Президент Касым-Жоомарт Токаевдин «Атам жөнүндө баян» китебине саресеп
- 06.05.2025
- 2131

Фрунзедеги тагдыр буйруган күндөр
Казакстандын президенти К-Ж.Токаевдин калеминен жаралган «Атам жөнүндө баян» китеби (Астана 2025) жалпы кыргыз окурмандарын көңүл кош калтырбайт. Мукабасы жана ар бир барагы мыкты көркөмдөлүп, сапаттуу кагазга басылган береги китептен Казакстандын бүгүнкү лидеринин атасы, Казак адабиятындагы детектив жанрынын түптөөчүсү Кемел Токаевдин өмүрү жана чыгармачылыгы, ошондой эле апасы Турар Шабарбаева тууралуу көп кызыктуу маалыматтар бар.
Эрктүү Казакстандын экинчи президентинин атасы Кемел Токаевдин(1923–1986) өрнөктүү өмүр жолунун трагедиялуу бир нече жылы Фрунзе шаары (бүгүнкү Бишкек) менен байланышкан. 1930-жылдардын башында Советтер Союзунун айыл жерлериндеги коллективдештирүүнүн жүрүшүндө жеке чарбалар ирилештирилип, колхоздор (коллективдүү чарбалар) түзүлөт жана байгер чарбалардын ээлери кулакка тартылат. Ошол эле учурда Казак АССРинин Ф.Голощекин башындагы партиялык жетекчилигинин мамлекетке мал өткөрүү жана дан азыктарын тапшыруу планын ашыкча аткаруу далалатынын кесепети кечээги көчмөн калкты ачарчылыкка кептейт. Жан сактоо үчүн 1931-жылы Каратал өрөөнүндөгү Калпе айылын (азыр Алматы облусунда) калтырып, Кыргызстанга ооп келген Тока үй-бүлөсү менен Фрунзеде байыр алышат.
1933-жылы 10 жаштагы Кемел агасы Касым менен атасынын эски өтүгүн нанга алмаштыруу үчүн шаардык базарга барышканда, кароосуз селсаяк балдарды чогултуп жүргөн милиционерлер экөөнү кармап алып, ата-энебиз бар деген сөздөрүн таназарга албай, жетим балдар үйүнө алып жөнөшөт. Баш ийбесеңер кудукка салып ийебиз деп коркутушат «кызыл шапкелер».
Бул тушта Токанын үйүндө каргашалуу окуя болот. Чыпалактай кызы мештин жанында ойноп жатып, алоолоп күйүп жаткан отко түшүп кетет. Токанын шал болуп жаткан зайыбы наристесине жардам бералбай чыркырап жатып жан берет. Сыртта тирилик кылып жүргөн Токай жана үйдүн кожоюну Яков дене титиреткен үндү эшитип жетип келишет. Токай оттогу чүрпөсүн көрүп, «аялынын баш жагына тизелей ботодой боздоп, кечирим сурап отура берет... Яков мешке суу чачып, отту өчүрүп, ... кыздын жансыз денесин алып чыгат.»
Токай батир ээси Яков көмөктөшүп, жары менен балапандай наристесинин сөөгүн жайга берет. Ал күпкүндүз изсиз жоголгон эки уулун бир нече күн суй жыгылганча издеп, эч жерден таппайт. «...чоң атам үйгө араң жетип, Яковго жашоонун эч кандай маани-маңызы калбаганын айтат. Кокус балдарынын бирөөсү үйгө кайтып келсе, ага жардам берүүсүн өтүнөт да, түн жамынып кожоюнунун үйүнөн чыгып кетет. Ошол күндөн тартып аны эч ким көргөн эмес» деп эскерет К-Ж.Токаев чоң атасы тууралуу «Атам жөнүндө баянда».
Касым атасы кайып болгондой дайынсыз жоголгонун бир айдан ашык убакыттан кийин балдар үйүнөн качып чыгып, Яковдун тамына келип билет. Ал атасын бир апта тынбай издеп, эч жерден таппаган соң, аргасыз балдар үйүнө кайтып келет.
Ага-инилер балдар үйүндө өздөрүн тартиптүү алып жүрүшөт, жакшы окушат. Акылы зирек Касым күндөрдүн биринде балдар үйүнүн башчысына кайрылып, иниси экөөнү дурус балдар үйүнө которууну өтүнөт. Ошентип, ага-ини Чымкенттеги цинк заводунун алдындагы жетим балдар интернатына которулат. Касым интернаттан соң фельдшердик училищени бүтөр замат 1939-жылы Свердловск шаарындагы офицерлерди даярдоочу курска жиберилет. 19 жаштагы Касым Свердловскиге жөнөп жатып, иниси Кемел менен акыркы жолу жүз көрүшөт.
1941-жылы 22-июнда фашисттик Германия Советтер Союзуна кол салат. Кенже политрук Касым Токаев 1942-жылы 22-февралда Калинин фронтундагы кыл чайнашкан согушта курман болот. Сөөгү Тверь облусунун Трубкино кыштагындагы боордоштор көрүстөнүнө көмүлгөн.
Агасы аскерге кеткенден бир жарым жылдан кийин Кемел армияга чакырылып, Фрунзедеги жөө аскерлер училищесинде сержанттарды даядоочу кыска мөөнөттүк курста окуйт. Аны бүтөр менен согушка жөнөтүлөт.
Кан майдандагы жылдар
1942-жылы 18 жаштагы Кемел Сталинград фронтуна түшүп, 226-аткычтар двизиясында отделениние командири катары согушка кирет. Үч айдан кийин жарадар болуп, госпиталда дарыланат. Сакайган соң 7-гвардиялык танк полкунун курамында Сталинградды коргойт, Белоруссияны, Украинаны бошотот. Бир мертебе үч күнгө созулган кандуу салгылаштан кийин жоокерлер тамак-ашсыз калышат. Ошондо К.Токоев талаада өлүп жаткан жылкыны көрүп, аны устукандап чыгат. Бир нече чака таап, жылкынын этин бышырууну сунуш кылат. Эки саатта эт бышат. Аскерлер курсактарын тойгузуп, сержантка ыраазы болушат. Ошондон кийин «Атам аларга «улуттук тамак жасап бердим» деп тамашалап калчу экен.»
К.Токаев 1945-жылы январда Польшада танк үстүндө отурганда немис снайпери мээлеп аткан ок оң бутунун тизесине жаңылып, «танктан учуп түшүп, эс-учун жоготуп коёт.» Тизеси талкаланып, оор жарадар болот.
«Атамдын айткандарын угуп отуруп, көз алдыма анын колундагы автоматы менен танк үстүндө турганы, андан кийин «Мекен үчүн! Сталин үчүн!» деп кыйкырып, секирип түшүп, урушка киргени көз алдыма элестей турган. Азыр, кээ бир жыйырмадагы балбыраган, жүүнү бош жигиттерди көргөндө, аталарыбыздын кан майданда фашисттердин кабыргасын кайыштырган эрдиктери үчүн мактангым келет» дейт Казакстандын президенти.
Касым Токаев Гомелде жана Омбуда(Омск)дарыланат. Доктурлар бутун кесмек болгондо жалбарып жатып кестирбейт. Омбуда Г.Иллизаровго туш келбесе, бутсуз калмак балким. Болочокку атактуу хирург өзү ойлоп тапкан аппаратты пайдаланып, сөөктү узартуу боюнча эксперименттерди өткөрүп жүргөн. Иллизаров жарадар аскердин тизесинин сөөгүн үч ай жаңы усул менен дарылап, бутун аман сактап калат. Андан кийин дагы үч ай Алматыда болочокку академик А.Сызганов жетектеген госпиталда жатып, тизе сөөгү биротоло бүтөт. Бирок балдак таянып басчу болуп, аскерий-медициналык комиссия аны II топтогу майып деп аныктайт.
Казак адабиятындагы детектив жанрынын түптөөчүсү
Көкүрөгүн бир орден, эки медаль кооздогон К.Токаев 1945-жылы Казак мамлекеттик университетинин филология факультетине экзаменсиз кабыл алынат, университетте жалаң «төрт» жана «беш» деген баага окуйт.
Университетти бүткөндөн кийин «Қазақстан пионері», «Жас Ұлан», «Лениншіл жас», «Социалистік Қазақстан» гезиттеринде, «Казак ССР Жогорку Советинин Президиумунун ведомосторунун» башкы редакциясында эмгектенет.
К.Токаевдин жазуучулук өнөрү 1950-жылдары башталат. Калемгердин 1950-жылдардын экинчи жарымында милициянын катаал эмгегине арналган «Ташкын» повести кыргыз, өзбек жана монгол тилдерине да которулуп, ысымы калың элге таанылат. Казак адабиятындагы детектив жанры дал ушул «Ташкындан» башталат.
Жазуучу 1981-жылы казак жана орус тилдеринде удаа жарык көргөн «Соңку сокку» романында ХХ кылымдын 20-жылдары Казакстандын аймагында «падыша генералы Анненков жана анын тарапташтары» жасаган кылмыштар тууралуу жазмак болгон экен, бирок улут аралык мамилелерге залака тиет деп жаздырбай коюшат. Президент К.-Ж.Токаев ошол жылдары цензорлук кылган Казакстан КП БКсынын маданият бөлүмүнүн кээ бир башчылары горбачевдук кайра куруу кезде «улут аралык мамилелердин туруктуулугун сактоого аракет кылгандан көрө, улуттук картаны көтөрө чаап пайдаланган айтылуу демократтарга айланды» деп жазат. (Бул кербез бизде да кайталанган.)
Айтмакчы, «Аргументы и факты» басылмасындагы маалыматка караганда, «Соңку сокку» романынын орус тилиндеги түп нускасы 2023-жылы Алматынын букинситтик дүкөндөрүндө 100 миң теңге же 20 миң рубль турган. (Караңыз: 02.10.2023 АIF.ru)
Д.Кунаевдин кайнатасынын арбагы катышкан окуя
1978-жылы «Жалын» журналында К.Токаевдин жаңы чыгармасынан үзүндү басылат. Анын бир эпизодунда бүгүнкү казак адабиятынын көй кашка өкүлү Сакен Сейфуллин менен ири көпөс Шарип Ялымовдун «кирди-чыкты» мамилеси жөнүндө кеп болот. Бул окуя алгач С.Сейфуллиндин «Тар жол, тайгак кечүү» романында чагылдырылган. «Бирок партиялык идеологдордун башын көтөргөн сенсациялуу материалда С.Сейфуллиндин жеке душманы Димаш Ахметович Кунаевдин жубайы Зухранын атасы (Шарип Ялымов) болуп чыгат.» Ошондо республикалык партиялык уюмдун Борбордук Комитетинен шашылыш көрсөтмө берилип, «Жалындын» К.Токаевдин романынан үзүндү басылган саны жок кылынып, ошол эле номер менен журналдын башка саны чыгат.
Журналды чыгарууга кеткен чыгым – 1 миң сом К. Токаевдин моюнуна жүктөлөт. Бул «кутумдун» активисттери республика жетекчисин (Д.Кунаевди) «каралаганы» үчүн жазуучуну партиядан чыгарууну сунуш кылышат. Эгерде Казакстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин катчысы (секретары) С.Имашев «аша чаап кеткендердин үндөрүн баспаса», 1944-жылы кандуу майданда партиянын катарына өткөн фронтовик-жазуучу КПСС мүчөлүгүнөн чыгарылмак. Жогорку жетекчиликтеги нааразычылыктан улам К.Токаев Казак ССР Жогорку Кеңешинин Президимундагы кызматынан кетет. Бирок президент К.-Ж.Токаевдин ата-энеси жалган жалааны жапкандардын эч кимисине кек сактабайт.
«1984-жылы Д.Конаев (Д.Кунаев) кызматтан кетет деген кептер күчөп турган маалда ата-энебиз небересинин ысымын Зухра деп коюп, көп жылдар бою республика башчысы болон кишиге урмат-сый кылып турушту» деп айтылат «Атам жөнүндө баянда».
К.Токаев мамлекеттик кызматтан кеткенден кийин архивде ургаалдуу эмгектенип, чет мамлекетте иштеген казак жансызы (чалгынчы, разведчик-нелегал) тууралуу жаңы роман жазууга камылга көрөт. Казак жансызы, атасынын айтымында, өмүрлөрү легендага айланган советтик чалгынчылар Рихард Зорге жана Рудольф Абелден өтсө өткөн, бирок кем калышпаган жансыз болуптур. Лекин, КГБ жетекчилиги 1930-жылдарда Кытайда иштеген казак жансызы жөнүндө чыгарма жазууга уруксат бербейт.
1995-жылы Кемел Токаевдин ысымы Талды-Коргон облусунун Каратал районундагы Үч-Дөбө (Үшдөбө) шаарындагы №1-мектепке ыйгарылат. Мектепте К.Токаевдин музейи да ачылат. Ал эми 2003-жылы 31-августта мектептин алдына жазуучунун айкели орнотулат.
Баса, Касым-Жоомарт деген ысымдын берилишин президент Токаев китепте мындай деп түшүндүрөт: «...мен ушул алып жүргөн ысымым үчүн, тагдыр көрүүгө буюрубаган агама ыраазымын, ал эми Жоомарт деп жан дүйнөсү кең, айкөл адам болсун деп апам ыйгарыптыр.»
Китептин «сын-сыпаты» жөнүндө
Казакстандын ушу чактагы президенти Касым-Жоомарт Токаевдин кыргыз жана орус тилдериндеги «Атам жөнүндө баян» китеби титулдук барагында көрсөтүлгөндөй; 2025-жылы Астанада чыккан. Аны кыргыз тилине ким которгону, кыргызчага кайсы тилден которулганы, кош тилдүү китеп канча нускада чыкканы жөнүндө китепте маалымат жок. Ошондуктан, К.-Ж.Токаевдин китеби кыргызчага орус тилинен которулган деп билип, анын кыргызча текстинде суроолор туулса, ким да болсо китептин орус тилиндеги тексттине кайрылары кажетсиз.
Китептеги оркоюп көзгө урунган каталарга көңүл бурбай коюуга болбогондуктан, котормочулар жана окурмандар үчүн пайдалуу болот деген ниетте, алардын кээ бирлерин окурмандар менен бөлүшүүнү туура көрдүм. Эгер мен жаңылышсам, билермандар өз пикирин айтышар...
Кыргызча китептин кириш сөзүндө «2008-жылы атам Кемел Токаев 85 жашка толду» десе, орусча кириш сөздө «В 2013 году моему отцу, Кемелю Токаеву, исполнилось бы 90 лет» деп көрсөтүлүп, башка сүйлөмдөр эки тилде тең окшош. Кийинки 4-бетте «ал 1986-жылы 10-ноябрда 63 (?) Пайгамбар жашында дүйнөдөн» өткөнү белгиленет.
«Атамдын агасы Касым интернаттан кийин Фельдшердик училищени аяктаган соң Свердловскийге жиберилет.» (19-бетте). Туурасы – Свердловскиге же Свердловск шаарына. Буга кошумча, 1991-жылдан бери шаар эзелки аты боюнча Екатеринбург аталып калганы тырмакчада көрсөтүлсө туура болмок.
Китепте кээ бир ыксыз кыргызчаланган топонимдерди, гезит аттарын да жолуктурабыз. Мисалы, Автор этого аппарата, хирург из Кургана Г.Илизаров... – Бул аппараттын автору Коргандык хирург Г. Иллизаров...: «За рубежом» жумалыгы – «Чет өлкөдө» деп кыргызчаланат. Кишилердин аты-жөнүн жазуудагы башаламандык Иллизаров менен чектелбейт. СССР эл артиси Бибигүл Төлөгөнованын аты Бибишүл, көрүнүктүү казак жазуучусу, драматург жана сценарист Аким Тарази – Аким Трази, Казакстан КП БКсынын секретары С.Имашевдин аты бирде Сатар, бирде Саттар болуп, Морис Торез – Мориз Тореза, (тексте: Москвадагы Мориз Тореза атындагы чет тилдер институту), атаман Анненков – Аненков деп бузуп жазылса, К.Токаевдин «Таңбалы алтын» повестинин аты «Таң балы алтын» деп кыргызчаланган. Бул повестин аты «Тамгалуу алтын» же «Белгиси бар алтын» дегенди туюндурат.
Котормочунун 24 жыл Советтик Казакстанды жетектеген Д.Кунаевдин текатын бир жерде Д.Кунаев десе, башка жерде Д.Конаев деп жазуусу да мен үчүн түшүнүксүз.
Ал эми Социалисттик мекени – КСРОну коргоо мезгилинде..., «Мемориал» коомдук архивинде ПУР РККА ЧК бөлүм башчысы...
(25-бетте) сүйлөмдөрүндөгү аббреватуралар эмнени түшүндүрөт – кыргыз окурманы үчүн табышмак. Албетте, КСРО деген кыскартуу кыргыз тилинде жок болгондуктан, баш катырма ого бетер татаал көрүнөт.
Гууглга кирип, КСРО – Кеңестік Социалистік Республикалар Одағы – Советтик Социалисттик Республикалар Союзу, ал эми ПУР РККА -Политического управления Рабоче-Крестьянской Красной Армии –Жумушчу-дыйкан Кызыл Армиясынын Саясый башкармалыгы экенин таптым, бирок ЧК деген аббреватура береги сүйлөмдө эмне маанини билдиргени мен үчүн туңгуюк. Орусча текстке жана Гууглга кайрылып, бул сүйлөмдөгү ЧК дегени Всероссийская чрезвычайная комиссия – ВЧКнын регионалдык комиссиянын бөлүмү экенин аңдадым.
28-бетте: Жетекчилик, казактын жаш жигитин 226-аткычтар дивизиясынын бөлүм командири (?) кызматына дайындайт.
Командир отделение кыргыз тилине бөлүм командири эмес, мурдатан кабыл алынгандай отделениниенин командири деп которулса, жогорудагы сүйлөм суроо жаратпайт эле.
Китептин Сталинград майданы, Калинин майданы, Биринчи Украина майданы, Экинчи Беларусь майданы деген жерине жеткенде кайра токтойсуң, бул эмне деп. Алаксыйсың түшүнбөй. Котормочу Сталинградский фронт, Калининский фронт, Первый Украинский фронт, Второй Белорусский фронт деген аталыштардагы фронт терминин майдан деп которбосо, текст шыр кете бермек.
Мен китептен эгерим жолуктурбаган сөз түзүмдөрүн жана тил сындырчу сүйлөмдөрдү да кезиктирдим:
Университетке кирген кези азыр да кайгылуу өмүрүнүн эң бактылуу чактары экенин, атам көтөрүңкү, мактануу менен айта турган. (42-бетте)
Алгачкы китеби жарык көргөн соң, үч жылдан кийин атам милиция коркунучтуу жана кооптуу эмгеги тууралуу өтө кызыктуу чыгармасын аяктады.(51-бетте)
Окурмандарды таркторист менен саанчыны махабаты, партия кызматкерлеринин жан кечти эмгеги же Казакстан аймагындагы Кеңеш өкмөтүн орнотуудагы казак тарыхы кызыктырган эмес. (54-бетте)
Чыгарманын чакан эпиозодунда айтылган Сакен Сейфуллин менен улуу соодагер (ири соодагер же чоң көпөс) Шарип Ялымовдун ортосундагы карама-каршылыктарды «байкап» коюшат. (95-бетте)
Алматынын алма апортунун (апорт алмасынын) жыты кандай керемет... (128-бетте)
Китептин орус тилиндеги текстиндеги «ярмарка тщеславия» деген фразеологиялык сөзүн «мансапкумарлык жарманкеси» деп кыргызча которулганы бир жагынан кызыктуу көрүнөт. Бирок береги фразеологиялык сөз жалгыз эле мансапкор-карьеристтерге мүнөздүү пенделик кемчиликти эмес, жалпы адамдарга таандык көйрөңдүктү, мансапкорлукту сыпаттагандыктан, «мансапкумарлык» деген сөз айкашы мага ылайыксыз көрүнүүдө...
Жогоруда көрсөтүлгөн жана башка мүчүлүштүктөрүнө карабай, Касым-Жоомарт Токаевдин «Атам жөнүндө баяны» мурдакы Советтик Казакстандын жогорку жетекчилери, жазуучулары жана маданият ишмерлери жөнүндөгү кызыктуу маалыматтары, фотосүрөттөрү менен кызыктуу болот кыргыз окурмандарына. Албетте, бир килейген мамлекеттин башчысынын китеби берегидей кемчиликтер менен которулганы – котормочулук өнөрүнө ат үстүнөн мамиле жасаган аткарминерлердин иши дейли, а эгер адабий даярдыкты жана чеберчиликти талап кылган бул жооптуу иш дасыккан котормочуларга тапшырылса, мындай котормодо алдагыдай алашем же чийки сүйлөмдөр, кемчиликтер болмок эмес.
Амирбек Азам уулу
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.