Алмаш Чойбекованын поэзия шиңгили

  • 15.02.2025
  • 2037

“Ак булуттар”, “Өмүр салтанаты”, “Ырлар” аттуу китептердин, “Барам сага”, “Кыялдануу”, “Кайдасың”, “Энекем” сыяктуу жүздөгөн белгилүү ырлардын автору Алмаш Чойбекова көзүү тирүү болгондо 78 жашка чыкмак. Ал 1947-жылы 15-февралда Токтогул районунда туулган.

МЕКЕНГЕ БОЛГОН МАХАБАТ

Асканын кылда учуна,
Бүркүттөр гана түнөмөк.
Асмандын жолу аларга
Акыры бир күн түгөнмөк.

Бүлкүлдөп аккан булактын
Жакасын бойлой гүл өнөт.
Ичерге тамчы табылбай,
Ал дагы соолуп түгөнөт.

Өзүңдөн күчүң, жаштыгың,
Убакыт чачар үбөлөп.
Өрт болуп жанган сүйүүңдүн
Жалыны өчөт, түгөнөт.

Жүгүрүп каның турганда
Адамда үмүт түгөнбөс.
Өрт болуп жанган сүйүүңдүн
Жалыны өчөт, түгөнөт.

*     *     *

Кулунчак баскан кыраңдар,
Кубулган түрдүү ыраң бар.
Табигат өзү тургузган
Тоолордон бүткөн храмдар.

Кылымды серпип карытып,
Каратып карек талытып.
Жааса да сага жабышпай
Жоголот кайда кар учуп.

Бетиңе тынбай урунуп,
Бороонуң боздойт буулугуп.
Көзөнөк, борчук таштарың
Камырбы каткан жуурулуп.

Жомоктоп айтса түгөнгүс,
Жоогазындуу тулаңдар.
Керемет Кетмен-Төбөмдө
Кендерден бүткөн храм бар.

КЫЯЛДАНУУ

Жыпарын бүркүп гүлдөрдүн,
Жел келсе шибер ыргаган.
Үнүңдү уксам ырдаган,
Колуңа гүлдөн дестелеп,
Көрүнө калсаң жылгадан.

Көбүртүп булак толкунун,
Акагы акса шыңгырап.
Билдирип жайлоо шоокумун
Сайраса торгой күү курап.

Акырын сылап чачыңдан,
Ардагым десем эркелеп.
Жылмайып коюп сүйкүмдүү
Жылкыга кетсең эртелеп.
Сур жорго минип келатсаң,
Алдыңан чыксам энтелеп.

Кызарса булут сүрүлүп,
Кызылгат бышса күбүлүп.
Көөнөрбөс жашыл өзөндөн
Көбүргөн терсек жүгүрүп.

Чачылып жатса шүүдүрүм,
Ак бермет болуп көктөмдө.
Эрксизден мөлт деп төгүлсө,
Экөөбүз басып өткөндө.
Көңүлдү жүрсөк сергитип,
Күн нуру беттен өпкөндө.

Ак жамгыр төксө шорголоп,
Арчага келсек корголоп.
Кекилик учпай, жем издеп,
Азгырса бизди жорголоп.

*     *     *
Байыркы талаада байыркы таш жатат,
Байыркы жылдардын Күнүнө какталат.
Кээде аны улуган бороон да жалмалап,
Кээде ага армандуу булуттан жаш тамат.

Качанкы каргалар конушат ал ташка.
Эс алат бүркүт да чарчаган кармашта,
Талаанын үстүнөн тизилет турналар,
Бийиктен бириңдеп адашып калбаска.

Биз дагы дүйнөдөн кайрылгыс учарбыз,
Качандыр мүрзөдөн чөп болуп чыгарбыз.
Жээктей өтүшкөн кийинки урпактын
Өмүрдү даңктаган ырларын угарбыз.

Шамалга катыгып, ысыкка жылымдап,
Топурак денебиз жуурулса кылымдап.
Каларбыз айланып ар түрдүү таштарга,
А жамгыр жаш сымал таштарга сызылмак.

Мезгилге картайып ал таштар кум болор,
Кум кайра жер болуп, ал жерге гүл толор.
Жок болсо бир гана Күн, Жер, Ай, Жылдыздар
Океан чайпалар, эң көрктүү көл соолор.

Катмары кен жуткан тоолорду асканы
Канча кез тиктеген, тиктеген жаш-кары.
Сандаган кылымды боюна сиңирген,
Анда да күйгүзгөн бул күндүн аптабы.

Билинбей өткөндө жылдардын закымы,
Жандуу да, жансыз да кубулат акыры.
Эскирбей, өлбөй да калат ко түбөлүк,
Адамзат өнөрү, даанышман акылы.

Байыркы талаада байыркы таш жатат,
Байыркы жылдардын Күнүнө какталат.
Кээде аны улуган бороон да жалмалап,
Кээде ага армандуу булуттан жаш тамат.

*     *     *
Жашоо деп гүлдөр ырдайт күлүмсүрөп,
Тоо коштойт гүлдүн ырын Күндү тиреп.
Суу дагы козгоп сырын күкүктөнөт,
Жээгинде жүргөн окшоп күкүк түнөп.

А, шамал айдап алыс аптабымды,
Айтабы ырдап сени жатканымды.
Чагылган нур шоолага шүүдүрүмү
Булбулдун күүсү ойногон ак таңымды.

Чым жарып чыгып жаткан жалбырак да,
Көңүлдүн отун үйлөп жандырат да.
Жеримди боёп коюп жашыл түскө
Жаз – жаштык кумарды бир кандырат да.

Деги укмуш, чебердигиң жаратылыш,
Бакыт ко сенде жыргап жашап алыш.
Көркүңдү көздөрүмө сүртүп алып,
Күн бүтсө мен силерден жатам алыс.

*     *     *
Караңгы түн, эшикте аба муздак,
Сен мени жалгыз таштап кете бердиң.
Ой менен алпурушуп ушул түнү
Оолакмын, гүлү болбой кечелердин.

Тоолорго элеп таштап аппак карын,
Ачуусун тарката албай жатат асман.
Бир көрүп карааныңды эч болбосо
Мейли эле, таң алдында каза тапсам.

Сен келип көтөргөндө табытымды,
Чачымда эң акыркы шамал ойноп.
А жаным сиңип кетип жок дүйнөгө
Жер бузган кыйкырыгың укпай коёт.

*     *     *
Акылым ачылбай көмүлүп,
Сезимим күл болуп төгүлүп.
Ойлорум бирикпей бөлүнүп,
Өмүрүм кайгыга чөмүлүп,
Калгандан коркомун.

Эч кимге кубаныч бере албай,
Эртеңим дааналап көрө албай,
Данектей чатырап өнө албай,
Запкылуу күн келсе жеңе албай,
Жүргөндөн коркомун.

Дүйнөнүн сырларын биле албай,
Шагыма бир мөмө түйө албай,
Турмушта жалындап күйө албай,
Баатырдай эл-жерди сүйө албай,
Өлгөндөн коркомун.

*     *     *
Быйыл жазды сенсиз тостум,
Быйыл жазды сенсиз тостум.
Сенсиз тосуу менен бирге,
Өмүрүмө дагы бир чоң,
Дагы бир чоң арман коштум.

Көз алдымда асыл адыр,
Көркөмдөнгөн жашыл адыр,
Жашыл чөптөр катуу соккон,
Жат шамалга чыдай албай
Жапырылып жашыды азыр.

Кулпурганмын желектердей,
Өңдөн азчу элес келбей.
Чубалган жип өткөн күндөр,
Үзүк-созук узашыптыр
Түрмөктөлбөй, келептелбей.

Ошол жазды эскеремин,
Ошол жазсыз бөксөрөмүн.
Андагыдай эми кайдан
Өзүмө өзүм батпай турган
Чоң сүйүүгө кез келемин?

КАЙДАСЫҢ

Кайдасың эңсеген эрмегим,
Зарыгып күткөндө келбедиң.
Уйкусуз түндөрдү өткөрүп,
Оюмду он бөлүп сен дедим.

Кайдасың, сагынган кымбатым,
Акылдан адашпас кылдатым.
Жанаша басканда көрк берер,
Жарашык, сулуулук сымбатым.

Кайдасың, кумарлуу кучагым,
Жытыңды жыттого кусамын.
Сен менен конушум көгөрүп,
Сен болсоң бийикке учамын.

Кайдасың, үмүтүм чырагым,
Күүгүмдө күтүнүп чыгарым.
Сагыныч күч алды жүрөктө
Келегөр, жакшы эле чыдадым.

*     *     *
Бүлдүркөндөр мөлтүрөп бышкан кезде,
Бүркүт шаңшып асманга учкан кезде.
Саамайларын сеңселткен ак кайыңдар,
Сагынчымды самашып уккан кезде,
Барам сага.

Кирпигиңди шоолалар өпкөн кезде
Электете нөшөрлөр төккөн кезде,
Кусалыктан кубарып ак жүзүбүз,
Арабыздан көп күндөр өткөн кезде,
Барам сага.

Бал аарылар гүлдөргө конгон кезде,
Ой-Алманын түр чөбүн соргон кезде.
Эң биринчи жолуккан кечтегидей,
Асмандагы алтын Ай толгон кезде,
Барам сага.

*     *     *
Коё жаздап өмүр менен коштошуп,
Кайра өмүргө экинчи ирет келгенде:
Дос, касымды ылгап, иргеп бул жашоо
Алаканга даана салып бергенде.
Сергек таңдуу конушумдан бир элден,
Сени мага тагдыр өзү жиберген.

Танмак тургай ар кыл кызык сөзүңдөн,
Аны угуунун кумарына канбаймын.
Бөксөм толуп сен жанымда болгондо
Жер үстүндө чындап эле бардаймын.

Жан дүйнөңдү билген сайын жактырып,
Эмне десең чыгалбаймын эркиңен.
Кантип эле эч айырмам жок болсун,
Сырыңды угуп, сууп калган селкиңен.
Таза кандуу сулуусу көп түрлөнгөн,
Сени турмуш сүйүшсүн деп жиберген.

Укканымда жумшак коңур үнүңдү
Жүрөк укмуш, ылдамдатат кагышын.
Билгиң келсе жакын келип тыңшасаң,
Сен деп соккон ырахаттуу дабышын.
Эбегейсиз баатыр чыккан, бир элден
Султан төрөп, энең мага жиберген.

*     *     *
Каркыралар канаттарын сабашып,
Калкыйт көктө келер жазды самашып.
Кайтар алар, чачар жаз да ажарын,
Биз кайтпайбыз ушул күнгө жанашып.
Булут кийип буурул тартып иреңи,
Каркыралар күнөс жерге жетишер.
Экөөбүздү сагындырган жылгага
Паанек алып бир түн түнөп өтүшөр.

Тээ качандыр канатынан күч тайып,
Көздөрүнөн арман жашын тамызар.
Мезгил жууп өмүрдөгү жаштыкты
Белгисиз бир чексиздикке агызар.

Каркыралар канаттарын сабашып,
Калкыйт көктө келер жазды самашып.
Кайтар алар, жаз да чачар ажарын,
Биз кайтпайбыз ушул күнгө жанашып.

*     *     *
Сен мага ырдачы бир кубулжутуп,
Казактын адыр, чөлүн, талааларын.
Кара көз сулуулары жигиттердин
Канатып жүрөктөрүн жаралаарын.

Сен мага ырдачы бир сезим козгоп,
Болбосо күүгө салчы домбураны.
Чөлдөргө үмүт, өмүр тамчылаткан
Көзүмдөн кербен өтсүн коңгуроолуу.

Сен мага ырдачы бир Ала-Тоонун
Албырган гүлгө толгон айдыңдарын.
Ашыктык кумарына кана электе
Кыз Жибек Төлөгөндөн айрылганын.

Сен мага ырдачы бир жан эргитип,
Куш учуп жете албаган өрөөнүңдү.
Кааласаң ак куу болуп көлүңдөгү
Күтөйүн издеп мени келериңди.

*     *     *
Эгер турмуш деңиз болсо,
Мен ажайып аралмын.
Толкун жесе жемирилбес
Граниттен жаралдым.

Менин дүйнөм өзүнчө аалам,
Гүл дагы өсөт, таш да бар.
Мерес сезим кээ адамдар
Гүлүмдү үзсө жаш тамар.

Камыштарым сырдуу тартып,
Шуудурашып ырдашаар.
Жашыл жаштык эмне экенин
Ырында айтып ылгашаар.

Келгиң келсе асыл жарым,
Не болду деп көрмөккө.
Оодарылбас кайык минип
Ыр камдагын эрмекке.

Мен ошондо көлкүй-балкый,
Табигаттай кубулам.
Камыштарым шибер болуп,
Ташым эрип куюлам.

Эгер турмуш деңиз болсо,
Мен гранит аралмын.
Арман ыйга чөгүп кетпес,
Бийик болуп жаралдым.

АЙ ЧЫГАТ АЗ ТҮН ТОЛО, КӨП ТҮН БӨКСӨ

Тыйылбай күндүр-түндүр жамгыр төксө,
Шыбырап кулайт улам жашыл чөпкө.
Эрксизден эске салам убайымды,
Эзелтен тагдыр өксүк, дүйнө бөксө.

Эркинче шамал өрүк гүлүн төксө,
Күбүлгөн ушул гүлдөй кезим эсте.
Жүрөктү ачуу арман неге тилет,
Үмүтүң топтолтура, өмүр бөксө.

Ок жеген элик кырды ашып кетсе,
Ой-тоого каны чууруп жапа чексе:
Айыккыс жаралуумун, жаралуумун,
Неликтен кээ адамда сезим бөксө.

Капалуу калың туман жатса көпкө,
Ал тарайт айдарым жел сылап өтсө.
Же шарты табийгаттын ушундайбы?
Суу сайда бирде толо, бирде бөксө.

Ботонун көздөрүнөн ак шам өчсө,
Боздоодон туралбаган иңген чөксө.
Бакытты куйган чөйчөк мелт-калт эмес,
Ай чыгат аз түн толо, көп түн бөксө.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз