Негмурад Гулиевдин сатиралык аңгемелери

  • 21.12.2024
  • 860

Негмурад ГУЛИЕВбалдар акыны, «Шухрат» медалынын ээси. 1953-жылы Бухара облусунун Гыждуван районундагы Чармгарон айылында туулган. Бухара Мамлекеттик университетинин математика факультетин бүтүргөн. Ал элүү жылга жакын орто мектептерде математикадан сабак берген.

Негмурад Гулиевдин «Бир кадам», «Сениби, шашпа», «Кызыктуу математика», «Математикадан 90 табышмак», «Мекен – Алиппеден башталат», «Жазбасам койбойт жүрөк», «Шүгүр кыл», «Китебимди бир оку» деген эмгектери жарык көргөн.

Өзбекстан Жазуучулар союзунун мүчөсү.

«БАНГЛАДЕШ ПРЕЗИДЕНТИ»

Өзүн мыкты акын санап жүргөн Салы аке чанда бир китеп чыгарып, китеп дүкөндөрүнө таратып жүрчү. Бир күнү чоң китеп дүкөнүнө кирип, сатуучу менен учурашып сурады:

– Биздин китептер да сатылып жатабы, иним?

– Ооба, анда-санда бир-экиден сатып алышат, байке, – деди сатуучу. Анан сырдуу үн менен шыбырады:

– Капа болбоңуз, дүкөнгө келгендердин көбү Мухаммад Юсуфту сурашат. Бирок сиздин китебиңизди сураган бир да киши жок.

– Эй, мени карачы. Айтчы мага, Америка Кошмо Штаттарынын президенти ким? – деп ачууланып сурады «акын».

– Дональд Трамп ко, муну бардык киши билет, эмне үчүн сурап жатасыз?

– Эми айтчы, Бангладештин президенти ким? – «акын» тергөөнү улантты.

— Бангладеш, Бангладеш... — деп кобурады сатуучу. – Чынын айтсам, мен такыр кызыккан эмес экенмин. Билбейм, аке.

– Мына көрдүңбү, билбейсиң. Болбосо алардын экөөсү тең президент, — деп улантты «акын» шыктануу менен: — Эми элестетип көр, Мухаммад Юсуф АКШ президенти болсо, мен Бангладештин президентимин да, иним. Мени да кардарларга тааныштыруу, жарнамалоо жана жарманкени уюштуруу сенин милдетиң. Чымын коруп отурган менен иш бүтөр беле?!

Бул аңгемеден кийин Салы байкенин псевдоними "Бангладеш президенти" болуп калды. Айылдагылар той-топурларда, “Бул киши Бангладештин президенти, төргө отургузгула” деп тамашалашчу болду.

МЫШЫК БОЛБОГОНУМА ШҮГҮР...

Ачарчылык жылдары. Айылдын төрт-беш эркеги үй-бүлөсү үчүн оокат кылуу максатында чоң шаарга жөнөштү. Алар өтүп баратканда короодо өзүн күнгө таптап жаткан мышыкты көрүштү. Ошондо Эгембай:

– Оо, Кудайым, мени да мышык кылып жаратсаң болмок экен. Бул азаптардан, түйшүктөрдөн арылып, ыракаттанып жатар элем.

Алар талаадан өтүп баратып, бороздонун артында бир мышыктын чымын уялап жаткан өлүгүн көрүшөт.

Анан Эгембай эки колу менен жакасын кармап:

– Астапыралла, Астапыралла. Тообо кылдым, Кудайым. Бактыга жараша, мышык болуп төрөлгөн эмес экенмин. Өзүңө чексиз шүгүр, чексиз шүгүр...

Ошондон кийин Эгембай «Мышык» деген ылакап атка конгон экен.

МАГА ЧАРА КӨРҮҢҮЗ

Хурсанд аке ата-энесинен эрте ажыраган. Тоголок жетим калып, мектептен да толук окуй алган эмес. Кийинчерек механизаторлорду даярдоочу курстан окуп, тракторист болуп, көп жыл эмгектенген. Өмүрүндө бир жолу да санаторияга барып көрбөгөн Хурсанд аке эмгек өргүүсүн алып эс алууга барууну чечет. Чогуу иштеген Ризакулдан суранды:

– Ризакул, курортко барууга жолдомо сурап арыз жазып берчи. Билесиң, менин сабатым начар.

– Макул, Хурсанд аке. Арыз сизден айлансын. Азыр сонун кылып жазып берем.

Ризакул төраганын атына арыз жазып, Хурсанд акеге кол койдурду.

– Мына, эми арызды начальникке алып барыңыз.

Барыңыз, ал азыр өз бөлмөсүндө. Хурсанд аке төраганын алдына кирип, арызды берди. Төрага арызды окуду:

Төрага М. Ахтамовго,
тракторист Улмасов Хурсанддан

АРЫЗ

Мен муну сизди көп жылдан бери алдап жүргөнүмдү билсин деп жазып жатам. Жумушка кеч келип, эрте кетем. Ар дайым калп сүйлөйм. Жумушта эч качан жан дилим менен иштебейм. Мына ушуларды эске алып, мага мыйзам чегинде чара көрүүңүздү суранам.

/Колу/ Х.Улмасов.

Өмүрүндө мындай арызды көрбөгөн төрага таң калып, Хурсанд акеден эмне каалаганын сурайт.

— Эми, төрага иним, жашым да кыйлага жетти. Курортко жолдомо алып берсеңиз, ден соолугумду бир аз чыңдап, эс алып келсем дейм.

– Бул арызды ким жазып берди?

– Ризакул жазып берди, береке тапсын.

– Береке таппай кетсин Ризакул! – төрага арызды үнүн чыгарып окуп берди.

Муну уккан Хурсанд аке бир аз ойлонуп:

– Куруп кетсин, Ризакул мага санаторияга эмес, түрмөгө жолдомо алуу үчүн арыз жазып бериптир го! – дейт имиш.

Ошондон кийин Хурсанд акени ким көрсө «Мага чара көрүңүз» деп тамашалачу болуптур.

БУЛ КИМДИКИ?

Көп жылдардан бери соода базасында жетекчи болуп иштеген Заман аке пенсияга чыкты. Ошол убакта базада кароолчу болуп иштеген Шады аке менен жакын дос болуп, бат-бат жолугуп турчу.

Күзүндө эки дос эки-үч айылдашы менен санаторияга эс алганы барышыптыр. Бир күнү алар түшкү тамактан кийин коридордо баратышканда, Заман аке жерден бир пачка акча таап алат. Анан оң колун өйдө көтөрүп:

– Бул кимдики? Бул кимдики? Бул кимдики? – дептир катуу үн менен. Бул ишараттан Шады акенин жини келип:

– Убагында кап-кап акча жеп, бир да жолу «бул кимдики?» деп сураган эмес элең. Эми бир аз акчаны таап алып, өзүңдү «честный» болуп көрсөтүүгө аракет кылып атасыңбы? – деп тамашалаптыр.

Заман байке эмне дээрин билбей тилин тиштейт.

Үйгө кайткандан кийин айылдаштары эмнени көрсө эле «Бул кимдики?» деп тамашалачу болуптур.

«КИЧИ БЕЙИЛ" ИТ

Райондогу оокаттуу, абройлуу жетекчилердин биринин короосунда үйлөнүү үлпөт тою өтүп жатат. Дарбаза алдында баланча-түкүнчөлөр бел байлап кызмат кылып жүрөт. Алардын арасында колхоз башкармасы, чарк айланган кошоматчылары да бар.

Колхоздун механиги Фарман аке өзүнүн «Иж» мотоцикли менен эки-үч жолу тойкананын жанынан өтүп, ал жерге жакын бригадада иштеген трактористтердин ишин текшерип чыгууга туура келди. Механикти тил учунда болсо да тойго чакырышкан жок. Бирок тойкананын жанынан өткөн сайын бир ит үрүп, кыйла жерге чейин кууп барчу. Фарман аке дайыма күчүктү карап, колун көкүрөгүнө коюп:

– Рахмат, рахмат, кайтып келем! – дейт имиш.

Бул абалды көргөн башкарма кошаматчыларына Фарман акени тез арада тойканага алып келүүнү буйруйт. Тапшырма аткарылат.

– Эмне үчүн ар өтүп-кайтканыңда итке “рахмат, рахмат, кайтып келем” дейсиң? – деди башкарма жини келип.

Колун көкүрөгүнө койгон механик жылмайып:

– Аа, ой, бул өтө кичи бейил ит экен. Бул жактан өткөн сайын тойканага кириңиз деп кайра-кайра айта берди. Силерге караганда жакшыраак экен, рахмат айтып, кайтып келем деп убада бердим да! – деген экен.

Ошондон бери башкарманын жинине тийгиси келген адам «жакшы бир ит алайын дедим эле, саткан адам барбы?» деп сөз баштачу болду.

Өзбек тилинен которгон Нодирбек Юлдашев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз