
Шамал бийик тоонун чокусунда ойгонду. Күнгө жылмайып койду — ал жылуу нурларын булгалап жооп берди. Шамал дагы деле жаш эле, бирок күн өткөн сайын күчкө толуп, кайраты ташып барат.
Ал ар бир күнүн планетанын үстүндө учуп өткөрчү. Сейилдеп жүргөндө көп кызыктуу нерселерге туш болчу. Токойлор, шалбаалар, деңиздер жана океандар. Жана адамдар. Кээси жылмайып, анын жылуу, жумшак толкундарына жуунчу. Ал эми кээси андан жашынууга аракет кылып убара. Шамал түшүнчү эмес — эмне үчүн алар жашынып калышат? Анткени анын илеби тийгендердин баары жашоосун өзгөртө алмак! Ал чоң канаттарына өзгөрүүлөрдү көтөрүп жүрөт. Анын аты – өзгөрүү шамалы. Шамал өз максатын так билчү, ал барган жерде сөзсүз өзгөрүү болот. Бири жаңы идеяларды, башталыштарды табат. Башкалар мамилелердин сергектигине, ар кандай жакшылыктарга кабылат. Кимдир бирөөлөр башына түшкөн азаптан арылат, кимдир бирөөлөргө жаңы окуяларды тартуулайт.
Адамдар дайыма эле өзгөрүүнү дароо кабыл албайт — коркушат. Эски жашоолоруна көнүп алышкан, аны жаңырткандан коркушат. Кызыктуу бир нерсе күтүп жатса да коркушат. Адамдар өзгөрүүнү каалабаган себеби, алар андан кийин эмне болорун билишпейт. Бул аларды кыйнап келген, кыйнап да жатат... “Эгер өзгөрүүгө макул болушса, анда сөзсүз бактылуу” – деген кепилдикке муктаж алар. Бирок эч кандай кепилдик жок. Чечим үчүн, өзүң жана жакындарың үчүн жоопкерчилик гана бар. Ошентип… адамдар баарынан күмөн санашат. Жада калса ыйлашат.
Бир кыздын башынан жылуу жоолугун жулуп кетти эле, ал кыз ыйлады, кыйналды! Жоолукту чүмкөнө оронуп, коркуудан жана жалгыздыктан сактанчу. Шамал ал жөнүндө баарын билген, ал бардыгын ойлонуп жасаган.
Алгач жоолукту сыйрып кетти. Кийинчерек кызга жакын болор адамды алып келди. Кыз бекеринен эле коркуп, ачууланып ыйлаптыр. Анткени шамал билген: эгер ал жоолукка оронгон боюнча кала берсе, башка адам анын жалгыз экенин көрбөйт болчу, кыйналганын түшүнбөйт болчу.
"Түшүнүшпөйт", — деп ойлоду шамал. Бирок коркпой жашоосун өзгөрткөн бактылуу адамдарды көрүү ага абдан жагымдуу эле. Көп нерсени жакшылыкка өзгөртө алды. Кээ бирөөлөр аны эстеп, ыраазычылыгын билдиришет. Булар аз. Шамал эч нерсени түшүнбөгөндөргө таарынбайт. Алар баарын түшүнөт, бирок кеч болуп калганда гана!
Интернеттен алып которгон Абийрбек Абыкаев
Эгер“РухЭш”сайтынынишмердигитоктопкалбашынкааласаңыз,биздиколдооүчүнтөмөнкүбанктыкэсебибизгеөзкаалооңузгажарашаакчакотороаласыз...Мбанк+996700532585жанаОптимабанк-4169585341612561.