Абу Хамид аль-Газали: Күмөн саноо — чын-бышыгына жетүүнүн жолу

  • 04.04.2025
  • 1301

1. Бир аз ачка жүрүү — акылмандыкка жетүүнүн кепили, ашыкча тойгондук — уйкучулукка себеп.

2. Маданияттын үч түрү бар: дүйнөлүк маданият же жөн гана маалыматты топтоо, диний маданият — белгилүү бир эрежелерди аткаруу жана тандалмалардын маданияты — өзүн-өзү өнүктүрүү.

3. Ойлоруң жан-дүйнөңдө бышып жетилгенче, аларды сөзгө айлантпа.

4. Ким аз сүйлөсө — сейрек жаңылышат, ким аз басса — аз мүдүрүлөт.

5. Бул дүйнөдө — жерде болобу, деңизде болобу — напсини тыйгандан чоң байлык жок.

6. Коомдо адамдар менен, жан-дүйнөңдө Кудай менен бол.

7. Билип кой, ким капкандагы жемди көрүп, бирок капкандын өзү көрбөсө, ал эртеби-кечпи жок болот. Эгер эсиң болсо, иштин башын эмес, аягын көрө бил. Башкаларга өзүңө жакпаган нерсени каалаба. Эгер кимдир бирөөгө ор казсаң, өзүң ошол орго түшөсүң.

8. Сараң бай башынан аягына чейин алтын жип менен токулган кийим кийсе да, таштандыга конгон чымынга окшош.

9. Эгер өз каалооңду жеңе билсең, бүт дүйнөнү өзүңө баш ийдиресиң.

10. Чындыкты жалган менен аралаштырба. Чындыкты сүйлөгөн тилди жалган менен булгаба!

11. Арамза адамдын ниети таза болбойт: ит кууган таяк курал болуп жарытпайт.

12. Мазактоонун башталышы — сый-урматтын жоголушуна алып келет, ал эми мазактоонун аягы талаш-тартыш жаратат. Ашыкча шоктук – уялчаактын пардасын сыйрыйт, андан кийин уялчаак жана сылык адамдар да бетпакка айланат. Колдон келишинче урматтын, сылыктыктын имараттарын бузба, сый-урмат жана сылыктыктын бөлмөсүнөн чыкпа.

13. Эгер бермет ылайга түшсө да өз баасын жоготпойт; эгер анын (үлүл) кабыгы таажыга тагылса, берметке айланбайт.

14. Убакыт чеңгелинен чыгып, Сүйүү кучагына кир.

15. Эгер көз жашың жан-дүйнөңдөн чыкпаса, аны күнөөнүн булагы кылба!

16. Адамзат бул дүйнөдө жөн гана уйку-соо ортосунда өлүк жүк болуп кала берсе, аны ар дайым калаксыз кайыкта жүргөндөй бир жээктен бир жээкке ыргытат. Уктап жаткан адамдар эмнени көрөт? Аларга кандай сыйлык же жаза болушу мүмкүн?

17. Күмөн саноо — чын-бышыгына жетүүнүн жолу; күмөн санабагандар көрбөйт, көрбөгөндөр түшүнбөйт. Түшүнбөгөндөр – сокур, адашуудан баштары чыкпайт.

18. Үч нерседен эч ким кутулбайт: күмөн саноодон, жаман пикирден, көрө албастыктан.

19. Балыкчы өз кумарын канааттандыруу үчүн сууга кайырмак таштайт, а балык оозун толтурууну көздөйт.

20. Эч качан жаман мүнөздөгү адам менен жакын болбо, анткени ал өз каалоосун жана ачуусун, ооздуктоого жөндөмсүз. Эч качан бузулган адам менен достошпо, анткени алар чоң күнөө жасоого себепкер. Билип кой, кудайдан корккон адам эч качан чоң күнөө жасабайт. Кудайдан коркпогон адамдын жанында эч ким өзүн коопсуз сезбейт. Эч качан көрдүйнөнүн артынан кууган пайдакечтер менен убакыт өткөрбө, мындай байланыш – өлүмгө алып келер уулу зат. Билип кой, адам табияты боюнча башкаларга окшошууга, алардын мүнөзүн тууроого жакын. Пайдакеч адамдар менен көбүрөк убакыт өткөрсөң, ошончолук алардын мүнөзүн аласың.

21. Өлдүң деп элестет, бирок дуба кылгандан кийин сага дагы бир күн жашоого берилди деп ойло. Бүгүнкү күндү ошол күн катары жаша.

22. Эгер адам үч күн бою билим албаса, китеп окубаса, анда ал муну өзү сезбесе да, анын руханий абалы кескин өзгөрөт».

23. Оо, байлыкка тойбогон, канааттанууну билбеген адам! Сен муну ким үчүн жасап жатасың? Бир күнү сен өлөсүң!

24. Өзүң түшүнбөгөн нерсени жалган деп эсептебе.

25. Чыныгы дос кемчилигиңди көрсө, аны ачыкка чыгарууга аракет кылбайт, ал эми артыкчылыгыңды укса, аны он эсе көп көрсөтөт. Сага жакшылык кылса, аны жүрөгүндө сактайт, ал эми сенден пайда көрсө, унутпайт; сен анын алдында ката кетирсең, ал таарынбайт, эгер кечирим сурасаң, кечирет.

26. Эгер башка бирөөнүн жүрөгүндө эмне бар — сага болгон сүйүү же жек көрүүбү — билгиң келсе, өз жүрөгүңө сереп сал: анда ага болгон сүйүүң же жек көрүүң барбы. Ошого карап жыйынтык чыгар.

27. Эң акылдуу адам — Кудайды унутпаган адам. Ал өз өлүмү жакын экенин түшүнөт. Ал адамдарга кылган жакшылыктарын жана алар тарабынан ага жасалган жамандыктарды унутат.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз