Николай Лесков: Уурулардын уулу

  • 14.12.2024
  • 367

АҢГЕМЕ

Бир шаарда сотко эл ичинен шайланып келген сот отуруму чогулду. Арачылар тобуна дыйкандар, ак сөөктөр, соодагерлер кирчү. Арачылар тобунун башчысы кадыр-барктуу соодагер Иван Акимович Белов боло турган. Бардык жашоочулар бул соодагерди жакшы жүрүш-турушу, туура жашоосу үчүн сыйлашчу: ал ишмердүүлүгүн так, таза жүргүзчү, эч кимди алдаган эмес, калп айтпаган, адамдарга дайыма жардамга келчү. Ал жашы 70ке келген карыя эле.

Бир жолу арачылар тобу чогулуп, ант берген соң, сотко бир адамдын атын уурдаганы үчүн айыпталган жылкы уурусун алып келишти. Сот ишин баштай турган болгондо Иван Акимович ордунан туруп, сотко:

— Мени кечириңиз, сот мырза, бул адамды соттоого катыша албайм, — деп кайрылды.

Сот таң кала түштү:

— Кантип, эмне үчүн?

— Катыша албайм. Мени коё бериңиз.

Капысынан Иван Акимовичтин үнү титиреп, ыйлап жиберди. Токтоналбай көпкө ыйлады, ал тургай сүйлөй албады. Анан сооронуп, сотко мындай деди:

— Мен сотко катышалбайм, сот мырза, анткени мен жана менин атам бул уурудан алда канча жаманбыз, өзүмө окшогондорду кантип соттойм? Мен муну кыла албайм, мени коё бериңиз, суранам.

Сот Иван Акимовичти бошотуп, анан аны кечинде өзүнө чакырып:

— Эмнеге сот процессинен баш тарттыңыз? — иштин чоо-жайын сурамжылай баштады.

— Себеби мындай, – Иван Акимович сотко өзү жөнүндөгү төмөнкү окуяны айтып берди. — Силер мени соодагердин уулу, ушул шаарда төрөлгөн деп ойлойсуңар. Бул андай эмес. Мен дыйкандын уулумун, атам дыйкан, райондун биринчи уурусу болчу. Түрмөдө каза болгон. Боорукер эле, бирок мас болгон сайын апамды сабап, ызы-чуу салып, ар кандай жаман иштерди жасап, соолукканда өкүнүп калчу. Бир жолу ал мени ээрчитип уурулукка алып барды. Мына ушул жолу менин бакытым ачылды.

Ал окуя мындай: атам тавернада уурулар менен чогуу ичип олтуруп, акчаны кайдан табабыз деп кеңешти. Ошондо атам аларга: «Билесиңерби, балдар, дарбазасы көчө тарапка ачылган көпөс Беловдун кампасы бар. Бул кампада эмнелер гана жок. Албетте, ал жакка кирүү кыйын. Бул кампанын терезеси бийик, тар болгондуктан чоң киши өталбайт. Ошондуктан мындай ойлодум. Менин кичинекей уулум бар, ал акылдуу бала, — бул мен жөнүндө, — анда уккула, аны өзүбүз менен алып барабыз, аркан менен белинен байлап, терезеден кампага түшүрөбүз, колуна дагы бир аркандын учун карматабыз. Ал кампадагы оокаттарды арканга байлап, бизге белги бергенде тартып алабыз. Алышыбызча алабыз да баламды кайра тартып алабыз, — дейт.

Уурулар бул ойду жактырып:

– Анда бар да уулуңду алып кел, – дешет.

Атам үйгө келип апама мени чакырып кел деп буйруйт.

– Аны чакырып алып эмне кыласың? – дейт апам.

– Керек үчүн чакырам да, бар ээрчитип кел, – дейт атам. Мас кезинде аны менен сүйлөшө албасын апам жакшы билет, анткени каяша кылса, баса калып сабачу. Ал ойноп жаткан жериме келип мени чакырды. Ошондо атам мага:

– Ванька! Сен бийик жерге чыгаласыңбы? – деди.

– Каалаган жериңе чыгам.

– Жакшы, мени менен жүр.

Апам каршы боло баштады эле, колун көтөрүп шилтемекчи болгондо, ал унчукпай калды.

Ал мени ээрчитип алып досторуна алып келди, кант менен чай беришти, тамактанып кечке чейин отурдук. Караңгы киргенде баарыбыз жөнөдүк, алар үчөө. Биз дал ушул соодагер Беловдун үйүнө келдик. Алар мени дароо аркан менен белимден байлап, экинчи аркандын учун колума карматып, өйдө көтөрүштү.

– Коркпойсуңбу? – дешет.

– Эмнеден коркок, эч нерседен коркпойм.

– Терезеден түш да, жакшылап кара, колуңа урунган жакшы буюмдарды арканга байлап, бизге белги бер. Тартып алабыз. Түшүндүңбү?

– Түшүндүм, – дедим.

Ошентип, алар мени терезеге көтөрүп чыгарышты, мен тар терезеден сойлоп кирдим. Алар мени акырындап аркан менен түшүрө башташты. Бутум жерге тиер замат кичинекей колдорум менен сыйпалай баштадым. Мен эч нерсе көргөн жокмун, караңгыда жөн гана сезип жаттым. Түктүү бир нерселерди кармап, аны аркандын аягына эмес, ортосуна байлап коём, алар тартып кетишет. Кайра арканды тартып, кайра байлайм. Бул үч жолу кайталанды, алар арканды учунан тартып, жетишет деген белги беришти. Мени кайра өйдө тарта башташкан. Ортологон кезде чарт этип аркан үзүлүп, кулап түштүм. Дагы жакшы, жыйылган жаздыктардын үстүнө түшүптүрмүн, эч жерим жабыркаган жок.

Кийинчерек билсем, дал ошол маалда кароолчу аларды көрүп, коңгуроо кага баштаганда, алар уурдалган буюмдарды алып качып кетүүгө үлгүрүшкөн экен. Ошентип алар качып кетишти, а мен кампада калдым. Караңгыда жалгыз жатам, корконумду айт, апалап ыйлап, кыйкырып жатам. Ыйлай берип ушунчалык чарчаптырмын, ошол жаздыктардын үстүндө жаткан боюнча кантип уктаганымды да билбейм. Ойгонсом, маңдайымда чырак кармап көпөс Белов менен милийса турат. Милийса кимдер менен келгенимди сурады.

– Атамдар менен.

– Атаң ким?

Мен кайра ыйлай баштадым. Ал эми Белов карыя милийсага мындай деди:

– Аны жөн кой. Бала Кудайдын сүйгөн пендеси. Бала атасын сатканы жакшы эмес, жоголгон нерсе жоголду, баштан садага.

Маркум жакшы адам эле, Кудайым ага бейишин берсин. Ал эми кемпири андан бетер боорукер болчу. Алар мени үстүнкү бөлмөгө ээрчитип барды, колума таттуу нанын карматты, мен сооронуп ыйлабай калдым: баламын да, өзүңүз билесиз, баланы кенедей эле жакшы нерсе менен кубантса болот. Эртеси эртең менен үй ээси менден:

–Үйүңө кеткиң келеби? – деди. Эмне дээримди билбейм.

– Ооба, – дедим башымды ийкеп.

– А бул жерде калышты каалайсыңбы?

– Каалайм.

– Мейли, анда кал, – деди ал.

Ошентип мен калдым. Алар менен бирге жашадым. Алар менин үстүмдөгү кийим-кечемди оңдоп-түзөп, документтеримди тууралап багып алышты. Башында майда-барат иштерди аткарып жүрдүм, кийин чоңойгондо мени сатуучу кылышты. Дүкөн башкардым. Мен жакшы иштесем керек. Алар мени аябай жакшы көрүшчү, жадакалса кызын мага алып беришкен, аябай боорукер адамдар эле. Мени өз уулундай көрүшчү. Анан абышка каза болду – мүлктүн баары мага өттү.

Мына ушундай. Уурунун баласы болсом, анан өзүм ууру болсом, башкаларды кантип соттойм? Бул христиандардын иши эмес, мырза сот. Биз бардык адамдарды кечирип, сүйүшүбүз керек, эгер ал ката кетирсе, анда аны өлүм жазасына тартпай, ага боор оорушубуз керек. Иса пайгамбардын осуятын эстечи, — деди Иван Акимович.

Сот суроолорун токтотуп, христиан мыйзамы боюнча адамдарды соттосо болобу деп ойлоно баштады.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз