Эркинбек Абдыкадыров: Таалайды топ таш кылып чачып ийдим

  • 08.11.2024
  • 1159

«Айылымдын аңыздары» ыр түрмөгүнөн

♦      ♦      ♦

Тектирде таш менен каланган,
Тепкедей жалгыз үй, таш короо.
Теминген жанында булак бар,
Терилген тезек да бир додо...

Каңылжар жарчудай буркурайт,
Каттама каймакка каныккан.
Желем деп желе албай уй келет,
Желини жер чийип талыткан...

Желеден тажаган кулундар
Жел менен ыргалат ылаалап.
Саан болуп беш жолу бээлер да
Сары сабаа саамалга чыңалат...

Саат жебе жылат да, күн батат,
Санатпай кой тузга шашылган.  
Кош-пешсиз күн бүтсө, ошентип,
Кол сунсам көп жылдыз чачылган...

♦      ♦      ♦

Карайлап турган кезде келбедиң, ээ,
Кан-какшап сен дедим, ээ, сен дедим, ээ.
Уучумдан убакытты учурганда,
Утурлап катар басып бербедиң не?!.

Кастарлап кат жөнөттүм карлыгачтай,
Кат деле жетсе керек алыс качпай,
Эсимде ээн талаа, куураган гүл
Эртеңин Айдан күткөн бир балакай.

Ал жигит чачы агарды чал болом деп,
Аттиң ай, балалыгым түгөнбөс кеп...
Кыялым булут минип, асман жиреп,
Кызгалдак кыздар кирет түшүмө көп.

Капкайда мен кой жайган кара талаа,
Картайды ошондогу кара бала.
Кара чырак үлүңдөп, кара боз үй...
Каныкейдей көрүнчү апам мага!

♦      ♦      ♦

Көчкөнүн билбей, өткөнүн билбей жаштыктын,
Журтуна барсам чычала түтөйт жалындан.
"Кайраның кана?!" – кыйкырсам үнүм шыбырдай,
Кан жутуп турдум, кайышып турду кабыргам.

Дүрт этип күйүп, дүрбөлөң жаштык өткөрдүм,
"Дүнүйөң эмне, табылат!" –десе, эп көрдүм...
Бул өмүр өзү – ачакей, оюн, жумакей,
Карегин соолткон, чечекей жарган көптөрдүн...

♦      ♦      ♦

Ылаалап ыкшоолук мойнумда,
Ыр эмес, ый билбей койдум да!
Кыялдар быркырап сынды го,
Кыр ылдый сызамын оюмда!

Таалайсыз элим ай, курган ай,
Таптаза тоолорду булгабай...
Конгондо конушка сыйынып,
Коногун "сен ким?" – деп ылгабай.

Жомок деп угабыз өткөндү,
Жолоочу келбейби, кетпейби?
Сый менен сунулган сыр аяк,
Сыр аяк түбүңө жетпейби?..

"Апа" деп жан чыгат жалын жут,
Айтканым айтылган, дагы ук!
Асылдын асылы жок эмес,
Ал деген – Атажурт, Атажурт!!!

♦      ♦      ♦

Бары-жогум билинбеген бул дүйнөм,
Балам катар сүйүп жүргөн ыр дүйнөм!
Тереңдиктер – океандын түбү эмес,
Тереңдиктер тээ чокулар деп билем!

♦      ♦      ♦

Түндөрдү, күндөрдү кечирип,
Түшүндүк бардыгын кечигип.
Туңгуюк... Ичимде ит улуйт,
Турмушта кетирип чекилик!

Алдыма аң-чөнөк казылат,
Ай чапчып турбадым азынап.
Буулуктум бурганак болалбай,
Булутум жаай албай басылат!

Жолдошун жоготкон сыяктуу
Жол тостум. Жол тоскон уятпы?
Дүрбү сал! Карааны бар бекен?
Кагалы добулбас, кыякты!

Эмнеге добулбас кагылат?
Неге эле кыл кыяк муңканат?
Өзүм да билбеймин эмнеге,
Өзөктө жарага туз тамат!

Эмнеге карегим карыгат,
Эмнеге мурутка муз тоңот?
Эмнеге үшкүрүк упузу-у-н,
Эмнеге жатар жай сыз болот?..

♦      ♦      ♦

... Айыл кайда, биз анда, тоодо ойноп,
Азаптар бизден алыс дегендербиз...
"Алар жаман, биз жакшы" дечү энем,
Апакемдин жомогунан келгендербиз!

... Элестеп атка учкашып уктаган түн,
Ээрчишип биз айылдан келатканда...
Атамдын айдалысы ак мамыктай,
Ай минип бараткандай Айкашкада.

Андай күн кайрылбасын сезип-туям,
Ат дүбүртү токтоду мына анан...
Ошо бойдон каңтарылган Айкашкадай,
Оодарылып ооп түштүм – ошол жаман...

Таш короо сезилчү эле таш сепилдей,
Таш сынды, а мен койдум эч кетилбей...
Таалайды топ таш кылып чачып ийдим,
Тапканым желе болду чечилбеген...

Желеде көпкө турдум агытылбай,
Жоготуп  кайтаар изим, келер жолум!
Каректе кырк-элүү жыл болуп кылым,
Канымда Ата-Журтум сени туйдум!

... Эртеңин али ойлой элек ойноок бала,
Энекем сүтүн тарта баштаганда.
Ырга окшотуп ыргалып "Манас" уктум,
Ыр эмесин билбепмин деги эле анда.

Агам менен аттанчумун чоң чабуулга,
Ай-Жаңжуңду саяр эле агам анда...
Ок тийип, аңгыча эле жерге кулап,
Оо, ишенип жүргөмүн мен да  ага...

Балалык баарын айтып берет, билгин,
Башынан атам айтпай жомок тилин.
Апакем кулагыма кум кылды да,
Алмамбеттин, Чубактын... Булар кимин...

Эми мен айыл барсам бала жоктой,
Ээнсиреп туруп калам бир аз токтой...
Кайдасыңар, ок тийбеген "кулжаларым",
Канакей, апаларым кызыл чоктой?!

"Келгин, балам, ооз тий", – деп нанын сунган,
Каралдым, кара колдуу байбичелер!
Үйүмө жеткиче эле курсак тойсо,
Үшкүрүп, жылдыз санап койчу элеңер...

Чочудум өз айлыма келдимби деп,
Чокуну көрүп калдым аңгычакты...
Адашкан кеме келчү маяктайсың,
Аа, кудай, көрөр күнүм алды жакта!

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз