
АҢГЕМЕ
Кудайга шүгүр, дагы бир таң атты.
Демейдегисиндей эле бүгүн да Үпөл эненин морунун түтүнү биринчи болуп көкөлөдү. Айылдын ар бир күнкү тирлиги кудум мына ушул мордон башталчудай.
Үпөл эне намазын окуп болуп оң колу менен жайнамазын жыя кармады да, сол колу менен жер таянып, тизерлеп барып тик турду. Туруп келатып кобуранды:
– Кой, сууга барып келе коёюн.
Булуңдагы чоң кумуранын үстүнө көмкөрүп койгон чакасын алып билегине салды. Үй ичи али күңгүрүт караңгы болгондуктан чырак жагылуу болчу. Эшикке чыга берип, кайра кайрылып чыракты өчүрдү.
Таң кулан өөк болуп, чыгыш тарап ак жээк тартып, бийикте жалгыз жылдыздан башкасы көк асманга жутулуп кетиптир.
Жаздын кыска түнү. Азырча Үпөл энеден башка эчкимдин уйкусу кана элек окшойт. Айыл жым-жырт. Тек анда-санда жерден короз чакырганы угулат.
Үпөл эне акырын аттап кашаасынан чыкты. Айылдын так ортосунан тик бөлүп узунунан кеткен чоң асфальт көчө эл көчкөн журттай ың-жың мелтирейт. Бир кезде ушул көчөлөр алгач башталып, жолго удул келген короо жайларды чагып, чакмак дептердин сызыгындай узун-туурасынан тепчитип жол жасап, айылды иретке сала баштаганда ыраматылык Үпөл эненин абышкасы: «Бу өкүмөттүн кыларга башка иши калбай калган го. Тынч турган короо-жайды иретке салабыз деп, ушунча жерди кор кылып... Алакандай айылга мынча кең жолдун кереги эмне?» деп жактырган жок эле. Эми азыр көрсөң ушу да тардык кылып калбадыбы. Адамдын өскөнүн карачы. Көлүк дегениң андан. Кээ күндөрү базардын удулунан жөө киши кысылып араң өтчү болуптур. Сатарманы менен аларманы аралашып быкпырдай кайнайт.
Үпөл эне асфальт жолдон тайып түшчүдөн бетер абайлап басып, муз үстөндө бараткансыды.
Булар алгач көчүп келгенде бул өпчөрөдө беш-алты эле түтүн бар эле. Башка жердин баары ак болчу. Эми карасаң иркеш-тиркеш үйлөр. Эшигинин алдын көрсөтпөй бийик-бийик кылып курулган дубалдар, ичинен илинген дарбазалар... Баардык жердин ээси бар. Сөөм жер койбой адамдар бөлүшүп алган. Мурда жердин баары кудайдыкы эле. Азыр кудайдын жери жок, баардыгы адам колуна өткөн...
Үпөл эне асфальттан «аман-эсен» өтүп, чыгыш жээк менен жогору бурулду. Эми кичине баса түшсө дагы чыгышка кайрылган туура жол бар. Аны менен жүз элүү метрче жүрсө чоң өзөн. Азыр кичине карылыкка бой берип калганы болбосо бу жолду Үпөл эне сокур ит бок жалаганча басып койчу. Бирок азыркы жаштар бу жолду да алыссынтып, колунда барлары паланча акча жумшап эшигинин алдынан кудук каздырып жатышат. Эки жылдын алдында өкүмөт жакшынакай кылып труба орнотуп, чүмөгүн үйдүн булуңунан чыгарып берген. Анткен менен анысы эки ай агып токтогон. Не балээ болгонун ит билсинби. Ошол бойдон жок. Айылга жаңы башчы келгени ошол труба кайра жөндөлөт деген сөз бар. Аны убагында көрөр.
Мындан жыйрма беш жыл илгери булар тээ ээн тоонун койнунда, Ыргайлык деген кыштоодо жашачу. Беттин баары эле калың ыргай. Кышкысын өгүз менен жарым күнчөлүк жерден муз артып келип, үйдүн көлөкөсүнө таштап коюп, четинен чагып, эритип ичишчү. Бир жолу Үпөл чот керки менен муз чагып жатса керкиси тайып кетип бутун чаап алган. Ал ошондо ызаа болуп күйөөсүнө айткан:
– Кетеличи ушул какшыган кыштоодон!
– Так, атадан калган ыйык журтту антип айтпа! – деди күйөөсү.
Үпөл көз жашын сыгып артык сөз айта алган эмес.
– Эркек төрөсөң келер жылы айылга көчүрүп барам! – деди күйөөсү анын томпойгон курсагын сылап. Ал экөөнүн ага чейин эки кызы бар болчу. Улуусу алты-жетиге келген.
Ошол жаз Үпөл үчүнчү жолу аман-эсен колун бооруна алды. Кудай экөөнүн тилегин берип уулдуу болушту. Азыркы шаарда жүргөн каралдысы Айбар ошондо төрөлгөн.
– Айылдан жер коюп келдим, – деди бир жолу күйөөсү, – сууга жакын. Аралыгы эки жүз метирге жетпейт. Андан да жакынырак жерден алайын деп балдардан корктум. Суу боюна барып ойнойбуз деп кокус жазатайым болбосун дедим.
– Качан барабыз? – деди Үпөл сүйүнүп.
– Быйыл кыш чыдайлы. Келер жазда кар кетери менен күчөп барып там салып алалы. Аңгыча Батманын да окууга түшөр убагы болуп калат, – деп чоң кызын колтугуна кысты атасы.
– Малды кантебиз?
– Бир айласы болор. Аз малды Конушбай жездеге деле кошуп коёбуз. Нары апар дей койбойт. А кишинин да чоң уулу эми мектепке кирет. Кимдикине жаткырып окутарын билбей баштары катып жүрөт. Аны биздикине жатсын десек кудай деп сүйүнөт. Батма экөө мектепке бирге барып-келип турса бизге да жакшы.
Ошентип кийинки жылы жазда Ыргайлыктан көчүп келишип, биротоло отурукташып калышты.
Айтса айткандай суусу жакын экен. Ал кезде азыркыдай жол айланмай жок. Чакасын көтөрүп кашаадан чыгып, удул эле барып сузуп келчү. Эл аз, үй сейрек. Бул жак ээн. Жазгысын дайранын аба жарган күр-шар үнү үйгө чейын угулчу. Токойчуларга бир кунаажын берип, бир кыш тоодон куу карагай тартты. Кийинки жылы өз колу менен эки ооз жыгач үй салды. Эл-журттан айланса болот. Ошондо кошуна-колоңдор бири кетсе бири келип, колдон-буттан алып дегендей жардамдашып жиберишти. Ал кезде бирөө иштеп жатканын көрүп туруп бекер басып жөргөнүң өөн болчу. Дем алыш күндөрү мектепте окуп жаткан чоңурак балдарын да эрчите келишчү. Ошентип үй деле көп кечикпей бүткөн. Бүгүн эле минтип өткөндүн элесиндей болуп жепирейгенсип көрүнгөн менен өз маалында мындан өткөн мыкты үй жок болчу. Ыраматылык күйөөсү колунан көөр төгүлгөн уста эле. Кийин кошуналардын да эки-үчөөнүн үйүн салып берген.
Үпөл эне туура көчөгө бурула берип «Ө-өк» деп бир үшкүрүнүп алды. Жылт этип сызган кыялдагы өткөн күн элеси көңүл айдыңын бир толкутуп өттү.
Ошондо Үпөл эне ушул суу түбүнө көчүп келгенине кандай кубанган болсо кийин андан миң эсе өкүнүп бармагын жара чайнаган...
Азыр түн кыска. Ошентсе да Үпөл эне кеч жатып, эрте ойгонот. Уйкусу качат. Жамбашы талып жата албай эчен оодарылат. Оюна ар нерсе келет. Ушнитип жүрүп өлүп калбагай элем деп коркот. Уулу шаардан келгенче, ал кудай кошкон кошогу менен босогону аттаганча, келини кош бойлуу болуп көз жарганча өлбөй турушум керек деп ойлойт. Уулу келгенде энесинин топурагын кучактап калыштан коркот. Уулу келинчегин ээрчитип келгенде ага жоолук салар өз энесинин болбогонун көрүп көңүлү чөкпөсүн деп коркот. Анан да келин бошонгондо энеси жанында болуш керек. Наристе төрөлгөндө жанында чоң энеси болгон кандай жакшы. Азыркы жаштар көп нерсени эрте түшүнүшөт. Китептен окуп, теледен көргөнү көп. Бирок баары бир жаштын иши жаш. Өзгөчө биринчи бошонуп жаткан келин үчүн кайненесинин жанында болгону тоодой жөлөк. Баланы кантип багууну кайнене болгон киши өзү жакшылап үйрөтүшү керек... Үпөл эне ушуларды ойлойт. Баласы, келечек келини, небиреси жөнүндө өтө керемет кыялдары бар. Түндүн тең жарымын ошол кыялдары менен узатат. Анан үрүл таңдан туруп алып ушинтип сууга жөнөйт. Көтөргөнү жарты чака суу. Күнүнө үч-төрт келет. Үйдө бекер олтура албай ошондой майда-барат жумуштарга өзүн алаксытат. Кыздары «Биздикине эле келип алыңыз» деп канча айткан менен болбоду. Тиги уулу тезирек үйлөнүп келиндүү кылса дегенде эки көзү төрт. Анан элге окшоп келинин эрчитип алып той-томолокко чогу барсам, келиниме чай куйдуруп ичип, баласын багып олтурсам дегенди элестеткенде жүрөгү толкуп, дагы жүз жыл жашагысы келет. А тиги чечеги аны билер түрү жок. Ана-мына деп эле убакытты узартканы-узарткан. Шылтоосу көп. Анын эмне иш кылып жүргөнү энеге беймаалым. Ушу жазга маал бир келип, болгон мал-салын бүт сатып жиберип акчасын алып кеткен. Буга энеси алгач каршы болгон:
– Баарын сатып жиберип кара короо калабызбы? Сен үйлөнүп калсаң калыңга эмне беребиз?
Антсе уулу ашыкпай олтуруп, энесинин саамайынан өөп маминтип айтты:
– Апа, сиз кам-санабаңыз. Бир жакшы жумуш баштаганы жатам. Ал үчүн алгач кичине тыйын-тыпыр керек. Азыр акчаны акча менен тапкан заман. Буйруса күздө көрөсүз. Мына бул жаман үйдү түрткүзүп таштап ордуна заңгыратып эки кабат үй салдырып берем.
Кой айланайын! Бул атаңдын өз колу менен салган үйү! – Үпөл эне баласынын «Түрттүрүп салам» дегенинен чочуду. Уулу күлдү:
– Болуптур апа, түрттүрбөдүм. Бирок бузуп, жыгач-ташын өзүнчө алып коюп, анан жаңы үйгө иштетсек болот да.
Эне эми эп көрдү.
– А келиндичи? – уктаса түшүнөн, ойгонсо өңүнөн кетпеген суроосун берди.
– Ээ, апа, үй ошо үйлөнүүнүн камылгасы эмеспи, той берсек да элге окшоп заманбап үйдө өткөрөлү да.
Үпөл эне ойлонуп калды. Бир караса уулунун айтканынын да жөнү бар сыяктуу. Бирок кантип эле бир жылга жетпей ошончо акча таап келе койсун? «Куданыкын кудай камдайт» дейт. Келиндики го бир нерсе болор. Эл-журт бар эмеспи. А эки кабат үй салууга оңбогон дүнүйө кетпейби. Бул айылда менменсиген байлар деле азырча эки кабат үй салдыра элек.
– Ишенгиңиз келбей жатабы, апа?
– Жо-жок, – эне баласынын шаабайын сууткусу келбеди. Ансызда атадан эрте калганына көңүлү сыздап жүрөт окшойт. Кичигирек кезинде атасына асылып эркелеген балдарды көргөндө суктангансып жалдырап тиктесе Үпөлдүн ичи сыздап эзилип кетчү.
– Эмесе макулсузда? – деди Айбар энесине сураныч менен.
Эне макул болбоско шылтоосу жок эле. Анын үстүнө жанагы там кошунасы сагызган келиндин (эне бар жаңылыктын баарын биринчи ошондон угат, анан аны жакшы көрүп эркелеткендегиси ушу) оозунан уккандарын эстеди. Ал бир күнү минтип айткан:
– Эне, сиз уулуңуздан кам санабаңыз. Ал бир күнү күркүрөтүп кашааңыздан машинесин айдап кирип келет. Ошондо ары-бери чыкканда бизди да унутуп калбай сала жүргүлө!
– Кантип эле? – эне ишенген жок. Тиги ушинтип оозу тынбай сүйлөй берет. Бирок көңүлү түз, ичинде кири жок. Үпөл энени бат-бат үйүнө тамакка чакырып турат. Кээде эненин «Өзүм эле жууп алам» дегенине болбой анча-мынча кир-когун көтөрүп кетип жууп берет. Кез-кезде Үпөл эненин жанына келип аны-муну айтып алаксытат. Ичтей ыраазы болгон эне «эч нерседен кем болбо!» деп келинге батасын берет. Ушундай эле ачык-жарык даалдаган келиним болсо арманым жок эле дейт. «Сиңдилериңден болсо уулума тааныштырсаңчы» десе тиги «Сиңдилеримди уулуңуз жактырбайт ко» деп күлөт... Ээ, анан, жанагинтип Үпөл эне ишенгиси келбесе сагызган келин айтат:
– Шаарыңыз бул жакка окшобойт. Мен го барып көрбөдүм. Бирок кээде байкасаңыз ал жакта акча деген суудай агып жатканбы дейсиз.
– Койчу көлөкөм, – деди эне, – суудай акса элдин баары ошондо барып сузуп келбейби. Кайра шаардыктарың бул жакты каптап жатса.
– Ээ, деңиз, эне. Эсенбек абаны билесиз да? Ооба, доктур. Ошонун балдары шаарга кетип үч-төрт жыл өтпөй эки бирдей баласы жаңы машине айдап келишпедиби!
– Ооба, ооба, уккам. – Үпөл эне башын ийкеди.
– Анан Курманжан таякемди тааныйсыз. Ошо кишинин баласы биздин оодандын чоң башчылары минген машине минет экен. Үрүмчүдө үч-төрт жерде бийик бийнада үйү бар дейт. Ар бири жарым миллион юандын тегерегинде. Кол астында ондогон ишчилер кызмат кылат. Ар-бирине ай сайын эки-үч миңден иш акы төлөйт имиш. Караңызчы, анын акчасынын санын айтканга биздын тил келбейт, хы, хы...
Үпөл энеге бул сөздөр жомоктогудай билинсе да баш ийкеп балдарга чын дилинен батасын берди:
– Ээ, жакшы экен. Биздин балдардан да ошондой чыкканы жакшы. Адал эмгек, маңдай тери менен тапкан байлыгынын үзүрүн көрүшсүн, бактылуу болушсун!
Ушуларды эстеп эне уулунун айтканынын жөнү бардыр деп топчулады. Эки кабат үйүн эмес. Эртерек түшчү келинин ойлоп эне уулунун айтканына макул болду. Бирок уулу эмнегедир жакындан бери көп кабарлашпас болду. Эне бир аз алагды болуп жүргөн. Антсе үч-төрт күндүн алдында бир катын келиптир:
– Айбар деген сиздин уулуңузбу?
– Ооба, айланайын. Эмне болуптур? – Эне чочуп кетти.
– Ал кайда?
– Билбейм кагылайын, шаарга барам деп кеткен.
– Телефон номуру барбы? – кудай бетин көргөзбө! Тиги катын көзгө сайылчудай чакчаңдаган неме экен.
– Жок, билбейм. Ал өзү үйгө чалып турат.
– Эмесе эми чалганда ага айтып коюңуз! Менин уулумду тезирек кайра салып жиберсин. Алдайм деп ойлобосун. Болбосо барчу жерге барам!
Эне эмне болгонун түшүналбай казыктай катты. Аңгыча эл чогулду. Көрсө иш мындай экен: эгер тиги кара жаак катындын айтканы чын болсо Үпөл эненин уулу Айбар өзү эле кетпей бул жактан дагы бир нече баланы ээрчите кетиптир. Алар бир айга жетпей кайра келишип, кайдакы миллиондордун эсебин айтып, үйүндөкүлөрдүн башын айландырып, бири малын, бири жерин сатып, дагы бири Шимужаң деген тактай зоотчудан жогору өсүмдүү карыз алып, арты он, алды элүү миңден акча топтоп кайра кетип, ошол бойдон келбей жатышыптыр. Кээсинин кыздары да кетиптир. Үйүндөгүлөр менен көп кабарлашканды да коюптур. Анда-санда кабарлашып калса баягы миллиондордун кеби жок. Кээде дагы акча сурап жатыптыр. Үмөтаалынын мончоктой уулу ошол жакта жүрүп эки эрден чыккан бай келин менен баш кураптыр... Жакындан бери теле-радио, гезиттерде ушул сыяктуу алдамчылык иштин канат жайып, алып кеткени жана андан сак болуу жөнүндө атайын кабар таратып жатыптыр...
Катын дагы көп сөз айтты. Үпөл эне бирин түшүнсө, бирин түшүнбөй шалдайды. Мууну бошоп, бүткөн боюн суук тер басты. Тиги катын уулун Үпөл эне байлап-матап жөнөтүп жибергенсип чакчаңдайт. Дагы сакалдуу кишинин бетин сыйлап акырын айткандагысы ушул экен... Эл арага түшүп аны жоошутууга аракет кылышты.
– Коюңуз, эже, – деди бир маалда сагызган келин келип ал катынга, – бу энеде эмне айып? Уулунун дарегин ал өзү да билбей олтурат.
Катын кетип, эл тараган соң сагызган келин энени үйүнө жетелеп кирип чай кайнатты. Өз үйүнөн барып чайлык сүт алып келе койду. Экөө дастарконду кең жайып чайга олтурду.
ـ Кам санабаңыз! Сиздин уулуңуз андай ээн баштардан эмес. Өз баласына ээ боло албаганда кимге асылаарын билбей... Андайлардын жазасын кудай берсин! Анын айткандарына ишенбеңиз. Келсе-келбес ойлоно бербей бекем болуңуз, –ـ деди чай куюп берип жатып. Бир аз үнсүздүк өкүм сүрдү.
– Ий, ырас эле, – деди келин бир нерсени эстегендей, – түндө сонун түш көрүпмүн. Ошону айтайын деп келатып жанагы ажаандын үрүп атканынын үстүнөн түшпөдүмбү. Аны унутуп жатканымды карачы... Түшүмдө Айбар тик учак менен келип атыптыр деп коём. Жанында сулуу кыз бар. Тик учагы коноорго жер таппай, коруктун сыртындагы аңызга түшүп жатыптыр. Анын төбөсүндөгү паралары укмуш. Шамал күүлдөйт. Аңыздагы майсалар жапырылып тим эле көл бетиндей толкуйт. Жакындап барсам, шамалы жоолугумду шыпырып кетти. Шашып калдым. Антсем тиги Айбар тик учактан түшүп келатып: «Ой жеңе, болду, ал эски жоолугуңузду издебей эле коюңуз. Мен мында бир сумка жоолук ала келдим» дейт кыйкырып, хы, хы, хы... Чычым десе... – Ушуну айтып келин өз сөзүнө өзү жыргап, боору эзилип күлдү. Анын чын эле ушундай түш көргөнүн же эненин көңүлү ачылып калсын деп оюнан кураштырып жатканын Үпөл эне ажырата алган жок. Бирок көңүлү кадимкидей сергип калды. Саркашка болгон ысык, коюу чайдан ыракаттана ууртап, чыйрыккан денеси жазыла түшкөндөй болду.
– Кандай, сонун түш бекен, эне? Ишениңиз. Бул түш жакшылыктын жышааны. Уулуңуздун ак жолу ачылып, иши илгери жылат. Зоболосу зор болот.
– Оозуңа май, айтканың келсин балам!ـ деди эне келинге ыраазы болуп.
Жалгыз чакасын билегине салып сууга бараткан жолдо эне ушуларды ойлоду. Анан элең этип башка жолго түшүп калдымбы дегендей айланасын карады. Жо, туура эле экен. Бирок бүгүн негедир башкача. Бул жерден дайранын шар агымынын үнү кулакка даана угулуп турчу. «Кокуй, кудай кулактан алган го» деп ойлоду. Алаканынын оту менен кулагын ушалады. Кулагы сак эле өңдүү. Жер сүйрөп баскан бутунун шыбыртын күндөгүдөй эле даана угуп турду. А суу жак жымжырт. Эне шашып калды. Шашкандан жүрөгү опкоолжуп, муунунан шай кетти. Кадамын тездетип, суу боюна батырак жеткиси келди. Көйнөгүнө тушалып, көлөчү да бутунан түшүп калчудай шарпылдап эненин эркине койбой будоо болуп баратты.
– Оо, кудай, бул эмне шумдук?!
Үпөл эне жээкке жеткенде селейип калды. Аз жерден бакырып жибере жаздады. Энтиккен демин баса албай чекесин тырыштырып, күйүккөн өпкөсүн басып бир жөтөлүп алды. өңү-түшүн ажыраталбай көздөрүн ушалап кайра карады.
– Суу кана?! Э, кокуй, бул өзөнгө эмне болгон?
Кечээ кечте эле акжал толкундары жээкти силкинте уруп, көбүгү көккө чачыраган дайра бир түндө какшып каларына эненин ишенгиси келбеди.
Суу аккан нук ээсиз калган үйдөй каңгырап бош, таманында эчен кылымдан бери суу ичинде томолоно берип, сүрүлүп, жышылып жып-жылма болгон тоголок же сүйрүсүнөн келген чоң-кичи таштар суудан чыгып калган балыктардай элестеди. Жүздөгөн, миңдеген балыктар куйругун серпүүгө алы келбей, Үпөл энеге жалдырай тиктеп, ооздорун араң ачып «суу, суу, суу» деп жалбарып жаткандай сезилди. Анан ал балыктар акырын адамга айлангандай болду. Эненин көз алдында жүздөгөн, миңдеген уул-кыздары өңдөн азып, эриндери кеберсип: «Чоң эне, суу берчи, суу берчи...» деп ыйламсырап жатты. Алардын арасынан эне өз каралдысы Айбарды көрдү...
– Суу... Мына... Азыр айланайындар, – эне аларга суу бергиси келип чакасын карады. Чакасы куру эле. Колунан түшүп кетти. Ташка түштү окшойт. Үнү катуу чыкты. Эне селт этип оюнан арылды. Көз алдындагы элестер кайра ташка айланды.
Эне чакасын кайра алган жок. Суу алган эл таптаган из менен өзү ардайым суу сузчу кашат кырындагы жалпак ташка келип жалып этип отура кетти. Алдында болор-болбос чөөт турду. Анда кибиреп майда чабактар сүзүп жүргөнсүйт. Эненин кыйгач төмөнкү каршысында кечүүнүн кемирилген нугу. Мындан он нече жыл мурда дал ушундай ак жайдын күндөрүнүн биринде Үпөл эненин күйөөсү торкашка айгыры менен толкун жарып дал ушул кемирилген нук менен сууга кирген.
Ал күн Үпөл эненин күнү бүгүнкүдөй эсинде. Күйөөсү малды көрүп келем деп Конушбай жезденикине кеткен. Ал жакка мына ушул кечүү менен өтүп андан ары кетчү. Ал күнү асман чайыттай ачык болчу. Эртеси эртең менен да ачык эле. Түш ченде эле кайдан-жайдан келгени белгисиз асманды заматта түнөргөн кара булут каптады. Анан чака менен төккөндөй көнөктөп жамгыр жаады. Бир чай кайнамга жуук жаады го. Агаарга жол таппай буулган жамгыр суусу эшик алдына, босогого келди. Беттерден аркырап суу акты. Акыр заман болгусу келсе алеки саатта болчудай...
Нөшөр токтоду. Жер жарган чагылган үндөрү улам алыстап ак чаңгыл куйругун сүйрөгөн алп булуттун зор кемеси көк асмандын деңизин жай сүзүп чыгыш тарапка кетти. Төбөдөн күн тийип, жер буу жыттана баштады. А дайра үнү аба жарып, кагынып чыкты. Үпөл күйөөсүнөн кабатыр болуп өзөн боюна барды. Суу ыраңы укмуш. Кара-кочкулданып түнөрүп чыгыптыр. Суу шарына кошо күлдүрөп кулаган таштардын үнү угулат. Кабагынан каары төгүлгөн албуут толкундар жиндене жээкке чабылат. Дайра демейки нугуна батпай-сыйбай, кай бир жери кашаттан ашып, эки жээкти да жылдыздап суу каптап кетиптир.
Үпөл кечүүнүн удулундагы тигил чоң таш үстүнө чыгып, күйөөсүнүн жолун карап, соксоюп олтурду. «Күлдүр-күлдүр, шауу- шуу...» добуштан заматта кулагы тунду. Ташка урган толкундардан чачыраган суу кай бирде Үпөлдүн бетине чейин жетип жатты. Үпөл албуут толкундарды көпкө тиктөөдөн жалтанып, маңдайдагы беттен түшчү жалгыз аяк жолду карап олтурду.
Күн кечтеп барат. «Кудай жалгап бүгүн жолго чыкпаган экен» деп ойлоду Үпөл. Аңгыча эле аркы беттеги карагайдын этегинен жалгыз атчандын карааны көрүндү. Ат басыгынан эле Үпөл күйөөсүн тааныды. Качан суу боюна түшүп келгичекти чыдамсыз күттү. Күйөөсү эки чанач кымыз артып алыптыр.
Үпөл таш үстүнө тура калып «Кечпе, өтпө! Суу кичине тартылсы-ы-ы-н!» деп кыйкырды. Дайранын жер жарган үнү анын кыйкырганын угузар эмес. Жоолугун ала коюп жанталаша булгалады. Күйөөсү жооп катары «кадырың жам болсун!» дегендей калпагын булгалады. Анан жай бастырып суу жээгине келди. Аттан түштү. Аттын куйругун түйдү. Чаначты саал артка түртүп, колун сойлотуп басмайылын тарткылап, бек эмесин текшерип көрдү. Чылбырды чечип бир учун ат жалына байлап, экинчи учун билегине ороду. Ошондо анын чын эле суудан өтүүгө камданып жатканына көзү жетип Үпөлдүн жүрөгү алкымына тыгылды. Чый-пыйы чыкты. «Өтпө эле өтпө, кечпе эле кечпе» деп үстөккө-босток кыйкырды. Күрө тамыры чыңалып, мойнунан бери кызарып чыкты. Күйөөсү анын күйүп- бышканын тоотор түрү жок. Ыраматылык коркконду билчү эмес. Өзгөчө ушул торкашка айгырына мингенде ар кандай сууну кенечү эмес. «Жаныбарым, суучул жылкы!» деп ага аябай ишенчү.
Күйөөсү атка минди. Тизгинди жыя кармап, сууну көздөй теминди.
– Чаначты ташта! – деп кыйкырды айласы куруган Үпөл. Бирок аны тиги уккан жок.
Акылдуу Торкашка аяр басып бутун сууга салды. Э дегенде эле суу аттын тизесинен өтүп, омуроого жаба берди. Чаначтардын бучкагы сууга малынды.
Үпөлдүн жаагы жап болуп, жаандан коргологон таандай бүрүшүп отура калды. Оң колунун үч манжасын кантип оозуна салып алганын билбейт. Дем тартпай, кирпик ирмебей, тор кашканын ар-бир аяк алышын тиктеп олтурду. Жаратканга эмне деп жалынарын билбей «кудай, кудай, кудай...» дегенди ичинен шыбирап токтоосуз кайталай берди.
Суу үзөңгүнү жапты. Торкашканын аттанаар жагына төгүлгөн жибек жалы сууга малынып, мойнунун астынан ылдыйга таралып турду. Ат сууга малынган тумшугун көтөрүп, каз мойнун кайкайтып, суу шарына ыктай жай аттап, кең омуроосу менен толкун жарып акырын жылып келатты.
Үпөл оозуна салган үч манжасын акырын тиштеди. Ат улам берилеген сайын, суу улам тереңдеген сайын анын тиштери манжасына улам батып баратканын ал өзү тап-такыр сезген жок. Ат үстүндө өзү келаткансып, саал ылдый кыйшайса эле суунун албуут толкуну көмө коюп кетчүдөй, жогору жакты көздөй кыйшайып, кирпидей жыйрылып отурду.
Ат дайранын орто ченине жетти. Суу түйүлгөн куйрукту, андан соң аттын соорусун жапты. Суунун бетинде аттын койкойгон башы. Ээр. Ээр үстүндөгү Үпөлдүн күйөөсү чамынды сымал жай калкып келаткандай болду. Аттын төрт буту менен суунун түбүн таканчыктап, анан бир бутун көтөрүп алдыга шылтегенде коёр жерине койгузбай, суунун тажаал шары ылдыйга чоюп жатканын Үпөл сезип отурду. Көзүнөн аккан жашы ээрдинен сызылган канга кошулуп ээгинен тамчылап жатты. Ал өмүрүндө мынчалык корккон эмес. Аязда калган адамдай калчылдап титиреди.
Кечүү бергиси келбей жаалданган толкундар улам күчөп аттын мойнунан, соорусунан жаба коюп ылдый жагына төгүлүп турду. Акыры ат туруштук бералбай бараткансыды. Толкуну көбүк чачкан терең сууну кесип өтүүгө чамасы келбеди. Ээсинин тизгинди жогору чойгонуна болбой, суу агымын бойлоп, ылдый кыйгачтады. Бутун алда бир тайгак таштын үстүнө коюп алдыбы, Сүрүнүп кеткендей болду. Ат өзүн кармай албай калды. Аңгыча арттан урган күчтүү агым атты көмүп кетти.
Үпөл үйдөй таштан кантип ыргып түшкөнүн билбейт. «Куткаргыла, куткаргыла!» деп чаңырып суу бойлоп жүгүрдү.
Бир аз жок боло түшүп ат кайра турду. Ээси чылбыр бою агып барып суу бетинде калкып токтоду. Эки колу созулуп чылбырда. Суу башынан аша коюп жатты. Ат жээкти көздөй кадам шылтеди. Ээси аны менен чылбыр бою аралык сактап үч-төрт метирче кошо жүрдү. Андан соң чылбыр ат жалынан шыпырылып чыгып кеткенсиди. Адам аттан бөлүнүп суу менен кетти...
«Кудай» деп үмүтү жана түшкөн Үпөл кайрадан бакырып суу бойлоп чуркады. Ылдыйраакта суу жээгинде калың өскөн тал кайың бар эле. Ошол жерге аман-эсен жетсе, тал-палдын ийилип сууга түшчү шактарына колу илинип калгысы бардыр деген үмүт сызып өттү. Бирок ырайымсыз суу ага үлгүртпөчүдөй болуп барат. Күйөөсүнүн башы ылдый караганын көрдү. Дүйнө караңгылашты. Ай да, күн да асмандан үзүлүп түшүп, киргин сууда киргил тартып, бир көрүнүп, бир көрүнбөй агып баратты. Аалам аңтарылып суу түбүнө чөгүп баратты... Кандайдыр бир күч колун салып Үпөлдүн жүрөгүн мыкчып-мыкчып жиберди. Тамагы кысылып «куткаргыла, куткаргыла!» деген үнү толук чыкпай үзүлдү. Бир маалда мууну кеткен буту ташкабы, жыгачкабы же өз бутуна өзү чалындыбы, айтор оңкочук атып кулап түштү...
Ичер сууң түгөнсө, агар сууң алдыңда... Ошентип Үпөл кудай кошкон кошогунан колунан алдыргандай болуп алеки саатта ажырап калган. Ал кезде Айбардын эс биле элек кези болчу.
Жазда келгенинде бир жолу Үпөл сууга келсе ал артынан кошо келиптир.
– Мага эле айтпайсызбы. Мен эле алып барып бербейт белем, – деди ал энесинин колунан чакасын алып.
– Көнүп калыптырмын, – деди эне. Ал алыста жүрүп жаңы эле келген уулун конок катары көрүп жумшагысы келбеди. Шаар деген туулуп өскөн жериндей кайдан болсун. Эс алсынчы деген.
Уулу суу сузуп чаканы жээкке койду. Мелт-калт толгон суу чайпалып чаканын кырбуусунан ашып төгүлдү. Анан тына түшкөн суудан көк асман менен жаркыраган алтын күн көрүндү. Эне сүйүндү. Ойлоп көрсө бул чаканын мынча толбогонуна көп болгон экен.
Айбар суунун жайыгырак жерине барып бети-колун жууду. Андан соң көмкөрөсүнөн түшүп. Эки колу менен эки ташты таянып туруп. Эңкейе моюн созуп суу ичти. Алгач ээрдин чормойтуп сууга тийгизгенче толкун келип бетине жаба коюп кетти. Эки-үч жолу ошентти. Чала-була чачап да кетти. Андан соң ыгын алып алды. Кайткан толкундан карманып ууртап калып жатты. Муздак, тунук сууну каба-каба ууртап жутуп жаткан уулуна эне эскертти:
– Муздак сууну көп ичпе, балам. Ичиңди оорутуп жүрбөсүн.
Бирок ага карабай Айбар биртоп ичти. Уулунун түрүлгөн жеңинен тамыры буртуя көзгө түшүп турган кабелтең, чымыр билегин, кең далысын, суналган боюн тиктеп эненин көңүлү толкуду. Уулу ушунча адам болгонуна сүйүндү. Атасынын эле өзү!
Ээрдинен, мурдунун учунан, ээгинен тамчылаган сууну кең алаканы менен шыпырып, ордунан турган уулун эне бетинен өөп эркелеткиси келди.
– Ө-ө-к, жыргай түшпөдүмбү! Шаарда мындай суу кайдан болсун. Кээде ушул суудан ушинтип ичкенимди ойлогондо чаңкаганымды айтпаңыз. Кетерде көтөрө алганымча ала кетип досторума ооз тийгизбесем.
А Үпөл эне күйөөсүнөн ажырагандагы бул дайрага эчен ирет тил тийгизгенин эстеди. Эми уулунун жанында туруп ошондогу күйөөсүнүн суу кечтирип келаткан кезин, ал күнү суунун ырайымсыз кутуруп чыкканын, күйөөсүнөн кантип ажыраганын уулуна айткысы келди. Бирок айтпады. Сагынып келген суусунан көңүлү калбасын, кайра сапарга аттанганы жатканда каргашалуу окуянын кебин кылбайын деди. Ошондо ошол окуя болбогондо булардын тагдыры азыркыдан башкача болмок баликим. Ким билет, мүмкүн ушул учурда ушул жерде экөө эмес үчөө бирге турат беле!
Айбар атасынын суудан каза болгонун билет. Бирок бул кечүүдөн экенин билбейт болсо керек. Билбегени да түзүк экен. Ал күнү эне-бала суу боюнан көңүлдүү кайтышты.
Какшыган дайра жээгинде олтуруп жарыктык Үпөл эне ушуларды ойлоду. Бир кездерде зар какшап өксүп, өз чачын өзү жулуп, тытынып ыйлаганын, оозуна келген ок сөздөрү менен тагдырына наалып, «кандуу сууну» сөккөнүн эстеди. Обу жок айтылган оор сөздөрү үчүн өкүндү. Көрсө ал суу атасын алган менен артындагы урпактарына, уул-кыздарына өмүр берип келген экен го!
– Оозумдан жаңылсам кечир, алла! Кесирлик кылсам кечир алла! Эл-журттун кутун учурба, балдардын ырыскысын соолутпа!
Эне отурган оордунан турбай, жаратканга жалбарып дуба кылды. Дайра какшып калуусуна кудум өзү гана күнөөлүүдөй сезилди. Этегине төгүлгөн көз жашына ээ болалбай калды.
Бир маалда суу шылдыры угулгансыды. Эне башын жалт көтөрүп, жогорудан агып келаткан булак суусундай ичке сууну көрдү. Шашыла оордунан турду.
– Оо, улуу жараткан. Үнүм кулагыңа жеткен экен, – деди сүйүнүп.
Суунун шылдыры комуздун көңүл эргитчү мукам кайрыгындай жагымдуу угулду. Үрөй бийлеген дененин бырышын жазган, кирдеген көкүрөктү чайып, чөккөн көңүлдү көтөргөн жагымдуу илеп урду. Суу улам көбөйүп, заматта эски нугу толду. Өзөнгө жан кирды. Өлгөн балыктар тирилди, кумсарган балдарга өң кирип, бир-бирине суу чачып ойноп жаткандай сезилди.
Күү-шаасы чыгып жээкке урган толкундарды сүйсүнө тиктеген эне чакасын колуна алып, суу сузду. Толтура сузду. Кайыптан күч бүткөнсүп күндөгүсүнөн шайдоот кетип баратты. Суу чайпалып этегине төгүлүп барат. Этегине суу эмес кут төгүлүп баратты. Дүйнөгө кайра төрөлгөнсүп эненин сүйүнүчүндө чек жок. Бүгүнкү ажайыптын сырына акылы жетпей айран-таң! Бул да кудайдын көрсөткөн бир сыры болсо керек деп ойлоду. Мейли, кандай болсо да бул сырды эчкимге тиш жарып, тил катып айтпоого бекиди.
Үпөл эне антип туура көчө менен кобуранып баратканда чоң жол менен ылдый карай бир жеңил машине өтүп кетти. Эне аны байкабады. А машине суу башкаруу мекемесиники болчу. Айыл башындагы тар кысаңга чоң типтеги суу тосмо курулган. Жаңы бүткөн курулушту бүгүн жергиликтүү суу ээлери биринчи жолу сынак кылып көрүшкөн. Бул алар үчүн да өтө кызыктуу болчу. Баары ийгиликтүү болгон соң таңга жуук суу тизгинин агытып жиберип, жеңиштүү ишине желпинип кайтып баратышкан. Алардын арасында Айбардын мурдагы сабакташы, азыр жогорку окуу жайын жаңы бүтүп келген жардамчы кызматкер Султан да баратты.
Үйгө келсе очокко койгон чайнеги какшып баратыптыр. Ага чөмүчтөп кайра суу толтурду. Отун ичкелештирди.
Күндүн мурду чачырап, айыл кызгылт нурга бөлөндү. Жол жээгиндеги бийик дарактардын жалбырагы арасынан түшкөн нур эшик алдына себилди... Иттердин үргөнү, кишилердин үндөрү, алда бир матордун күрүлдөгөнү, батыш кырка жактан торгойлордун безеленип сайраганы угула баштады. Ал жер, бул жерден созолонуп түтүн көтөрүлдү.
– Кудайга шүгүр, дагы бир күндүн тирдиги башталды! – деди Үпөл эне жадырап.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.