
Бакыт кары
Бакча ичинде колчатыр кармап алгам,
Баса, анткени мен бүгүн карда калгам...
Бетмаңдайдан ал сени жолугат деп,
Бетмай, жоолук белегим арнап алгам.
Аңгычакты кезиктиң күлүмсүрөп,
Амандаштым кол берип биринчи ирет.
Бапалактап жааган карды бабарга албай,
Бара жаттык жанашып ийин тиреп.
Жактырып кайттым жумшак мүнөзүңдү,
Жаз кылдың кышта үшүгөн жүрөгүмдү.
Жашынмак ойногондой карай берем,
Жаздыкка катып койгом сүрөтүңдү...
Сыр калды далай-далай айтылбаган,
Сымбатың, жамалың-ай жаркылдаган.
Мышыктай көздү жумуп басып келем,
Мындайда жакшы экен тартынбаган.
Баёолук кылганымды сезбедиңби,
Бакытка билдиң бекен жеткенимди?
Байкабай калыптырмын, өзүң менен
Баладай карга оронуп кеткенимди!...
Мен болдум жалгыз каркыраң
Ойлорум быт-чыт ордунда эмес сабырым,
От кечип жүрүп этимден азып… арыдым.
Узатып каттан бир дастан жазып берүүгө
Уйкумду бөлүп, сага арнайм түндүн жарымын.
«Ыр жазбай эле дүйнөнүн куу» деп артынан,
Ыраакты көздөп өзүмөн-өзүм алкынам.
Ырайым чаппай бир сенден башка иштерге,
Ылдыйда калган мен болдум жалгыз каркыраң!
Айрылып каттар, акының сыздап жүдөгөн,
Айласын издеп, жараатын эптеп бүтөгөн...
Күлүк ой-санаа, күтүүнү жүктөп мойнума,
Гүлданды жаздап бөлмөмдө жатам түтөгөн.
Дайынын таппай ашыктык деген үмүттүн,
Далдырап жолдо, чуркайм деп далай күйүктүм.
Маарага бир күн жетемби, жетпейм… аа бирок,
Маа карап турат махабат деген сүйүктүүм!
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.