
Таанышма: Никколо Макиавеллинин Өкүмдары
Урматтуу окурман, тарыхта эң эле даана изин калтырып, ушул күнгө чейин эң популярдуу китептердин катарында болуп келген бул китеп эми кыргыз тилине которулуп, бизге да кенен жеткиликтүү болуп турганы чоң кубаныч! Сиз колуңузда кармап турган Өкүмдар китеби – кылымдар бою өкүматтардын, бийлик адамдарынын абзел кол китеби болуп келгени белгилүү. Бирок бийликтегилерден да көбүрөк ченемде бул китеп карапайым калың эл үчүн жазылган деген жүйөлөрүн келтирип келген изилдөөчүлөр менен окумуштуулардын саны андан көп.
Төмөндөгү кыскача тааныштыруу максатында жазылган кат ичинде, Никколо Макиавелли ким болгонун, Өкүмдар кандай китеп экенин, эмне жөнүндө экенин, бул китепти кантип түшүнсө болорун жана аны бүгүн окуунун кажети эмне болушу мүмкүн экенин кыскача сөз кылалы.
Макиавелли – чыгаан саясый ойчул
Европа тарыхындагы эки замандын – Орто кылымдар менен Жаңы доордун – тогошкон жеринде төрөлүп из калтырган, саясый философияга, илимге, дегеле саясат дүйнөсүнө ойгото түрткү берген Никколо Макиавелли азыркы Италия пайда боло электеги опурталдуу тарыхы бар Флоренция шаар-мамлекетинин жараны болгон. Анын Орто кылым доорундагы дин менен чиркөөнүн таасири басаңдап, жаңы доордун – Италия Ренессансынын илимге, маданиятка, адабиятка жол ачып турганында жашап өткөнү, сөзсүз, чоң мааниге ээ. Ошол доордун ачылып жаткан эшиктерине кирип келген эң чыгаандардын бири, Макиавелли албетте, кысымга да дуушар болгон.
Эң оор куугунтуктоо менен кысымды Макиавелли чиркөөдөн эмес, Медичи династиясынын бийлигинен көргөн. Флоренцияда республикалык бийлик башкарып турганда, чамалуу 1490–1512 жылдар арасында, ал мамлекеттик кызматтын маанилүү деңгээлдерине жетип, дипломат катары таанылып, бир нече мамлекетке Флоренциянын элчиси болот. 1512-жылы медичилер экинчи жолу бийликти басып алып династиялык падышалыгын орноткондо, Макиавелли саясый куугунтукка кабылып, жумушунан кол жууп, кыйноолор менен коштолгон сот иштерине да тартылган. Ошол жабыркоолордон кийин акылы артык саясый ишмер өз айылына кетип, интеллектуалдык жаратмандыкка толугу менен берилет.
Макиавеллинин саясат талаасында жазган иштеринде, анын чыгаандыгы, албетте, биринчи кезекте анын жеке генийине, табияттан берилген акылмандыгына негизделет. Көпчүлүк киши байкабаган, маани бербеген кубулуштарга эбегейсиз терең жана кылдат байкоо салып, көптөгөн тарыхый окуяларды, инсандарды жана процесстерди айкалыштыра билген акыл тарыхта сейрек. Бирок анын тубаса генийи менен таланты гана болуп, аларды жандап турган жашоодо басып өткөн тажрыйбасы болбогондо, Макиавелли биз билген Макиавелли болору күмөн эле.
Анын саясый философиясында баштан аяк кызыл жиптей аралап өткөн бир өзгөчөлүк – Макиавеллинин теориялык, абстракттуу ойду тыгыз түрдө практикалык байкоолору менен, тыянактары менен байытканында. Саясаттын табияты кандай экенин эч боёксуз, жасалгасыз айтып берүү, “кандай болушу керегин эмес, кандай экенин” баяндап берүү ал өзү аныктаган максаты болгон. Тарых сабактарынын баасын өзгөчө курч билген Макиавелли, китептеринде жүздөгөн жакынкы да, алыскы да өткөөл окуяларды байма-бай келтирип, тарых жөн гана таңдануу менен тамшануу үчүн эмес, андан түздөн түз практикалык сабак үйрөнүү үчүн окулушу керектигин баса айтат.
Бул нуктагы саясый оюн ал байыркы Грек жана Рим аалымдарынан, өзгөчө Фукидид, Аристотел, Ксенофон, Цицерон сыяктуулардан сиңирип, бирок алардан көп кылым кийин келген өз доору үчүн Макиавелли алардан дагы да курч, дагы да ачуу, нес кылар эмгектерди жараткан. Жаңы доор башында анын эмгектери Европанын илим борборлорун жер титирегендей силкип, бирөөлөр аны революциячы десе, дагы бирөөлөргө көзү ачык сыяктанып, үчүнчүлөргө бузуку болуп, бирок эч кимди кош көңүл калтырбаптыр.
Макиавелли жөнүндө сансыз көп эмгектер жазылып келет; анын ойлорун талдап, изилдеп көргөн ар бир окумуштуу аны өз баамына жараша ар кандай теориялык көз карашка таандык кылып келет. Бирөөлөр Макиавелли эң биринчиден реалист ойчул дешсе, экинчилер аны улутчул дейт, үчүнчүлөр демократ дешсе, төртүнчүлөр деспоттордун окутуучусу дейт, бешинчилер аморал жана динбузар десе, алтынчылар – өзгөчө көп жана негиздүүрөк талдоочулар – аны республикачыл ойчул дешет.
Териштире келгенде, сыягы, Макиавеллинин көптөгөн эмгектеринде бул сыпаттоолордун баарына далил табылчудай, кайсы бир деңгээлде булардын баарында чындык бардай. Бирок балким, мындан алып чыкчу эң маанилүү бүтүм – Макиавелли көп кырдуу, көп катмарлуу, ары табышмактуу, ары курч ойчул жазуучу экендиги. Анын эң таанымал, бир караганда эң жөнөкөй, талдай келгенде татаал, адашууга түрткөн эмгеги – Өкүмдар.
Өкүмдар кандай китеп?
Диктаторлордун колдонмо китеби. Моралдык баалуулуктарды көзгө илбеген китеп. Элди баш ийдирүүнүн көрсөтмөсү. “Максатка жетүү үчүн бардык ыкма алгылыктуу” деген коркунучтуу принципти даңазалаган китеп.
Кыска-кыска 26 бөлүмдү камтыган кичинекей бул китепке көбүнчө ушул сыяктуу сыпаттоолор берилет. Китепти бир эле жолу шар окуп чыккан, Макиавеллинин ким экендигин, кандай ойчул экендигин билбеген, дегеле, тиешелүү даярдыксыз окурман үчүн мындай бүтүмдөр табигый, күтүлчү нерсе. Тереңирек чукуп, бир эмес бир нече жолу окуган, Макиавелли жөнөкөй текст жазчу жазуучу болбогонун билген окурман, албетте, мынчалык жөнөкөй, шашылыш бүтүмдөргө келиши мүмкүн эмес.
Өкүмдардын жазылуу баяны кызыктуу. Макиавеллинин өз каттарынын негизинде караганда бул китеп эң эле кыска убакыт ичинде – мүмкүн бир нече жума аралыгында жазылгандыгы белгилүү. Ошол эле учурда ал дагы бир атактуу эмгегин – Титус Ливийдин биринчи Ондугу боюнча Дискурстар аттуу, кыскача Дискурстар деп таанылган китебин – жазып жаткан; анысын мурдараак баштап Өкүмдардан кийинирек, бир нече жыл бою эмгектенип бүтүрөт. Башкача айтканда, Дискурстарын жазып жатып, арада тыныгуу алып туруп Өкүмдарын жазып салган, сыягы.
Өкүмдарында автор падышалык бийлик жөнүндө жазса, Дискурстарын республикалык түрдөгү бийликке, республикалардын тарыхын, табиятын, күчүн жана өзгөчөлүктөрүн талдоого бурат. Биринчи китебин автор арноо катында Лорензо ди Медичи деген канзаадага – өзүн айоосуз куугункуктаган бийлик династиясынын өкүлүнө – жолдосо, экинчи китебин – бир нече эсе көлөмдүүрөк, аналитикалык жана илимий формада жазылган эмгегин – өтө кызыктуу, мүмкүн дагы да чын жүрөктөн жазылгандай арноо катында эки жаш шакирт досуна белек кылып тартуулайт. Демек, ар жагынан карап алганда, Өкүмдарды Дискурстарга айкалыштырып, мүмкүн Дискурстарды ориентир катары карманып окуу туура болот.
Түздөн түз окуп тыянак чыгарса, Макиавелли өкүмдарларга бийликти кантип колго алуу, кантип бийликти сактап калуу жана бара-бара бекемдөө жөнүндө практикалык кеңештерин сунуштайт. Ал максаттарга жетишүү үчүн эл менен кандай мамиле куруу керектигин, өз ордо жардамчылары менен кантип иштешүүнү, душман менен доско кандай мамиле кылууну, убада жана милдеттенмелерди кандай кароону сөз кылып, булардын бардыгында этияттык менен тайманбастыкты айкалыштыруу зарыл экенин баса айтат. Бул кеңештердин баарын жалпылай келгенде, китептин негизги сабагы катары айтылып келген принцип чыга келет: “максатка жетүү үчүн бардык ыкмалар алгылыктуу”.
Бирок дагы да жакындан иликтеп окуганда, бул китепте бир нече маанилүү темалар боюнча автордун өзгөчө көз караштары, баамы келип чыгат. Алардын арасынан эң даана байкалган, көптөгөн бөлүмдөрдө эске салынган түшүнүк – prudentia деген латын сөзү – кыргыз тилинде мааниси этияттык, кылдаттык жана кыраакылык деген үч сөздү кошкондогу мааниге жакын. Саясатта ушундай акыл менен гана ийгиликке жетишүү мүмкүн: шашылыш, кооптуу кадамдардан этият болуу, төгөрөктө кимдер эмне кылып жатканына кылдат болуу, ушунун баарын эске алып алга карай ар бир аракетти кыраакылык менен аткаруу. Өзгөчө кызыктуусу, бул принцип кадыресе жакшы делген адам сапаттарынын өкүмдар үчүн аша чапкан чеги болорун эскертет – ашкере марттык, ашкере убадага бекем туруу, ашкере эр жүрөктүүлүк, ашкере элге жагымдуулук сыяктуулардын баары ашкере зулумдук, ашкере сараңдык сыяктуу эле саясатта иштиктүү эмес, кооптуу сапаттар экени келип чыгат.
Экинчи бир маанилүү жана ага чейинки философтор анчейин маани бере бербеген түшүнүк – fortuna – кыргызча айтканда, тагдыр, бешенедеги жазуу, күтүүсүз окуялар. Кээ бир ага чейинки философтордун (мисалы, Платон) идеалдуу саясый түзүлүш, идеалдуу эрежелер теорияларына аралжы катары, Макиавелли саясый, коомдук жашоодо дайым күтүүсүз иштер, окуялар, бурулуштар болорун, алдын ала даярдык же мыйзам менен маселе жоголбосун баса эскертет. Чыныгы күчтүү мамлекеттер жана күчтүү өкүмдарлар күтүүсүздүктү, тагдыр факторун жокко чыгаруу менен эмес, ошондой кубулуштар болуп кеткенде аларга туруштук бере алгандыгы менен, аларды амалкөйлүк менен айланып өтө алгандыгы менен күчтүү болот деп түшүндүрөт.
Үчүнчү көңүлгө көп алынган, талкууланган түшүнүк – латын тилинде берилген virtu түшүнүгү. Кыргызчада бул сөздүн мааниси адамдын жакшылык, үлгүлүүлүк сапаты, касиети деп түшүнсө болот. Бул тема байыркы грек жана рим ойчулдары үчүн негизги философиялык суроолордон болуп, алар андай сапаттар катары адилеттүүлүк, токтоолук, баатырдык, чынчылдык жана башка жеке инсанга тиешелүү сапаттарды атап келген.
Макиавеллинин көз карашында адамдын негизги virtu сапаты – өз өлкөсүн даңазалоо, бийиктикке жеткирүүгө умтулуу, же башкача айтканда, мекенчилдик сапаты. Так ушул оюна таянып, өзгөчө Өкүмдардын акыркы бир нече бөлүмдөрүндө (мисалы, XX, XXIV, анан эң даана XXVI бөлүмдөрдө) көрүлгөн ойлорду карап, кыйла окурмандар Макиавеллини эң алгачкы улутчул жазуучулардан деп эсептейт.
Эң алгачкы дегендин себеби, ага чейинкилер деле мекенчилдик сапатын тааныса да, көбүнчө алар үчүн мекен шаар-өлкөлөр жана жерлер болгон. А Макиавелли алгачкылардан болуп, жер эмес, ошо жерди байырлаган элди бир улут катары карап, өзү жашаган кезде алигиче мамлекет катары пайда боло элек Италияны Италия деп атап, аны коргоого чакырган саясый ишмер жана ойчул болгон.
Булардан сырткары, бул китептин кичинекей көлөм ичинде камтылган дагы көп өзөктүү темалар жана түшүнүктөр бар – мыйзам, саясый күч, адилеттүүлүк, жеке мүлк, элдин колдоосунун мааниси, дин саясатка кандай кызмат кылары жана өзгөчө көп көңүл бурулган тема – аскерий маселелер. Булардын баарында Макиавеллинин башкача, жаңычыл көз карашы, реалдуу, прагматикалык ой жүгүртүүсү табылат.
Акырында айта кетчү чоң маселе турат. Өкүмдар чынында ким үчүн жазылган китеп, кандай максатта жазылган? Үстүртөн караганга, бул китеп дээрлик ар бир бетинде зөөкүр падышаларга даректелген, карапайым элди кантип алдап, коркутуп, ары күч менен, ары айлакерлик менен баш көтөртпөй башкарса болорун ачыктаган кеңештердин жыйнагы сымал. Макиавелли андай түз айткан, бир жөндүү ойлогон жазуучу болсо бизге чейин жеткен атактуу Макиавелли болбос эле го.
Өкүмдар, ар жагынан талдай келгенде, калың эл үчүн жазылган китеп дешет көптөгөн Макиавеллинин эмгектерин изилдеген адис окумуштуулар. Алардын арасында, мисалы, өзүнүн да атагы Макиавеллиге тете келген француз-швейцар философу, Жан-Жак Руссо, белгилүү Коомдук келишим китебинде бир нече жерде Макиавеллиге мактаган шилтеме берип, биринде так ушул ойду айтат: эл бул китепти падышалар үчүн деп ойлойт, а чынында ал калың эл үчүн жазылган эмгек дейт.
Кантип мындай болсун? Анткени Макиавелли берген кеңештердин мазмуну – автор келтирген көптөгөн тарыхый мисалдар эле далилдеп тургандай – падышалар үчүн ашкере белгилүү. Айлакердик, алдамчылык, мыкаачылык, зомбулук жана башка үрөй учурган сапаттар падышалар арасында кадыресе байкалган сапаттар болгон; ошондой сапаттардан улам жасалган, карапайым элде “ыплас, пастык” деп саналган аракеттер байма-бай орун алган. Бул китепте, анча-мынча кызыктуу окуя же баян гана болбосо, ал убактагы падышалар үчүн табылчу жаңылык деле жок делет.
Тескерисинче, бул сапаттар менен ыкмалар көптөгөн карапайым элдерге түшүнүксүз болуп, бирөөлөрү падышаларын кудайга теңесе, бирөөлөрү алардан көргөн зомбулукту тагдырынан көрүп, бийлик деген эмне экенин, ал кантип ишке ашырыларын билишпеген. Арноо катында бул китепти аруу белек катары Лорензо ди Медичи деген канзаадага сунуштап, ага узак жана ийгиликтүү бийлик каалап, а түпкүрүндө, Макиавелли катардагы жөнөкөй окурмандары үчүн “мына, өкүмдар силерди ушинтип башкарат, анын карманган моралдык баалуулуктары жок, принципери силердикине тескери келет” деген сымал ой айтат.
Албетте, ушундай максатта жазгысы келген киши, ал заманда түз эле калың элге кайрылып так ушул саптарды жазчу болсо, аны өкүмдары заматта дарга асмак эмеспи. Ансыз деле, китеп жазылып бүтөрү менен, чиркөө – ошол убакта бийлеп турган Медичи династиясы чиркөө менен тыгыз мамиледе болгон – анын басылып чыгуусуна дароо тыйуу салып, дээрлик жыйырма жылдан кийин гана бул китеп жарык көргөн.
Макиавеллини окуп, кай бирлер аны “аморалдуу, адамдык баалуулуктарды жокко чыгарган бузуку жазуучу” дегендердин жүйөөсү ушундан: ал изилдеп чыккан жана түздөн түз өзү күбө болгон саясатта чындыгында моралдык принциптер абзел эмес экенин, алар жөн гана карапайым калкты алдоонун куралы, ушуну түшүнүп алуу зарыл экенин айткысы келген делет. Ага чейин келген канчалаган эмгектерде, философтор жана акылмандар эл башчыларга кайрылып, моралдык бийиктикке чакырып, “жакшы болгула, адилеттүү болгула, элге кам көргүлө” деп жазганы канча. Демек, Макиавелли андай чакырыктар дубал каап, падышаларга эч кандай таасир бербестигин белгилейт.
Эгер ушул көз караш туурадай көрүнүп же чын эле туура болуп чыкса, анда бул китепти ого бетер түңүлүп окуу ар бир билимге, түшүнүүгө умтулган инсан үчүн зарыл иш.
Өкүмдар бүгүнкү күндө
Бул кичинекей китептин жазылганына бүгүн беш жүз жылдан ашыптыр. Бирок ушу күнгө чейин Өкүмдар дүйнөдө эң көп изделген, эң көп сатылып алынган, интернет издөө программаларында эң көп суралган китептердин бири болуп келет. Демек, бул китептин жазылган заманы алда качан өтсө да, ичинде сүрөттөлгөн окуялар эскирип кетсе да, андан берки саясый түзүлүштөр, мыйзамдар, институттар такыр башка болсо да, китепте сыпатталган саясаттын табияты дагы деле бүгүнкү окурмандарга тааныш учураса керек.
Бүгүн деле окурман бул беттердин, саптардын ичинде өзүнө тааныш кубулуштарды таап чыкса керек. Кээ бирлер китептин бир жеринде Гитлерди, бир жеринде Ким Жон Ынды, бир жеринде дагы кайсы бир азыркы замандын “чыгаан” кандуу жетекчисин эскерсе, көптөгөн жеринде эч кандай чыгаан деле болбогон, кадимки эле саясый башкаруу системасын, саясый мамилелерди тааный алат.
Кыргыз тилдүү окурманга бүгүн бул китепти сунуштоодо эмне маани болушу мүмкүн? Албетте, биринчиден, эң эле жөнөкөй бирок зарыл мааниси: кыргыз тилдүү жарандар дүйнөлүк адабияттан, билим менен илимден, философия менен тарых темаларынан, беш кылым бою талкууланып, окулуп келаткан эмгектен куру калып келгени чоң көйгөй. Бул кемтикти бүтөп кетүүгө болгон салым деп караса туура болот.
Андан сырткары, так ушул китептин бүгүнкү күндө кыргыз окурманы үчүн жеткиликтүү болуп жатканы да өзүнчө мааниге ээ. Эгемендик алгандан бери куруп келаткан, кээде жыгылып, жолдон тайып бирок кайра туруп, мамлекеттүүлүктү түптөп, демократиялык бийлик куруп келаткан элдин саясат жөнүндө, мамлекет куруу жөнүндө, бийлик жөнүндө сергек болуусу, тескелип алынган билими, түшүнүгү болуусу – эң маанилүү муктаждык, күчтүү, өнүккөн мамлекет сапаттуу, күчтүү жарандар менен гана курулушу мүмкүн.
Үчүнчүдөн, Өкүмдарды окуп чыккан интеллектуалдык изденүүгө көнгөн кыргыз окурманы дагы да ары кызыктуу, ары пайдалуу бүтүмдөргө жетиши мүмкүн. Беш жүз жыл мурун жазылган италиялык философтун ойлорун миң жыл мурун жазылган Жусуп Баласагындын Кут Алчу Билими менен салыштыруу – даяр илимий изилдөө темасы. Же кыргыз элинин бүткүл насилин чагылтып турган Манас эпосунда Өкүмдардагы адам жана коом табиятынын портрети же улутту коргоо маселеси кандайча айкалышат же айырмаланат?
Же Чыңгыз Айтматовдун Кылым Карытаар Бир Күнүндөгү же Төлөгөн Касымбековдун Сынган Кылычындагы бийлик менен элдин мамилесин, мамлекет куруу жана аны өнүктүрүү темасын, өкүмдарларды тегеректеп желдеттердин табити менен таасирин, дагы башка толтура темаларды Өкүмдардын негизинде кандайча философиялык, теориялык призмадан бааласа болот, кандай жаңы аныктамалар келип чыгышы мүмкүн? Ушул жана башка интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөр орус, англис же латын тилин билгендерге эле эмес, кыргыз тилин эле билгендер үчүн да ачылат.
Балким, урматтуу окурман, бул китепти окуп жатып бул жерде келтирилген ойлордон сырткары дагы башка ойлорго, маанилерге, кызыктуу интеллектуалдык сапарларга шык алып чыгарсыз. А балким, булардын баарынан сырткары, жөн гана кызыктуу жазылган классикалык адабият эмгегине жетүүнүн өзүн чоң соога катары кабыл аларсыз, анткени китеп сүйүүчүлөр үчүн биринчи орундагы пайда – кызыктуу, маңыздуу китеп окуунун өзү эмеспи!
Канткенде да, Өкүмдар сизге жагымдуу сапар берсин, урматтуу окурман!
Ысык-Көл, 27-август, 2024-жыл
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.