КАЙЫРМАК
"Сизди абдан урматтайм" – эшигинин алдына гүл калтырып кетиптир. Гүл ичиндеги алакандай кагаздагы жазууну окуп, жүрөгү шуу этти. “Менден дагы кайсы кызматты сурайт экен аа?..” – санаасы санга бөлүндү.
АРГАСЫЗДЫК
– Өлкөдөн биротоло кеткенсиңби? – жигиттен сурады кыз.
– Дайыма эле кетким келет, – деди чечкиндүү жигит.
– Ушундай кооз жерди таштаппы? – кыз таңданып сурады.
– Сиздей атасы жогорку кызматта, туугандарынын баары бизнеси бар кыз үчүн... баары кооз болушу мүмкүн. Бирок мага окшош колунда жокторго... мекендин түрү суук болуп барат...
КАПАСТАГЫ КУШ
Ушундай мукам үндүү булбул болгуча, жерде жаткан таш болуп калганда не...
Муңкана кыңылдап ырдаган жаш келин көзүнөн жашын сыкты.
ЖУБАЙЛАР
Көз караш, пикирлери, максаттары, саналаары бири-биринен кол жеткистей алыста. Бирок денелери оодарылса жетчүүдөй жакындыкта уктап жатышат.
ТОЙ
Тойго эки жарым миллион жумшалды. А тойдон кийин келин, күйөө үй алабыз деп мигрант болуп кетишти.
САРЫ ЭСЕПЧИЛИК
– Артыңдан ушунча жигит аарыдай ээрчип жүрөт ко. Бирөөсүнө да эмнеге көңүлүң толбойт? – деди эжеси турмушка чыга элек, отуз бештен өтсө да ишкердик менен алектенген сиңдисине.
– Кызыксыз... Буларга азыр менин чырайым керек беле... булар болгону чиркейлер, – деди үшкүрө.
АКЫРКЫ САПАР
– Балалыгымдын баары боз үйдө жашап, түнкү жылдыздарды түндүктөн тиктеп өттү, – деди жигит шаардык досуна.
– Мен эч качан боз үйгө кирбепмин, уктап да көрбөпмүн, – деди шаардык досу кайдыгер.
– Анда акыры бир күн боз үйдөн чыгасың... – деди айылдык жигит досуна.
УНУТУЛГАН АЙМАК
Алыскы айылда кызуу тиргилик башталды. Небереси чоң энесине:
– Жол тандабас машинелерди минип, элге чогулуш кылганы шаардан чоңдор келиптир.
– Аа, шайлоо болот тура жакында, – деди чоң энеси үшкүрө.
– Кантип билдиңиз?
– Биздин качан эстешчү эле алар? – небересинин суроосуна суроо менен жооп берди чоң эне.