
ЖОМОК
Бир замандарда кайсы бир өлкөдө Балдей деген акылсыз падыша башкарып турган экен. Тактынын иш башкаруучулары, кеңешчи катчылары да андан кем калышпаган келесоолор болгон дейт. Ал эми бул жакта жашаган адамдар абдан айлакер экен. Эл арасында ар нерсени ойлоп чыгарган чеберлер көп эле, мисалы, бир эле Фоканы алалычы... Айтмакчы, бул жомок дал ошол тууралуу.
Бир жолу падыша Балдей дыйкандарга буурчак септирет... Ал аймактын жери жакшы эле. Жамгыр өз учурунда жаап, күндү да башка өлкөлөрдөн карызга алуунун кажети жок. Буурчак жыш чанак байлап, мол түшүм күтүлүп жаткан, бирок... күтүлбөгөн кырсык келди: кайдан-жайдан топ-тобу менен каптап, буурчакты чокулап жеген каргалардан буурчак талаасы капкара болуп көрүнбөй калды.
— Эмне кылуу керек, кандай айла табабыз, акылман өкүмдар Балдей Обалдуевич? – Кеңештин башчысы Көңдөй баш падышага таазим этип жооп күттү.
– Кеңештин жыйынын чакыргыла, – буйрук берди падыша Балдей.
Кеңештин кезексиз жыйыны чакырылып, Кеңеш кеңеше башташты.
Алар бир күн ойлонушту, эки күн талкуулашты, үчүнчү күнү падышанын жарлыгы жарыяланды:
«Мен, падыша Балдей Үчүнчү, акылман өкүмдар, бардык өлкөнүн башкаруучусу, буурчак талаасынын кожоюну... Мен кол алдыбыздагы жатып ичээр дыйкан Фокага күнү-түнү шалдырак менен каргаларды кубалап турууга буйрук кылам».
Фока жарлыкка баш ийип буурчак талаасына келди, талаа капкара кыжылдаган каргалардан көрүнбөйт. Ал канаттуу каракчылардан бешөөнү кармады да, ордунда чимирилген дөңгөлөктөрдү жасай баштады. Кудум падыша сарайындагыдай: мындай дөңгөлөктүн ичине тыйын чычканды салып коюшат, ал анын ичинде чуркап, дөңгөлөктү чимирилтет. Бул дөңгөлөктөргө шалдырактарды жабыштырып, ар бир дөңгөлөккө тыйын чычкандын ордуна колго түшкөн каргаларды салды.
Каргалар дөңгөлөктөрдү айландырат, дөңгөлөктөрдөгү шалдырактар шарактаган сайын ичиндеги шалдырактан жүрөктөрү түшкөн каргалар жанталашып секиришип, калдыр-шалдыр түшүрүп, өздөрү да коркуп, башка каргаларды да үркүтөт. Талаа бети тез эле ачылып, тазара түштү. Каргалар конмок турсун, талаага жакын учуп өткөндөн да чочушат.
Эртең менен Кеңеш катчысы Көңдөй баш падышанын жарлыгы кандай аткарылып жатканын текшерүү үчүн талаага келди.
Мына кызык!? Фока да, каркылдаган бир да карга көрүнбөйт. Дөңгөлөктөр тынбай чимирилип, шалдырактар токтобой шарактап, каргалар каргаларды үркүтүп жатышат. Таң калыштуу!
— Мына ушундай, улуу падыша Балдей Обалдуевич. Каргалар каргаларды үркүтүп, ал эми Фока жан багар үйүндө өз ишин жасап жүрөт. Бул өзүм билемдик эмеспи! А эл Фоканы акылдуу жигит деп сыйлай башташты.
Падыша Балдей өзүнөн акылсыздарды гана жакшы көрчү. Жаңы нерселер анын итиркейин келтирчү. Жаңы жаратмандыктардан таракан жарыктан корккондой эле коркчу. Башка өлкөлөрдө тамакты вилка менен жешсе, ал дагы эле табакка беш манжасын салчу. Кичинекей баладай же карылыгы жетип алжыган абышка сыяктуу эле. Жайында чана менен жүрчү, анткени арабанын калдырагынан коркчу. Атасын жазбай тарткан, даана Далдыр баш эле.
Андан да чоң корккону – падышачылыкта андан акылдуу бирөө чыгып калбасын деген ой. Айткылачы, падышадан акылдуу болууга кимдин акысы бар!
Балдей ачуусу келип жер тепкилеп бакырды:
— Мен Фока жатып ичерге буурчакты бир түндө жулуп жыйноого буйрук кылам!
Фока падышанын буйругун алып, атка тырмоо илди да, буурчакты таза тырмап, үймөк кылып жыйнап салды. Эртең менен падышага таазим кылды:
— Мен сенин буйругуңду аткардым, падыша Балдей.
Муну уккан Балдей кечээкиден да катуу ачууланды:
—Уктуңарбы? Бир жума бою эки жүз киши иштесе да бүтүрө албаган ишти бир түндө бүтүрүп салган имиш. Андай кыйын экенсиң, мен сага буурчакты эки күн ичинде бастырып бүтүр деп буйрук кылам!
Фока кырмандын ордун тазалады. Кырмандын дал ортосуна узун мамы орнотуп, аны айланта үймөктөлгөн буурчакты ташып келип, жука таштады. Аттарды мамыга узун жип менен байлап коё берди. Аттар мамыны тегеренип, туяктары менен тебелеп буурчактарды чанагынан бир заматта күбүп салышты.
— Буурчакты бастырып бүттүм, падыша. Текшерип көр.
Падыша өң-аалаттан кетти. Көңүлү чөгүп, эриндери карыган аттыкындай салбырады. Фоканы уят кылып, ага унутулгус сабак бермекчи болгон эле да. А Фока баарын таң калтырып, тескерисинче, падышаны уятка калтырды, өзү чоң урмат-сыйга ээ болду. Минтип улана берсе, тактыдан түшүүгө да мажбур болот.
Король Фоканын ишин биротоло бүтүрүүнү чечти жана ага жаңы буйрук берди:
— Буурчакты тазала. Эки күн мөөнөт берем. Бир да кыпын болбосун!
Фока ойлонду. Буурчакты тазалоо оңой иш эмес. Балдейдин падышачылыгында аны эски ыкма менен тазалашчу: бир уучтан бир уучка куюп, мүмкүн болушунча катуу үйлөшөр эле. Дандын чаңы, кабыгы учуп кетчү.
Фока ушундай ыкма менен иштесе, бир жыл да аздык кылмак. Анан калса адамда мынчалык абаны үйлөгүдөй өпкө барбы?
Фока атынын тердигин жайып, чыканактап жатты да, ойлоно баштады.
Акылдуу башта күн эч качан батпайт, дайыма тунук, жарык болот. Анын ойлорун шамал учуруп кетпейт, тескерисинче, шыбырап акылына акыл кошот. Ошондой эле болду. Фока желип-жорткон шамалды уга билчү. Ал андан эки күн ичинде буурчакты кантип сапыруу керектигин билди.
Фока таң заардан туруп, падыша сарайынын тик чатырына чыкты. Чатырга жыгачтан узун ноо жасап бекитти. Буурчактар ноонун ичине куюлуп түшкүдөй кылып эки четин тосмолоду да, чатырга каптагы буурчактарды көтөрүп төгө баштады.
Буурчак падышанын тик чатырынан чачыраган боюнча тоголонуп, капталдарындагы тосмого урунуп ноого түшүп, андан ары ноо менен түз эле падышанын кампасына куюлган боюнча жөнөдү. Кызыгып карап тургандар ноонун ылдыйкы учу кампага жетпей бүткөндүктөн, андан чубуруп түшкөн буурчак шамалга сапырылып, таптаза дандар түптүз эле кампадагы үкөктөргө барып түшкөнүн көрүштү.
Чогулган элдин арасынан ар кандай сөздөр угулду:
— Падышалыкты ушундай адамдар башкарыш керек!
— Эй, бул Фоканын колунан келбеген бир да иш жок!
Алар ушунчалык кыжы-кужу болуп чурулдашкандан улам, падыша түшкү тамагын жечү убакытка жетпей ойгонуп кетти. Ал туруп караса, буурчак шамалга сапырылып, кампадагы үкөктөргө куюлуп жатат. Ал эми Фока, падышанын чатырында жамбаштап жатып, анда-санда ноонун учун кийинки үкөктү карай тууралап жылдырып, күнгө кактанып ырахатка батып жатыптыр.
Падыша муну көргөндө ызасына чыдабай онтоп жиберди. Ачуусу менен барча кемселинин жеңин чайнап, кооз оюу чегилген кымбат топчуга какап кала жаздады. Тезинен Кеңешти чакырууга буйрук берди.
Падышалыктын эли дүүлүгүп турду. Балдейдин кеңешчилери хансарайга чуркап, эл даанышмандары хансарайдын айланасына жык-жыйма чогулду. Фоканы, анын ойлоп тапканын мактап жатышты.
Жарык дайыма караңгы адамдардын көзүн карыктырат. Акылсыздардын башы дайыма бирөөнүн оюнан ооруйт. Кеңеш көпкө кеңешип жаңы жарлык чыкты:
«Мен, падыша Балдей Үчүнчү, Фока жатып ичерге буурчакты бир жума ичинде унга айлантууну буйрук кылам».
Эл түнөрө түштү. Фока капа болду. Анын сулуусу, кара буудайы талаада жыйналбай орок күтүп жаткан. Кайрадан түнү менен уктабай, шамалды тыңшап, бекер жумушчу тапмакчы болуп талаага кетти.
Шамалдуу түн болчу. Дарактар ары-бери чайпалышат. Фока баарын көрүп, көргөндөрүн эсине сактады. Ал эсине керектүү гана нерсени сактады.
Эртең менен падышанын кызматчылары сокбилеги менен соку алып келишти.
— Күйшө! Эгер кайрадан жалкоолонуп жамбаштап жатып алсаң, оңбой каласың.
Ушунча үкөктөгү буурчакты күйшөп бүткүчө качан! Бирок Фока буурчакты соку менен күйшөгөн жок. Ал өзүнүн ордуна бак-дарактарды иштетти.
Фока бир дарактан экинчи даракка аркан тартты. Аркандын ортосуна сок билекти байлап, астына сокуну бекитип, ага буурчак толтурду. Ошентип дагы бир канча, — ал жерде болгон сокулардын бардыгын жайгаштырды.
Дарактар ары-бери чайпалган сайын аркан бир керилип, бир бошоп, ага байланган оор сок билектер сокулардагы буурчакты күйшөй баштады. Ал убакта Фока өзүнүн кара буудайын бастырып, сулуусун жыйнап алганга үлгүрдү. Улам күйшөлгөн буурчакты сокудан төгүп, күйшөлө элек буурчак менен толтуруп турду.
Бекер жумушчулар көңүлдүү иштеп жатышты. Токойдо тыкылдаган үн гана угулат. Эл Фоканын илим-билими үчүн алкашып, өлкөдөгү эң акылман адам деп мактап, даңазалап, ал ойлоп тапкан өзү күйшөгөн сокуларды тиричилигинде колдонушмай болушту. Муну көргөн падышанын кошоматчылары Балдей падышага чуркап жетишти:
— Урматтуу өкүмдар! Сиздин сөз укпаган малайыңыз Фока өзүн ушунчалык акылдуу жигит катары көрсөтүп, падышадан ашып түшкүсү келет. Ал токоюңузга өзү күйшөөчү сокуларды орнотту. Бардык тапшырмаңызды бүтүрүп салды.
Балдеевдин көздөрү канга толду. Ачууланып башын калчылдатса, таажысы учуп, кампанын астына тоголонуп кетти.
— Ага өлүм! Өлүм! Бирок кандай өлүмдү буйрушту ойлоном! Тезинен кеңешти чогулткула!
Кайрадан сурнай тартылып, эл агылып келип жатты, жарым-эс кеңешчилер ич кийимчен, жылаң аяк буттарына өтүктөрүн кие калышып жетип келишти:
— Биз сизге кандай кызмат кылып жиберелик, падышам?
– Келгиле, кеңешчилерим, Фока жатып ичерге кандай өлүм жазасын бериш керектигин ойлонгула.
Бул жерде Кеңештин башчысы Көңдөй баш колтугун тырмап мындай дейт:
—Биздин талаадагы малыбызга карышкыр күч болду. Фокага ошолорду жогот деп буйрук кылыңыз. Бир күнү ал карышкырларга жем болот.
— Эң сонун, сенин башың шумдуктай иштейт! — деди падыша. — Бүт кеңештин мүчөлөрү биригишсе да мындан жакшы өлүм жазасын ойлоп таба албайт. Жарлык жаз.
Жарлыкты эл укту. Кем акыл падыша Фоканын жаркын акылы үчүн жактырбай жатканын эл түшүнүштү, шыбырашып, тил табышып, бириге башташты. Адамдар өз алдынча жүргөндө тамчы болсо, эл бириксе – көл. А көл толкуса сел! Каалаган тосмосун жууп кетет.
— Биз Фокага жардам беришибиз керек, балдар, – дешет аксакалдар. – Кандай жардам керек, Фока Корнеич?
— Жардам беребиз десеңер кудай жалгасын, – деп жооп берет Фока, – андай болсо мага он чакты карышкыр кармап бергиле. Аларга кызыл кездемеден күрмөлөрдү тигип кийгизип, тумшуктарын от түстүү боёк менен боёп, моюндарына коңгуроо, куйруктарына калдыркан тагып коё беребиз.
— Эмне үчүн?
— Аны убагында көрөсүңөр, – деп жооп берди Фока.
Эл бир эмес эки эсе көп карышкырларды кармап, капка тирүүлөй салып аларды Фокагажеткиришти.
Фока мурда айтканындай карышкырларга кызыл күрмөлөрдү кийгизип, тумшуктарын оттуу боёк менен боёп, моюндарына коңгуроо тагып, куйруктарына калдыркан жана короздун канаттарын байлап, токойго коё берди.
Бошонгон карышкырлар моюндарына тагылган коңгуроолордон, куйруктарындагы калдыркандан чыккан үндөрдөн корккон боюнча үйүрлөрүнө жетип, бөрүлөр үйүрлөрү менен үркүп-качып жөнөштү. Кашабалар оттон коркот эмеспи, кызыл күрмөчөндөр жүгүрүп келатышса, аларга өрт каптап келаткандай көрүнсө керек. Ал эми калдыр-шалдыр, шыңгыраган үндөр аларга ок аткандан да жаман таасир берди. Бөрүлөр токойдун тереңине кире качышты, бирок Фоканын карышкырлары да алардан кем калбай, ылдамдыктарын күчөттү. Алар коңгуроо үнүнөн, куйруктарындагы калдыркандардан качып кутулгулары келди. Бирок денеңе байланган нерседен кантип качасың? Ошентип бир түндө бул өлкөдө эч карышкыр калбады. Ал эми Фока өз сулуусун тазалап, күздүк эгиндерин себүү үчүн жер айдап жүрдү.
Муну уккан падышанын өңү бузулуп, таптакыр таанылбай калды. Ага салыштырганда карышкыр жетим козудай эле болчу. Эки жеңин чайнап салды. Ызасына чыдабай калчылдап, таажысындагы асыл таштар четинен күбүлүп түшө баштады.
– Бул итти кеңеш чакырбай туруп жок кылам. Өлүм жазасына буюрам! Бирок элге кантип түшүндүрсөм? Акмактар өзүңдү күнөөлүү кылып коюшат. Шылтоо кылгыдай кылмыш токуш керек. Мыйзамга ылайык болсун.
Ушул учурда Кеңештин башчысы шыпылдап сунуш киргизди:
— Улуу Урматтуум, мен Көңдөй баш болсом да жакшы кылмыш таптым! Фока мамлекетибиздин гербине шек келтирди.
— Сен кайсы гербди айтып жатасың?
— Улуу даражалуу өкүмдарым, эсиңизге салайын. Биздин гербибизде таажы кийген карышкыр койду желкесинен тиштеп сүйрөп баратпайбы. Койлорду карышкырлар кырып кетти, карышкырларды Фока башка өлкөлөргө кууп жиберди. Биздин герб чындыкты чагылдырбай, жалган герб болуп калбадыбы. Карышкыр да жок, койлор да жок. Эми чет элдиктер кандай ойдо болушат?
— Оо, кудайым! Акылың кампадагы буурчактан да мол тура. Өлүм жазасына тезинен буйрук жарыяла. Желдет айбалтасын курчутсун, аскерлер хансарайдын короосуна дөңгөчтү алып чыгышсын. Эртең жазаны ишке ашырабыз.
Таң да атты. Күн жаркырап чыкты. Фоканы короого жетелеп чыгышты. Фоканын аялы жер кучактап эси ооп жыгылды. Балдары атасы тирүүсүндө эле жетимсирей түшүштү.
Желдет айбалтасын бийик көтөрдү. Балдейдин жүрөгү кубангандан туйлады. Желдеттин балтасынын мизи Фоканын тарамыштуу жазы моюнуна тийди да... майышып калды.
– Бул кандай падышам? – дейт Фока. – Сенин балтаң менин мойнума өтпөйт экен го.
Бардык сырды билген эл кыраан-каткы күлүп жатышты.
– Дарга аскыла! Мойнуна аркан салгыла! – деп бакырды падыша каарданып.
Тез эле дарды даярдап жиберишти. Желдет Фоканын мойнуна сыйыртмак салып, бут алдындагы кайыңдын дүмүрүн тээп жиберди. Кыздар чаңырып, аялдар ызы-чуу болуп, кемпирлер боздой башташкан эле. Ошол учурда жип үзүлүп кетти.
– Бул эмнеси падышам? Сенин жибиң менин салмагымды көтөрө албады го.
Тактыда олтурган Балдейдин өңү купкуу. Кеңеш башчысынын жүзү тескерисинче кара-көк тартып кеткен экен. Кеңештин мүчөлөрүндө үн-сөз жок, жымжырт.
— Аны сууга чөктүргүлө! – деп кыйкырды Балдей. – Дарыяга ыргыткыла!
Фока бул сөздөргө жылмайып койду:
– Артында эл колдоп турса, адамды кантип чөктүрөсүң!
Ошол эле желдеттин балтасын калай балта менен алмаштырышкан, дарга чириген жипти байлаган адамдар Фоканын мойнуна таш байлай башташты.
Мойнуна таштын ордуна карагайдын боёлгон дүмүрүн, көйнөгүнүн астына үйлөгөн чаначты таңып, дарыяга ыргытып жиберишти.
Кайрадан аялдар чыркырап, кемпирлер боздоду. Ошол учурда Фока дарыянын үстүнө сүзүп чыгып, падышага кыйкырды:
–Эй, падышам, таштарыңыз чөкпөй, көйнөгүмдүн астындагы кум каптар мени дарыянын түбүнө сүйрөп кеталбай койду го йя?
Балдейдин жүзү кара-көк тартып, каардуу падышанын кабагы түнөрдү. Фоканы өрттөп жиберүүнү ойлогон, бирок Балдейдин өзүнүн ичи ысып-күйүп, түтүнсүз күйүп барып тоголонуп түштү.
Падыша бар эле, падыша жок болду.
Эл кубанды. Эл ырдап-чоордоп жыргап жатты. Коңгуроолор кагылды. Эмгекчилер даңкталды. Фоканы өздөрүнө башчы кылып шайлап алышты.
Фока жакшы жашады. Акыл-эсин жоготкон жок. Акылы менен өлкөсүн даңазалады, артынан кызыктуу жомок калтырды.
Дал ушул жомокту калтырды ал!
Которгон Абийрбек Абыкаев
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.