш карта ойноп олтурушат.

Талант: Картага мени деле кошкулачы?

Акбар: Сен кара катын болуп каласың!

Талант: Эмнеге кара катын мен болушум керек?

Акбар: Бул жерде Акбар деген картанын атасы олтурат!

Жаныш: Уф-ф-ф, кантип эле бизди жеңип жатасың!

Акбар: Сенин мээң ачып кетсе керек! Ойнобой эле кой, барыбир жеңилесиң!

Жаныш: Өзүңдүн мээң ачып кеткен!

Акбар: Мына, айттым беле, дагы жеңилдиң!

Жаныш: Сенин мээң тооктун ха-ха-ха жо-жок, эшектин мээси, мына дагы жеңилдиң.

Талант: Мени эмнеге кошкуңар келбейт!

Акбар: Оозуңду жаап олтурчу!

Жаныш: Сен эмне, жеңсең деле атырыласың!

Акбар: Мен ушундаймын!

Талант: Акбар?

Акбар: Эмне!?

Талант: Мени эмнеге кошпой жатасыңар?

Жаныш: Жаман жанталашасың да, кошулчу... Көрөм, азыр кыйратканыңды.

Талант: (шадыраңдап) Чындап элеби?

Аскат Ибраев бөлмөсүнөн чыгат.

Аскат: Түшүнүктүү, Урмат. Келген ишкерлерди ойдогудай тосуп алгыла. Эч нерсе кем болбосун. Баарын ойдогудай аткаралы. Көбүрөк кирешеге чыгуу үчүн бул ишти аткарып, келишим түзүшүбүз керек.

Акбар: Ата, ата, ата?  

Аскат: Эмне болду, Акбар. Аталайсың эле аталайсың. Азыр жумушум чачымдан көп. Чоңойгуча эле... (Кайрадан телефондогу үнгө жооп кайтарат) Урмат, азыр барып каламын. Жакшы эсептепсиң, ыракмат. Байышка чалып кой, учак билетин даярдасын.

Акбар: Ата?

Аскат: Эмне, Акбар?!

Акбар: Мектептен сизди чакырып жатышат... Периште эжей чакырды.

Аскат: Убактым жок, көрүп турасың го. Ишим көп. Апаңа айт. (телефону шыңгырайт, дароо жооп берет). Айтканымдай болсун, ишти кынтыксыз аткаргыла!

Акбар: Макул, ата.

Жаныш: Сенин атаңа иши маанилүү. Сен маанилүү эмессиң!

Акбар: Маанилүү болбой эле койсун! Гүлү, Гүлү! (үй кызматкери келет)

Гүлү: Угуп атамын.

Акбар: Апам качан келет?

Гүлү: Эртең эрте менен!

Акбар: Сен үйүңө кете бер. Эртең кел.

Гүлү: Бирок… (Акбар акшыя тиктейт) Макул. (Гүлү бөлмөдөн чыгып кетет)

Акбар: Кана достор, чер жазалы!

Денебизди жибитип,
Жалгыздыкты унутуп,
Ырахатка баталы (көшөгө жабылат)

6-көшөгө

Шаңдуу отуруш. Музыка жаңырып, үй ичи тамеки ышына толгон. Кыздар, эркектер бийлеп жатышат.

(Көлөкөдөгү диванда Жаныш, Акбар, Талант олтурат)

Жаныш: Өзүмдү учуп жүргөндөй сезип жатамын.

Акбар: Айттым го! Мени менен жүрсөң, ач калбайсың деп, ха-ха!

Талант: Мага да жакты. Бирок мени карта оюнуна эмнеге кошкуңар келген жок.

Жаныш: Сен дагы деле ошол жердесиңби, таш бака-а!

Талант: Жок.

7-көшөгө

Периште эжейдин бөлмөсү. Ал Акылайды күтүп олтурат.

Периште: Кош келиңиз. Сизди көргөнүмө абдан кубанычтамын.

Акылай: Саламатсызбы? Атыңыз ким эле?

Периште: Периште. Уулуңуздун мугалимимин.

Акылай: Түшүндүм. Эмне айтсаңыз... тезирек айтыңыз, менин убактым аз. Эмнеге чакырдыңыз?

Периште: Мугалимдерин сыйлабаганы, досторун мазактаганы башка кеп. Аны Акбар менен өзүм сүйлөшөм. Бул кылыгын өзгөртө аларыбызга ишенемин, бирок көйгөй башкада.

Акылай: Эмне көйгөй, сөздү көбөйтпөй тез айтпайсызбы? Азыр айткандарыңызды укканмын. Ал үчүн психологго да барганбыз. Эмне кааласа баарын алып бердик. Мүнөзү оңолсун деп. Бирок ал өзгөргөн жок. Сиз дагы деле аны өзгөртүүгө болорун айтып жатасыз!

Периште: Ооба!

Акылай: Ал ошондой. Өзгөртүү мүмкүн эмес!  

Периште: Уулуңуз менен сүйлөшөсүзбү?

Акылай: Ммм... Ооба, сүйлөшөмүн, бирок... акыркы убактарда ишибиз көп. Атасы да эч бошобойт. Бирок бардык муктаждыктарын алып берип жатабыз. Уулум эч нерсеге муктаж эмес.

Периште: Балаңыз сиз ойлогондорго муктаж эмес. Балага сүйүү керек. Ал 17 жаштагы өспүрүм болсо да... Айрыкча дал ушул учурда баланын мүнөзү калыптанат. Ал сиздерге ийгиликтерин, кайгысын айткысы, сырдашкысы келет. Ага бул нерселер байлыктан жогору турат.

Акылай: Жаш эле туруп, жебирейсиз да... Аны биз да билебиз. Көңүл буруп эле жатабыз. Акбар эч нерсеге муктаж эмес.

Периште: Акбар өзүн жалгыз сезет. Сырдаша турган эч кими жок.

Акылай: Жок, жок. Адашасыз. Акбар жалгыз эмес. Айта турганыңыз ушулбу болгону...

Периште: Акбар баңгизат колдонот. Кээ бир достору да билишет. Мени угуңуз...

Акылай: Эмне дегениңизди билесизби? Кайдагыны айтпаңызчы, тантырап! Оозуңузга карап сүйлөңүз...

Периште: Акылай айым...

Акылай: Кантип эле ушундай болсун, сиз эмне деп былжырап жатасыз.

Периште: Ммм....

Акылай: Сиз айткандар биздин үй бүлөгө туура келбейт! Бул сөзүңүз үчүн жооп бересиз! Сизди сотко беребиз! Тез кечирим сурабасаңыз, ар бир сөзүңүзгө жооп бересиз! Ооба, уулубуз эрке, бирок баңгизат дегениңиз... келесоолук, акмактык!

Периште: Макул. (телефонун колуна алат). Акбарды кээ бир классташтары сүрөткө тартып алыптыр. Өз көзүңүз менен көрүңүз.

Акылай: Кандайча? Балким көрө албаган классташтарынын кылган шантажы. (таң калат) Азыр, Аскатка телефон чалайынчы!

(Көшөгө жабылат)

8-көшөгө

Директордун кабинети. Мирлан мырза шылкыйып турса, Аскат мырза мыкчыйып олтурат. Аскат ачуулуу, Мирлан кабатыр.

Мирлан: Келиңиз, Аскат мырза, келиңиз?

Аскат: Уккандарым туурабы? Бул эмне кылганыңар? Уулумду күнөөлөп, жубайымды ооруттуңар!..

Мирлан: Билбеймин. Мен дагы сиз сыяктуу эле азыр уктум... Чай ичесизби?

Аскат: Керек эмес. Дароо тарбия иштерине караган жанагы Периште деген оюна келгенди оттогон мугалимиңерди чакыргыла!

Мирлан: Макул. (Периште кирет)

Периште: Аскат мырза, кош келиңиз...

Аскат: Жубайыма Акбарды баңгизат колдонот дептирсиз.

Периште: Ооба, тилекке каршы. Уулуңуз...

Аскат: Эмне деп айтканыңызды билесизби? Сизди сотко беремин!

Мирлан: Коюңуз, Аскат мырза. Мен Акбарды жакшы тааныймын. Атасындай мыкты адам болот. Периште айым сизге сөгүш жарыялаймын.

Периште: Каалаган сөгүшүңүздү бериңиз. Ата-энесинин сүйүүсүнө, мээримине муктаж баланын келечеги мага баарынан маанилүү. Ал баланын келечеги үчүн эмне кылыш керек болсо, баарына даярмын. Акбарга ишенем.

Аскат: Оозуңуздан чыккан сөзүңүздү ойлонуп сүйлөңүз. Билесизби, ал тургай сиздин айлыгыңызды дагы мен беремин!

Периште: Айлык аламын деп унчукпай калбаймын. Мага баланын тагдыры маанилүү. Бул сүрөт, видеолорду карап чыгып, эмне кылсаңыз ошол кылыңыз. (Периште Аскаттын колуна телефонду карматат)

Аскат: (телефондогу видеолорду кооптоно карап) Наалат тийгир!.. Бул кандайча?.. Периште айым, муну эч кимге айтпаңыз, көрсөтпөңүз. Сураныч... Эмне десеңиз баарын жасаймын. Уулум менен сүйлөшөмүн. (Чыгып кетет)

9-көшөгө

Акбар араң басып үйгө кирет. Башы айланып, көңүлү айланып, кусуп жыгылат. Өзү менен өзү сүйлөшүп жатат. Көзүн ушалайт. Дем алуусу оор. Көзү караңгылашып, аба жетпей жанталаша баштайт.

Акбардын ички үнү: Кандайсың, жакшы эс алдыңбы? 

Акбар: Сен кимсиң?

Ички үн: Мен сенин досуңмун! Сен эч кимге керегиң жок учурда, дайыма жаныңда болгон жалгыз досуңмун!

Акбар: Ошондойбу? Жо-о-о-к, адашасың, мени жаңы келген эжей да ойлонот...

Ички үн: Мен сенмин. Сенин апаң, атаң, бир тууганыңмын... Сенин жалгыздыгыңмын! Дагы бир улпак жыттасаң, жалгыздыктан кутуласың!

Акбар: Кет, кетчи!

Ички үн:  Азыр... азыр... жүр чогуу кетели!..

Акбардын эси ооп жыгылат. Аскат келет.

Аскат: (Ачуулуу) Акбар! Акбар! Укандарым туурабы?

Акбар: (Эс-мас абалда) Ат-аа, ат... атаа... сиз келдиңизби?

Аскат: Акбар бул кылганың эмне? Бизди эч ойлобойсуңбу? Сен баңгизат колдоносуңбу?

Акбар: Көрүп турасыз го...

Аскат: Эмне?

Акбар: Ооба!

Аскат: Бул эмне кылганың? Сага эмне жетишпейт? Биз апаң экөөбүз сен үчүн баарын кылып жүрөбүз го? Мен сен үчүн күнү-түнү иштеп...

Акбар: Менде баары бар, менде баары бар...

Аскат: Анда эмне үчүн көчөдө калгансып... бул эмне кылганың? Бизди шерменде кыла турган болдуң го?! Эл караган бетимди жер каратасыңбы?!

Акбар: Менде баары бар. Баары, ата. Бирок мени сүйгөн, мени уккан адам жок, ата. Апам экөөңөрдүн мен үчүн убактыңар жок! Силерге байлык керек, мен эмес. Ошончо байлыктын ичинде мага орун жок! Жалгызмын! Менде баары бар! Үйүм, акчам, унаам, кошоматчы досторум!.. Бирок мени сүйгөн ата-энем жок! Менде баары бар! Ата, мен эмнеге муктажмын, билесизби? Сиз менен олтуруп сүйлөшкүм, сырдашкым келет, апамдын чачымдан сылашын каалаймын. Экөөңдүн кучагыңарды сагындым. Мени качан кучактаганыңар эсиңердеби?.. Сүйүнгөнүмдө, кайгырганымда жанымда болор ата-энеме муктажмын. Мээримиңерге зармын.

Аскат: Акбар...

Акбар: Бирок силердин убактыңыздар жок мага. Өз көлөкөм менен сырдашкан бул дүйнөдөгү жалгыз баламын. Мендей жалгыз балдар көп. Мен жалгыздыктан, мээримсиздиктен жадаганда улпактар мага жардамга келди. Алар менин жалгыздыгыма ортоктош...

Аскат: Уулум, уулум...

Акбар: Ата, баарын билем... баары мен үчүн.... Бирок мага сиздердин мээрим гана керек... ата-эне мээрими... Мага акчанын кереги жок, бербеңиздер... менин жанымда болуңуздар, мени колдоңуздар, мени менен сүйлөшүңүздөр. Мага ата-эне болуңуздар!

Аскат: Кечир, уулум. Кечир. Байлык, кадыр деп жүрүп ата-эне болгонду унуткан экенбиз... Бизди кечир, уулум. Сени бул азаптан куткарамын, дайыма жаныңда боломун! Биз апаң экөөбүз кайрадан сага ата-эне болгонду үйрөнөбүз! Кечир, уулум, кечир...

Акбар: Атаке!

Аскат: Уулум! (уулун бооруна бекем кысат.)

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз