Эгемендикке чейин кыргыз прозасында "тарыхый" жанр анчалык өнүгүп кетпегендиги белгилүү. Анын олуттуу себеби саясый-идеологиялык жактан кооптуу тема экендиги. Ошентсе да аны баштоочулардын бири катары поэтикалык "Кандуу жылдар" романын эске албаганда деле барып-келип кайра эле Аалы Токомбаевди атоого аргасыз болобуз. Анын баштапкы бөлүмү өткөн кылымдын орто ченинде жарык көрүп, аягына чыгарылбай калган "Токтогул" романын улуттук прозадагы социалдык-турмуштук өңүттөгү биографиялык-тарыхый романдардын алгачкыларынын бири дегенге толук негиз бар. Себеп бирөө эле, андагы борбордук каарман Токтогул – тарыхый инсан.
Тарыхты эл жасайт, ансыз тарых болбойт дегенибиз менен андагы эл аныгына келгенде кубаттуу караламан топ иретинде кыйла абстрактуу мүнөздө кабылданып, тарыхтын кыйма-чийме, оош-кыйыш узак жолунда ошол элге саясый, экономикалык, аскердик бийлик жүргүзүп, алга сүрөгөн жана анын маданий-руханий алголоосуна кайталангыс салым кошкон инсандардын ысымдары ооздон түшпөй айтылып калат экен.
Эреже катары тарыхый инсандар ичинен мамлекеттик-саясый ишмерлер, кол башчылар айрыкча оозго көп алынып, даңкталып келсе да, абайлай келген кишиге эл маданиятын, көркөм-рухий кенчин түзүүчүлөр анын нукура сыймыктанар адамдары, элдин күч-кубаттуулугунун пайдубалында так ошолордун көпчүлүккө байкала бербеген мээнети жаткандыгы ачык көрүнүп калат. Жан-дүйнөсү жарды, руху тайкы эл эч качан цивилизациянын туу чокусун көздөй арыштай албайт, эл катары муун-жүүнү да бош, шалкы болот. Элдин рухун бекемдеп, чыңаган, жан-дүйнөсүн байытып, тынымсыз азыктандырып, алга сүрөп, күч-кубат, дем берип келген адамдардын көч башында адилет жана акылман хан-бектер, эли-жери үчүн жан кыюуга даяр жоокерлер, даанышман карылар, намыстуу жигиттер, чебер усталар, мээнеткеч дыйкандар, кадыресе малчылар, ак көрпө жайыл аялзаты, мергендер, комузчулар, манасчылар, чечендер менен катар шексиз түрдө ырчылар туруп келгени маалым.
Кайталангыс мындай инсандарды эл эзелтеден туу тутуп, аздектеп, алардын эл-жер үчүн акыл-күч эмгегин, өнөрүн аңыз кеп кылып, акыл-насаатын, жасаган иштерин, чыгармаларын ооздон-оозго, муундан-муунга көздүн карегиндей сактап, өткөрүп келишкен. Алар тууралуу муундан-муунга аңыз кептер легендага, болгондо да жалпы журт үлгү тутуп, алардын улуулугуна – залкарлыгына толук ишенич жараткан насаатка толо нускалуу кепке, анан оозеки чыгармачылыктын эпизацияланган каармандарына айланышкан. Мындай оозеки формада калыпташкан салттын кийин профессионал адабиятта башка деңгээлде, башка көркөм-эстетикалык нукта улантылып, тереңдетилгендиги да мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ушул өңүттөн алганда оош-кыйыштуу жашоо-өмүрү, чыгармачылыгы эки кылымга, болгондо да падышалык орус бийлигине тушугуп, андан кийин да орус-совет бийлиги астында калып, оңбогондой нечен чайпалууларды баштан кечирген Токтогулдун тагдыры, кайталангыс өнөрпоздук таланты калемгерлердин бүйрүн кызытып, ал тууралуу өзүнчө бир омоктуу чыгарма жаратууга куштар кылганы да табигый көрүнүш.
Аржак-бержагы бир-бир жарым кылым аралыгында жашап өткөн өнөр адамдары Жеңижок, Атай, Тоголок Молдо, К.Тыныстанов, Ж.Бөкөнбаев, А.Осмонов, Осмонкул, Саякбай (ж.б) сындуу инсандар бир катар романдарга, повесттерге, поэмаларга көркөм-адабий каармандар болуп түшүшсө да, бул жагынан Токтогулга тең келчүсү жок. Аны алгач ирет поэтикалык сөз өнөрүн, дегеле өнөр аттуунун туу чокусу катары баалаган элдин өзү, анан Эшмамбет, Чоңду, Жеңижок, Куйручук, Барпы, Тоголок Молдо, Ниязалы сындуу залкар замандаштары, өзүнүн Алымкул, Калык, Осмонкул, Атай, Коргол сыяктуу шакирттери ырга салып, адамдык жана өнөрпоздук портретине айрым штрихтер сүртүшсө керек.
Ал эми Ж.Бөкөнбаевдин 1937–1938-жылдары жазылган «Токтогул» музыкалык драмасы менен ушул эле аталыштагы операнын (1940) либреттосунан тарта Токтогулдун сахнадагы жана көркөм адабияттын ар башка жанрларындагы экинчи өмүрү башталып, К.Жантөшевдин «Эл ырчысы» (1951), Б.Жакиевдин «Миң кыял» (1965), Р.Шүкүрбековдун «Акындын үмүтү» (1959-1962), Т.Касымбековдун «Алымкан» (1962), К.Маликовдун «Айланган тоонун бүркүтү» (1964-1965), Т.Абдымомуновдун «Сүйүү жана үмүт» (1966) аттуу драмалары, Ж.Таштемировдун «Тоо булбулу» аттуу бүтпөй калган повести (1965) биринин артынан бири жазылат.
«Токтогул» аттуу көркөм фильм да тартылат (1959). Кийин Т.Касымбеков бул темага кайра кайрылып, Токтогулду «Келкел» романынын негизги кааармандарынын катарына кошот. Совет мезгилинде жаралган бул чыгармалардагы Токтогулдун образы канчалык тарыхый негизине ылайык иштелип, канчалык таасирдүү, алымдуу-жугумдуу даражага жеткирилгендигин салыштырып иликтөө өз кезегин күтүп турат. Айырмачылыктарына карабай алардын башын бириктирген бир нерсе – социалисттик идеологиянын талаптарына жараша Токтогулду ашкере демократ акын, жарды-жалчылардын жактоочусу, эзүүчүлөрдүн ашкерелеп-жектөөчүсү, жаңы коомдун жалындуу үгүт-насаатчысы, ак жүрөк, ар-намыстуу – кыскасы дээрлик кемчилиги жок апакай каарман-инсан катары тартуулоо тенденциясы ачык көрүнүп турат.
Мындай социалдык бир жактуу типтештирүүнүн илеби А.Токомбаевдин «Токтогул» романынан да көрүнө калганы менен ал жогорку чыгармалардын бир тобундагыдай ашкере «социалист-демократ» даражасында турат дешке негиз да, себеп да жок. Анткени романдын бизге жеткен бөлүктөрүндө кыргыз жеринде падышалык бийлик өз режимин орнотуп, күчтөнө баштаган мезгил, б.а., Токтогулдун тестиер жана боз улан кездери гана сүрөттөлөт. Демек, мезгилдин демократчыл-социалисттик духу тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес эле. Реалист жазуучу катары А.Токомбаев Токтогулга симпатиясы ачык көрүнүп турса да, мындай алешемдиктерге жол бере алмак эмес. Ошондуктан ал мезгил-доор духун эң сонун сезе билип, кыргыз турмушунун социализмден оголе алыс турган кеңири картинасын көркөм эпикалык маанайда жаратууга киришип, жогорку деңгээлде ал максатынын өтөсүнө чыккан десек болот.
Романдын бизге жеткен бөлүктөрү ушундай бүтүм чыгарууга толук негиз бергени менен аны автор акырына дейре ушундай объективдүү маанайда алып кетип, көркөм прозадагы олуттуу чыгармаларга мүнөздүү салмактуу ыргак жана тереңдик менен жыйынтыктайт беле деген суроого кескин жооп берүү кыйын. Себеп түшүнүктүү, роман жакшы башталып келип, улантылбай калган, атүгүл анын үчтөн бир бөлүгү гана болушу ыктымал.
