Үмүт Култаева: «Кардагы из» – энеликтин улуу кудуретин даңазалоо

  • 12.12.2024
  • 445

Нуралы Капаровдун «Кардагы из» аңгемесиндеги энеликтин көркөм концепциясы

Окурман журтуна тээ 70-жылдардан бери акын катары ысмы белгилүү калемгер Н.Капаров азыркы мезгилде «...досум, мен баягыдай жан эмесмин», – деп өзү айткандай, мейли анын поэзиясында, мейли прозасында болсун, идеялык пафостун таасирдүүлүгү чыгармачылыгынын жаңы сапаттык деңгээлин айгинелейт.

Сүрөткердин жан дүйнөсүнүн өзгөрүшү, албетте, анын чыгармачылыгында чагылат эмеспи. Н.Капаровдун эгемен жылдарда чыгармачылыгындагы сапаттык өзгөрүүлөр өзүнчө сөз кылууга муктаж тема. Ал эми бул макалада калемгердин кийинки чыгармаларынын идеялык өзөгүн түзгөн нравалык проблеманын бири – адам жана жаратылыш алакасынын көркөм интерпретациясына «Кардагы из» аңгемеси аркылуу назар салабыз.

Албетте, адам жана жаратылыш темасы боюнча улуттук адабиятта мол тажрыйба бар экени белгилүү. Бул теманын уникалдуулугу ушунда, ага ар бир таланттуу калемгер өз салымын кошот. Андай болсо, Н.Капаровдун аталган темага кошкон салымы тууралуу сөз кылууга туура келет. Ал үчүн аңгеменин сюжетинен бир нече эпизодго көңүл бөлүү зарыл:

Кең өзөн Чүйдүн кеңирсиген тоолоруна дайыма кеч күздө – кайберен семиргенде ууга чыгып, мергенчиликтен ыракат алган курбулар быйылкы жылдын эсебинен ууга чыкмакчы болуп, беш атар мылтыгын алып, жайлоого келген каарман күтүлбөгөн окуяга туш болду. Жакын досу Чоронун үйүнө келсе, боз үйдүн ичинде эч ким жок; тирүүлүктүн символу – алоолоно күйгөн от, үй ичиндеги жаңы бышырылган нан... Ушул фондо бышырыла элек камырдын турушу капыстан болгон окуядан кабар берет. Сыртка чыгып үн салса, алыстан бирөө кол булгады. Чакырган жерге келип, ыйлап жүргөн Чоронун жубайы Акылайды көрдү. Анын 3 жашар баласы Айнабек отун тергени жөнөгөн улуу эки агасын ээрчип чыгып, жоголуптур. 3-4 сааттан бери наристенин жоголгонун билбеген агалары ойноп жүрүп үйүнө кеч барышкан.

Күн кылкылдап батып бараткан мезгил аңгемедеги окуянын өнүгүү динамикасына кубат берет: «Баламды таап алгыча токтой тур күнүм, батпай тур күнүм!» – деп, күнгө «күнү түшүп», ботосу өлгөн ингендей боздоп, чаарчыгын жоготкон эликтей элеңдеп, бөлтүрүгүн жоготкон карышкырдай улуп ыйлаган энени соороторго сөз таппай, жайлоодо жанаша конгон бүт коңшу-колоң, улуу-кичүү айла издеген кырдаал...

Баласын жоготкон эненин мындай абалы чыгармадагы психологизмди чыңалтып, окурмандын сезимине бүлгүн түшөт. Ушул эпизоддун өзү деле чыгармадагы автордук идеяны берүүгө жетиштүү болчу. Бирок жаратылыш менен адам темасындагы улуу жалпылык – жашоонун түбөлүктүүлүгүн камсыз кылуудагы эненин ролу гана эмес, энеликтин көркөм концепциясына баам салган таланттуу жазуучу Н.Капаров аңгеменин окурманга таасир этүүчү нравалык сабагын ойго келбес эстетикалык табылга менен күчөткөн. Бул – «кардагы из».

Ботодой боздогон эненин ыйы окуяны чиелентип турганда, капысынан «Сүйүнчү» – деген сөз угулуп, сюжеттик линияны чукул кайрыйт. Бирок мазмунуна жакшылыкты камтыган бул этномаданий лексика чиеленген окуянын чечилишин камсыз кылбай, кайра аны курчутат. Анткени бала табылган экен деп дүрбүй түшкөн эл үн чыккан жакка жапырт чуркашты эле, коңшунун баласы Зарылбек баланы эмес, баланын изин тапканына «сүйүнчү» айтыптыр. Үч жашар баланын кичинекей тепейген изи күздүн алгачкы наристе карына шурудай тизилип келип, кар жок жерде жылас жоголуптур. Дал ушул из аңгемедеги энеликтин ажайып касиетин көркөм аңдоого «ачкыч» болуп берген. Изи турган соң, кайда кетмек эле деп, издегендер кырдан ылдый тарапка бет алышканда, капысынан Акылай жин тийгендей, артка кайрылып жөнөбөспү. Аны көргөндөр акылынан адашып, элирип кеттиби деген ойдо артынан чуркашты. Көрсө, баласынын кардагы изине кайрылыптыр. – «Баламдын изин кантип таштайм! Баламдын изин кантип таштайм! деп бир сөзүн миң кайталаган Акылай боору туюк көк көйнөгүнүн кайырма жакасындагы жалгыз топчусун чечип жиберип, кар бетине чууруп түшүп калган көкүрөк күчүгү Айнабектин ар бир изин алтын тыйын тергендей, күмүш тыйын тергендей терип, жакасынан койнуна солоп сала баштады...» – деген эпизодду окуганда, энеликтин табиятында берилген табигый инстингдин күчүнө, эненин балага болгон өзгөчө мээрими менен кубатына жан дүйнөң солк этип, карегиңе көз жаш чайпала түшөт.

Караңгылык каптап, түн киргенче бала табылбай, окуянын чиеленген түйүнү чечилбей турганда, койнуна салган кардагы из эрип, эненин көйнөгү алка-шалка суу болуп жатканын көргөн жолдоштору ага айтар сөз таба албай турушту. «Көйнөгүңдү которуштуруп кийип алчы, көкүрөгүңө суук тийип жөтөлүп каласың, Акылай”, – деген Айнанын өтүнүчү аны ынандырган жок. Тескерисинче: “Суук тийип жөтөлүп өлсөм дагы көйнөгүмдү чечпейм, көйнөгүмдүн ичинде баламдын изи бар! Баламды изи көйнөгүмдө, баламдын изи денемде!» – деп... буркурап-боздоп ыйлашы менен «...ар кандай кырдаалда өзгөчө активдешип кеткен энеликтин түпсүз магиялык күчү» [1, 56] өз бийиктигин мелжеп, аңгеменин окуясы кульминациялык чекитине жетет.

Натыйжада, Акылайдын жоругунан элдик маданияттын казынасы архетиптин байыркы формуласы көрүнөт. «Архетип – ... адамдын психикасынын аң-сезимсиз катмарынан орун алган бүтүндөй дүйнөнү кабыл алуунун, аны түшүнүүнүн табигый системасы» [1, 64] болгондуктан, Акылайдын батып бараткан күндү «батпай тур» деп суранышы да, кардагы изди койнуна салганы да аң-сезимге сыйбаган жорук. Албетте, бул образ жаратуунун «жаны» эсептелген көркөм сюжет (вымысель). А бирок сезимдин, энеликтин теңдешсиз эмоциялык күчү аны мына ушундай жорук жасоого алып келиши реалдуу турмушта кездешиши толук мүмкүн. Анткени баласын жоготкон эненин бала үчүн «...өзүн курмандыкка чалуу эрдиги» (И.М.Коган) анын аң-сезимине баш ийбеген эмоциянын албуут күчүнө ээ.

Жазуучу энеге карата колдонгон дал ушул көркөм шарттуулуктун таасири окурманды ишендирет. Окурман мындай чебер иштелген ойдон чыгарууга ишенип гана калбастан, эненин мындай жоругуна суктанат, толкунданат, таң калат, башын иет. Эне гана баласы үчүн башкалар жасай албаган кадамга барат, анткени анын психологиясында аң-сезимсиз катмардагы тубаса жаратылыштан берилген тукум улоочу тубаса инстинг менен аң-сезимдүү мээрими, тилеги, сүйүүсү, жоопкерчилиги, камкордугу, милдети кошо синтезделген система бар. Ошондуктан Акылайдын кыймыл-аракетинде аң-сезимсиз да, аң-сезимдүү да сөздөр айтылып, жорук-жосун жасалып жатты.

Жайлоого жанаша конуп, бир туугандай болуп калган жамаат Акылай менен бирге кокту-колотту, жылга-жыбытты бүт кыдырып, бала табылбай, «кеч күздүн кабагын карыш салган уюган кара түнү» кирип келгенде, Козубек үйлөргө кайтууну сунуштады. Анын бул сунушунда чыракты, отту чоң жагып, жарыкты күчөткөндө бала жарыкты көрүп келер деген үмүт бар эле. Мындай акыл энени безге сайгандай чочутту. «Кетсеңер силер кеткиле, баламды тапмайын мен кетпейм!»– деп, Акылай улагын жоготкон эчкидей кан какшап ыйлаган сайын аң уулоонун кумарына берилген каарман эти жумшак деп, кайберенди боздотуп аткан жаш чаарчыкты, улакты, козуну элестетип, лирикалык каармандын кейпиндеги мергенчинин «жоон бою ичкерип, жукарып» жаткансыды. Каармандын көзгө атар мергенчилик жөндөмү кунун жоготуп, аны менен кошо адамдык наркы «ылдыйлагандан ылдыйлап, төмөндөгөндөн төмөндөп, кичирейгенден кичирейип» кеткендей абалга келиши аңгеменин идеялык өзөгүн түзөт.

Кырдаалдан чыгууга айла табылбай турганда, этномаданияттагы өзгөчө көрүнүш капыстан ак боз атчан Малик атанын келиши окуянын чечилишин шарттайт. Кырдаалды угуп-түшүнгөн соң, жайлоо турмушунан чоң тажрыйбага ээ, кексе адам күтүүсүз жакшы кеп айтты: «Аа балдарым, жаш бала менен жаш мал адашса өрдү карай кетет. Силер төмөнтөн издеп жүрүп алган турбайсыңарбы».

Архетип ар түрдүү улуттун жашоо образына ылайык калыптанган элдик маданиятты сактоо касиетине ээ. Кыргыз менталитетине таандык, карыя адамдын «караңгыда көз, капилетте сөз табуу» феномени анын турмуш тажрыйбасынан келип чыккандыгын автор аңгемеде чеберчилик менен колдоно алган. Анткени ар кандай жакшылык, кубаныч, жеңиш салтанаты кыргыз элинде эр адам менен жылкынын өзгөчө биримдигине негизделет. Ошондуктан аттан түшпөй, өрдөп кеткен аксакал көп өтпөй – «Сүйүнчү айланайындар, сүйүнчү!» деген кубанычтуу кабары менен коюу түндүн караңгылыгын жаркыта, Айнабекти боз айгырга өңөрүп келди.

«Сүйүнчү» деген этномаданий лексика чыныгы маанисинде салтанат курду белем, улуттук архетиптеги байыртан келаткан курмандык чалуу салты өзүнөн өзү авансценага чыгып: «Ак сарбашыл айланайындар, ак сарбашыл! Балам аман-эсен табылды!» – деген Акылай, эми кубанганынан көз жашын тыя албай, Малик атага жалынып жатты. Анын кыймылы, сөзү, кыймыл-аракети энеликтин улуу энергиясынан кубат алып, чарчаганын, кыйналганын унутуп, кубанычтын жалындуу күчү төгүлтүп, чачылтып жатты.

Малик ата болсо бала тапканына жеке өзү маашырланбай, жайлоо турмушундагы элдин көчмөн маданиятынын жан сырларын эл менен бирге көргөн жылкынын сезимтал касиетин даңазалап, бакылдайт: «Ак боз экөөбүз узун-кырды өрдөп, өйдөлөгөндөн өйдөлөп эле олтурдук. Тизгинди бош койдум. Кээде эки кулагын тикчийтип дабыш эшиткенсип бир саамга туруп калат да, кайра басат. Узун-кырды кырдап тынбай эле жүрүп олтурдук. Анан бир кез ак бозум тык токтоду да, мойнун созуп бир нерсени жыттагансып туруп калды. Теминсем басчудай эмес. Ак боз жөн токточу эмес эле, бирдеме көрүнөбү деп карек кадап жакшы эле тикийип карагансыйм, көзгө сайса көрүнгүс караңгы түндө эч нерсе көрүнбөйт. Бул жерде бир мандем бар деп, ээрден аста-акырын ооп түшүп, ак боз мойнун созуп жыттаган жерди жакын келип карасам, баланын ыйлайын десе ыйы калбай, басайын десе алы калбай, тутам-тутам үркүп өскөн табылгыга сүйөнүп жыгылар-жыгылмаксан болуп уйку-соодо ыргалып турган экен...». Баланын башка даракка эмес, табылгыга жөлөнүп турганы бекеринен эмес. Кыргыз эли бешик боо жыгачын, камчы сапты табылгыдан жасаган. Жылкынын мыктысы ак боз да этномаданий түшүнүк. Баланын табылышын аксакалдын ак бозго ыйгарып олтурушу дүйнөнү кабыл алуунун элдик менталитети менен байланыштуу.

Баласы жоголгондо Акылайдын эстен танган абалдагы ыйындай эле, анын баласы табылгандагы кубанычы да «Кашка-Сууга батпай, Чоң-Кеминдин аркырап аккан шамалына, ... чоң суусуна кошулуп кыргыздын чегин жарып өтүп, казактын көз жетпеген даркан талаасын жайпап өтчүдөй күч менен толкуп-ташып» жатты.

Мергенчиликтин азгырма кумарында жүргөн лирикалык каарман өмүрүндө биринчи жолу баласын жоготкон эненин абалы аркылуу ар кандай жандыктын баласын өлтүрүү анын энеси үчүн кандай кайгы экендигин сезди; мергенчинин огунан өлгөн кайберендер балдарын таппай, Акылай тарткан кайгыны кошо тартканы менен Акылай жеткен сүйүнүчкө жетпей калганын эми түшүнүп», жан-дүйнөсү оодарыла ойго батты.

Ак сарбашылга союлган ириктин этин жеп, баласын жоготуп кайра тапкан эненин масштабы ааламды кучагына алчудай болгон зор кубанычын майрамдагандан да, түн бир оокумда чейин бир дасторкондо болгон теңтуштардын баарлашуусунан да ыракат ала албады. Чоро досу үйдө жок болгон соң, мергенчи башка үйгө барып конууга тийиш. Бул да элдик маданият. Ошондуктан дагы бир теңтуш курбусу Козубектикине барып конду. Бирок көңүлүнө бүлүк салган окуядан улам, жакшы уктай албай таңга маал гана көзү илинди. Эртең менен кечээ досунун үйүнө калтырган беш атар мылтыгын алайын деп келсе, ал талкаланып жатыптыр. Аны көргөн соң, балдары менен бейпил уйкунун кучагында жаткан Акылайга ичинен кайрылды: «Беш атар мылтыгымды бөлө-бөлө жара чаап, жапшыра-жапшыра жалпайта чаап туура кылгансың, Акылай» – деди да, мылтыкты ыргытып, ууга чыкпай, айылына кайтты. Көрсө, эненин көз жашы мергенчинин аң-сезимин кайра жаратыптыр. Кайберен-Эненин бактысыздыгын эми түшүнүп, энеликтин улуу кудуретине баш ийиши чыгармадан чыккан эң сонун көркөм-эстетикалык корутунду.

Албетте, улуттук адабиятта салтка айланып кеткен аңгеме жанрынын табияты сүйбөгөн ашыкча эпизоддор да чыгармадан орун алганын көз жаздымда калтырууга болбойт.

1. Азыркы көркөм адабияттын көлөмүнө болгон окурмандардын мамилесин эске алганда, азыркы адабий процесс лаконизм тенденциясын талап кылууда, аны жалпы эле калемгерлер эске алууга тийиш деген ойдобуз. Айталы, аңгеме жанрына ретроспективалык ыкма анчалык мүнөздүү эмес. Аңгемеде Чоронун үч жыл мурун камалганы жөнүндөгү эпизодго чыгарманын идеясынын анчалык муктаждыгы деле жок. Аны эскерүү окуянын динамикасына терс таасирин тийгизген. «Күнгө күн түшүү» ансыз деле эненин абалы аркылуу жеткиликтүү эле.

2. Чыгарманын идеясына байланыштуу мергенчиликти айыптоонун негизги каражаты беш атар мылтыкты талкалоо жосунун Акылай эмес, лирикалык каарман өзү аткарса, аңгеме дагы таасирдүү болор беле деген пикир жаралат. Анткени мындай жорук анын санаркоо психологиясынын жыйынтыгы болмок.

3. Пейзаж чебер сүрөттөлгөнүнө карабастан, алар аңгемеге эмес, повестке мүнөздүү масштабда орун алгандыгы аңгеменин жанрдык табиятына төп келе бербейт.

4. Аңгемеде каармандардын кыймыл-аракети, жорук-жосуну эле алардын образын ачууга жетиштүү. Автордук сүрөттөөлөргө (лирикалык каарман досторуна, аяштарына мүнөздөмө берүүгө ашкере алаксыганы байкалат) анчалык орун берилбегени максатка ылайык деген ойдобуз.

Мындай айрым пикирлерди эске албаганда, «Кардагы из» энеликтин улуу кудуретин даңазалоо менен бирге ааламдын бүтүндүгүн сактоо үчүн анын перзенттери: АДАМ + ЖАРАТЫЛЫШ+ АЙБАНАТТАР ДҮЙНӨСҮНҮН ортосундагы жашоо гармониясын таасын көркөм аңдоого алган азыркы кыргыз адабиятындагы мыкты аңгемелердин катарын толуктайт.

Үмүт Култаева, адабиятчы, филология илимдеринин доктору 

Адабияттар

  1. Юнг. Архетип и символ. – М., 1991.
  2. Агавелян О.К. Особенности выраженности архетипов и эмоциональные характеристики личности.// Мир науки, культуры, образования. – № 5 (36), 2012. – С. 39–41.
  3. Коган И.М. Созидательная сила материнства / Интернет сайт: Русская классическая школа. Дата обращения. 16.07.2024.
  4. Ушакова Е.Г. Представления о материнстве у женшин разных этносов: Дисс. пси-х наук. – Владивосток, 2006. 

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561. 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз