Абдил Шерматов: Арман

  • 07.01.2025
  • 871

– Ассалому алейкум!
– Уалейкума ассалом!
Кимсиң балам? Кай жактансың?
Ызаат кылып ата салтын сактаган,
Москвада эмне кылып жүрөсүң?

– Студентмин. Кыргызстандан келгенмин.

– Отур анда. Кабарын айт эл-жердин.

– Чүйдөн болом. Атам, апам колхозчу.
Бизди тартпай окугун деп зордошчу.
Кыштыр-жайдыр иштейт тынбай күнү-түн,
Жалгызсың деп мага байлап үмүтүн.
Быйыл бүтөм. Диплом алам буйруса.

– Мен да сендей Кыргызстандан боломун,
Менин да бар кантип келген “жомогум”!
Ага сөздү коротпой-ак коёюн.
Уккандырсың? Раззаков дегенмин.

– Уккам, уккам оозундасыз көп элдин.
Сиз жөнүндө окуганмын, билемин.
Ичте жүрчү көрсөм деген тилегим...
Мунун баарын айылга айтып барамын,
Атамды абдан кубандырат кабарым.

– Сен аларга менден ысык салам айт...

– Атам айтчу: “А кишини каралап,
Ак жеринен жабыштырган жаман ат”.
Азыр деле ушакташмай, асылмай,
Калбайт окшойт иренжиткен ал адат,
Уятсыздар уяттууну боздотуп.
Эмнегедир көп ишене бербеймин,
Саясатта жүргөндөргө топтошуп.
Таң калтырат жоруктары алардын,
Абай салсаң бир аз акыл токтотуп.
Үстүңкүсү астыңкысын булгаган,
Кетет кээси тоокторго окшошуп.
Ошондон го арыз жазат, асылат,
Ар бир сөзүн айгак менен октошуп.

– Таң калба ага, издебе ага ылаажы,
Арызкөйдүн түк түгөнбөйт сыясы.
Айткандарын териштирген киши жок,
Кайсысы калп, кайсынысы ырасы.
Ал иш билген, эл ээрчиткен жан эмес,
Аны азгырган көпшөк амбициясы.
Стөлгө көз кызартышып бут тосуу,
Бул тарыхтын илдет-рецидиви.
Бул бүлүнтөт, алсыратат өлкөнү.
Антпейт саясатчылардын ириги.
Орнобосо мыйзам диктатурасы,
Колдон колго өтөт калптын буйласы.
Бийлик эңсегендерге бул маш ылаң,
Курмандыгы болгом – кантип жашырам?
Териштирем деп теңелип аларга,
Анын баарын козгоп кайра не кылам?

Бийлик башы болор адам тазабы?
Он толгонтуп ойлонтобу азабы?
Эстейби аның көр оокаттан безерин,
Жетеби эрки башкарганга мекенин?
Кандай оор, чыр маселе чыкса да,
Анын кызыкчылыгы үчүн чечерин?
Кылчактабай соттоп, камап, кубалап,
Каргыш угуп, жек көрүнүп кетерин?
Жон териси менен сезет түшүнсө,
“Өкүмдарлык таажы” оор экенин.

– Көп болуптур. Жүрүпсүз эс алууда,
Көңүлдөнбөдүңүзбү элге барууга?

– Кызматымдан түш көргөндөй түшүрдү,
Бирок: “Келбе!” – деп алган жок үшүмдү.
Өлкөнү өркүндөтөм деген максатка,
Толук жумшай албай калдым күчүмдү.
Дилетанттар креслого жулунган,
Идеяларыма жаба түкүрдү.
Кантип барам намысымды кор тутуп,
Же аларга жагып жашаш үчүнбү?

Жаның сүйгөн ишке көөнүң тоорулуп,
Делөөрүтсө идеялар чогулуп.
Күч сезесиң иштеп тоону томкорор,
Аны айталбай жалтактайсың корунуп.
Анан алар суу ичпеген көчөттөй,
Акырындап калат ичте соолуп.

Мен ал үчүн күнөөлөбөйм бирөөнү,
Таңуулабайм көкүрөктө мүдөөмү.
Аны билсе билет, балким, айттырбай,
Жаратманчыл жандын жалын жүрөгү.

Кээде олтуруп өзүмө-өзүм таңгалам:
Багымды ачар кесип турса сандаган,
Жетеленип жээликтирген ойлорго,
Кайдан жүрүп бул кызматты тандагам?!
Азыр минтип кур намыска кул болуп,
Баралбадым элге элетте жардаган.
Калп каткырып, кара күчкө жылмайып...
Мен ошентип жашагандан арданам.

– Сизди башчы дешчү экен эл сыйлаган,
Иш баштаса бүтмөйүнчө тынбаган.
Сөзүңүздөн бир нерсени байкадым,
Көкүрөктө арман бардай кыйнаган.

– Билесиңби, анда ажайып жаз эле,
Ишке келгениме болгон аз эле,
Компартия койду бир топ маселе.
АКШга жетиш үчүн бат эле,
Тез жайылтып техникалык билимди,
Технология жана терең илимди,
Көп-көп завод, фабрикалар курулду.
А улуттук кадрлар аз, жетишпей,
Республика кыйынчылыкка урунду.
Өздөштүрүш үчүн билим сырларын,
Окутмакчы болдум эне тилимди.
Технология сырын эч ким бөлүшпөйт,
Экономика ансыз байыбайт да, өнүкпөйт.
Жаңы багыт мына ошондо ачылмак,
Оңой болмок планды ишке ашырмак.
Деп ойлогом: “Жолун таап энтелеп,
Өнөр жайды өстүрө алсак эртерээк.
Жаштарыбыз жапатырмак үйрөнмөк,
Тетик, буюм жасаганды кештелеп.
Анан чыгаан инженерлер чыгышмак,
Техниканын татаал сырын чечмелеп”.
Сен айрылсаң жаның сүйгөн ишиңден,
Чечилбестен калса план тизилген,
Өкүнүчтүн өртү каптап өзөктү,
Вулкан турат жарылганы ичиңден.
Шарт өзгөрдү, иштен кеттим айла жок,
Анын баарын айткан менен пайда жок.

– Бүтсөм мен да бир кызматкер болормун,
Билбейм анын көңулүмө толорун.
А, балким, ал мен күтпөгөн чоң орун.
Турмуш мага таштайт кандай соболун?
Муну ойлосом оюм он да ичим чок,
Көзүмдү ачып түшүндүргөн кишим жок.

– Күндөр болот бүт жан дүйнөң какшыган,
Ойлор талайт канжалатып аткыган.
Сыр алдырбай ичтен сызып тымызын,
Жашай билгин үмүт үзбөй жакшыдан.

Жаштык деген тапка келген тулпардай,
Жүрүш кыйын ыдык көрбөй, мушталбай.
Азгырылбай утурумдук нерсеге,
Максатыңды тизгиндеп ал куткарбай.

Жаш кезекте дүйнөң кенен жайкалат,
Жан жагыңда байлык, сулуу ай тамак.
Лапси тартып кетсе ошол тарапка,
Өр таянып өлкөң өспөйт кайкалап.

Жаш жетекчи өзүн тыйып койбосо,
Же сен, же мен, же ал таза болбосо,
Өлкөң дагы, элиң дагы жарыбайт,
Эске тутуп жашагының ойду ошо.

Мансап деген мелт-калт суусу кесенин,
Ичкиң келсе күткүн – келет кезегиң.
Маңдайыңда келечектин эшиги,
Суктандырат сенин жапжаш экениң.
Жаным кейийит кыргыздардын ичинен,
Байкап калсам ой-чабыты бечелин.
Турмуш башка кандай күндү салса да,
Жүрөгүңдө жүрсүн дайым Мекениң.

Сендей кезде мыктысы элем бир көчтүн,
Жазмыш экен элден алыс күн кечтим.
Адегенде жайлуусынган ушул жер,
Ата Журттай боло албасын билбепмин.

Көрсө Мекен ой-санааңды дүргүтүп,
Калат тура жаның менен бир бүтүп.

Сен Мекенди кете албайсың көтөрүп,
А сагыныч бирге жүрөт көшөрүп.
Үмүтүңдү чырак кылып жашайсың,
Кусалыктан бүт жан дүйнөң өзөрүп.

Анан кээде бүткөн боюң чымырап,
Элиңди эстеп эт жүрөгүң жылынат.
Көз алдыңа булакташып элестер,
Сыйкырдуу бир доош арбайт шыбырап.
Көктө асылган торгой болуп томуктай,
Чымыратып бүткөн бойду ыр ырдайт.
Ошондо укмуш кыялдарга туш болуп,
Мекенге учуп кеткиң келет куш болуп.

Мен тандадым дечүм турмуш оң жолун,
Эске албапмын анын чама-болжолун.
Ишке ашпады алоолонткон тилектер,
Максат көздөп жол талашкан ойлорум.

Алар кетти менден четтеп, кыялап,
Кайчылашкан ойлор жанды уялап.
Күндө өзүмдү соттоймун же актаймын.
Мындай жашоо башка түшкөн кыямат.
Атаганат, көзүм тирүү кезинде,
Ала-Тоомо кылар бекем зыярат?!!
“Же сөөгүм бөтөн жерде калабы” –
Десем көздөн ыпысык жаш куланат.

Жан куйкалап сагынычтын аптабы,
Үбөлөнүп барат улам жаш дагы.
Жалгыз жаным жетимсиреп, чыркырап,
Кең дүйнөдөн кенедей жер таппады.
Жанчыламын ойдун тегирменинде,
Көздөн учуп кыргызымдын ак таңы.

Анда эмесе мен кетейин, аман бол,
Тагдырыңдан оолак болсун жаман жол.
Ата Журтту сүй энеңди сүйгөндөй,
Кысталышта өз элиңе караан бол.

Алымбек датканын аманаты

Улам оңдоп жабдыктарын аттардын,
Кыйытасың жөнү барын качкандын.
Түн жамынып кетсем кески уурудай,
Кантип жашайм астында анан асмандын?

Жабышпайбы анда мага жаман ат,
Шылдыңдайт ко көрө албастар табалап?
Өлүмгө тик карай албай тургандар,
Коркунучка күндө иттей таланат.
Мен хандыктын кишисимин экинчи
Жан эмесмин жүргөн эшик сагалап.

Коркпо өлөт деп! Өлүм – өлүк туудурат,
Өлсөм кыргыз ысымымды туу кылат.
Ыркырашып так талашкан Коконду
Күндө матап менин кунум куудурат.

Душманыма – олжо менин өлүмүм,
Хан, бектерге – коркунучтуу өлүгүм.

Тагдыр деген топ ташындай төлгөнүн,
Эртең кандай бааланарын өрнөгүм,
Билбейм. Бирок эркиндикти талашар,
Мен Кокондон башка жолду көрбөдүм.

Азоо аттай туйлап жүгөн салдырбай,
Күндө коргоп эркиндигиң алдырбай,
Жүрө алсаң ар-намысың чыйралып,
Кармайт сени кайратыңдан жандырбай.

Эркиндиктин демин сезип жылыткан,
Жалтанбайсың башыңды алар кылычтан.

Билем бүгүн тар-тайгалак жолдобуз,
Кабак каштын ортосунда кор болуш.
Жанды тиштеп жатка кызмат кыласың,
Болбогон соң тирек кылар ордобуз.

Ичиркенип ичтен түтөп тымызын,
Жан багабыз жаттын чаап кылычын.
Так талашкан Кокон бегин коргойсуң,
Айла канча! найза учунда ырысың.

Буйрубаса мамлекетти жараткан,
Корсуң дайым ыза муунтуп канап жан.
Далай мыкты кыргыз жүрөт Кокондо,
Бир биринен күн чубагын талашкан.

Мансапты эңсеп жол талашкан кызганыч,
Өкүмдарга жакындатат бир карыш.
Анан сенин маңдайыңа жазылат,
«Өмүр» деген же «Өлүм» деген «сыйды» алыш.

Ошолорго бир бүткөндөй киндигиң,
Сен ишенсең билбей кимдин кимдигин.
Кокон тандайт сендейлердин ичинен,
Жасоолдукка, желдеттикке дилгирин.
Эстен чыгып ата-теги, эл жери,
Ал кыргыздар сатат, мууздайт бир бирин.

Күнүн көрүп жалгыз жорткон бөрүнүн,
Ат жалында өтүп жатат өмүрүм.
Мамлекет деп миң толгоном күн сайын,
Жандыра албай чаташкан ой өрүмүн.

Мен да адаштым далай ирет жолумдан,
Жашыра албайм – менин дагы колум кан.
Кыңыр ишке азгырылгам мен дагы,
Кол үзө албай ордо ичинде «оюндан».

Мадаминден наам алганда эсиркеп,
Оңду-солду сүйлөгөнмүн кесир кеп.
Наадандыктан тез соолугуп намысым,
Болгон жокмун «куп» деп турма эпилдек.

Ээлеп алса элиң жүрөк толтосун,
Ойлоносуң, тагдырынан коркосуң.
Ажыратуу кээде турат кыйынга,
Пастык менен айкөлдүктүн ортосун.

Жердин бизге берген экен окчунун,
Кожоюну болдук колот-коктунун.
Биз кылычтай жалаңдабай калыппыз,
Ойлоп жалаң өз карындын токтугун.

Мамлекет деп тууну чогуу кармабай,
Жан бакканың – өзүңдү өзүң алдамай.
Күнкор болуп, көзүн карап жүрөсүң,
Салтка айланып жат бийлигин жандамай.
Ич тардыктын, түркөйлүктүн айынан,
Ата Журтта төгүлдү го кан далай!!

Мындай элиң келбейт тизгин бергиси,
Анан кайдан чыгат көк жал эр киши?
Күндө мокоп, кара башын калкалап,
Келип турса бечарадай өлгүсү?

Жаным сыздап, күндө түтөп каңырык,
Ким мага окшоп азап тартты жаңылып?
Туш-тушуңда тунжураган түркөйлүк...
Дубанадай кеткиң келет ак уруп.

Бул бир ачуу дүрт дей түшкөн жалындай,
Кекиртектейт кегим жүргөн алынбай.
Манжаларым мыкчыйт сабын кылычтын
Кайдан табам жалгыз жолду жаңылбай?
Акыл калчап төр талашып турбасаң,
Атың өчөт карт тарыхтан табылбай.

Бак талаштын, билем болбойт оңою,
Эл ээрчиткен эрлер керек оболу.
Ичтен ирип, алсыраган Кокондон
Бошонууну келип турат оролу.
Басмырланбай башкаларга тең болуп,
Деген элем: «Хандык түзүп коёлу».

Асабасы айбатына төп болуп,
Ала-Тоого ажайып бир көрк толуп,
«Келээр каптап шерт кылышкан кыргыз», – деп,
Жол карадым эки көзүм төрт болуп.
Үмүт үзүп келдим көнгөн Коконго
Кайра өтөр көпүрөмө өрт коюп.

Улуу максат жан дүйнөмдү туткундап,
Ээ-жаа бербес ойлор суудай кузгундап.
Өз элиме өтпөй өлгөн сөздөрүм,
Намысымды сабайт, жанчат муштумдап.

Моюн сунуп букарасы болушка,
Аркалыктар кайрылыптыр оруска.
Эс тартканы эркиндик деп какшанган,
Мага орун жок андай Ата конушта.

Барымтага басып берген түнөгүн,
Коргойт экен. Уксам сыздайт жүрөгүм.
Өз журтума өзүм ээлик кыла албай,
Андай жерде кантип жашам жүрөмүн?
Сөз бекитип, сөздөн танган элимден
Үзүлдү эми биротоло күдөрүм.

Бул арманым, бул сага айткан керээзим,
Башкалардын кулагы үчүн эмесин
Унутпагын! Жар четинде турамын,
Тагдыр мээлеп өлөр жерге жебесин.
Жек көрүүңдү какта намыс чогуна,
Жалын болсун жыйган кезде эл эсин.

Ушу бойдон көрүшпөсөк биз эгер,
Айт: кыргыздар эл эмес жер тизелер.
Атың барса арыбастан Алайга
Ооздугун жара тиштеп кишенээр.
Түн бир оокум... Жөнө! Мага кыйылба!
Аргымактан башка жан жок ишенээр.

Аскалары көз салышып сыртынан
Башын жөлөп бир бирине кыр-кыраң,
Жаткан чыгар жаш баладай түш көрүп,
Журтум Алай көк шибери ыңкыган.
А мен ойлордун канжарына бой таштап,
Жан сөгүлүп далбаа-далбаа жыртылам.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз