Жазуучулуктан эң көп киреше тапкан кытайлык 6 автор

  • 21.04.2025
  • 179

Кытайда фантазия, жаштар адабияты жана веб-романдар көптөн бери эң көп сатылган китептердин катарын ээлейт. Бирок ар дайым сапаттуу адабиятты жогорку деңгээлде сактоого умтулган жазуучулар тобу бар.

Алардын чыгармалары популярдуу “оңой окулуучу” китептер сыяктуу интернетте миллиондогон көрүүлөрдү топтой бербейт, бирок терең ой жүгүртүү жана күчтүү адабий наркы менен классикага айланып, убакыттын жана рыноктун сыноосунан өтүп, өзгөчө бааланып келет.

Төмөндө заманбап, нукура адабият жазуучуларынын ичинен эң көп киреше тапкан 6 жазуучу көрсөтүлдү.

Алар “жакшы жазылган чыгарма окурмансыз калбайт” дегенди өз эмгеги менен далилдешти.

1. Мо Ян – Нобель сыйлыгын алган Кытайдагы биринчи жазуучу. Белгилүү чыгармалары: “Кызыл таруу”, “Толгон төш жана чоң сан”, “Өлүм жана жашоо чарчоосу”.

2012-жылы Нобель адабият сыйлыгын алгандан кийин анын чыгармалары дүйнө жүзү боюнча популярдуу болуп, жылдык кирешеси 20 миллион юандын[1] (280 миң доллардан ашык) үстүнө чыкты.

2025-жылы анын китептери дагы деле мыкты сатылууда – мектеп программасына киргизилген, кино жана сериалдарга айланган (мисалы, “Кызыл таруу” сериалы), ошондой эле башка өлкөлөрдө автордук укугу сатылып алынган.

Кээ бир сынчылар аны “Нобель сыйлыгынын аркасы менен гана байып кеткен жазуучу” деп сыпытташат. Бирок ал ар дайым жаңы чыгармалары менен жооп берип келет. Жакынкы жылдарда чыккан Кеч бышкан адамдар” (Late Bloomers) чыгармасы айыл жергесиндеги өзгөрүүлөрдү чагылдырып, адабият дүйнөсүндө кызуу талкуу жаратты.

2. Йү Хуанын (орусча: Юй Хуа) белгилүү чыгармалары: “Жашоо“, “Шү Саньгуандын кан сатуу эстемелери”, “Вынчың”.

2025-жылы Йү Хуа Кытайдагы эң көп киреше тапкан адабий жазуучу болуп, жылдык кирешеси 50-70 миллион юанга жетти.

“Жашоо” романы 20 миллиондон ашуун нускада сатылган жана кытайлыктардын китеп текчелериндеги эң популярдуу чыгармалардын бири болуп эсептелет.

1994-жылы Жаң Йимоу (орусча: Чжан Имоу) тарабынан тасмага айландырылган жана азыркыга чейин классика катары сакталып келет. Акыркы жылдары китепке негизделген театр спектаклдери, аудиокитептер жана социалдык тармактардагы посттор анын кайрадан популярдуулугун жогорулатууда.

Йү Хуанын айтканы: “Мен жөн гана каалаганымды жазам. Эгер окурмандарым аны жакшы көрсө, мен абдан бактылуумун».

3. Жя Пиңванын (орусча: Цзя Пинва) белгилүү чыгармалары: «Ураган шаар», «Чин операсы», «Убактылуу отуруу».

Таза адабият базары кыскарып жатканына карабастан, Жя Пиңва “ар он жылда бир талаш-тартыш жараткан чыгарма жазуу” ыкмасы менен өзүнүн жогорку кирешесин сактап келет.

2021-жылы чыккан “Убактылуу отуруу” китеби шаардык аялдардын турмушун сүрөттөгөндүктөн чоң резонанс жараткан. Китептин алгачкы 500 000 нускасы үч күндө сатылып, авторго миллиондогон юань киреше алып келген.

“Ураган шаар” кээде тыюу салынган китептердин катарына кирген, бирок дал ушул “жашыруун китеп” деген атак аны ансайын популярдуу кылган.

Жя Пиңванын айтканы: “Шаар жөнүндө жазуу – бетон үстүнө гүл тигүүгө окшош. Айыл тууралуу жазуу – менин түпкү тамырым”.

4. Лю Чынйүндүн (орусча: Лю Чжэньюнь) белгилүү чыгармалары: “Түмөн сөзгө тете бир сөз“, “Мен Пан Жинлян эмесмин”, “Дарбыз жеген доордун уул-кыздары”.

2011-жылы жылдык кирешеси 1.6 миллион юань болсо, кино жана сериалдарга негизделген чыгармалары да ага миллиондогон юань киреше алып келди.

Кино тасмага айланган чыгармалары: 1942(режиссёру – Фын Шяогаң), Мен Пан Жинлян эмесмин.

2025-жылы жаңы китеби “Көртирлик 2.0орто жаш кризисин сүрөттөгөн жана алдын ала сатууда эле 1 миллион нуска өткөн.

Популярдуулукка жеткен себептер: Сериалдар жана тасмаларга адаптацияланган чыгармалары. Түз эфирлерде жана шоу-программаларда таамай айткан сөздөрү менен белгилүү.

5. Жаң Выйдын (орусча: Чжан Вэй) белгилүү чыгармалары: «Сен тоолордо», «Эски кеме», «Жалгыз дарычы».

2011-жылы Сен тоолордо(10 томдук) 450 юандан (60 доллар) жогору баада сатылганына карабастан, 500 000 нуска өткөн.

2025-жылы анын китептери “Кытайдын 100 жылдык классиктери” программасына киргизилип, жылдык кирешеси 5 миллион юандан ашты.

Жаң Выйдын айтканы: Узак роман жазуу – тоого чыгууга окшош. Чокуга жеткенде гана чыныгы көрүнүш ачылат».

6. Чын Жуңшынын (орусча: Чэнь Чжунши) белгилүү чыгармасы: “Ак бугу адыры”.

Чын Жуңшы 2016-жылы көз жумган, бирок анын “Ак бугу адыры” чыгармасы театр, кино жана сериалдарга адаптацияланып, үй-бүлөсүнө туруктуу киреше алып келүүдө.

Жылына 300 000 нуска сатылып, автордук сыйакы 3 миллион юандан ашкан.

Дабыт Абдылбары уулу (PhD)

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

 

[1] 1 юань болжол менен 12 сом.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз