
Далластын Техас университетинде “Mundus Artium Press 2025” сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Адабият, журналистика, көркөм өнөр багытында берилүүчү эң абройлуу сыйлык бул жолу “Жылдын мыкты жазуучусу” деген номинация менен өзбек прозаиги Назар Эшенкулга ыйгарылды.
Ушул сыйлыкка удаа эле Анкара шаарындагы “Түрк тил коому” (“Türk Dil Kurumu”) да Назар Эшенкулга мыкты чыгармаларды жараткандыгы үчүн түрк дүйнөсүндөгү эң кадыр-барктуу өз сыйлыгын тапшырды.
Биз Назар Эшенкул мырзаны жогорудагы эки сыйлыкты алышы менен куттуктайбыз жана кыргыз окурмандарына анын бир аңгемесин тартуулайбыз.
АҢГЕМЕ
Жүз жылдан бери терсаталыктардын урматы жана сыймыгы болуп келген, эми болсо заманбап курулган бийик, келишкен үйлөрдүн алдында беттеги чыйкандай кыштактын көркүн бузуп турган жана айылга эскиликтин жышаанын берип аткан, сырдуу жана коркунучтуу окуяларга толгон байыркы коргонду эстетүүчү Байна апанын үйүн такыр талкалоого жана бүтүндөй жок кылууга өкүм кылынган эстеликтей биротоло бузуп салууга киришишти.
Темир тырнактуу бульдозерлор үйдүн дубалын кулатып жатканда, үй менен кошо өздөрүнүн да бир нерселерин бузуп, талкалап жаткандай терсаталыктар бир четте жым гана байкап турушту жана нак элүү жылдай тагдырдын ырайымсыз оюнуна каршы күрөшүп жүрүп бу ааламдан жалгыз жана изсиз өтүү азабын көтөрүп келген, турмуш-жашоосу такыр түшүнүксүз, туман туюла турган Байна апаны эстеген аялдар көздөрүнө жаш алып, балдарын боорлоруна кысканча, узак жана кайгылуу эскерүүлөргө чөмүлүп, муңайыңкы абалда отурушат.
Байна апа тирүү кезинде, бардык бул аялдарды, күйөөсүнүн палвандык буюм-тайымдары жана кийим-кечектери жаткан, палвандын өлүмүнөн кийин эч качан чырак да жагылбаган, үйдүн дарчалары бүт шыбалып ташталган жана үжүрө сыяктуу караңгылык баскан үйүнө эч кимисин киргизбеген болсо да, алар ачуусу менен азабын, кегин кыйынчылык менен ичине жутуп келген бул кемпирди урматтоо менен жана жылуу маанай менен эстешет эле. Бул үй Терсатада салынган биринчи тамдардан. Райим палвандын атасы Шүкүр аксакал мындан бир кылым мурда жарык дүйнөгө келет деп күткөн болочок перзенттерине кең үй жана жылдан-жылга көбөйүп аткан жылкыларына аткана салуу максатында Терсата сайынын күнгөй бетине кыштактын биринчи үйүнүн биринчи пайдубалын баштаган эле.
Райим палван атасынын ошол ишин улантты: тамаркасына бак өстүрдү, аткананын жанына кырга туташтырып, жай саратанында эт-майларды, кымыз-айрандарды сактоо үчүн кең жертөлө, үйдүн алдына таштан бийик супача, ат беймарал кирип чыгып кетер түркүктөр менен тиретилген узун айбан курду.
Байна апа жалгыздык менен шерик болгон элүү жылга чамалаш өмүрүн дал ошол түркүктөргө жөлөнүп өткөрдү: ал күйөөсүн жана уулун аябай-аябай сагынып эстегенде ушул түркүктөрдү кучактап-кучактап өксүп алчу. Кийинчерек көз жаштары да кургап түгөнгөн соң өмүр жолунда артында сүйөнүчү, өлгөндө ыйлап жоктоп калары болбогонун адамдардан жашыруу үчүн же эми мезгилдин салып жаткан издеринен кутула албай эскирип бараткан үйдү бузулуп, тозуп кетүүдөн куткарып калчудай, желкесин түркүккө сүйөгөн абалда эскерүүлөрүнүн сынык бөлүктөрүнө тигилип, көздөрүн жумган бойдон сүкүт сактап, сааттап, а түгүл күндөп отура берер эле.
Райим палвандын өлүмүнөн кийин туулган жана ал тууралуу кийинчерек эстеринен чыгып кеткен муундун сөздөрүн гана угуп улгайган көпчүлүк бышык кыштар менен астын көтөрүп, келиштирип үй сала баштаганда, бир кезде Терсатанын көркү жана мактанычы болгон бул үй эми көрксүз көрүнүп, Байна апа сыяктуу үй да кыштактагы заңгыраган тамдардын астында жалгызсырап калды: бир гана бири-бирин басып-түртүп кирип келаткан шашкалак жылдар бул муундун эс-тутумунда кандайдыр алыс калган учурдун элесин эстетип коюу үчүн үй дубалдарына бир нерселерди жазып, сызып салышат, бул жер өзүнүн бир кездеги көркүн, кудуретин жоготуп болгон, унутулган, а түгүл таштанды бир жайга айланды. Терсаталыктар эми аэропландар тууралуу сөз кыла баштаган. Алар замандын күн санап өсүп-өзгөрүп баратканына жетише да албай атышкан. Жылдар менен бардык нерселер өзгөрөт, бир гана Байна апа аны сезбейт, ал үчүн убакыт-саат баягы учур бойдон катып калгандай, аны мындан элүү жыл абалкы учурдан – күйөөсү менен уулунун өлгөн денесин аскерлер тепкилеп өткөн түркүк алдынан табуу гана мүмкүн эле.
Милийсалар, аскерлер үйдүн бурч-бурчунан жапырылып кирип келгенде Байна апа күйөөсүнүн жансыз денесин кармап турат эле. Райим палванды колго түшүрө албай жүргөн Заман атбагар аны үйүнөн чыгып баратканда эле атып салган, эми болсо палван чын эле өлдүбү, жокпу милийсалар менен бысып, аңдып айбанга жакындашып келишти. Бирок ушул убакта дагы бир октун үнү угулду. Райим палвандан көзүн албай келаткан аскер буттарын кучактап кыйкырып жыгылды. Байна апа мейманкана эшигинен чыга бериште атасын атып таштаганын көрүп, үйгө чуркап кирип кеткен, эми колуна атасынын мылтыгын кармап турган уулун көрдү – баласынын көзүндө да күйөөсүнүкү сымал каар, өч жанып турган. Байна апа уулун токтотушка үлгүрбөдү. Ошол учурда дароо эле бир нече катар атылган ок анын кулагын бүтүрүп таштады, уулу атасынын үстүнө бети менен жыгылды – жыгылып атып, эми эле түк ала баштаган муруттары титиреп, апасына коркуу аралаш кыжаалаттык менен бир тиктеп койду. Заман атбагар жүгүрүп келип, анын башына тепти жана мылтыгын алып ары ыргытты.
Айылда аскерлерден башка эч ким көрүнбөйт, адамдар сууга чөккөндөй кайып болушкан, бир гана терезелерге тартылган кара пардалар бул коркунучка капарсыз жана тиешеси жоктой карап турган.
Байна апа терсаталыктарды кечире албады – көкүрөгү октон тешилип кеткен уулуна карап Заман атбагар дагы бир нече жолу ок чыгарды. Апа болсо жардам болор бекен деп үйлөрдүн дарчаларын жаап турган кара чүмбөттөргө бир-бирден карап чыкты, бирок алардан суук сүкүттөн башка эч нерсе көрүнбөйт, наадандыкка баткан дарчалар бул адам чыдагыс кыянаттыкты тек гана тамаша кылып карап тургандай.
Милийсалар Райим палван менен уулунун өлгөнүнө толук ишенген соң аттарына минип жөнөй бергенде, Заман атбагар эри менен уулунун денесинин үстүндө чөк түшүп отурган Байна апанын башынан ашыра жонуна катуу сабады:
– Эми кар болуп, зар болуп өтүп кетесиң! – Кырылдады ал. – Малыңды тапшыр дегенде эриң колуна мылтык алып биз менен мышык-чычкан ойноду. Мына, эми ага эч нерсенин кереги жок!
Милийса Райим палвандын короодогу бадасын, аттарын айдап кетти.
Заман атбагар жылкыларды айдап баратып, атасынын өчүн алышы мүмкүн болгон баласын да атып салганы үчүн өзүнө-өзү ыраазы болуп атты, ал ушул кетип атышында айылдын көп нерселерин кошо айдап кеткендей болду, эми бул айыл мунарасы кулаган шаардай карып жана көрүмсүз болот.
Он беш жылдан соң Заман атбагар айылга кайтып келгенде кыштактан береке-пейиз кетип, адамдар дагы да боор ооруй тургандай, коркок болуп калгандай. Ал Райим палвандан соң ташталып калган абалда турган сай боюндагы бакка кең кылып там салды, ал бакка ошол үйүн куруу үчүн эч кимден уруксат да сураган жок. Эми ал өзү бул кыштакка алып келген заман абасынан дем алып аткан айылдаштарын көрүү үчүн атын алкынтып, артынан бир топ аңчылык иттерин ээрчитип айланып жүргөн эле, дал алдынан желкесине отун көтөрүп келе жаткан Байна апа чыкты. Байна апа карып калган, бирок көздөрү дале болсо он беш жыл мурдагыдай заардуу жана кектүү эле.
– Сен мага мындай караба! – Заман атбагар камчысын төбөдө силкилдетти. – Эриң бул жерде болбосо башка жерде баары бир өлгөн болот эле. Сен болсо кабатырланба, өлсөң, мына бул иттерим көмөт! – Ушундай деп ал бөрүбасарларын көрсөттү.
Бирок ал бул жолу Байна апаны урбады. Байна апа да ага бир ооз ашыкча үн катпады. Деги эле ал күйөөсүнүн жана баласынын өлүмүнөн кийин сүйлөбөс болгон. Ал Раимдин атасы Шүкүр аксакал өз пейилине жараша узун-туурасын кеңири кылып курган бөлмөлөрдө куду бир нерсени жоготуп ийген сымал максатсыз басып жүрөт эле, эми бул келме-кезек дүйнөдө жалгыз жана кароосуз калган эле, бирок өзүнүн кайгы-капасын эч качан билдирбейт, а түгүл ал-акыбалын сурагандарды да жаман көрөт, турмушун эч ким баш бага албаган, кол тийгис бир мамлекеттей ал жакка бир да киши, кала берсе сөзү менен да киришине жол койбойт эле. Эрте жаздан кеч күзгө чейин таң заардан алдына беш алты кой-козу, эчки-улак айдап алып дарыя боюндагы жылгынзарга түшүп кетер эле, ал жерден куурап калган куурайларды, бутак-шактарды терип, караңгы түшкөндө үйүнө кайтат, бир жылда эки-үч жолу тегирменге ун кылуу үчүн буудай көтөрүп барат. Анын жонуна буудай көтөрүнүп барышына арданган Алламурад тегирменчи Байна апага ылтымас кылды:
– Сиз мындай убара болуп жүрбөң, – деди ал, – каттаган эркектерден берип ийиңиз, а тартылып бүткөндө унуңузду өзүм үйүңүзгө алып барып беремин.
– Бул айылда эркек жок! – деди Барно апа зарда менен, анан желкесиндеги буудайды тегермендин кире биришине күп этип түшүрдү. Муну айтып атканда ооздору көгөрүп титиреп кетти. Тегерменчи тилин тиштеп тим болду.
Байна апа бир убакта жалгыз айылдын гана эмес, бүтүндөй тоолуу элдин кадыр-баркын көтөргөн, атын чыгарган Райим палванга кулак деп айып тагышына, анан иттей кор кылып атып таштаганга жол койгону, уулу менен күйөөсүн жаңы замандын ээси, бир убакта Райим палвандын малайы болуп жүргөн Заман атбагардын ыктыярына берип койгону үчүн айылдаштарын кечире албас, аларга болгон кыжырдануусу азаюу ордуна, жылдар өтүп, ата-бала өлтүрүлгөн кечтен алыстаган сайын көбүрөк орду жана кадыры билинип жаткан, өзүнүн турмушунун бардык кубанычынан биротоло ажыраган, жалгыздыктын кордугу менен жашаган Байна апанын карылыгы менен бирге биротоло эч нерсени жактырбай, эч чарасыз болуп барат эле. Кээде ал айылдаштарын ачык эле келекеге салат: «Э-э, сенсиңби, Салам көсө, катыныңдын ыштанын дагы эле кийип жүрөсүңбү дейм», «Хаким, чабандессиңби, мынча байталга окшоп кыйшалактайсың…», «Бул айылдын катындары эми жалаң кызтеке туушат»... Мындай шылдың кептер жылдардын жылып өтүшү менен Байна апаны айыл адамдарынан биротоло ажыратып салгансыды. Эми ал жалгыз жана эч бир адамдарсыз калды.
Аны айлап да эч ким издебейт, бир гана эрте менен эчкилерин жылгынзарга айдап баратканынан, кечкурун айыл аралаган кайнаган сүт жытынан али тирүү экенин гана билишет. Байна апа өз жалгыздыгын жана ташпиштерин турмуштун сасык, мүшкүл, кор болгон жыттары аңкып жаткан жылдардын агымынан жетелеп өттү. Айылдаштары жаз келиши менен мурдагы жайлоолоруна көчүп чыгат жана жер тытмалап, ар ким өз тиричилиги менен убара. Кыштакта калган Байна апа болсо бул убакта жалгыздыктын жерин айдап, ал жерге ар жылы Заман атбагар өкмөт адамдары менен келип, күйөөсүн, баласын атып таштаган бир кечти эгет жана анын түшүмүн да жалгыз өзү жыйнап алат. Байна апа ар түндө көз жаштары толгон кайыкта жылдар бүктөмүндө калып кеткен күйөөсү менен уулунун окко тешилип кеткен жансыз денеси жана Заман атбагардын канга боёлгон камчысы жаткан айбанга сүзүп барат, эртелеп болсо суу болуп кеткен жаздыгын илгерки өткөн адамдардын унутулган желегиндей үйдүн алдындагы – арадан көп жылдар өткөн соң үйүн бузуп аткандар көмкөрүп таштоого күчтөрү жетпеген, туш тарабынан казып алууга мажбур болгон бийик талга асып, күнгө кургатат. Кышта болсо камдап алган отуну жетпеген күндөрү жуурканга буттарын сунуп киргизген бойдон эскерүүлөрүнө жылынып жан сактайт. Ражаб көсө туугандык кылып, бир нече жыл мурда даярдап берген отуну кампа артында тизилген бойдон бузулбай турат эле, аны Байна апа каза болгондо зыйнатында жагышты. Бардык терсаталыктар Райим палван тирүү кезинде баарынын кеңешчиси болгон, аны бардык меймандар жана жаш палвандар менен толуп-ташып турган бул аялдын мынчалык каргышы менен терс кароосуна неге мынча татыктуу болушканын, күнөөлөрү эмнеде экендигин бир өмүр биле албай өтүштү. Байна апа айылдаштырына атайын көрсөтүү үчүн, бул үйдүн эркектери жана ариет-ары өлбөгөнүн билдирүү үчүн күйөөсүнүн, баласынын палвандык жактектерин ар айдын акыркы күндөрү ансыз да жалпынын көзүнө даана көрүнүп турган тартмаларга жайып коёт эле: жактектер бара-бара жылдардын изи менен, ар бир айда кайра-кайра жуула бергендиктен кыжыр толгон чеңгелдерге туруштук бере албады: Заман канкордун өлүмүнөн бири жактек көйнөктөрдүн эски пахталары тоголоктошуп, оодасы чыгып асылып турган, алар эми кийимге окшобой эле көбүнчө кабырлардын үстүнө илип койгон чүпүрөктөргө окшоп калган.
Заман атбагардын өлүмү да Байна апанын дилин жибите албады: анын өлүмү тууралуу кабарды угузуп келишкенде Байна апа өз үжүрөсүндө келиндик сандыгынын жанында чөк түшкөнчө баягы түгөнбөгөн ой-санааларына сапырылып отурган эле, анын бул турушу азап-тозоктун бир чогултулган түйүнчөгүнө окшоп турган.
Үжүрөгө баш баккан Разия апа ага Заман атбагардын өлүмү тууралуу кабарды жеткирди. Ага кошо кирген аялдар азыр эми Барна апа кубанычтан ар бирин бирден кучактап чыгат деп ойлошкон. Бирок ал бул өлүм кабарын аксөөктөрдөй кадыресе кабыл алды: бул кабардан кубанган да жок, отурган жеринен босогодогу аялдарга бурулуп да карабады – эстеликтей, таштай катып отура берди. Бир гана негедир анын бармактары калтырап турган, бөлмөгө болсо кан жытындай жыт сиңип калган. Аялдар андан бир сөз чыгат деп бир кыйла отурушту. Арадан бир топ өткөн соң, Байна апа аларга көңүл коюп да карабай, аларды карап туруудан иренжигендей, жийиркенгендей таризде «Баргылы, өлүгүңөргө ыйлагала» деди. Анын каар зарда менен чыккан доошу көптөн бери башка адам буту баспаган үжүрөсүнүн ичине сиңип кетти: бул үндөн калтырап жыйырма үч жылдан бери топтолгон чаңдар менен желелер ордунан бир козголоп койду, анан кайра эле бул жерге баягы кайгы менен жымжырттык түбөлүк ээлик калып калды...
Ушундай кийин Байна апа, кайгы менен шор биротоло жеп бүткөн бул аялдын жылдан-жылга кичирейип, карып баратканынан, беттери тилик-тилик кылып таштаган бырыштардан уялгандай тез-тез ыраңы өзгөрүп, куду боз топурак сымал түссүз, ыраңсыз көрүнүшкө келип калган. Эч качан жонунан түшпөгөн желеги менен жүзүн аялдардан тосуп алды, ушуну менен ал терсаталыктар жана адамдар менен орнотулган бардык мамиле-байланыштардын эшигин тарс жапты, бир гана өзүнө гана маалым, башка эч ким туя албаган, башка бирөөлөрдүн аңдоосуна күчү да жетпеген өз дүйнөсүнө кирип кетти. Байна апа эң соңку дем алуусуна чейин айтканынан кайтпады. Заман атбагардын оо дүйнөгө узашынан кийин дале айылдаштары менен мамиле кылып кетпеди. Өмүр соңуна келип калганда бу өжөр кемпир булардыкына барып жашашына ишенбеген соң сиңдиси күйөөсү менен аныкына көчүп келди, бул кезде Байна апа эшик-эликке да чыгууга жарабай, күн бою алсыз каректери менен шыпты карап гана телмирип жатып калган...
Байна апаны күйөөсү менен уулунун жанына коюшту, элүү жыл мурдагы мүрзөнү дароо эле табышты, кабыр ар жума мизилдетип тазаланып тургандыктан башкалардан ажыралган, андан кайгы менен азаптын жыты чыгып аткандай эле. Анын Райим палвандан соң дээрлик жаңыланбаган, кала берсе аларга да кайгы менен жалгыздыктын жыты сиңишип калган көйнөктөрүн эл лапарларын жыйноо үчүн келип, куруп кетишкен жана ошол студент кыздардан соң бир жолу да пайдаланылбаган тартылган жипке узакка созулган уруштан кийинки аскерлердин өздөрүнө олжого калган тууларын асып коюшкандай, айылдаштарынан элүү жыл ажырап калган аял үстүнөн жеңишке жетишкендей бир-бирден илип чыгышты.
Студент кыздар ошондо Заман атбагардыкына айыл аялдары башыра тургандарын чыз-быз кылып аткан шам аралаш келишкен. Алардын келиши менен Заман атбагардыкында башталган той убаралары кошулуп кетти. Бирок кыздар айылдыктардын ырымдарын назарга да илген жок. Байна апаныкына келе калып кирлерин жууп киришти – алар үч көйнөк, жоолук жана Байна апага кызыктай көрүнгөн шымдарын уялбай-нетпей жууган соң көз көрүнөө жерге беймарал илип ташташты, алар Мели агайдын «айылдыга эң кары аял» деген бир ооз кеби менен Байна апаныкына келип жайгашышкан, чамасы, тез күндө кете турган баштанбайт. Байна апа баягыдай эле алардын бирөөсү менен да ачылып сүйлөшпөдү. Ал кечкурун эчки саай баштаганда кыздардын бири да эчки сааганды билбейт экен, ызы-чуу кылып ийишти. Кыздардын бир-экөө Байна апага жакын келип, анын эчки желинине барып-келип аткан тарамыштуу как колдоруна карады: милийсалардын азабы колуна чыккан, куду үйдүн дубалы сыяктуу азаптуу жылдар укалап, убалап, жууруп, кипкичинекей кылып таштаган дене-боюн бир аз алдыга ийип турганы үчүн өзү да андан бетер кары, азгын эчкиге окшоп калган.
– Эгер уулуңуз болгондо мен сизге жан дилим менен келин болот элем, – деди кыздардын шогурагы Байна апанын эчки саап отурганына авазы кылып.
