«РухЭш» командасы: Сөздөн ишке эбак өткөнбүз!
Белгилүү тарыхчы Аида Кубатова – Алгачкы агартуучу жадитчилер жөнүндө али белгисиз тарыхый маалыматтар.
Жарандык активист, коомдук ишмер Руслан Акматбек – Колониалдык бийлик таасиринен улуттук иденттүүлүгүбүздү кантип коргойбуз?
Жеке ишкер, Түркияда жашаган мекендешибиз Айбек Сарыгул – Жалпы адамзатка орток баалуулуктардын ийгилик сырлары эмнеде?
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин доценти, адабиятчы Гүлзада Станалиева – Учур окурмандарынын талабы эмне?
Белгилүү котормочу, агартуучу Амирбек Азам уулу (Усманов) – Байыркы бабалар жолунан тайыган бүгүнкү ээрчиме элибиз жөнүндө…
Адабиятчы, Филология илиминин доктору, Үмүт Култаева – О`Шакирдин “Акын жана өкүм” поэмалар жыйнагын талдоо.
Белгилүү адабиятчы, публицист Жолдош Турдубаев – О`Шакирдин “Абактан адабий базарлык” прозалар жыйнагын талдоо.
Белгилүү басмачы, “Улуу тоолор” басма үйүнүн ээси Жумадин Кадыров – Эмнеге китеп окугубуз келбейт?
Kitep.kg басма үйүнүн ээси Кушмарбек Кимсанов – Басмачылардын китеп өндүрүшүндөгү мээнети жана дөөлөтү жөнүндө…
Форумдун модераторлору Мээрим Сайдилкан жана Адилет Бакытбек уулу.
Форумда жандуу оркестрдин коштоосунда кофе-брейк жана китеп жарманкеси уюшулат.
Форум 12-январь, саат 12:00дө Novotel мейманканасында!
Сурап-билүү WhatsApp +996 700 532 585
Адабий Форумга катышууну каалоочулар үчүн төмөнкү шилтемеде алдын ала катталуу жүрүүдө>>>>>
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.