АҢГЕМЕ
Жанга жыргал мемиреген кечтердин биринде, чарба иштериндеги төрө Иван Дмитрич Червяков экинчи катардагы отургучтардын биринен орун алып, “Корневиль коңгуроосун” дүрбү менен көрүп отурду. Көрөт да, өзүн ырахаттын туу чокусунда сезет, чиркин. Бир маалда эле... Аңгемелерде ушул “бир маалда эле” көп кездешет. Авторлор чын айтат, бирок жашоо ушундай кокустуктарга бай эмеспи! Бир маалда эле ал жүзүн чүйрүп, көзүн элеңдетип, аба жетпей демиге баштады...
Дүрбүдөн көзүн алып, эңкейе берди да... а-апчү!!! Өзүңөр көргөндөй, чүчкүрүп алды. Эми чүчкүргөнгө эч ким эч жерде тыюу салган эмес деңизчи. Эркектер да, тартип сакчылардын башчысы да, керек болсо кээде жашыруун кеңешчилер да чүчкүрөт. Баары чүчкүрөт. Мунун эмнеси бар экен? Червяков ыпымдай да кызарып койгон жок. Сылык адам катары бет аарчысы менен жүзүн аарчып, кимдир бирөөнү кыжаалат кылбадым бекен дегенчелик кылып, айланасын бир карап алды. Уялгыдай жагдай болгон экен. Караса, алдында, биринчи катарда отурган кары неме кашка башын, ага кошо мойнун кол кабы менен келиштире аарчып атыптыр. Бирдемелерди сүйлөнүп алган. Бул кары кат билдирүү мекемесинде кызмат кылган кадимки генерал Бризжалов экенин Червяков жазбай тааныды.
“Мен ага чачырата чүчкүрүп салгам го! – деп ойлонду Червяков. – Башка бирөөнүн жетекчиси. Меники эмес. Ошентсе да, ыңгайсыз. Кечирим сураш керек”.
Ал жөтөлүп алды да, алдыга обдулуп, генералдын кулагына шыбырады:
– Кечириңиз, урматтуум, мен сизге... байкабай...
– А эч нерсе эмес, эч нерсе...
– Кудай үчүн, кечириңиз. Мен деген... каалаган эмес элем!
– Ай, отуруңузчу, сураныч. Угузуңузчу!
Тайсалдай түшкөн Червяков орунсуз күлүп алды да, сахнага кылчактай берди. Бирок баштапкыдай ырахатты сезе албады. Эми ал тынчсыздана баштаса болобу. Тыныгуу учурунда Бризжаловду айланчыктап жүрдү да, акыры демин басып, ага жакындады:
– Сизге чүчкүрүп салдым, урматтуум... Кечириңиз... Мен... жөн гана...
– Аа, чындап эле... Мен го унутуп калыптырмын, а сиз дагы деле! – деди да, астыңкы эринин чыдамы түгөнө кыймылдатып койду генерал.
“Унуттум дегени менен, көз карашы табалагансыйт, – деген Червяков, генералды шектене карай берди. – Айткысы жок. Буга кокустук экенин... жаратылыштын мыйзамы ушул экенин түшүндүрүү керек. Антпесе, түкүргүсү келген тура деп ойлобойбу. Азыр болбосо, кийин ошентет!..”
Үйүнө келген соң, Червяков бүгүнкү одоно жоругун аялына кобурап берди. Бирок аялы бул окуяга анчалык деле күйүп-бышкан жок. Адеп коркуп кеткени менен, Бризжалов “чоочун” экенин билген соң тынчтанды.
– Ошентсе да, барып кечирим сура, – деди ал, – көпчүлүктүн арасында өзүн алып жүрө албайт экен деп ойлоп калбасын!
– Мына, мына! Мен кечирим сурадым, а ал бир кызыктай... Ой, бир да сөз айтып койгонго жарабады. Анын үстүнө, сүйлөшүүгө деле ылайыктуу чоло болгон жок.
Эртеси Червяков жаңы кызмат кийимин кийип, чачын тегиздетип алды да, абалды түшүндүрмөккө түз эле Бризжаловго жөнөдү... Кабылдамасына кире койду эле, мында арыздангандар арбын экен. Алардын арасында генерал өзү турат. Кабыл алууну баштаган тура. Өтүнүч менен келгендердин бир канчасын сурап болгон соң, генерал Червяковго назарын бурду.
– Кечээ “Аркадийде”, эсиңиздедир, урматтуум, – деп баштады төрө, – мен сизге чүчкүрүп албадым беле... Кечи...
– О Кудай! Болор-болбос иш эмеспи... А Сизге эмне керек? – генерал кийинки арыздануучуга кайрылып жиберсе болобу.
“Сүйлөшкүсү келбей турат! – деп ойлонду бозоргон Червяков төрө, – Жинденип калган экен... Жок, мындай калтырган болбойт... Мен ага түшүндүрөм...”
Генерал мында келген соңку арыздануучу менен аңгемесин аяктап бүткөндөн кийин, төркү сый бөлмөгө кадам таштады. Червяков жөн турмакпы, артынан жөнөдү да:
– Урматтуум... Сиздин тынчыңызды алууга акым барбы, урматтуум, болгону өкүнүү сезими жай бербей!.. Мен атайын кылган жокмун, ушуну билиңизчи! – деп жиберди.
Генерал жалооруй карап, кол шилтеп алды.
– Сиз мени шылдыңдап жатасызбы, таксыр! – деди каалгага жашынып.
“Мунусу эмнеси? Кайдагы шылдың? Ушундай да болчу беле? Өзү генерал болуп алып эч нерсе түшүнбөйт экен го! Мындай экен, болду, мен бул көйрөңдөн кечирим сурабайм! Кат жолдойм, бирок башка барбайм! Кудай алсын, барбайм!” деп Червяков үйүнө карай жол бою ойлонуп келди. Бирок кат жазылбады. Башы катып көпкө отурганы менен такыр жаза албады. Эртеси түшүндүрүү үчүн кайра жөнөөгө туура келди. Генерал суроолуу көздөрүн ага матаганда, Червяков минтип булдурады:
– Мен кечээ тынчыңызды алып, сиз ойлогондой, маскаралайын деп келбедим эле. Мен жөн гана баягыда сизге чүчкүрүп алганым үчүн кечирим сурайын дегем... Тамашалоо оюмда да жок. Антүүгө акым барбы? Эгер биз табалап күлсөк, демек... анда адамдарга сый болмок беле...
– Чык эшикке!!! – капысынан титиреп, көгөрүп чыккан генерал бакырып жиберди.
– Ыя? – жүрөгү оозуна тыгылган Червяков шыбырап сурады.
– Жогол!! – деп кайталады генерал жерди ныгыра бир тээп.
Кайран Червяковдун ичинде бирдеме үзүлүп кеткенсиди. Көзүнө эч нерсе илээшпей, кулагы эч нерсе чалбай, эшикти көздөй кетенчиктей берди, сыртка чыкты. Дендароо абалда үйүнө жөнөдү... Үйүнө жетип келип, кызмат кийими менен эле диванга жата калды да... жаны үзүлдү.
Орусчадан которгон Нурболот Азамат
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.