Байна апа ага акырая бир карады, ошол кезде көздөрүндө кусалыктын, кызганычтын оттору жанды: кыздар коркуп кетти, көз алдыларында Байна апанын бүт денеси түтөй баштагандай туюлду. Кыздар ошол түтүндөн чыккан ыш жытын сезишти. Байна апа ордунан турду да, колундагы сүтүн супага коюп, ичкериге кирип кетти. Ошол кириши менен эртеси эчкилерин айдап чыкканча кайра чыкпады. Шашке ченде эчкилерин айдап баратып, кыздарга бир ооз сөз айтып да койбоду. Ал куду бригадирдин атындай бир жолу менен кетип барат, эчкилери жылгынзарга эмес, Полот чалдын беде аңызына карап кетип атканын да сезбей, жылгынзар тарапка кете берди.
Полот чал ичтери көөп кеткен эчкилерди айдап келгенде Байна апаны үйүнөн таба албады: ал түн бир убакта ай ар тарапты сүттөй жарытканда акырын кирип келди да үйүнө кирип кетти, ошондон кийин милийсалар издеп келгенче бөлмөсүнөн чыкпады. Кыздар апта бою анын оозун аңдып убара болушту да, эч нерсени айттыра албай кайра кайтышты. Алар үй алдында пайда болору менен үйдүн эскилиги андан бетер ачыкталды. Кыздар жапжаш, шатыра-шатман, чыйралуу эле, Байна апа менен анын үйүнөн кайгы менен карылыктын жыты келет, жаштыктын, сулуулуктун алдында бул үй менен бул кемпир өлүм алдына келип калган абалда тургандай эле. Жаштар бул үйдү биротоло ээлеп калган жалгыздык менен кайгы баскынын чочутуп, аларды алыстарга айдап жиберчүдөй тынбай каткырып күлүшөт. Студент кыздардын ачык-чачыктыгы, денелерине жабышкан тар шымдары менен көйнөктөрү, кыска чачтары, бир кызыктай, аппак байпактары да насилинен тамашаны жакшы көрөр терсаталыктардын көңүлүн бура албады. Алардын шаардык атыры уруп турган наздуулугу, жаштык чырайы сырдуу өлүм менен оо дүйнө кеткен атбагардын азасы астында көзгө илинбей да калды.
Перзент жытына көпкө зар болгон Заман атбагардын кырктан ооп көргөн үч уулуна бир күндө элден башкача той кылуу үчүн жогорку мартабалуу конокторун жеке өзү барып чакырып келүү үчүн шаарга түшүп кеткенден эки күндөн соң эртелеп дарыя боюндагы жылгынзар ичинде ичеги-карды чубалган бойдон таап алышканда, тойдун казандары асылып, алыс-жууктан меймандардын алды келе баштаган. Узак жылдар бою өздөрүнө сүйөнүч болуп келген атбагардын өлүмү куду душмандардан өздөрүн коргоп турган коргондору кулагандай терсаталыктырды капыс эле эсин эки кылып койду. Алар жыйырма беш жыл бою өздөрүнө тирек болуп келген адамдын өлүмүнөн кийин катуу кайгыга батышты.
Эртеси эле жетип келген милийса кызматкерлери айылдагы ар бир эркек менен сүйлөшүп, анан алар Байна апаныкына жол алышты. Алар кокус эле жыйырма үч жыл мурда ушул атбагарга байланышкан күйөөсү менен уулунан ажыраган аялды эстеп калышты. Бирок улактар арасында жүргөн кенедей, жүзүнө азаптуу жылдардын каары басылган, жалгыздыкта эзилип бүткөн кипкичине, арык жана суюк чачтары аппак араңжан кемпирди көргөндө негедир батынышпады – алар алдындагы үйлөп койсо учуп кетер кемпир менен дөөдөй Заман атбагарды элестетип, күмөн кылгандарына да уялышты, анан эч нерсе айтпай кайра артка кайтышты. Анан калса, алар Байна апаны сурак кылса дале эч нерсеге жетише албайт эле, ал кийинки жылдарда бир ооз да үндөбөгөн, сөз жана алардын мааниси анын эсинен такыр чыгып кеткендей, а түгүл акылын жоготуп алгандай, өз кайгысы, күлпөт-азабы менен күндөрдү араң-араң жеңип жашап аткан эле...
Заман атбагар ит өлүм менен өлүптүр. Өлүктүн ушул турушу адегенде өзү, кийин төбөсү кулап түшкөн бийик мунараны элестетет – кийимдери дал-дал болуп тытылган, аврати үзүп ташталган, бармагынын баары – ону тең кесип ташталган...
Баарылап бармактарды издешкени менен таба алышпады. Акыры сөөктү бармактарсыз көмүүгө мажбур болушту. Аялдар доош кылып ыйлашып жатат, алар чачтары кардай аппак, турпаты арбакка окшоп калган, айылдаштарынын эсинен дале чыгып кеткен Байна апа үйүнүн үстүндө Райим палванды иттей атып таштоодон бир нече мүнөттөр алдын атына ээр токуу үчүн алып чыгып келатканда ок тийип, жылдар майда-майда кылып тытып таштаган ат жабуунун үстүндө чөк түшө той деп келишип, аза үстүнөн чыккан меймандарды, той беремин деп эми аза зыйнатын өткөрүп жаткан айылдаштарын карап, куду эңсеп жүргөн тилеги орундалгандай, эми бул дүйнөдөн арманы калбагандай, жылдар айдоо салып таштаган бети бир заматта акылдан айрылгандай каткан абалда терсаталыктардын турмушуна жыйырма үч жыл көлөкө түшүргөн таш айкел сыңар былк этпей карап отурду.
Кантип эле бул кемпирдин азаптуу китеби окулуп бүттү, ал кадыр түн күтүлүп аткан кечте жыгачтын жана көп жылдык кусалыктык жыты сиңип калган, элүү жылдын бир түнү да жай албаган кайгылуу буюму – келиндик төшөгүндө жым гана жаны үзүлдү. Жаны чыгар астында сиңдисин чакырып жыйырма жылдан бери ачылбаган, алтымыш жети жыл мурда Терекли деген жердеги Көр Сафар деген уста келиштирип жасаган, эми болсо жарымы жемилип, жешилип бүткөн сандыкка карап ым берди, андан ары бир ооз кеп айта албай жым гана кете берди...
Аны эртеси түшкө жакын чыгарышты. Салт боюнча аза жаназасына Уранын бардык айылдарынан адамдар терилип келишти, амир замандарын көргөн, аркы кылымдын соңку эстелиги болгон айылдаштарын акыркы сапарга узатууга кары-жашы чогулду. Келгендердин арасында Райим палван менен анын уулун коргой албай, Байна апанын өмүр бою наалатына калган, ошол убакта келишкен жигит болсо, эми сөпөйүп сөөлөтү качкан чалдар да бар эле. Алар ортодон элүү жыл өткөн, бул унутулган, суук жайга биринчи жолу кадам коюшкан, табыт артынан күнөөлүүдөй гана башын жерге салып унчукпай баратышат...
Сөөктү сууга алардан мурда сандыкты ачышты. Адегенде кемпир өлүмүнө деп атап койгон кепинди, кийим-кечелерди алышты, соң сабы карайып калган камчы, сабына гөөхар орнотулган канжар, эркек кишинин тери жыттанган топусу, көкүрөккө тагар чынжыры, кемпирдин колунан такыр көрүнбөгөн келиндик билерзиги, этеги кештелүү, жакасына тасма оролгон кең көйнөк, оймок жана саргайып кеткен Куранды сандыктан алып чыгышты. Эң акыркы сандыкта түйүнү бекем байланган, кептердин жүрөгүндөй кичине, чүпүрөгү зер зым менен тигилген, көп жылдык кан катып калган тумар жана заңдаган кайчы, узак мезгил турганы үчүн муун-муун болуп, бир гана сөөктүн өзү калган, анысы да карамтыл түс алып, күкүмгө айланууга аз калган, курдун айрындысына чала-була ороп коюлган адамдын бармактары да табылды, алардын саны туура он экен...
Өзбекчеден которгон Абдыкерим Муратов
Назар Эшенкул 1962-жылы Кашкадарыя облусунун Камаши районундагы Терсата айылында туулган. 1986-жылы Ташкент мамлекеттик университетинин журналистика факультетин бүтүргөн. «Уруш одамлари» (1988) деген алгачкы чыгармасынан кийин «Момо кўшиқ» (1989), «Маймун етаклаган одам» (2001), «Шамолни тутиб бўлмайди» (2004) ж.б. китептери чыккан. Ф.К.Аниттинин аңгемелер жана повесттерин, А.Камюнун эсселерин, А.П.Чеховдун аңгемелерин өзбек тилине которгон.
Анын бул аңгемеси Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептеринин өзбек адабияты предметинин окуу программасына киргизилип, 11-класстарда окутулат.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.