
Көркөм адабиятка ынтызар адам кыргыз прозасында ХХI кылымдын баш ченинен тарта роман жанрынын, анын ичинде ошол жанрга коюлган талаптарга, баа-ченемдерге жооп береби-жокпу деген соболго көз жума турганда деле прозанын "тарыхый" аталышына жамынган чыгармалардын арааны жүрүп жатканын байкабай койбойт.
Кыргыз романдарынын жарала баштоосун өткөн кылымдын 30-жылдарынын ортосу менен белгилесек ("Узак жол", "Кандуу жылдар", "Кең-Суу", "Каныбек"), ХХ кылымдын изи сууганча жазылган роман аттуунун баарынын жалпы саны кийинки чейрек кылымда жамырап жарык көргөн романдарга жете бербесин көрөбүз. Сандык көрсөткүч көркөм-адабий процесстин нарктуу белгиси боло албаса да, аны биротоло көңүл сыртында калтыруу кыйын, анткени ал кантсе да анда жүрүп жаткан изденүүлөрдүн мүнөзүнөн, көркөм-эстетикалык кыймылдын оош-кыйыш жактары менен бирге эртеңки өнүгүү багыттарынан алынча кабар бербей койбойт.
Сан акырындап сапатка өтүүгө умтулат – ар нерсенин табияты, башка коомдук-руханий көрүнүштөр сыяктуу эле көркөм адабияттын ички маңызы да ушуну көксөйт, ошол сапатты талап кыла келет. Антпесе, сапатка басым жасоодон башка жол, башка айла жоктугун сезип-туйган калемгерлер болбосо, алар чаалыкпай изденип, караламан калемгерлердин ичинен бирден-экиден суурулуп чыгышпаса, көркөм адабияттын баасы түшүп, кунары качып, ага болгон коомдук кызыкчылыктын төмөндөөсүнүн негиздүү себептеринин бири болуп калат.
Соңку кыргыз прозасында тарыхый тематика өтө жыш жана ыкчам иштелип, ондогон повесттер, романдар жарыяланып, алардын ичинен чыгып-чыкпай унутулуп, бир ооз кеп-сөзгө алынбай калышы бул тармакка баш койгон авторлорду ойго салбай койбосо керек. Натыйжада, ошол ооматы кеткен чыгармалардай жорго салыш менен арыдан-бери жазыла калбаган, тарыхый өткөн чак бир жактуу жана чала-чарпыт сүрөттөлбөгөн, аныгында эле бул жанрдын көркөм-эстетикалык нарктуулугун көтөргөн чыгармаларды жаратуу зарылдыгы келип чыкты окшойт.
Тарых каалагандай аңтарып кие берчү тон эместигин түшүнгөн авторлордун бир даары тарыхый көркөм материал топтоп, ылгоонун жана сүрөттөөнүн башкаларды кайталабаган, натыйжалуу ыкма-каражаттарына издөө салганы да ушундан улам болуш керек. Кандай эл болбосун узунду-кыскалуу тарыхы болуп, ал аны ар дайым эсинде сактап, таанып-билүүгө, анын сабак болчу, таалим алчу жактарын муундарга мурастап калтырууга умтулат да, жасалгалап, шөкөттөп фольклорго оодарат, адабиятта болсо сөз чеберлери же өзүн ошондоймун деген калемгерлер аны көркөм ой элегинен өткөрүп, ирдүү жана олуттуу учурларын ылгап, иргеп, тарыхый факт менен кыял туундуларын жуурулуштуруп, образдуу формада берүү аракетин көрүшөт. Мындан улам адабияттагы тарыхый жанрды элдин өзүнүн өткөндөгүсүн бүгүнкү күнгө жалгаштырып, образдуу-элестүү түрдө кайра жаратуу аракеттеринин табыгий жана мыйзамченемдүү көрүнүшү десек болот.
Мындай жооптуу ишти бир жагынан илимпоз-тарыхчы, бир чети нукура көркөм сөз чебери катары эки ишти моюндап, айкалыштырууга дарамети жеткен чыгармачыл инсандар гана аткарары айгине. Демек, тарыхый жана көркөм чындык, алардын синтези деген маселе бул жанрдагы чыгармалар үчүн өзөктүү орунда туруп, адабий-эстетикалык башка толгон проблемаларды жетектеген да, чечкен да күчкө ээ болуп калат. Ал эми ошол тарыхты көркөм чындыкка айлантуунун каражаттары, ыкмалары ар бир автордун талантына, билимине жана чеберчилигине көз каранды экендиги айтпаса да түшүнүктүү.
Дегинкиси, "тарыхый" аталышындагы жанрдык аныктамага жана чыгарманын иш жүзүндөгү мазмунуна келгенде кыргыз жазуучуларында ачык-айкын позиция жок сыяктанып, олку-солкулуктар байкалат. Маселен, Т.Сыдыкбеков, Т.Касымбеков, К.Осмоналиев сындуу бир катар нукура тарыхый романдардын авторлорун айтпаганда деле, кийинки чейрек кылым аралыгында жарык көргөн Р.Абдиевдин "Алай закымдары" (2005), К.Ашымбаевдин "Азат көчү" (2012), К.Бакиевдин "Дарыялар жайыкта кошулушат" (2001), С.Бейшембиевдин "Бөрү баатыр" (2002), Ж.Егембердиевдин "Канат хан" (2006), К.Иманалиевдин "Тагай бий" (2010), "Шабдан баатыр" (2014), Ү.Мурзапардын "Сакылар жери" (2001), Ү.Мурзапар менен Г.Абдрахмановдун "Данакер" (2015), М.Чокотегиндин "Нарбаш" (2018), К.Кушубековдун "Улуу тоого чыккан барбы" (1992-2009), Э.Отунчиевдин "Молдо Асан" (2008), "Жеңижок" (2009-2015), Т.Касымовдун "Боронбай жана Төрөтай" (2006), "Тагай бий" (2011), А.Мусабековдун "Кулукей баатыр" (2011), А.Нааматовдун "Аманат" (2009), А.Рыскуловдун "Атакенин Акболот" (2012), Ж.Токтоналиевдин "Баатыр Шабдан" (2006), "Хан Ормон" (2000-2013), "Абийир өлүмдөн бийик" (2011), А.Стамовдун "Хан Тейиш", "Суусамырдын ээси" (2010), А.Муратовдун "Сунулган баш, суурулган кылыч..." (2012), "Алимбек датканын арманы" (2025), Т.Элебаевдин тарыхый роман-хроника делген "Чыгыш же чоң бийлер баяны" (2012), Т.Жолдубаевдин "Актоко" (2015), Б.Максүтовдун "Кызыл кыргын, кандуу кармаш" (2009, 2016), Т.Мейманалиев менен Б.Мейманалиевдин "Императордун тукуму" (2016, орусчасы – 2010), С.Гавайдын "Скифтин каргышы" (2006), А.Бекбалаевдин (Аммиан фон Бек) "Баламбер – хан гуннов", "Ульдин – хан гуннов", "Атилла – хан гуннов" (книги III, IV), К.Сактановдун "Искендер Зулкарнайн" (2005), "Атилла" (2011), А.Сарманбетовдун "Капсалаң доор. Карга аке" (2018), "Кызыр даарыган Кыдыр аке" (2022), "Жылдыздар жерде жанышат. Нурдөөлөт баатыр менен Бурулча сулуу" (2024), Б.Табалдиевдин "Катагандын кылычы" (2012), А.Темиркуловдун "Кылыч мизиндеги доор" (2020), А.Көлбаевдин "Шыбак жыты (Бумын, Истеми кагандар)" (2018), "Алп Сол каган" (2021), Б.Бектенованын "Элчинин кылычы" (2024) жана башка да бир катар повесттер менен романдар "тарыхый" аныктамасы менен жарык көрүп, ошого жараша көркөм материал жайгаштырылган.
Аман Газиевдин (В.Плоских, Ю.Бородин, В.Мокрынин) орус тилиндеги "Посольство Земарха", "Таласская битва", "Барс-Бег, каган кыргызов" (2002), "Во времена караханидов", "Пулат-хан" (2010), "На берегах Яксарта" (2010), "На берегах Иссык-Куля", "Горная царица Алая", "Пржевальский буревестник" (2010), "Долгий путь к России" (2010) аттуу тарыхый маалыматтар менен көркөм ой-толгоолорду айкалыштыруу менен жазылган тарыхый новеллалары менен повесттерин, К.Медетхан менен М.Апышевдин "Небесная империя" (2012) повестин да эске албай кетүүгө болбойт.
Белгилүү тарых жана элдик каада-салт изилдөөчү Асыкбек Оморов да "Чынгызхан" (2008), "Темирлан" (2010) аттуу чыгармаларын тарыхый роман катары жарыкка чыгарган. Бирок алар аныгында ушул эле автордун "Аттиласы" (2015) сыяктуу эле тарыхый роман эмес, өз бетинче изденүү менен жазылган илимий-популярдуу эмгектер болуп саналат. Аталган роман, повесттердин басымдуу бөлүгү кайсы бир инсандын өмүр жолун таяныч туткан тарыхый-биографиялык чыгармалар болуп эсептелет. Дүйнөлүк адабияттагы тарыхый-көркөм чыгармалардын көбү деле кайсы бир белгилүү инсандын өмүр жолуна, ишмердигине негизделип, жалпылаштыруу орчундуу орун ээлей келгени белгилүү.
Ал эми тарых кадыресе турмуштук өңүттөн иликтөөгө алынып, социалдык-саясый, моралдык-нравалык, философиялык, элдик эстутум проблемалары козголсо да тарыхый мезгил-мейкиндик ачык көрүнүп турган жоон топ чыгармаларды жазуучулар жөн гана "роман", "повесть" аталыштары менен жарыялашкан. Аларга: М.Абакировдун "Көкөй кести" (2010), "Барымта" (2008), Р.Абдиевдин "Төпө аке" (2002), А.Койчиевдин "Мисмилдирик" (2009), А.Көлбаевдин "Жапырык" (2012), К.Сапарбаевдин "Ор" (2010), К.Иманалиевдин "Алтынкөлдүн аккуусу" (2005), Т.Жолдубаевдин "Кут-ай" (2018), О.Шакирдин "Куюн доор" (2016), С.Өмүрбаевдин "Улуу Үркүн" (2015), С.Станалиевдин "Чагылгандын көз жашы" (2001), "Жылдын эң узак күнү" (2007), Э.Турсуновдун "Балбай" (2002), "Ата Журт" (2011), "Боронбай" (2004), "Хан Теңир" (2019), Ш.Эсенгуловдун "Кожомкул" (2003), А.Карыбаевдин "Садыр аке" (2007), К.Сактановдун "Маркумдар үнү" (1991), "Алымбек датка" (2009), М.Жоошбаевдин "Тогуз кайрык" (2014), А.Муратовдун "Жылдыздар тараган таңдар" (2020), П.Дүйшөнбаевдин "Нүзүп миңбашы" (2014), "Жармазардагы акыркы кеч" (2017), Ж.Абдылдабекованын "Доорлор тогошуусу. Шабдан баатыр" (орусчасы "Тернистые вехи эпохи" (2020), И.Айтмамбетовдун "Туманга кирген көч" (2017) жана башка жоон топ роман, повесттер кирет.
Ал эми бүтүндөй көөнө, орто кылымдардагы, андан да берки кыргыз тарыхына арналган: "Барсбек кагандын көрөр көзү" (2002), "Ак өргөөгө кут түшкөндө" (2012), "Каратүлөк чоронун эрдиги" (2004), "Күнбосун ажо" (2007), "Эр Садырдын үркөрдөй кошуну" (2015), "Куш базардан кийин" (2019), "Жалдуу Каба" (2018), "Мамык кандын ажайып түшү же чөккөн көңүл чалкыганда" (2016) өңдүү белгилүү романдардын автору Т.Субанбеков аларды "роман-тымсал" деген жанрдык аныктама менен элге тартуу кылган. Бул адабий терминби же оозеки кептен ооп келген аныктамабы, ал кандай чечмеленет, муну билген деле киши жок. Булардан тышкары Ш.Бейшеналиев "Тайлак баатырды" даректүү роман (1998), К.Бердикеев "Тагдыр тамчыларын" (2013) роман-хроника десе, Т.Бийназаров "Тагай бий" (2003) аттуу чыгармасын "санжыралуу баян", Ш.Ажыбеков "Ак-Бейитти" (2013) тарыхый-көркөм чыгарма, И.Айтмамбетов "Бет Алманды" (2024) тарыхый-даректүү роман, А.Мырзаев "Раззаков" (2006) деген чыгармасын тарыхый-документалдуу роман деп атайт. К.Өгөбай болсо, "Баласагын" (2012) аттуу эмгегин көркөм-адабий басылма, "Пирпендени" (2008) жөн гана роман катары сунуш кылган. "Тарыхый баян" деп аталган чыгармалар да көп.
Мунун өзү бир жагынан жазуучулар чыгармаларды жазаарын жазып, алардын жанрдык табиятын биротоло аңдап-биле албай турушабы деген ойго түртсө, экинчиден адабияттын теориясына төп келген жанрдык эреже-ченемдер эми бекем сакталбай, анын бири-биринен айырмалуу белгилери белгилүү бир көркөм-эстетикалык логикага ылайык аралаша баштоосун түшүндүрөт. Жанрдык нарк-ченемдердин аралашуусу же бузулушу азыркы адабиятта жыш кездешкени менен, бирок неси болсо да, жанр деген жанр, ал адабияттын көп кылымдар өнүгүшүндө иштелип чыккан өзүнчө эле бир "формула" экендигин, кандай болгон күндө да анын негизги талаптары сакталышы керектигин кесипкөй көркөм сөз чеберлери жакшы билишет. Антпесе, чыгарма башаламан тексттердин жыйындысы болуп калары, жанр дегенибиздин өзү түпкүлүгүндө ошол чыгарманы чачкындуулуктан арылтып, ыраатка келтирүүчү көркөм-эстетикалык система экендиги да талашсыз.
Төмөндө биз сөз кылмак болгон чыгармаларга "тарыхый" деген кошумча жанрдык аныктама берилбесе да, аларда "мен мына" деп жүз ачып турган тарых бар экени талашсыз. Аларда тарых жана тарыхый инсандар линиясынын орду авторлордун көздөгөн максат-мүдөөлөрүнүн масштабы менен өлчөнүп, коюлган башка маселелердин тутумуна ылайык узунду-кыскалуу көркөм иштетүүдөн өткөрүлөт. Негизгиси, айтылгандай, кеп автор тарабынан берилген жанрдык аныктамада деле эмес. Бирок жанр дегенибиздин өзү чыгармада сүрөттөлгөн турмушту жазуучу кандай элестетип, кандай көркөм ой элегинен өткөрө тургандыгынан кабар берип, анын сюжеттик-композициялык структурасын гана айкындабастан, аны окурманга багыттоодогу ой-туюмун, көз карашын да чагылдырат. Мезгилдик-мейкиндик аттуу учу-кыйры белгисиз түшүнүктүн курамынан анын кайсы бир бүктөмүн, кайсы бир учурун бөлүп алып (өткөн доор, бүгүнкү күндөр, эртеңкибиз), андагы коомдук кыймылдын күзгүсү болгон, кыйма-чийме адам турмушун сүрөттөп берген жазуучу аны өз дараметине жараша жан-дүйнөсүнөн өткөрүп, аны так ошондой абалында окурман да кабыл алуусун каалайт.
Анткени окурмансыз жазуучу болбойт. Бирок ушундай эки тараптуу, бир максаттуу өз ара алаканын акыбети албетте, ошол чыгарманын көркөм-эстетикалык нарктуулугуна тикелей көз каранды экендиги айтпасак да түшүнүктүү. Эгерде жазуучу өз баянына окурманды ынандырып, кызыгуусун ойгото алса, чыгарма жаман жазылган эмес деп койсок болот. Ошол сыңары жогоруда саналган жана балким санакка кирбей калган чыгармалардын баарынын ушул ынандыруучулук сапаты бирдей эмес. Алардын, тагыраагы, жогоруда аталган чыгармалардын арасында "тарыхый" деп аталган-аталбаганына карабай чама-чаркы чектелүү, мазмуну тайкы, образдары элдир-селдир, сюжеттик-композициялык курулушу бошоң жана башаламан, кыскасы, нагыз көркөм-адабий чыгарманын талаптарынан алыс турган, ал тургай көркөм-эстетикалык наркы төмөн, же бүтүндөй жарамсыз басылмалар да бир топ.
Бул беш кол тең эмес дегендей эле кеп. Александр Македонский, Атилла, Чынгызхан, Тамерлан сындуу даңкы таш жарган инсандар тууралуу айрым чыгармаларды эске албаганда, аталган роман, повесть, новелла, аңгеме дегендердин баары кыргыз тарыхына, андагы белгилүү жана кийин гана элге кеңири таанылган инсандар ишмердигине тикелей байланыштуу. Басымдуу бөлүгү эгемендик мезгилде жаралган мындай чыгармалардагы тарыхый инсандар образдарынын көркөм-эстетикалык гана эмес, социалдык-философиялык трактовкасында жалпылыктар менен бирге айырмачылыктар, ал тургай бири-бирине жанаша бербей, эки ача ой жараткан учурлар кадам сайын кездешет. Барсбектен тарта элдик баяндардан улам тарых жараткан инсандар катары кабылданып калган Жаңыл Мырза, Курманбек, Шырдакбек, Эр Эшим, Долон бий, Адигине, Тагай бий, Эр Садыр (ж.б.), андан бери Атаке баатыр, Тайлак баатыр, Абайылда, Жангарач, Алымбек датка, Чаа бий, Хан Тейиш, Курманжан датка, Жантай хан, Шабдан, Нүзүп, Мусулманкул, Ормонхан, Балбай, Боронбай, Кыдыр аке, Мамыр баатыр жана башкалар деп узарта берүүгө боло турган, советтик доорго чейинки белгилүү адамдардын ар бири тууралуу бир нечеден чыгармалардын жазылышы, аларда бир эле доордун жана адамдардын жашоо-тирлигинин, бир эле инсандын ар башкача сыпатталышы, мындай көркөм көрүнүштүн табияты жана себептери бизде дээрлик иликтене элек. Маселен, элдик эпостун атактуу каарманы Жаңыл Мырза тууралуу эле жазылган он бешке жакын чыгармалардагы (драмалар, поэмалар, романдар ж.б.) айырмачылыктар жана окшоштуктар, алардагы автордук концепциялардын тек-жайы тууралуу ооз толтуруп айткыдай сөз боло элек.
Тагай бий, Ормон хан, Балбай, Курманжан датка, Атаке баатыр, Шабдан сындуу бир катар инсандар тууралуу деле ушуну айтууга болот. Бирок кандай болсо да, элге аттын кашкасындай таанымал мындай адамдардын бир канчалаган көркөм-тарыхый иликтөөлөргө объект болуп түшүшү эч кандай каршылык жаратпай, тескерисинче, коомдук кызыкчылыкты күчөтсө, кайсы бир чакан аймакка гана маалым болгон тыңчыкма инсандардын өмүрүн, иштерин көбүртүп-жабырткан "тарыхый" чыгармалар да жетиштүү. Алардын көбү көркөм-эстетикалык чабалдыгынан улам адабиятчы-сынчылардын көңүл буруусуна арзыбай турса, талапка жооп берген, мыкты бир даар чыгармалар объективдүү себептердин айынан анализге алынбай келет (адабий гезит-журналдардын жоктугу, профессионал-сынчылардын эмгегине болгон муктаждыктын төмөндөшү, соцтармактардагы оңду-солду жана "кол ийрисине тартат" пикирлердин үстөмдүгү ж.б.).
Булар эми өзүнчө узак сөздү талап эткен чоң маселе. Ошондуктан, бизге да кезеги келгенче улуттук прозадагы накта кыргыз тарыхын коё туруп, дүйнөлүк тарыхта өөдө-төмөн баа-ченемдердин объектиси боло келген, кыргыздарга тикелей да, кыйыр да тиешеси бар "Чынгызхан" темасындагы чыгармалардагы көп кырдуу жана татаал жоон топ проблемалар тууралуу азыноолак кеп кылардан мурда аларга сиңирилген автордук көз караш-концепция аттуу түйүндүү маселеге бир назар сала кетүү орундуу болуп турат.
Адабияттагы тарыхка байланыштуу арбын проблемалардын ичинен бизде анча сөз болбой келген кардиналдуу бир маселе бар. Ал – тарыхтын көркөм иликтөөгө алынган мезгилдик-мейкиндик бир бүктөмүнө, аны кыйма-чийме толтуруп турган адамдар жана коомдук турмуштун тынымсыз процесстерине карата автордун көз карашы, позициясы жана ошого жараша чыгармага сиңирген өздүк концепциясы. Мунсуз чыгарма жаралбайт. Автор эмнени айткысы келип, окурманды эмнеге ишендиргиси келип жатат деген өтө маанилүү жагдайды эске албай туруп чыгармага калыс баа берүү, дегеле аны жеткилең түшүнүү кыйын болуп калат. Чеберчилик маселесин коё турганда деле, бир эле тарыхый окуянын же тарыхый инсандын ар башкача сүрөттөлүп, ар башка ойго жетелеп, ар түркүн тыянак чыгарууга түртүп турушу ириде ошол автордун түшүнүк-көз карашына байланып турары анык. Социалисттик реализм доорунан кийинки адабият менен кошо ага болгон идеологиялык чектөө-кысымдардын жок болушу элибиздин көркөм сөз чеберлери үчүн каалгандай өздүк көз карашын ачыктоого жол ачты да, өзүнчө эле "көркөм-эстетикалык плюрализмдин" мезгили башталды.
Жазуучу-акындын табият берген таланты, билим-кругозору, дүйнөтаанымы жана аларга жараша сүрөттөп жаткан же сүрөттөмөкчү болгон объектисине карата көз карашы менен шартталган автордук дүйнөтүшүнүк ошентип толук эркиндик алды. Тактап айтканда ошол автордук позиция (автордук: көз караш, концепция, дүйнөтүшүнүк десек да болот) бардык авторлордо бирдей боло албастыгы эки жерде эки төрт дегендей эле нерсе.
Дегинкиси, жакшы жагынанбы, жаман жагынанбы, даңкы таш жарган инсандар тууралуу жазылган изилдөөлөр гана эмес, көркөм чыгармалардын тулкусуна сиңирилген автордук көз караш-концепцияларды жактоо-мактоо (апологетика) жана жектөө деп эки чоң топко ажыратып коюуга болот. Бирок алардын ортосунда ошол инсандын тагдырын жана тарыхтагы ордун калыс, объективдүү чагылдыруу аракеттери да арбын кездеше келген. Бирок ошондой чыгармалардын өзүндө да жактоо жана жектөөнүн бири басымдуулук кылганы байкалып турат. Алсак, В.Яндын "Чингизхан", "Батый", "Акыркы деңизге" аттуу даңазалуу үчилтигинде турмуш жана адамдар жайбаракат, реалдуу жана калыс сыпатталгандай көрүнгөнү менен, автордун согушту жана анын себепчиси болгон колбашчыларды жектөө тенденциясы ачык көрүнүп турса, "Каар заманда" И.Калашников деле өзүн акыйкат сүрөткердей көрсөткүсү келгени менен, анын Чынгыз ханга болгон симпатиясы кашкайып баш көтөрүп турат. Биз муну кыргыз прозаиктеринин Чынгыз хан тууралуу чыгармаларынан да көрө алабыз.
Айтор, жазуучулардын баарында тарыхый инсандарга карата ушул өңдүү өздүк көз караштарын көркөм реализациялоо, ишке ашуу жолдору жана ал үчүн колдонгон каражаттары, ал каражаттардын байлыгы жана ишеничтүүлүгү бирдей, окшош, эмес. Мындай иште тең чамалдуулук болушу кыйын. Биз муну бир эле темага, бир эле инсанга арналган чыгармаларда колдонулган айрым көркөм-эстетикалык каражат-ыкмалардын мисалынан даана көрсөк болот. Ошол сыңары кыргыз прозасындагы "Чыңгыз хан" темасындагы чыгармаларда негедир жыш кездешип, реалисттик сүрөттөмөлөргө аралаш жана удаалаш берилген: каргыш, түш көрүү, көрүнчү, дуба, бата, кубулуу же жок жерден пайда болуу сындуу магиялык, мистикалык, эзотерикалык түшүнүктөрдүн көркөм-семантикалык табияты да автордук концепциялардын тек-жайын ачыктоодо олуттуу мааниге эгедер болот. Сыртынан өзүнчө сюжеттик-тематикалык сызыкча-линия же эпизод, деталь катары көрүнсө да, иш жүзүндө алар чыгарманын бүтүндөй ички структурасына, анын идеялык-образдык системасына таасир берип, автордук концепцияны ачыктаган категориалдык көрүнүш даражасында турат.
Бир караганда реалдуулуктан тышкары же анын көлөкөсүндө тургансыганы менен алар түйшүктөн эзели арылбаган адам турмушун, анын акыл-эс, ой-сезим айдыңын дайыма коштоп, жандай келген эле көрүнүш-түшүнүктөр болуп эсептелет да, адабий чыгармаларда жөндөн-жөн орун албаган, маанилүү каражат-мотивдерден болуп калат. Ар биринин өзүнчөлүктөрү болсо да, алар бири-бири менен тутумдаша келип, бири-бирин шарттап, бири-бирине өтүп, татаалдашуусу да жыш кездешет. Мистика, магия, фэнтези деген абстрактуу түшүнүктөр алардын аралаш формасына деле колдонула берип, Батыш адабиятында ХХ кылымда дүркүрөп өнүккөн "аң-сезим агымына" тиешелүү модернисттик багытка да кошулуп кетет. Мындай түшүнүктөрдүн кыргызча "көрүнчү" деп аталгандары илимде визионотопика, онейротопика деп аталып жүрөт. Булар албетте, кыргыз адабияты ачкан жаңылык эмес. Аталган түшүнүктөр аралашкан, атүгүл баштан-аяк аларга чулганган чыгармалар дүйнөлүк адабиятта тээ илгертеден эле жарала келгени маалым.
Кыргыз адабий прозасында бул көрүнүш орун алып, кулачын жайганына көп эле болду окшойт. Ч.Айтматов, А.Стамов, К.Жусубалиев, С.Раев, Т.Мадылбай, Ч.Абыкеев, А.Койчиев, А.Сарманбетов, Ж.Исабаева, Э.Өмүракунов, К.Аркабаев, К.Байбосунов ж.б. бир топ прозаиктердин чыгармаларынын айрымдарында эпизод, деталь, башкаларында бүтүндөй сюжеттин кыр аркасы, өзөктүү мотив катары функция көтөргөн магиялык, мистикалык көрүнүштөр улуттук прозадагы изденүүлөрдүн бир багытын түзөт дешке да болот. Неси болсо да, адам жана коом турмушунун кайсы бир кырларын жана сырларын ар башка жана көп түрдүү каражат-ыкмалар менен ачып берүү аракеттери колдоого арзып, кеп төркүнү чыгарманын көркөм-эстетикалык сапат-наркын көтөрүүгө, автордун максат-мүдөөсүнүн ишке ашуусуна аталган жана аталбаган негизги жана кошумча поэтикалык каражаттар канчалык салым кошту деген суроого барып такалат. Булар албетте, автордун чеберчилиги менен бирдикте чыгармалардын айланып өтүүгө мүмкүн болбогон башка, ирдүү проблемалары менен тутумдаш, удаалаш талданары турган иш.
Ал эми кандай көркөм-поэтикалык каражат-ыкмаларды колдонуп, чыгарманы кандай сюжеттик-композициялык структурада жаратуу автордун таланты менен чеберчилигине байланышкан жеке иши катары окурманды анчейин кызыктыра бербейт да, чыгармада сүрөттөлгөн турмуштун ынанымдуулугу, көркөм-экспрессивдик таасири негизги орунда туруп калат. Мында да жазуучунун чеберчилиги деген оңой эле түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон маселе келип чыгат. Маселен, тээ өткөн кылымдын 80-жылдарында А.Стамовдун "Үч мээрим" повестинде айрыкча ачык жана кылдат колдонулган мистикалык, магиялык мотивдер (сырдуу жана кереметтүү эпизоддук окуялар, персонаждар, сюжеттик линиялар, деталдык көрүнүштөр ж.б.) кыргыз прозасында бара-бара ыкчам өрүш алып кетсе да, ал бардык эле авторлорго утуш алып келбеди. Жалпысынан мистикалык, магиялык дешке болор ошондой көрүнүштөрдүн өлчөмү канчалык, алар басымдуулук кылып, авторду "жетелеп" кетсе, натыйжа кандай болот деген соболго да бир ыңгай жооп берүү мүмкүн эместей.
* * *
Чынгыз хандын феномени дүйнөлүк адабиятта каршы-терши иштеле баштаганына далай заман болду, түркүн жанрдагы (тарыхый булактар, саясый-социологиялык, философиялык изилдөөлөр, чын-төгүнү түкшүмөл баяндар, эсепсиз ой-жорумдар ж.б.) учу-кыйры көрүнбөгөн чыгармаларды айтпаган күндө да, Чыңгыз ханга арналган көркөм адабий чыгармаларды тизмелеп чыгуунун өзү деле оңой эмес (Василий Яндын "Чынгыз хан", "Батый", "Акыркы деңизге" үчилтиги, Курт Давиддин "Кара карышкыр. Теңири – кара карышкырдын уулу", Тейлор Колдуэллдин "Монгол", Ясаши Ионовенин "Бөртө Чоно", Исай Калашниковдун "Каар заман", Владимир Сечинскинин "Монгол. Чынгызхандын купуя сыры" сындуу көрүнүктүү айрым романдарды эске алып, бир топко улай берсек болот). Кызыктуулугу романдардан кем эмес тарыхый изилдөөлөрдүн, ар кандай маалымат булактарынын негизинде тартылган кинофильмдердин болсо эсеби жок.
Аталган жана аталбаган авторлордон кыйла кеч болсо да кыргыз жазуучуларынын (изилдөөчүлөрүнүн да) бул темага кайрылышында табыгий зарылдык бар эле. Далай мезгилдер коңшулаш жана аралаш жашап, далай жакшылык-жамандыктарды бирге баштан кечирген, бирде басташып, бирде достошо келип, акырында, айла жоктон, кырылып калуу коркунучунан улам Чыңгыз ханга баш ийип берген кыргыздар өзүнүн кийинки тагдырында ошол кез менен кошо келген алаамат-кесепеттерди унутушкан эмес. Бүтүндөй элдер самандай сапырылып, кырылып, тентип, андан калгандары таптакыр башка тирилик кылууга аргасыз кылган заманды, анын себепкери болгон инсандарды унутууга болбойт эле. Бирок мезгил өткөн сайын ал каар замандын деми сууп, мунарыктап, кай бир жактары унутулуп, же түркүн алымча-кошумчага дуушар болсо, башкалары "байыркынын жомогуна" айланып кеткени да чын.
Эми, ал кезди эскерип, жайылтууга тыюу салынган Совет заманы артта калгандан кийин ар ким өзүн даңгыр жолго чыккандай сезип, ал тарых кайра баштан аңтарылып, орундуу-орунсузу аралаш сансыз көз караштар (изилдөөлөр) ортого салынды. Жазуучулардын роман, повесттерин да ошол доорду, анын кайсы бир үзүл-кесил учурун жана айрым тарыхый инсандар тагдырын көркөм-эстетикалык формада иликтөө десек болот. Ал эми ошол тарыхый доор жана адамдар тагдыры кандай иликтенди, алардын тарыхый чындыгы жана көркөм ынанымдуулугу канчалык, көркөм-эмоционалдык, эстетикалык таасирдүүлүгү кандай деген маселе сынчыл окурмандын көңүл борборунда турары да айгине. Жазуучунун накта чеберчилиги да ушул жерден таасын көрүнөрү бышык. Анткени чыгарма окулуп бүткөн соң катардагы окурманды да, адабият сынчысымын дегенди да кандайдыр бир ой-толгоолор чулгап, алардын аң-сезиминде кандайдыр бир из калтырып, кандайдыр бир бүтүмдөргө алып келгени абзел.
Мына ушундай көз караштан алганда чү дегенде эле адабиятка дасыккан жазуучу катары келип кирип, бүгүнкү күндөрү чыгармачылыгы Кыргыз эл жазуучусу наамына арзыган Аслан Койчиевдин "Бакшы менен Чынгыз хан (Бактыгерей Избасаровдун жоголгон дептерлери)" романы кыргыз прозасындагы жаңычыл чыгарма дешке толук негиз бар. Ушул өңүттөгү көркөм туундулардын бирине да окшобогон бул чыгарма кадиксиз мыкты жазылган. Бул чындык. Анын өзгөчөлүктөрү, козголгон жана чечмеленген маселелердин көрүнө жана көмүскө жактары, автордун чеберчилиги Абдыганы Эркебаев, Жамгырбек Бөкөшов, Майрамбек Токторов, Болотбек Таштаналиев, Амирбек Азам уулу, Гүлнар Эмил (ж.б.) сындуу сынчы-адабиятчылардын макалаларында, сөздөрүндө (1) кыйла кенен жана терең талданып, омоктуу ойлор айтылса да, сөз аягына чыкпай, дагы далай талаш-тартыштар болот өңдөнөт. Себеп жөнөкөй эле – канча мезгил өткөнүнө карабай мыкты чыгармалар кайра-кайра сөзгө алына берет. Ошондуктан, алардагы орундуу жана талаштуу ой-пикирлерге токтолуп отурбай, биздин козгойлу деген маселебиздин багыты башка экендигин белгилей кетели. Кыскасы, ырасында эле күтүүсүз стилдик жана структуралык формада жазылган бул романда талаша турган, авторго каяша айтууну талап кылган, же автор "мен айттым, меники туура" дегенине баш ийбей баяндалган окуялар менен персонаждардын "өзүлөрү" жана бүтүндөй чыгарманын мазмуну каршылаш пикир жараткан учурлар бир топ. Көркөм чыгармачылыкта бул да боло келген табыгий көрүнүш. Романда сүрөттөлгөн илгери-кийинки адамдар, коом турмушунун алкак-чөйрөсү кенен жана ага ылайык кепке алына турган адабий-эстетикалык проблемалар да жетишерлик. Алардын баарына болбосо да көбүнө адистер, окурмандар акырындап сереп салышат деген ишенич менен биз азырынча романдагы автордук концепцияга байланыштуу айрым жагдайларга назар сала кетели.
Белсемдүү адабиятчы Болотбек Таштаналиев мистика менен реализмдин жуурулушунан жаралган чыгарма катары адилет белгилеген "Бакшы менен Чынгыз хан" романында монгол империясы ыдырай баштаган нукура тарыхый заман менен алиге күбөлөрү, куруучулары аман-эсен совет доорун ичине алган эки мезгилдик-мейкиндик катмар бири-биринен айырмалуу белгилери менен чебер сүрөттөлөт. Кечээ эле аласалып кеткен Совет доорундагы тоталитардык системанын бир жактуу, кээде кээкер, какшык аралаш сыпатталышын эске албаганда, Чынгыз хан доорунун рух-деми, ошол рух-демди жараткан хандар, бектер менен карапайым адамдардын тирлиги, үмүт-тилеги, жашоо, мансап, байлык үчүн ынсаптуу жана ыймансыз күрөшү, бүтпөгөн көйгөйлөрү, казак, кыргыз, өзбек, каракалпак элдерине караганда алда канча ар тараптуу жана кенен сыпатталган монголдордун жашоо образы, салт-санаасы, үрп-адаттары майда-барат ырым-жырымдарына дейре элестүү, жугумдуу баян этилет.
Нарратив жана сюжет коюлган максатка жараша ийкемдүү келип, бирде көп бутактуу, бирде тарамдалып, логика бузулбай бири-бирин улап, биринде айтылбай калганын экинчиси толуктап жүрүп отурат. Бул жагынан авторду мактоо гана керек. Чыгарманы кызыгып окула тургандай сюжеттик-композициялык курулушка эгедер кылуунун өзү чоң чеберчиликти талап кылат. Мындан тышкары чыгарманын тилдик байлыгы да кайдыгер калтырбайт. Көрүнүш-кубулушту, кыймыл-аракетти, портретти, ар түркүн кырдаалды табыгий мүнөз-ыргагынан ажыратпай, реалдуу жана образдуу бере билүүнүн өзү, диалог-монологдордун турмуштук мүнөзү да жазуучу чеберчиликтин кыйла бийик баскычына жеткендигине далил болот.
Жазуучу кенедей деталдарга чейин тыкан мамиле жасайт. Кайталанма баяндар (айрым сөздөр, сөз айкаштары, алардын синонимдери) көбүнчө орундуу колдонулуп, каармандардын жүрүм-турум, кыял-жоругундагы кунт коё турган учурларды, кырдаал-шарттын эрекчелигин таасын ачып берсе, айрым жерлерде ашыкча кайталана берип, тажатма стилге айлануу коркунучун эске албаганда, А.Койчиевдин жазуу манерасы калыптанып калганы, сөз менен иштөө чеберчилиги жеткилең экендиги шексиз.
Романдын бүткүл "тулку-боюн" жан-жаныбардын кыр аркасындай кармап, автордун көркөм-эстетикалык жана "тарыхый" концепциясын ачыктай турган Бактыгерей Избасаров менен Чынгыз хандын (арбагынын) образдары тең чамал болбосо да, реалдуулук деңгээли боюнча кыйла ынанымдуу иштелген дей туруп, автордун бир катар жаза басуулары же талаштуу көз караштары тууралуу өзүнчө, узагыраак сөз кылууга туура келет. Себеби көп катмарлуу көркөм-тарыхый материал ушуну талап этип турат. Романдын өзүнө да ушул эки каармандын ысмы бекеринен берилген эмес. Үшкүрүктөрү таш жарып, муңканып-өкүнгөндөн, кейип-кепчигенден башка сапаттары анчейин көрүнө бербеген бул кейипкерлер жогортодо айтылгандай, окурмандын көкүрөгүнөн орун таап, аны өздөрүнө тартып, Ч.Айтматовдун Баласы менен Эдигейиндей, Т.Касымбековдун Нүзүбү менен Сарыбайындай өзүнө санаалаш, пикирлеш кылып, түйшөлтө алдыбы-жокпу, кеп ушунда. Көркөм образдын нукура табияты ачык декларация кылынбай, баскан-турганы, иши-сөзү, ой-санаасы менен далилденген сапаттары аркылуу бааланып-өлчөнөт, ушул сапаттар ага "чыгармадан чыгып", кадимки рухий-маданий жашоо-тирликке аралашып кетүүгө жолдомо берет. Аталган сапаттар, ал каарман оң болобу-терс болобу, ага объективдүү түрдө сиңирилбесе, канчалык макталса да, жектелсе да тиешелүү натыйжа бербейт.
Ушундай өңүттөн алганда өзүнүн да, ата-тегинин да турмуштан жолу болбогон Бактыгерей Избасаров (атактуу адамдын урпагы катары анын изин улаган, бак даарыган адам болуш керек эле деген маани жатат каармандын аты-жөнүндө) Ташкентке качып келип, туруп калган казакмын дегени менен дилинде Чынгыз хандын урпагы болгондуктан өзүн кай жерде болбосун "төрөлүк" кылчу төбөлдөрдүн катарына кошот. Анын ким экендигин жана өзүнүн (монголдордун) "даңазалуу тарыхын" ага алагүү болуп турганда жолуккан Чынгыз хандын арбагы айтып берип, аны Избасар бир нече көк дептерге түшүрүп, анан кара басып, аларды качан, кантип жоготконун билбей эңги-деңги болот. Ал дептерлердин чала-чарпыт бөлүгү КГБнын колуна түшүп, ага жашырын (секретный) бөлүмдө 1227 деген номер коюлат. Бул жөн номер эмес. 1227 – Чынгыз хандын өлгөн жылы. Ошентип, ызы-чуу башталат да, окуя дептерлердин жоголгон барактарын табууга байланыштуу түркүн кызматкерлердин (партиялык функционерлер, КГБ кызматкерлери ж.б.) жаналакетке түшүүсүн баяндоо менен өрүш алат. Ал ортодо Чынгыз хандын арбагы түркүн социалдык топтогу өз урпактарын көрөт, бир даары менен "жолугуп", алардын тагдырына байкоо салып, пенделик жүздөрүнө күбө болот да, бирок өзү сындуу, татыктуу бир жанды таппай, үмүтү акталбай кейишке батат, сыздайт, муңканат.
Кыскасы, тагдыр буйруп жана Чынгыз хандын арбагынын симпатиясы менен бул "одиссеянын" баштоочусу жана баштанаяк алып жүрүүчүсү болуп калган Избасардын маңдайына бак бүтүшү керек эле. Бирок андай болбоду. Ага ким күнөөлүү деген соболго ачык жооп айтылбаганы менен автордун көз карашында советтик тоталитардык система айыпка жыгылып, билбеген адам ал өлкөдө дегеле бактылуу адамдар сейрек болсо керек деген бүтүмгө келери анык. Сайчы уул сындуу карапайым турмуш кечирген бирин-серин адамдарды эске албаганда көбү кошоматчы жана коркок, мансапкор жана кайдыгер болушса да, колунан иш келбеген, кандайдыр жакшы иш жасаганга дарамети жетпеген, дегеле эч кимге пайда-батасы жок, Чынгыз хандын урпагы болгон үчүн гана Бактыгерей урмат-сыйга татыктуу деген кыйытма ойго кошулуу кыйын. Анын кейиштүү тагдыры да буга негиз болуп бербейт. Бул жагынан алганда аны илгери-кийин боло келген (азыр да толтура) тентимиш адамдардын, же "жамандан жаан, жакшыдан мөөн" туулгандардын кийинкисинин типтүү өкүлү десек жарашат. Ал бакшы деле эмес, бакшылыктын анда илеби да жок. Автор менен Чынгыз хандын арбагы эмне үчүн аны күчкө салып, бакшылыкты мойнуна жүктөп койгону да өзүнчө суроо. Ошентип, согушта туткунга түшүп, душманга ак кызмат өтөп келгени үчүн мыйзамдуу түрдө он жыл түрмөдө отуруп келген, Чынгыз хандын урпагы болгон үчүн эмес, өзүнүн жаза басууларынын натыйжасында коколой башы калып, ичип кеткен Бактыгерей идеалдуу каарман эмес. Аны улуу адамдын урпагы катары "жакшы көрсөтүү", аяп-ардактоо аракети күчтүү болсо да, Избасар окурмандын симпатиясын чакырууга жарамсыз болуп чыгып, Чынгыз хандын арбагын көркөм-тарыхый "аренага" алып чыгуу үчүн гана керектүү персонаж абалында калат. Ушул эле ойду эгер образ катары караш керек болсо, Чынгыз хандын арбагы тууралуу айтууга болот. Анда пенделик да, бийик даражага көтөргөн хандык парасат да байкалбайт. Бактыгерей сындуу ал да кейип-кепчип, сай сөөгү сыздап, өзү салган "улуу жолду" сактап, уланта албаган урпактарын, ага шарт түзбөгөн заманды каргап-шилеп жүргөн бир көрпенде абалында көз алдыбызга тартылат. Ал эмне деген улуу иштер жасады, кылган иштеринин баары чын эле таза, адилет жана жалпы адамзат үчүн пайдалуу, керектүү беле деген суроолорго окурман романдан оң да, терс да жооп таба албайт. Ал үчүн окурман Чынгызхандын жана ошол доордун тарыхын, алардын түркүн түшүндүрмөлөрү камтылган толгон илимий, көркөм адабияттарды окуп чыгып, ал билим-маалыматын романда сүрөттөлгөн окуяларга салыштырып, бир жыйынтыкка келүүсү зарыл. Антпесе, ал көп нерсени түшүнбөй калат.
Бул жерде автор "Чынгыз хан тарыхын бүт дүйнө билет, аны билбеген кыргыз деле жок болуш керек" деген ойго жетеленип, маселенин ушул жагын унутта калтырган өңдөнөт. Болбосо, элдин көбү атын укканы менен Чынгыз хан тарыхын ийне-жибине чейин билбей турганы маалым эле иш да. Билгендеринин көбү аны жөө жомокко айлантып алышканы да белгилүү.
Чыгарманы окуган адамдын алдында ошентип адегенде эле "Чынгыз хан ким" деген үнсүз суроо коюлат да, ал аны өз алдынча аңдап-билүү аракетин көрөт. Себеби анын бүтүндөй өмүр таржымалы болбосо да, жасаган оңду-солду жана "өзгөчө баалуу", "негизги" иштери тууралуу азыноолак маалыматтардын кайсы бир формадагы жана көлөмдөгү көркөм баяны романда болуш керек эле. Иш жүзүндө чыгармада улуу иштерди жасап, адамзатты (анын ичинде өзгөчө өз тукумдарын) туура жолго салганы анын арбагынын өзү тарабынан ачык да, кыйытылып да айтыла берет. Бирок ал кайсы жана кандай улуу иштер жана "жол" экени бүдөмүк. Арбак: "Мен көрсөткөн жолдо бардык суроонун жообу камтылган болучу" деп атпайбы (2, 291-б.). Ага чейин: "Менин жолумду чанышты. Силер чандыңар" - деп Николай Аблеухов болуп калган (нак ысмы Абылай-Укуп) өз урпагына айып койгон болчу. Автордун драматизмге сугарылган далай окуяларды элестүү, жугумдуу жана таасирдүү баян эткенден кийинки айтайын деген оюнун ток этер жери, өзөктүү каарманга карай көз карашы да ушундай. Биздин баамыбызда ал: "Чынгыз хан баарын туура кылган, анын өзү да, ал орноткон коомдук түзүлүш да идеалдуу, мыкты болчу" дегендей өзү бекем ишенген ушул көз карашты романдын негизги лейтмотиви кылып алат. Концепция ушундай: "Адамзат Чынгыз хан чапкан жол менен кетсе, дүйнө бузулмак эмес, баары сонун, баары шайма-шай болмок". Бирок иш жүзүндө Чынгыз хандын арбагы жалпы адамзаттын эмес, бүт дүйнөнү өзү сымал мыкчый кармап тура албаган, көр тирликтен баштары чыкпай тил безер, дин безер, дил безер болгон, саткын, кошоматчы, дүйнөкор, өзүмчүл, мерез, мансапкор болгон, ынтымагы таптаза ыдыраган, кедери кетип, майдаланган, орус, казак, өзбек (ж.б.) болуп кетишкен, атактуу жана эч ким, эч нерсе алмаштыргыс ата-тегин (демек, аны - Чынгыз ханды) унуткан өз урпактарына гана тынчы кетип, үшкүрүнүп отурат. Аны адамзаттын, "төрө" аталган монголдор тобунан башка элдердин тагдыры, "курсагы ашка тойбогон" жана төрө эмес ошол эле караламан монгол калкынын абалы кызыктырбайт. Ал болгону: "...эгерим тынчтык көрө элек дүрбөлөңдүү дүйнөнү дүрбөлөңдөн түбөлүккө арылтып, адам баласын акыр заман күнүнө дейре тынчылыкка бөлөп койдум деп жүрсөм, атаңгөрү-ү, ошон үчүн төгөрөктү төп ченеп, төрт уулума тең бөлгөмүн да баш-аягы жок башаламан дүйнөнү баштуу ордого бириктиргем деп жүрсөм..." (2, 305-б.) , - деген көз кайкыгандай бийик, бирок өзүнө жана өз тукумдарына гана (төрт уулуна) артыкчылык берген, ашкере өзүмчүл жашоо программасына чексиз ишенип алып, анысы не себептен кыйраганына көзү жетпей кыйналат.
Кыйроонун тамыры өзү орноткон социалдык теңсиздикте жатканы, бирөөлөрү түбөлүк жыргап, экинчилери түбөлүк куурай турган, бирөөлөрүндө баары бар, экинчилеринде эчтеке жок заманда эч качан тынчтык болбой турганы, ушундай шартта адамдардын баарынын пейилдери апакай болуп кетпеси анын оюна да келбейт. Ал аңгыча, чыгарманын көп жеринде ошондой деградациялык процесске, өз урпактарында өрүш алып кеткен терс, көңүл айнытарлык жорук-жосундарга, сапат-көрүнүштөргө Чынгыз хан өзү негиз салганы айкын болуп калат. Ал көзү тирүүсүндө эле өз балдарынын бирин өөдө, бирин төмөн коюп, байбиче-токолдон же никесиз туулгандарынын коомдогу ордун ошого жараша аныктап койгону, бийлик үчүн бир туугандарын, досторун өлүмгө кыйганы, жакындарын, атүгүл өзүнүн бийликке келишине эбегейсиз салым кошкондорду да ырайымсыз жазалаганы, өзгөчө таш боордугу романда текши айтылбайт да, айрым учурлары гана окуянын логикасына жараша аргасыз эскерилет. "Аргасыз" эскерилет дегенибиздин да жүйөсү бар, антпесе болбойт.
Автор анын алгылыксыз, ырайымсыз иштерин сыдырып айткысы келбейт, бирок кээ бир учурларды сыпаа эске алууга мажбур болот. Антпесе ишенимсиз болуп калат да, бул тарыхый баяндын "кабыргасы сөгүлүп" түшөт. Өз урпактарынын бири, образы айрыкча таасирдүү чыккан Сайчы уул Чынгыз хандын арбагына: "Үч уулуна (уулуңузга болсо керек - К.А.) бөтөнчө арнап өргөө тиктирип, бөлүп журтка улук көтөрдүңүз да токолдон туулган бөлөк уулдарынын укум-тукумун "жай Жоочу, жаман Жоочу" атыктырдыңыз ". Бөөдөсүндүнүз, ата! Аликүнчө арылбаган бактысыздыкты башыбызга үйдүңүз" (2, 309), - деп бетке чапкандай оор айып-сөздөрүн айтканда да, "аның ырас" дей салып, кайра: "Жок, жок. Андай эмес карагым. Аларбы? Алар саткын чыкты! Керээтимен жаңылыпмын! Керээтимен жаңылыпмын, кагылайын", - деп кутулат (2, 310-б.) Хандын арбагы ошентип Сайчы уул чекеге чапкандай ачык койгон айыпты (урпактары "аликүнчө арылбаган бактысыздыктын" чоо-жайы да айтылбайт - К.А.) моюндаганга, урпактарынын моралдык-нравалык деградациясынын себептерин өзүнө оодарууга эрки жетпейт.
Башканы кой, "өз балдарын ала-була көргөн" Чынгыз хан өзүн сындоодон тышкары, бийик коёт. Мунун өзү анын образына жагымдуу боёкторду сүртө койбойт. Анын өзгөчө пропаганда кылынган айкөлдүгү, чынчылдыгы, калыстыгы, көрөгөчтүгү, колбашчылык таланттуулугу жер менен жексен кылынган миңдеген айыл, шаарлардын, кыргын кылынган эсепсиз, бейкүнөө элдердин, адамдардын кунунан артык беле деген суроо коюлбаган бул романда темирдей тартип орнотуп, өз урпактарын бардыгынан бийик, кол тийбес даражага жеткирген ошол каар заманды сагынуу, ага болгон ностальгия алдыңкы планда турат. Роман так ушул максат-нээт менен жазылган сыяктанат, бирок таланттуулук менен жазылганы да чын. Даңазалуу колбашчы, дүйнөдөгү эбегейсиз империянын түзүүчүсү, эсепсиз майда жана чоң хандыктарды, элдерди тыптыйпыл кылган Чынгыз хан кантип адамзаттын бардык көйгөйүн чечкен, идеалдуу коомго негиз салып койгон? Романда ушундай кыйытма ой бар, бирок анын жообу жок болуп, автор бул чатак суроону айланып өтүүгө катуу аракет кылат. Бүткүл адамзатты "туптуура жолго салдым" деген ишеничи кыйрап, түбөлүктүү деген ой-мүдөөлөрү бузулуп, болгондо да өз урпактары тарабынан чакчелекей кылынып, алар бирин бири кырып отурса, ата-тегинин "улуу" иштерин унутуп, манкурт болуп турса, Чынгыз хан арман кылбаганда ким кылмак эле?!
Бирок анын арман-муңу окурманга жете бербейт, анткени анын сөздүн нака оң маанисиндеги улуу адам экени чыгармада далилденбейт да, натыйжада ал арман тар чөйрөнүн, өз кызыкчылыгын гана ойлогон топтун, айрыкча өзүмчүл адамдардын (Чынгыз хан менен кейиштүү өз тагдырына коомдук системаны айыптаган Избасардын) арманы катары кабылданат. Албетте, аны жалпылай салып ар ким өзүнө, жалпы элге, бүкүлү адамзатка карата айтылып, манкурттукту айыптап жатат деп актап, колдонууга болот, бирок анын романдагы даректүү мотивациясы жана көркөм негиздемеси бошоң же дээрлик жок. Чыңгыз хандын улуулугу, улуу иштери тууралуу идея ошентип курулай сөз, ичтейи бош декларация боюнча калат. Ал эми арман, айтылгандай, эч кимге пайда-батасы жок, улуу инсандын урпагы болгон үчүн гана төрө болууга укуктуу Бактыгерейдин жана аларды калкалап, элди (окурманды) ушуга ишендирүүгө жан үрөгөн автордун да арманы болуп чыгат. Натыйжада бул үчөөнүн муң-арманы окурман бөлүшкүдөй, тилектеш болгудай даражага жетпей, аны ынандыра албай турат. Мына ушул жагдайды, романдын башкы пафосу катары ынанымдуу жана терең реализацияланбай калган өзөктүү идеяны (автордун өздүк концепциясын) эске албаганда роман мыкты жазылган дегеним да ушундан. Анда колориттүү образдардын бүтүндөй бир галереясы, доордун илеби согуп турган элестүү картиналар, ойго салчу, сезим-туюмду козгоп, түйшөлтө турган картиналар, таасирдүү образдар бар. Масштабдуу ой калчай билген калемгер, жашоо-тирликтин, тарыхтын (өтмүш доордун) оомал-төкмөл жактарын, адамдар тагдырындагы чиеленген зарылдык менен кокустуктарды өзү көрүп тургандай, айрыкча монголдордун турмуш-тирлигин өзү күбө болгондой, өзү аралашып жүргөндөй элестип, аларды ошондой эле жугумдуу-образдуу бере алат, анын баарын кан-жанынан чыгара билет. А.Койчиев ошондой, дээринен, табиятынан нукура сүрөткер экендиги анык. Таза мистикалык, эзотерикалык сюжетке негизделип, кайсы бир деңгээлде М.Булгаковдун " Мастер менен Маргарита" романын эске салган (Маселен, Воланддын келиши, ж.б.) "Бакшы менен Чынгыз хан" бизди буга толук ынандырат (романдын нарктуу жактары, образдар системасынын оригиналдуулугу, стилдин жугумдуулугу жана ошол эле учурда кээ бир тилдик алешемдиктер, ж.б. арбын маселелер тууралуу узак сөздү кийинкиге калтыра туралы - К.А.). Бирок каалайбызбы-жокпу, кабыл алабызбы-жокпу, романдын өзөктүү идеясын Чынгыз хандын заманына жана анын өзүнө, ал орноткон коомдук жана граждандык мамилелер дооруна болгон сагыныч-ностальгия түзөт (Муну адабиятчы Г.Эмил да белгилеп, бирок башкачараак түшүндүрүүгө аракет жасаптыр - К.А.). Мындай концепция боюнча Чынгыз хандан кийинки доорлор, адамдар коому бузулган, нарк-насилин жоготкон учур болуп эсептелет. Бул айрыкча советтик мезгилге тиешелүү.
Автор муну кадам сайын далилдөө аракетин көрөт, окурманды ушуга ишендирүү ниетинен бир саам тайбай, натыйжада эзелки жана кечээкки турмуштун жалаң көлөкө жактарын сүрөттөгө берилип кеткенин өзү да байкабай калат. Жарыгы дээрлик жок турмуш аны жетелеп кеткендей көрүнөт.
Ошентип, Чынгыз хандын доорунда эле башталган коомдук жана инсандык "регресстин" башаттарын таланттуу жазуучу А.Койчиев ушундайча трактовка кылат. Бирок мунун өзү бул тема иштелип бүттү, аягына чыгарылды, тигил же бул жазуучунун концепциясы туптуура же такыр туура эмес дегендикке жатпайт. Эгер коомго зыяндуу идеяны тутунбаса, чыгармачылык өзгөчө позициясы үчүн авторду мактоо же жектөө орунсуз иш. Ар кимдин өз чындыгы бар дегендей, балким, Чынгыз хандын жана анын өзүнө окшош турпаттагы мураскерлеринин мүдөөлөрүнүн ишке ашпай, тилектеринин таш кабышын, кыскасы, даңазалуу императордук династия түптөгөн коомдун кыйроо себептерин бир топ калемгерлерде алардын атагы таш жарып, дүйнөнүн жарымын чеңгелдеп турган кезинен, ошондо эле туура эмес жасалган иштерден издеп көрүү зарылдыгы келип чыккандыгынан да көрсөк болот.
* * *
Чынгыз хандын бейнесин А.Койчиевдин "Бакшы менен Чынгыс хан" романына караганда башкача, же түз айтканда карама-каршы өңүттө ачып берүү аракетин азыркы адабиятыбыздагы кыял чабыты кенен жана чебер жазуучулардын бири Айдарбек Сарманбетов "Чынгызхан. Жазылбай калган каргыш" аттуу чакан повесть-эссесинде жасаптыр. Повесть бирдиктүү сюжетке негизделбей, өз-өзүнчө каармандар жана окуялар баяны сыяктуу көрүнгөн аңгеме-новеллалардан турганы менен алардын баарын Чынгызхандын легендарлуу фигурасы жана анын анчалык изи сууп кетелек заман-доору бириктирип, бекитип турат. Чыгарма Темүчиндин келишкис душманы меркиттерди тукум курут кылган жүрүшүндө бирпаста солкулдаган уулунан, андан да мүшкүлдүүсү - ана-мына төрөйм деп турган келининен айрылып, али жаны чыгалек келининин курсагын жара салып, ымыркайды сактап калган эненин ошол ханга: "- Бу, байкуш балдарымда эмне айып?! Балдарыңдын арманын тартып кал, мендей кан кусуп! Эзели тукумуң жарыбасын! Уу, карышкырдай улуп калгыр! Өзүң да, балдарың да аялдан армандап калгыла! Тукумуң узарбасын!... Наалат сага, Темүчин! Каргыш!!!" - деп бир (3, 96-б.), анан дагы:"Көрүңдө жай албай улуп калгын!" - деп экинчи каргыштарын баяндоо менен башталат. А.Койчиевдин романындагы Чынгыз хандын арбагынын тыным албай дүйнө кезип, сыздап калышынын бир себеби ушул каргыш болуп жүрбөсүн деген шарттуу суроо салсак (эгер элдин ишениминде эбегейсиз терс энергия көтөргөн каргыштын күчүнө ишенсек), анда анын турмуштук жөндүүлүгүн да жокко чыгаруу кыйын. Арбак, каргыш, бата, дуба жана башка тагдырга таасир берүүчүлүк күч-кубатка эгедер ишенимдердин өзүндө көркөм шарттулуктун үлүшү зор жана алар орду менен колдонулганда көркөм чыгармага салмак кошуп, анын кайсы бир көмүскө жактарын ачып берүүгө кызмат кылат. Каргыш качан айтылат, аны ким айтат? "Алы жетпеген акыретчил" дегендей аны башына мүшкүл түшүп, болгон ишти артка кайтарууга, оңдоого дарамети жетпесин түшүнгөн, амалы түгөнүп, аргасы кеткен адам гана айтат. Анын негизинде сөздүн кереметтүү касиетине жана ченемсиз оң же терс энергиясына болгон ишеним жатат.
Көзү тирүүсүндө каргышка кабагым-кашым дебеген Чынгыз хан эми арбак абалында жаны күйгөн кемпирдин кейпин кийип турат. "Дүйнө тоголок", "Мээнетиңе да, дөөлөтүңө да ишенбе" деген элдик философияда айныгыс чындык уюп жатканы мына ушундайча далилденет. Бул белгилүү иш. Кызык жери - бул кемпирдин каргышын А.Койчиевдин сөз болгон романына оодарсак, ал толугу менен кабыл болуп, ишке ашканын көрөбүз. Андагы Чынгыз хандын арбагы кемпир айткандай "көрүндө жата албай улуп", бийлиги узарган, бирок адамдык кедери кеткен балдарынын (урпактарынын) азабын тартып жүрөт. Советтик коом көп нерсеге, анын ичинде Чынгыз хандын заманынан бери курсагы тойбогондорду тойгузуп койгондугу жана далай айыпсыз адамдардын жанын алгандыгы үчүн "айыптуу" болгону менен, улуу деп саналган ушул адамдын урпактарынын моралдык-нравалык деградациясы эчен кылымдар мурда, социализмден дайын жок кезде эле ишке ашып, "болчусу болуп, боёсу канып калган" эле да. Анда эмне себеп? Бийлик, байлык талаштан тышкары бир кемпирдин эле эмес, миң-сандаган адамдардын каргышы ушуга жеткирдиби!? Романда мындай суроо коюлбайт, тескерисинче, байлык, мансап талаш болбосо, балким, баары сонун болот беле деген ой кылтыйып турат. Албетте, А.Койчиев кемпирдин каргышын билген да, уккан да эмес, ал интуитивдүү түрдө Чынгыз хандын империясынын жана тикелей өз тукумдарынын толук деградациясы бекер жерден болбогонун, анын тамыры алда канча терең экендигин жакшы түшүнөт, бирок анын себептерин ал башка тилкеден издеп, "төрөлөр" институтунун кыйрашына каргыш себеп болушу ыктымал деген нерсе оюна да келбейт. Ага совет бийлигинин тиешеси жоктугун да жазуучу жакшы билет. Каргыш бул жерде айтып бүткүс азап-тозокко кабылган эсепсиз адамдардын (элдердин) Чынгыз ханга каршылыгын, күрөшүн, наалат-жектөөсүн өзүнө сиңирген символго айланып кетери анык. Ошол каргыш-күрөш ичтен ирий баштаган Чынгыз хандын мураскорлорунун адамдык нарк-насили менен бирдикте эбегейсиз империянын жана жер жайнаган хан тукумунун акырындап кыйрашына алып келгени да шексиз. Бирок мындай "терс" көз караш А.Койчиевдин романында жок жана болушу да мүмкүн эмес. Анткени анын тарыхта бир далай далилдери турса да, Чынгыз ханга "жаман сөз" тийгизүү жазуучунун концепциясына төп келбейт.
А.Койчиевдин романында Чынгыз хандын өз тукумун каргап, анысы кабыл болгону тууралуу кыйытма ой бар. Тарыхта Бердибек хан менен ага чейин ыдырап бүтүп калган монгол империясы биротоло жок болуу жолуна түшкөндүгү тууралуу маалыматтар кенен эмеспи!? Автор муну алдынала хандын өзүнө айттырып отурат. Демек, мунун өзү каргышка ишенүү мотивин ар бир жазуучу өз максатына жараша колдонорун айгинелеп турат. Романда бир туугандарын өзгөчө таш боордук менен кырып, андан рахат алган өз урпагы Өзбек хандын жоругуна жаны ачыган Чынгыз хандын арбагынын абалы мындай: "Таарынды да каргады. Ала жатчудай каарданып, жаткыра чапчудай, төбөсүнөн урчудай каргады. "Тукумумдун куну ушул, тукумуң чыкпасын! Бердибегиң менен токтойсуң!"- деди Чынгыз хан (2, 93-б.). Тарых айтып тургандай хандын каргышы кабыл болуп, анын урпактары кумга сиңген суудай жок болсо, кемпирдин каргышы да талаага кетпей, хандын өзү да, урпактарынын бири да аны жандырууга жарабагандыгын А.Сарманбетов өз повестинде көркөм ынанымдуу далилдеп берет. Турмуштун өзүндө каргыш сөзсүз ишке ашат (аны убагында жандырбаса) деген ишенимдин генезисин иликтебей, аны көркөм аллегория менен көркөм шарттуулуктун адабиятта боло келчү каражаттары иретинде реализациялоо жолдоруна байкоо салганда деле эки автордун позициялары тогошкон жерлер бар. Бул жерде "болору болгон иштин", же натыйжанын себептерин көркөм иликтөөдөгү ыкмалар жана андан чыгарылган тыянактар маанилүү. Калганы албетте, эки автордун көркөмдөлгөн, шөкөттөлгөн кыял чабыттарынын туундусу болсо да, ошол эле мотивдердин көркөм ынанымдуулук деңгээлдери ар түркүн жана ар бири өзүнчөлүккө ээ болуп турат.
А.Сарманбетовдун повестинде Чынгыз хан ичээр суусу, көрөөр күнү түгөнүп калганына көзү жеткенде гана баягы кемпирдин каргышы эсине түшүп, аны жандыра албай калганына катуу өкүнөт. Аныгында кемпирдин каргышы эсеп-чоту жок миңдеген адамдардын наалатын камтып турары бышык болсо, аларды хандын кеңешчиси Элю-Чу-Цай же татар катындар кантип жандырары айтылбайт. Аны эч ким, хан да, кеңешчи да билбейт. Автор да билбейт. Бирок ошол каргыш укумдан тукумга өтүп, кесепеттүү, кетпес кеселге айланары окуялардын андан аркы өнүгүшүндө белгилүү болот. Жазуучу мындай тарыхый баянды орто кылымдардагы атактуу тарыхчы Джувейниге жүктөп, өзү байкоочу катары четте турат. Анда А.Койчиевдин романындай көп катмарлуулук, майда-барат көрүнүштөрдүн каймана маанисине басым жасоо, окуялар менен каармандардын ырааттуу алмашып, кайра биригүүлөрү, мезгилдик жана мейкиндик алкактарын өзгөрткөн ретроспективдүү нарративдер жок. А.Сарманбетов адегенде Чынгызхандын акыркы күндөрүндөгү өкүт-арманына назар салып, анын улуу баласы Жоочунун тагдырын кыскача баян этет да, чоң атасынан бери кубалаган каргыш небереси Батый менен чөбөрөсү Сартакты да айланып өтпөгөндүгүн кыска-кыска баян кылат. Тарыхый маалыматтарга жана жазуучунун орошон кыял чабытына негизделген бул баяндардын ички байланышы бекем. Батыйдын хорват кызына болгон армандуу сүйүүсү, анын уулу Сартактын да орус кызына ашыктыгы жана акыры аталаш тууганы Беркенин колунан ууланып каза болушу тууралуу баяндар таасын сүрөттөөлөргө, терең ой-толгоолорго, ички чыңалууларга толтурулуп, бир убакта дүйнөнү дүңгүрөткөн адамдар деле бу ааламда алсыз жана армандуу пенде экендигине басым жасалат. Эсепсиз байлык менен чексиз бийлик адам бактысынын кепилдиги боло албастыгын, ким болбосун ыйман-ынсаптан ажыраса, анын жазасы (каргыш) табылаарын жазуучу аталган каармандардын кейиштүү, армандуу тагдырларынын мисалында ачып берет. "Жараткан баарын таразалап, бакытка кайгыны, күлкүгө ыйды, бийликке кулдукту, баатырлыкка коркоктукту, күч-кубатка алсыздыкты, өмүргө өлүмдү.., махабатка арманды жуптап, теңдеп койгон турбайбы. Эч бир пенде канчалык ашынып кеткен акылман, не бир ченемден чыккан мыкчыгер болбосун ал, улуу теңдик мыйзамын аттап, эзели буза албайт" (3, 111-б.). Чыгармадагы мына ушундай философиялык тыянактын чыгышына элдик түшүнүк боюнча адам тагдырын өзгөртүүчү энергиясы бар каргыш таяныч болуп берет. Демек, каргышка калбай өмүр сүрүүнүн өзү - хан болобу, ашпозчу же катардагы жоокер болобу, адамдын нукура адамдыгын, ыйманын айгине кылган маанилүү социалдык-рухий категория болуп эсептелет. (Ушул жерде А.Сарманбетовдун повести боюнча көңүл бура кетчү бир жагдайды белгилей кетели: анын "Жети кылымдан соң..." аттуу эпилог сымал корутунду бөлүмү буга чейинки тарыхый баяндардын ыргагына коошпой, салмактуу жана объективдүү баян публицистикага алмаштырылат. Атактуу бир адамдын (?) элге тарап кеткен эки Чынгыз (Чынгыз хан жана Чыңгыз Айтматов) тууралуу сөзүнө кенен-чонон комментарий берүүнүн бул жерде эч зарылдыгы жок болуп, бүгүнкү күндөгү иштерди кокусунан эле чыгарманын негизги обьектиси болгон өткөн доорго чаптай салуу ылайыксыз болуп калган сыяктанат. Анын үстүнө буга чейинки баяндар Джувейни тарабынан жүргүзүлүп келсе, эми ага автор өзү кийлигишип, Ч.Айтматов тарыхчынын замандашы эместигин эсинен чыгарып салат).
Таланттуу эки калемгердин бир эле маселеге көз караштарында ошентип, көркөм-тарыхый материалдын жакындыгы менен шартталган жалпы үндөштүктөр менен катар өзгөчөлүктөр да жетиштүү жана автордук концепцияны жүзөгө ашыруунун жолдору менен каражаттары айырмалуу, атүгүл карама-каршы десек да болот. А.Койчиев Чынгыз хандын терс иштерин эске салуудан сактанып турса, А.Сарманбетов анын дүйнөгө апкелген "жамандыктарын" көңүл борборунда кармап, жөн жерден каргышка калбаганын унутпайт. А.Сарманбетов баяндоону чачыратпай тыкан кармап, айтайын деген оюнан алыстап кетпесе, А.Койчиев өтө кылдат жана иргеп сүрөттөөгө, айрым тексттерди, сөз айкаштарын жана бүтүндөй сүйлөмдөрдү тынымсыз кайталоолор аркылуу өз оюн окурмандын көңүлүнө кыттай куюу аракетин көрөт. Бирок алар ашыкча колдонулуп, тавтологиялык мүнөз алганын сезбей калган учурлар кездешет. Дегинкиси, бул көрүнүш көркөм стилдин шаблондуулукка ооп баратышынан кабар бериши да ыктымал. Ч.Айтматов "Кылым карытар бир күн" романында мазмундук жактан чулу таштай, кайталанган сайын жаңыча жалпылама-символдук функция көтөргөн өтө чакан, бир нече сүйлөмдөн турган тексттин үлгүсүн калтырып кеткенин да эстей жүрүү зарыл окшойт. Ошол эле романга кошумча иретинде жазылган "Чынгызхандын ак булуту" повести менен Ч.Айтматов ушул темага мурда кездеше бербеген көркөм-эстетикалык призмадан назар салып, чексиз бийликке ээ болгон адамдын жашоо-тирлигиндеги трагизмдин тереңдигин ачып берген.
А.Койчиев менен А.Сарманбетовдун чыгармаларынан алда канча мурда жазылып, жазуучунун өздүк баа-ченемине байланыштуу "Кылым карытар бир күн" романына киргизилбей калган "Чынгызхандын ак булуту" повести 1990-жылы "Знамя" журналына (№ 8) жарыяланган болчу. Ал өзүнчө чыгармадай көрүнгөнү менен бүткүл турпаты менен романдын көркөм-идеялык структурасына шайкеш келип, анын философиясын тереңдетип, борбордук каармандардын бири, кейиштүү тагдырга тушуккан Абуталип Куттыбаевдин образы аркылуу Чынгызхандын доорунан ашып түшпөсө, кем турбаган каар замандын саясый, моралдык-нравалык портретин, рухун ачып берет. Ошол эле учурда повесть так ушул мезгилдик-мейкиндиктин бири-биринен оголе алыс турган эки алкагына карата автордун позициясын биротоло жыйынтыктап турат. Чыгарма "Кылым карытар бир күн" романында баягы эле сүйлөмдөр болсо да, баяндоонун ыргагына кайра жаңы дем кошкон, кийинки окуялардын мүнөзүнө улам жаңы боёк сүрткөн "атактуу" саптар менен башталып, "Бул чөлкөмдө поёзддер батыштан чыгышка, чыгыштан батышка байма-бай каттап турат. Темир жолдун эки тарап кыйырында ээн талаа, эрме чөл Сары-Өзөк жатат. Гринвич меридианы..." - деп дагы бир аз уланган тексттин биринчи сүйлөмү гана калтырылат.
Манкурт тууралуу баян менен бирге "Сары-Өзөктөгү өлүм" деп аталган бул легенданы Абуталип Куттыбаев жазып алган болуп, ал саткын жана шпион катары камалганда анын өзүнө каршы, совет коомуна душмандыктын, бузукулуктун далилдеринин бири болуп берет. Анын ишин бийликти кудайындай көргөн, ага "каруусун казык, башын токмок кылып, кызмат өтөөгө даяр" КГБнын тергөөчүсү Таңсыкбаев алып барат. А.Койчиевдин романында образы ар тараптуу жана терең ачылган каармандардын бири, Чынгыз хандын урпагы, КГБнын капитаны Хамид Хайруллаев менен Ч.Айтматовдун аты аталбаган Таңсыкбаеви бийликке өл-тал кызмат өтөп, мансапка жетүүдө эч нерседен кайра тартпаган сапаты жагынан "бир туугандар" десек жарашат. Адамдык ыйман-ынсаптан куржалак калган бул каармандар үчүн мансап, карьера өмүрдүн маңыз-максатын түзөт. "Чынгызхандын ак булутунда" лейтенант Таңсыкбаевдин "Кылым карытар бир күндө" анча назар салынбаган дагы бир сапаты - анын ченемсиз мерездиги, таш боордугу толук ачылат. Ал эми А.Койчиевдин романынын кош кабат мезгилдик-мейкиндик чен-өлчөмү Ч.Айтматовдун повестине толук дал келсе да, аларды көркөм-аңдап билүүнүн өңүттөрү ар башка, автордук позиция карама-каршы экендиги талашсыз. Ч.Айтматовдун түшүнүгүндө Чынгызхан - дүйнөгө жакшылыктан жамандыкты ашкере көп алып келген адам. "Дүйнөнү дүңгүрөтүп өрттөй каптап өтүш үчүн, улам бир элди, улам бир тайпаны чаап, чапкан сайын дагы араакта эмне бар деп жутунуп, жерден жер койбой, өлкөдөн өлкө койбой ат туягына тепсетип, жердин бир четинен экинчи четине чейинки, чыгышта жаткан мухиттен батышта жаткан мухитке чейинки жолдо не жолукса ошонун баарынын таш талканын чыгарып, тыйпыл тоноп жүрүп отуруп".., так мына ушулардан рахат алган, "так ошо жер үстүн бүт жалгыз бийлөөгө жанталаша жулунуудан, жан бүткөндүн баары кылычымдын алдында жапырылып турсун турсун деген жөн адамдын башына келгис көксөөдөн каардуу кагандын насилин, жырткычтыгын, тарых маңдайына жазган чийимин, өткөргөн өмүрүнүн маани-маңызын көрсөңүз, баамдасаңыз болор" (4, 408-б.). Бул - Чынгыз Айтматовдун Чынгызхан тууралуу бекем ишеними, өздүк көз карашы, баа-ченеми жана окурманга айткан санаты. Улуу жазуучунун 1930, 1940-жылдардын аягы, 1950-жылдардын башында совет бийлигинин өз элине жасаган жырткыч мамилеси-репрессиялары тууралуу позициясы да ушуга жакын. Ошол антигумандуу мезгил Таңсыкбаевдин образы аркылуу көркөм реализациядан өткөрүлүп, ал "кичинекей Чынгызхан" түспөлүнө келтирген. Колуна бийлик тийсе, Таңсыкбаев Чынгызхандан ашып түшпөсө, асты кем калбайт эле. Мында ар замандын өз Чынгыз ханы боло келген, алар азыр да бар, шарт-ыңгайы келсе, алар азыр да баш көтөрүүгө даяр деген ой жатат.
Ч.Айтматовдун көңүл борборунда ошентип, тереңдетилип, адамды ичирткендей даражага жеткирилген Таңсыкбаевдин жана анын, аны менен бирге бүтүндөй ыймансыз коомдук системанын бейкүнөө курмандыгы болгон Абуталип Куттыбаевдин азаптуу тагдыры турат да, алар эки жээктеги адилдик менен карөзгөйлүктүн, жакшылык менен жамандыктын символдору сындуу сыпатталат. Бирок бул эки образга астыртадан бирдей таасир берип, алардын биринин түпсүз ыймансыздыгын, жексурдугун, экинчисинин нагыз адамдык нарктуулугун, ажардуулугун ого бетер ачып берген, экөөнү тең чиркештирип, бул көйгөйү толтура турмушта экөөнүн тиреши бүтпөй тургандыгын айгинелеген Чынгызхандын жагымсыз образы бар. Жазуучу анын өмүр жолун, тагдырын, жасаган жакшы-жаман иштерин тизмелеп отурбайт. Жогорто келтирилгендей ага жалпы, бирок ташка тамга баскандай таасын мүнөздөмө берет да, дүйнөнү күч гана башкара турганына көзү жетип, "төбөгө көмкөрүлгөн Көкө теңирге гана бийлиги жетпестигин" түшүнүп, дүйнөнү башкарууга андан татыктуу адам жок болгондуктан, ошол Көкө теңир аны колдой берерине биротоло ишенип алган, ошондон улам "кимдер каргабасын, ага кылы кыйшайбаган", бу көр дүйнөдө көрбөгонү калбаган Чынгызхандын өмүрүндөгү бир гана окуя - казактын келберсиген жана катаал Сары-Өзөк талаасындагы бири-бирин чексиз сүйүшкөн эки жандын өлүмү, анын эбеп-себептери баяндалат.
Абуталип Куттыбаевдин өз мекениндеги турмуш жолу да так ушул жерден башталып, ушул жерден соңуна чыгарын эске алсак, Сары-Өзөк жеке тагдырлар аркылуу жалпы адамзаттык маанидеги көйгөйлөр кайнаган жер борбору болуп чыгат. Бул баяндардын экөө тең жайбаракат жана бир калыпта айтылганы менен башынан эле кандайдыр бир муң-армандын, мүшкүлдүн илеби согуп турат. Бирок Чынгызхандын турмуш жолундагы миңдеген өөдө-төмөн иштердин бири катары анын суу алдындагы таштай муздак, мерез сезимин козгой албаган бул окуя кеңири форматка салынат да, жазуучу бардык чыгармаларындай эле мында да чеберчиликтин кайталангыс үлгүсүн көз алдыбызга тартат. Андагы портреттик сыпаттоолор, каармандардын сырткы кыймыл-аракеттери менен адам даргөйүндөгү процесстер, жандуу-жансыз дүйнө көрүнүштөрү - баары ич ара биримдикте, шайкеш сүрөттөлүп, учкул жана таасын ой-жүгүртүүлөргө сугарылат. Артыкбаш эч нерсе жок.
Сыртынан караганда повесть мистикалык башталышка же фэнтезиге (жандуу ак булут) негизделген. "Бул дүйнөнү ким бийлейт? Мен бийлеймин!" деген Чынгызхан Батышты багынтмак болуп жер майышкан кол менен аттанат. Көңүлү чалкып, "Мен жетпес жер калабы? Калбайт, калбайт... Качып бирөө кутулабы? Кутула албайт..." деп манчыркап, өзүн Теңирдин жердеги өкүлү сезген Чынгызханга ишинин тууралыгын, туура жол менен ушинтип кете берсе, көөдөнү көксөгөн максатына жетерин ишарат кылган белги келет. Ал - тээ ободо ханды кайда барса ээрчип, күн ысыгынан калкалап келаткан, бирок хандын өзүнөн башка бир да жанга көрүнбөгөн, Теңирдин көзү сыяктуу ак булут. Буга чейин бир тууганы Бектерди, канчалаган досторун, туугандарын өлтүрүү, коңшу урууларды кылычтап багынтуу, бир далай зыян кылып, Бөртөнү алып кетишкен меркиттердин бирин калтырбай кырып салуу сыяктуу ойго келбес мыкаачылыктарына көз жумуп, анын дүйнөгө жакшылык алып келерине дагы эле ишенич артып, ушундай болорун эки жыл мурда бир дербиш-төлгөчүдөн айттырган Теңир ага болгон ыкласы өчө электигин ушул ак булутка ороп, бата берип жатканын хан эң сонун түшүнөт. Бирок ак булутту жоготпой, сактап калышты билбейт. Тагыраак айтканда, дилинин түпкүрүндө аны деле билет, сезет, себеби жазуучунун баамында "Чыңгызхан иштин көзүн билген, акыл тегеретип, анан кийин гана кадамын аяр таштаган, эртеңкини бүгүн билип олтурган көсөм адам эле" да (4, 409). Анда эмне себеп? Себеп эле ушунда - хандын көксөгөн максатына Теңир тарабынан коюлган шарт туура келе бербейт, аны көздүн карегиндей сактап, аткарууга өзүн ошол эле Теңирдин эрке баласындай сезген хандын өзүмчүл жана адеп-ахлактан таптакыр куржалак калган жан-дүйнөсү, дүйнөнү башкаруу ой-максаты, эгоизмге толук чулганган аң-сезими тоскоол болот. Теңир болсо аны дагы бир ирет сыноодон өткөргөнү турат. Ошентип, ал сынак жоокердик жүрүштүн он жетинчи күнүнө туура келет (муну автор бир нече жолу кайталайт. Эмне үчүн он жетинчи күн деген суроо жаралары да бышык - К.А.). Болгондо да ушул жерден, кышкысын аяздуу, жайкысын катаал "Сары-Өзөк талаадан тезирээк өтүп, Эдил дайрага жетсем экен" деген тилеги таш каап, Батышка жортуулду кол башчыларына табыштап, Чынгызхан артка кайтат. Себеп: ал аздектеген, көөдөнүндө үмүт отун алоолонткон ак булут жок болуп кетти. Ушуну менен анын өмүрүнө күүгүм киргендей, Теңир андан жүз бургандай болот. Анткени ал Теңирдин талабын, же дегеле адам жашоосундагы адамды адам кылган нуска-талаптарды аткарууга жарабады. Буга "анын эч кандай жашык сезимге алдырбаган акылы.., кан кечип жүрүп муздай тоңуп, катып бүткөн жан дүйнөсү" жол бербеди (4, 415-416). Андан да маанилүүсү, хандын пенде аттуудан өзүн жогору коюп, каалаган эреже-талаптарын бүткүл эл-журтка таңуулап койгондугунда жатат. Анын бири, жүрүш маалында, же өзү көксөгөн жеңишке жеткенче кошуунда келаткан аялдардын төрөтүнө салынган тыюу, же "буга чейин кулак укпаган, көз көрбөгөн буйрук" болчу. Бирок жашоо-өмүрдүн танапис-дем алышы болбойт экен, жүзбашы Эрдене менен каган туусунун саймачысы Догулаңдын ээ-жаа бербеген ысык сүйүүсүнөн айыпсыз наристе жарык дүйнөгө келди да, алар колго түшүп, каган көз ирмебей аларды өлүмгө кыйды. Жазуучунун баам-ченеминде ал "мына ушунусу менен табигаттын заңына да, Кудайыңа да түкүргөн. Кудайга түкүргөнү - Кудайды да өз максатына баш ийдиргиси келген, себеби дегенде, адамдан адам жаралуу Кудайдан болчу иш эмеспи" (4, 411). Ушундан улам жаны күйгөн Догулаң: "Жараткандан качсаң кутуласың, асты кагандан качып кутула албайсың", - деп эртеңкисине көзү жетпей, хандын жанда жок кекчилдигин, таш боордугун эске алып, болчу трагедияны алдынала сезип-туйганы да реалдуу (4, 432). Ушуну менен Теңир Чынгызхандан жүз буруп, анын көңүлүн кушубак кылып, шыктандырган ак булут жок болуп кетти. Аны күлгүн курактагы эки жаштын өлүмү сындуу "арзыбаган нерсе" эмес, ак булуттун жок болуп кетиши катуу бүлүккө салды. Акыры ал "Теңир ага мурдагыдай ыклас көргөзбөсүн түшүндү да, ат башын буруп, артка тартты" (4, 465). Ошентип, башында ак батаны символдоштурган ак булут эми жарык дүйнөгө жаңы келип ата-энесинен ажыраган наристе менен ач талаада калган Алтунга калканчы болуп, аларга ооп кетти (Догуландын күң-жардамчысы). Демек, Теңирге да, табияттын өзүнө да жаккан иш жерде калбайт экен, алардын келечеги бүтөлбөйт экен. Теңир артыкчылык берип, мойнуна улуу жана таза иштерди жүктөгөн Чынгызхан болсо ал ишеничти актай албады. Бул сюжеттин накта лейтмотиви мына ушунда турат.
Ч.Айтматовдун повестин көлөмү кичинелигине карабай, "сакадай бою сары алтын" чыгарма десек жарашат. Жазуучунун мындай өзгөчөлүгү тууралуу залкар адабиятчы Кеңешбек Асаналиевдин илгери эле (1967-ж.) мындай деп жазганы бар: "Ч.Айтматовдун чыгармаларынын көлөмү чакан болушу жазуучунун фантазиясынын жардылыгынан же ой жорутуусунун чукулдугунан эмес, баарыдан мурда кыйла турмуштук кырдаалдардын арасынан "сыгып" эң негиздүүлөрүн таба билгендигине, жеңил-желпи нерселердин арасынан салмактуусун, ирдүүсүн тандай алгандыгына байланыштуу" (5, 84-б.). Бул, албетте, калемгердин таланты менен чеберчилигине, талыкпай издене билүүсүнө байланыштуу нерсе. А.Койчиевдин романы менен А.Сарманбетовдун повести деле ошол жанрлардын талаптарынан алганда ыксыз чоң эмес, ошого жараша тажатма да эмес. Экөө тең кызыгуу менен, бир дем менен окула турган чыгармалардан. Демек, бул эки жазуучу да К.Асаналиев айткандай сүрөттөлө турган турмуштук материалдардын эң керектүү, эң маанилүүлөрүн ылгап алып, аларды өздүк түшүнүгүнө ылайык орундуу жайгаштырып, кылдат жана чебер баяндап беришкен. Арийне, бул маселенин бир гана, бирок өтө маанилүү жагы болсо да, баарын чечип, ийгиликти биротоло камсыздап салбайт. Башта айтылгандай, чыгарманы нукура көркөм-эстетикалык нарктуулукка айландыра турган нерсе - анын мазмуну, айтыла турган ойлордун, образдардын тереңдиги жана бардык учурлар үчүн актуалдуулугу, же көөнөрбөстүгү. Камгактай учкан утурумдук ой-санаа менен сөлөкөт абалындагы образдар тез оңгон боёк сыяктуу, алар окурмандын ой-сезимин бир саам дүрт эттирип, ошону менен жок болот, из калбайт. Тилекке жараша, А.Койчиев менен А.Сарманбетовдун роман-повесттери андай чыгармалардын катарына кирбейт. Аларда адам турмушун качан, кайда болбосун коштой келген, адам аттууну ар дайым түйшөлтө келген ой-сезимдер, ой-толгоолор бар. Алардын мыкты жагы ушунда. Бирок бир эле турмуштук көркөм-адабий материалдын негизинде ошол түбөлүктүү проблемалар тууралуу авторлордун көз караштары, окурманга жеткирейин деген ой-санаасы ар башка, атүгүл карама-каршы экендигин сөз болгон үч чыгарма кадиксиз далилдейт десек болот. А эмне үчүн мындай эмес, андай деп авторлорго доомат коюу ылайыксыз болсо да, алардын күнгөй-тескейин өз баамыбыз менен айкындап коюу ашыкча болбойт.
Дагы айта кете турган нерсе - сөз болгон чыгармалардын үчөөндө тең илгерки жана азыркы кыргыз турмушуна байланышкан эч нерсе жок (окуялар, каармандар, көрүнүштөр ж.б.). Мунун деле өз себеби бар. Кыргыздар менен монголдор далай заман короолош жашаганы тарыхта белгилүү болсо да, аталган жазуучулар чыгармаларында койгон максатына, аркалаган өздүк концепциясына байланыштуу аларга "кыргыз темасын" күчтөп киргизүүнү ылайык көрүшкөн эмес. Бул деле туура. Балким, келечекте так ушул өңүттө чыгармалар жазылып калаар...Андай чыгармалар кандай жазылат - кеп ушунда.
Ал эми сөз болгон чыгармаларда чыныгы тарых канчалык реалдуу чечмеленген деген проблема анчейин актуалдуу эмес. Себеби Чынгызхандын таптак документтештирилген өмүр баяны жок жана ал болгон күндө да, көркөм сөз ээлери негиздүү учурларда аны кармоого умутулушканы менен кыял чабытына кенен жол бере беришет. Мына ушундан улам Ч.Айтматов, А.Сарманбетов, А.Койчиев жана мындан кийин сөз боло турган чыгаан жазуучу С.Раев да өз чыгармаларына "тарыхый" деген жанрдык аныктама колдонушпай эле айрым тарыхый маалыматтарды, ага байланышы бар сындуу аңыз кептерди таяныч тутуу менен социалдык-турмуштук, социалдык-философиялык роман, повесть жаратышкан. Ошентсе да чыгармаларга дүйнөгө даңазасы чыккан адамдын баш каарман иретинде алынышынын өзү баары бир ага байланыштуу окуялардын нукура чындыгы канчалык деген суроону жаратпай койбойт. Карапайым окурман деле өзүнө "чын эле ушундай болгонбу" деген түкшүмөл суроону коёру анык. Аталган авторлор, ошентип тарыхка канчалык эркин мамиле кылышса да, Чынгызхандын чыныгы тарыхын аттап кете алышпай, өз максаттарына жараша анын айрым учурларына назар салышкан.
Ал эми Чынгызхандын тарыхы татаал, аны төрөлгөнүнөн тарта көзү өткөнүнө чейинки, анын уулдары, небере-кибирелерине дейре болгондугу анык делген нерселер (окуялар, адамдар ж.б.) менен бирге божомолдоолор, ал турсун айрымдар тарабынан ойдон чыгарылган, бурмаланган учурлар, кыскасы миф-жомоктор да жетишерлик экендиги маалым. Ошентсе да, Темүчүндүн бала кезинде көргөн азап-тозоктору анын темирдей бекем, кайраттуу, чечкиндүү, айрыкча чыдамкай мүнөзүн, ар нерсени жети өлчөп, бир кескен тунук акылын калыпка салгандыгы, бийликтин эч нерсе алмаштыргыс күч-кубатын билип, аны өмүрлүк максат-мүдөөсүнө айландырганы тууралуу пикирлер текши кабыл алынган. Анын баскан жолу жеңил болгон жок. Тегерек-четтеги алыскы жана жакынкы уруулардын башын бириктирүү аракети менен бирөөлөрүн алдап-соолап, өзүнө тартып, ага болбогондорун аеосуз жазалап, алы жеткендерин кырып, кытмырлык менен кээде берешен, жоомарт, калыстыгын да көрсөтө коюп, бирок кадамдап да, арыштап да өмүрүнүн күч-кубаттуу кезин бийлик-байлыкка жетүүгө сарп кылды. Ал үчүн жакшы-жаманы аралаш эч нерседен кайра тартпады, бир тууганы Бектерди атаандаш болот деп өспүрүм кезинде эле өлтүрдү, кийин кан досу Жамуханы баш кылып, бакшы Кокочуну төш кылып, далай жакындарын жазалап, өлүмгө кыйды. Аскердик иште, далай жоо чабыштарда ченемсиз таланттуулугун, айлакерлигин жана эр жүрөктүүлүгүн, бардык иштерде уюштургучтугун жана көрөгөчтүгүн көрсөтүп, жакынкы жана алыскы элдерди кыңк эттирбей баш ийдирүүгө жетишти. Бара-бара бийлик ышкысы аны биротоло өзүнө тартып кетти, жеңиш артынан жеңиш болгон сайын арааны ачылып, жалгыз өзүн Теңирдин эркеси сезип калды. Булардын баары анын турмуш жолундагы жалпыга маалым, анчейин талаш жаратпаган нерселер.
Орто Азияга басып кирип, Хорезм шахты талкалап, күлүн көккө сапыргандан кийин Чынгызхан Батышты карай жортуулга Субудай мене Жебени, ага чейин Кытай династияларына Мухалини, туш тарапка башка баатырларын жөнөттү. Алар оңбогондой жеңиштерди аркалап, атагы Чынгызханга калды. "Жоону чапты чоролор - аты калды Манаска" дегендей эле кеп болду.Чынгызхандын Батышка эмне үчүн өзү барбай калганы тууралуу изилдөөлөрдө так жооп жок. Өмүрү ат жалында өткөн хан ал учурда карып деле кете элек болчу. Түркүн божомолдор болсо көп. Анын бир себебин, кылган мерез иштери менен Теңирдин каргышына калып, артка кайтышка аргасыз болгонун Ч.Айтматов кеп болгон повестинде көркөм ынанымдуу баяндап берсе, А.Сарманбетов да башка каражаттар менен атагы таш жарган бийлик династиясынын кыйрашына себеп болгон жагдайларды анын небере-кибирелеринин мисалында чагылдырганын айттык. Ал эми Чынгызханды өмүрүнүн акыркы күндөрү, баскан-турганы кадимкидей тың кезинде капыстан көз жумушу тууралуу бир канча божомол-баяндар бар. Алардын баары "кырсык кабак-каштын ортосунда" дегенге туура келет. Алардын биринде хан тээ илгери ал кездеги душман элдин өкүлү Жебенин аткан огунан (жебесинен) алган жарааты кайра козголуп, ырбап кетип көз жумса, экинчисинде аң уулап жүрүп үрккөн атынан кулап түшүп, жаракат алып, ошондон оңоло албай калат. Чын-төгүнү белгисиз дагы бир уламыш боюнча Чынгызхан колго түшкөн, эли-жери тыптыйпыл кылынган сулуу кыздын койнунда жатып, алган жыныстык жаратынан каза болот. Кыз аны каргап, ушундайча өч алат. Булардын баары Чынгызхан тууралуу илимий-тарыхый изилдөөлөрдө жана көркөм чыгармаларда орун алган. Өлбөстүн дарысын издетүүгө байланыштуу окуялар, көрөгөч дербиштер, бакшылар, олуя чалыш дарыгерлер, хандын акыркы керээзи, сөөгүнүн коюлушу жөнүндөгү баяндар да бири-бирине үндөш.
Булардын баары бара-бара ар түрдүүчө трактовкаланып, ар башка идеялардын, ой жорумдардын жаралышына алып келгендигинде да өзүнчө мыйзамченем бар. Көркөм адабиятта алар ого бетер коюуланып, далай кыялый жасалгадан өтүп, алымча-кошумчаларга тушугуп, даңазалуу бир адам тагдырындагы көп түстүү окуялар жана адамдык мамилелер жалпы адамзаттык маанидеги проблемаларды козгоп, ар кандай тыянактар чыгаруу аракеттерине себеп болуп берген. Ал эми ошол чыгармалардын баарынын көркөм-эстеткалык деңгээли, албетте бирдей эмес.
* * *
Чынгызхандын өмүрүнүн баштапкы жана соңку тилкесине кайрылуу менен тамыры терең, мааниси орошон, даңазалуу болобу, карапайым болобу, дегеле адам аттуунун баарына тиешелүү - "канткенде адам уулу адам болот, канткенде адам уулу адам боюнча калат" деген түйүнү чечилбес көйгөйлөрдүн түбөлүктүүсүн кайра бир ирет, кайра башка призмадан караштырган чыгарманы азыркы кыргыз жазуучуларынын атактуусу Султан Раев жазды. Жазганда да өзүнө чейинки кыргыз романдарынын салтынан же бир убакта К.Асаналиев айткан "айлампадан" чыккан, анын бир катар парадигмаларын өзгөрткөн, адамдын адамдыгы, аны адам кылган эң негизги сапаты - ыйманы тууралуу арман-муңга, кайгы-касиретке, түпсүз ой-санаага толтурулган, кыргыз адабияты үчүн ырасында эле жаңыча, накта философиялык, Батыш адабиятында "аң-сезим" агымы делип, бир канчалаган агым-түрлөргө ажырап кеткен модернисттик нуктагы роман жазды. Бул өңүттөгү чыгармалардын мыкты делген үлгүлөрү менен тааныш адам (Ф.Достоёвскийден тарта, Т.Манн, У.Фолкнер, Г.Г.Маркесте да кездешкен жана Дж.Джойс, М.Пруст, О.Хаксли, В.Вульф, А.Камю, Ф.Кафка, В.Набоков, К.Оэ, Х.Кортасар, Л.Андреев ж.б.) С.Раевдин романдары алардан мөөрөй талашкан деңгээлде жазылганын байкабай койбойт. Мындай чыгармалардагы негизги нерсе - ой-туюм, адамдын реалдуу жана ирреалдуу аң-сезиминде боло келген, боло берчү, бир саам да үзүлбөгөн, көмүскө, туюк жактары да арбын процесстер. Ал процесс токтобойт, токтосо, адамдын деминин токтогону да ошол. Бирок анын пайдубалында адамдын өзүнүн нукура турмушу, боло келген, болуп жаткан жана боло берчү жашоо-өмүр чындыгы жатат. Аң-сезим, анын түпкүрүнө катылып, бирде билинбей сызылган, бирде күргүштөп сыртка чыккан же чыга бербесе да жанды жай алдырбаган аң-сезимдин, ой-санаанын кыймылы, психикалык агымдын динамикалуулугу, атүгүл алардын ички карама-каршылыгы мындай чыгармалардын архитектоникасын түзөт. Ойлор, сезимдер бири-бирине чиркешип, түрмөктөлүп, бирде үзүлүп, кайра бири-бирине оролуп, жуурулушуп, бири-бирин кубалап, бири экинчисин, анан үчүнчүсүн таап чыгып, тээ түпкүрдөн чыккан булактай бирде оргуштап, бирде жылжып, кайра агыны катуу суудай шаркырап, чачырап да, анан кайра мелмилдеп, жоошуп да ага берет. "Ой чубактап, ой чыргап, ой чулгап" дегендей сезим-туюмдар тынымсыз агымы, анын тарамдалган, чубалжыган агым-толкундары мындай чыгармаларда кадыресе көрүнүш болуп саналат. Ал көп кырдуу, миң сырдуу, бирде тайыз, бирде терең, бирде ачык-айкын, бирде күңүрт. Ал чексиз жана учкул, кол жетпеген жерге ачып-көздү жумганча жетет, көз ирмемде алмашат, көз ирмемде ааламды кыдырып, сансыз картиналарды бирпаста сыдыргыдан өткөрүп салат.
Ой-сезим оодарылат, оошот, оң-терс, жагымдуу-жагымсыз, салмактуу-жеңил, капалуу-кубанычтуу деген түркүн түспөлгө, алардын аралашмасына өтөт. Аң-сезим, ой-толгоо , туюм-абал өтө кыймылдуу болуп, өз турпатында эле карама-каршылыктарды жаратат, бири бирин, азыркысы мурункусун, мурункусун кийинкиси жокко чыгарат же жаңы бир жактарын ачыктайт. Реалдуулук менен жанаша, удаалаш жүргөн аң-сезимдин өзүндөгү карама-каршылык жана пессимизм, иллюзордуулук жана алогизм, иррационализм жана парадоксалдуулук , хаос жана абсурд да анда жыш кездешет. Кыскасы, аң-сезим агымынын канат-кулачы кенен, дарамети күчтүү. Көркөм чыгармадагы ушуга ылайык структурага ээ болгон сөздөр курамы же текст да агылып отуруп баам-ченемдердин, элестөөлөрдүн агымы болуп чыгат, алар барып-келип образдар тизмегине, идеялар түрмөгүнө айланып кетет. Ой-сезимде да, сөз агымында да тыным, пауза жок. Антсе структура бузулат. Айрым бир психологиялык жагдай-шарт жана турмуштук көрүнүш акырына чыгарылмайын тыным кылууга болбойт. Ошондуктан мындай чыгармалардын көпчүлүгүндө ой-сезим толкундарын чагылдырган ондогон сүйлөмдөр макро жана микротекст катары бириге келип, таңгаларлык бир бүтүндүктү, ажыратууга болбогондой (формалдуу ажыратса болот) чулу стилдик форманы түзүп калат. Мунун баары ушул типтеги чыгармаларга жалпы таандык белгилер болгону менен, алар бир чыгармада үйүлүп, чакчелекей орун алып, баары бир типтүү жазылат дегендикке жатпайт. Анын мыкты үлгүлөрүндө аң-сезим менен ой жорумдардагы жогоркудай көрүнүш-кыймылдардын орду жана чен-өлчөмү ар түркүн болуп, ырааттуулугу, бири-бирин шарттоочулук жагдайы, ички жана табыгий байланыштары сакталып, аң-сезим абалынын кайсы бир өңүтүнө басым жасалат, дагы тагыраак айтканда, баары бир реалдуулук басымдуулук кылат. Булардын баары жазуучудан тишелүү материалды иликтеп, ылгап, жайгаштырууда, көркөм текст менен иштөөдө оңбогондой мээнетти, чыдамдуулукту, аларды өз башынан өткөргөндөй формада берүү үчүн чаалыкпай изденүүнү, зергердей чеберчиликти талап кылат. С.Раевдин романы мына ушундай жаңыча көркөм-стилдик жана эстетикалык-философиялык принципте жазылган. Кыргыз адабиятында үзүл-кесил элемент-белгилери кездеше келсе да (К.Жусубалиевдин романы жана С.Раевдин өзүнүн алгачкы чыгармалары), көркөм дүйнөтааным менен көркөм текстти ушундай жаңы нукка толук салган, аны чебер устадай өздөштүргөн жазуучу болгон эмес. Дүйнөлүк адабий процесстин тутумунда келе жаткан кыргыз адабиятында мындай чыгармалар бир күнү болбосо, бир күнү жаралыш керек эле, калемегерлердин караламан тобунан акырындап ушундай жазуучулар чыгыш керек эле. Бул күтүлгөн нерсе болчу. А эми анын так ушул күндөрдө жаралышы күтүүсүз болду окшойт. Жазуучу өзү "дүйнөнү күтүүсүз ой гана өзгөртө алат" дегендей анын романдары кыргыз адабиятынын көркөм-эстетикалык нарк-насилин, жанрдык-стилдик өң-келбетин кадыресе өзгөртүүгө дуушар кылганын моюнга алып, мындан ары С.Раевди, анын соңку улуттук прозага кошкон салымын, жаңылыгын эске албай туруп азыркы кыргыз романдарынын типологиясы тууралуу кеп кылуу мүмкүн болбой калды дегенибиз жөндүү.
Роман "Жанжаза" деп аталып, алгачкы бөлүктөрү 2013-жылы "Жаңы Ала-Тоо" журналына басылып, ушул эле жылы өзүнчө китеп түрүндө жарык көрдү. Ал - тарыхый роман эмес, бирок тарыхтын издери менен деми кашкая көрүнүп, сезилип турган чыгарма. Себеби Чынгызхандын өзү - тарых, эбактан бери ага байланышкан, кыбыр эткен нерсенин баары тарых катар кабылданып калган. Ошондуктан романдын башка бөлүктөрүнөн өзгөчөлөнүп, "Чынгызхан" баяны карт тарыхтын ысык-суугу аралаш илебине сугарылып, анын философиясында адамды күйгүлтүккө салган сансыз ой-санаалар орун алды. Баарын "кыйрата чаап, миң жылдык жезди жексен кылып салган мезгил" (У.Шекспир) адамдын эмнесин өзгөртүп жиберди, космосто чабагандап, жер-суунун түпкүрүнө кирип, тири шумдук технологияга жеткен бүгүнкү адамдын нукура адам кылчу сапаттары сакталып калдыбы, ыйманы, нарк-насили коомдук прогресс деп аталган жогоркудай алгалоолор менен кошо жакшырдыбы же кедери кеттиби, ал илгери кандай эле, азыр кандай, бул жагынан даңазалуу делген инсандар чын эле идеалдуу беле, алардын жорук-жосуну, өмүр таржымалы кийинкилерге кандай сабак берди, чыныгы адам болуу үчүн эмне кылуу керек жана башка толтура, бир жаңсыл жообу жок суроолор коюлган жана аларга издөө салган бул роман дагы да далай талаш-тартышка түшөрү анык окшоп калды. Деги, Ч.Айтматовдун салтын улап, кыргыз романын дүйнөлүк адабий процесске кошкон бул чыгарма кыргыз прозасынын жанрдык-стилдик көп түстүүлүгүн арттырып, идеялык-философиялык потенциалын тереңдетип, жаңы тепкичке көтөрүүгө алгылыктуу салым кошкону чын. Бирок мунун өзү элдин баары С.Раевдин романдары гана мыкты, аны ээрчип, так ошондой формада жазыш керек дегендикке жатпайт. "Ар кимдин өз жолу бар" деген сөз адабиятка да таандык. Ал формалык-мазмундук көп түстүү мозаикасы, автордук көз караштардын ар түркүндүгү менен кызык, ошонусу менен баалуу.
Көп катмарлуу, "керегем сага айтам, келиним сен ук ..." сындуу окурманга каймана насаат-сабагы мол, аллегориясы, кыйытма маанилери арбын С.Раевдин романдары тууралуу Омор Сооронов, Калык Ибраимов, Амирбек Азам уулу, Аскаралы Ражабалиев, Нурмамат Сапарбаев, Аскар Медетов, Жолборс Жоробеков, Рысбек Эшматов жана башка авторлор тарабынан кыйла арбын жазылды, орундуу жана мыкты талдоолор көп болду, анын баарына токтолуу кыйын (6). Белгилүү адабиятчы Аскар Медетов роман-метафора, ал эми Амирбек Азам уулу Батыш адабиятындагы мейнстримге төп келген чыгарма деп аташкан бул романдын өзүн текши талдап жиберүү бирин-экин эмгекте мүмкүн эмес. Анын үстүнө биздин макаланын максатына жараша анын зарылдыгы да жок. Ошентип, сөз улуттук адабияттагы дагы бир Чынгызхан жөнүндө, ал бизге белгилүү баягы эле Чынгызханбы, же башкабы? Ага автордун көз карашы кандай? Азырынча биз кызыккан сюжеттик линия жана аны менен көтөрүлгөн маселе ушул жерде жатат.
Романдагы "Чынгыс хан баяны" (шартуу түрдө ушундай атап туралы -К.А.) түш көрүү менен башталат. Ирреалдуу же сюрреалисттик түш десек болот. Түштүн өзүнүн табияты ушуга жакын эмеспи. Түшүндө Чынгыс хан өзүнүн сөөгү жаткан мүрзөнүн топурагын жиндилер, сокурлар, мунжулар, карышкырлар, чөөлөр жеп жатканын көрөт."Түшүң менен түмүрөн кал" дечүдөй жаман түш бул. Ошентип "...дүйнөнү жалмаңдата басып, араанын ажыдаардын отундай чачып, түндөсү Ай чапчып, күндүзү Күн чапчып, жер аңтарып, аалам сапырган, үйүр-үйүр жылкы чабып, дүйүм-дүйүм дүйнө топтоп, алсыздын жанын алып, алдуунун каруусун алып, бу жараткандын баарысын таман алдына каратып, элден эл койбой, журттан журт койбой, дүйнөнү сан кара колу менен кылычтын мизинде аңтарып келген" (7, 131-б.), эми көрөр күнү, ичээр суусу түгөнгөнүнө көзү жетсе да, бу жалган дүйнөгө тойбой турган Чынгыс хан ушундай түрү суук, жүрөк үшүн алгыдай түш көрөт. Ушундай болорун мурда эле ага бир бакшы (шаман) айткан экен. Анын айткандары бул түштөн да жаман: ал өлгөндөн кийин жаны өзүнүн урпагы болгон жин оорулуу адамга өтүп, ал хандын азап-тозогун көтөрүп, ханга болгон каргыштар анын мойнуна илинет окшойт. (А.Сарманбетовдун повестиндеги кемпирдин каргышы да хандын укум-тукумдарына өтөт эмеспи). Хандын ушул учурдагы ой-сезимдери "куу талаада каңгып учкан, щамалда учуп бараткан барактай бирде өйдө көтөрүлүп, бирде паска түшүп, анан кайсы бир куурап калган дарактын бутагына жабышып делбиреп туруп калат" (7, 132-б.). Анын айласыз оор шарттагы психологиялык абал, аң-сезим агымы ушундай таасын жана өзгөчө берилгенин айтпаганда да, бул жерде жазуучу айланчыктап отурбай, адегенде эле каарманга карата өздүк көз карашын жарыя кылып, анысынын жөндүүлүгүн андан ары кынтыксыз жана чебер далилдеп берет. Курулай декларация жок. Негизсиз доомат, мактоо-жектөө да жок. Баарынын эч ким жокко чыгара алгыс, турмуштук жана көркөм чындыгы бар. Жазуучунун көркөм сөз менен иштөөдөгү жоопкерчилиги, чеберчилиги мына ушундан да көрүнөт. Мындан аркы окуялардын, ой-санаанын баары бир убакта дүйнөнү калчап туруп, эми "бүрүшкөн чүкөдөй", "денеси күндөн күнгө күзгү бариктей куурап бараткан" Чынгыс хандын эстөөлөрү катары берилет. Ушундай табыгий жана ишеничтүү көркөм ыкма менен жазуучу көптөгөн көйгөйлөрдүн "жүзүн" ачууга жол салып, тарыхый уламыш-гипотезаларды өздүк көркөм кыялы менен синтездөө аркылуу бир гана каарман - Чынгыс хандын образынын дасмиясын тереңдетип, аны ар тараптуу ачууга аттанат.
Бул баянда Чынгыс хандын өмүрүндөгү эки мезгилдик мерчем: башталыш жана бүтүү чектери бар. Бардык нерсенин башталышы жана аяк-соңу болгон сыңары анын биринчиси - али атагы таш жарган Чынгыс ханга айлана элек, учу-кыйырсыз катаал турмуш босогосунда турган, он эки-он үчтөгү, азырынча даргөйү таза Темүчүн болсо, экинчиси - далай ашуу-бел ашып, өмүр соңуна келген, эсепсиз азап-тозокту дүйнөгө апкелип, эми аны сыдыргыга салгандай эсине түшүрүп, "мен киммин, мен кандай элем, мен өлбөшүм керек эле, бирок ажалдан качып кутула албайт экенмин да..." деп мүшкүлгө баткан, даңканы чыккан даңазасы бүлбүлдөп өчүп баратканына, өзү менен кошо биротоло тыптыйпыл болоруна көзү жетип-жетпей турган кадимки Чынгыс хан. Романда ушундайча бир каарман адегенде экиге ажыратылып, башталуу жана соңу сындуу эки чекке жайгаштырылат да, ал ортодо ишке ашкан адамдын жандүйнөсүндөгү трансформациянын эбеп-себептери иликтенип, акырында экөө эч качан ажырабагандыгы, башында эле "эки жарты - бир бүтүн" болгондугу айгинеленет. Тагыраак айтканда, Чынгыс хандын жандүйнөсүндө трансформация деле болуп кетпейт, уядан учаарда түптөлүп, өнүм алган анын даргөйү, айлана-чөйрөгө көз карашы, өзү сындуу алма баштуу, айры буттуу жандарга текебер, мерез мамилеси тереңдегенден тереңдеп, көр оозунда жатканда "жараткан шыпаасын берип, адам катарына кошулса таптакыр башка турмушту баштаары" тууралуу убадасы туткасы жок куру кыял, жаны кыйналгандагы жандалбас боюнча калат. Чынгыс хан менен бирге аз сандагы жандооч каармандардын да нарк-насилини ачыктоочу эпизоддор, диалог-монологдор, пейзаждык сүрөттөөлөр, алардын сырткы жана ички портрет-көрүнүштөрү жогоруда айтылган эки мезгилдик алкак-чендин ортосуна жайгаштырылып, бирок көңүл борборуна Чынгыс хандын колбашчылык эмес, нукура адамдык жүзүн, ыйман-ынсабын, тутунган жашоо-өмүр түшүнүгүн, адептик-ахлактык нормаларын айкындоочу жагдайлар, окуялар коюлат. Ал үчүн Чынгыс хандын кызыл-кыргын согуштарын баян этүүнүн кереги жок, кадыресе турмуштук көрүнүштөр жетиштүү. Сюжеттик-композициялык жактан кылдат ойлонуштурулган мындай ыкма жазуучуга утуш гана апкелгени талаш жаратпай, бу да болсо, сүрөткердик чеберчиликтин жана автордук концепциянын тактыгынын бир далили болуп берет.
Аталган эки мезгилдик мерчемдин алкагында баяндалган эки гана окуя бар. Башталуу мезгилинде он эки-он үч жаштагы Темүчүндүн эркектик сезимин ойготуп, алгачкы тажрыйбага ээ кылып, көзүн ачкан тунгут кызы менен болгон окуя көркөм деталдаштырылып, кылдат жана элестүү сүрөттөлөт (майрык кемпирдин аны жуундуруп, бул ишке даярдоосу, тунгут кызы менен болгон дене рахатынан улам эсепсиз кол топтоп, эл-жердин баарын басып алып, бүт аялдардын кумарына батсам деген көксөө-тилеги, мунусу менен атасынын "монгол монгол менен аял үчүн мушташпайт" деген насаатына дилинде каршы чыкканы ж.б.). Кыскасы, чыгармада керексиз жана маанисиз нерселер дээрлик кездеше бербейт. Ар бир майда көрүнгөн нерсенин өз мааниси жана ордун айкындап, жазуучу бардыгын кылдат ылгоодон өткөргөн. Айтсак, жаш Темүчүндү от жалын кылган сулуу жана жыты жан жыргаткан аялдын мойнунда отуз үч маржан таштан турган шурусу бар эле. Экөө төшөк рахатына тунуп жатышканда, ал чачылып кетип, аны Темүчүн жыйнашат. Бул кичинекей, мааниси деле жок сындуу иш кийин чечүүчү роль ойногон, өзөктүү деталга айланат. (Далай жылдардан кийин ашкере сулуулугуна сугу артып, ошон үчүн бүт элин кырдырып, колго түшүргөн тунгут кызы анын төшөгүнө алдырылат. Мойнундагы так ошол шуруну көрүп, анын өз кызы экендигине баамы жетип туруп эле хан ага кол салып, дене рахатына батат. Бирок бул анын өмүрүндөгү акыркы айбандык иши болуп калат). Ушул иштер каармандын тагдырында, анын келечектен күткөн көксөө-тилегинин, өмүр максатынын түйүлдүк болуп жаралып, калыптанышында ченемсиз мааниге ээ болгондугу кийинки окуялардын жүрүшүндө таасын көрүнөт. Келечек кол башчынын аң-сезимине өчпөс из калтырган, бу турмушта кезедеше келген, бир чети кадыресе окуя жайбаракат өрүш алып, анын эсине биротоло орнойт да, анын өмүрүнүн соңку күндөрүнө тез эле оодарылып кайра келет. Каармандын ортодогу өмүр жолу сөзгө алынбайт, анын зарылдыгы да жок. Жаны кыйналып, жабыркап, өлүм алдында турган Чынгыс хандын ысып-сууп турган аң-сезими "баары качан, кантип башталды эле" деген соболго жооп издеп, аны жогорку окуядан табышы таңгаларлык деле эмес. Мындагы логика бекем. Бала кезде катуу таасир берип, өмүр бою унутулбай калган иштер, окуялар, адамдар пенде аттуунун баарында эле боло келгени маалым. Бирок алар ошол пенденин кийинки тагдырында кандай роль ойнойт, кеп ушунда. Чынгыс хандын бала кездеги биринчи сексуалдык тажрыйбасы болсо, анын пенделик жүзүн аныктоочу факторго айланып, анын бүт дүйнөгө өзүмчүл жана таш боор, ыймансыз мамилесине олуттуу себепкер болуп калат. Автордун позициясы ушундай жана ал ырасында эле ар тараптуу, ишеничтүү көркөм реализациядан өткөрүлөт.
Жогорку окуянын изин суутпай, ортосун оңбогондой мезгил ажыратып турса да, ага табыгий түрдө жуурулушуп, улап кеткен экинчи сюжеттик тарам Чынгыс хандын өлүм алдындагы оорукчан, эс-мас абалы жана аны менен бирдикте берилген анын сөөгүн коюу процесси. Булар мезгилдик ири ажырымга карабай аталган учурлар (бала кез жана карылык) тиги окуяларды улап, кеңейткен, аларга өзүнөн өзү сиңип, аралашып кеткен маанайда баяндалат. Бул жердеги өзгөчөлүк сүрөттөө техникасына барып такалып, Чынгыс хан өзүнүн сөөгүн өзү коюп жаткандай маанай, "мистикалык атмосфера" жаралгандыгына байланышат. Магия менен мистикадай көрүнгөнү менен алардан арылтылган мындай "адабий техника" көркөм адабиятта көп деле кездеше бербесе керек. Хан өзүнүн сөөгүн коюуга тирүү адам сымал жетекчилик кылат. Жазуучу анын жолун таап, тапканда да бул иш эч бир шек жаратпагыдай деңгээлде, аң-сезим агымы адабиятынын (жаны эчак чыккан, сөөгү унаага жүктөлгөн хандын аң-сезими тирүү) салттарына төп келгидей даражада жүзөгө ашырат. Кантип ушундай болсун, өлгөн адам өзүн көмүүгө кантип көрсөтмө берип, бергенде да аны аки-чүкүсүнө дейре кантип аягына чыгарып, анан тирүүлөрдү мазактап турсун дегенибиз менен - иштин реалдуу абалы, анын чыгармадагы көркөм-реалдуу картинасы ар кандай шектенүүлөрдү четке кагып салат. Хан өзүнүн сөөгүн коё турган, эң ишеничтүү ноёнуна жети кат калтырат. Анда баары бар: хандын ченемсиз акылгөйлүгүн, көсөмдүгүн, айлакер-куулугун, майдачыл-эсепчил-тактыгын, мерездигин, дегеле жашоого, бийиликке, байлыкка жана албетте, дене кумарына да тойбогон ач көздүгүн ушул жашыруун-көрсөтмө каттар кашкайта ачып берет.
Ал каттар дүйнөнү Теңирге теңтайлаш башкарып көнгөн, анысынан өлгөндө да ажырагысы келбеген, өзүнөн башка адамдарга келгенде ченемсиз өзүмчүлдүгү жана таш боордугу жан-дилине сиңип бүткөн ырайымсыз пенденин портретин көз алдыбызга тартат. "Ноёнум, ушу деп келип, ушу деп кеттим" деген анын тунгут кыздын этек каны түшүрүлгөн ак кагазга калтырган акыркы сөзү бир жагынан "кылган иштерим үчүн мени эч ким жазалай алган жок, мен жазасыз кеттим, мени жазалоочу күч жок, себеби мен Теңир менен теңмин" дегендей аксым, тирүүлөрдөн өч алып жаткандай табалоосун, өлүп жатып да адамдарды мазактоосун түшүндүрөт, ушундайча анын каны менен бир бүткөн кекчил, ач көз жана ыймансыз натурасы булайып чыга келет. Ал аркы дүйнөдө жатып көндүм адатындай тирүүлөрдү башкаргысы келет, өзү өлүп, жети кабат жерге берилгенден кийин да анын ыплас иштерин көрүп-билген тирүү жан аттуунун (адамдар жана жан-жаныбарлар), жада калса, жансыз бак-шактардын (арча, жаңгак ж.б.) биринин да "тирүү" калышын каалабайт. Баары өлтүрүлөт, өрттөлүп, күлдөрү көккө сапырылат. Балким тирилип кетемби деп, жети күндөн кийин гана сөөк коюуга кам көрүүгө, ал тургай аркы дүйнөдөгү азап-тозогун да башкалар тартып, ал үчүн башка бирөө сурак берсе деп, кыркынчы жоокерин өлтүрүп, канын мүрзөсүнө чачтыруу буйругун берет. Чынгыс хан өзүнөн кийинки тирүүлүктү жек көрөт. Тирүүлөрдүн бири болбосо бири айгак болуп, хандын качанкы былык-чылыктарын, чыныгы жүзүн ачып коюшу ыктымал. Демек, анын өлгөнүн көрүп-билген эч ким, эч нерсе тирүү калбаш керек. Экинчи жагынан, алиги "ушу деп келип, ушу деп кеттим" деген табышмактуу сөздө "дене кумары үчүн дүйнөгө келип, анын акырына жетпедим, өмүрдүн маңызы ушунда" деген маани да бар сыяктанат. Бирок "так ошол дене кумарынын азабын тартып, ошондон жантаслим болдум, жаназабым ошондон келип чыкты" деген кейиштүү чындыкты моюнга алуу жок. Ал өзүнө актана турган жагдай-шылтоо таап алган. Себеби мойнунда отуз үч маржан таштуу шуру тагынган кыз качандыр бир убакта аны эркек кылып, жатынына уругун ала кеткен тангут аялдын, демек өзүнүн кызы экендигин, ошол өз кызы аргасыз жатып берип, аны жыланга чактырып өлтүрүп, бүтүндөй кырылган элинин да, өзүнүн да өчүн алганын, даңазалуу хандын өмүрүнүн болгон өтөсү, баа-наркы ушул ченемге сыйып калганын эч бир жан билбейт. Каардуу хан ушуга ыраазы, ошон үчүн эч кимден кечирим суроонун кереги жок. Антүүгө Чынгыс хандын куру намысы, Теңирдин эрке уулу, сүймөнчүгү, керек болсо, анын теңтушу деген өз дилиндеги "бийик, ыйык" даражасы тоскоол болуп турат. Ал адамдардын баарынан тынымсыз өч алгысы келет. Эмне үчүн? Ал өлүп, калгандары тирүү калып жаткандыгы үчүн! Өткөн өмүргө салават айтып, топук кылуу деген болбойт. Ошон үчүн ал өзүнө чексиз берилип, өмүрүн ага кызмат кылуу менен өткөргөн эң ишеничтүү ноёнуна өзүнүн сөөгүн коюуга байланышкан азап-тозокторду кынтыксыз аткаргандан кийин "шексиз өлүм" даярдап коёт. Башкасы го мейли, балдарынан артык көргөн (?) ноёнунун тирүү калышын каалабайт. Ушуну менен Чынгыс хандын образы жарык дүйнөгө өз каалашынча адамдардын жанын алуу үчүн келип, бирок чиркин өмүр кыска тура, анын баш-аягы болот экен, ага чама-чаркы жетпей, "колум жеткендин баарын ала кетсем, көксөөм сууйт беле"...деген арман-муңу алоолоп турган жан алгычтын символу болуп чыгат. "Ушу деп келип, ушу деп кеттим" фразасынын дагы бир философиясы биздин баамыбызда ушул жерде жатат.
Чынгыс хан - дүйнөгө бардык адамдар сындуу эле жылаңач келип, бирок эч нерсеге тойбой, баарын өзү менен кошо тиги дүйнөгө ала кетсем деген көрпенделердин образдарын жалпылаштырып, өзүнө сиңирген, алардын дасмиясы менен даргөйүн күзгүдөй чагылдырып турган толук кандуу, смиволдук да, реалдуу да образ. Аны табияттын да, жараткандын да жазылбаган, бирок жашоо-өмүрдүн баш-аягын чектеп койгон мыйзамченеми ыраазы кылбайт, тескерисинче дилинде ага каршы турат. Мындай "жаза" ага карата колдонулбаш керек эле деген тымызын ой бар анда. Ал колунан келсе, миң-сандаган адамдардын жанын алгандай эле ошол жараткандын жашоо мыйзамынын да "жанын" алып, жокко чыгарып коймок. Бирок ага ою жеткени менен колу жетпейт. Бардыгынын, анын ичинде адам өмүрүнүн аяк-соңу бар тура. Муну ал мурда ойлогон эмес. Мурдатан ойлосо, анын аргасын тапса эмне кылат эле ..? Аны мүшкүлгө салган иштердин бири ушул. Бирок ал өмүрдү жалгыз өзү үчүн гана узартмак, өзүн гана ажалдан арачалап, ал үчүн бардык нерсеге, Теңирдин каарына, пенделердин каргышына да кайыл болмок. Романдагы Чынгыс хандын өмүр соңунда турган психологиялык, нукура адамдык портрети ушундай.
С.Раевдин романында жогоруда кеп болгон Ч.Айтматов, А.Сарманбетов жана А.Койчиевдин чыгармалары сыяктуу эле магиялык, мистикалык түшүнүк-көрүнүштөргө кеңири орун берилет, атүгүл алар өтө катаал жана басымдуу десек болот. Автор "керек" деп эсептеген учурда пайда болгон арбактар (аял, чал ж.б.), "акыл-эстүү" жыландар, адамдар менен сүйлөшкөн, ал тургай "өлүп калган" жарык, кайып болуу, кереметтүү айрым окуялар өңдүү учурларды эске албаганда, алардын ирдүүлөрүнө түш, көрүнчү жана каргыш кирет. Бирок булардын баарынын турмуштук жана көркөм реалдуулуктарды тебелеп кетпеген, ал тургай кайра бизди реалдуулукка жетелеп, ага аргасыз кылган чен-өлчөмү бар. Жазуучу ушул жерде да чеберчиликтин үлгүсүн көрсөткөн. Романга негизги кейипкер болуп түшүшкөн Император, Лир, Таис Афинская, Чынгыс хан, Клеопатра сындуу каармандардын өзүлөрү "кош кабаттуулук" сыпатында турушат. Алар бир эле учурда түркүн себептер менен жиндиканага түшүшкөн кадыресе адамдар жана тээ илгери, атамзаманда кылган жетесиз иштеринин азабын тартып, далай иштерге забын болуп, "көкүрөгүндө жарыгы биротоло өчкөн" атактуу пенделердин жазасын мойнуна жүктөгөн тагдырга эгедер арбактар абалында турушат. Образдык табиятында өзүнчөлүктүн үлүшү чоң жалгыз гана Козучак мындай тагдырдан обочо тургансыйт. Денеси эчак чириген атактуулардын ыпласттыкка жана ыймансыздыкка толо иштеринин айынан алардын "өлбөс" жаны жай албай урпактарынын жасатынан орун алып, аларды (келечек муундарды) далай азапка салган тагдырлары бир бүтүндүктү түзүп, бири-биринин кечээгиси менен бүгүнкүсүн чулу таштай бириктирет да, адам аттуулардын азыркысына да, эртеңкисине да эстен чыгаргыс сабак берген концептуалдуу жана жалпы адамзаттык жашоо-өмүр философиясына айланат. Романдын бул өңүтү тууралуу узак жана терең сөз али алдыда экенин белгилеп, кайра каргыш, түш, көрүнчү (галлюцинация десек да болот) маселесине келели.
Көр оозунда турган хандын түшүнө баягы майрык кемпир кирет, Көзүнө бир канча ирет көрүнгөн кемпир аны менен сүйлөшүп, жаман иштерден алыс кармагысы келет. Көрүнчү болуп келген ошол кемпирдин сөздөрүндө жан азабын тарттыра турган терең маани бар. " О, Теңирден так талашкан пендем, сенин денең экиге бөлүнүп, жаның жасатынан айрылганы турат...Өйдөдөн ыклас түшүп..., артыңан сая түшкөн кара күчтөр этиңди кузгунга чокутуп, сөөгүңдү келемишке таштап берем деп, кудай урган каргыштын каарына калтырам деп туру..." (7, 159-б.). Ушундан улам, акырында өз жаны үчүн гана каргыштан корккондой болгон хан өзүнүн сөөгүн эч бир тирүү жан билбегидей кылып, жердин жети катар түбүнө каткысы келет. Теңирден да, дегеле эч кимден кечирим сурагысы келбейт. Ошентип хандын жоруктары тескери жагына ооп турат да, айласы кеткен кемпир каргыш анын нуркуна түшөөрүн эскертет. "Жашоонун маңызы... адамдын адам боюнча калышында" деген хан үчүн маанисиз сөз айтып ("Ушул элеби?!" - дейт хан), аны аткара албаса, тукумуңдан жин оорулуу чыгат деген ачуу кеби үчүн Аалымды (атайын чакыртылып келинген дарыгерди) жылаңачтап, эл алдында аеосуз мазак кылганын билген көрүнчү кемпир Чынгыс хандын түшүнө кирип: "Теңир алдыңа келсе, өлбөстүн дарысын сураганың эмне? Кийимин сыйрып алып, элиңе келеке кылдыртканың, бетине түкүрткөнүң, кабанаак иттерге талатканың эмне? Эми, сен анын каргышына калдың, тукумуң куруп калгыр!" - дейт. Антсе да, өзүнө дем салган бакшынын да башын алдырган хан о дүйнө сурактарынан жолун тазалап, тозок отунан калкаланып калгысы келет. Мурда каргышты капарына албаган хан өлүм алдында гана тобо кылган болот, бирок андан дили агарып кетпейт. Ишенген ноёну хандын сөөгүн коёр жерине алпаратканда да алдыларынын түрү суук, адам кебетесинен кеткен пенделер жолугат (баары жин оору, каргыш ургандар). Хандын буйругун унутпаган ноён алардын баарын кырып салат. Аларды айдап келе жаткан чалдын: "Каргыш өлүмүнөн өткөн жаза жок"- деген сөзү кайра жаңырыктайт. Кай жагынан алба, каргыш курчап, мындай өлүмгө тушуккандардын көч алдында Чынгыс хандын өзү турары айтпаса да түшүнүктүү болуп калат. Бирок кантсе да өтө акылдуу жана көптү көргөн адам катары ал өз кылгандарынын баары тең сонун, телегейи тегиз эместигин түшүнүп, терең ой калчап, ак-карасын ажыратуу аракетин көрөт. Көргөн түштөрүндөгү: адамдын жапайылыгынан өч алчу күн "келатат" деп адамча кыйкырган сансыз каргалар менен селдей жайнаган ак эшектер, бузулган табият көрүнүштөрү, көрүнчү болгон майрык кемпир, алоолонгон өрт, тутулган ай, кыяндай аккан кан, жиниккен жин-шайтандар, ызы-чуу үндөр ж.б., бир катар реалдуу жана ирреалдуу кейипкерлер, нерселер, кубулуштар жана деталдар анын аң-сезиминдеги мына ушул карама-каршылыкты, олку-солку болууларды, өзү менен болгон ички кармашты чагылдырып, символдук, аллегориялык мааниге ээ болот. Алар образдын индивидуалдуулугун тереңдетип, психологиясын көп кырдуу жана панорамалуу ачып берүүгө гана шарт түзбөстөн, чыгарманын жалпы идеялык-мазмундук өзөгү үчүн алмаштыргыс роль аткарат. Арийне, кудай менен өлүмдүн актыгын сезип, өз колунана ажал тапкан миң-сан адамдардын убал-сообу кыйнаганы менен бирок анын таштай катып, муздай тоңуп калган даргөйү жогоркудай өздүк олку-солкулуктарды четке кагып, өзүн ар кандай айыптоолордон алыс кармоого алып келет да, ашкере өзүмчүлдүк жана мерездик, ченемсиз кекселик жана өзүн адам аттуудан жогору коюу мунун түпкү себеби болуп эсептелет. С.Раев романда өзүн жогоркудай деталдарды жана элементтерди өтө кылдат жана орду менен колдонуунун чебери катары көрсөтөт. Сыртынан майда көрүнгөнү менен алар аныгында чыгарманын бүтүндөй тулкусун кармап, ага кан жүгүртүп турган негизги сюжеттик тетиктер, элементтер болуп саналат.
Жалпы эле романдын идеялык мазмуну анын башка бөлүмдөрүн аттап өткөндө деле майрык кемпирдин мындай сөздөрүнөн агылып чыгат десек болчудай: "...жандын жараткандан бараар жери, түнөк табаар жери адам менен айбанда...Экөөндө тең жан согот, жан адамды айбанга, айбанды адамга ооштурушу мүмкүн...Сенин да жаның түбөлүк, бирок жандын жазасы бар экенин унутпа, сенин да жаның өз жазасын алат, ал жаза - улуу Чынгыс хандын жаны эчен бир кылымдар өткөн соң жылан чагып, жин оорусуна тушуккан адамдын көкүрөгүнө барып орнойт...Жаныңдын жазасы менен төккөн каныңдын, өзүң сындуу адамдарга забын апкелип, адам аттууну кырып, тукум курут кылганыңдын жазасын Жаның алат, анткени жылан чагып, бейжаза кетип баратам деп туйтунба, жазанын акыры жок, ал бир күн болбосо, бир күн өз артыңан калтырган тукумуңдун көзүнөн чыгат, өз артыңан калтырган тукумуңдун көөдөнүнөн чыгат... ат-тектин, баба-бубанын эзелки кылган азаптуу ишине чебере менен кыбыра , артта калган тукумуң, акыркы нуркуңа дейре жооп берет!.. Жаза ошолордун башына түшөт!... Каргышы нуркуңа түшөт!.." (7, 160-161-б.). Мына ушундай жазага тушуккан Чынгыс хандын сөөгү жин-шайтан жиниккен учурда, ай тутулаар күнү жерге берилет, ал өзүнө ишенгендей ноёну да хан даярдап койгон ууну ичип, хандын өз кызы менен төшөк кумарына батып, ошондон мерт кеткенин да билбей (А.Сарманбетовдун повестиндеги кемпирдин Чынгыз ханга карата: "Өзүң да, балдарың да аялдан армандап калгыла" деген каргышы ишке ашкандай болду да), анын сөөгү каерге коюлганын да туюк сыр боюнча ала кетет. Булар да каргышка калган адамдан башкаларга ыраа көрбөй турган нерселер экени анык. Ошентип, чыгармада жана анын негизги каарманынын өмүрүндө да башталуу жана аяк-соңу болгон эки мезгилдик-мейкиндик чек-ченемдери Чынгыс хандын жан кишиге белгисиз мүрзөсүндө ай тутулган түндө биригет да, бир бүтүндүктү түзүп калат. Бирок романда коюлган, козголгон маселелер түйүмүн алар ала кетпейт, биротоло чечип да салбайт, албетте. Алар кудум Чынгыс хан мезгилиндей эле бүгүн да бар. Романдын башталышында жиндиканадан жети адам-жинди качып чыгат эмеспи! Өзүн Чынгыз хан деп эсептеген алардын биринин көркөм-тарыхый чоо-жайы мына ушундай жана анын көркөм реализациясы өтө ишенимдүү, образдуу жана жугумдуу. Коюлган проблема да түбөлүк актуалдуу. С.Раевдин романы, тагыраак айтканда анын эң таасирдүү, терең жана катаал мистикага оролуп жазылган "Чынгыз хан" бөлүмү мына ушул жөнүндө. Ал эми романдын калган бөлүмдөрүнүн да көркөм-эстетикалык, идеялык-философиялык нарк-насили андан кем эмес. Алардын ар бири өз-өзүнчө ченемсиз-чексиз мааниси бар проблемаларды аркалап, биринде учкай айтылганын экинчиси толуктап, кеңейтип, тереңдетип жүрүп отурат да, баары биригип келип бир чекитттен биригип, адам баласы жаралгандан коштой келген, кайгы-касирети менен жарык нуру аралаш өмүр-жашоо көйгөйлөрүн алдыбызга коёт, аларды аңдап-билүүгө, жамандан, ыпластыктан алыстап, жакшыга, асыл нарк-насилге жанашууга сүрөп, ыймансызды ыйман-ынсапка жетелейт. Ушул эле роман адабияттагы чыныгы мастер (чебер уста) көркөм сөз менен кандай иштеш керектигине үлгү боло алгыдай деңгээлде турат (бул эми өзүнчө сөз болчу чоң маселе).
Кыскарта келгенде, кыргыз прозасында ааламды дүңгүрөткөн Чынгыз хандын образы мына ушундайча трактовкаланып, ал сөз болгон төрт чыгарманын авторлорунун өздүк концепциясына туура келет, б.а, алардын ар биринде аны жактоо жана жектөө, ошого жараша окурманды өз көз карашына ынандыруу аракеттери бар. Ал аракеттердин ыкмалары менен натыйжалары да бирдей болбой, бири окурмандын сотуна коюлуп, нейтралдуу формага салынса, экинчиси ачык түрдө экенин көрөбүз. А.Сарманбетовдун аталган повестинде каргышка калып, анысы урпактарына өтүп кеткен Чынгыз хандын образы жалпылоочу мүнөздө болуп, анын себеби хандын далай элге, адамдарга көргөзгөн эсепсиз кордугу менен кылган жамандыктарына байланыштырылса, Ч.Айтматов ушул идеяны жазуучулардын эң асты болуп айтып, аны бейкүнөө ажал тапкан Эрдене менен Догуландын тагдыры аркылуу берген. Жазуучунун концепциясы боюнча Чынгыз хан Теңирдин алкоо-батасынан ажыраган адам жана ал ага татыктуу. Себеби ал ыйманын жоготкон. Ал эми А.Койчиевдин көркөм трактовкасы боюнча Чынгызхан - идеалдуу инсан, ал курган коом да телегейи тегиз болчу, баарын ыдыратып-бузушкандар анын урпактары болуп чыгат. Кызык жери А.Койчиевдин Чынгыз ханы өзүнө кылдай жаман сөз тийгизгиси келбесе, С.Раевдин каарманы да андан болушунча качканы менен анын аң-сезиминде карама-каршылык, күмөнсүнүү күчтүү болуп, түпкүлүгүндө чыгармада көркөм дүйнөтаанымдын, образдын объективдүүлүгү сакталат да, бул эки каарман адамдык парасаты боюнча бири-бирине таптакыр окшобогон, атүгүл кескин карама-каршы образдар болуп калат. С.Раевдин автордук концепциясы бул жерде Ч.Айтматовго жакын, ага үндөш болсо да, чыгармалардын пафосунда айырмачылык чоң, анын автордук концепцияны айкындоодогу мааниси да зор. Ушул жагдайга назар салып, Ч.Айтматовго драматизм, С.Раевге трагизм көбүрөөк мүнөздүү экенин академик А.Эркебаев адилет белгилеп кеткен жери бар (1). Аларга А.Сарманбетов да өз повести менен жакын. Анын каармандары Батый, Сартак жана башкалар чоң атасы, бабасы Чынгыз ханга багышталган элдик каргыш мойнуна илинген образдар иретинде көрүнөт. Дегинкиси, сөз болгон чыгармалардын козгогон маселелери тектеш, тамырлаш. Ал - "Канткенде адам уулу адам боюнча калат" деген жалпы адамзаттык да, Айтматовдук да маселе. Бирок ал иликтенген көркөм материал, аны чечүүнүн жолдору жана каражаттары ар башка. Буга аталган прозаиктердин ар бири өз жолдору менен келишкен. Ошондуктан адамдагы адамды суктандырган асыл сапаттар менен адамды заарканткан сапаттар да кай заман болбосун түбөлүктүүлүгүн жоготпой, үзөңгүлөш жашай келгенин ар бир жазуучу өздүк позициясына жана чеберчилигине жараша көркөм иликтөөгө алганы, ушундан улам алардын көркөм-эстетикалык нарктуулугу бири-бирине жакын, үндөш, бирок бипбирдей эместиги түшүнүктүү. Кеп болгон прозаиктердин сөз менен иштөө чеберчилиги өзүнчө чоң иликтөөлөрдү талап кылат. Сөз көркөм чыгарманынын сырткы "чапаны" гана эмес, анын кан-жаны экендигин, азыркы авторлордун көбү (алардын ичинде дембе-дем макталгандары да бар) так ушул жерде аксап келаткандарын эске алсак, акын-жазуучулардын стилдик (жазуу стили) өнөрү, анын күңгөй-тескейи адабияттагы тышкары маселе катары сүрүлүп, таптакыр каралбай калганы албетте, өтө өкүнүчтүү.
Биздин макаланын максатына жараша айрым өңүттөрү гана талдоого алынган ушул роман, повесттер кыргыз прозасынын идеялык-көркөмдүк, көркөм-философиялык, эстетикалык нарктуулугун гана көтөрбөстөн, кай улуттун окурманы болбосун, алардын бийик талаптарын канааттандыра турган потенциалы бар чыгармалар экендиги шек жаратпайт. Жалпы ала келгенде алар лирикалык прозанын ыргак-демине сугарылганы менен, айтылгандай Ч.Айтматовдо кырдаалдын жана образдардын драмалуу мүнөзүнө басым жасалып, адамдын адамдыгы деген анын бүткүл чыгармаларын аралап өткөн бүтпөс көйгөйдүн жаңы кырлары ачылса, С.Раевдин романындагы сөз болгон бөлүмдө баштанаяк трагизм үстөмдүк кылып, адам турмушун эзелтеден ээрчип келген моралдык-нравалык проблемалардын курчтугуна, алардын кечээ-бүгүн-эртеңи тууралуу ой-санаанын ченемсиз оордугуна, глобалдуулугуна басым жасалат. А.Койчиевдин романы негизинен ички динамикасы ыкчам маанайда жазылып, ситуацияга жараша көмүскө сарказм, ачык гротеск, жайынча драмага удаалаш негизги каармандын тагдыры тууралуу ачык күйгүлтүк-трагедия орун алып, чыгарылган тыянактардын каймана семантикасы менен ойго салса, А.Сарманбетов баяндоонын ыргагын бузбай, мезгил-мейкиндик жактан алыс турган каармандарды бири-бирине чебер туташтырып, бийликтеги инсан жана тагдыр маселесинин көмүскө жактарын ачып берет. Жалпылай келип, бардыгынын деңгээли бирдей болбосо да, терең философиялык ой-толгоолорго сугарылып, көркөм ойлоонун тереңдиги менен масштабдуулугун айгинелеген, көркөм-интеллектуалдык прозанын үлгүсү боло турган Ч.Айтматов менен С.Раевдин, А.Сарманбетов менен А.Койчиевдин магия, мистика, фэнтези аралашкан, бирок түпкүлүгүндө реалдуу жашоо-турмуш көйгөйлөрүн ар түркүн өңүттөн чагылдырган чыгармалары кыргыз прозасын алгалаткан, ал үчүн көп жагынан жаңычыл, бир чети ошонусу менен күтүүсүз жана чыныгы адабият күйөрмандары үчүн асыресе жагымдуу адабий-турмуш фактыларынан болгондугун да айта кетүү зарыл.
Адабияттар:
- Бөкөшов Ж. Чиеленген тарых, чийилген тагдыр. - Китепте: Бакшы менен Чынгыз хан (Жолдош Бактыгерей Избасаровдун жоголгон дептерлери): Роман. - Б.: "Турар", 2016. - 3-12-б.; Токторов М. Маңкуртчулукту дагы бир жолу эске салган роман же жетесин унуткан урпактардын азабы жана муңу. - Кутбилим, 14-апрель, 2017-ж.; Эркебаев А. Муундар жоголбойт, адабият өлбөйт. - Кыргыз Туусу, 26-март, 2019-ж.; Таштаналиев Б. "Бакшы менен Чынгыз хан": мистика менен реализмдин жуурулушунан жаралган...- Кыргыз Туусу, 15-март, 2024-ж.; Амирбек Азам уулунун, Алмаз Кулматовдун "Азаттык" радиосундагы маектери, Гүлнар Эмилдин "Рухэш" сайтындагы макаласы (24.01.2020) ж.б.
- Койчиев А. Бакшы менен Чынгыз хан (Жолдош Бактыгерей Избасаровдун жоголгон дептерлери): Роман. - Б.: "Турар", 2016. - 484 б.
- Сарманбетов А. Жанбүдөө: Повесттер жана аңгемелер. - Б.: "Рекламир", 2016. - 396 б.
- Айтматов Ч. Чыгармаларынын жыйнагы: 4-том. Роман, аңгемелер. /Түз. А.Акматалиев. - Б.: Бийиктик, 2008. - 544 б.
- Асаналиев К. Кыргыз прозасынын ишенимдүү ориентациясы. - Китепте: Асаналиев К. Тандалмалар: Макалалар жыйнагы. - Ф.: Кыргызстан, 1983. - 332 б.
- Сооронов О. Кыргыз романистикасындагы жаңы сөз. - Жаңы Ордо, 7-февраль, 2014; Сапарбаев Н. Ыйманга чакырган китеп (Султан Раевдин "Жанжаза" романы тууралуу). - Жаңы Ордо, 8-апрель, 2016; Медетов А. Султан Раевдин роман-метафорасы. - Азия news, 26-сентябрь, 2019; Азам уулу А. "Жанжаза": Күнөө кечирилбейт. - Майдан kg, 22-февраль, 2017: Ражабалиев А. Адабиятыбыздагы жаңы кубулуш. - Кутбилим, 11-январь, 2019; Х.Султан. Султан Раев - даңазасы Ала-Тоодон ашкан жазуучу. - Азия news, 20-июнь, 2024;
- Раев С. Жанжаза: Роман. - Б.: Турар, 2013. 416 б.
Курманбек Абакиров, филология илимдеринин доктору, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору, кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.