Гүлнара Шадыман: Вальс

  • 09.03.2025
  • 638

АҢГЕМЕ

Али бакчадан атасы менен кайтты. Үйгө кирери менен апасына шашыла кайрылды:

– Апаке, сиз эртең бакчага бара аласызбы?

Апасы жаңы тартылган сүттү чоң казанга куюп жатып, таң кала карады:

– Себеп? – деди жылмайып.

Алинин көздөрү кубанычтан жалжылдап турду:

– Биз апалардын майрамына концерттик программа даярдап жатабыз. Мен Амина менен вальс бийлемекмин. Үч күндөн бери даярданып жатканбыз. – Бирок бир аз тынып, жүзү өзгөрүлө түштү: – Бүгүн Марселдин апасы келип, тарбиячы менен сүйлөшкөндөн кийин Амина менен Марселди бирге бийлетмекчи болушту. Апаке, эмне үчүн чоңдор өздөрү койгон эрежелерди кайра бузушат? Биз чүчү кулак тартканбыз, Амина мени менен бийлемек! – деп нааразычылык менен сөзүн улады.

Апасы суу колдорун сүлгүгɵ аарчып, уулунун башынан сылады:

– Эң башкысы – сен концертке катышып, вальс бийлеп жатасың.

Али үн катпай, ойго чөмүлдү. "Кызык, чоңдор эрежелерди ɵздɵрү ойлоп табышат, анан өздөрү эле бузат. Эгер ошондой болсо, мен бийлебейм!" – деди ичинен.

Апасы анын оюн түшүнүп, жумшак үн катты:

– Макул, эртең тарбиячы менен сүйлөшөм. Бирок бир шарт менен – акыркы чечимди Амина өзү чыгарат. Ал ким менен бийлегиси келсе, ошону тандайт.

Эртеси эне-бала кол кармашып бакчага жөнөштү.

– Али, сен кандай ойлойсуң, Амина кимди тандайт? – деди апасы.

Али ийнин куушуруп, көздөрү күлүмсүрөп турду.

– Сен жигитсиң, сөзүңө тургун. Эгер Амина сени тандабаса, чырдоо жок! – апасы аны далыдан таптады.

Бакчага жеткенде апасы тарбиячы менен сүйлөштү.

– Амина эң сүйкүмдүү, сүймөнчүк кыз, балдардын баары аны менен бийлегилери келет. Ошондуктан биз чүчү кулак тартканбыз. Алгач Амина менен бийлөө Алиге туш келген. Бирок кечээ Марселдин апасы келип: "Марсел Амина менен гана бийлейт, антпесе бакчага келбейм дептир" дегенинен, биз макул болгонбуз.

Апасы ойлонуп туруп, сунуш киргизди:

– Анда муну өзүбүз чечпейли, акыркы чечимди Амина өзү чыгарсын. Ал ким менен бийлегиси келсе, ошону тандайт. Биз Али менен үйдө да ушундай сүйлөштүк.

Тарбиячы макул болуп, Аминаны чакырды. Ал сары жүздүү, чачтары сыйдам суюк, бети сепкилдүү кыз экен. Бирок көздөрү оттой жанып турат.

Аминаны тайпанын алдына алып чыгышты.

– Концерттик программадагы вальс үчүн өнөктөш тандоо укугу Аминага берилди. Ал каалаган баланы тандай алат! – деп тарбиячы жарыялады.

Балдардын баары демдерин ичке катып күтүштү. Али да, Марсел да чыдамсыздык менен карап турушту.

Амина шашылбастан, жүзүнө түшкөн чачын оң кулагына кыстарды да, бир аз көз чаптырып, тайпадагы эң жоош, каратору, өзүнөн бир аз жапалдаш Дуулатты колдон сүйрөп чыкты.

Тайпадагы эң күчтүү эки талапкер – Али да, Марсел да эмне дешти билбей, үнсүз кала беришти…

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз