
Жогорку Совет сессиясында
К А Т Ы Ш У У ЧУЛАР:
Төрага – Жогорку Советтин төрагасы
Азамат Айылчиев – депутат, жазуучу
Кымбаткул Кыштообаев – депутат, жазуучу
Жаркымбай Жайлообеков – депутат, жазуучу
Бирлик Билгетегин – депутат, жазуучу
Сабыр Саргалдаев – депутат, режиссёр
КР – көрүнбөс репродуктор.
Эсиңерде болсун: көмүскө репродуктор. Ал – сахнанын ылайыктуу бир жерине коюлган магнитофон же башка бир дабыш тараткыч аппарат, магнит ленталарына атайын жазылган шоокум, үндөр, сүйлөгөн сөздөрдү улам чыгарып, улам айттырып турат. Асыресе КРдан өздөрү көрүнбөгөн төмөнкү каармандардын үнү угулат: М.Ж.Тезекбаев, И.Абдиев, М.Нооманов, М.Кудузбаев, К.Тазабеков, Н.Б.Вильчинский, Ф.Валиев, С.Мадумарев, С.Субанбаев. Булардын үнү – пьесанын кадыресе каармандары. КРдан ошондой эле сценадан көрүнгөн А.Айылчиев, К.Кыштообаев, Ж.Жайлообеков, Б.Билгетегин, С.Саргалдаевдин үндөрү да маал-маалы менен угулуп турат.
Авансценада – узун бир стол. Анын орто ченинде – микрофон. Стол артында – бир нече (үч-төрт) стул. Мындайыракта (авансценанын оң жагында) – трибуна. Көшөгө ачылганча, ачылгандан кийин да, бир азга КР (көмүскө репродуктор) өзүнөн көп киши чоң залга отуруп атканын туюндурган шоокум чыгарып, көп жан катышчу жыйналыш башталганы калганын туюндуруп турат.
Көшөгө ачылганда эле авансценадагы столдо, анын үстүндөгү жалгыз микрофондун тушунда Төрага отурат. КР чыгарып турган шоокум саал басаңдай түшөт.
Төрага: Урматтуу эл депутаттары! Ушул сессияда каралар маселелердин тизмеси баарыңардын колуңарда бар. Аны кайра окуп, убакыт коротпойлу. Чет элге визит жасап жөнөрүндө урматтуу президентибиз сиздерге, урматтуу эл депутаттары, атайын кыскача кайрылуу калтырып кетти, мен ошону окуп берейин.
«Урматтуу эл депутаттары! Өзүңөр билесиңер, эгемендүүлүгүн колуна алган биздин республикабыздын эл чарбасы базар мамилелерине аз-аздан тартыла баштады. Бирок Кыргызстан өз экономикасынын негизги тармактарын базардык жолго өткөрүү жагынан Советтер Союзу ыдыраган соң баш көтөргөн суверендүү мамлекеттердин көбүнөн артта калууда. Мындай кечеңдөөнүн бир башка себеби – бизде экономикалык реформалардын ыкчам жүрүп кетишине жол ача турган мыйзамдардын эмдигиче кабыл алына электиги. Ошон үчүн мен өзүмдүн закон долбоорлорун сунуш этүүгө акым барынан пайдаланып, Жогорку Кеңештин ушул сессиясынын күн тартибине бизде экономикалык реформалардын тезден өнүгүшүнө көмөк көрсөтө турган мыйзамдардын долбоорлорун киргизип отурам.
Мен жан-дилимен, азиз эл депутаттары майда-барат маселелерге алагды болбой, саясый айтыштар менен тирешүүлөргө азгырылбай, бар күч-кубатын сессиянын күн тартибине коюлган мыйзам долбоорлорун ийине жеткире талкуулоого, уюшкандык менен кабыл алууга жумшайт деп толук ишенем. Мен ошондой эле сессиянын байсалдуу, иштиктүү жүрүп, ийгиликтүү аякташына тилектешмин».
Кана, урматтуу Президенттин сунуштары боюнча, күн тартиби маселесине кимдин кандай ою бар? (Залдын ичин айландыра карап) Сөз эл депутаты, белгилүү жазуучу Азамат Айылчы уулуна берилет. (Азамат Айылчиев трибунага чыгып келет)
Айылчиев: Ардактуу эл уакилдери! Калк намысын коргогон атуулдардын катуу кысмагы аркасында соңку жылдары мамлекеттик тилибиз мындай чоң чогулуштарда да сүйлөнө баштады. Мына, мен турган минбарга чыкса эле орусча сайрап кирүүчүлөр айласы жок кыргызчага өттү, көбү орусча сүйлөгөндөн биротоло баш тартты. Бул – биздин эң чоң жеңишибиз, жолдош мырзалар!
КР (Шатыраган кол чабуулар.)
Айылчиев: Ырас, орусча кеп урганын таштабаган үч-төрт кыргыз калды арабызда. Буюрса, алар да жакында кынына кирет: эне тилинде сүйлөшкө үйрөнөт, же биерде сүйлөгөнүн такыр эле коёт. Ардактуу эл уакилдери! Биздин жумкуриеттин азирет Раиси да, биздин бийик Кеңештин таксыр Төрагасы да күн тартибине коюлган канундардын ушу мажилисте кабыл алынышын өтө маанилүү деп тастык этишти. Албетте, экономикалык реформалар туурасындагы канундар да жумуриет жарандарына өтө зарур. Мен алардын зарурдугун эч танбайм, яки инкар кылбайм. Лекин өз улутубуздун тилин өз жерибизде салтанат курдуруп, башка элдерге өз элибиздин наамын, өз жумуриетибиздин атын куду өзүбүз айтып-жазып жүргөндөй айттыруу жана жаздыруу тиги канундардан да маанилүү, чүнкү бул маселе улутубуздун арбагын көтөрөт, рухуна рух кошот, ата-бабаларыбыздын сөөгүн агартат. Биздин көп жылдык жигердүү аракеттерибиздин акыбети кайтып, орустар Орусияда да, биерде да «киргиз» дебей, «кыргыз» деп айтып-жазып калды. «Кыргыз Республикасы» дегенди биздин «Киргизская Республика» деп орусчалады эле, биз ага макул болбой, өзүбүз «Республика Кыргызстан» деп которуп бердик. Азыр орустар айтса да, жазса да «Республика Кыргызстан» дейт. Ошону менен биз дүйнөдөгү килейген элге улутубуздун ким экенин билдирип, эсине келтире алдык. Бул – биздин эң чоң жеңишибиз!
КР (Шатыраган кол чабуулар.)
Айылчиев: Мындай чоң жеңишке баштагы советтик улуттардын ичинен бир гана биз жетиштик. Элинин саны биздикинен алда канча көп казактар да, өзүбектер да өздөрүн орустар дагы эле «узбек», «казах» деп айтып-жазып атса, ошого деле макул бойдон жүрүшөт. Олдо байкуштарым ай! (Башын чайкап, кайгырымыш болот). Баса, билермандардын айтуусуна караганда, грузиндер өздөрүн «картвели» деп, жумкуриетин «Сакартвелос» деп, армяндар болсо өздөрүн «хай» деп, өлкөсүн «Хайастан» деп айтат экен. Бирок аларды орустар дагы эле «грузин», «Грузия», «армян», «Армения» деп айтып-жазып жатыры. Грузин менен армян аттарын да, өлкөлөрүнүн аттарын да орустарга тигинтип жаздырта албай, айттыра албай туру. Олдо оңкойгон бечараларым ай-я! (Үшкүрүмүш болуп, кайра ыкшып күлөт). Бир очойгон немелер экен да ырысы жокторум!
Айтмакчы, билгендерден угуп, аң-таң калдым. Көрсө, кытайлар өздөрүн «ханзу», өлкөсүн «Чжун-го» дейт турбайбы! Немистер болсо өздөрүн «дөйүч», өлкөсүн «Дөйүчлонд» дейт экен. Алардын баарын орустар «Китай», «китайцы», «немис», «Германия» деп айтып жазып келишет. Миллиард ашкан кытай, жүз миллиондон көп немис өздөрү ва өлкөлөрүнүн аттарын орустарга куду өздөрү айтып-жазгандай айттыра да, жаздыра да албай атпайбы, чиркин дүйнө. (Чала күлүмүш, чала күйүмүш болуп, купшуңдап). Ой, күйөм да ошо килеңдеген элдерге!
КР. (Анча-мынча күлкү)
Айылчиев: А биз, кыргыздар, үч миллионго жете албай жатып 150 миллиондой оруска «кыргыз», «Кыргызстан» деп айттырып-жаздыртып койдук ко, кысталак (жагалданып, чыкчырыла түшөт). Дүйнөдө мындан ашкан чоң жеңиш яки зафар болобу, я, бейапендилер?!
К Р (шатыраган кол чабуулар)
Айылчиев: Ошентсе да, биздин бул жеңишибиз төгөрөктүн төрт бурчунда тегиз салтанат кура элек. Мен билбей жүргөн экенмин, билгендер айтып беришти. Көрсө, англис тилинде «кыргыз», «Кыргызстан» дегендер «көөгиз», «Көөгизиш» деп жазылып атыптыр. Шумдугуң кур десе! Кытайлар да бизди «киликидзи» деп айтып-жазат имиш. Кытай го килеңдеген эл, олчойгон мамлекет, а мынабу капталыбыздагы тажиктерге эмне жок?! Ушу шордуулар да бизди дагы эле «киргиз» деп, жумкуриетибизди «Республика Киргизстан» деп мурда орустар кандай жазса, дал ошондой жазып жүрүптүр! Тажиктин бу жоругуна биз түтүп тура албайбыз. Жолдош мырзалар!
К Р (Шатырата кол чабуулар)
Төрага: Жолдош... кечиресиз, мырза Азамат Айылчы уулу, сунушуңузду конкреттүү айтасызбы?
Айылчиев:
Кыскартып, такилибими айтсам, мындай. Биздин элдин, жумуриеттин аттарын өздөрү каалагандай айтып-жазып жүргөнү үчүн Американстан, Ангилистан, Кытайстан, Тажикстан мамлекеттерине нааразылык билдиришибиз керек, алардан куду өзүбүз, анан орустар айтып-жазып жүргөндөй «кыргыз», «Кыргызстан» деп айткыла да жазгыла деп талап кылышыбыз керек. Кыйшаңдабай «кыргыз» дешсин, сөзсүз «Республика Кыргызстан» деп жазсын. Аларды ушуга милдеттендирген токтом же чечим кабыл алып, баарына тең мамлекеттик ултуматум же ноота жиберүүгө тийишпиз. Такилибим ушул. Добушка коюлушун талап кылам! (Трибунадан кеткенге кам урат).
Төрага: Ырахмат (шашкалактап). Жо-жок. Кетпеңиз, тура туруңуз. Сизге суроо берүүчүлөр бар окшойт. Төртүнчү микрофон.
К Р: Народный депутат Маркленист Тезекбаев, 75-ый территориальный округ. Уважаемые депутаты! Все мы с большим удовлетворением восприняли краткое, но яркое Обращение нашего уважаемого Президента, где он призвал всех нас сосредоточиться на деловом обсуждении и скорейшем принятии тех законопроектов, которые имеют, как правильно выразился наш Президент, судьбоносное значение для экономического возрождения республики. Почему Вы, много уважаемый Азамат Айылчиевич, не внимаете разумным советам и призывам Президента, а стараетесь, как всегда увести работу сессии в нежелательную сторону? Неужели та проблема, которую Вы поднимаете здесь, важнее и нужнее чем предложенный Президентом макет актуальнейших законопроектов?
Айылчиев (эчтеме түшүнбөгөн кейипте аңкайган бойдон Төрага жакка): Эмне деп балдырап койду бул өзөктөн чыккан өрт?
К Р (Тезекбаевдин үнү): Я решительно протестую! Уважаемый Председатель. Вы непременно должны...
Төрага (залга каратып оң колунун алаканын өйдө-ылдый жаңсоо менен «коё тур, сабыр кыл» дегендей ишарат кылып). Я понял Вас. Азыр, азыр... (Айылчиевге кайрылып). Кичине ашыгыраак кетип калдыңыз окшойт, парламент этикасын сактап, сылык болсоңузчу!
Айылчиев: Орусча суроо берип, безиме сайып атпайбы! Деги эмне деп балдырады?..
Төрага: Маркленист Жамангулович Сизден сурап атат: Президент маанилүү законопроекттерди сунуш кылса, башкага алаксыбай ошолорду талкуулап алгыла деп көптөн көп өтүнсө, аны эмнеге этибар албайсыңар дейт, сессияны башка жакка сүйрөп кетип атасыңар дейт. Сиз койгон маселелердин азыр күйүп жанган жери жок дейт.
Айылчиев: Эй, Тезекбайүп! Сен эне тилиңде качан сүйлөйсүң, я? Эмне, мамлекеттик тил мыйзамынын сага тиешеси жокпу? Заадиң кыргыз боло туруп, ушу сен тил канунун тоотпой атсаң, тили буруулар тоотобу да кыргызча үйрөнөбү? Орусча бергениң үчүн сурооңо жооп бербейм. Оң кулагың менен да, сол кулагың менен да ук: соболуң мага кыргызча берилмейинче, менден жооп күтпө!
КР (Шатырата кол чабуулар)
Айылчиев: Мына, менин жообумду эл кубаттап атат! (Трибунадан шарт түшүп кетет).
КР (М.Тезекбаевдин үнү): Я протестую! Это же цилично! Разве можно так? Это недопустимо! Товарищ Председатель? Почему Вы не реагируете на такую развязность, на такую выходку? Не знаю даже, как назвать это...
Төрага: Айтканыңыз туура. Азамат Айылчиевич өтө орой кетип калды. Урматтуу депутаттар! Сылык болсоңор экен, адеп чегинен чыкпасаңар экен. Ал эми Тезекбаев менен Айылчиев экөөнүн чарпыша түшкөнү этика комиссиясында каралсын. (Пауза). Кайра күн тартибине келели. Силерден суранам: сунуш же пикир айтсаңар, ток этер жерин айтсаңар экен. Кана, күн тартибине карата дагы ким эмне дейт? (Залга көз кыдыратып.) Сөз эл депутаты, белгилүү жазуучу Жаркымбай Жайлообек уулуна берилет.
Жайлообеков: Кадырлуу Төрага! Урматтуу эл өкүлдөрү! Мен сөздү көп көбүртпөй, кыска согоюн, ток этер жерин айтып, түз эле сунуш киргизейин. «Кыргыз эл», «Кыргыз тил», «Кыргыз жер», «Кыргыз үй», «Кыргыз кой» коомдорунун, ошондой эле «Кыргыз Туусу», «Кыргыз маданияты», «Кыргыз руху», «Кыргыз айымы», «Кыргыз айылы», «Кыргыз калаасы», «Кыргыз жайлоосу» гезит-журналдарынын жамааттарынын атынан ушул жыйындын күн тартибине «Республика Кыргызстандын аба мейкиндигине мамлекеттик укук берүү жөнүндө мыйзамдын» долбоорун талкуулоо жана кабыл алуу киргизилсин дейм. Долбоор иштелип чыккан, көбөйтүлүп, депутаттарга таркатылып берилген. Мыйзамдын кандай мааниси бар экенин саймедиреп берсем болот эле. Бирок убакыт тар. Ошон үчүн мен шыдыр эле ушул сунуштун күн тартибине сөзсүз киришин талап кылам.
Төрага: Ырахмат. (Залга). Урматтуу Жайлообек уулуна суроо жокпу? Жок окшойт. (Ж.Жайлообековго кайрылып) Ордуңузга барганга уруксат. (Ж.Жайлообеков трибунадан кетет)
КР (Бирөөнүн коңурукту кош тартканы угулат)
Төрага: Ой! Коңуруктун ээсин ойготуп койгула. Жаныңарда бирөө уктап калса, ойготуп турбайсыңарбы? (Пауза) Кана, дагы кандай алымча-кошумча бар? Күн тартиби боюнча. (Залга көз кыдыртып келип) Сөз эл депутаты белгилүү жазуучу Кымбаткул Кыштообай уулуна берилет.
Кыштообаев (катуу бакырып): Ас-салоом-алейкум, ардактуу эл азаматтары!
КР (Саал алыстан чыккансыган Сабыр Саргалдаевдин катуу үнү). Ва-алейкум-ассалам, Кымбаткул баатыр!
Кыштообаев (ызалана түшүп.) Бу ким я? Дагы баягыбы? Сабыр Саргалдайыппы? Эмне деп аржалаңдады дагы?
Төрага (күлгөн бойдон): Саламыңызга жөн эле алик алып койду. Бирок залдын репликаларын укпамышка салыңыз, сүйлөй бериңиз.
Кыштообаев (төрага жакка): Тигил... Саргалдайып сүйлөтпөй атпайбы. Качан коёт ажыкыздыгын?!
Төрага (күлгөнүн тыя албай): Жакында коёт, жакында. Залга карабаңыз, баштай бериңиз.
Кыштообаев: Жөн турбайбы анан ал!
Төрага (залга): Сабыр Саргалдаевич! Кымбаткул Кыштообаевич сүйлөп бүткөнчө шүк отуруңузчу, бай болгур! (Кыштообаевге) Айта бериңиз.
Кыштообаев: Айтсам ушул: Жамахирия Кыргызстандын аймагында Россия империализми өз аттарын койгон шаар-кыштактардын баарына Жогорку Кеңешибиздин чечимдери менен эски аттарын кайтарып бердик. Ошону менен жергебиздин картасынан орус колониялыгынын издерин биротоло өчүрдүк. Бул – биздин депутаттык корпустун эң чоң жеңиши, азиз туугандар! (Бир аз токтой калып, кайра бакырып) Эмнеге кол чаппайсыңар, я!?
КР (анча-мынча кол чабуулар, күлкү.)
Кыштообаев: Бирок шаар-кыштактарыбыздын башкалар койгон аттарын алмаштыруу жагынан кылганыбыздан кыла элегибиз көп. Маселен, Нарын, Каракол, Жумгал, Дөрбөлжүн аттарын алалы. Булардын баары калмакча экен. Калмак баскынчылыгынын калдыктары экен. Россия империализми жерибизге баскан тамгаларды жөндөгөндө, калмак колониялыгынын саркындыларын тим коёмунбу? Калмактын кыргызга кылбаган жаманчылыгы калды беле. Мустакыл Кыргызстан жамахириясынын мубарек жеринде калмакча жер аттарынын жашаганга акысы барбы? «Акысы барбы» деп сурап атам?
Төрага: Айтканыңыз туура, бирок саал акырыныраак сурасаңыз экен.
Кыштообаев (төрага жакка): Сөз бузгандыгыңызды качан коёсуз? Сиз сүйлөгөндө, мен унчукпай эле отурам го. Мен, билесизби...
Төрага (алдастап): Койдум, койдум. Айып менде. Конкреттүү сурооңузду айтыңыз.
Кыштообаев: Сунушум ушул: Каракол, Нарын, Ош, Жумгал, Дөрбөлжүн тононимдерин кыргызчалаштыруу маселеси күн тартибине кошулсун. Ушундай!
Төрага (жалпактап): Кечиресиз, айтканыңыз туура. Бирок билгим келет: «Ош» деген да калмакча бекен?
Кыштообаев (корс этип): Аны мен кайдан би-лем? (Кайра жоошуй түшүп) «Ош» дегендин этимологиясы белгисиз. Бирок кыргызча эмес, буга күнөм жок. Ал аттан кыргыз жыттанып да турбайт. Анын үстүнө «Ош» деген өтө эле кыска, кыргыз баласы айтканда оозу толбой калат. Айтор, мен сунуш киргиздим, добушка сөзсүз коюлсун. Коюлсун!
Төрага: Коёбуз, коёбуз. Түшкөн сунуш сөзсүз коюлат. Регламентте ошондой.
Кыштообаев: Анда мен бүттүм. Ушундай! (Кыштообаев трибунадан кетет).
Төрага: Ырахмат. Дагы кандай сунуш бар? (Пауза) Урматтуу эл депутаты, белгилүү жазуучу Бирлик Билгетегин мырзага сөз берилет. (Б.Билгетегин трибунага көтөрүлөт).
Б.Билгетегин: Кымбаттуу мырзалар жана мырзайымдар! Ушул Улуу Хуралдын чакан курултайына өзүнө өзү бий Кыргыз каганатынын улуу урматтуу Ажосу сунуш кылган жасактардын долбоорлорун, ошондой эле кадырман калемдештеримдин сунуштарын мен бүт бойдон колдойм. Ошону менен бирге мен да күн тартибине бир кошумча киргизем. Арийне, айтылуу августтагы калайманда, тоталитаристтик саясый-аскерий төңкөрүш убагында биздин улуу урматтуу Ажобуз, жалпы эле кыргыз демократтары баатырдыктын, кыраакылыктын бийик өрнөктөрүн көрсөттү. Ошентсе да демократыбыз менен сүйүктүү ноёнубуз Феликс Шаршембай уулу Кулов ГКЧПга каршы келишпестик менен туруп, өз маалында чечкиндүү жана натыйжалуу чаралар көрдү. Эгер биздин Каганатта андай чаралар өз убагында тез көрүлбөсө, ГКЧП жеңип кетмек. Ельцин баштаган Орусия демократтары жеңилип калмак. Ошон үчүн биз мырза Феликске тирүүсүндө эстелик койсок да аздык кылат!
КР (Шатыраган кол чабуулар).
Б.Билгетегин: Бирок мырза Феликстин алтын затына темир аты анча коошпойт. Советтер империясында тоталитаризмге негиз салган, лениндик-сталиндик террорго жана репрессияларга жол ачкан зулум Дзержинскийдин атын алып жүргөнгө Шаршембай уулунун эч акысы жок. Экинчиден, Шаршенбай уулундай мырзага «Кулов» деген фамилия да ылайык келбейт. Кыргызча «Кул» дегени да, орусча «ов» дегени да анын кадырына доо кетирет. Ошон үчүн мен күн тартибине «Феликс Шаршембаевич Куловдун ысымы менен фамилиясын жаңыртуу жөнүндө» деген маселе кирсин дейм. Мунун колго салынышын талап кылам. Баарыңарды теңир жалгасын! (Б.Билгетегин трибунадан кетет).
Төрага: Ырахмат. Дагы кандай сунуштар же ойлор бар? (Залга тегерете карап) Төртүнчү микрофон.
К Р. Саид Нооманов. 130-Курманжан датка округу. Мен Бирлик Билгетегин мырзанын сунушуну поддерживать кылам. Акыйкатта да Кулов жолдош көзү барда памятник койгонго зазлужить этет. Па-моему, мунун жарасы жеңил. Тигинде Дзержинскийдин памятниги турбайбы солдоюп, ошону аннулировать кылыш керек. Менин сунушумду Билгетегиндики менен бириктирип, кошо голосованияга коюлушуну талап кылам.
Төрага: Ырахмат. Дагы ким эмне дейт? (Залга көз кыдыртып келип) Биринчи микрофон.
К Р: Бис Касыбек Тасабеков деген болобус. Өзүбүс чабанбыс. Өкүрүгүбүс жүс отус экинчи. Бис жазуучу баатырларга эки самечания айтмакпыс. Биринчиси мындай. Өзүбүстүн эле «Бирсидент» деген сонун сесүбүс турса, бир жасуучу аны «Райыс» дейт, экинчиси «Ажо» дейт. «Иреспублика» деген эле төл сөсүбүзтү бирөө «жүмкүрөйт» десе, дагы бирөө «каганат» дейт. Бистеги кайсы жасуучуну ээрчип айтабыс? Анан да жазуучу баатырлар кыргызча эле сүйлөп аткансышты, бирок мен кеп-сөсүн түшүнбөй калдым. «Эки жолу эмгек Баатыры эмессиңби, сен билет болушуң керек» деп ошо сөстөрдүн төркүн-төсүн Таштанбек Акматүптөн сурасам, а деле билбейт экен, баш чайкап тим болду. Ошон үчүн бис жасуучу баатырлардан кыргыс баласы түшүнгүдөй кылып сүйлөсө деп суранабыс.
Төрага: Ырахмат. Кадырман жазуучулардын кээ бир сөздөрүн мен да түшүнбөй калып атам. Ардактуу чабаныбыздын азыркы өтүнүчүн калемгер мырзалар эске алат го деп ойлойм. (Дагы залга көз кыдыртып) Бешинчи микрофон:
К Р: Маркленист Тезекбаев. 75-ый территориальный округ. Уважаемый Председатель! Вы же прекрасно видите, что некоторые народные избранники пытаются увести сессию от намеченного пути. Извините, но вы проявляете излижною мягкость и терпимость по отношению к ним. Я прошу Вас быть твердым в отстаивании той повестки дня, которая была предложена Президентом и заранее обнародована в прессе.
Төрага: Маркленист Жамангулович! Сын айттыңыз, кеңеш бердиңиз, аныңызга ырахмат. Бирок Сиз процедура маселеси жагынан адис эмессизби. Жакшы билесиз, регламент боюнча сөз сураган депутатка сөз бербей коё албайм. Бирөө сунуш киргизем десе, аны да тыйганга акым жок. Сунуш кирсе, добушка коюуга аргасызмын. Айла жок, демократия деген ушул. (3алдын аяк-быягын акмалап карап) Кана, төртүнчү микрофон.
К Р: Саид Нооманов. 130-Курманжан датка шайлоо округунан. Мен лично кээ бир жазуучулар киргизген сунуштарга согласия эмесмин. Алардын көбүнү эмдиги сессияга, ал тургай нарыгы жылга отсрочит этсек, ич намазы бузулбайт. Менимче, радикальный экономический реформалардын жүрүшүгө мишайт кылыбаткан каргашалардан күн тартибиге кошуш керек. Мен күн тартибиге усубалиевщинанын тамырларын кыркуу маселесин сунуш этем. (Бир жагынан нааразыланган, бир жагынан кубаттаган дабыштар, бир жагынан кол чабуулар, бир жагынан дүбүрөтүп пол тебүүлөр).
Төрага: Ай, ай тынчтангыла! Сабыр кылгыла! (Залдын бир жагына карап). Кана, бешинчи микрофон.
КР (Чычкыланып энтиккен үн): Мусабай Кудузбайып. 67-Тайлак баатыр окуругу. Эгер усубалиевщина маселеси коюлса, мен масалиевщина маселесинин коюлушун да талап кылам. Усубалиевдин 24 жылда кылганын Масалиев үч жылда эле жасап койду. Түштүктүн баарын Бишкекке көчүрүп келип салды! (Нааразыланган да, кубаттаган да кол чабуулар, пол тебүүлөр, кыйкырыктар).
Төрага (коңгуроосун шыңгыратып): Тынчтаналы, тынчтаналы. Отургула. (Пауза). Алтынчы микрофон.
К Р: Иса Абдиев. 119-территориальный округ. Дорогие друзья! Я плохо знаю творчество наших депутатов-писателей, но их самих очень уважаю. Я не знаю, являются ли наши труженники вера аристократами духа, но постоянно замечаю, что они оказывают значительное влияние на многих депутатов, особенно на тех, кто представляет здесь сельское население. Дорогие народные депутаты, легко поддающиеся писательским внушениям! Я обращаюсь к Вам, предупреждаю вас словами другого писателя, великого Пушкина. Вот как он отозвался о благотворной и одновременно опасной силе писательского слова. Цитирую: «Писатели во всех странах мира суть класс самый малочисленный изо всего народонаселения. Но писатели – самая мощная, самая опасная аристократия, ибо они способны налагать на целые поколения свои страсти и предрассудки. Никакая власть не может устоять против разрушительного действия типографического станка. Уважайте класс писателей, но не допускайте же его овладеть вами совершенно!» Конец цитаты. Думаю, что эти предупреждающие слова должны заставить нас критически отнестись к предложениям и выступлениям наших уважаемых писателей. Спасибо за внимание.
Төрага: Сизге да ырахмат. Пушкин: «Жазуучуларды сыйлагыла, бирок алардын айткандарына арбалып калбагыла», – деген турбайбы. Бул кеңеш эске алып койчу экен. Эми мындай. Менимче, күн тартибин узак талкуулап ийдик, ушуну менен чектелсек деген пикир бар.
КР (микрофондон саал алыс жерден чыккансыган үндөр: Б.Билтегендики – Төртүнчү микрофон! Төртүнчү: «К.Кыштообаевдики менен Ж.Жайлообековдуку – «Жетинчи микрофон»; А.Айылчиевдикин – «Ой, алтынчыны иштет, алтынчыны!»).
Төрага: Жазуучу, мырзалар! Ордуңарга отурсаңар экен! Эмне, Пушкинге жооп берген атасыңарбы? Иса Абдиевич Пушкиндин айтканын эле окуп бербедиби. Урматтуу Кыштообаевич, микрофонго тийбеңиз! Валютага келген, иштен чыгып калат!
К Р (Б.Билгетегиндин: «Төртүнчү! Төртүнчү!» деген, А.Айылчиевдин: «Жетинчини иштет!» деген, К.Кыштообаевдин: «Мага сөз? Мага!» деп бакыргандары микрофондон алысыраак жерден чыккансып угулат).
Төрага: Жок, эч кимиңе бербейм. Бириңе берсем, калганыңар да көшөрүп туруп аласыңар. (Залдын бир жерине карай салып, сүйүнүп кеткенсип) Сиз сүйлөйүн дейсизби? Анда трибунага эле чыга калыңызчы. (Залдын баарына). Сөз белгилүү режиссёрубуз Сабыр Саргалдаевге берилет! (С.Саргалдаев трибунага көтөрүлөт).
Саргалдаев: Баарыңар билесиңер, мен депутат жазуучулар сүйлөсө эле каршы сүйлөй берчү эмес белем. Бүгүнтөн баштап көзүм анык жетти: булардан башка арабызда кыргызга чындап күйгөндөр жок экен. Баракелде! Эми мен булардын астынан кыя өтсөм өлөйүн, айткан-дегендерине кылапат айтсам, маңка болоюн. Баарынын бутуна жыгылып капитуляция кылганым ушул. Ошол эле дейсиңерби. Мен эми улуу урматтуу жазуучулар эмне айтса да «бали-бали» дей берем. Азыр дагы алардыкын кош колдоп кубаттап, үчтөрт сунуш айтам. Биринчиси: азырынча Ай менен Күндү бир эл да менчиктей элек, биз озунуп «Ай менен Күн бир гана кыргыздын энчиси» деген закон чыгарып коёлу. Айдын жарыгын болбосо да Күндүкүн башка элдерге арендалап берип, аренда акы алып турабыз.
КР (Залдын уу-дуусу, күлкү, нааразы кыйкырыктар).
Төрага (Күлгөн бойдон коңгуроосун шыңгыратып): Тынчтаналы, туугандар, тынчтаналы.
Саргалдаев: Экинчи сунушуму мактангандан кийин баштайын. Баарыңар билесиңер, мен төгөрөктүн төрт бурчун кыдырып чыкпадымбы. Бир сапар Индонезияга барып, шумурай шумдукту уксам болобу! Аердин эли «кыргызды» «хурухуз», «Кыргызстанды» болсо «Хурухуздонгл» дейт экен эй! Теңирден тетири айтышат экен. Демек, Индонезияга да өзүңөрчө айтканыңарды койгула, «кыргыз», «Республика Кыргызстан» деп жазгыла деп ультиматум жиберели. Антип жазышпаса, экономикалык санкция жарыялайлы же согуш ачабыз деп коркуталы.
КР (Дуу-дуу, нараазы үндөр, уу-чуу).
Төрага (Күлгөн бойдон коңгуроосун шыңгыра-тып.): Тынчтаналы, жолдоштор, тынчтаналы. (Оң колун залга карай жаңсагылап). Болду, болду, басылалы. (Кайра күлүп, трибунага кайрылып). Сабыр Саргалдаевич, Сиз деле болдуңуз го дейм?
Саргалдаев: Болбой калайын. Үчүнчү сунушум: Бишкек менен Токмоктун атын өзгөртүш керек. Биздин татынакай борборго «Бишкек» аты эч ылайык келбейт. «Биш-кек». Ушу да атпы? «Токмок» деген «Бишкектен беш бетер жаман. (Ооз ченин алаканы менен чала калкалап, орусча «заговорщически» дечү түр менен купшуңдап, үнүн басаңдата «артистенип»). Уят, уят! «Бишкек, «токмок» дегендердин түп маанисин тиги тили буруулар билбей эле койсун!
КР (Дуулдаган күлкү, нааразы үндөр, дүпүр-дүпүр).
Төрага (Күлгөн бойдон коңгуроосун шыңгыратып): Тынчтаналы, жолдоштор, тынчтаналы. (Пауза. Трибунага карап күлө багып). Сабыр Саргалдаевич, концертиңизге ырахмат, ушуну менен бүтүңүз.
Саргалдаев: Төртүнчү сунушум бар. Акыркы. Феликс Куловго кошо Маркленист Тезекбаевдин да аты-жөнүн өзгөртүш керек. Баарыңар билесиңер, анын аты совет тоталитаризми үчүн күнөөлүү «Маркс, Ленин, Сталин» дегендерден алынган. Биздин суу кошпогон демократ тоталитаризм жыттанган ошол атты кантип алып жүрө алат? Анан Маркленисттин алтын-күмүш затына отчествосу да, фамилиясы да жакшы коошпойт. «Жамангул», «Тезекпай!» Ушулар да атпы?
КР (Алысыраактан, саал бүдөмүк М.Тезекбаевдин үнү чыгат): Я протестую! (Күлкү, уу-дуу).
Төрага (Күлгөн бойдон коңгуроосун шыңгыратып): Тынчтаналы, жолдоштор, тынчтаналы. (Эки колун залга карай жаңсагылап). Отургула, отура тургула. (Трибуна жакка карап). Сиз да отуруңуз, Сабыр Саргалдаевич.
Саргалдаев: Мен төрт сунушум тең сөзсүз добушка коюлушун, сөзсүз күн тартибине киришин талап кылам.
КР (Дуу-дуу күлкү, кыйкырык, нааразы үндөр).
Саргалдаев: «Макул» деп добуш берсеңер, силерди каратып туруп жарылып өлөм, харакири жасап ием.
КР (Күлкү, уу-дуу, кыйкырык, ызы-чуу. С.Саргалдаев трибунадан түшүп кетет).
Төрага (Коңгуроосун катуу шыңгыратып): Тынчтаналы, туугандар, тынчтаналы.
КР: Ай, микрофонго асылбагыла, валютага келген, баары тең иштен чыгып калат. Айланайын жазуучу туугандар, коё тургула! (Өзүнчө акырын) Түү, быякка карай жөнөшпөдүбү! (Кайра залга карап катуу үн чыгарып) Отура тургула! Анан сөз берем! Жолдош Кыштообаев! Кайтыңыз, ордуңузга барыңыз! Ой, Сизге сөз бергеним жок го! Жолдош Кыштообаев! (Кыштообаев жулунган бойдон катуу каарланып трибунага чуркап чыгат).
КР (Кол чабуулар, күлкү, уу-дуу).
Төрага (Ордунан тура калып заманасы куурулган түр менен): Эмнеге чыгып алдыңыз, Сизге сөз берген жокмун го?..
Кыштообаев (Буулуга бакырып.): Имнеге Саргалдаев... Имнеге сөз бересиз ага? Биз серьезный маселелерди коюп атсак, ал имне... неметет? Неметип атпайбы? Күлкүгө айлантып! Клоунданып!.. Ажыкызданып! Имнеге токтотпойсуз аны?
Төрага: Сабыр Саргалдаевичти билбейсизби? Баякы эле адаты да. Баарыбыз билген тамашасы.
Кыштообаев: Имне, парламент театрбы? Эстрадабы? Циркпи, я!?
Төрага: Сабыр кылыңыз, Кымбаткул Кыштообаевич! Бир жолку ачууңузду мага бериңизчи?! (Залга карап). Жарым саатка танапис жарыялайм! Танапис! Танапис!
Кыштообаев (Катуу бакырып.): Жок! Танапис жок! Мен сунуш киргизген атам! Саргалдаевдин кылыгын талкуулайбыз! Күн тартибине кирсин! Депутаттан чакырылсын! Ушул маселе коюлсун! (Залга карап.) Эй, каякка барасыңар! Отургула! Ордуңарга отургула!
КР (Залдан көп кишинин чыгып атканын туюндурган шоокумдар).
Төрага: Танапис! Жолдоштор, танапис! Кыштообаев: Жок! Танапис жок!.. (Сценага түшүп турган жарык жалп өчүп, сахна дароо караңгылыкка чөгөт. Бир азга бравурный музыка ойнолуп, кан буугандай басылат да, сахнага кайра жарык төгүлөт. Жанагы эле ордунда чарчаңкы, көңүлү чөгүңкү, саал жүдөмүш тарткан Төрага отурат).
Төрага: Урматтуу эл депутаттары! Сессияны эки күндө бүтөлү деп күн мурунтан белгилеген элек, сессия башталарда да ошого макулдашып алган болчубуз, бирок иш жүзүндө ойлогонубуз ордунан чыкпай, эки күн катары түн киргенче ызы-чуу түшүп талашып жатып, күн тартибин араң аныктадык. Тилекке каршы, Президентибиз сунуш кылган мыйзам долбоорлорунун пакети күн тартибине кирбей калды. Ал долбоорлор мамлекет бийлигин бекемдөөгө, базар экономикасына жол ачууга, аз кирешелүү граждандарды коргоого багытталган актуалдуу укук документтери эле. Алардын кийинки сессиянын кароосуна калтырышын биздин депутаттар корпусунун жеңиши деп айтыш кыйын. Мен жеке өзүм Президенттин өтүнүчүнүн четке кагылгандыгына, парламент менен президенттик бийликтин ыркы бузулгандыгына каршымын, капа да болуп турам. Бирок азыр баарыбыз демократия шарттарында жашап атпайбызбы. Ошон үчүн мен элибиз өзү шайлаган өкүлдөрдүн көпчүлүк добуш менен кабылдаган чечимине баш ийбей коё албайм. Каршымын, бирок аргасыз баш ием. Силер кандай күн тартибин бекитсеңер, ошону алып барууга милдеттүүмүн. Ошентип, бул сессиянын күн тартибине төмөнкү төрт маселе киргизилди:
1. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигине мамлекеттик статус берүү жөнүндөгү закондун долбоорун талкуулоо жана бекитүү;
2. Дүйнөдөгү айрым мамлекеттердин бийлик органдарын кыргыз улутунун жана республикасынын аттарын кыргызчадагыдай айттырып, жаздырууга милдеттендирүү жөнүндө токтом кабыл алуу;
3. Ош, Каракол, Нарын шаарларынын, Жумгал району жана Дөрбөлжүн баселкесинин аттарын кыргызчалатуу жөнүндө токтом кабыл алуу;
4. Министр Феликс Куловдун аты-жөнүн өзгөртүү жөнүндө токтом кабыл алуу. «Урушта туруш жок» дегендей, коюлган проблемаларды караганга өтө берели. Күн тартибинин биринчи маселеси боюнча сөз эл депутаты Жаркымбай Жайлообек уулуна берилет. (Ж.Жайлообеков трибунага чыгып келет).
Жайлообеков: Мен мурдагы күнү айтпадымбы: «Кыргыз жумуриятынын аба мейкиндигине мамлекеттик статус берүү жөнүндө мыйзамдын» долбоору депутаттарга күн мурунтан таркатылган. Долбоор үч комиссияда каралып, негизинен жактырылган, бекитилиш үчүн мажилиске сунуш кылынган. Долбоорго эл өкүлдөрү тарабынан жаңы киргизилген сунуштар да каралып, айрымдары кабыл алынды. Алар көп нускада көбөйтүлүп, депутаттардын баарына берилди. Демек, көп талкуулап отурбай, долбоорду добушка коё берсек болот.
Төрага: Ырахмат. (Залга) Кана, кимдин кандай алымча-кошумчасы бар? Второй микрофон. Пожалуйста.
КР. Народный депутат Вильчинский Наум Борисович. 12-округ. Товарищи! Депутаты, представляющие здесь русскоязычное население республики, решили не участвовать в голосовании по данному пункту повестки дня. К такому нелегкому для нас решению мы пришли по причине того, что в представленном законопроекте опять в который раз! – выпячивается все киргизское, воздушный океан над Киргизией объявляется достоянием одного лишь киргизского народа. Тем самым ущемляются права представителей некоренных национальностей республики. Извините. Спасибо за внимание.
Төрага: Вы в общем-то правы, товарищ Вильчинский. Но я прошу Вас и вашу депутатскую группу еще раз подумать над своим решением. Ведь в преамбуле законопроекта записано, что воздушное пространство республики принадлежит всем ее гражданам без различия национальности и прочего. Только в одном пункте вскольз говорится об особых правах народа, давшего название республике, на это пространство. Это делается, скажу Вам по секрету, но чисто политическим мотивам. Вы же знаете, что уже месяц активисты многих общественных движений и партий устраивают перед нашим Белым домом митинги, пикеты, голодовки. Они требуют скорейшего принятия обсуждаемого законопроекта с обязательным включением в него того пункта, который вызывает у Вас возражения. Вы поймите: стараниями национальной прессы, радио и телевидения взбударажен народ. Мы должны снять болезненные симптомы народного сознания, снять напряжение, возникшее среды общественных движений и партий, Вы должны учесть эти моменты.
Жайлообеков (Төрага жакка): Сиз эмне эле буларга кошомат кылып бүжүрөп, «добуш бергиле» деп жалынып атасыз? Качанкыга чейин ушулардан жалтактай беребиз? Уккан жоксузбу, «киргиз», «Киргизия» деп атпайбы? «Кыргыз», «Кыргызстан» деп дегеле айткысы келбейт. Биздин улутту тоотпогону ушул эмеспи!
Төрага: Айтканыңыз туура, бирок сабыр кылыңыз.
Жайлообеков: Добуш беришпесе, беришпей эле коюшсун. Алар болбосо деле кворум бар. Коркутушса эле корко беребизби?
Төрага: Айтканыңыз туура, бирок сабыр кылы-ңыз. (Залга) Дагы кандай суроо же пикир бар? Алтынчы микрофон.
КР: Сайфуддин Мадумаров. Үч йүз йигирма бешинчи округдан. Даклатчикка бир савалим бар. Канун проектисида: «Кыргызстаннинг хаво фазоси факат кыргыздарга гина тегишлидир», – деп язилибди. Демак, башка халк вакилари бу асманнан кур-ялак калар эканда? Майли, руслар Кыргызстанда нихояти бир асирдан буен хает кечираяпти дейяйлик, лекин Кыргызстанди өзбеклар алмасукдан буен кыргыз кардашлар билан бирга хает кечириб келишаяпти-ю. Шу сабабли бу канунга: «Кыргызстанбир бурчагида өзбекларнинг хам анча-мунча правосу бар», – деп язиб койсангиз болмасмикан-а?
Жайлообеков: Кымбаттуу мырза Сайпидин Мадымар уулу! Кыргызстан аба мейкининен пайдаланганга биздеги бардык улуттар акылуу. Пайдалана бергиле, ага улуксат. Бирок мыйзамга жумуруяттын ава мейкини түпкүлүгү кыргызга гана тиешелүү деп жазып коёлу. Кыргыз жерин кыргыздыкы дейли десек, Президент баш болуп баарыңар каршы чыктыңар, мыйзамга кийирбей койдуңар. Кыргызга эми ушу өз асманын да ыраа көрбөйсүңөрбү?
Төрага (Жайлообековго карап.): Болдуңузбу? Болсоңуз ырахмат. (Залга). Дагы ким эмне дейт? Үчүнчү микрофон.
КР: Фаттах Валиев. Саксан саккизинчи округдан. Менинг өз миллатдашим Мадумаров Сайфуддинга илтимасим бар. Азиз Сайфуддин ака! Сиз хазирги таклифингиздан кайтинг, «Асман факат кыргызныкы» – деп канунга язила берсин. Шундай деб язилганидан сизнинг биран жарйингиз камайып халияптими? Сизга маалум-ки, Кыргызстанда нимаяки бар экан, хаммасы кыргызныкы? Сиздан копдан коп илтимас кыламан: раддиянгизни кайтариб алинг «асман кыргызныки» деп канунга язылишига товуш беринг. Билиб коюнгки, асману хаво кыргызныки!
Төрага: Ырахмат. Алтынчы микрофон.
КР: Яна-ям Сайфуддин Мадумаров. Мен Валиев ортагнинг илтимасини кабул кыламан. Халиги вазразить кылганимни кайтариб аламан. Барчасига «хоп» деп товуш берабераман. Мендан хатиржам болинг.
Төрага: Ырахмат. Менимче, суроолор да, пикирлер да айтылып бүттү го дейм. Эч ким каршы болбосо, талкууга точка койсок.
Жайлообеков: Мен бара берейинби анда?
Төрага: Ырахмат. Сизге улуксат.
Жайлообеков: Баарыңардан ушу законду колдогула деп суранам. (Ж.Жайлообеков трибунадан кетет).
Төрага: Бу закон долбооруна ар ким өз мамилесин берген добушу менен билдирсин. Добушка сала берейин. (Залдын акыркы катарларынан бирөөнү көрө койгонсуп.) Эмне эле кол сереңдетип атасыз? Сунушуңуз барбы? Тим эле койбойсузбу? Коё албайсызбы? Жетинчи микрофон.
КР: Супатай Субанбаев. 44-округ. Урматтуу депутаттар! Сыртта нааразылык билдирип аткандарга көзөмөл салсын деп врачтар комиссиясын түзбөдүңөр беле. Мен ал комиссияга баштык болгонмун. Ачкачылык жарыялагандан кайра-кайра кабар алып атам. (Муңканып). Көбүнүн алы жаман. КДКнын бир лидери бүгүн эсинен танды. (Жашыгансып). «Скорый» алып кетти. Ач жаткандар, пикетчилер, митингечилер ушу законго «ава мейкини бир гана кыргызга таандык» деп жазылмайынча биерден кетпейбиз, тамак ичпейбиз, керек болсо депутаттардын колуна өлүп беребиз деп атышат.
Төрага: Супатай Субанбаевич, түшүнүктүү. Ырах-мат.
КР (С.Субанбаевтин үнү): Ака-жаке, кой-ай дегенге көнчү түрлөрү жок. Кокус бирөө-жарымы көз жумуп берсе, баарыбыз кутулбас куяга калабыз.
Төрага: Болдуңуз го дейм. Ырахмат. Закон долбоорун добушка салам. (Залдык бир жерине тигиле карап) Эмне эле микрофон алдында тыбырчылап атасыз? Маселе добушка коюлганы калбадыбы! (Пауза). Бешинчи микрофон.
КР: Мусабай Кудузбайып. 67-Тайлак баатыр шайлоо округу. Мен жакшы түшүнбөй калдым: жанагы «асман бүтүндөй кыргыздыкы» деген статья закондо калдыбы же жокпу?
Төрага: Калды, калды. «Алынып салынсын» деген сунуш болгон жок. Эч ким каршы болбосо добуш бергенге өтөлүбү? Кана «Республика Кыргызстандын аба мейкиндигине мамлекеттик статус берүү жөнүндөгү мыйзамдын» долбоору жалпысынан кабыл алынсын дегенге ким «макул»? (Пауза) Ким «Каршы»? (Пауза) Ким «Калыс»? (Залдын кайсы бир капталы жакка баш көтөрө карап). Аппарат «Кворум жок» деп атпайбы. Бая регистрация болгондо эле кворум бар эмес беле? Бирөөлөр байкатпай жылт койдубу? Эмне үчүн кворум жок? (Пауза). Алтынчы микрофон.
КР: Саид Нооманов. 130-Курманжан датка шайлоо округу. Кворум жогунун себеби: Ар жактагы безответственный депутаттар дагы да уктап калышыптыр. Мына, азыр жанындагылар ойготуп киришти. Жолдош Пирсидатил, бу уяты жокторго бир мера принимать кылбасаңыз болбойт.
Төрага: Ырахмат. Сөзсүз көрөбүз. Урматтуу уктап калган эл депутаттары! Ушу кылганыңар уят эмеспи! Баары ойгондубу? (Пауза) Анда кайрадан добуш бергенге уруналы. Кана, жана аты аталган мыйзам бекитилсин дегенге ким «макул»? (Пауза) Ким – «каршы»? (Пауза) Ким – «Калыс»? (Залдын кайсы бир капталы жакка өйдө карап алып) Закон кабыл алынды! Көпчүлүк добуш менен! Куттуктайм, жолдош депутаттар! Асман биздики!
КР (Дүркүрөгөн кол чабуулар. «Асман биздики» деген үндөр).
Төрага: Ырахмат. Баарыңарга ырахмат. Эми күн тартибинин экинчи маселесин талкуулайлы. Бу маселе боюнча урматтуу эл депутаты, белгилүү жазуучу Азамат Айылчы уулуна сөз берилет. (А.Айылчиев трибунага көтөрүлөт).
Айылчиев: Биз, жазуучу эл уакилдеринин жоон тобу, эки күндөн бери талашып-тартышып, урушуп-табышып атып кабыл алынчу токтомдун өйдөгүдөй долбоорун кураштырып чыктык. (Кагаздан окуйт). «Республика Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин атайын токтому. Англисче, кытайча, тажикче сүйлөгөн элдер өз басма сөзүндө «кыргыз» жана «Кыргызстан» деген кыргыз үчүн өтө ыйык эки сөздү «коогиз», «коогизиш», «киликидци», «Киликиңистан», «киргиз», «Киргизстан» деп жазып жүрүшкөндөрүн мустакыл кыргыз улутун сыйлабагандык деп баалап, Республика Кыргызстандын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. АКШ, Англия, Кытай, Тажикстан мамлекеттеринин бийлик органдарына өздөрүнүн басма сөзүндө «кыргыз жана «Республика Кыргызстан» деген эки терминди куду кыргыз жана орус тилдеринде кандай жазылып жүрсө, дал ошондой жазууну камсыз кылуу милдеттендирилсин.
2. АКШынын, Англиянын, Кытайдын, Тажикстандын парламенттерине жана өкмөттөрүнө биздин Жогорку Кеңештин ушул токтомунда коюлган талапты жеткирүү жана ал талаптын бажарылышын көзөмөлдөп туруу озуйпасы Республика Кыргызстандын Президентине, Жогорку Кеңештин Пиризидүйүмүнө, Министрлер кабинетине жүктөлсүн». Мухтарам байапендилер ва канайымдар! Биз деген токтомду ушинтип эле кыска жазып салабыз...
Төрага: Токтомго карата ким эмне дейт? (Залдын аяк-быягын айландыра карап). Алтынчы микрофон.
КР: Иса Абдиев. 119-ый округ. У меня вот такой вопрос. Я, к сожалению, не имею возможности читать такие авторитетные американские издания, как «Ньюс уик», «Лайф», «Нейшн», но я постоянно читаю английскую прессу. Так в одной из английских газет я недавно натолкнулся на такой любопытный материал. Оказывается, в конце 18-го века китайский император Цяньдун направил английскому королю очень грозное послание. Приведу из него отрывок. Цитирую: «Ты, о Король, живешь за пределами многих морей, и тем не менее твое смиренное желание приобщиться к нашей цивилизации побудило тебя направить ко мне посольство, доставшее мне твое послание... Ты, О Король, должен проявлять впредь еще большую преданность, чтобы неизменной покорностью нашему трону обеспечить в дальнейшем мир и процветание своей стране. Трепещи и повинуйся без промедления!» Конец цитаты. Как видите, китайский император, лишенный достоверной информации об окружающем мире, не знал, что его страна тогда была слабой и жалкой по сравнению с могущественной Британской империей. Конечно, послание Цяньлуна не могла не вызвать громкого смеха в английской парламенте и обществе. В связи с этим у меня возникает вопрос: не смахивает ли данное наше постановление на послание китайского императора королю Англии? Не будет ли весь мир смеяться над ними?
Айылчиев (Эчтеке түшүнбөгөн түр менен төрагага карап). Эмне деп балдырап койду бу чүрчүт?
Төрага: 18-кылымда кытай падышасы Англия падышасына дубай салам жазган турбайбы. «Менин мамлекетимдей күчтүү мамлекет дүйнөдө жок, ошон үчүн сен мага кулдук ур, багынып бер, менден корк» деп жазыптыр. А кезде Кытай Англиядан алда канча чабал, бечара экен. Анан жармач өлкөнүн падышасы кубаттуу өлкөнүн падышасын опузалап кат жазганына элдин баары күлүптүр. Ушуну айтып берип, профессор Абдиев сурап атат: биз кабыл алып аткан токтом Кытай падышасынын Англия падышасына жазган катына окшоп калып, дүйнө элине күлкү болбойбузбу дейт.
Айылчиев: Биз мустакыл мамлекетпиз, биздин элдин да, жумкуруеттин да атын бузуп айтып аткан элдерден «бузбай айткыла» деп талап кылганга мыйзамдуу акыбыз бар. Эй, Абдийүп! Сен Кытай паашасынын катын айтып эмне башыбызды оорутасың? Кечээ эле тоонун башынан түшүп келип, профессор болгондо эле эне тилиңде сүйлөбөй каласыңбы? (Кызууланып) Кыргызча желмогуздай эле билесиң, а бирок сүйлөгүң жок. Энеңдин тилин чанасың! Сен, эмне, каяктан...
Төрага (Чебеленип тура калып.) Ай, ай, Азаке! Бир жолку ачууңузду мага бериңиз. Суроого жооп бердиңиз, болду да. (Залга карап). Дагы кандай суроо бар баяндамачыга? Үчүнчү микрофон.
КР: Фаттах Валиев. Саксан саккизинчи округдан. Мен тажик тилини яхши биламан, тажиклар хеч вахт «кыргыз», «Кыргызстан» дегандарни кыргыздар ози язгандай яза алишмайди, чунки тажик алфавитида «ы» деган тамга хич йок.
Айылчиев: Эмне үчүн жок? «Ы» тамга кыргыз алипбээсинде бар болот да, эмне үчүн тажиктикинде жок болот?
Төрага: Тажикте «ы» тамгасы чын эле жок болсо, анда кандай кылабыз? Токтомдон Тажикстанда чыгарып салабызбы? (Залдын бир жагына карап). Жетинчи микрофон.
КР (бакырган үн): Кымбаткул Кыштообай уулу, 227-шайлоо округунан. Менимче, токтомго үчүнчү пункут киргизиш керек. Анын тексти мындай: «Кыргыз» жана «Кыргызстан» деген кыргыз сөздөрүнүн туура жазылышын камсыз кылуу үчүн тажик алфавитине «ы» тамгасын кошуу маселесин тез арада чечүү жагы Тажикстандын Жогорку Кеңешинен талап кылынсын!»
Айылчиев (сүйүнүп кетип). Эң туура! Маладес Кымбаткул! Сунушуңду азыр эле токтомго үчүнчү пүнкүт кылып кошо салам. (Үңүлүп жазып кирет).
Төрага: Жо-ок, муну ойлонуп көрбөсөк болбойт. (Залга) Жетинчи микрофон.
КР: Жаркынбай Жайлообек уулу. 118-округдан. Менимче, бу маселени ойлонуп отура турган эч жери жок. Мен өз калемдешим Кыштообай уулунун сунушун колдойм. Тажик алфавитине «ы» тамгасы кирсин, талап кылабыз.
Төрага: Ырахмат. Төртүнчү микрофон.
КР: Бирлик Билгетегин. 209-округдан. Мен өз калемдештеримин айтканына кошулам. «Киргиз», «Киргизия», «Киргизстан» деп айтып-жазып жүргөн 150 миллиондой орус калкы биздин Жогорку Кеңештин амирине баш ийип атса, төрт-беш миллиондой тажик эмне үчүн мурда орус жазып жүргөндөй «киргиз», «Киргизстан» деп жазууга тийиш? Тажиктер өз алфавитине «ы» тамгасын киргизсин, калкыбыздын атын да, каганатыбыздын атын да туура жазсын.
Төрага: Ырахмат. Жетинчи микрофон.
КР: Супатай Субанбаев. 44-округ. Урматтуу эл депутаттары! Силер түзгөн врачтар комиссиясынын баштыгы катары мен дагы эшиктегилерден кабар алып келдим. Ушул токтомдун кабыл алынышын талап кылган пикетчилердин жаасы катуу. Ачкачылык жарыялагандардын алы начар. (Жашымыш болуп муңканып) Кээ бири эсинен танып атат. «Асаба» коомунун лидерин азыр эле «скорый» алып кетти. (Кайраттанымыш болуп) «Ашар», «Асаба», «Залкар», «Турумтай» ыктыярдуу коомдорунун мүчөлөрү «ушу токтом кабыл алынмайынча пикетке чыкканыбыз чыккан, митингилегенибиз митингилеген, кезергенибиз кезерген» дешет. «Кокус бирөөбүз өлүп кетсек, Жогорку Совет менен көрүшөбүз» деп атышат.
Төрага: Ырахмат. Ушуну менен суроо-сунуштар токтосо кантет? (Залдын бир бурчуна көзү түшө калып). Сиз бирдеме кыстырайын дейсизби? Алтынчы микрофон.
КР: Сабыр Саргалдаев, 20-шайлоо округу. Менин суроом докладчыга. Итке минген кедейден чыккан мырза Азамат Айылчы тегин! (Күлкү, уу-дуу).
Айылчиев: Эй, Сабыр! Сен карып деле калдың, ажыккызданып арсаңдаганыңды качан коёсуң? Бу жер, эмне, сага оюнбу? Маскарапоздук кылгың келсе, башка жерге бар. Куудулданымыш болосуң, же аныңа эч ким күлбөйт.
КР (Саргалдаевдин үнү): Сиздин менин адресиме карата айткан өтө сылык, өтө назик жылуу сөздөрүңүздү өзүм мүчө болуп турган профсоюз уюмуна ыйгарамын. (Күлкү, уу-дуу).
Төрага (күлгөн бойдон): Сабыр Саргалдаевич! Чын эле кичине серьезный болсоңуз. Кептин ток этер жерин айтсаңыз.
КР: Болуптур дегеле сепсерьезный болоюн. Тамашасы жок, чын эле. Арийне, орус адамы өзүн «русский» деп, эне тилин «русский язык» деп, өз өлкөсүн «Россия» деп айтат. Биз болсок анын баарын «орус», «орус тил», «Орусия» деп бузуп айтып, бузуп жазып келебиз. Буга орус калкы эч маани бербейт же бизчилеп арданбайт. Дагы мактанып коёюн: мен дүйнөнүн көп мамлекетин кыдырып келбедимби. «Орус», «Россия» деген сөздөрдү Европа элдеринин ар бири оозуна кандай эп келсе, ошондой айтат экен, кандай айтса, ошондой жазат экен. Ага орус калкы дегеле теригип же көңүл буруп койбойт. Орусиянын Верховный Совети биздин элди сөзсүз «русский» деп эмгиче эч бир элге ультиматум коё элек. Деги дүйнөдөгү элдердин бири да өзүн, өз өлкөсүн башкалар кандай айтып, кандай жазып атканы менен иши болбойт, «куду өзүбүз айткандай айткыла, жазгандай жазгыла» деп эч кимге бизчилеп таңуулабайт. (Нараактан нааразыланган бакырыктар, пол тээп дүпүрөткөн шоокумдар. «Бүттү» дегендей кол чабуулар). Эгер Россиянын Верховный Совети бизге «Орус» дебей, «Русский» дегиле, «Орусия» деп жазбай, «Россия» деп жазгыла деп токтом чыгарса, биз аны кандай кабыл алар элек? (Нааразы үндөр, жер тепкилөөлөр, кол чабуулар күчөп кетет.)
Айылчиев: Эй, Сабыр! Сурооңо мен жооп бербейм, сага, мына, отургандар жооп берип атат.
Төрага (чебеленип коңгуроосун шыңгыратып): Тынчтаналы, жолдоштор, тынчтаналы. Ырахмат Сизге, Сабыр Саргалдаевич. Ушуну менен суроо-сунуш токтотулсун. Ар бир депутат бу токтомго добуш берүү менен өз мамилесин билдирсин. Токтомдун долбоорун добушка коём.
Айылчиев: Кымбаткул Кыштообай уулунун мыкты кошумчасын токтомго үчүнчү пүнкүт кылып кошуп койдум. Ошого кошо добуш берилсин.
Төрага: Жок, аны өзүнчө добушка коёбуз. Регламенттик эреже ошондой. Анда эмесе Азамат Айылчы уулу окуп берген токтомду жалпы негизинен добушка коём. Ким – «макул»? (Пауза) Ким – «каршы»? (Пауза) Ким – «калыс»? (Залдын бир тарабына өйдө карап) Көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.
КР (Дүркүрөгөн кол чабуулар).
Төрага: Эми кабыл алынган токтомго Кымбаткул Кыштообай уулунун кошумчасын добушка коём. (Трибунадагы А.Айылчиевге карап) Ошо кошумча кандай эле, дагы бир эске салын койбойсузбу?
Айылчиев: Кымбаткулдун кошумчасы мындай. (Окуйт) «Кыргыз» жана «Кыргызстан деген кыргыз сөздөрүнүн туура жазылышын камсыз кылыш үчүн тажик алфавитине «ы» тамгасын кошуу маселеси Тажикстандын Жогорку Кеңешинен талап кылынсын».
Төрага: Ырахмат, Азамат Айылчы уулу. Ордуңузга бара берсеңиз болот. (А.Айылчиев трибунадан түшүп кетет). Ушул кошумча өзүбүз азыр эле кабыл алган токтомго үчүнчү пункт болуп кирсин дегенге ким – «макул»? (Пауза). Ким– «калыс»? (Пауза). Ким – «каршы» (Пауза). (Залдын бир тарабына өйдө карап) Көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.
КР (Дүркүрөгөн кол чабуулар).
Төрага: Эми күн тартибинин үчүнчү маселесине өтөлү. Бу боюнча кыскача баяндама жасаш үчүн сөз урматтуу эл депутаты, белгилүү жазуучубуз Кымбаткул Кыштообай уулуна берилет. (К.Кыштообаев трибунага чыга келет).
Кыштообаев (бакырып сүйлөп): Каракол, Нарын шаарларынын, Жумгал, Дөрбөлжүн кыштактарынын ушул аттары калмак колониячылыгынан калганын, «Ош» деген кыргызча эместигин адис-эксперттер далилдеп жазып беришти. А документтер ар бир депутаттын колунда бар. Эми биздин сунушубуз мындай: «Караколдун аты– «Кыргыз кол», Нарындыкы – «Кыргыз шаң», Оштуку – «Кыргыз даңк», Жумгалдыкы– «Кыргыз көрк», Дөрбөлжүңдүкү – «Кыргыз нур» болсун». Көрдүңөрбү, ар бир аттан кыргыз жыты жыттанып, кыргыз күүсү жаңырып турат! Жаңы аттардын баары басма сөздө узакка талкууланып, элдин колдоосуна арзыды, топонимикалык экспертизадан өткөрүлдү, тиешелүү илимий мекемелер тарабынан жактырылды. Буга тиешелүү басылган материалдар да ар бир депутаттын колунда бар. Ошон үчүн бу маселе боюнча суроо-муроо берип, жарыш сөз ачып отурбай эле, сунуш кылынгандарды бир добуштан беките салбайлыбы я? (Төрага жакка кайрылып) Ушу сунушуму колго салып ийбейсизби?
Төрага: Сиз айткандай эле кылсак жакшы болот эле, бирок Регламент деген бар. Эреже сактабаска чара жок. Калп болсо да депутаттардан сурап коюшум керек. (Залга). Кана бу маселе боюнча ким эмне дейт? Баяндамачыга суроо барбы? (Зал ичин айландыра карап, бир жерге көз токтотуп, күлкүсү келген түр менен) Алтынчы микрофон.
К Р: Сабыр Саргалдаев. 20-округ. Бу маселе боюн ча менин бир эле сунушум бар. Ош шаары абдан оригиналдуу «Кыргыз даңк» делиптир. Анда ага үн алыштырып Нарынды «Кыргыз дүңк» дебейлиби? (Күлкү, уу-дуу).
Кыштообаев (күлүп аткан Төрагага опурулуп): Имне? Тигиге имне сөз бересиң, я? Билбейсиңби аны?! (Ачууга муунуп туталанып) Имне я? Бу кандай?! Маскарапозго сөз берип!
Т ө р а г а (чебелене ордунан туруп, алдастап): Ай, ай, баатыр акеси! Бир жолку ачууңузду мага бериңизчи.
Кыштообаев (ого бетер опурула бакырып): Улам эле ачуумду бере беремби?!
Төрага (күлүп ийип): Акыркы жолу, акыркы жолу... (Айласын таппай залга карай коюп). Төртүнчү микрофон.
КР: Саид Нооманов, 130-Курманжан датка шайлоо округу. Меники кичине бир суроо. Бу кандай, алиги шаар-кыштактардын жаңы аттары галасаванияга безальтернативный кете береби? Мен буга ич сагласия эмесмин.
Кыштообаев: Эй, Саит! Оозум бар деп эле сүйлөй бересиңби!? Имне, биз Нарын менен Ошту депутаттыкка көрсөтүп аттык беле?!
КР (С.Нооматовдун үнү): Имне бакырасың? Мен сенин катыныңмынбы? Имне айтсам өзүм билем, азыр демократия!
Төрага (чебеленип ордунан тура калып): Ай, ай, баатырлар, арача, арача! Сабыр кылгыла. (Дагы алапайын таппай залга карай коюп) Жетинчи микрофон.
КР. Супатай Субанбаев. 44-округ. Силер түзгөн врачтар комиссиясынын баштыгы катары мен дагы да эшиктегилерден кабар алып келдим. Аталган шаар-кыштактардын аттары жаңырышын талап кылган пикетчилер, митингичилер көп. (Муңкана түшүп) Көбүнүн алы жаман. (Жашып, кетимиш болуп) Азыр эле дагы экөөнү «скорый» алып кетти.
Төрага: Супатай Субанбаевич, жетет, түшүнүктүү.
КР: Ош, Нарын, Караколдо, Дөрбөлжүн менен Жумгалда да митингилер өтүп, көп жаштар ачка жатыптыр. (Дагы муңканып) Ачкалардын алы начар дешет.
Төрага: Супатай Субанбаевич, айткандарыңыз дайын болду, бүтүрүңүз эми.
КР: Эгер ушул токтом кабыл алынбаса, ачкалар кезерип отура бергидей, бир тобу бөөдө шейит болгудай. Анан дагы бир айтарым...
Төрага: Микрофонду өчүргүлө! Айтарыңыз түшүнүктүү (К.Кыштообаевге) Сиз дагы ордуңузга барып отура берсеңиз болот.
Кыштообаев (опурула бакырып): Эмне үчүн отурам? (Кайра капыстан жоошуй түшүп). Аа-а, мага башка суроо жок бекен? (Кайра кайраттанып, какайып, күүлөнө түшүп бакырып) Жашасын Кыргыз кол! Жашасын Кыргыз шаң! Жашасын Кыргыз даңк! Жашасын эркин, баатыр, акылман, эмгек сүйгүч кыргыз эли!
КР (Дүңгүрөгүн узак кол чабуулар. К.Кыштообаев трибунадан түшүп кетет).
Төрага: Суроо бермей, пикир айтмай токтотулсун деген сунуш бар. Анда маселени добушка коём. Кана, Караколду Кыргыз кол, Нарынды Кыргыз шаң, Ошту Кыргыз даңк, Жумгалды Кыргыз көрк, Дөрбөлжүндү Кыргыз нур деп атаганга Ким – «макул?» (Пауза) Ким – «каршы?» (Пауза) Ким – «калыс»? (Залдын бир капталына өйдө карай берип, өкүнгөн түр менен) Дагы кворум жок! Дагы уктап калышкан турбайбы. (Үнүн көтөрүп) Уктагандарды ойготуп койгула, добуш беришсин. (Залдын орто ченине көз токтотуп) Бирдеме айтасызбы, айтпай тим койгонго болбойбу? Төртүнчү микрофон.
КР: Саид Нооманов. 130-Курманжан датка шайлоо округу. Көрүп-билип атасыңар, Кымбаткул Кыштообаев жолдош аябай бакырып-бакырып речь талкайт кылат. Анан ушу киши выступать этип атканга уктап калгандарга мен айран таңмын. Буларда совест-мовест деген сапсим жок экен. Жолдош Пирсидатил, мен айтып эле атам, уктай бергендерге бир мера принимайт этесизби же этпейсизби?
Төрага: Бу маселени сессиянын аягында карайлы. Азыр алаксыбайлы ага. Ойготтуңарбы? Анда добуш берели. Кана, аталган шаарлардын, кыштактардын жаңыча аттар алышына ким – «макул»? (Пауза) Ким – «каршы»? (Пауза) Ким – «калыс»? (Залдын бир капталына өйдө карай берип, ыраазыланып) Көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.
КР (Дүркүрөгөн узакка созулган кол чабуулар).
Төрага: Эми күн тартибинин төртүнчү маселесине келели. Кыскача баяндама жасаш үчүн сөз урматтуу эл депутаты, белгилүү жазуучу Бирлик Билгетегинге берилет. (Б.Билгетегин трибунага чыга келет).
Билгетегин: Феликс Шаршембай уулу Куловдун ысымы менен фамилиясын эмне үчүн өзгөртүү зарыл экенин мен күн тартибине ушу сунушту киргизип атып айткан элем. Ошондо айткандын баарын дагы кеңешип кагазга түшүрүп, көбөйтүлгөн көчүрмөлөрүн ар бир депутатка бердирдим. Маселенин эч талаша турган жери жок. Мен комиссияларда макулдашылган сунушту айтсам, силер шыдыр эле добуш берип иесиңер. Талкуулап отургандан не пайда?
Төрага: Жок, урматтуу мырза Бирлик Билгетегин, анте алгыдай эмеспиз. Көрбөйсүзбү, үч-төрт микрофондун алдында бирден адам туруп калды. Сиз бүттүңүзбү?
Билгетегин: Бүтөрүн го бүттүм. Бирок талашчу жери жок, маселени талкуулап кереги не?
Төрага (Билгетегинге): Ырахмат. (Залга) Сабыр Саргалдаевич, сүйлөсөңүз эле ызы-чуу чыгарат экенсиз. Сизге сөз бергенден чочуп турам. Айтчу сөзүңүз какшык-тамаша болбосо гана берем. Суранам, айтчуңузду серьезный айтыңызчы. Алтынчы микрофон.
КР: Сабыр Саргалдаев. 20-округ. Мен эмне айтсам деле серьезный айтып атам, кээ бирөөлөр эле тескери түшүнүп алып атпайбы. Бирок урматтуу Төрага, Сиздин суранганыңызды эске алайын, дегеле сепсерьезный суроо берейин. Суроом мындай: Феликс өзү азыр мында жок, Москвада жүрөт. Өзү жокто аты-жөнүн өзгөртөбүз деп атасыңар, мунуңарды ал билеби? Өзүнүн ыраазылыгы барбы? Макулдугун алдыңар беле?
Билгетегин: Эмне, Фрунзени Бишкек кылганда, фрунзеликтерден ыраазычылык сурадык беле? Пржевальск Каракол болгондо анын элинен макулдук алдык беле? Азыр деле бир катар шаар-кыштактардын атын элдин ыктыярын сурабай-этпей эле жаңыртып салбадыкпы. Маселенин баарын Жогорку Кеңеш өзү билип эле чечип койбодубу. Бу маселени деле ошентип эле чечебиз, көп кишиден улуксат албаган соң эми бир кишиден улуксат сурап отурабызбы.
Төрага: Ырахмат. (Залга) Төртүнчү микрофон.
КР: Маркленист Тезекбаев, 75-ый территориальный округ. У меня вопрос деликатного свойства. Все мы знаем, что каждая личность – своего рода суверенное государство. Поэтому она не может, не вправе терпеть всякого вмешательства чужих в свои внутренние дела. Есть неотьемлимые права личности. Изменение имени или фамилии взрослого человека – это его личное право, его прерогатива. Почему Вы, дорогой Бирлик Билгетегин, позволяете себе посягать на право свободной личности, в данном случае – уважаемого, причем отсутствующего здесь Феликса Шаршембаевича?
Билгетегин: Сиздин сурооңузга жооп оңой эле. Феликс Кулов жай гана инсан эмес. Ал – эл кишиси. Август калайманынын баатыры. Демократ жаштардын сүйгүнчүлүгү. Чындап келгенде, ал өз башына өзү ээ эмес, анын ээси – эгемендүү кыргыз улуту. Көпчүлүк андай демократтын тоталитарист Дзержинскийдин ысмын алып жүрүшүн каалабайт. Жаштар анын орусчалашкан фамилиясынын өзгөргөнүн да көргүсү келет. Анын аты-жөнүнүн жаңыланышын эл талап кылып жатат. Ал эми элдин каалоо-тилегин аткарбай койгонго биздин акыбыз барбы? Жогорку Кеңештин акысы барбы? Менимче, жок.
Төрага (Билгетегинге): Ырахмат. (Залга) Супатай Субанбаевич, Сизге сөз берсем билип турам, баягыңызды эле кайра кайталап жатып аласыз. «Ачкалардын алы жаман» дейсиз, «төрт-бешин «скорый» азыр эле алып кетти» дейсиз, «ушуга добуш берсеңер, чатак чыгып кетет» дейсиз, бир жолу ачууңузду мага берип, сүйлөбөй эле койбойсузбу? (Пауза). Сүйлөбөй калбайсызбы? Айла жок, демократия, бербей коё албайм. Жетинчи микрофон. Ток этер жерин айтыңыз, Супатай Субанбаевич.
КР (С.Субанбаевдин үнү): Урматтуу Төрага, туура айттыңыз, ушу маселе боюнча ачкачылык жарыялагандардын алы чын эле начар. (Бүдөмүк күлкү) Күлбөгүлө, күлбөгүлө. Бирок менин айтайын дегеним башка. Эшиктегилерден кабар алганы чыгып билдим: көрсө, Феликс Куловдун аты-жөнүн өзгөртүш үчүн атайын коомдук кыймыл башталыптыр. Эшиктин алдында митинг өтүп жатат. Митингичилердин жаасы өтө катуу. «Куловдун аты-жөнү өзгөрмөйүнчө тарабайбыз» дешет. Алар мага «депутаттарга окуп бер» деп петиция тапшырды. Улуксат болсо, ошону окуп берейин.
Төрага: Жок, улуксат кылбайбыз. Айтарын айттыңыз, болду! Жетинчи микрофон өчсүн. Өчүрүп салгыла. (Залдын башка жагына карай берип) Төртүнчү микрофон.
КР: Саид Нооманов. 130-Курманжан датка шайлоо округу. Лично мен Куловдун аты-жөнүн изменить кылганга сагласин эмесмин. Бирок көп депутаттар буга көңүлдөнүп алышыптыр, эшикте дагы аларды поддерживать эткендер көбөйүптүр. Көпчүлүк эл жалганбы-чынбы, общум, бир идеяга азгырылып алса, аны токтотуш кыйын. Биз, айтып эле коёюн, Куловдун аты-жөнүн изменить кылмайынча бир балаадан кутулбайбыз. Ошон үчүн о-бу деп анжирдей эзилип отурбай, прямо ишке киришпейликпи? Куловдун жаңы атын кандай дейбиз, памийласыны кандай дейбиз, ошону жолдош Билгетегин бизге конкретный далажить кылбайбы?
Төрага: Ырахмат. Ушу менен суроолор токтолсун деген сунуш бар. Токтоттукпу? (Билгетегинге) Кана, Феликс мырзанын атын ким дейбиз, фамилиясын кандай айтабыз?
Билгетегин: Биз, жазуучу депутаттар, кечээ кечинде демократ жаштардын мыкчыгерлерин баш коштуруп, Кулов мырзага ысым, фамилия тандоо конкурсун уюштурдук. Эки турдан жарымында араң аяктады. Анын жыйынтыгы мындай Шаршенбай уулунун аты – Эгеменбек, фамилиясы – Култегин. Атасынын аты, орусча айтканда, отчествосу накта кыргызча экен, ага катылганыбыз жок. Демек, мурдакы Феликстин толук аты-жөнү Эгеменбек Шаршенбай уулу Култегин болот.
Төрага: Ырахмат. Бу сунушка кандай дейсиңер? (Залды айландыра карап, жакын эле жерге көзү түшкөндөй түр кылып.) Анда-санда бир суроо бересиз. Сизге сөз берейин. Биринчи микрофон.
КР: Биз Касыбек Тасабекүп деген болобуз, өсүбүс чабанбыс. Жүс отус экинчи өкүрүктенбүс. Дакылатчыга бир суроо бар. «Эгемен», «Эгемендүү» деп эле атасыңар, мунуңардын жөн-жайын түшүнбөй койдум. «Аспырант болбодуң беле, сен билишиң керек, «эгемен» деген эмне?» – деп Таштанбек Акматүптөн сурасам, а да билбейт экен, далысын куушуруп басып кетти. Теги мен билип алсам дейм, «эгемен» деген сөстүн төркүнтөсү эмне?
Билгетегин: Олдо жарыктык ай-я, «суверенный» десе, эмне экенин билесиз, «эгемендүү» десе эле түшүнбөй каласыз. Мына, тоталитаризмдин кесепети: эне тилинен башка тил билбеген койчубузга чейин маңкуртпуз. Билип алыңыз, Казыбек карыя, «Эгемендүү» деген – суверенный» дегендин накта кыргызчасы.
Төрага (Билгетегин жакка): Мен дегеле уккан да, окуган да эмес экенмин, кыргызда ушундай сөз бар беле?
Билгетегин: Ушу казакчадан алынды окшойт. Салижан Жигитүп деген бир неме бар, жеткен нигилист, дегеле чилистенсинип жүргөн бир байкуш өзү, ошол кыргыз душманы «эгемен» деген бизге казактан келди, ал өз кезегинде казакка түркчөдөн оошуп өтүптүр деп гезитке жазды го. Бирок түрктүн сөзү деле, казактыкы деле түпкүлүгүндө кыргыздыкы эмеспи. Кайнаса каныбыз кошулбаган орустун «суверенныйын» өгөйлөбөй, анан бир боор түрк менен казактын «эгемендүү» дегенин жерийбизби? Экинчиден, «Эгеменбек» деген ысым Шаршенбай уулуна тегин жеринен ыйгарылып жаткан жери жок. Кулув мырза кереметтүү эрдик көрсөткөн айтылуу август калайманынан кийин гана Кыргыз каганаты чындап эгемендүү болбодубу. Бул ысым ошонун урматына берилип атат. Муну баарыбыз билип коёлу, эсибизге алалы.
Төрага: Ырахмат. Эгер башка сунуш, пикир, кошумча жок болсо, Билгетегин мырзаныкын добушка сала берейинби? Баса, аты менен фамилиясын бир эле коёлубу? Же башка-башкабы? (Зал ичин айландыра карап) бешинчи микрофон.
КР: Мусабай Кудузбайып. 67-Тайлак баатыр шайлоо округу. Менимче, атын өзүнчө талкуулап, памийласын өзүнчө талкуулап, экөөнү эки башка доошко салганыбыз оң.
Төрага: Анда ушу сунушту кабыл алалы. Колго салбай эле ушуга макул болдук дейли.
КР (М.Кудузбаевдин үнү): Мен сөзүмдү бүтө элекмин. Мен «Эгеменбек» дегенине каршымын. Менимче, Феликстин атын «Эгеменбек-Сегенбек» деп ойкуштатпай эле, накта кыргызча «Эркинбек» дебейлиби? «Эркин» деген деле маани жактан «эгемен» дегенге жапжакын турбайбы.
Билгетегин: Жок! Эч болбойт! «Эркинбек» дегенден көрө мурдагыдай эле калтырабыз. Билбейсиңерби, «Эркин», «Азат», «Өзгөрүш», «Теңдик» дегендей ысымдар тоталитаризм заманына мүнөздүү болгон. Мен алардын бирөөнө да демократия мезгилинин баатыры Шаршембай уулун эч ыраа көрбөйм.
КР (М.Кудузбаевдин үнү): Бирок «Эгеменбек» деген оштуктардын сөздөрүнө окшоп кетип атпайбы. Билесиңер, оштуктар кыргыздын накта төл сөздөрүн кыйшайтып-мыйшайтып буза беришет, Маселен, «ээр», дегенди «эгер» дешет, «ээле» дегенди «эгеле» дешет, ээ дегенди эге дешет, бээ дегенди беге дешет. Эгер Кулуп өзү оштук болсо, мен анын «Эгеменбек» аталышын эре-төрө көрбөйт элем. Бирок Кулуп...
Төрага (Залдын бир жерин көрө коюп, алдастап): Азыр, азыр, Кымбаткул Куттубаевич, азыр берем. Жетинчи микрофон. Жетинчи микрофон!
КР (К.Кыштообаевдин үнү): Эй, Кудузбайып! Имне, сенин тилиңе кудай «оштук» деп жазып койду беле? Же оштуктар атаңды өлтүрдү беле? Жаныңы жебе, Ош эли «бээни» дегеле «беге» дебейт, «бээ» эле дейт! Жолдош Төрага! Кудузбайып трайбализм ырын ырдап атпайбы, имнеге пресекать этпейсиз?!
Төрага: Айтканыңыз туура, Кымбаткул Кыштообаевич, Мусабай Кудузбаевич трайбализм жыттанган сөз айтып ийди. Мунусу этика комиссиясында каралсын. (Залга көз кыдыртып келип). Төртүнчү микрофон.
КР: Саид Нооманов. 130-Курманжан датка шайлоо округу. Бизде кийин безальтернативный шайламай күчөп баратат. Президентти да безальтернативный шайлап алдык. Жана эле шаар-кыштактарга дагы жаңы аттар безальтернативный присваивать этилип кетти. Мына, эми жолдош Кулувга дагы жаңы атты безальтернативный присваивать эткен атабыз. Буга мен ич сагласин эмесмин. «Эгеменбекке» жок дегенде еще бир альтернативный ат кошо галасаванияга коюлбаса – уят. Демократия эрежелерин улам эле нарушить эте беребизби?
Төрага: Альтернативный атыңыз болсо, айтпайсызбы?
КР (С.Ноомановдун үнү): «Эгеменбек» дегендин маанисини көбү түшүнбөйт экен, көбү казакча деп, көбү оштукча деп принимать кылбайт экен. Андан көрө баарыбызга эле түшүнүктүү кылып «Суверенитетбек» деп койсок болбойбу? Па-моему, бул эң жакшы ат.
Билгетегин: Жок, болбойт. Түк ылайык келбейт. «Суверенитетбек» деген да ат болчу беле?!
Төрага: «Суверенитетбек» дегенден көрө «Северенбек» десек жакшы эмеспи. Эгеменбек, Суверенбек, Эгеменбек, Суверенбек. Экөө окшош угулат экен, уйкашып да калат экен.
КР (С.Нооматовдун үнү): Бу кандай, силер айтсаңар эле жарайт да, мен айтсам эле жарабай калат? Биз дагы кыргыздын бир «мен» деген жигитибиз, шляпа кийип жүрөбүз. Мага силердин «Эгеменбегиңер» дагы жакпайт, «Суверенбегиңер» да жакпайт. Мен «Суверенитбек» дегендин альтернативный ат катары галасаванияга коюулушуну настаивать кылам. Менин бу сунушумду поддерживать кылышыны урматтуу эл депутаттардан суранамын. Жолдош присидател, меникини сөзсүз коюң галасаванияга.
Төрага: Ырахмат. Сунушуңуз сөзсүз добушка коюлат.
Билгетегин: Садагасы кетейин, Саид! «Суверенетбек» дегениң безекусица, кыргызча айтканда, көркөм табити жоктуктун белгиси. Бу кудайга да, пендеге да жакпайт. (Төрага жакка.) Кечиресиз, Төрага мырза, «Суверенбек» дегениңиз деле тигинден өйдө эмес. «Эгеменбек» дегенден жакшы ат барбы? Жана эле какшанып айтпадымбы? Бул ысым атайын конкурстан өткөн, көпчүлүк тарабынан жактырылган. Кантип элдин пикири менен эсептешпей коё алабыз?
Төрага (Билгетегин жакка): Ырахмат. Сизге башка суроо берилбейт окшойт, ордуңузга барып отура берсеңиз болот го дейм.
Билгетегин: Акырында дагы кайталап айтам! «Эгеменбек» дегенди атаандашы жок эле добушка салалы (Б.Билгетегин трибунадан кетет.)
Төрага: Микрофон алдында көпкө туруп калдыңыз, дагы бир хохма айткыңыз келип калган го? Айтарыңыз серьезный сунуш болсо гана сөз берем. Сунушпу? (Пауза). Серьёзныйбы? (Пауза). Сөз Сабыр Саргалдаевичте. Алтынчы микрофон. Бирок Сизден суранам; элдин жарымын жиндентпей, жарымын күлдүрбөй, серьезный сүйлөңүзчү.
КР (С.Саргалдаевдин үнү): О кокуй, менде элди күлдүрчү ал кайда? Тескерисинче, аттуу-баштуу эле чоң кишиге жаңы ат коёбуз деп... чыны менен эле сепсерьезный талкуулап, силер менин күлкүмдү келтирип атпайсыңарбы. Бирок мен күлбөйүн, күлбөскө тырышайын. Мынча талаш чыгып калды, мен бир компромиссный сунуш айтайын. Өзүңөр угуп турдуңар, Билгетегин мырза «Эгеменбек» деди, урматтуу Төраганын оозунан «Суверенбек» деген сөз чыгып кетти. Билгетегиндин шагы да сынбасын, Төрагабыздын шаабайы да суубасын, экөөнүн сунушун тең көгөндөп байлайлы. Феликстин атын чын эле өзгөрткөнү калган соң ага сыңар ат эмес, кошмок эки ат берели. Эгеменбек-Суверенбек дейли а жубарымбекти. Гётөнүн деле Иоганн Вольфганг деген кош аты бар эмеспи. Моцарттыкы деле Вольфганг Амадей го. Феликстики да ошолордукуна окшошуп жатып калсын. Анын үстүнө биздин замандын баатыры Кулувга бир ат аздык кылат. Ал жалгыз башына кош ат алып жүргөнгө арзыйт. Тек жазганда гана «Эгеменбек-Суверенбек» дегендин ортосуна сызыкча коюш керек. Демек, мен Кулувдун жаңы аты Эгеменбек-Суверенбек болсун дейм. Ушул сунушум добушка сөзсүз коюлсун деп көшөргөнүм көшөргөн, жер сабаганым жер сабаган.
Төрага: Ырахмат. (Залдын бир жерине көз токтотуп.) Сунуш айтасызбы же пикирби? Сунуш болсо гана берем. Сунушпу? (Пауза) Бешинчи микрофон.
КР: Мусабай Кудузбаев. 67-Тайлак баатыр шайлоо округу. Бир кишинин бири-бирине учкашкан эки аты болушу кыргыз салтында жок. Эгеменбек-Суверенбек деп дени-карды соо кыргыз дегеле айтпайт. Ошон үчүн мен мындай сунуш киргизем. Жолдош Кулуптун атын Эгеменбек бойдон эле калтыралы, ал эми «Суверенбек» дегенди атасынын аты кылып берели. Тактап айтканда, Эгеменбек Суверенбек уулу дейли же Эгеменбек Суверенбекович дейли.
Төрага: Жо-жок, бул сунуш-кабыл алынбайт. Кулув мырзанын отчествосуна тийбейли деп макулдашканбыз. Отчествосунда эч өөн жок. Нормально, бу сунушту мен добушка коё албайм, эч койбойм. (Залга тикчие карап туруп). Ушуну менен сунуш киргизмейге точка коёлу, сунуш түшкөн, ыраатына жараша добушка салам. Биринчиси – Бирлик Билгетегин мырзанын сунушу, Сунуш – «Эгеменбек». Кана, Феликс Шаршенбай уулунун аты «Эгеменбек» болсун дегенге ким – «макул»? (Пауза) Ким – «каршы»? (Пауза) Ким – «калыс»? (Залдын бир капталына чалкалай карап алып, өкүнүчтүү түр менен) Сунуш өтпөй калды. Анда Саид Нооманов мырзанын сунушун добушка коём, Кана, Феликс Шаршенбай уулунун аты «Суверенитетбек» болсун дегенге ким – «макул»? (Пауза) Ким – «каршы»? (Пауза) Ким – «калыс»? (Залдын баягы капталына чалкалап карай берип, кайдыгер түр менен) Дагы өтпөй калды. Эми Сабыр Саргалдаевичтин сунушуна келели. Кана, Феликс Шаршенбай уулунун аты Эгеменбек-Суверенбек болсун дегенге ким – «макул» (Пауза) Ким – «каршы» (Пауза) Ким – «Калыс»? (Залдын баягы капталына карап, ыраазыланып). Көпчүлүк добуш менен кабыл алынды. Кулов мырзанын ысымы мындан ары – Эгеменбек-Суверенбек, туугандар». (Дүркүрөген кол чабуулар).
Төрага: Эми фамилиясына келели. Азырынча бир гана сунуш бар: Култегин. Ушуну эле добушка коё берейинби? (Пауза). Же башка сунуш барбы? (Пауза). Же башка сунуш барбы? (Залды айландыра карап, залдын өзүнө жакын жерине көз караш токтотуп) Бүгүн аябай активдүү болуп кеттиңиз го. Дагы сурооңуз барбы? Биринчи микрофон.
КР: Бис Касыбек Тасабеков деген болобус. Өсүбүс чабанбыс. Жүс отус экинчи өкүрүктөнбүс. Бистин сурообус мындай. Кыргыста «тегин киши тас болбойт», «тегин жерден жерден өрт чыкпайт» дегендей айтым сөстөр бар, «тегин киши» дегени «жөн киши» дегендей, «тегин жерден» дегени «жок жерден» дегендей маани берет, аны мен жакшы билем. Бирок адамдын памыйласына жалганган, баарыбыска көндүм «ип» же «оп» дегендин ордуна жүргөн «тегин» деген эмне? Муну мен такыр эле билбейт экемин. «Бирсидент болуп көрбөдүң беле, сен билишиң керек, «тегин» деген эмне?» – деп Таштанбек Акматүптөн сурасам, а деле билбейт окшойт, кысараңдай түшүп, мурду менен бир тийди. Мурда мындай ороңдоп бир тиймеси жок эле, кийин ары-бери чайкалып, нервиный болуп калган го, кыясы. Теги мен билип койсом дейм, «тегин» дегениңер эмне? Бу сөсүңөр касактыкыбы же кыргыстыкыбы? Аныңардын төркүн-төсү кандай?
Төрага: Ырахмат. Сурооңузга Билгетегин жооп бербесе, башкабыз бере албайбыз. Кана, Бирлик мырза, трибунага чыга калыңыз. (Б.Билгетегин трибунага чыга келет).
Билгетегин: Олдо, жарыктык Казыбек карыя, ай-я! Сизге бабаларыбыз айтып-жазып жүргөн «тегин» деген сөз өөн учурап атат окшойт. Ал эми атабыздын атына жармаштырган орусча «ов» деген мүчө дегеле жаныңызга жакын туюлат шекилди. Чыңгыз Төрөкул уулу: «Баарыбыз Түрк атанын тукумдарыбыз», – деп какшанып жүрбөйбү. Ошо байыркы түрк бабаларыбыз Кагандын уул баласын, азыркыча айтканда, канзааданы «тегин» дешкен. Демек, «тегин» деген кагандардын эркек балдарына берилчү наам, титул болгон, «Тегиндин» орусча «ов», «ев» дегендин ордуна кабыл алдык, фамилия жасай турган бир мүчө кылып койдук. Көп жаштар аны пайдалана баштады. Биз «Кулов» дегенди да ошол үлгүгө салып «Култегин» дедик. Мынткенибиздин дагы бир себеби бар. Арийне, байыркы түрк бабаларыбыздын кубаттуу Түрк каганатын курап, дүйнөгө дүң түшүрүп турганда, кан ордосунан Култегин деген баатыр, акылман канзаада чыккан. Ал жашында жайрап калганда, анын өмүр жолу жазылган. Ошо моло таш Монголияда дале күнү бүгүнкүдөй турат. Биз Шаршембай уулунун фамилиясын «Култегин» дегенде, анын «Култегин» дегенде, анын «Култегин» дегенге үндөшүп турганын эске алдык. Байыркыбыз менен азыркыбызды үн алыштырдык, замандар арасына көпүрө тарткансыдык. Жоопко ыраазы болдуңузбу, Казыбек карыя?
Төрага (Билгетегин жакка). Ырахмат, жакшы чечмелеп бердиңиз. (Залга) Дагы кандай суроо бар? (Күлүмсүрөп). Болуптур, Сиздин да шаабайыңыз суубасын, шагыңыз сынбасын, сөз берейин. Алтынчы микрофон.
КР: Сабыр Саргалдаев. 20-округ. Билгетегин мырза, менин эки суроом бар. Өзүңүз азыр эле жаркылдап айтып өттүңүз: «тегин» деген өтө бийик титул деп. Демек, ал жогорку стилдеги сөз экен. Мен дагы жаркылдап айтып турам: «кул» деген төмөнкү стилдеги сөз деп. Каягынан жаркылдап карабайлы, «тегин» менен «кул» – бири-бирине кайнаса каны кошулбаган сөздөр. Демек, «Култегин» дегенде «тегинине» «кулу» такыр эле коошпой атат. «Култегинди» орусчаласак, «принц рожденный от раба» деген маани берет. Күлө турган теңирден тескери бир сөз айкалышы келип чыгып атпайбы. Экинчиден, «тегин» деген кан тукумуна берилчү титулду ата теги аябаган кедей Шаршембайдын уулуна ыйгарганыбыз акылга сыябы да арбак сыйлаганыбызга жатабы?
Билгетегин: Эгер «тегин» жогорку стилдеги сөз болсо, «кул» деген төмөнкү стилде турса, экөө «Култегин» деп айкалышканда тең салмакташып, бирин-бири нейтрализовать этип, орто стилдеги жакшынакай бир адам атын жаратпайт бекен?! Экинчиден, хан-падыша тукумдары Адам ата-Ава энеден ханзаада, падышазаада бойдон туулган эмес да. Далай хан-падышанын түп атасы биздин Кулув мырзанын чоң атасындай жай киши болгон, муну баарыбыз эле тарыхтан билебиз го. Эмне, карапайым калктын тегинге тете эр азамат чыкпайт бекен? Кыргызда деле: «Жамандан жаан, жакшыдан мөөн» деген макал бар эмеспи. Мырза Сабыр Саргалдай уулу, Сиз саал олдоксон сурооңуз менен улуу урматтуу Ажобуздун сүйгүнчүк ноёнунун ар-намысына шек келтирип койгонсудуңуз.
КР (С.Саргалдаевдин үнү): Баракелде жообуңа! Мен нокдаун эмес; нокаут кеттим. Башка сөз айтканга алым жок. Койдум, байке, койдум.
Төрага (күлгөн бойдон): Жанагыдай бир компромиссный сунуш айта кетпейсизби?
КР (С.Саргалдаевдин үнү): Жо-жок, анын бетин нары кылсын. «Меники өтчү беле» деп тамашалап бир сунуш айтсам, шуу эле өтүп кетпедиби. Эми сунуш түгүл, суроо бергенден жалкып калдым. Суроо берсем, Билгетегин мени эндирете коюп жооп бербедиби.
Төрага: Ырахмат... Билгетегин мырзага башка собол жокпу? (Билгетегин жакка) Анда сизге ырахмат, ордуңузга отурганга улуксат.
Билгетегин: Урматтуу эл өкүлдөрү! «Култегин» дегенге добуш бергиле деп баарыңарды үндөп кетем. (Б.Билгетегин трибунадан түшүп кетет).
Төрага: Феликс... кечиресиздер, Эгеменбек-Суверенбек Шаршембай уулунун жаңы фамилиясы «Култегин» болсун деген бир эле сунуш түштү. Ошону эле добушка коюуга туура келет. (Залдын бир жерине көз караш токтотуп). Эмне, сунуш барбы? (Пауза). Төртүнчү микрофон.
КР: Саид Нооманов. 130-Курманжан датка шайлоо округу. Мен лично «Култегин» дегендин безальтернативный кетип атканыга каршымын.
Төрага: Альтернативный ат болсо, кириш сөзү жок эле айтпайсызбы.
КР (С.Ноомановдун үнү): Мен лично Саргалдайыптын айтканыны поддерживать этем. «Култегин» дегендин «кулу» жакшы» эмес. Менин алтернативный сунушум ушул: «Каарманбектегин» болсун дейм. Акыйкатта да жолдош Кулув аугус тополоңунун герою да. Бу сунуштун галасаванияга коюлушуну талап кылам.
Төрага: Жарайт, коёбуз. (Залдын дагы бир жерине көз караш токтотуп) Бешинчи микрофон.
КР: Мусабай Кудузбаев. 67-Тайлак баатыр шайлоо округу. Каармандардын деген аргамжыдай узун ат болот, айткан киши какап-чакап атын араң айтат. Суу кошпогон кыргыз баласы геройду «каарман» дебейт, «баатыр» дейт, «эр» дейт. Мен жолдош Кулувтун памийласын «Эртегин» болсун дейм. Ошентсек, накта кыргызча болот. Сунушум добушка коюлсун.
Төрага: Ырахмат. (Залдын алысыраак бир жерин көрө койгонсуп). Кокуй, жетинчи микрофон!
КР (барк-барк бакырган үн): Кымбаткул Кыштообай уулу, 227-шайлоо округунан. Мен өз калемдешим Бирлик Билгетегинди бийик урмат кылам. Саид Ноомановду да ызааттайм, биздин эл депутаттардын эң активдүүсү. Түштүк кыргыздардын өгөйсүнткөнү эле болбосо. Кудузбаев да өзүнчө жүргөн эргул. Бирок баарынын сунуштары түккө турбайт.
Төрага: Кечирсиз, кечиресиз, түз эле сунушуңузду айтсаңыз.
КР (Кыштообаевдин үнү): Ошо айткан атпаймынбы! Мына сөз да бузулду, ой да бүлүндү! (Пауза.) Кыскасы, сунушум мындай, Култегин, Эртегин, Каарманбектегин эмес, Кыргызтегин болсун! Ырас, Кулув мырзанын бир айыбы бар – эне тилин жакшы билбейт. Бирок ал кыргыздын чыныгы уулу, жигиттин гүлү, атуулу. Өз улутунун наамын фамилия кылып алып жүргөнгө толук акысы бар. Кыргызтегин болсун.
Төрага: Ырахмат. Башка сунуш жокпу? (Пауза). Жок болсо, түшкөн сунуштарды ырааты менен добушка коё берейин. Кана, Феликс... кечиресиздер, Эгеменбек-Суверенбек Шаршембай уулунун фамилиясы «Култегин» болсун дегенге ким – «макул»? (Пауза) Ким – «каршы»? (Пауза) Ким – «калыс»? (Залдын бир жак капталына чалкалай көз таштап алып, нааразыланып) Сунуш өтпөй калды. Эми экинчи сунушка келели. Кана, «Каарманбектегин» дегенге ким – «макул»? (Пауза) Ким – «каршы»? (Пауза) Ким – «калыс»? (Залдын баягы капталына карап, нааразы болгонсуп.) Дагы өтпөй калды. Эми үчүнчү сунушка келели. Кана, «Эртегин» дегенге ким «макул»? (Пауза) Ким «каршы»? (Пауза) Ким «калыс»? (Залдын баягы тарабына карай берип) Бу дагы өткөн жок. Эми төртүнчү сунушка келели. Кана «Кыргызтегин» дегенге ким «макул»? (Пауза) Ким «калыс»? (Залдын баягы тарабына карап, чын эле нааразыланып.) Түү, бу дагы өтпөй калбадыбы? (Ындыны өчүп.) Эми эмне кылдык? Мына, парламенттик кризис деген ушул. Кана, ким эмне дейт? (Залды айландыра карап, бир жерге көз караш токтотуп) Жетинчи микрофон.
КР: Азамат Айылчы уулу, 299-окрук. Ушуга дагы кабырга кайыштырып, баш катырып отурабызбы? Жаңкы төрт аттын кайсынысы көп добуш алса, ошонусун гана жөн эле колго салып бекитип таштайбыз. Кампүтүр-сампүтүрү жок эле ошентебиз. Ошенткенден кылы кыйшайбайт, намазы бузулбайт.
Төрага (сүйүнүп кеткенсип): Чын эле ошентпейлиби? Кандай дейсиңер? (Залдын бир жерине көз караш токтотуп) Төртүнчү микрофон.
КР: Маркленист Тезекбаев, 75-й территориальный округ. Я категорически против той формы голосования, которая только что была предложена. Слава Богу, у нас есть закон все обязаны всегда и во всем следовать его букве и духу. Уважаемый Председатель, Вы ни в коем случае не должны идти даже на малейшее нарушение процедуры голосования. Спасибо за внимание.
Төрага: Ырахмат. Айтканыңыз туура. Чын эле Регламентти бузганга эч жол бербешибиз керек. (Залдын бир жерине көз караш токтотуп). Бешинчи микрофон.
КР: Мусабай Кудузбаев. 67-Тайлак баатыр шайлоо округу. Эгер Регламентти бузгубуз келбесе, мындай кылышыбыз керек. Баарыңар билесиңер, баягыда, тунгуч Президент шайлаганыбызда, биринчи турда көп добуш алды деп Масалиев менен Жумагуловду экинчи турга коё бербедик беле. Бу саам да көп добуш алган эки атты гана экинчи турга жиберүүгө тийишпиз. Ушинтсек гана парламенттик кризистен кутулабыз.
Төрага: Ырахмат. (Залдын дагы бир жерине көз караш токтотуп.) Төртүнчү микрофон.
КР: Саид Нооманов. 130-Курманжан датка шайлоо округу. Па– маему, Кудузбайып айткан шайловдо Масалиев менен Жумагулов биринчи турда жетишерлик добуш набрать этпей калып, экинчисиге кеткен эмес. Алардын ошентип текеден чыгып калганы да жакшы болгон экен, экинчи турга башкалар менен кошо Аскар Акаевич кетип, камчы салдырбай уверенно жеңип чыкпадыбы. Азыр дагы алиги төрт памийла тең куду баягыдагы Масалиев менен Жумагуловго окшоп жыдып калды. Ошон үчүн төртөөнү тең аниулировать этип, жаңыларын предложить кылышыбыз керек. Парламентский кризистен эреже бузбай кутулуштун мындан бөлөк ич альтернативасы жок.
Төрага: Ырахмат. (Залдын дагы бир жерине көз караш токтотуп.) Жетинчи микрофон.
КР: Жаркымбай Жайлообек уулу. 118-округ. Эгер Саид Нооман уулунун айтканын кабыл алсак, баарын кайра башынан баштайбыз, баарын кайра башынан баштасак, бир-эки күнсүз мажилисибиздин аягына чыкпайбыз. Ошон үчүн мен Мусабай Кудузбай уулунун сунушун кубаттагым келет. Көп добуш алган эки атты гана бери бөлөлү да, кайра добушка салалы. Кайсыларына көбүрөк добуш берилди эле?
Төрага: «Култегин» менен «Кыргызтегинге». Экөө тең бирдей добуш алган.
КР (Ж.Жайлообековдун үнү): Анда ошол экөөнү добушка коёлу. Ошону менен маселе чечилет да калат.
Төрага: Ырахмат. Менимче, ушул сунуш парламенттик кризистен чыгышыбызга жол ачканы турат. Эгер эч ким каршы болбосо, «Култегин» менен «Кыргызтегин» экөөнү добушка коё берсем. (Залдын бир жерине сестее көз тийип алып, чочулай да, алдастай да түшүп.) Сунуш барбы? Азыр, азыр. Жетинчи микрофон.
КР (барк-барк бакырган үн): Кымбаткул Кыштообай уулу. 227-округ! Менин бир коркконум бар! Мунун бир жери опурталдуу! Кокус «Култегин» менен «Кыргызтегин» дагы да ит жыгылыш болсо кантебиз? Экөө тең жетиштүү добуш албай калышы да ыктымал. Ошондо бир жагынан Нооманов чыгат «экөөвү тең жыдып калды, аннулировать кылыш керек» деп. Бир жагынан Тезекпайың чыгат «ни в коем случае нельзя допустить» деп. Эгер бу сапар да «Култегин» ит жыгылыш болуп калса, экөө тең кайра добушка коюлгандан кур калат. Башка бир жаман фамилия сороң деп чыгып, ошол өтүп келет. Мен ушу моментти эске алып, өзүмүн жакшы көргөн калемдешим Бирлик Билгетегин мырзадан ийиле таазим кылып көптөн көп суранам: «Култегин» – дегениңен «кечтим байдын кызынан деп кечип ийчи, бай болгур» «Кыргызтегин» жалгыз эле кетсин добушка!
Төрага: Ырахмат. Бирок бу өтүнүчкө Билгетегин мырза эмне дейт? Төртүнчү микрофон.
КР: Бирлик Билгетегин. 209-округ. Менимче, өзүм өтө бийик урматтаган Кымбаткул Кыштообай уулунун азыркы өтүнүчү ары жөндүү, ары адептүү эмес. Орусча айтканда, некорректный. Мен деле «Кыргызтегиниңди» кой. Кымбаткул дос, менин «Култегиним» эле добушка жалгыз коюлсун» – деп сурансам болот ко. Бирок мен өзүмү маданияттуумун деп жүрөм, антип айтпайм. Мен минтип айтам: Экөөнү тең жарыштырып добушка коё берели, эл өкүлдөрү кайсынысына көңүл оодурса, ошонусу өтүп кете берсин.
Төрага: Ырахмат. Мен дагы ушул сунушка көңүл ыктатып турам. Эгер эч ким каршы болбосо, «Култегин» менен «Кыргызтегинди» добушка коё берейин. (Залдын бир жерине сестейе тиктеп, иренжигендей.) Дагы эмне болуп кетти? Сөзсүз сөз бериш керекпи? (Пауза) Төртүнчү микрофон.
КР: Саид Нооманов. 130-Курманжан датка шайлоо округу. Мен жакшы билем: Кыштообай уулу менен Билтегенин мырзалар – удаа дружный каллегалар. Хоя, угушума караганда, парламенттен тышта жүргөндө экөө бир-бириге кас душман имиш. Бир памийланын айыдан ал экөөнүн бөөдө араздашып калышыга мен ич сагласин эмесмин. Ошон үчүн кампрамисный сунуш айтам. Жолдош Кулув Эгеменбек-Суверенбек деген двойной аттуу болбодубу, Билгетегиндин көңүлүнү да кыйтыйтып калтырбай, Кыштообай уулуна да бакыртып абижать кылбай, Феликстин... тоюс, Эгеменбек-Суверекбетин памиласыны деле Култегин-Кыргызтегин деп двойной кылып салбайлыкпы? Улуу орус калкында андайлар көп го: Семионов-Тыяншанский, Мусин-Пушкин, Новиков-Пирибой, Салавыйов-Седой, дагы башка итпай чотпай деген...
Төрага: Тура туруңуз. Сиз айткандай кылса, дагы безальтернативный добушка кетпейби. Дагы Сиз каршы чыгасыз.
КР (Ноомановдун үнү): Жо-ок, антпейм. Бу сапар сагласин болом.
Төрага: Ырахмат. (Залдын бир жерине көзү түшүп.) Бешинчи микрофон.
КР: Дагы менмин. Бирлик Билгетегинмин. Мен Саид мырзанын сунушуна кызылдай каршымын. Кулув... кечиресиңер, Култегин ноёндун жаңы атына дагы бир жарамсыз ат учкаштырып, таптакыр көркүн кетирип салдыңар. Кайчыдайбы, жуушаңдайбы, айтор, бир олдоксон ат болуп калды. Бирок мен ошондон улам айгай көтөргөнүм жок. Эми, мына, бычактай фамилиясын да кайчыдай кылып салганы турасыңар. Буга мен унчукпай, каяша айтпай кала албайм. Менин сунушум ушул: добушка «Култегинди» да коёлу, «Кыргызтегинди» да, «Култегин» мөрөй алса, ага мен кубанам, албетте. Бирок «Кыргызтегин» жеңип кетсе да кайгырбайм. Өзүм – демократмын, демократиялык жол менен чечилген маселенин баарына баш ием. Дагы бир эскерчү нерсе: ысымы аз келгенсип, фамилиясын да кошмок эгиз кылып салсак, Култегин мырзаны катуу таарынтып алышыбыз мүмкүн.
Төрага: Ырахмат. Буга Сиз, Саид Нооман уулу, кандай дейсиз? Сунушуңузду добушка кошулушун талап кылбайсызбы? Төртүнчү микрофон.
КР (С.Ноомановдун үнү): Билгетегин мырза дагы кыргыздын мага окшогон бир «мен-мен» деген эр азаматы, менден бир суранып калган экен, мен жаңкы сунушумдун галасаванияга коюлушуну настаивать этпейм.
Төрага: Ырахмат марттыгыңызга. Эгер эч ким каршы болбосо, жанагы эки фамилияны добушка коём. (Пауза). Кана, Феликс... кечиресиздер, Эгеменбек-Суверенбек Шаршембай уулунун фамилиясы «Култегин» болсун дегенге ким макул? Дагы өтпөй калбадыбы! Анда эмесе экинчисине келели. Кана, «Кыргызтегин болсун дегенге ким «макул?» (Пауза). Ким «Каршы?» (Пауза). Ким «калыс?» (Пауза) – (Залдын баягы капталына – баш көтөрө карап, ыраазылангансып). Шүгүр-а, өтүп кетти! Көпчүлүк добуш менен кабыл алынды!
КР (Дүркүрөгөн кол чабуулар).
Төрага (жайдарыланып): Ошентип, Феликс Шаршенбаевич Куловдун жаңыча толук аты-жөнү Эгемен-Суверенбек Шаршенбай уулу Кыргызтегин болду.
КР (Дүркүрөгөн кол чабуулар).
Төрага: Аты-жөнүнүн жаңырганын сүйүнчүлөп, куттуктап дегендей... ага бир телеграмма жиберсек кантет? (Залдын бир жерине тигиле карай калып.) Дагы кандай балакет чыга калды? Тынччылыкпы деги? (Пауза) Алтынчы микрофон.
КР: Иса Абдиев. 119-ый округ. Только что мне передали телеграмму Феликса Шаршенбаевича, имеющую непосредственное касательство к данному вопросу. Уважаемый Председатель, позвольте мне огласить текст телеграммы.
Төрага: Баарыбызга тиешеси бар болсо, окуп ийиңиз.
КР (И.Абдиевдин үнү): Читаю. «Дорогой Иса Абдиевич! До меня дошли слухи о том, что на сессии Верховного Совета республики будто бы идут бурные дебаты вокруг моего имени и фамилии. Если эти слухи имеют под собой реальную основу, то прошу Вас, уважаемый Иса Абдиевич, передать достоночтенным народным депутатам: мое имя и фамилия, каковы бы они не были, достались мне от покойного отца, ничуть не задевают моего человеческого достоинства, не мешают мне честно жить и работать на благо родного народа. И, самое главное, они нисколько не нуждаются в изменении или переиначивании. Я надеюсь, что достойные избранники народа найдут себе более достойные занятия, чем пустая возня вокруг моей скромной персоны. С наилучшими пожеланиями! Феликс Шаршенбаевич Кулов. Москва. Число сегодняшнее». Конец телеграммы. Помоему, смысл телеграммы однозначно внятен и мне нечего добавить к сказанному. Спасибо за внимание.
Төрага: Ырахмат. Бирок... (Баш чайкап). Ай-ай! Бир парламенттик кризистен араң чыксак! Мына эми, экинчиси!.. Жаман болбодубу! Жолдош Кулув өзү таптакыр эле макул болбосо, жаңы аты-жөнүн ага зордоп таңуулайбызбы? Мунубуз демократиялык нормаларга коошобу? Эми эмне кылдык? (Пауза) Баарыңар эле тунжурап туруп калдыңар го?
КР (Көп киши отурган залдын тымтырстыктан капылес чыга калгандагы шоокум)
Төрага: Кана, телеграммага карата кимде кандай пикир бар? (Залды айландыра карап, бир жерге көз караш токтотуп) Второй микрофон. Пожалуйста.
КР: Вильчинский Наум Борисович. 12-ый округ. От имени депутатов, представляющих здесь русскоязычкое население Республики Кыргызстан, я предлагаю: уважить просьбу Феликса Шаршенбаевича относительно того, чтобы оставить его имя и фамилию в покое. Не можем же мы, люди вроде бы взрослые, демократы, депутаты, насильно навязать любому человеку, тем более такому значительному, как многоуважаемый Кулов, новое, пусть и хорошее, имя, хоть и звонкую, но искусственную фамилию. С другой стороны, имя человека никогда не выражает его сути. Оно всегда условно. Спасибо за внимание.
Төрага: Спасибо. (Залдын ичин дагы айландыра карап бир жерге көз токтотуп) Алтынчы микрофон.
КР: Сайфуддин Мадумарин. Үч йүз йигирма бешинчи округдан. Ортак Куловинин исми-памийласин озидан сорамасдан, бейрухсат алмаштираятганимиз менга галаты коринаятган эди. Лекин бундай алмаштиришин тогру дейшига ва яки натогру дейшига хам райьим бармай, дардисар тебраниб отирган эдим, Хазирги телетэеммани эшитгач тушиндим: натогру кылятган эканмиз. Ортаклар! Азиз дослар! Феликсжаннинг илтимасини этибарга алайлик, исмини хам, памийласини хам аввалигича койайлик, Феликс Кулов боюнча кала берсин. Бу ием, бу памила шахар ва кышлак наами эмаску ахир, тирик инсанники, болганда хам зор абройли инсанникику.
Төрага: Ырахмат. (Дагы залдын ичин көз менен кыдырып келип). Төртүнчү микрофон.
КР: Маркленист Тезекбаев. 75-ый территориальный округ. Уважаемые народные депутаты! С самого начала было ясно, что затея с изменениями имени и фамилии Феликса Кулова нелепа и смехотворна. Да и остальные пункты повестки дня, по которым приняты более чем странные постановления, не стоят выделенного яйца. Самое лучшее и достойное, что мы можем сделать сейчас-это разом перечеркнуть, считать недействительными итоги трехдневных бурных обсуждений. Давайте, начнем работу настоящей сессии, как говорится, с чистого листа, возвратимся к рассмотрению тех законопроектов, которые были предложены Президентом. Я всех вас призываю к благоразумию. Спасибо за внимание.
Төрага: Ырахмат.
КР (Зал уу-дууга түшөт, уу-дуу арасынан: «Төртүнчү микрофон, төртүнчү» деген Билгетегиндин, «Жетинчи, жетинчи» деген Кыштообаев менен Жайлообековдун, «Ой, алтынчы, алтынчы, алтынчы» деген Айылчиевдин кыйкырыктары алысыраактан чыккансып үзүл-созул угулат).
Төрага (Залга кол жаңсагылап, катуу-катуу): Коё тургула, коё тургула. Мен дагы бир-эки сөз айтып калайын. Бирдеме дегенге менин деле акым бар го дейм.
КР (Залдын уу-дуусу басаңдап, кыйкырган үндөр тыйыла түшөт).
Төрага: Чын эле ойлоно турган маселелер чыгып калды. Күн тартиби боюнча бардык чечим-токтомдорду болбосо да, азыр эле кабыл алганыбызды кайра өчүрөт окшойбуз. Феликс Шаршенбаевич өзү такыр эле каалабай, кашайып эле каршы чыгып атса, айла жок, токтомубузду жокко чыгарабыз да. Андан башка кандай ылаажы бар?
КР (Залдын уу-дуусу күчөп, уу-дуунун арасынан баягы төрт жазуучунун: «Төртүнчү! Төртүнчү», «Жетинчи! Жетинчи», «Алтынчы!» деген кыйкырыктары үзүл-созул угулат).
Төрага: Азыр. (Капыстан чочуп кетип, шашкалактап) Токтой тургула! Азыр, азыр! Жетинчи... Түү дагы трибунага жөнөшпөдүбү! Азыр (шашкалактап калдастап) Сөз Кымбат... Кыштообайга берилди. (К.Кыштообаев жулунуп трибунага чыгып келет).
Кыштообаев (буулугуп, туталанып бакырып): Бу кандай! Кызыл чеке болуп! Жаман-жакшы айтышып атып!.. Араң бир бүтүмгө келсек! Анан, имне? Кулув бир телеграмма жиберип коюптур! Ошого эле айнып кетебизби? Жүз сексен градус тескери айланабызбы! Я? Жок! Чыгарган бүтүмдөн өлсөк да кайтпайбыз! Биз койгон аттар ошо бойдон калсын! Кааласа-каалабаса да Кулувдун паспортуна жазылсын! Кулув дегенди экинчи кулагыбыз укпасын! Феликс дегенди да! «Отступать некуда, позади Москва» (Төрага жакка.) Сиз жолдош Төрага, көп мүлтүлдөбөңүз! Бекем туруңуз! Болбосо... жаман болот! (К.Кыштообаев шарт трибунадан кетет).
Төрага (сестейип чочуган түр менен акырын): Ырахмат. Сөз Жаркымбай Жайлообек уулуна берилет. (Ж.Жайлообеков трибунага чыгып келет).
Жайлообеков: Биз Шаршенбай уулунун аты-жөнүн өзгөртсөк, аны жакшы көргөнүбүздөн, сыйлаганыбыздан, аздектегендигибизден өзгөрттүк. Биздин жакшы ниет менен жасаган ишибизди ал өзү алыста жүрүп анча туюнбай, айкын түшүнбөй атат окшойт. Эгер ал баятан берки талаш-тартышта айтылган далилдерди өз кулагы менен укса, балким, адегенде чычалап анча-мынча мойнойт эле, атүгүл туйлап да көрөт эле, бирок айтканыбызга акыры муюйт эле. Чынында эле өөн учурайт. Тек өзү жедеп көнүп алган экен; аты-жөнүнүн ошондоюн сезбей-туйбай атпайбы. Бирок мен ишенем: жаңы аты-жөнүн ал бат эле кабыл алат, көп өтпөй бизге кайра ырахмат айтат. Экинчиден, көп киши чогулуп, бир бүтүм чыгарып, анан бир киши каршы чыгып койсо, баарыбыз үлдүрөп баш шылкыйтып туруп бергенибиз уят! Ошон үчүн мен сунуш кылам! Кулувдун аты-жөнү биз өзгөрткөн түрүнөн өзгөрбөсүн, анын нааразылык билдирген телеграммасы четке кагылсын. (Ж.Жайлообеков трибунадан түшүп кетет).
Төрага: Ырахмат. Сөз Азамат Айылчы уулуна берилет. (А.Айылчиев трибунага чыгат).
Айылчиев: Кулув мырза азырынча жөн эле чалпоолук кылып атат. Жаңы үйрөткөндө жылкы да ээр токутпай, кошкурук атат, ыкка көнбөй ойдолойт, миндирбей, так түйүлөт. Бирок үйрөткөн кишилердин жаасы катуу болсо, ар кандай азоо бат эле жели чыгып, былк этпей миндирет, бастырган жакка басып калат. Анын сыңарындай беш-алты күндө эле Кулув дал үйрөткү кунанга айланат. Болбой эле тырактай берсе, министрликтен түшүрүп коёбуз. Ана, ошондо Пеликс деген аты менен, Кулув деген памыйласы менен Дзержиниский көчөсүндө колоктоп баса берсин. Антип калгысы келбесе, кыса турган жерин кыссын дагы, биз койгон аты-жөнүн кыңк дебей алсын. Баса... (Төрага жакка карап.) Тезекбайып да балдырады го, мага жакшы угулбай калды, эмне деди а түгөнгүр?
Төрага: Сессиянын ушул күн тартибин жокко чыгарып, кайра башынан түшөлүк деди, өтпөй калган президенттик законопроектерге кайра кайрылалы деди.
Айылчиев: Ошенттиби оңбогур өзөктөн чыккан өрт!
Төрага: Деги ушул сыяктуу пикир айтты.
Айылчиев: Эй, Тезекбайүп! Куюшканга кыпчылган... тиги атың өчкүр... тезек боло бергениңди качан коёсуң, я? Эй, жөн жүр. Ырысы жок! Заманың алда качан өтүп кеткен, ошону билбейсиңби? Дайыма улут мүдөөсүнө каршы сүйлөйсүң, мунуңду таштабасаң, памыйлаңды Тизяков деп, атаңдын атын Петрович деп, өз атыңды Мартын-Сартын деп салабыз. Чиркөөгө апарып чокундурабыз, ансыз деле сен сүннөткө отурбасаң керек...
КР (М.Ж.Тезекбаевдин алыстан чыккансыган үзүлкесил үнү): Я протестую! Товарищ Председатель! Вы же должны...
Айылчиев: Эгер, тоодой дымагыңды дөбөдөй кылып пасайтпасаң, депутаттыктан айдайбыз. Кызматыңдан кулатабыз. Сенин «протестую» дегениңе карабайбыз, «права личнос» дегениңе да түкүрүп койбойбуз! (А.Айылчиев трибунадан шарт түшүп кетет).
КР (М.Ж.Тезекбаевдин алыстан чыккансыган үзүл-созул үнү): Я протестую! Товарищ Председатель! Уважаемый...
Төрага: Азамат Айылчиев! Сиз өтө эле орой кеттиңиз! Кайра трибунага келиңиз, Тезекбаевден кечирим сураңыз! Азамат Айылчиевич! (Сөзүнө кулак салбай кетип бараткан кишини ээрчип карагансыган түр менен залга жалдырай карап отуруп калат). (Төрага сөз бербесе деле Бирлик Билгетегин трибунага чыгып алат).
КР (М.Ж.Тезекбаевдин алыстан чыккансыган, үзүл-созулган үнү): Товарищ Председатель! Товарищ...
Төрага: Маркленист Тезекбаевич... (башын чайкап) Түү ата... Жаманкулович! Мен сизге азыр сөз бере албайм. (Трибунанын алды жагына карай берип.) Быякта баятан бери күтүп... (Б.Билгетегиндин жогуна таң калып, бирок анын трибунага чыгып алганын көрүп) Сиз чыгып алдыңыз беле?
Билгетегин: Кечиресиз, кезегим келип калганынан эле чыгып алдым.
Төрага (залга): Маркленист Жамангулович! Сиздин протестиңиз туура. Этика комиссиясына арыз жазыңыз. Айылчиевичтин одоно жоругун ошо комиссия карасын, тиешелүү баасын берсин. Көрүп турбайсызбы, трибунада киши бар. Эмки сөз Бирлик Билгетегин мырзада.
Билгетегин: Кулув мырзанын телеграммасынан улам эле кабылдаган токтомубуз жокко чыгарылсын деген сунуш – кызылдай провакация! Чын эле жокко чыгарсак, Жогорку Кеңештин ишинде жарамсыз бир прецедент пайда болот. Жаман адатка жол ачылат. Бүгүн бир чечим кабылдап, эртең андан айныганга көнүп кетебиз. Ошон үчүн Кулувдун аты-жөнүн өзгөрткөнгө байланыштуу чечимибизден эч кайтпашыбыз керек. Кабыл алдыкпы бүттү, кайра чегиниш жок! Ал эми жаңкы телеграмма Феликстин импульсивный бир реакциясы. «Ачуу басса, акыл качат» дегендей... Көрөсүңөр, ал телеграммасындагы өтүнүчүнөн... ультиматумунан ал бат эле баш тартат. Билесиңер, өзү ак көңүл жигит, демейде бир буркандап алып, кайра тез эле жазыла түшөт. Феликсти ийине келтириш жагын мага койгула! Мен аны оңой эле көндүрөм, кадырыңар жам болсун. Ошентсе да сессиянын ушул чакан курултайы Кулув мырзанын телеграммасына өз мамилесин билдирип коюуга тийиш. Ушуга байланыштуу Токтомдун долбоорун мен кезек күтүп туруп чиймелей койдум, мына, окуп берейин. (Үңүлүп кагаздан окуйт) «Республика Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин 88-сессиясынын токтому. Өз атын-жөнүн официалдуу өзгөргөнүнө карата мурунку Феликс Шаршембаевич Куловдун, азыркы Эгеменбек-Суверенбек Шаршенбай уулу Кыргызтегиндин нааразылык билдириши анча негизи жок болгондуктан, четке кагылсын». (Окуп бүтүп кагазын кармаган бойдон Төрага жакка басып). Мына, долбоорду колуңузга карматайын, тарс добушка коюп жибериңиз. (Б.Билгетегин кагазды Төрагага берип, эч буйдалбай сценадан кетет).
Төрага: Ырахмат. Анда ушул сунушту добушка коё берейин. Каршы жок болсо... (Залдын эң арткы катарларына карагансып) Эмне каршысызбы? Сунушуңуз барбы? Сөз берсем, баягы эле ырыңыздан баштайсыз да. «Врачтар комиссиясынын башчысымын» дейсиз, «эшикке эми эле барып келдим» дейсиз, «төртөөнү «скорый» алып кетти» дейсиз. Ошон үчүн... (Пауза) Ээ, болуптурчу, берейин. Сөз Супатай Субанбаевичте. Жетинчи микрофон.
КР (С.Субанбаевдин үнү): Эмне, «скорый» апкетип аткандар көп болсо, «апкеткен жок» деп айтайынбы? Чын эле эшикке барып келип атсам, «барганым жок» дейимби? Чын эле азыр эшиктегилерден кабар алып келдим. Чын эле эсинен тангандар, «скорый» алып кеткендер көбөйүп атыптыр, аны мен силерден жашырып коё албайм.
Төрага: Ток этер жерин эле айтпайсызбы?
КР (С.Субанбаевдин үнү): Мына, айтам. Урматтуу депутаттар! Эшиктегилердин түрү жаман! Аябай жаман, акетайлар! Жаңы телеграмманын биерде кимдер колдогонун да билип алышыптыр. «Кулов, жаңы ат-фамилиясын кабыл албаса, Кыргызстанга келтирбейбиз» дешет.
Төрага: Жетет, Супатай Субанбаевич. Ушуну менен бүтүрүңүз.
КР (С.Субанбаевдин үнү): Бүтүрүп атам, бүтүрүп атам. «Эгер Куловдун аты-жөнүн мурункусундай калтырышса, депутаттарды эшикке чыгарбайбыз, чыгышса эле, сасыткы жумурткалар менен ташбараңга алабыз» дешет. Анан да, урматтуу эл депутаттары...
Төрага: Болду, Супатай Субанбаевич. Жетинчи микрофонду өчүрүп салгыла. (Пауза) Ырас кылдыңар! (Пауза). Эшиктегилер бизди көп коркутпасын. Алар оголе ашынып баратышат. (Залдын бир жерине көз караш токтотуп). Эмне, дагы бирдеме дейин дейсизби? Дебей калсаңыз такыр такыр болбойбу? (Пауза) Ээ, мейличи, берейин. Төртүнчү микрофон.
КР: Саид Нооманов. 130-Курманжан датка шайлоо округу. Мен бир кампрамисный сунуш айтайын деп турам. Сунушум ушул. Кулувтун памийласын баштагысыдай эле калтырыш керек да, өзгөргөн жаңы атынын ошо жаңысы боюнча тим коюш керек. Ошондо жолдош Кулув дагы аткрыкиваться эткенин азайтат эле, депутат жазуучулар дагы чала тойгонсуп канимет кылышат эле. Мен ушул сунушум галасаванияга коюлушуну талап кылам.
Төрага: Ырахмат. Бирок бу сапар талабыңызды аткара албайм. Кулувтун жаңы аты-жөнү жөнүндө маселе биротоло чечилип бүткөн. Азыр биз Кулувтун телеграммасына жооп маселесин добушка салганы жатабыз. Сунушуңуз четке кагылышына ачууңуз келсе, аныңызды бир жолу мага бериңиз (Пауза). Эгер эч ким каршы болбосо... Каршы жокпу?
КР (Көп кишинин үнү): Жок! Жок!
Төрага: Анда Билгетегин мырза сунуш кылган токтом долбооруна келели. (Окуй баштайт). «Республика Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин 88-сессиясынын токтому. Өз аты-жөнүнүн официалдуу өзгөрүлгөнүнө карата мурунку Феликс Шаршембаевич Куловдун, азыркы Эгеменбек-Суверенбек Шаршенбай уулу Кыргызтегиндин нааразылык билдириши анча негизи жок болгондуктан, четке кагылсын». Кана, ушул долбоордо айтылгандарга ким «макул»? (Пауза) Ким «каршы»? (Пауза) Ким «калыс»? (Залдын бир капталына баш кейкейтип өйдө карап.) Көпчүлүк добуш менен кабыл алынды. Ырахмат!
КР (Дүркүрөгөн кол чабуулар. «Жашасын Кыргызтегин!», «Жашасын Эгеменбек-Суверенбек!» деген үндөр).
Төрага: Урматтуу эл депуттары! Ушуну менен сессиябыз күн тартибине койгон маселелердин үдөөсүнө чыкты. Ырас, сессиябыз (Залдын арткы катарларын сестейе карагансып.) Сабыр Саргалдаевич! Эмне эле кол сереңдетип чычкыланып атасыз? Микрофон иштетейинби? Сөз берейинби? (Күлүмсүрөп.) Бербесем, жарылып өлөсүзбү? Харакири жасап иесизби? Болуптур, сөз Сабыр Саргалдаевичте. Алтынчы микрофон.
КР (Бир кишинин алыс-жакындан жарыша тарткан коңуруктары күр-шар эте түшөт, коңуруктар «аккомпоненти» менен аралаш С.Саргалдаевдин үнү жаңырат): Баштагы чогулуштар гимн ырдоо менен бүтчү эмес беле, анын ордуна мамындай хорду сунуш кылып атам. Баарыңар кошулгула? (Коңуруктар жанагыдан таасын угула баштайт, улам күчөп отурат).
(Коңуруктардын, уу-дуунун, күлкүнүн, анча-мынча кол чабуулардын коштоосу менен көшөгө акырын жабылат. Көшөгө жабылганча, Төрага ордунан өйдө болуп, кол чапкылап, каткырып күлүп тура берет).
Аягы.
1–30-декабрь, 1991-жыл.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.