
АҢГЕМЕ
– Кареке, эртең уулум мектепке барат, суранам, анын сүрөтүн тартып берчи, чоңойгондо карап эстеп жүрсүн.
– Кареке, кайним, биз агаң экөөбүздүн үйлөнгөнүбүзгө 40 жыл болуптур, ошону белгилеп той өткөрөлү дедик эле, жакындарыбызды, досторубузду чакырабыз, бир ишке жара. Экөөбүздү келиштирип тарт, биз ал сүрөттө бир-бирибизге баштарыбызды жөлөнүп отургандай бололу.
– О, Кареке, Нооруз майрамында биздикине кел, мурдагы сүрөттөрдү жаңыртуу керек болуп калды...
Ансыз да дайыма ушундай өтүнүчтөрдөн колу бошобогон Карекеге карыялар менен байбичелер да келип көйгөйлөрүн айтышчу:
– Балам, башчылар “пашпортко” жаңы сүрөт алып кел деп атышат.
Кареке эч качан карыялардын сөзүн эки кылчу эмес: “Мындай келип керегеде илинген ак шейшептин алдына отуруңуздар”, – дечү да дароо ишке киришчү. Паспорт бөлүмүнүн кызматкерлери, «үчкө төрт» же «төрткө беш» форматында тартылган ташбулактык таланттын сүрөттөрүн карап алып далай жолу шыпшынып таң калышкан. «Эмне үчүн бул жигит өз айылынан алыс чыкпай жүрөт?!» – дешчү алар бири-бирине карап.
Бирок айла канча, балким Кареке небак алыскы жактарга кетмектир, бирок энесин таштап кете алган эмес. Ал көз жашын төгүп: “Сен жалгызымсың, жарыгым, бул шаарың куруп кетсин, сен кетип калсаң мен кургур кантем”, – деп жалынып, аны жанынан чыгаргандан коркчу. Ошентип ал белгилүү сүрөтчү болуу кыялы менен коштошууга туура келген. Бирок ал дайыма чөнтөгүндө карандашын алып жүрдү. Окуучунун дептеринен жулуп алган барагыбы, конфеттин кутусубу же ак кездеменин кесиндисиби – колуна тийген бардык нерсеге, эгер мүмкүн болсо дароо сүрөт тартчу. Азыркы эл арасында «берме» деп тергеп айтып жүрүшкөн айылда, тартагай сүрөтчүнүн карандашына илинбеген бир да бурч калбаса керек...
Көп жылдар өттү, Кареке колуна тийген кагаздарга, ачык асман алдында жаткан дат баскан соко, тиштери түшкөн тырмоо, эч качан кулпу салынбаган устакана, ыш баскан мору бетондон салынган мончо, асман тиреп өскөн чынар терек, алыстагы өзөндөгү каз-өрдөктөр, сүткө тоюп оюн салган кулун-тайлар, көркү кетип, бир бурчу кыйшайган эски көпүрө, ийри-буйру жолдор, кырдан чыгып келаткан атчан адам, ак тунуке чатырындагы жабышкан канаттуулардын каткан кыгынан бери даана көрүнүп турган сарай, деги койчу, көзүнө көрүнгөндүн баарын тарткандан тажабады.
Кареке жыл мезгилдерин да тарткан. Мисалы, былтыркы кышты эле алалычы. Анда кар жука жааган. Кыламык кар, көк муз. Ферманын көрүнүшү томсоруңку. Суук-сайдан тынымсыз соккон шамалдын муздак деми сезилет. Көчөдө сууктан бүрүшүп үшүгөн адамдар жүрөт. Калчылдап үшүгөн, маңдайында жылдызчага окшогон кашкасы бар музоо энесинин жылуу курсагына жабышып алган. Асманда ары-бери учкан каргалар канаттарын жайган боюнча кара чекитке айланып калышыптыр. Чыкылдаган аяз бүт мейкиндикти зор чапан сыяктуу жаап алган сыяктанат. Тээ, алыста асмандын түпкүрүндө жымыңдаган Жетиген жылдызы.
А бул – азыркы кыш: наристе кыздай аппак кар, түн койнунда жаткан айыл. Түндүк-түштүктөгү топ жылдыздар ортосун кесип өткөн Саманчы жолу. Арабага чегилген аттын таноосунан чыкан буу. А чанада кой терисинен тигилген ичигинин жакасын ак бубак баскан адам ыргалат. А “Кышты даңазалайм” деп атаган сүрөттүн этегинде Караке төрт сап ыр жазып койгон:
Жылдыздар жашыргансып ичине сыр,
Ааламды термелтет бир укмуштуу ыр.
Таттуу уйкуда киринип ай нуруна,
Аппак аяз жамынып жатат айыл.
Кийинки сүрөттөрдө жаз маалын, жай мезгилин, күз кереметтерин чагылдырган пейзаждар.
Кыл калем учун тууган жеринин боёкторуна малып, Кареке адамды таң калтырган сүрөттөрдү тартчу. Ал бир боёктон башка боёк жараткан чыныгы чебер. Көк түстүн ар кандай кубулжуган түстөрүн колдонуп “Жаз суу ташкындаган учурда” деген эмгегин жаратканычы! Көк, көпкөк, кара-көк, бозомтук көк, агыш-көк, сыя-көк, көгүлтүр, көгүш, жашкылт-көк, ачык-көк, деги... көк түстүн канча жөнөкөй адамдын көзүнө көрүнбөгөн кырларын тапкан! “Бул жерде мен көк түстүн 47 кошумча түсүн пайдаландым, – дейт Кареке, – бирок дагы шашмалыгым кармап кеткен экен, эгер дагы арыракта жаткан тоолорду изилдеп чыксам, дагы ондогон түрүн тапмак экемин”.
Ташбулактын жашоочулары “Ой, бул сынган сокону карасаңар!”, “А бул биздин көпүрө экен!”, “Устакана дал өзүндөй болуптур!”, “Бул былтыркы кыш тура!” дешип, таң калышкандан чарчабайт.
Карекенин мындан башка да өзгөчө тартылган сүрөттөрү бар, бирок ал аны элге көрсөткөндөн уялат. Бул тартагай жигит – уялчаак. Айрыкча теңтуштары кыз-келиндер тууралуу сөз баштаганда эмне дээрин билбейт. Анткени, жашы отузга чамаласа да эмдигиче бойдок.
– Эй, Кареке, качанкыга чейин жылаңач тизеңди кучактап олтурасың, катын ал, – деп теңтуштары канча айтпады.
– Кайда шашмак элем, буюрган күнү бирөө жолугар?! – деп бул сөздү эртерек токтотууга шашылат Кареке.
–Укчу, Кареке, биз бир кызды макул кылалык, сен макул десең эле болду.
– Эгер кыз макул болсо, эмнеге качмак элем?
– Келе колуңду, ушул жуманын аягына чейин бир кыз табабыз.
Ошентип, теңтуштары Карекени ээрчитип, бир нече жолу кошуна айылдарга жүрүшкө чыгышкан. Карекени бойго жетип, күйөөгө тийалбай жүргөн “кара далы” кыздардын дээрлик баарысы менен жолуктурушту. Бирок Кареке алардын бири менен да тил табыша алган жок. Анын мындай себептери бар эле. Биринчиден, кыз менен бетме-бет калганда Карекенин оозунан келмеси түшүп, бечаранын кейпин кийчү. Экинчиден, жүрөгүн токтотуп, сүйлөй баштаганда анын айтканын кыздар түшүнө берчү эмес. Анткени ал китеп тили менен сүйлөп көнгөн. Анын: “бул турган иш деңизчи”, “сиз муну менен эмнени айткыңыз келет?”, “албетте, мындай болушу да мүмкүн!”, “кечирим сурайм”, “эмне үчүн бир сөзгө келбешибиз керек?”, “мархабат” деген сөздөрү кыздарды оңтойсуз абалга такачу. Бул сөздөрдү акылдуу, сылык көрүнүш үчүн айтчу эмес, бул анын көнүмүш адаты. Кареке эр жеткенден бери эле ушинтип сүйлөйт.
Бой жеткен кыз менен жалгыз калганда ал китеп тилине өтө баштайт...
– Карындашым, сизди бул түн ортосунда элдин баары уктап жаткан кезде, тынчымды алган бул кайсы бети жок деген ой тынчыңызды албасын. Мен бул дүйнөдөн өз жарымын таппай жүргөн бактысыздардын биримин.
Мындай сөздү укканда, акылы чолок, тантык, сезимталдыгы төмөн, мурда дегеле мындай сөздү угуп көрбөгөн кыз кантип таң калбасын:
– Сиз эмне дедиңиз? Кимди издеп жүрөм дейсиз?
Кареке түшүнүктүү сүйлөөгө аракет кылат:
– Мен, өз теңимди, жашоодогу жан шеригимди деп айткым келген.
– А-а... Сиз эмне иш кыласыз?
– Колумдан келгендин баарын жасайм. “Ким эрте турса, ага Кудай берет”, таң менен кошо туруп, келген күндүн камдап койгон түйшүктөрүн чечүү менен алектенем.
– Агай, сиз кызыктай сүйлөйт экенсиз!
– Мен дайыма ушундай сүйлөйм, көлөкөм.
– Сиз “көлөкөм” дедиңизби?
Ал “көлөкөм” дегенде кыз алакандары менен бетин жаап, күлкүсүн тыя албай солкулдап үнсүз күлгөн боюнча анын жанынан качып чыгат. Андан соң аларды тааныштырган шуулдаган ортомчу жигиттин кулагына шыбырайт:
– Бул кишиң кызыктай неме экен. Деги мунуң ким? Акынбы же акылынан ажыраган немеби.
Жигиттер менен кыздардын арасында олтуруп бир аз ичкенден кийин Кареке мас болуп калчу, анан ырдагысы келчү. Анын бул адатын билген, ортомчу жигит жаңы эле жолугушуудан качып келген кызга Карекенин ачылбаган таланттарын көрсөткүсү келип ага кайрылчу:
– Сенин ырдаганың мага аябай жагат, бизге ырдап берчи!
Мындай учурда Кареке көп күттүрбөйт. Ал үнүн бийик чыгарып созуп кирчү:
“Кыз эмес экенсиң”
Кыз эмес экенсиң, ызадан бакырдым,
Шылдыңдоого мени кантип батындың.
Күндүз берип убада, кечинде жашындың,
Олтурам жапжалгыз, бактымды качырдым.
Ой, гок, иги-ай-иги-ай, иги-ай.
Кайтып келатканда теңтушу чын дилинен каткырып, ага мындай деген:
– Ой, Кареке! Сага айла жок экен. Эптеп кызды көндүрө албай жатса, сен “Кыз эмес экенсиң” деп ырдайсың да! Андан башка ыр табалбай калдыңбы? Мына эми куру жалак келатабыз.
* * *
Жо-ок, Кареке ал жактан куру жалак келген жок, ал “көлөкөсүнүн” элесин ала келди, эми аны өмүр бою жүрөгүндө сактайт. Үйүнө апасын ойготуп алгандан чочулап, бутунун учу менен басып, өз бөлмөсүнө өтөт, шылдыратпай этияттап бир баракты алат да, жаңы эле жолугуп келген кыздын сүрөтүн тарта баштайт. Ал тургай теңтуштарына көргөзбөй жашырып катып жүргөн сүрөттөр дал ушундай кыздар менен таанышууга кошуна айылдарга барып келгенден кийин жаралган. Жылаңач сулуу кыздар... Албетте, таптакыр эле жылаңач эмес. Бирок толукшуган денесине жабышкан жука, тунук жибек көйнөкчөн келишимдүү жаш айымдардын чытырап толгон мүчөлөрү бир көргөн адамдын делебесин козгоп, азгырып турар эле.
Бул сүрөттөрдүн кайсынысын караба, сөзсүз татынакай сулууну бекем кучактаган жигиттин элеси бар. Ал өзүн ушинтип көргөзчү. Кээде элес кыздан бир аз алыс жерде, бүт турпаты менен кызга болгон тартылуусун көргөзүп турган болот. Ал эми өзүн кол жеткис бийиктикте көргөзгүсү келген кыз, жигитти көрмөксөн. А балким көрүп турса да, атайы эле көрмөксөн, аны менен иши жоктой, алысты карап турат.
Кареке, сүрөттөгү ашыкча жерлерин тазалап, ишин аяктаган соң, терең күрсүнүп, ичинен кобуранат: “Жаркыным, асылым, менин сүйүктүү аялым болчу!” Кареке өзү тарткан сүрөттү кучактап Жараткан Кудайдан анын кыялын ишке ашырышын жалынып, жалбарып канча суранбады... “Жансыз сүрөт боюнча тура бербей, жаныма келип, жандүйнөмдү өзүңдүн ысык демиң менен жылытчы, дүйнөмдү жарыгың менен толтурчу, күтүүсүздөн жанымда пайда болчу, оо сүйүктүүм. Кагаз бетинен суурулуп түшүп келчи. Оо, сулуум, келип жан дүйнөмө шам жакчы!”
Бирок таш боор, кол жеткис сулуулар жооп беришчү эмес... Анан Карекенин жүрөгү дүкүлдөп тез-тез сого баштачу, ал титиреген колдору менен кыздын чытырап толгон көкүрөгүн, ак куунукундай моюнун, өбүшүүнү самаган болтогой эриндерин, иймектей ийилген ичке белин сылап, бир аз калтырак баскан манжаларынын учун, мына-мына ачылууга даяр сандарына тийгизип, көздөрүн жумуп, ыракатка батчу.
Бир күнү кечинде, караңгы кире баштаганда Кареке телевизордон кара көйнөкчөн, аябагандай сулуу кызды көрдү. Бул Сириядагы согуш жүрүп жаткан жерден тартылган репортаж болчу. Ал казак кыз экен! Кыз көзүнүн жашын көлдөтүп, башына түшкөн оор тагдыры тууралуу айтып жатты. Көрсө ал бир кезде курбу кызынын таасири менен кайсы бир диний сектага кирип, жогорку окуу жайынын биринде окуусун улантып жүрсө да, ата-энесинен, ага-туугандарынан баш тартып, алар менен катышпай калат. Акыры окуусун аяктап, англис тили боюнча мектеп мугалими деген кесипке ээ болуп, дипломун алганда, баягы курбусу ага чейин билбеген бир компанияда иштеген жигиттер менен тааныштырат. Алардын арасынан келишимдүү жигит менен жакындан сүйлөшүп жүрүшүп, мамилелери сүйүүгө айланат. Көп өтпөй үйлөнүп алышат.
Күйөөсү ага “Биздин салтыбызда силердикиндей чоң той өткөзүп, бүткүл тууган-урукту чогултмай жок. Куда түшмөй, калың төлөмөй болбойт. Никебизди Сауд эмиратынын шейхи Омар кыйып, батасын бергени эле жетиштүү”, – дейт. Бир жолу ал “Мекенимде жумуш чыгып калды, тез барышым керек”, – дейт да, кетет. Бир күнү кыздын телефонуна “Ахи сага акча берет, аны алып тезирек Турцияга учуп кел. Мен кырсыкка кабылдым!”—деген видео кат алат.
Ал дароо Турцияга учуп барып, керектүү даректи табат. Ал жерден ага “азыр күйөөң Сирияда, ошол жактан табасың”,—дешет. Андан калган акчаларын алып, ал жактан күйөөсүн табууга жардам берчү кишинин дарегин берип, жолго салышат. Сирияда согуш жүрүп жаткан, бирок айла жок – кантип эле кыйынчылыкта турган сүйүктүү күйөөсүн кыйып таштай алат?
Сирияга келип, жардам берет деген кишиге жолуккандан кийин ал алданып, шылуундардын капканына түшкөнүн билет. Кебетеси жагымсыз адам күйөөсү тууралуу сөз да кылбастан, анын документтерин алып, жарым-жартылай талкаланган үйдүн терезелери жок жертөлөсүнө камайт. Ал жерден өзүнө окшогон бир нече алданган курбуларын көрөт. Алар ар башка шаарлардан болсо да, баарынын окуясы окшош эле. Адегенде жалындаган сүйүү, анан үйлөнүү, күйөөсүнүн жоголуп кетиши жана анын жардамга чакырышы... Кыз мындай алдамчылыкка ишенген жок: чын эле күйөөсү митайым алдамчы, каргыш алгыр митайымбы? Кантип алдаганга батынды, чын эле сүйөм деген сөздөрү жалганбы?
Туткун кыздардын абалы адам чыдагыстай оор эле: көп өтпөй аларга ачыгын айтышты, алар мындан ары белгилүү бир талаа командиринин менчиги. Алар Сирияга чалгындоо иштери менен келген шпиондор имиш, эми өлүм жазасынан кутулуу үчүн бир гана жол бар – ал жол жоокерлердин көңүлүн ачуу. Кыздар күйөөлөрүнө келгенин айтып, канчалык ыйлап суранышса да, тыңшашкан жок. Аларды кайтарган автоматчан күзөтчүлөр шылдыңдап күлүшүп, ар кандай оозго алгыс сөздөрдү айтышты. Андан соң репортаждын каарманынын жашоосу тозокко айланат.
Ал сансыз зордук-зомбулукка кабылды, бирок колунан эч нерсе келген жок, түнү менен үн чыгарбай ыйлап, ушунчалык жеңил-желпи баш тарткан туугандарын эстеп, ишенчээктиги, жеңил ойлуулугу, жеңил-желпи сүйүүсү үчүн өзүн каргады. Бул азап ал кубаттуу артиллериялык аткылоо учурунда туткундан качууга үлгүргөн күнгө чейин уланды. Ал кокусунан Франциядан келген тасма тартуучу топко кабылып калганга чейин бир нече күн урандылар арасында жашынып, колуна тийген калдыктарды жеп, бирде таптакыр ачка калып жүргөн. Алар аны кичи автобуска катып алып чыгышып, андан кийин ал тууралуу репортаж тартып, дүйнө жүзүнө таратышкан.
Мына ушул кабарды Кареке да көрдү. Бирок сүрөтчүнү ойлонткон ал кыздын оор тагдыры эмес, а анын көлдөтүп төккөн көз жашы, канча азапты тартса да оту өчпөгөн кара көздөрү эле. Өз карандашына ишенген Кареке ак баракка эңкейип, адатынча кыздын кара кийимин чечиндирип, жылаңачтоого киришти. Бирок кыздын элеси буга каршы болуп, чечингиси келбеди. “Баары бир сууруп чыгам, – деп кобурады сүрөтчү, – кымбаттуум, кежирленбе. Чечинесиң да туткундарымдын катарына кошуласың”. Адегенде ал анын карагаттай кара каректерин чийип алды. Андан соң бетинин сызыктарын түшүрдү. Мүмкүн, ал назик, жаагы жука, бир аз узун болушу керек. Ооба, так ошондой... Бирок чын эле ээги өтө узун болуп калгансыйт. Беттин мындай түзүлүшү сулууну өтө муздак, жан дүйнөсүндө жылуулук жоктой көрсөтөт. Эмне үчүн жүзүн толмоч кылса болбосун? Жок. Тегерек контурлар жүздү толук көрсөтүп, сулуу көздөргө шайкеш келбейт. Көп азапты башынан өткөргөн аялдын жүзүн бир аз жукарак кылсам кандай болот?
Бет сөөктөрү чыгып, жаак эттери шылынып, кубарган жүзүндө өчпөгөн кайгынын издери көрүнөт. Мындай аял ар бир адамда аёо сезимин ойготот, бирок ошол эле учурда, бул кереметтүү сулуу көздөр башка сезимдерди талап кылып, өтүнүп жаткансыйт: «Мени өзүңдүн аёоң менен кордобо, кайгыма аралашпа, ага тереңдеп кирбе, мени түшүнүүгө аракет кыл, мага үмүт бер».
Бирок күтүлбөгөн чечим табуу аракети кара түстөрдүн палитрасында да ийгиликсиз болду, анткени кара көздөр кара көйнөк менен биригип кетти. Кара көйнөк кара көздөрдөн түшүп жаткан көз жаштарын жутуп алды – сүрөтчү балбал таштай катты. «Ох, ушул көздөр! – Кареке айласын таппай турду. – Силерди эмне кылсам?» Ошол түнү ал түшүнүксүз, байланышы жок сөздөрдү айтып жөөлүп чыкты: «кайгылуу көздөр», «сулуу каректер», «жаман көздөр», «шайтандын көздөрү».
Эртеңкиге калтырууга таптакыр болбогон карыган энесине каралашмай, үй жумуштары, күнүмдүк иштер жана көйгөйлөр – ушунун баары Карекенин көңүлүнүн сыртында калды. Кээ бир күнү жайытка чыгарганды унутуп, короодо камалган малы маарап, мөөрөп керээлдин кечке ызы-чуу. Убагында отун жарылбай, от жагылбай, суу ташылбай калганда карыган кемпир бутун сүйрөп эптеп бул иштерди жасамыш болот. Кыйналган кемпир кошуналарына барып арманын айтат: “Уулума бирөөнүн эле суук көзү тийди... Түн бою чабалактап уктабайт, “көз, көз” деп эле кайталайт. Күндүз бир жерди тиктеп кыймылдабай олтурганы олтурган. Айтканы баягы эле “көз, көз”. Көралбаган бир шүмшүк кулунума кара дуба окутуп салгандай”.
Карекенин башына түшкөн кырсык Ташбулактын боорукер, ак көңүл жашоочуларын да кайгыга салды. “Ушундай жакшы адамдарды деле Кудай таала кыйнайм десе, кыйнап коёт тура, – дешти алар, – эми эмне айла кылабыз?!”
Андан кийин айылдыктар аны дарылоону чечишти. “Эмитен аракет кылып бир нерсе кылбасак болбойт, күчөп кетсе жаман”. Аңгыча айылга жаман кабар тарады: “Кареке жинди болуп калыптыр. Үйү толтура кара көйнөк кийген аялдар, ар кандай түрү суук шумдуктар тартылган сүрөт. Кудай өзү сактасын, ал сүрөттөрдү көрсөң төбө чачың тик турат”. Бул сөздөрдө чындык бар болчу. Анткени, телевизордон карагаттай кара көздөрү бар кара көйнөкчөн сулуу айымды көргөндөн кийин кыл калеминин учун кара боёктон башка түскө мала элек, кайра-кайра биринен-бири коркунучтуу капкара сүрөттөрдү тартып жаткан. Капкара түн: караңгыдан бирөөнүн үрөй учурган көздөрү карап турат. Капкара тоонун чокусунан асманды жалбара караган кимдир бирөөнүн кара көздөрү; капкара токой, токой үстүндө капкара көздөрдүн көлөкөсү салаңдайт. Кара күзгү: андан өзүн карап жаткан кара көздөр, жылчыксыз кара түндүн ортосунда жыбыраган толкундары көздүн элесин берген карарган көл. Жарылган казандан агып түшүп жаткан кара каректер... Кээ бир сүрөттөр дубалга илиниптир, кээси терезеде, каалгада турат. А жерде жаткандары канча! Беш жуп көз шыптан карайт. Көздөр, көздөр, кайда караба – көздөр, алардын ушунчалык көптүгүнөн, чалынмайынча бир кадам аттай албайсың.
Эгер кимдир бирөө төргө өтөм десе, ысык чокту баскандан коркконсуп, чачылган сүрөттөрдөн аттап, бош жерлерге секирип жүрүп араң жетмек.
Эл-журт кеңешип он үч мүчөл жашаган акылман карыя Агымсаалы атадан акыл суроону чечишти. Ал бешмантын төшүнө чейин жапкан ак сакалын сылап мындай деди: “Азыр мурдагы замандагы күчтүү бакшылар жок. Арабызда болсо, ал өзү Карекени издеп бармак. Ошентсе да Каракенеге ата-бабаларынан бир нерсе өткөндөй болгон, ошону издеп тапкыла”.
Балдар аксакалдын бул сөзүн угар замат дароо машине менен Каракенени издеп жөнөштү. Дайыма жылаң баш жүргөн Каракеней алыскы Шинжили дарыясынын жээгинде жалгыз жашачу. Эки күндөн кийин түш оой Ташбулакта дене-башын титиретип бакшы пайда болду. Ага барып келген жигиттер бири-биринин сөзүн бөлүп, ал жөнүндө ар кандай жомокторду айтышты:
– Оо Кудайым, аны табуу өтө кыйын болду. Күнү-түнү Шинжила дарыясынын нугун бойлой ары-бери издеп жүрдүк, бирок аны бир да жолу көрбөй, үмүтүбүз үзүлүп, эмне кылышты билбей, кайра кайтмакчы болгонубузда, капысынан, ишенесизби, ишенбейсизби, ал чоңдугу чамгарактай айлампадан биздин бакшыбыз чыга калбаспы. Бирок суудан чыкканына карабай, денесинде бир тамчы суу жок, купкургак чыкты...
– Карапайым адам бакшы эмне дегенин кантип түшүнсүн?! Жолду карай ал түшүнүксүз сөздөрдү кобурап келди: «Мен дарыя түбүндө, Умма дарыясынын акиминин майрамында абдан көңүлдүү убакыт өткөздүм».
Биз Кареке жөнүндө айта баштасак ал бизди кагып салды:
– Унчукпагыла, ар кайсыны айтпагыла, силерсиз эле баарын билем.
Биз ага Карекенин эртеден кечке жалаң көздөрдү тартканын, себеби эмне экенин сурайлы дегенибизде, ал машиненин терезесинен башын чыгарып катуу каркылдай баштады. Ал каркылдап токтор замат кайдан-жайдан бир карга пайда болуп, машинени ээрчип көпкө чейин уччу...
– Болду эми, Бакшы эмне деди?
– Бир да жеринде тагы жок, чымкый кара койду курмандыкка чалгыла дейт.
– Андай койдун табылышы кыйын.
Жигиттердин бири тамашалады:
– Табылбаса Карекени капкара кылып боёп бер дейбиз. – Улууларга анын тамашасы жаккан жок.
– Эмне ары-кайсыны айтып тантырайсыңар? Быякта жин-шайтандар менен кармашып адам кыйналып жатат. Калжыңдап олтура бербей кошуна айылдардан болсо да таап келгиле.
Кара кой табылды, табылганда да Карекенин өз короосунан. Эл муну жакшылыкка жоруп, кубанып калышты. Бакшы койду союуга буюрду. Анан отко жез чөмүчтү ысытты. Ага карын майды майдалап салды. Май эригенде үстүнө көк чүпүрөктү салып түтөттү. Аны жасап болуп Кареке олтурган бөлмөгө кирди. Чогулган эл эшиктин алдында калышты. Бир сүт бышымдай убакыт өткөндө түтүнгө муунган бакшы чуркап чыкты:
– Кара койдун боорун алып келгиле!
Боорду алып, кыйкырып, өкүрүп кайра үйгө кирип кетти. Целлофан менен капталган терезенин кашеги менен дубалдын ортосундагы жылчыктан шыкаалагандар кийин минтип айтышты: “Ой-бой, карагандан да коркосуң! Бакшы боорду алып Карекенин үстүнө чуркап киргенде ал кара буурага айланып, катуу бакырды. Ошол учурда Кареке ажыдаарга айланды. Бакшы учтуу найза болуп, ажыдаарга сайылмакчы болгондо, Кареке калкан болуп тосуп алды. Анан бакшы кара мышык болуп дуба окуду, а Кареке кара жылан болуп арбады. Бакшы чоң шапалак болуп Каркени чапкылаганда, Кареке союлга айланып тигинин соккусуна жооп берди. Бакшы капкара көйнөк кийген кызга айланып, Карекеге ийилип, жагалданып жакындады, тиги ага кол сунуп баратып кыздын үстүнө кулады. Бирок бакшы каргага айланып учуп кетти...” – ошентип бакшы Карекеге жардам бере алган жок.
Жер менен келип, асманга учуп кеткен бакшыдан соң айылга молдо келди. “Ал Куранды жатка айткан чыныгы кары, Карекени айыктырса бир ошол айыктырат” – дешти, Каркенин теңтуштары кеңешип. Калың сакалы киндигине жеткен молдо сыртынан бир топ жашка баргандай көрүнсө да, ал кырктан жаңы ашкан орто жаштагы адам болуп чыкты, ал ушунчалык тез баскандыктан, кыска шымынын багалектери биригип калгандай сезилет. Мүнөзү корс экен. Андан Карекенин ата-бабаларына багыштап куран окуп коюусун суранышканда, ал ошол эле жерден корсулдап коё берди: “Мен бул жерге оорлуу арбактарды эмес, оорулуу адамды дарылоо үчүн келдим!” “Албетте, молдоке, өзүңүз билиңиз, кандай кылам десеңиз сиздин эркиңиз”, – деп дароо макул болушту.
Молдо өз бөлмөсүндө ак барактан көзүн албай тиктеген Карекенин үстүнө кирди. Бечара Кареке... Ал таанылбастай өзгөрүптүр. Жаактары шылынып, өңү купкуу. Чачтары ийиндерине түшүп, сакалы өскөн. Көздөрү чүңүрөйүп, бет сөөктөрү уркуят. Тырмактары ороктой. Мурда эле арык неме ого бетер арыктап, териси менен тарамыштары эле калган, кылжыйып, бою узарып кеткендей көрүнөт.
– Башың катуу ооруйбу? – деди молдо. Кареке башын чайкады.
– Ооруйт экен, –деди молдо анын башын чайкап жатканын карап.
Анан кыраатын келтире куран окуду. Кареке аны карап каткырып жиберди. Молдо сыртта турган элге келип:
– Ал азыр күлүп жатат. Ага жин кириптир. Үч күн, үч түн куран түшүрөм.
Чынында эле молдо үч күн, үч түн тынбай куран окуп олтурду. Ташбулактын тургундары молдонун кырааты менен окуган куранын жыргап угушту. А ошол убакта Карекенин илхамы ойгонду. Үч күн ичинде ал өзүн тиктеп турган зор Көздү карай түшүп келаткан Асмандын элесин тартып бүттү. Мына сага! Көз асмандын өзүн арбап алыптыр...
– Калайык, таарынбагыла,– деп кайрылды молдо үч күндөн кийин элге, – мен колумдан келгендин баарын жасадым.
Жаңы келгендеги молдонун чакчырылган мүнөзүнүн бири жок, момурайып, жоошуп калган экен.
– Буга кирип алган жиндер өтө күчтүү экен, – деди молдо жыйынтык чыгарып, – ошондой болсо да бир аз тынчыта алдым. Айыгып кетишине үмүт бар. Оорулуу хиджаб кийген аялдын сүрөтүн тартууга кумар экен. Иншалла, эгер ошондой аял менен никеге турса, анда Кудай жолундагы аял менен туура жолго түшүп, оорусунан биротоло арылат. Ошондуктан аны бизге бергиле. Бул жигиттин орду – биздин коомдо.
– Молдоке, – деп кайрылышты ага Ташбулактын боорукер тургундары, – сизге миң мертебе ыракмат, сиздин чын ниетиңиз менен кылган аракетиңизге Алла ыраазы болсун! Бирок сизге Карекенин эмне кереги бар? Ал биз менен эле калсын, буюрса жакшы болуп керер. Балким андай кызды быяктан эле жолуктурар.
– Өзүңөр билгиле, – макул болду молдо, ичинен Карекедей оор жүктөн оңой кутулганына сүйүндү.
Молдо кеткенден кийин Карекенин теңтуштары кеңеше башташты.
– Тигил киши, – деп кайрылды жолдошторуна ортомчу болуп сүрөтчүнү улам бир айылга алып барып жүргөн куу жигит, – акылдуу кеңеш берди. Эмнеси болсо да биз бул жүүнү бошту үйлөндүрүшүбүз керек. Эсиңердеби, молдоке “башына кап кийген” дебеди беле. Ага башына кандай кап болсо да кийген кыз табышыбыз керек.
– Кап эмес, хиджаб, – деп оңдоду аны дагы бири.
Ошол күндөн баштап теңтуш, достору айланадагы кошуна айылдарды аралап хиджаб кийген кыз издешти. Тилекке каршы, айылдардан мындай кыз табылбады. Шаарда мындай баштарын кара жоолук менен чулгаган кыздар аз эмес экен. Бирок Карекенин теңтуштары айылдык кыздардын кимиси болсо да тил табыша алышканы менен, башка чөйрөдө, бөлөкчө тарбия алган кыздар менен жакындаша алышпады. Жигиттердин үмүттөрү үзүлүп, айла кетер болгондо капысынан үйү жок кызга жолугуп калышты. Бой жеткен кыз ата-энеси жок тоголок жетим болуп чыкты. Кайда барып, кантип күн өткөрүштү билбей жүргөн бечара, сүйлөшө келгенде эстүү кыз экен, ал айылдык карапайым жигиттерден Кареке тууралуу окуяны укканда, ага боору ооруду. Жигиттер аны өз камкордугуна алабыз деген убадасына ишенип, ал хиджап жамынганга макул болду. Ошентип Кудай буюрса иш оңунан чыкты деп чечкен достору Карекеге айылга жете электе эле сүйүнчү жиберишти.
– Сүйүнчү, туугандар, сүйүнчү! Биздин айылга Кареке телевизордон көргөн кара көйнөкчөн керемет сулуу келатат! Келин келатат! Көптөн бери Карекени эсинен тандырган кара көздүү сулуу келатат!
Айыл тургундарын гана эмес, тегеректеги адыр, тоолордун баарын толкундаткан бул сүйүнүчтүү кабар Карекеге да жан киргизди. Карыган апасынын кубанганын айт. Ары-бери чуркап, не кыларын билбеди. Сандыгын ачып оодарды. Кирген келин-кесектерге болгон кымбат шакек, сөйкөлөрүн, кемпирлерге жоолуктарын таратты. Кареке да кубанды: “Ай азаматтар, менин досторум, колдорунан баары келет, каалаганыңды аткарышат”. Аксакалдар да өздөрүнүн жаштыгын эстеп, бири-бири менен тамашалашып, көңүлдөрү куунак жүрүштү.
Бирок баардыгынын кубанычы кара көздүү сулуу короого кирер замат отко суу куйгандай өчтү. Анткени, Кареке бул кара кийимчен сүйкүмдүү бийкечти көрөр замат кыйкырып жиберди:
– Бул ал эмес! Жигиттер, силер алып келген кыз, мен көргөн кызга окшобойт!
– Жок, бул ошол кыз, ошонун өзү. Көзүңдү чоң ачып карачы! –деп кыйкырды шаарды узун, туурасынан аңтарып эстери оогон досторунун бири. – Жакшылап карасаң, чын эле анын карагаттай кара көздөрүн көрбөй турасыңбы? – Муну айтып ал кыздын жүзүн жапкан кара жоолукту жулуп алды. Жүзү ачылганда, Карекени толукшуп жетилген келишимдүү сулуунун бакырайган кара көздөрү карап турду.
Айлар өттү, жылдар жылды. Түркүн түскө боёлгон зор булуттар Жунгар Алатоосунун бийик чокуларанын үстүнөн сүзүп өтүп жатышты. Айыл турмушу өзүнүн кадимки күжүлдөгөн ыргагына түшкөн. Эч нерсе өзгөргөн жок. Кареке гана өзгөрдү. Ал мурдагыдай айланага суктана карабайт. Көз карашы кайдадыр бир алыска кадалып, кайгылуу, түнт адамга айланган. Азыр аны теңтуштары көп деле издебейт, сүрөт тартып бер деп тажаткандар да жок. Айыл адамдарынын бири да Карекени көргөндө сүрөт тууралуу кеп кылбайт. Коркушат: “Байкабай баягы оорусун козгоп алабызбы”, – дешет.
Мына ушундай күндөрдүн биринде айылда “Кареке Тамчыбулактагы булакка барып түнөп жүрөт” деген каңшаар тарады. Карекенин өзү да эл арасына барганда бир нече жолу: “Тамчыбулактан издегенимди таптым”—деген экен. Бир күнү ал дайынсыз жоголду. Көкүрөгү муңга толгон бечара энеси боздоп ыйлады: “Карыганда курган башым кандай азапка кабылды? Жин ээрчитип кеттиби, шайтан азгырдыбы, бир аптадан ашып, бир айга жакындап барат, жанымда Карекем жок, кайда, эмне кылып жүргөнүнө акылым жетпейт. Оо, калайык калкым, бир туугандарым, жок дегенде кулунумдун сөөгүн таап бергиле”. Ташбалак кайрадан күрү-гүүгө түштү. Бүт айыл ызы-чууга толду. Эненин боздоп ыйлаганы баарынын жанын ачытты. Кары, жашы калбай баарылап Карекени издешти. Бирок көпкө издешкен жок. Карекени бат эле табышты. Тамчыбулактагы булактан. Бул жер Кудай тааланын жараткан укмуштай бир кайталангыс, ажайып жерлеринин бири эле. Жайдыр, кыштыр бийик зоока бетинен ылдый карай жанаша чыккан эгиз булактан агып чыккан суу көздүн жашындай кулап, Сары тоонун этегиндеги калың токойду аралап кетчү.
Оо, Кудай мына ошол булактын чыккан жери көзгө, салаалап аккан жашын тыя албай ыйлап жаткан зор көзгө айланыптыр. Андан чыккан суу, көз жаштын тамчылары сыяктуу, шурудай чууруйт. Мындай шумдукту көргөн эл, суудан кочуштап ооз тийип, беттерин чайып, ага ийилип дуба кылышты.
Жайдын аптаптуу саратан маалы аяктап, мезгил күзгө таяганда, Карекенин Тамчыбулактагы зоокага тарткан жашын тыйбаган зор көзү тууралуу аңыз алыскы шаарларга жетти, Ташбулак мектебинде англис тилинен сабак берген жаш мугалим Гүлтунук пайда болду...
... Алматыдагы кече. Ташбулактык жигиттер шаардын ызы-чуусунан качып, жердеш жазуучу агасы менен тынч, жанга жайлуу ресторандардын биринде кызыктуу кеп козгошуп, эс алып олтурушкан. Аркы-берки сөз учугу Тамчыбулактагы “көзгө” барып такалды.
– Кареке кандай жүрөт, жакшы болуп калдыбы? –деп сурады жазуучу.
– Ооба, ал зыңкыйган жигит болгон, – деп жооп берди жазуучунун жакын инилеринен болгон жигит. – Чарбасын оңдоп алган. Айылдагы үлгүлүү үй-бүлөлөрдүн бири.
– Ал үйлөндү беле? Баягы достору тапкан кара көз сулууга баш коштубу?
– Жок, байке. Ал кыздын аты Гүлбарчын. Аны Кареке карындаш кылып алган. Сиз Карекени билесиз да, ичинде кири жок, жан дүйнөсү таза адам, ал кызды өз камкордугуна алып, үй-жайсыз жетимге жибек менен барча кийгизип, өз колу менен күйөөгө берген. А өзү... баягы телевизордо көргөн кыз менен жашайт.
– Анын аты да укмуш, – деп жанындагы ташбулактык жигит сөзгө аралашты, – Гүлтунук. Канча азап тартып, канча кордук көрсө да сынбаптыр. Баарына чыдап, акыр-аягы бактысын тапты. Тапканда да биздин айылдан – фермадан Кареке менен кокусунан жолугуп тапты. Караке аны көрөр замат Тамчыбулакка ээрчитип барып “көздү” көрсөтүп, ага мындай дейт: “Бул сенин көздөрүң”. Ошентип алар бири-биринен түбөлүккө ажырабайбыз деп антташып, бактылуу жашап жатышат.
Муну уккан жазуучу табышмактуу жылмайды:
– Пигмалион. Биздин айылдын «Пигмалионуна» Сүйүүнүн Кудайы Афродитанын мээрими түшкөн тура.
Которгон Абийрбек Абыкаев
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.