Шайдоот жашап, өз өлкөсүн башкарган,
Шах бар эле атак-даңкы таш жарган.
Анан бир күн жандоочулар шаттанып,
Ал өкүмдар ууга чыкты аттанып.
Сезимтал го… Шах тизгиндеп жоргону,
Сүйүп калды күң аялды жолдогу.
Сүйсө кантсин, ага деле кыйын да,
Сатып алды күңдү дилде-тыйынга.
Кайран шах-ай, бирок азга куунады,
Күң анткени күндөн-күнгө «куурады».
Арга канча, кутулууга «кишенден»,
Ал топтоду табыптарын ишенген:
«Тулкум өлүк, жаным кесел зайыпта,
Тирилмекмин эгер ошол айыкса!
Тартуу кылам казынамды кимде-ким
Толук жойсо сүйгөнүмдүн илдетин!»
Деп өкүмдар түшүндүрүп абалды,
Дем чыгарбай тиктеп калды аларды.
Алар айтты: «Дартка даба табылат,
Айым сөзсүз илдетинен арылат!»
Бирок баарын текеберлик коштоду,
«Буюрса» деп эч кимиси кошподу.
Анан аста дарылашты талыкпай,
А дарт болсо күчөй берди айыкпай.
Күң ошентип улам соолуп баратты,
Курган шахтын көздөрүнөн «кан» акты!
Шыпаа такыр болбогон соң «кудайлап»,
Шах мечитке чуркап барды жыңайлак!
Жай намазга жаш тамызып «ыйманы»,
Жараткандан жардам сурап ыйлады.
Көз жаш менен төлөнгөн соң ый куну,
Кучактады шах моюндан уйкуну.
Көп өтпөстөн түшкө кирген дабышка,
Кулак салса, мындай деди абышка:
«Эй өкүмдар, Эгем берди уруксат,
Эртең сага бизден барат улук зат!
Ал адатта сейрек келчү табылга,
Аны мыкты дарыгер деп кабылда.
Ай-ааламга андан сыйкыр, кут тарап,
Адамзатты бүт оорудан куткарат!»
Кыска, кызык түш аяктап, таң атты,
Күндүн нуру жылдыздарды таратты.
Анан ал шах, карыядан эшиткен,
«Асыл жанды» зарлап күттү эшиктен.
Көз жүгүртүп тээ алыска турса анан,
«Күн» көрүндү көлөкөлөр курчаган.
Жан дүйнөсү жарык чачкан далайга,
Жакындады ал акырын сарайга.
Көз жаш төгүп уктаганда ал өзү,
Көргөн ошол аян-түштүн дал өзү!
Шашкалактап, жарчу күчтөй тосмону,
Шах чуркады улук затты тоскону.
Бирок алар учурашты таанышпай,
Бирин-бири билген эски тааныштай…
Шаңдуу бүтүп сый тамактын аягы,
Шах көрсөттү кесел күңдү баягы.
Ал байкаса аяр карап, ооруган –
Алсыз аял санаа тартып соолуган:
«Аттиң, баары кесел жанды кыйнаптыр,
Айыкпастан илдет кайра ырбаптыр!
Көзү сокур пенделер го аларың,
Көрүшпөптүр күңдүн «ички» абалын!»
Деп шыпаагер дарт белгисин тактады,
Дароо айтпай, сыр катары сактады.
Көрүп турат көсөм, күңдү боздогон,
Катылган сыр – көңүлдөгү козголоң:
«Кайран көңүл, кантип торго сыят бу?
Ким бирөөгө ашык болгон сыяктуу…»
Анан шахка мындай деди, ал бачым:
«Ак сарайды бошот, эч ким калбасын!»
«Кулактар» жок үй ичинде тыңшаган,
Күң жооп берсин соболума тынч анан!»
Кантмек эле, баары сыртка жөнөдү,
Кесел менен шыпаагерден бөлөгү.
Ал аңгыча табып собол таштады:
«Айтчы кызым, журтуң кайда баштагы?
Туулган жерге тартылгансыйт жан-дене,
Тууган-урук, дос, түгөйүң бар беле?»
Деп тамырын кармап туруп аялдын,
Дароо минтсе: «Мен укканга даярмын»,
Алсыз келин эмне билсе бүтүрбөй,
Айтып кирди баскан жолун бүтүндөй.
Кыштак, шаары, бозуланы, карысы,
Кезек менен өтүп жатты баарысы…
Табып болсо тең салмактуу тараза,
Тамыр кармап, улам жүзүн караса,
Күңдүн өңү өзгөргөн жок бир дагы,
Кадимкидей кан тамырдын ыргагы.
Түрдүү жерди санап кесел чынында,
Токтой калды: «Самарканд», – деп тынымга.
Кан тамыры бачым согуп уламдан,
Кан жүгүрдү анан жүзгө кубарган.
Жаш келинди шахка чейин кыскасы,
Жар кылыптыр Самарканддын устасы.
Азыр күңдүн жандүйнөсү тузакта,
А сүйгөнү Самаркандда, узакта.
Айтор табып, кесел жандын түнт жүргөн
Аныктады дарт белгисин түпкүрдөн…
Маектешүү натыйжалуу сезилип,
Мындай деди көсөм, шахка кезигип:
«Сулуу келин «сыбызгытты» куш кабар,
Самаркандда карапачы уста бар.
Ат тизгинин элчилерге кактырып,
Ал устаны ошол жерден таптырып,
Ага арбын алтын, күмүш бергиле,
Ак сарайга ылдам алып келгиле!»
Шыпаагердин айткан сөзү өтүмдүү –
Шах чыгарды дал ушундай өкүмдү.
Жүктөп анан алтын, күмүш, «энчини»,
Жөнөтүштү Самаркандга элчини.
Ичке сактап элчи буйрук нускасын,
Издеп тапты күңдүн сүйгөн устасын:
«Атак-даңкың туш тарапка жайылды,
Атүгүл шах сурап жатат жайыңды.
Макул десең эгер биздин талапка,
Мен алпарам сени ошол тарапка.
Өксүгү жок ак сарайда жашайсың,
Өкүмдардын карапасын жасайсың!»
Айтор элчи кызыктырып жигитти –
Алтын, күмүш ал ансайын жибитти.
Жалган атак, дүйнө-мүлккө алданып,
Жолго чыкты карапачы камданып.
Күүгүм кирип, кайра далай таң атты,
Кайран пенде ажал издеп баратты…
Ата-Журту калып абдан алыста,
Ак сарайга келип түштү ал уста.
Анан шахтын сыйын көрүп, жеп-ичти,
Аз келгенсип казынаны беришти.
Күлкү-шаңга улам толуп айлана,
Көсөм, шахка мындай деди жай гана:
«Күң аялга үйлөндүрүп конокту,
Күткүн бир аз калган сыйкыр-жомокту.
Ашык болгон карапачы дарылап,
Алсыз кесел илдетинен арылат!»
Шыпаагерди кантип элге теңесин,
Шах аткарды анын айткан кеңешин.
Кайра тагдыр бириктирип буларды,
Күң оорууну “чөк түшүрдү”, кубанды.
Ушул кезде шербет жасап устага,
«Уурта» – деди көсөм, – «Белек бул сага!»
Суудай жеңил ичилген соң шербети,
Соолуй түштү устанын өң-келбети.
Карапачы кантип жүзүн оңдосун?
Күң жериди «арзып тийген» жолдошун!
Душман кылып жан-денеге өз башын,
Дайра сымал агызган соң көз жашын,
Курган уста, шум ажалга тутулду,
Күң дартынан биротоло кутулду!
Которгон Алтынбек ИСМАИЛОВ
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.