Даанышмандар китеби
1-бөлүм
Келесоолук мындай дейт: Адепсиз адамдар мен жөнүндө каалагандай сүйлөй берсин. Мен келесоолук эң келесоолордо да канчалык жаман бааланарын билем, ошондой болсо да Кудай берген касиетим, бир гана ушул нерсе, кудайдын жана адамдардын көңүлүн ачат деп айтууга батынам.
Мунун эң сонун далили – сиздердин алдыңыздарга, зал жык чогулуштарда минбарга чыгарым менен бардык жүздөр мурда болуп көрбөгөндөй, өзгөчө кубанычка бөлөнүп, бардыгы алдыга ыктап, кубанычтуу, шаңдуу күлкүлөр бардык жерде угула баштайт. Силерди карасам, мага шүүдүрүм кошулган нектарга кызыган Гомердин кудайларын көрүп жаткансыйм, а силер азыр эле Трофониянын үңкүрүнөн кайтып келгендей кайгырып, сарсанаага батып отурбадыңар беле.
Таңкы күн жерге өзүнүн алтындай кооз нурун чачкандай же катаал кыштан кийин жагымдуу жыты буркурап, ар нерсеге жаңы түс, жаңы келбет, жаңы жаштык тартуулаган эрте жаздай, мени көрөр замат жүзүңөр таптакыр башкача болуп өзгөрөт. Жадакалса улуу чечендер да жандүйнөңүздөгү оор түйшүктөрдөн арылтууга узак, кылдаттык менен ойлонулган сөз жардамы менен гана жетишсе, мен буга дароо эле, жөн гана өз катышуум менен жетиштим.
2-бөлүм
Келесоолук мындай дейт: Мен эмнеге бүгүн өзүм үчүн адаттан тыш кейипте сүйлөп жатам, муну – чиркөөнүн насаатчыларын уккандай эмес, а базардагы шылуундарды, маскарапоздорду уккандай же биздин дос Мидас бир жолу Панды уккан сыяктуу кунт коюп уксаңар түшүнөсүңөр. Анткени силердин алдыңарда азыр балдардын башына зыяндуу тантырак сөздөрдү шыкап, аялдардыкынан ашкан өжөрлүк менен талашууга үйрөткөндөрдүн бириндей эмес, софисттин ролунда чыккым келди. Ооба, даанышмандардын уят ылакап атынан алыс болуп, софист деген атка артыкчылык берген байыркы гректерди туурагым бар. Алардын тырышчаактыгы аркылуу кудайга жана улуу адамдарга мактоолор айтылган. Силер да бүгүн мактоо сөздөрдү угасыңар, бирок Геркулес же Солонго эмес, өзүмө, башкача айтканда – Келесоолукка багышталат.
3-бөлүм
Келесоолук мындай дейт: Чындыгында, өзүн мактаган ар бир адам эң тайманбас келесоо деп жар салган акылмандарга таптакыр көңүл бурбайм. Макул, келесоо болгулары келсе, бул алар каалаган нерсе болсо, уят деле эмес. Бирок Келесоочулуктан артык, ким өз даңкынын сурнайчысы болот, өзүн мактап чоордо ойноого ким ылайыктуу? Мени өзүмдөн артык ким мактайт? Мүмкүн мени өзүмдөн да жакшы билген адам бардыр! Болгондо да ушундай аракетим менен өзүмдү бул дүйнөнүн улук жана акылмандарына караганда жөнөкөймүн деп эсептейм.
Жалган уят-сыйыттын туткунунда калып, өздөрүн ачык мактоого батына албай, анын ордуна оозунан мактоо, б.а., калпты угуу үчүн бузуку чечендерди же көңдөй баш акындарды жалдап алышат. Момунсунган адамыбыз зымырык куштай канат-куйругун жайып, башын бийик көтөрүп турганда, ал ортодо уяты жок кошоматчы бул арзыбаган адамды кудайга теңеп, анын колу жеткис асмандагы жылдыздардан да алыс бардык жакшылыктарды ага ыйгарып, каргага зымырык куштун канат куйругун жамап, негирди агартууга аракет кылып, чымындан пил жасайт.
Акырында: «Эл сени мактабаса, өзүңдү өзүң макта» деген элдик накылды колдонууну туура көрдүм. Эмнеге таң калаарымды билбейм, ажалдуу адамзаттын жалкоолугунабы же пейилдердин тардыгынабы? Алардын баары мени ынтаа коюп сыйлап, жакшылыктарымды өз ыктыяры менен пайдаланса да, ушунча кылымдар бою эч ким Келесоолукка ыраазычылык айтып, мактап убара болбогон. Ошол эле убакта чырак майын аябастан, уйкусун безип, Бусириддерди, Фалариддерди даңазалаган, чымындарды, таздарды жана ушул сыяктуу арзыбастарды мактап жазууга ар дайым даяр жазмакелер жетиштүү болчу. А менден алдын ала даярдалбаган жана иштетилбеген, бирок чындык сөздөрдү гана угасыңар.
4-бөлүм
Келесоолук мындай дейт: Мен көпчүлүк чечендер сыяктуу эле акылы курчтугун көрсөтүп жатат деп шектенип калышыңарды каалабайм. Анткени, алар отуз жыл кыйналып даярдаган кепти, а кээде башкалардан жаттап алган сөздөрүн окуп жатышканда аны кокусунан, тамаша иретинде, үч күн ичинде ойлоп тапкансып же ойлонбой эле кокустан жазып койгондой көрсөткүлөрү бар. Мен дайыма дароо башыма келгенди айтканыма өзгөчө кубанам. Жана да ошол эле мыктымын деген чечендерди туурап, аныктамаларды, бөлүүлөрдү сунуштайт деп менден эч ким күтпөсүн.
Анткени ушунчалык кеңири жайылган Кудайдын кудуреттерин аныктамалар менен кантип чектесе болот же бүткүл дүйнө кызмат кылып жаткан бүтүн нерсени кантип бөлүүгө болот? Дегеле өзүм маңдайыңарда турганда эмне үчүн көлөкөмдү же сүрөтүмдү көрсөтүшүм керек? Көрдүңөрбү? Мына мен, Келесоолук, латындар Стультиция, гректер Мориа атаган түрдүү жыргалчылыктардын берешен берүүчүсүмүн.
5-бөлүм
Келесоолук мындай дейт: Дегеле бул жерде сөздүн кереги барбы? Маңдай жүзүм, менин ким экенимди далилдеп жаткан жокпу? Мени качандыр бир убакта, кимдир бирөөлөр Минерва же София катары көрсөткүлөрү келсе да, менин жүзүм – жандүйнөмдүн чыныгы күзгүсү. Муну эч бир сөзсүз эле жокко чыгармак. Менде жасалмалык жок, жүрөгүмдө жок нерсени эч качан жасаганга аракет кылбайм. Бардык жерде бирдеймин жана өзгөрүлбөйм.
Ошондуктан акылмандыктын атын жана наамын өзүнө ыйгарууга болгон күчүн жумшагандар да мени түшүнө алышпайт – алар маймылдар, арстандын терисин жамынган эшектер. Алар канчалык жашырынса да Мидастын кулагы көрүнүп турат. Геркулестин анты урсун: мени менен баарынан жакын мамиледе болуп, тыгыз байланыштагы адам тукуму эл алдында атымды айткандан ушунчалык уялып, атүгүл өз жакындарын менин атым менен кемсинтишет. Бул эң келесоолор акылман жана Талес деп аталууну каалашат, бирок аларды келесоо дегенден башкача атоого болобу?
6-бөлүм
Келесоолук мындай дейт: Көрүнүп тургандай, мен чындап эле биздин замандын чечендерин туурагым келди, алар кош тилди үйрөнүп, кереги болсо да, болсо да эки сөзүнүн бирин латын, грек сөздөрүн кошуп сүйлөгөндү жетишкендиктин туу чокусу дешип, өздөрүн кудайдай сезет. Грек, латын сүйлөмдөрүн таппай калганда окурман көзүнө чаң салуу үчүн жарым-жартылай унутулган эски тамгалардан бир нече эскирген сөздөрдү чыгарышат. Түшүнгөн адам өзүнө-өзү ыраазы, түшүнбөгөнү канчалык түшүнбөсө ошончолук таң калуусу күч. Биздин бир туугандарга чет элдиктерге тиешелүү нерселердин баарына суктануу абдан жагымдуу. А эгер сабатсыз угуучулардын, окурмандардын арасында текеберлер болсо, алар күлүп, кол чаап, башкалар аларды сабатсыз санабашы үчүн эшек сыяктуу кулактарын шыйпап олтура беришет. Ооба, дал ушундай. Эми сөзүмдүн негизги темасына кайтайын.
7-бөлүм
Келесоолук мындай дейт: Биринчиден, жашоонун өзүнөн таттуу, кымбат не болушу мүмкүн? Бирок анын жаралышы үчүн мага болбогондо, кимге милдеттүүсүңөр? Анткени адам тукумун жаратып, көбөйтүп жаткан күчтүү атанын кызы Палластын найзасы да, булуттардын ээси Зевст да эмес. Чынында бир соккусу менен Олимпти солкулдаткан Зевстин өзү да, кээде балдарды жасагысы келгенде өз чагылганын чартылдаткан үч илигин жана асмандагылар менен жердеги пенделерди коркунучта кармаган сүрдүү, айбаттуу келбетин четке коюп, актёр сыяктуу, башка бирөөнүн кейпин кийип алат. Стоиктер өздөрүн кудайларга эң жакын эсептейт. Бирок мага үч, төрт, кааласаң миң эсе стоикти алып кел, далилдеп берем, мындай учурда эчкилерге мүнөздүү болсо да акылдын туу чокусу эсептешкен сакал-мурутун айтпаганда, таштай бекем догмалары менен маңдайындагы бырыштарын унутуп, таттуу кумарланууга моюн сунууга туура келет. Эгер кимдир бирөө ата болгусу келсе, мага гана кайрылууга аргасыз болорун ырастайм. Бирок эмне үчүн өз адатым боюнча, өз оюмду мындан да ачык айталбаймбы? Айткылачы, кымбат эсептелген дененин башка кайсы мүчөсү адам туудуруптур, башпы, бетпи, көкүрөкпү, колбу, кулакпы? Жок, адам тукуму такыр башка мүчөдөн көбөйгөн, ушунчалык келесоо, күлкүлүү болгондуктан, жалпы күлкү жаратмайынча аны атоого да мүмкүн эмес. Бирок бул пифагордук сандардан да маанилүү ыйык мүчө, андан бардык жандыктар жаралат.
Ойлонуп көргүлө, эгер даанышмандардын адаты боюнча үй-бүлөлүк жашоонун бардык терс жактарын таразага биринчи тартса, кандай эркек турмуш курууга макул? Кайсы аял төрөт коркунучун, азабын, бала тарбиялоодогу кыйынчылыктарды ойлоп, ой жүгүртсө, күйөөсүн жанына жакындатат беле? Эгер адамдын бул жашоого келишине турмуш курууга милдеттүү болушса, а турмуш курууга менин күңүм Аноя себепкер болсо, анда мага канчалык карыздар экениңерди түшүнөсүңөр. Андан ары бир жолу төрөгөн кайсы аял бул окуяны кайталоого макул, эгер менин жубум Летинин кудайлык күчү болбосо?
Лукреций ачууланбасын, Венера өзү менин кереметтүү жардамымсыз бүт күчү, таасири болбостугун танууга батынбайт. Ошентип менин мас жана шайыр оюнумдун аркасында муңайым философтор, биздин күндөрдө алардын ордун ээлеген монахтар, каардуу эгедерлер, такыба дин кызматчылары, жана алардан кийин бүткүл Олимпти ээлеген поэтикалык кудайлардын бүтүндөй үйүрү туулган.
8-бөлүм
Келесоолук мындай дейт: Бирок менден бардык тиричиликтин уругун, булагын гана тапкан жоксуң, жашоодогу бардык жагымдуу нерселер менин белегим, аны сага далилдөөгө аракеттенейин. Биздин жердеги жашоо жыргалчылыктан куру калса кандай болмок, аны дегеле жашоо дегенге арзыйбы? Кол чабасызбы? Мен силердин эч кимиңер мынчалык акылдуу эмес экениңерди, так айтканда, мынчалык келесоо эместигиңерди, жок – оюм менен макул болгудай деле акылман эместигиңерди билчүмүн. Стоиктер өзүлөрү жыргалчылыктан такыр баш тартпайт. Мунафык болуу жана ыракатка орой доо кетирүү менен, алар башкаларды коркутуп, өздөрү андан ээн-эркин ыракат алганды каалашат. Бирок алар мага Зевстин кадыры үчүн жооп беришсин: жашоодо ага кичине болсо да ыракат аралаштырбасаң, башкача айтканда аны акылсыздык менен даамына киргизбесең кайгы, зеригүү, алсыздык, чыдагыс тажоодон, кыйынчылыктан башка эмне калат? Мен атактуу Софоклдун акылман оюн келтирейин, ал төмөнкүдөй укмуштай нерсени айткан: Сен ойлонбой жашаган учурда бактылуу өмүр сүрөсүң. Келгиле, бул теманы кенен карап чыгууга аракет кылалы.
Келесоолук мындай дейт: Биринчиден, адам жашоосундагы эң жагымдуу шайыр курак алгачкы жылдар экенин ким билбейт? Балдарды жакшы көрүшөт, өөп, эркелетет, жада калса душмандар да жардамга келгенге даяр. Муну акылман табият ымыркайларды келесоолуктун жагымдуу, көшөгөсүнө ороп, ата-эне, тарбиячыга сүйкүмдүү көргөзүп, кичинекейлерге аларга керектүү мээрим, камкордук тартуулаганы катары көрбөсөк, муну кантип түшүндүрүүгө болот.
Балалык артынан жаштык келет. Ал кимге гана жагымдуу эмес, аны жактырбаган ким бар, ким ага жардам берүүгө умтулбайт, ким достук колун сунбайт? Бирок айткылачы, жаштыктын сүйкүмдүү булагы менде болбогондо кайда? Ырайымым боюнча бала канчалык эс кирелек болсо, ал баарына ошончолук жагымдуу сезилет. Эл жашы өтүп, тажрыйба, билим топтоп акылман болгон сайын жагымдуулугун, шамдагай, сулуулук, күч-кубатын жоготот десем, калп айтамбы?
Адам канчалык менден алыстаса, азаптуу карылык башына келип, башкаларга эле эмес, өзүнө да жек көрүндү болуп, жашоо ошончолук кыскарат. Мен байкуштарды аяп, жардамга шашылбасам, карылыкка эч адам чыдабайт. Кудай акындардын жашоо менен коштошууга даяр экенин көрүп, кандайдыр бир уйкаштыктар менен алаксытып, анын тагдырын жеңилдетүүгө аракет кылгандай, мен дагы өлүм алдындагыларды мүмкүн болушунча балалыкка кайрып келем.
Бекеринен алжыган карыларды “жарыктык бала болуп калыптыр” дешпейт. Эгер кимдир бирөө мындай кубулууну кантип жасайсың десе, анда бул жашыруун эмес. Мен карыларды Бактылуу Аралдардан агып чыккан Лете булагына жетелеп (андан кийин ал жер астындагы агым катары гана агат), ал жердин мөлтүр суусунан ичип, бардыгын унутуп, аз-аздан бардык түйшүктөн арылат жана жаңы күч топтойт. Алар жөнүндө акылынан айнып, куру сөздү айтып алжып калыптыр дешет... Мейли, айта беришсин. Бул алардын кайрадан балага айланганы. Бала менен алжыган адамдын айырмасы барбы? Ушул жашта эң келесоо адамдын көңүлү бардыгынан токпу? Ким акылы чоң кишиникиндей баланы жакшы көрсүн, аны желмогуз деп ойлобойт? Бекеринен элде «Эрте жетилген балдарды жек көрөм» деп айтылбайт.
Ал эми көп жылдар бою топтогон тажрыйбасы менен бирге өзүнүн рухий күчүн, акылынын курчтугун толук сактаган кары менен таанышууга ким макул? Менин ырайымым менен келесоо болуп калганы жакшы. Бул аны акылманды кыйнаган түйшүктүү ойлордон арылтат. Менин көмөгүм менен ал жакшы бөтөлкөлөш шерикке айланат. Жаш кезиндегидей турмуштун азаптуу салмагын сезбейт. Качан ал Плавт карыя сыяктуу, сүйүү деген кыска сөздү эстегиси келгенде: акыл-эсин сактаганды мындай кой, ал адамдардын эң байкушу болот. Ошол эле учурда менин ырайымым менен ал бактылуу, анткени достору менен жагымдуу, кээде көңүлдүү маектешүүлөргө да катышат. Ахиллес ачуусун өттөй ачуу сөздөр менен чыгарган учурда, анын оозунан Гомердин Несторуна окшоп, балдан таттуу сөз агып турат. Ошол эле Гомерде кары-картаңдар шаар дубалынын жанында отуруп сүйлөшүшөт, акын алардын үнүн лилия гүлүнүн шыбырашына салыштырат.
Бул жагынан карылык ымыркай кезден да өйдө, анткени ал албетте, таттуу, бирок сүйлөй албагандыктан, жашоонун эң жагымдуу ыракаты – бейпил маектешүүдөн куру калган. Буга кошумча, кары-картаңдар балдарды абдан жакшы көрөт, ал эми балдар карыларга оңой байланат. Улуу кудай окшошторду жакындатат.
Чындап эле кары адам менен баланын ортосунда кандай айырма бар, биринчисинин бетин бырыш басып, төрөлгөндөн бери көп күн өткөн үчүнбү? Баягы эле суйдаң чачы, тиши жок оозу, кичинекей бою, сүттү көп ичкени, тилинин тантыктыгы, баягы эле быдылдап көп сүйлөгөнү, келесоолугу, унутчаактыгы, шашмалыгы. Кыскасы, алар бардык жагынан бири-бирине окшош. Улгайган сайын балдарга жакын болуп, акыры чыныгы бөбөктөрдөй болуп, жашоодон жийиркенбей, өлүмдү сезбей, дүйнөдөн өтүп кетишет.
Которгон Абийрбек Абыкаев
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996700532585 жана Оптимабанк-4169585341612561.