Амирбек Азам уулу: Өз башатабызга кайталы!

  • 31.01.2025
  • 2940

Былтыр Чикагодо «Нават» деген ресторан ачылган. Барсак, ресторандын алдында 20 чакты кыргыз бала ойноп жүрүптүр. Чурулдашып орусча сүйлөшөт. «Наваттын» кардарлары ынды каралар, Түштүк азиялыктар, кыргыздар, европалыктар – баары келгин. Индус жана пакистан аялдарды өз улуттук кийимдери башкалардан айырмалайт. Үч-төрт кыргыз аял олтурду, жаныбыздагы бош үстөлдөргө. Арапча чулганып алышкан. Балдары менен орусча чулдурашып, өз ара кыргызча, орусча аралаштырып сүйлөшөт. Европадагы жапон, корей компанияларында иштеген жапон, корей үй-бүлөлөрдө мындай өз тилин чангандарды жолуктурбадым.

Бүгүн Бишкекте эне тилинде эмес, орус тилинде сүйлөгөн кыргыздар 1980-жылдардагыга караганда алда канча көп. Бул демографиялык жагдайдын өзгөрүүсүнө катар мектептерде кыргыз тили начар окутулганга, баарынан да ата-энелердин өз балдары менен эне тилинде сүйлөшпөгүнүн кеспети. Орус класстарды «төрт», «беш» деген баага бүткөн бишкектиктердин эне тилинде келегей сүйлөндөрү буга мисал.

Эне тилинде тантып сүйлөгөн мекендештерибиз менен чет өлкөдө көп баарлаштым. Алар чет тилдерде ууз сүтү менен кошо келген эне тилинен таза сүйлөшөт. Кыргыз адабияты жана искусствосунан бейкабар.

Кыргызстан өзүн суверендүү республика жарыялаганына быйыл 35 жыл толот. Бирок эне тилибизди минтип кордоп кемсинтүүнүн себеби эмне? Менин байкашымча, көпчүлүк жарандарыбыз эркин, эгемен, төбөлсүз өлкө деген сөздүн маани-маңызын, улуттук ар-намыс эмне экенин түшүнүшпөгөнүндө. Эне тилибизге туу, герб, гимнден кем эмес аздектеп мамиле жасоо керектигин аңдашпаганында. Буга биринчи кезекте, орус тилин ырасмий тил деп киргизген 1990-жылдардагы төбөлсүз Кыргызстандын жетекчилери, парламенти, анан интеллигенция жана биз, ата-энелер күнөөлүүбүз.

35 жылда бир муун алмашты. Бирок кыргыз тилинин абалы өзгөрбөдү. Статус – квонун сакталышы эне тилин билбеген, сыйлабаган жана өкмөттүк мекемелерде отурган мекендештерибиздин абийринде. Себеби, өкмөт менен министрликтер, ведомстволор арасында кат алышуу дале ырасмий тилде жүргүзүлөрүн бир апта мурда ошоерде иштеген жакын таанышымдан уктум.

Экинчи маселе: бүгүн атасынын көзү тирүүсүндө сакал коюп, өзүнүн мусулман экенин айтып, «намаз окуйсуңбу» деп бет келген адамдан сураган муун жана араптарга же пакистандыктарга окшоп дамбал-көйнөктөрдү кийинген жаштар менен улуу курактагылар кадимий көрүнүш. «5-6 жылдан кийин бийликти алабыз. Ошондо кандай сүйлөгөнүңөрдү көрөбүз» деген такыба мекендештер Кыргызстанда түгүл Кошмо Штаттарда, Европада жолугат. Андайлар Фейсбукта өтө активдүү.

Фейсбукта «Тең атанын уулубуз,/ Теңиринин кулубуз,/ Таягын жеп, тил угуп,/ Тарап кетип тим болсок, Теги болбос мунубуз,» же «Теңир жалгасын» деген сыяктуу саптарды көрүшсө, «Сен теңирчисиңби? Теңирчи го бул» деп омуроолошот. Алар үчүн «Жаңы жыл арам». Ошондой бирөө: «Жаңы жыл ийгиликтерди алып келсин, жакшылыктарды алып келсин десең болбойт. Себеби, жаңы жыл болгону жаңы жыл. Жаңы жылда Кудай таалам жакшылыктарды берсин десең болот», – деп үйрөтөт.

Соңку 10-15 жылда Нооруз, Кыргызстандын күнкорсуздук күнү, Жаңы Жыл сыяктуу майрамдар менен куттуктагандар суюлуп, айт, мавлид менен куттуктоо кеңири жайылды.

Ютубдагы популярдуу молдокелер Кураны Карим менен Хадистерден цитаталарды шурудай чуурутуп, улуттук каада-салт, адабият, театр, маданият, «Манас» башындагы эпосторду оозго алышпайт. Ушундай дааваттын кесепетинен дүниябий же секулярдык Кыргызстандын конституциясын сыйлабаган муун өсүп чыкты. Алардын менталитети, дүйнөнү аңдап билүүсү, көз караштары биздин элдик оозеки чыгармачылык, жазма адабиятыбыз, салттыбызга ылайык калыптанган кулк-мүнөзүбүзгө карама каршы.

Ушу жерде алфавит маселесине кайрыла кетпесем болбойт. Акыркы 10-15 жылда латын арабине өтүүнүн мыяткерлери көбөйдү. Алардын аргументи боюнча, латын ариби учурдун заманбап жазуусу болгон үчүн; дүйнөлүк интеграцияда татыктуу орун ээлөө үчүн; кирилл жазмасын колдонуу чөйрөсү тарыганы үчүн; абройлуу жазмалардын катарына кошулуу үчүн кыргызга зарыл.

Мындай болгондо, Жапония, Түштүк Корея, Кытай, Грузия, Армения жана башка өз жазмалары бар өлкөлөр дүйнөлүк интеграцияга кошулбай калабы? Алардын жазмасы кадырсыз болобу?

Арап жазмасына өтүүнү жактагандар да доош салып, өз тарапташтарын топтоодо.

Кирилл арибинде калууну жактагандар да бар.

2024-жылы технологиялык жактан өнүккөн 15 өлкөнүн тизмесинде Жапония-1, АКШ-2, Түштүк Корея-3, Израил-8, Кытай-9, Орусия-11 орунда турган. Бул тизмедеги алдыңкы 15 мамлекеттин катарында латын тамгасын колдонгон Латын Америкасындагы 50дөн көп өлкө жана араб жазмасын колдонгон 22 өлкө жок.

Биз, кыргыз эли, ушинтип ар кимдин этегине жабышкандан көрө, ата-бабаларыбыз орто кылымдарда колдонгон Орхон-Энесай жазмасын колдонууга өткөнүбүз оң болмок. Жаңылбасам, Улуу Кыргыз дөөлөтү доорунда колдонулган бул жазманын кыргыз тилинин фонетикасына ылайыкталган алфавитин Элери Битикчи бир нече жыл мурда иштеп чыккан. Профессор Сыртбай Мусаев да өз вариантын даярдап койгонун уктум. Улуу бабаларыбыз колдонгон жазмага өтүү элдин рухун көтөрүп, улуттук аң-сезимдин, ар-намыстын ойгонуусуна жаңы дем бермек.

Мустафа Кемал постхалифаттык Түркиядагы реформаны араб жазмасын өзгөртүүдөн баштаган. Муну менен кылымдар бою паашаларга тирек-жөлөк болгон молдолордун булагын бууган.

Мына, 2-январдан тартып, Монголия эски монгол жазуусуна ырасмий түрдө өттү. Мурда туусунда, мамлекеттик мекемелерде, элчиликтерде колдонуудагы ырасмий кирилл арибине жанаша көөнө арибинде бир-эки сүйлөм жазып жүрүшкөн.

Ал эми иврит тили 1948-жылы Израил мамлекети түзүлгөндөн кийин тирилтилип, колдонула баштаганын, ага чейин 18 кылым китеп тили болгонун баарыңыздар билесиздер.

Израил эмне дүйнөлүк интеграциядан артта калдыбы? Израил илимий инновация боюнча дүйнөдөгү эң алдыңы беш мамлекеттин бири.

Мароккодо оторчул француз тилинин үстөмдүгүнөн чыгуу 1973-жылы башталып, француз тили жазуусуна катар стандартуу арап тили жана жазуусун коомдун бардык салааларына киргизүүдөн башталган. (2000-жылы Билим берүү тармагын реформалоонун Хартиясы боюнча бербер тилин өнүктүрүүгө басым жасалат.) 2011-жылы Баш мыйзам – Конституциянын 5-беренесине киргизилген түзөтүүгө ылайык, тамазигихт (амазиг, Amazigh) тили өлкөдөгү үч расмий тилдин бири. Ошондуктан, Марокконун мамлекеттик мекемелеринде, окуу жайларында көрнөктөр арап, француз, амазиг (Amazigh) тилдериндеги тифинаг арибинде жазылат. Муну 2020-жылы бай тарыхы бар Маракеш шаарында болгондо көргөм.

2023-жылга карай Мароккодо 2000дей мектеп амазиг тилинде окуткан.

Мексикада 2003-жылы улуттук Конгресс кабыл алган мыйзамга ылайык, жергиликтүү индейлердин тилдери улуттук тил деп таанылып, алар өз аймагында ырасмий испан тилиндей укукка ээ болушту жана өкмөттүк мекемелерде иш кагаздарын индейлердин 62 тилинде жүргүзүүсүнө жол ачылды.

Кайсы бир акылман айткандай: «Эки тилде сүйлөгөн адамдын эки жаны бар». Кишинин жаны – ички дүйнөсү, руханий дөөлөтү. Жан – кыйналат, кайгырат, сүйүнөт, толгонот, руханий жана көркөм дөөлөт – адабият, искусство менен байыйт. А руханий дөөлөт – тил аркылуу, эне тилибиз аркылуу байыйт. Тил кишинин психологиясына, демек жан дүйнөсүнө таасир этет. Демек, эне тилин билбеген адам өз элинин маданияты, тарыхы, каада-салты, дүйнө таанымы, эстетикалык кабылдоосун жоготуп, шамал айдаган сөксөөлгө айланат. Тил менен кошо улуттук рух жоголот. Инсан ата-бабалары гүлазык кылып жүргөн руханий дөөлөттөн кол жууйт. Муну Түндүк Америкалык түпкүлүктүү элдердин, Орусиядагы жана башка өлкөлөрдөгү майда элдердин азыркы абалы ырастайт.

Теги орус америкалык жазуучу Владимир Набоков «Бөтөн жээктер» деген автобиографиялык китебинде «Менин башым англисче, жүрөгүм орусча, кулагым французча сүйлөшөт» деп жазат. Мен да ар бир кыргыз баласы өз эне тилинен башка бир нече тилде түш жоруп, бирок жүрөгү кыргыз деп сокконун каалар элем.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз