АҢГЕМЕ
Аял дөң үстүнөн көрүнө калып, ылдый көздөй түйүнчөк өңдүү томолонуп жөнөдү. Артынан автомат менен атышты. Бирок ок тийген жок...
Туткундарды айдап келаткан немис аскерлери бир бирине суроолуу карап, үрккөн жүздөрүн байкашты: «Эмне кылсак?»
Кимдир бирөө амал таба койду. Обер-лейтенанттын немка зайыбы бар эле. Обер-лейтенант зайыбынан аша кечип жүргөн. Анын үстүнө мындай учурда аялга – аял!..
– Аялга – аял! – деди ал өзүн өзү кубаттап.
Куугунчу-аскерлер жабыла күлүп калышты. Туш-туштан аны жактаган үндөр угулду:
– Бул туура пикир.
– Жакшы ой!
Токтоосуз түрдө немканы топтон бөлүп, мойнуна автомат асышты, жанына узун сызмалуу патрон таш байлашты.
– Жеткен жеринде сулат!.. Хайль Гитлер!
– Хайль Гитлер! Жөнөтүлдү.
Аңгыча качкан аял төмөнкү коктудан өтүп, наркы кырдын түбүнөн көрүндү. Немка да зыпылдады. Мындай ылдамдык менен ал качкан аялды сөзсүз кууп жетип, ишеничти актаарында шек жоктой.
– Шефтин кызы да!.. Жашасын немис аялдары! – Обер-лейтенант тиштерин жалтырата, колун жогору алды.
– Жашасын немис аялдары! – дешти аскерлер.
«Дабырт угулган жокпу? Кууп келатабы?» – Качкын аял алынын бардыгынча чуркап келатып, артын тыңшаганынан да жазбайт. «Тыңшабайын, күчтүн баарын качууга жумшайын» – дейт демденип. Бирок өзүнөн өзү тыңшай берет. Кыязы, коркуу болсо керек?
«Коркуу?!»
Ал күйөөсүн эстей калды. Аны атып ташташпадыбы! Ал кайта коркпой калды. Күйөөсүнүн сөзү угулду:
«Кач! Качып жөнө!.. Тобокел! Чамда!»
Мына, ал кезектеги дөңдөн ылдый томолонду.
– Корду го?!.
Дөңдүн кырындагы арыктан боюн ушунчалык катуу таштагандыктан, жерге боору менен жыгылып, көкүрөк эти айрылып кетчи. Дөңдөн ашкыча күйүгүп бүтүптүр. Көзү чымырап, башы тетеренип, эси оой түштү. Жаны үзүлчүдөй, оозуна кара шилекей толду. Жүрөгү түрс-түрс.
Азга көмкөрөсүнөн солуп жатты. Бирок ичинде дале алга жүткүнүп, дале зымырылып качып бараткансыды.
Анча деле эсин жыйган жок. Жылды. Дарынын түтүнү аралашып жуурулушкан кара топурак бүткөн боюна жабышып салмактанат. Бир азга эс алууну самады.
«Эс алайын биртике!» – деп мууну титирей ойлоду. Жагымдуу ойдон дабдаарыган денеси көшүлө түшүп, дагы жер көксөп эңкейди.
– Аны атып ташташпадыбы! – деп күйөөсүн кайрадан эстеди. Кандайдыр күч өйдө тургузду. Мээ тытып, сөөктү жанган автоматтын үнү угулду.
– Ттр-тр-тр-тыр!
Көздөрү умачтай ачыла түшүп, колдору менен сыйпалап койнунан бирдеме издеди. Ага күйөөсү куугунчу-душман аскердин автоматын жулуп бергендей болбоду беле?! Кайда автомат?
– Кайда автомат?
Күйөөсү бутунан жарадар болуп, кача албасына көзү жеткен соң, аялын качууга көндүргөн. Коркпоого. Кайраттанууга. Анан куугунчу-аскерлердин биринин автоматын жулуп берем деп көндүргөн.
– Кокус, артыңан кууп жетсе атасың, – деген күйөөсү.
Издеди.
Ордунан тике турду. Катуулап чуркап жөнөдү. Мейли, автоматым болбосо.
Тигине кыштак. Бул дөңдөн кыштак көрүнүп турат... Аларды кечээ, талаада дан эгинин жыйнап жүрүшкөн кезинде кармап кетишпедиби.
Аял кылчайып бир курдай артына карап койду. Азырынча аны эч ким кууп келаткан жок. Дөңдөн көрүнбөй жатат ко?..
– Кач! Качып жөнө!.. Тобокел! Чамда!
Ал кадамын тездетти. Кандайдыр эле абдан күчтөнө түштү. Эми ал көрүшүүгө даяр турду. Капыстан эстей коюп, чапанынын ичин, жан жагын сыйпалап издеди. Мына...
Дамбалынын ичине катып койгон күйөөсүнүн шамшарлуу кыны. Дале жүрүптүр. Күйөөсү канчалык кааласа да, шамшарды колдонууга мүмкүндүк болбоду.
Аял кынды дамбалынан чыгарып, колуна мыкчый кармады. Шамшарды өзүнчө сууруп, абада нары-бери бултактатып, душманынын денесине батырып жаткандай шылыды.
Ал жаш балага окшоп кеткенин көрүп, жылмайып койду.
Мына ал, ого бетер кайраттана түшүп жүгүрүп жөнөдү. Түзгө жетип чий аралай баштаганда артына кылчайып карады. Эмелеки токтогон дөңдүн башынан караан көрүндү. Бөк түшүп, чийдин түбүнө эңкейип жашына калды. Көрбөсүн!..
Ана, немка качкан аялды көрдү. Тигине, чийдин арасында баратат. Дөңдүн үстүндөгү арыктан күчүнүн бардыгынча секирди, жерде өбөктөп жатып, артындагылар көрүнбөй калганына жеңил үшкүрүндү.
Ал жоокер эмес эле. Бирок жердин баарын багынтып, кичинекей Германияны чоң өлкөгө айланткысы келип жаткан шеф менен чындап сыймыктанчу. Аны жакшы көрөрүн, аны иши үчүн даяр турганын күйөөсү менен урушка кошо аттанып көрсөтмөкчү болгон... Чынында, анын өз ички амалдуу ою да бар болчу. Күйөөгө чыккан соң, Берлиндин төрүндө кимдир бир жаш уландын тамыры болуп күн өткөргүчө, жоокерлер арасында жүргөндү артык баалаган. Анын үстүнө кесиби медик, күйөөсү да жакшы көрөт.
Бирок күн өткөн сайын күйөөсүнүн ою башкага бөлүнөрүн ал ойлогон эмес. Келесоо! Жоокерлер канча кааласаң медик аялдын жанында экенин да күйөөсү унутуп таштаган...
Бирок душмандын аялы менен минтип жекеме-жеке кармашууга чыгарын да немка билген эмес. Баары тең күтүлбөгөн жерден болду. Ал баш тартып барбайм дешке да жетишпей калды. Бирок бул тапшырмасы жүзөгө ийгиликтүү ашса, ал баатыр болмок! Сөзсүз шефке, бул эрдиги жагабы?! Аялды баатыр атоо, кур дегенде, анын саясаты үчүн да керектир.
Адеп колоннадан бөлүнүп, куугунга чыкканда немканын пейлинде мына ушул өңдүү асыл ойлор бар эле. Канчык! Качкын аял алыс узап кетиптир...
– Канчык! – Кыжыры келе түштү. Денеси оор тартып, аябай күйүктү:
Ошондо, ийнине асынган автоматын жерге чечип таштап, өзү эс алып чалкасынан жатып алгысы келди. Бирок коркуп жата алган жок.
«Кокус, арттан келип кармап алса эмне болот?» – деп ойлоду. Артынан эркек куугунчулар акмалап келишерин сезди.
Кайта качкын аял чийдин арасына сиңип, көрүнбөй калды.
Ушул тарапка кетти деген болжол менен, немка аны кууп бара берди. Бир убакта качкын аял да, өзүндөй чарчап-чаалыгып, бир жерге боюн керип жатып алгандай туюлду. Кайсы жерге?.. Тигил дөңдүн ары жагынабы?
Анын болгон күч-кубаты дөңгө жеткизди. Мына, дөңдүн кырына көкүрөк таяп, арыктын кашатына жөлөнгөнүндө, качкын аял дагы чакырым аралыкка узап кеткенин көрдү.
Немка муну күткөн эмес!
– О-о-о-оф! – эси оой артына бир жолу жалт карап алды, эч ким артынан акмалап келатпаганын көрүп, итатайы тутула түштү. Демек, аны талаада жинигип өлсүн дешкен экен да!..
– Өлсүн дешкен экен! Өтө чарчаганынан улам денесин калтырак басып, тиштери тиштерине тийбей шакылдап кетти. Ийнине асынган автоматын жулуп, ачуусу менен ыргытып жиберди. Өзү да мынтыктай сулап, жерге ооналактады.
Жер ным, муздак. Талаа көз жеткис мейкин, асман сыяктуу кең.
Мындай аңгыраган суук дүйнөдө ал өзүн, кандайдыр ыргытылып ташталган оорулуу күчүккө окшотуп жиберди. Күчүк улуйт. Түтүнгө окшогон кара көк булутка карап тынымсыз үрөт. Күчүк көз алдына элестегенде төбө чачы тик туруп, каны буулугун кетти. Мына, күчүк аны карап алган да өңдөндү.
– Чык! Кет!.. Жок, жок!.. Менин өлгүм келбейт. Менин талаада калып өлгүм келбейт! Итке каптыргым келбейт. Чык! – деди ал ызалуу кыйкырып, муунуп бараткан алкым бүчүлүгүн тытып.
Секирип өйдө туруп, жанынын бардыгынча кайра артына өз колоннасына чуркады. Колоннасын кууп жеткиси келди. Ошол учурда үч-төрт кадам шилтей электе эле, аба жаңыртып атылган мылтыктын үнү угулду. Токтолду. Көздөрү умачтай ачыла түштү. “Кимге атып жатат мылтыкты? Магабы?..”
Артына бурулду. Кайрадан качкан аялды кууп жөнөдү. Эми ал жол артында экенин түшүндү. Качанга качкан аялды кууп жетип, аны өлтүрмөйүнчө ага артына кайтып барып, өз колоннасына кошулууга жол жок экен. Муну ал дароо түшүндү.
Ал сырт кийимин чечип ыргытып, чуркап жөнөдү. Анын көзүнө ички ак көйнөгү урунду. Ооба!
Айла табылды. Эми немкага, качкан аялды өлтүрүү да эмес, кууп жетүү гана максат.
Ал качкын аялды алдоону чечти. Ак чүпүрөк – ак желек!..
– Ак желек!
Жиндене ич көйнөгүнүн этегин айрып, качкан аялды көздөй туу кылып көтөрүп булгады. Чакырды:
– Токтоо! Токтоо!.. Мен туткунмун!
Аялдардын артынан кетишкен эки куугунчу немис аскери бир кезде артына кайтып келишти. Жолдон таап алган, немка таштап кеткен автоматты, кийимин обер-лейтенанттын алдына ташташты. Бирок качкан аял да, немка да өзүлөрү колдуу болуп ажал тапканын айтышкан жок. А колонна жанга баткандай кыбырап баратты.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.