Ж.Бөкөнбаевдин аталган драмасын эске албаганда А.Токомбаев Токтогул темасына алгачкылардан болуп кайрылып, кокусунан эмес, атайын даярдык көрүп, иликтеп, издеп, жеринде көп нерселер менен таанышып туруп гана романды жазууга киришкен. Кезегинде «ал Кетмен-Төбөгө бир нече ирет барып, улуу ырчы-комузчу тууралуу маалымат чогултуп жүрөт, мунун ою бузук» деген маанайдагы тоголок кат жогорку органдарга да түшкөн экен. Кантсе да, А.Токомбаев Токтогулдун даңазасын бала кезинен эле угуп жүргөнү аны укпаган, билбеген кыргыз болгон эмес дегендей эле чындыкка жатат. Балким, Токтогулга болгон кызыгуусу мурдатан эле тамырлап келсе да пенделик кылып, аны өлбөстөй көрүп, өтүп кеткенин уккандан кийин алаканын шак коюп отуруп калгандыр. Эмнеси болсо да А.Токомбаевдин Токтогул тууралуу көркөм чыгарма, чакан ыр же аңгеме эмес, болгондо да калдайган роман жазууга белсенгени, анын бир бөлүгүн турмушту, адамдарды, өткөн турмушту мыкты таанып-билгендик жана бийик жазуучулук чеберчилик менен жүзөгө ашырып салганы кокустук эмес, бир далай мезгилде бышып жетилген зарылдык дегенибиз жөндүү болчудай.
А.Токомбаев «Токтогул» аттуу макаласын 1937-жылы «Кызыл Кыргызстан» гезитине (июль), анын орусчасын «Советская Киргизия» гезитине (июнь) жарыялаптыр. Демек, Токтогулдун мурасын жыйноо, иликтөө маселесин ал Ж.Бөкөнбаев менен бир маалда эле көтөргөн болуп жатат. Мындан тышкары, ал Токтогулдун 1940-жылы чыккан ыр китебине редколлегия мүчөсү болуп, «Токтогулдун адабий күчүнүн негизи» (1940), «Токтогул» (1943-ж., Токтогулдун көзү өткөнүнө 10 жыл), «Об ошибках, допушенных в издании произведений Токтогула» (1952) аттуу макалаларды, «Токтогулдун жери» (1938), «На родине Токтогула» (1954) аттуу ырлар циклин жарыялайт. Мунун баары «Токтогул маселеси» 30–40-жылдарда эле А.Токомбаевдин эсинен чыкпай көңүл борборунда болгонун, «Токтогул» романына материал топтоо, жазуу иштери кыйла узак мезгилди өз ичине аларын айгинелеп турат.
«Токтогул» романынын биз сөз кылар бөлүгү 1955-жылы «Советтик Кыргызстан» (кийин «Ала-Тоо») журналынын № 2, 5, 6, 7, 9, 11-сандарына, А.Токомбаев баралына келип, чыгармачылык дем-кубаты артып, даңазасы чыгып турган маалда жарык көрөт. Ал улуттук адабияттын классиги даражасына ириде акын катары көтөрүлсө да, бул кезде көркөм прозанын да чебери экендиги айкын болуп калган. 20-жылдары жазылган бир катар макалалары, фельетондору, "Күйөөнүн кол жууркандын түрмөгүнөн чыкты" (1928), "Муңдуулар өлүмү" (1929), аттуу аңгемелери, алардан кийин "Чабуул" журналына басылган "Жапардын каны" повестинин үзүндүлөрү (1932), "Биз балапан кездерде" аттуу биографиялык очерки (1933-1934) анын көркөм проза жаатындагы изденүүлөрүнүн алгачкы этабы бир катар өксүктөрү менен кошо негизинен ийгиликтүү аяктаганын күбөлөп турса, «Күүнүн сыры», «Жараланган жүрөк», «Мезгил учат», «Даат», «Акылмандын жообу», «Жол жомогу», «Днестр терең деңизге куят», «Акай мерген», «Өлүм кимди коркутпайт», «I новелла», «II новелла», "Терең сыр", "Ашык-Карып", "Күтүлбөгөн белек", "Кажыбас кайраттуулар", "Моюнга алуу", "Бул жомок эмес" сыяктуу аңгемелери, новеллалары, жомоктору жана повесттери А.Токомбаевди толук жетилген таланттуу прозаик катары элге таанымал кылды.
Ортодо "Ашырбай" (1942) аттуу жакшынакай көркөм очерк жаралып, кийин "Солдат элек" повести (1965) жарыкка келди. Өз маалында ашкере макталып же тарыхый деп эсептелип жүргөн «Кандуу жылдар» романы сыяктуу бир топ жектелип да кетпеген бул чыгармалар кийин 60–70–80-жылдарда, атүгүл XXI кылымда кыргыз сынчыларынын, адабиятчыларынын чын дилден (болгондо да оңду-солду талданып отуруп) далай мактоолоруна арзып, А.Токомбаев алп акын, мыкты драматург гана эмес, дасыккан, чебер прозаик экени бир ооздон айтыла келген.
К.Асаналиев, С.Жигитов, К.Артыкбаев, К.Бобулов, Ш.Үмөталиев, Б.Алымов, К.Бейшембаев, О.Ибраимов, А.Садыков өңдүү сынчы-адабиятчылар А.Токомбаевдин прозасын жок жерден эле же жагымпоздук кылып макташпай, объективдүү ойлорун айта келишкен. Жазуучунун прозасынын тигил же бул жагын өзгөчөлөнтүп, бөлүп көрсөтүүдө айырмачылыктар кездешкени менен алар өздүк баа-ченем менен болгонун болгондой баалашканы ырас.
Улуттук адабияттын тарыхында А.Токомбаевдин орду өзгөчө экендиги талашсыз. Кеңешбек Асаналиевдин: "А.Токомбаевдин феноменин түшүнүү, бул анчейин катардагы ишмердин чыгармачылыгына көз жүгүртүү эмес, бул баарыдан мурда улуттук адабияттын башталышынан ушул күнгө чейинки жандуу процессин, кыймыл-аракетин аңдап-билүү, бир бүтүндөй улуттук адабияттын бүткүл өксүктөрүн жана жаркын жеңиштерин бирге көрүп, бирге баштан өткөрүп, кыйын жана оор жүгүн бирге көтөрүп, өзгөчө бир жаралган кайталангыс чыгармачыл инсандын тарыхый жолун аңдап-билүү болуп эсептелет", – деген ташка тамга баскандай баа-ченеми жөн жерден жазылган эмес (Кыргызстан маданияты, 1985, 3-январь).
Бул таасын пикирдин орундуулугун, тууралыгын моюнга алсак, биз аны бүгүнкү күнгө чейин узартууга мүмкүн экенин көрөбүз да, "А.Токомбаев жана кыргыз поэзиясы", "А.Токомбаев жана кыргыз драматургиясы", "А.Токомбаев жана кыргыз прозасы", "А.Токомбаев жана кыргыз маданияты" (ж.б.) деген маселелер дагы эле күн тартибинде турганын көрөбүз. «Көчтүн карасында» калган, көптүн бири болгон авторлорго мынчалык бийик баа берилбей, адабият тарыхында алардын бирин-экин чыгармасы, кээде аты-жөнү эле эскерилет экен. Ал эми А. Токомбаевге карата мындай мамиле мүмкүн эместигин, аны бизге кимдир бирөөлөрдүн каалоо-эрки эмес, анын калтырган чыгармачылык мурасынын көркөм-эстетикалык, көркөм-идеялык наркы өзүнөн өзү таанытып, моюнга алдырып турат. Эгемендик (1991-2024) деп аталган мезгилден мурда даңкталган далай авторлор эсепсиз чыгармалары менен кошо «адабий-тарыхый кампага» түшсө, А.Токомбаевдин көптөгөн поэтикалык, драмалык жана прозалык чыгармалары эл ичинде үзүлбөй окулуп, колдонуудан чыккан жок. Мындай тагдыр нукура таланттардын үлүшүнө гана туура келет. Бүтпөй калган «Токтогул» романына да ошол таланттуулуктун кашкайган мөөрү басылган.
Көрүнүп тургандай, А.Токомбаевдин прозалык чыгармалары сан жагынан көп эмес. Алардын ар биринин (аңгеме, новелла, адабий жомок, повесть, роман, очерк, публицистикалык макала, мемуар ж.б.) көлөмдөрү да чакан. Биз мындан жазуучу өзүн чубалжыган проза жазуудан оолак кармагандыгын байкасак болот. Дегинкиси, ал поэзия менен кара сөздөгү чыгармачылыгын удаалаш эле баштап, чеберчиликке жетүүнүн узак, түйшүктүү жолун баштан кечирген. Көркөм адабияттын дээрлик бардык жанрларында эркин жаза билүү жөндөмү тигил же бул теманы терең ачып берүү жолунда автордун талыкпай изденип, ага кайсы жанрдын ылайыктуу экендигин аңдап-билип, тандоосуна жараша, тынымсыз тажрыйба топтоону жана чеберчиликти үзгүлтүксүз өстүрүүнү талап кылат да, ошол жолдо жаза басуулар да болбой койбойт. Ошол сыңары А.Токомбаевдин прозалык чыгармаларынын баары эле кынтыксыз жазылып, шедеврге айланып кетпесе да, көбү мыкты экендиги талашсыз. Ал аңгеме-новеллага, повестке же романга кандай турмуштук материал сыя турганын, алар кандай мезгилдик-мейкиндик чен-өлчөмдү камтып, кандай идеялык өңүттөн берилип, образдардын кайсынысы кандай жүк көтөрөрүн, каармандардын кулк-мүнөздөрүн ачып берүүнүн негизги жана көмөкчү каражаттарын жакшы билген жана бул жаатта өз билим-чеберчилигин улам өркүндөтүп, тереңдетип жүрүп отурган.
Акындык талант жардамчы болгону менен прозаик турмушка башкачараак өңүттөн көз кырын салып, башкача көркөм ой элегинен өткөрөрүн, чыгарманын сюжеттик-композициялык түзүлүшү да поэзия менен драмадан кескин айырмаланарын эң сонун түшүнгөн. Чыгармачылыктын мындай ыкчам жана түшүмдүү эволюциясын анын бүткүл прозасы кашкайта айгинелеп турат.
Эң негизгиси – А.Токомбаев өткөндөгү жана кийинки коомдук жашоо-тирлик менен адам тагдырларын, алардын күнгөй-тескейин, эл тарыхын, салт-санаа, жөрөлгөлөрдү мыкты билген, элдик философия менен педагогиканын кайталагыс терең, асылбаа идеяларын, оозеки чыгармачылыктын бүткүл көркөм-эстетикалык байлыгын кан-жанына сиңирип, аларды жаңы замандын шарапаты менен келген билимге, саясый-маданий, көркөм-рухий көз караштарга жуурулуштуруп, өз чыгармаларында натыйжалуу пайдаланууга жетишкен. Мындай синтез дайыма ийгиликтүү болбосо да, жеке шык-талант, тынымсыз изденүү менен коштолуп, кыргыз адабиятына, кыргыз элинин көркөм-рухий дүйнөсүнө ташка тамга баскандай из калтырган поэтикалык, прозалык, драмалык чыгармалардын жаралышына алып келген.
А.Токомбаев прозада да поэзиядагыдай эле сөзгө сараң, кылдат мамиле жасап, ой толгоолор менен сыпаттоолордун орундуулугуна, мазмундук сыйымдуулукка айрыкча маани берген. Ал кайсы бир көрүнүштү, деталды, кыймыл-аракет менен портретти чубалжытып, майдалап, эзмелеп сүрөттөп отурбай, кыскалыкка, образдуулукка умтулуп, алардын урунттуу, өзгөчө мүнөздүү жактарына басым жасайт, бирок майда деп бардык деталдарды сүрүп таштабай, алардын көңүлдө калчу жерлерин иргеп алат да, сүрөттөө объектисине кошумча штрихтер киргизет. Каармандардын кеп-сөзү ошол мезгилдин адамдарына төп келип, табыгий мүнөзү менен өзгөчөлөнөт, бул жада калса каармандардын диалог-монологдорунан да айкын көрүнөт. Жазуучу үчүн диалог, монологдор жөн эле кеп-сөз эмес, образ жаратуунун, мурунку мүнөздөмөлөрдү толуктап, кеңейтүүнүн же жаңы, кошумча маалымат берүүнүн каражаты катары чыгат.
А.Токомбаевдин прозасынын тили бай. Уккулуктуу, образдуу, таасын сөздөргө, алардын куюлушкан ыргагына сугарылган, элестүүлүгү, жугумдуулугу сезилип, "көрүнүп" турган, ой-сезимди түйшөлткөн, сырты жөнөкөй, ичтейи саймадай кооз, маңыздуу элдик тил анын прозасынын шексиз артыкчылыктарынын бири десек болот.
Чебер аңгемечинин кебиндей салмактуу, элестүү жана таамай портреттик, пейзаждык сүрөттөмөлөрдүн, турмуштук көрүнүштөрдүн, деталдардын тактыгы менен бирге орундуу колдонулган элдик макал-лакаптар, учкул сөздөр, идиомалар, архаизм, историзм, неологизм сөздөр чыгарманын рух-келбетине кошумча ажар тартуулап, жан киргизип, турмуштун өзүндөй кыймылга, күүгө келтирип турат. Булар менен бирге А.Токомбаевдин кайсы гана чыгармасы болбосун, өзөктүү идеялар нукура гуманизмге сугарылгандыгы айдан ачык. Бул айтылгандардын баары жазуучунун "Токтогул" романына тикелей тиешелүү.
Ушундай жагдайларды таяныч тутуп, А.Токомбаевдин элдин көбү биле бербеген "Токтогул" аттуу бүтпөй калган романы тууралуу кыйла кенен сөз кыла кетүүнүн шарты келди окшойт. Бул романдын 1955-жылдагы журналдык варианты жазуучунун 1972–1973-жылдары жарык көргөн үч томдук чыгармалар жыйнагына алгач ирет киргизилип, 2014-жылы, залкар акын-жазуучунун 110 жылдыгына карата өзүнчө китеп түрүндө жарык көргөн. Эми анын уландысы болгон дагы бир бөлүгү жазуучунун өздүк архивинен табылып отурат. Аны жазуучу толук иштеп бүтпөгөн сыяктуу. Кол жазмада жана машинкада терилген текстте оңдоп-түзөөлөр арбын. Мунун өзү автор ага дагы кайрылып, алымча-кошумчалоо ниети бардыгын, кыскасы, толук аягына чыгара электигин тастыктап турса да, аны мурунку бөлүм менен бириктирип чыгаруу туура иш болду окшойт. Башка арга жок. Ошондуктан биз да романдын колубуздагы эки бөлүмү тууралуу ойлорубузду ортого салууну ылайык көрдүк.
* * *
Кат-сабаты шартка байланыштуу кеч ачылса да А.Токомбаев өз мезгилиндеги билимдүү адамдардын алдыңкы катарында туруп, кыргыз фольклору менен ырчылар чыгармачылыгынан сырткары дүйнөлүк адабиятты, анын ичинде классикалык орус жана орус совет, казак, тажик, өзбек, татар адабияттарын өзгөчө терең билгендиги, алардын мыкты үлгүлөрүн кыска мезгилде чыгармачылык менен өздөштүрүүгө жетишкендиги талашсыз. Ал эми кыргыз адабияты жаралган күндөн тарта анын көз алдында торолуп, баралына келди. Демек, анын «ой-чуңкурун», башка авторлордун ар бир чыгармасынын (бул апырткандык эмес) күчтүү жана чабал жактарын да А.Токомбаев беш колундай билип, өз чыгармачылыгында улуттук адабияттын «жеңиш жана жеңилиш» сабактарын эске албай койгон эмес. Бери дегенде «Ажар» менен «Эрксиз күндөрдө», «Эрик таңындадан» тарта «Узак жол», «Кең Суу», «Каныбек», «Биздин замандын кишилери», «Азаматтар», «Бакыт», «Темир», «Салтанат», «Жаш жүрөктөр» өңдүү романдардын, повесттердин, эсеби жок аңгемелердин тажрыйбасы да жазуучунун көңүлүндө турган.
СССРдин мамлекеттик сыйлыгына арзыган (1949) М.Ауэзовдун атактуу «Абай жолу» (1, 2-китептери 1942–47-ж. чыккан) романын А.Токомбаев кантип окубай, кантип ой элегинен өткөрбөй койсун!? Балким, так ушул роман 30-жылдардын орто ченинен тарта Токтогулдун тагдырына кызыгып, маалымат, материал топтоп жүргөн А.Токомбаевге ал тууралуу роман жазууга түрткү болуп, шык бергендир. Так кесе айтыш кыйын. Бирок неси болсо да А.Токомбаев «Токтогул» романын жазууга кокусунан эмес, бери дегенде 10-15 жыл даярданып, арбын чыгармачылык тажрыйба топтоп, изденүү машакатын баштан кечиргенден кийин гана киришкени айдан ачык.
Адегенде эле айта кетчү нерсе: А.Токомбаев бул романы менен жеке өзүнүн гана эмес, бүткүл кыргыз адабиятынын (прозасынын) ошол 50-жылдарга чейинки тарыхында боло элек бийиктигине кол сермеген. Мындай кескин оюмду чыгарманын өзү жана А.Токомбаевдин «чыгармачылык өмүрүн бүтүндөй кара сөз жазууга жумшабаганына катуу өкүнгөн» чыгаан адабиятчы С.Жигитовдун пикири менен бекемдей кетсек болот. Ал «Токтогул» романын кыскача мүнөздөй келип, анда өзү айткан Алыкеңдин "художниктик кудурети таасын көрүнүп, кара сөз жазуу жагынан мүмкүнчүлүктөрү кенен ачылгандыгын" белгилеп, ага мындай калыс баасын берет: «Турмуш жана табият көрүнүштөрү, окуялардын жүрүшү, каармандардын жүрүш-турушу, кыймыл-аракети, психологиясы эпикалык жайбаракаттык, сүрөткерлик таамайлык, кынтыксыз стиль менен сүрөттөлгөн... Сюжеттин өнүгүш логикасы, көркөм деталдар, психологиялык мотивировкалар абдан ишенчиликтүү» (Көч башылардын бири. - Китепте: Улуулуктун татаал жолу: А.Токомбаев адабий макалаларда, эскерүүлөрдө, документтерде. Түзгөндөр: Т.Токомбаева, Б.Исакова. - Б., 2004, 252-б.).
Чыгарманын жазылып калган бөлүктөрүндө сүрөттөлгөн жана логика боюнча сүрөттөлөр көркөм материалдын масштабдуулугу ушундай бүтүм чыгарууга толук негиз берет. Анын үстүнө, айтылгандай, мындай ишке анын бардык жагынан даярдыгы да, дарамети да жетиштүү эле. Ал Токтогулду романдын борбордук каарманы-кыймылдаткыч күчү катары да жөндөн жөн тандап албаган. Токтогулдун залкарлыгы, адамдык жана чыгармачылык тагдыры кайталангыс феноменалдуу инсан катары кылымдар тогошкон: кыргыздардын салттуу феодалдык-патриархалдык коому орус бийлигинин үстөмдүгү менен эски кийимдин тигишиндей ыдырап, трансформацияга учураган, андан кийин Октябрь революциясынын кысымы менен кайра астын-үстүн болгон доор-мезгилин көркөм эпикалык формада чагылдырууга табылгыс фигура экендигин А.Токомбаев илгертпей түшүнгөн. Ал Токтогулдун өмүрүн көркөм баянга айландыруу менен эле чектелбей, ал жашаган мезгилдеги кыргыз коомунун ичтейин оң-терс жактары, бүткүл карама-каршылыктары менен бирдикте ачып берүүнү максат кылганы шексиз.
Романдын сюжети сыртынан түз сызыктуу көрүнгөнү менен аныгында кыйла татаал, чиеленишкен формага келтирилип, бирок окурмандын кызыгуу-ынтызарлыгын өчүрбөйт да, улам бир окуя, көрүнүш, образ экинчисинин жаралышын табигый түрдө шарттайт. Сөзгө чебер жана кылдат аңгемечинин кебиндей ыргак сакталып, бир окуянын же образдын чоо-жайы кийинкилеринде ачылып, тереңдетилип, кеңейтиле берет. Бирок автордун айтайын деген оюна, барар жерине дейре көп нерселер бар экени да кылайып көрүнүп турат. Эскерүү формасындагы айрым «аңгемелер» гана өз милдетин өтөп, аягына чыгарылбаса, кыйла окуялардын аягы али көрүнбөйт, көптөгөн образдар жаңы гана кыймылга келип, «олуттуу иштерин али аткара» элек. Кыскасы, айтылчу кептер алдыда. Роман мына ушунусу менен да бүтпөй калган. Бирок анын бүткөн бөлүгү да «оңой» чыгарма эмес.
Роман мейкиндик-мезгилдик чен-бүктөмү өтө кеңири тарыхый чыгарма катары пландаштырылса керек. Себеби кыска романдардай же көлөмдүү чоң повесттей болгон романдын биринчи бөлүгүндө 10-11 жаштагы Токтогулдун бир жылга жетер-жетпес убактагы өмүрү баяндалат. Сыртынан ушундай. Ал эми иш жүзүндө анда Кетмен-Төбө кыргыздарынан ага чейинки 50-60 жылдык турмуш-тирлиги сыйдырылат да, Токтогулдун гана эмес андан улуу жана замандаш биртоп адамдардын ар түркүн тагдырлары көз алдыга тартылат. Тестиер Токтогул өз тирлигин өткөрүп жүрөт, ага удаалаш анын бар-жогу менен иши жок турмуш күргүштөп агып, ар түркүн максат көздөгөн адамдык мамилелердин оош-кыйыштуулугунан келип чыккан драмасы да, трагедиясы же жетиштүү окуялар биринин артынан бири ала салып өтө берет. Бирок алардын баарынын жаш Токтогулга тикелей же кыйыр тиешеси бар экендиги, алар жөнсалды баяндалып жатпагандыгы түшүнүктүү. Автордун чеберчилигинин бир өңүрү ушул жерде жатат. Керексиз, артыкбаш нерселер романдын эки бөлүмүндө тең дээрлик жок.
Роман Казанчы байда кой багып жүргөн атасы Сатылганга барып келатып, адашып, суукта тоо-ташка түнөгөн Токтогулдун балалык сезимдерин сүрөттөөдөн башталат да, кийинки окуяларда Токтогул алдыңкы планга чыгарылбаганы менен аны баам-сезими, ой-толгоолору менен турмуш, жаратылыш, коом, адамдар биринин артынан бири көз алдыбыздан өткөрүлөт, курулай-кургак сөз менен эмес, конкреттүү кыймыл-аракеттерде бир нечелеген каармандардын кулк-мүнөздөрү, образдары четинен ачыла берет.
Адеп көзгө урунган жана чыгармага баштан-аяк катышкан каарман – Казанчы бай, лакап аты – Жылаңач казап. Мындай каармандар 20–30–40-жылдардагы кыргыз адабиятында арбын эле кездешет. Бирок алардын көбүнөн айырмаланып А.Токомбаевдин Казанчысы сөлөкөт эмес, толук кандуу образ иретинде көрүнөт. Мындай мал менен кошо мал болуп, дүйнөдө андан башка эч нерсе көзүнө көрүнбөгөн, жашоо-өмүрдүн маани-максаты, ырахаты, өксүгү менен иши жок, жан дүйнөсүндө көр оокаттан башкага кенедей орун калтырбаган адамдар ар дайым боло келген, азыр деле толтура. Болгону азыркы Казанчылар мурунку Казанчыдай жуунбай жүрүшпөйт, сасыган кир кийимдерди айлап-жылдап кийишпейт, алар таза жүрүп, мыкты кийинишет. Казанчыдай сөгүнүп, каргап, алы жеткендерди тепкилешпейт, сыпаа сүйлөп, маданияттуу жүрүшөт. Алардын окшоштугу жан дүйнөнүн караңгылыгында, боштугунда, адамдык асыл сапаттардын дээрлик жоктугунда турат. Алардын эси-дартын бир гана көр оокат, байлык чүмкөп, ээлеп алган.
Бул жагынан алганда А.Токомбаев Оноре де Бальзактын Гобсегин, Н.Гоголдун Плюшкинин кыргыз кыртышында кайра жараткан дешке болот. Казанчы – кунарсыз, намыссыз адам экендигин өмүр бою анын тепкисин жеп, кордук көрүп өткөн, эстүү, адамгерчиликтүү аялы Үкөй гана эмес дүйнөкордугу андан ашып түшпөсө кем калбаган уулу Калтабай (лакап аты – Калтабай сымап) да билет.
Үкөй болсо анын ким экенин эбак түшүнгөнү менен тагдыр тузагынан кутулуу үмүтүнөн ажыраган көп аялзатынын бири катары сүрөттөлөт. Атасы Сатылганды издеп келген кичинекей Токтогулга Үкөй буларды айтат: «Жылаңач Казаптын сырын жаш болсоң да билесиң го. Тууганың эмеспи, – деп жашылданган нурсуз көзүнүн кыйыгы менен баланын турпатын байкады да: – Мал баккан атаң эмес, үйдүн ээси мага кылбаганы барбы. «Койдун өлүгүн көргөнчө, сенин өлүгүңдү көрсөмчү» – деп мени сабаганы... – «Сен койчу болбой эле кой, Токо, Жылаңач казап сени аябайт. Тамагың ток, үстүң бүтүн боло турган бирөөгө жалдан. Барагой, мен үчүн апаңдын колун кармап кой...» (А.Токомбаев. Токтогул. Роман. – Б.: Бийиктик плюс, 2014, 22,23-б.). Казанчы байга Үкөй «байкуш макулук» деген баа берет. Бирок ошол макулукта Үкөй өлгөндө анча-мынча адамдык сын-сыпат бар экени көрүнө калат. Өмүр бою каалагандай калчап, тепкилеп келген, бойго жеткен уулу Калтабайдын жакшы көрүп, сыйлаган энеси Үкөйдүн капыс өлүмү бир саамга аны алдастатып салат. «Казанчынын чычаладай кызыл көзүнөн жаш токтогон жок. Ал салттагы эреже боюнча бөйрөгүн таянып «жубайым» деп да өкүргөн жок, өзүнүн мүнөзүнө жараша кайгырды. А дегенде адатынча каргап кирди. –Э, кудай, мен сага эмнеден жаздым... кемтигиң толбосо мени да ал, – деп бакырды... Казанчынын эсине өзүнүн кызыл камчылыгы жана Үкөйдүн жандалбасалап жалбаргандары... биринен сала бири чубады» (164,165). Бирок бир аз күндөн кийин Казанчы өзүнүн баягы, нукура кейпине кайра келет. Казанчы бай «ырыскы кошо жуулуп кетет» – деп айлап-жылдап жуунбайт, кийимдерин да, атүгүл идиш-аякты да жуудурбайт.
Анын образын башка чыгармаларга салыштыра келсек, Т.Касымбековдун «Келкелиндеги» Карасакал андан активдүүлүгү менен өзгөчөлөнсө да, Казанчы адабият айдыңында андан мурда орун алган колориттүү образ. Экөөнү бириктирген нерсе – дүйнөкордук, ач көздүк. Майнап-максаты көрүнбөгөн дүйнөкордук экөөнү эгиздердей жакын кылып турат. Карасакалдын образын Т.Касымбеков түркүн каражаттар аркылуу чебердик менен ачып берсе, А.Токомбаев Казанчынын образын нукура кыргыз турмушунун реалдуу көрүнүштөрү менен ар тараптуу сыпаттап чыгат да, аны чындыгына окурман бир саам да шек кылбагандай сүрөткерлик чеберчилик менен жүзөгө ашырат. Мал туягын күндүр-түндүр санап, бир кой үчүн өлүп-тирилип, башкаларды да садага чабууга (Сатылганды, Үкөйдү, Токтогулду ж.б.) даяр Казанчы арам өлгөн малдын этин жейт, аны ит-кушка бергенге ач көздүгү жол бербейт. Буга чейин эле А.Токомбаев Казанчынын образын ийине жеткире иштеп чыккандай болсо да, дагы бир турмуштук чакан окуя менен анын бетпардасын биротоло сыйрып салат. Агын сууга идиш-аяк жууп жатышкан Күмүшай (келини) менен Уулбаланы көргөн Казангапты «кудай уруп» жинденет, «булар мени тентитип жиберишет го, «менин малымды бир бээ саамда эле жууп ташташат» деп улуп-уңшуйт, каргайт баарын. Жини менен келини таштай качкан жез кумганды тебет, ал сууга агып баратканда, сараңдыгы чыдатпай кайра өзү сууга бой таштап, өлүп кала жаздайт. Башындагы малакайын сууга агызган Казанчы: «Баабединге ошол малакай эле жетет... Ал малакай деле адал буюм» – деп өзү-өзү сооротуп, «тогуз токоч баабединден жеңил кутулат», келишкен жылкысын уулу Калтабай Дыйканбайга тартуулап жибергенде (романдын жаңы бөлүмүндө), жер астын-үстүн болгондой, тирилик токтоп калгандай кабыл алып, ооруп калат, тынымсыз наалып, баарын каргап-шилейт. А.Токомбаевдин Казанчысы мына ушундай кайталангыс кулк-мүнөзү, көрпенделик кебете-кешпири менен эсте калат.
Ошентип, жаш Токтогул бу дүйнөдө кудайы момун атасы Сатылгандан, кошокчу, жамакчы жана дайыма мээрими төгүлүп турган, оорчулукка майышпаган энеси Бурмадан, турмуштун оош-кыйышын баштан көп кечирсе да, адил-калыстыгынан тайбаган, комузчу Асан карыядан (лакап аты – Тайбас) таалим алып, алардан башка да ач көз, мерез, дүйнөкор адамдар бар экенин өз көзү менен көрөт. Анын түйшүгү түгөнбөс, түркүн түстүү турмуш-тирликти таанып-билүүсү ушинтип башталат.
Демек, романдын биринчи бөлүгүндө дээринен эстүү жана сезимтал, баамчыл жана зирек бала Токтогулдун каардуу, ырайымсыз турмуштун ак-карасын ажырата биле баштоосун, анын адам, болгондо да ырга, күүгө ышкыбоз, кыялкеч, өнөрлүү адам катары торолуу жолунда тургандыгын, аны шарттаган коомдук-социалдык жана табигый факторлордун тек-жайын ачып берүү максаты коюлуп, аны автор ыраттуу жана объективдүү жүзөгө ашыра баштап, субъективизмге, идеологиялык көрсөтмөлөрдүн астында калуусуна жол бербөөгө умтулат б.а., турмушту автор эмес, турмуш авторду жетелеп жөнөйт.
Кыскасы, жазуучу Токтогул феноменинин башаттарына кайрылып, аны кыйла бекемдеп алгандан кийин гана «чоң сөздү» баштап, экинчи бөлүмдө кадыресе жөндөм-шыктуу, ыр-күү жандуу Токтогулдун даңазалуу Токтогулга айлана баштаган мезгилин сүрөттөөгө өтөт да, анын нукура элдик инсан катары калыптанышы соңуна чыгарылат. Мында табына келген күлүктөй таланты ташкындай баштаган, турмуштун ачуу-таттусун көрүп, түркүн социалдык топтогу адамдардын ичи-тышын баамдап-билип, көп нерселерге көзү ачылган, татаал турмуш сыноолоруна алынча даяр болуп калган, 15-17 жаштагы Токтогул көз алдыбызга тартылат.
Ой масштабдуу, чабыты кенен, бирок ал канчалык ишке ашканын толук бүтпөгөн чыгарма боюнча айтыш кыйын. Ушундан улам романдагы образдардын бир тобу көркөм-функционалдык жактан бүткөрүлбөй, биротоло адамдык сыпатына келтирилбей турат. Алардын ар кимиси же негиздүүлөрү автордун ойломунда дагы бир катар эволюциялык процесстерден өткөрүлүп, бир даары аракетке жаңы келип кирсе, бир тобу активдүү каармандарга айланышы ыктымал эле. Маселен, Токтогул менен кийин карама-каршылыктуу мамилелерде болуп, анын тагдырында олуттуу роль ойногон Керимбай менен Атакан (Рыскулбектин балдары) мында кирди-чыкты каармандар болуп, адамдык жүздөрү дааналана элек болсо, 2-бөлүмдө Дыйканбай, Сопу бий, Эсен болуш, Итибай ажы, Гиззат молдо, Калтабай жасоол, Кайрасал желдет, Керимбай, Арзымат ырчы, Ысырайыл бийлер менен катар Жаркынбай ырчы (Токтогулдун устаты), Супатай карыя, Токтогулдун Жанай, Кадыр, Сары куудул сындуу теңтуш-достору, Сатылган менен Бурма, Байтерек, Бермет, дүлөй абышка сындуу каармандардын образдары тереңдетилип, айрымдары биротоло бир жактуу адамдык келбетине келтирилсе, айрымдары эпизоддук кейипкерлер иретинде романдагы турмуштук картиналардын көп түстүү жана жандуу болушуна кызмат кылат.
Роман (1-бөлүм) ХІХ кылымдын ІІ жарымындагы кыргыз коомунда жашаган адамдардын, социлдык топтордун дээрлик баардыгын камтыйт. Анда Токтогул баш болгон тестиер, өспүрүм куракка баш койгон Жанай, Алыке, Кадыр өңдүү балдар (1), Сатылган, Бурма, Үкөй, Чыналы, Алмадай, Кайыр, Айтуу, Байтерек, Күмүшай, Купуя, Апар, Зыйнат, Үрпия сыяктуу кедейлери-оокаттуулары аралаш, активдүүлүгү ар кандай, бирок негизинен адамдык нарк-насили жогору персонаждар (2), Рыскулбек, Керимбай, Атакан, Дыйкан, Казыбай, Чормон, Шадыбек, Осмонбек, Эсен өңдүү эл башкаруучулар (3), аларды дайыма жандап жүргөн Гиззат молдо, Кошой, Узун уруу, Туякбай сыяктуу молдолор, желдеттер (4), малынан башка таянар эчтекеси жок, коомдук ролу төмөн Казанчы, Калтабай, Сапек старчын, Темир быртык, Майлыбай, Корчубай, Койлубай сындуу сасык байлар (5), Асан карыя, Шатен, Айтике, Арзыматтай ырчылар (6) жана 90догу кемпир, Кара мергендин бүбү кемпири, Мамбет олуя менен анын жандоочусу, бакшы (7) сыяктуу образдуулук сыпаты ар кандай деңгээлде иштелген жоон топ каармандар бар.
Социалдык абалы бирдей болбогон бул каармандардын бардыгынын адамдык жүздөрү да бирдей эмес б.а., А.Токомбаев алардын ар бирине жекече мамиле жасап, адамды адам кылган бардык жагдайларды көңүлгө алып, аларды бир тараптуу каралап же актап коюудан оолак болууга умтулат. Бул роман жазыла баштаган мезгилде кыргыз адабиятында каармандарды сүрөттөөдөгү схемалуулук, бир жактуулук күчүндө тургандыгын эске алсак, А.Токомбаев бул жагынан да жаңычылдыкка умтулганын байкоо кыйын эмес. Алсак, Айтике менен Асан кандай ачуу чындык болсо да, аны ачык ырдоодон качпаса, Арзымат алардын антиподу катары сыпатталат (ага мындай мамиле А.Токомбаевге чейин эле башталып, кийин салтка айланып кеткен эмеспи), өзү томаяк болсо да, дүйнөкордугу менен Чынаалы койчу Казанчыдан кем турбайт, Казанчы байдын аялы Үкөй, Дыйкандын аялы Купуя, Сапек старчындын кызы Күмүшайлар акыл-эстүүлүгү, бийик адамгерчилиги менен көзгө урунса, Туякбай бир чети байдын желдети катары киши өлтүрүүгө катышуусу керек, экинчиден жөнөкөй адам катары мындай жууса кеткис күнөөдөн кантип кутулам, ага кантип аралашпай коём деп далбас урат.
Ошентип түркүн сапаттар, түркүн ойлор жана кылык-жоруктар бир эле адамда кагылыша кетип, бири-бирин жеңе албаган учурлар бар. Романдын 2-бөлүмүндө бул каармандардын бир тобу өз милдетин өтөп бүткөн персонаждар катары өз ордуларын башкаларга бошотуп берет.
Айтылгандай, романдын 1-бөлүмүндө көптөгөн өзөктүү каармандар бүткөрүлгөн образ деңгээлине жеткириле элек болсо, алар сюжеттин андан аркы өнүгүшүндө (2-бөлүмдө) Токтогулдун ырчы, комузчу, дастанчы гана эмес, турмуштун бардык ысык-суугуна, катаал сыноолорго даяр каарман-инсан катары жетилип калганы бир катар башка каармандар менен удаалаш сүрөттөлүп аягына чыгарылгандай болот.
1-бөлүмдө Токтогулга тикелей тиешеси бар айрым гана каармандар өмүр жолунун акырына чыкса, айрымдары өз функциясын аткарып, көркөм-тарыхый аренадан сырткары калат. Жаш Токтогулга бийик адамгерчиликтин, мээрман энеликтин, акылгөйлүктүн айрым сабактарын берип, өмүрү жакшылык көрбөй Үкөйдүн көзү өтөт, аны дарылап, айыктыра коём деген Мамбе олуянын, анын аты жок нөкөрүнүн айлакерлигин, эки жүздүүлүгүн Токтогул өз көзү менен көрөт. Алты кишини (Корчу бай, Шадыбек калпа ж.б.) Меккеге жандап барып келген, Токтогулга комузчулук менен ырчылыктын алгачкы сабактарын берген Асан карыянын аңгемесин кулагына сиңирип, энеси Бурмадан бир тууган иниси Кайырды өлтүрүп, али да эчтеме болбогонсуп шартылдап жүргөн Кошойдун да ким экенин угуп, өгөй энесинин кызына “кол салган” Дыйкандын чыныгы жүзүн билип, азыр анын аялы болсо да, мурун да, кийин да Кайырды сүйгөн, акыл-эстүү Купуяга жан тартып, Чормон болуштун карыган агасы Казыбекке төртүнчү аял болуудан баш тартып, аны менен никеге турбай, көз-көрүнө зомбулуктун курмандыгы болгон Зыйнат сулуунун тагдыры жандүйнөсүндө өчпөс из калтырат.
Орой, кекээр сүйлөгөн Кошой желдеттик милдетин аткарып, түркүн иштер менен алек болсо, экинчи аялы менен соо эмес деп Казыбай манкуртка айланткан, кожоюн эмне десе ошону ойлонбой жасоого даяр Телибай аттуу желдеттин көңүл иренжиткидей портрети да, кылган иши да эстен чыкпагыдай берилет. Зыйнатты жазалоо ишинде жарчы болуудан баш тарткан Айтике ырчы, бир тууганы Зыйнатты азаптан куткарам деп өзү тоо-ташта качып жүргөн Айтуу, куулугу, сырты жалтыраган, ичи калтыраган арамдыгы менен Казыбай, Дыйкан, Чормон, Эсен, Корчу, Шадыбек, Гиззат, Мамбе, Сапек, Арзымат, Калтабай, Дыйкан, Осмонбек сындуу датка, болуш, молдо, ырчы, бай, калпа наамын алып жүргөндөрдүн турмуштагыдай реалдуу образдары түптөлөт.
Чыгарманын 2-бөлүмүндө алардын бир тобу андан ары тереңдетилип, жүздөрү толук ачылат. Мында Токтогулга адамдык да, ырчылык өнөрдүн да сабактарын берген Жаркынбай ырчы, кандан-бектен кайра тартпаган кашкөйлүгү, калыстыгы менен калктын кадырлоосуна арзыган Супатай карыя, жандүйнөлөрүнүн тазалыгы, оптимисттик мүнөздөрү менен баамга урунган Кадыр, Сары, Жанайларга удаалаш эле Таластагы, Суусамырдагы чоң аш-тойлорго келген бир катар атактуу адамдардын кыска, бирок эсте каларлык кулк-мүнөздөрү көз алдыбызга тартылат.
Балыкооз (Бекмурат), Айтике, Жамбыл, Шабдан өңдүү тарыхый инсандар эпизоддук кейипкерлер болсо да, алардын айрым гана иш-аракеттери, сөздөрү, башкаларга жасаган мамилеси аркылуу адамдык нарк-насилдеринин чет-бучкагы болсо да айкын болуп калат. Атактуу казак ырчысы Жамбыл ачык симпатия менен сүрөттөлсө, Шабдан боюнча автор нейтралдуу позицияда турат. Ошентип, социалдык абалы жана адамдык наркы ар түркүн дагы далай адамдар Токтогулдун жаңы башталган турмуш жолунда каршы-терши кыймылда турат да, алдыда огеле көп сөз болчу өмүр, узун сабак тагдыр жатканы кыйытылат. “Каармандар менин өзүмдөн алиге толук бөлүнүп чыгыша элек, ошондуктан чыныгы өз алдынчалыкка ээ боло албай турушат. Автор болсо эч качан өз каарманы менен талашып-тартышпоосу керек: ал экөө кол кармашып баса турган дагы далай чыйыр жана даңгыр жолдор бар”, – деп Н. Гоголь жазгандай А.Токомбаев да ошол кездеги турмуш көрүнүштөрүн, адам мүнөздөрүн жасалмалабай, алар менен талашып-тартышпай, тескерисинче аларды ээрчий басып, жол арбытат.
Чыгарманын сюжеттик курулушу чебер устанын колунан чыккан (бүткөрүлө элек болсо да) буюмдай таасир калтырат. Токтогулдун балалыгын баяндаган түз сызыктуу сюжет бара-бара бутактанып, оорлошо баштаган дүйүм дарактай татаалдашат да, бирок чаржайыттуулукка, башаламандыкка жол берилбейт. Романдын ичине эскерүү формасындагы бир канча аңгеме жайгаштырылып, алар аралаш, удаалаш кетип, окуялардын ырааты, логикасы бузулбай кайра бирин-бири толуктап турат. А түгүл романдагы өзүнчө сюжеттик түзүлүшү бар аңгеме-баян, анын ичине дагы бир аңгеме орун алган учурда да ал артыкбаш, өөн көрүнбөй, ойго бай, сыйымдуу кыска сүйлөмдөр, чакан тексттер, турмуштагыдай реалдуу, ынанымдуу диалог-монологдор аркылуу портрет, кыймыл-аракет жана каармандардын башкалардан айырмалуу кулк-мүнөздөрү көрсөтүлүп, индивидуалдуу образдар түптөлөт да, алар акырындап тереңдетилип, кеңейтиле берет.
Токтогулдун балалык кези, анын тушунда жана андан мурда болгон окуялар, адам тагдырлары, таптык коомдун мерездиги, социалдык тирешүүлөр бирде ыраттуу, бирде ретроспекция формасында берилип, өз тагдыры, өз жүзү бар ондогон каармандар көз алдыдан өткөрүлөт. Ошол доордун, ошол кездеги кыргыз турмушунун илеби уруп, изи таасын көрүнүп турган бул чыгармада тарыхый адамдар борборунда турса да бүтүндөй эл жашоосунун кеңири панорамасын ачуу-таттуусу менен бирге сүрөттөп, алардын ички, көзгө алыстан көрүнө бербеген жактарынын маңызын ачып берүүгө басым жасалат. Жазуучу Токтогулду адегенде эле ак таңдай акын, залкар комузчу, эл кастарлаган өзгөчө акылман, ашкере кайраттуу адам кылып жиберүүгө шашылбайт. Дээринен акыл-эстүү, табиятында талант-шык бугуп жатса да, Токтогул даяр түрүндө асмандан түшө калбайт, ага бир жактуу мактоо-даңктоолор айтылбайт. Ал жайынча өсүү, калыптануу процессинде турган каарман болуп эсептелет.
Кыскасы, кыргыз адабияты жаралгандан бери коштоп келген илдеттен кутулуп, каарманды биротоло “ак” же “кара” түскө боёгон салтты бузуп, А.Токомбаев ага нукура реализмдин принциптеринен мамиле жасайт. Каармандардын жандүйнөсүн козгоп, өкүнтүп, кубантып, коркутуп, шекшинтип, эки анжы кылып, тайманбас, чечкиндүү же арамза, ач көз же сабырдуу кылып отуруп Адам кылган же ошол адамдык нарктан ажыраткан толгон-токой турмуштук жана рухий көрүнүштөргө айрыкча назар салуу менен А.Токомбаев мурунку прозасында башталган алымдуу тенденцияны андан ары улап, тереңдетүүгө белсене киришкени мына ушул романда айрыкча таасын көрүнөт. Чыгармада көп сөздүүлүк, кайталоолор дээрлик жок. Бардыгы өз ордунда. Пейзаж, портрет, кыймыл-аракет, психологиялык абал, түркүн ситуация-кырдаал так-таамай жана элестүү.
“Гүлдөн гүлгө конуп, бал тарткан аарылар, чакмак алыша ойку-кайкы көкөлөшкөн кызылала, көкала көпөлөктөр эчтемеден капарсыз, өздөрүнүн канаттарына окшогон сан жеткис түркүн гүлдөрдү кыдырышат, дүйнөдө аларды чочуткан эч кандай коркунучтун шеги да билинбейт”.
“... Күнөстөгү жар таштарга жабыша чыккан жапан жүзүмдөр чордонуп, салаа-салаа болуп, сансыз жашыл жалбырактардын арасынан күндү шыкаалашат”.
“... Энесинен адашкан эликтин чабал чайырчыгы кулагын делдейтип, эки жагын карайт, бирок адамдын боюнан бийик балтыркан, коюу шибер, аткулактар төгүлүп түшкөн сансыз саамай күн нурунан башка эчтемени ага көрсөтпөйт. Ал “чирк” этип үн чыгарат да, татынакай назик, элпек денесин суналта түшүп, күч менен секирген болот. ...Анын секириши куду көлгө ыргыткан таш сыяктуу, жашыл шибер бүлк этип гана тим болот. Ал дагы секирет, дагы-дагы...” (126-127). Мындай таасын, образдуу пейзаждык сүрөттөмөлөр романда арбын жана жазуучу бул жагдайга өзгөчө маани бергени ачык байкалат.
“Чуу куйруктун тилинде чечендик да жок, кебетесинде адамды тарта турган жылдыз да жок. Оозунан оң сөз чыкпайт, кыжырдуу, кекээрдүү, өкүм, орой сөздөн башка эч кандай жылуулуктун илеби келбейт. Быжыгыр, суу тийген көмүрдөй капкара сакалы гулап көтөргөн календерди эске салат. Жаагындагы кылдар камандын жалындай шилисине карай тескери өскөн, жырык кылып серптирген муруту анын кебетесин ого бетер серт көрсөтөт. ... Башындагы кызыл баркыт тыштаган суусар тебетей, анын чокусунда көк мончок өткөрүп таккан узун кара чачы, кара лампүк бешмант, шалпар кур, булактап, тизесине тийген чачылуу ычкыр, сабына сары жез чырмаган камчы жана бутундагы жылтылдаган жаңы көлөчү анын карапайым эместигин алдан эле айтып турат” (73-б.). Бул Кошой аттуу желдеттин портрети, ал эми жазуучу: “Аш-тойдогу жорук-жосундар, турмуштун элестүү келкисинин бири, кастык да, достук да ушундайда башталат, ушундайда бүтөт. Мындайда бар менен жок, ач менен ток, чебер менен орой көрүнөөгө чыгып, беттеше да калат” (231-б.), – деген ой-толгоо астында дөбөдө отурган Дыйкан датканын жана аны тегеректегендердин абалын мындай сүрөттөйт: “Датка дайым куш уйку салып, улам бир көзүн “уктатып” каалгып, кулагы менен бардыгына катышат. Сүйлөйт, күлөт, тапшырат, өкүм кылат. Ал көбүнчө укканды жакшы көрөт. ... Ал бүгүн башка жерде, чоочун элде. Өзүнө тете кишилер да жок эмес... ыксыраган, эринчээк, деңге мас “жакшылардын” оозунан байланышсыз сөздөр мелүүн жылжый берди. Бул көрүнүш куду чарчаган өгүздөрдүн өргө бараткан кыймылдарына окшойт. Алардын зоогу баякы эле: ушул үлүшкө келгендердин арасында “Кандай балбандар бар?”, “Этти ким көп жейт?”, “Кымызды ким көп ичет?”, “Жекеме-жеке чыкчулар кимдер?”, “Быйыл кимдин айылын ким чаап алды?”, “Малда оору жокпу?” (229-б.).
Портрет, кыймыл-аракет, кырдаалды сыпаттолор, салыштыруулар да күтүлбөгөн образдуулугу, жандуулугу менен өзгөчөлөнөт: “Эртең мененки салкын сыдырым тору бээнин куйрук, жалын сапыра аймалап, анын оор кайгысын даңканга сапырылган кургак карга кошуп алып, үздүксүз үшкүрө берди” (32-б). “Эскирген кара ичиктин сүйрөлгөн өңүрлөрү Үкөйдү тырмактап калган карт өлүмдүн сүйрөлгөн канатынын көлөкөсү сыяктанат” (161-б.).
Чеберчиликтин кашкайган үлгүсү болгон мындай мисалдарды “Токтогул” романынан өтө жыш кездештиребиз. Роман кыргыз тилинин таасын жана ийкемдүү, ажайып жана образдуу, терең мазмундуу жана көп маанилүү нукура көркөм сөз байлыгына сугарылган. Элдик макал-лакаптар, учкул сөздөр, идиомалар, фразеологизмдер, архаизмдер, историзмдер үнөмдүү жана орду менен колдонулуп, образга, көрүнүшкө, кырдаалга, кыймыл-аракетке кошумча түс берип, жан киргизүүдө алмаштырылгыс роль аткарышат, алардын кайсы бир өңүтүн күчөтүп, баяндалган окуяларга төп келгендей маанай тартуулап салат.
Чыгармада ошентип, туруктуу жана эпизоддук көп каармандар, феодалдык доордогу кыргыз турмушун кашкайта чагылткан жоон топ окуя-көрүнүштөр бар. А.Токомбаев алардын баарын, айрыкча тамак-аш жасоо, боз үй жасалгасы, конок тосуу, күтүү, узатуу, той-аш берүү, оюн-зоок өткөрүү, адеп-ахлакка сыйган жана сыйбаган адамдык мамилелер, пикир алмашып, кайым айтышуулар тууралуу көркөм материалдарды өтө ынанымдуу берүүгө жетишкен. Алар окурманды тажатпай, кызыгуу менен окулат. Роман өзүнүн психологизми менен да айырмаланып турат. Адамдардын аң-сезиминдеги олку-солкулуктар, түйшөлүүлөр, адамдын накта жүзүн ачыктоочу учурлардагы кыймыл-аракеттер, мимика-жесттер, ички ой-санаалар кыска, бирок таасын баяндоолор аркылуу берилип, элестүүлүгү менен баамга урунат. Жайынча жана курч кырдаал-шарттардагы бир нече адамдардын же ошол жердеги бүтүндөй калайык-калктын психологиялык абалын, анын чыңалуусун жана жандырылышын сүрөттөөлөр, дегеле окуяларды чулгаган психологиялык атмосферанын кынтыксыз чеберчилик менен берилген учурлары да романдын мыкты сапаттарын толуктап турат.
Маселен: бозулан Токтогулдун өзүнөн эки жаш улуу Берметке ашыктык сезимдерин, манчыркаган Дыйканбайды коноктоп, ага жагынуунун айла-амалын издеген Калтабайдын аракеттерин, Кайрасал жасоолдун зөөкүр жоруктарын жана Сарынын амалы менен катуу жазаланышын, Токтогулдун Дыйканбайга жолугуусун, Арзымат менен айтышын жана кийинки бир нече айтыштардагы эки жаат болгон элдин жана айрым каармандардын абалын, дүлөй абышканын нускалуу легендасын, түш көрүүлөрдү, көрүнө жана көмүскө тирешүүлөрдү жазуучу кульминациясына жеткире сүрөттөп берет.
Тепкиден көз жумган абышкасынын өчүн алмакка Калтабайды жуушаң менен сайып өлтүрмөк болгон кемпирдин кудайга үнү жеткидей муң-зары, каргышы менен романдын бизге жеткен 2-бөлүгү соңуна чыгат. "Кан жуткур, ажалың жок экен, Кудайдан жетсин, менин кардай ак чачым урсун, эненин сүтү, атанын аппак сакалы урсун!.. Кудай сага менин күнүмдөн жаман күн берсин, байкуш абышка, алың келсе желдетиңди ала жат, менин колумдан эмне келет, мага ыраазы бол", –- деп боздогон кемпирдин каргышы аркылуу автор эч кимге зыяны тийбесе да куу турмуштун азап-тозогунан башы арылбаган карапайым адамдардын бөөдө туш болгон драмасы менен трагедиясын бирдикте окурмандын жүрөгүнө жеткидей чеберчилик менен ачып берген.
Акырында белгилей кетчү нерсе: 2-бөлүмдүн башталышындагы Бурманын төркүлөп келиши, Жаркынбай ырчы менен Анардын баласыздык арманы, Супатай карыянын кызы Берметке Токтогулдун ашык болушу, Токтогул, Кадыр, Жанайлардын кой кайтаргандагы жоруктары сыяктуу окуяларды сүрөттөгөн эпизоддор жазуучу тарабынан толук иштелбей калган. Бүтпөй калгансыган абзацтар, кемтик сүйлөмдөр кездешет. Кол жазмада чийилип, оңдолгон жерлер арбын. Мунун өзү жазуучу стилдик жактан тексттин ажарын ачуу үстүндө иштерин улантып, бирок кайсы бир себептерден улам аны акырына чыгарбай калгандыгын түшүндүрөт.
Кыскача айтканда, мына ушундай көркөм-эстетикалык нарктуулугу менен (айрым майда мүчүлүштүктөрдү эске албаганда) “Токтогул” романы кайталангыс жагымдуу таасир берет да, кыргыз адабияты классикага айланчу дагы бир чыгармадан кур калган экен деген ойго келесиң. Ушунчалык жакшы башталыш акырына чыкпай калганына өкүнөсүң. Ошентсе да, романдын колубуздагы бөлүмдөрү деле каниет кылууга толук жарайт. Дегеле, бул романы менен А.Токомбаев түгөнбөс материалдык байлык жаратпаса да, элибиздин рухун бекемдеп, чыңдаган, жандүйнөсүн байытып, аны үзгүлтүксүз азыктандырып, алга сүрөп, күч-кубат, дем берип келген адамдарды, алардын көч башында турган өнөрү көөнөрбөс адамдарды залкар инсан Токтогулдун мисалында даңаза кылгысы, ал аркылуу кыргыз элинин кылымга тете турмуш-тирлигинин көркөм картинасын жаратууну көздөгөн жана бул максатка жетүүнүн ишенимдүү жолуна чыккан. Муну А.Токомбаевдин Токтогулга көрсөткөн таазим-урматы деп түшүнсөк болчудай.
Бүтпөй калганына карабай “Токтогул” романын А.Токомбаевдин прозасындагы эң мыкты чыгармалардын катарына кошууга болот. Аны ушул абалында эле шарттуу түрдө бүткөн чыгарма катары орто мектептердин, ЖОЖдордун окуу программасына киргизип, окуучуларга, студенттерге кыргыз элинин өткөн турмуш картинасын өтө таасын жана көркөм баян эткен эпизоддорун, кылдат жана терең иштелген адам мүнөздөрүн, көп түстүүлүгү, элестүүлүгү, таасирдүүлүгү кашкая көрүнүп турган сүрөттөмөлөрдү, турмуштун өзүндөгүдөй диалогдорду, чебер сүрөтчүнүн картинасындай пейзаждык этюддарды адабий-эстетикалык, лингвистикалык, педагогикалык максаттарда колдонууга болот. Мындай иштерге ылайыктуу көркөм материалдар романда жайнап турат десек болот.
Курманбек Абакиров, филология илимдеринин доктору, Жусуп Баласагын Кыргыз улуттук университетинин профессору
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.