Аким Кожотегин: Мөлт...

  • 13.06.2025
  • 1496

МӨЛТ...

(зөөкүр эркектердин курмандыгы болгон аялдарга арналат)

Аял кандай жаңылыштык кетирбесин, анда эркектин да күнөөсү бар.
Иоганн Гердер

Каалганы ачар замат нес болуп катып калды. Жүрөгүнүн согушу мурдагыдан да күчөп, башына кан тээп чыкты. Босогодо турган он жети-он сегиз жаштагы кыздан көзүн албай:

– Сен… сен… – дегенге араң жарады.

– Даректен жаңылган жокмунбу, бул 25-батирби? – деп сурады кыз, кишинин таң калганына көңүл бурбай.

– Ооба… 25-батир, бирок…

– Эмне, бирок? Же айнып калдыңызбы? Айнысаңыз да акчаӊыз кайтарылбайт. Сизге түн катып бекер жүргөн эч ким жок!

Киши эшикти жаап, бери бурула бергенде кыз өзүн теше тиктеп турган экен. Эркекти кыздын жаштыгы, сулуулугу эле эмес, анын чечкиндүүлүгү, өзүн ээн-эркин кармаганы таң калтырды. Ал тил-ооздон калгандай сенейип тура берди.

– Эмне унчукпайсыз? Же дүлөй-дудук дагысызбы? – жини келгендей сурады кыз, анын бир жамбашынан сылтып басканына, оң колтугундагы балдагына көз кырын салып.

– Мени менен сүйлөшкөн келин… кырк бештердемин дебеди беле? – жан киргендей күбүрөдү эркек. – Мында бир чоң жаңылыштык кеткен окшойт.

– Эч кандай жаңылыштык кеткен жок, – шар жооп берди кыз. – Болгону ал эже ооруп калып, ордуна мен келдим. Ал байкуш кыйладан бери ооруп жүрөт. Эгерде билгиңиз келсе, бизде иштеген чоң эжелердин баары эле эмнегедир көп оорушат.

– Сен алардын баарын тааныйсыңбы? – деп сурады эркек, кыздын моймолжуган көздөрүнө арбалып. Негизи ал дагы деле көргөн көзүнө ишенбеди, мунун баары түшүндө болуп жаткандай сезилди.

– Кызык суроо бересиз! Бир фирмада иштесек, кантип тааныбайын. Баарын тааныйм, – наздана жооп берди кыз. Үнү да жумшара түштү.

– Тиги… интернетте… «индивидуалка» деп турганынан сурап жатпаймынбы.

– Ошого ишенип калдыңызбы? Ал деген клиенттерди азгыруунун амалы. Жалгыз-жарым иштеп көр, Тереза эже айтмакчы, кутулбас куяга каласың. Билсеңиз, проституция деген чоң бизнес. Анын артында жогору жактагылар турат дешет. Ошону да билбейсизби?

– Ошондойбу?

Ал кыздын эмне айтып жатканына анча маани берген жок. Аны кыздын ийкемдүү кыймыл-аракети, ымдоо-жаңсоосу, кашып серпе сүйлөгөнү, гүлдүн үлбүрөгүндөй назик эриндери, тар, жука көйнөгүн тээп чыкчудай тирсийген көкүрөгү кызыктырды. Эркектин бүт денеси дүүлүгүп, колдорун калтырак басты.

– Ичкенге бирдемеңиз барбы, тамагым кургап калды. Бу ысык демиктирип өлтүрө турган болду го.

– Бар! Албетте, бар! – эркек шашкалактап, майып жамбашына күч келтирбеш үчүн салмагын сыӊар балдагына сала кызды ичкерки бөлмөгө ээрчитип жөнөдү. Чакан үстөлдүн үстүндөгү дүр-дүйүм жер-жемишти, таттууларды, ичимдиктерди көрүп, кыз «вау!» деп алакандарын шак чаап жиберди. Эки кишиге ылайыкталып, табактарга тамак-аш да салынган эле. Шампан менен тортту байкап, кыздын көздөрү андан бетер жайнап кетти.

– Укмуш го! Ушунун баарын атайын даярдадыңызбы? Тереза эже келсе жыргамак экен. Багы жокко дагы жок болгон турбайбы. Байкуш эжем… Ачыгын айтсам, бизди минтип күтүп алган адамды биринчи көрүшүм.

Ал колун созуп, табакчадан бир даана жүзүмдү үзүп жей берейин дегенде эркек:

– Айтмакчы, кол жуугуч ашканада, – деп эскертти, – самын да бар.

 Кыз мурчуя түштү, өчөшкөндөй колундагы жүзүмдү оозуна шарт салып жиберди да, ашкана тарапка жөнөдү.

Ач экен, тамакты үзүлө түшүп жеди, шараптан да баш тарткан жок. Тамак ичип жатканда анда-санда эле бир нерсени сураганы болбосо, эркекке такыр назар салбады. Жер-жемиш, таттуулардан да тоё жеди. Өңү албырып, көл-шал болуп тердеп чыкты.

– Терезелерди ачпайсызбы тумчуктурбай, же кондиционериңиз болбосо! Деги кыргыздарга кондиционер буюрабы өзү! – кыз туталанып кетти. Ачуудан ак жуумал жүзү кызара түштү.

– Желдеткич бар эле, саат басып иштебей калыптыр, – эркек актанымыш болду. – Быйылкы жай өзгөчө ысытты го. Түнүчүндө да салкындайын деген түрү жок.

«Көрчү, бул кызга ачууланган да жарашат экен, – деди ичинен. – Сулуунун баскан-турганы да, сүйлөгөнү да, күлгөнү да, атүгүл ачууланганы да өзүнчө керемет». Мындай ойду ал кайсы китептен окуганын эстей албады. Балким, кыздын ажайып ажарына суктанып жатып, азыр эле өзүнүн башына келгендир.

Курсагы тоюнуп, көңүлү жайланган кыз бөлмөнүн ичин бир нече ирет айландыра карап чыкты. Анан:

– Жалгыз жашайсызбы? – деп, жөн салды сурап койду.

– Ии, – эркек да кыска жооп берди.

Ал арада кыз ордунан чапчаң козголуп, бөлмөнүн төркү дубалында илинип турган сүрөттөрдүн арасынан сулуу аялдын портретине ынтаалуу тигилди.

– Аялыңызбы?

– Ооба.

– Өлүп калды беле?

– Аварияда каза болгон.

– Аа, – деди кыз кайдыгер гана.

Кийин кыздын көзү бөлмөнүн оӊ капшытындагы шкафта тирелип турган китептерге түштү.

– Ушунча китептин баарын өзүңүз окуйсузбу? – таң кала сурады.

– Өзүм.

– Кантип эле? Башыңыз айнып калган жокпу? Айылдагы бир кошуна кемпир көп китеп окуган кишинин башы айнып калат дечү, – ал тамашаламыш этти. Бирок заматта жүзү сумсайып, китептерге кусалуу тигилди. Ар биринин мукабасын аяр сылагысы келгендей алакандарын алдыга умсуна сунганын да, эмнегедир оор улутунганын да арт жагында отурган эркек байкабай калды.

– Азырынча айный элек, – эр киши чын дилинен каткырды. Ал катуу толкунданып, көкүрөк-көөдөнүн кандайдыр бир өзгөчө жылуулук ээледи. Бир орунда катып, кыздын келишимдүү бой-келбетине, жаштыгына суктанып, сонуркап, тамшана карай берди.

Ал аңгыча кыздын чөнтөк телефону шыңгырап калды.

– Ало, эже, угуп атам.

– Жарым саатта машине барат, кечикпей чыккын, уктуңбу. Чоң акула тузакка илинмей болду.

– Чоң акула дейсизби?

– Ии. Жогору жакта иштейт окшойт. Депутатпы, министрби, иши кылып жөнөкөй адам эмес. Шефтин жан-алы калбай күйпөлөктөгөнүнө караганда өтө таасирдүү неме көрүнөт. «Уят кылбагыла!» дейт. Карина экөөңөрдү бир жумага дачасына алып кетет экен.

– Бир жумагабы?

– Ооба, бир жумага.

– Бир жумага ал депутатын дачасында мага суутуп коюптурбу? Баргысы келсе Карина өзү бара берсин.

– Ой, сен эмне деп жатасың?! Карина тамак-аш жасап, тиги-бу кылганга гана керек. А негизги барчу киши сенсиң. Шеф сени «кылыгын көрсөтпөй, акыл-эси менен болсун» деди.

– Билем силердин министр, депутаттарыңарды! Жеткен сараң, битир немелер.

– Шеф «акча жагынан кам санабасын, өзүм ыраазы кылам» дейт.

– Шеф! Шеф! Шеф! Шефиңиз качан эле бизди акчага маарытып, жыргатып койчу эле!

– Эми ал жагын өзүң сүйлөшүп, өзүң чеч. Бирок сөзсүз даяр тургун. Шефтин ачуусун билесиң, бир жини келсе баарын кыйсыпыр кылат. Сенин айыңдан кайра-кайра мага сөз тийишин каалабайм...

Кыз андан ары уккусу келбей, шарт телефонду өчүрүп салды. Маанайы чөгүп, иреӊи бузулду.

Өчү бардай:

– Селейип эмне турасыз, чечинбейсизби?! – деп эркекке бир тийди.

– Өлөрманданып трибунада баары маданияттуу, баары сыпайы, а чын-чынына келгенде жеткен орой, балит немелер. Тоону томкоруп койгонсуп, мактанышкандарын айт. Элестет, мен эми бир жума ошондой айбандардын бирине катын болот экенмин. Андан көрө көчөдөгү бомж менен жатканым артык эмеспи.

Кыз албууттанып, чечкен кийимдерин туш келди бургады да, дырдай жылаңач боюнча темир керебетке барып жатты. Кыздын аппак денесин көргөндө эркек апкаарып, азат боюн калтырак басты. Буттары тушалып калгандай ордунан козголо албады. Башы эңги-деңги болуп, эс-мас абалда калды.

Эркектин дагы деле чечинбей турганын көргөн кыз:

– Бу кеп түшүнөбү өзү?! Убактыңыз бүтүп атат, келбейсизби эми?! – деп опурулду (кызды бир саатка эле чакырган болчу). Эркек ордунан туруп, темтеңдей басып кыз тарапка жөнөдү. Жыгылып кетпеш үчүн бүт салмагын жалгыз балдагына салды. Кыздын жанына жеткенде өнө бою калчылдап кетти. Башы айланып, көздөрү туманданды. Ал керебеттин четине коомай көчүк басты да, кыздын жылаңач денесинен көзүн ала качып, анын бут жагында түрүлүп калган шейшепти алып, кыздын көкүрөгүнө чейин жапты.

– Мүмкүн болсо жөн эле сүйлөшүп отуралычы. Жөн эле сүйлөшүп… – деди үнү дирилдеп, сурангандай. Бир эле учурда кыздын көздөрүнө ушунчалык бир кусалык, ушунчалык бир сагыныч, эңсөө менен тигилди.

– Аа... түшүндүм. Сиз тиги… неме турбайсызбы? – собол узатты кыз, үнү өзгөрүлүп. Ал дароо жоошуй түшүп, эркектин оң колун аягансып аяр кармады. Обдулуп, керебеттен өйдө болду.

– Аварияда ушинтип калдыңыз беле? – кыз такып сурады.

– Аварияда дейсиңби… андай деле эмес… – эркек түшүнүксүз кобурады.

– Айтам да. Ошон үчүн тийишпей аткан экенсиз да. Бөлөк эркектер бир саатка төлөгөн акчасын он эселеп чыгарып алышат. Эшиктен кирер замат баса калып тытмалап киришет. Тереза эже айтмакчы, карышкыр койду талагандай кылышат.

– Мен… мен… – деди эркек мукактанып, – мен жөн эле сүйлөшүп отурсам дегем.

Ал оор улутунуп, шуу үшкүрдү.

– Келиңиз, жаныма жатыңыз, – деди кыз орун бошотуп. – Мендей жаш кызды кантип эле кучактап өпкүңүз келбесин. Келиңиз, тартынбаңыз. Бирок убакыт аз калды – азыр мени алып кеткени келишет.

Кыз ары жумшак, ары назик сүйлөдү.

– Жо, жок! – эркек чочуп кетти. – Мен жөн эле…

Ал бүт тулку менен кыз тарапка бурулду да:

– Сенин көздөрүң укмуш экен! Керемет көздөр! – деди катуу толкунданып. – Сенин көздөрүңдү карап отургандын өзү эле кандай ыракат! Мага ушул гана жетет. Мен ушул көз ирмемди калган бүт өмүрүмө алмашпас элем!

Ал өрөпкүп, карегине жаш тегеренди. Эриндери титиреп кетти. Кыз эркекти саамга таңыркай карап турду да анан күлүп жиберди.

– Кызык киши экенсиз, жашык да турбайсызбы! – деди эркелегендей. – Менин көздөрүм эле сизди бактылуу кыла алса, мына, каалашыңызча тиктей бериңиз.

Ал жүзүн эркектин маңдайына жакын алып келип, ансыз да бакырайган каректерин чоң ачты. Ошол мүнөттө кыздын чөнтөк телефону шыңгырады.

– Шайтан алгыр! Убакыт болуп калган турбайбы! – деди ал өкүнгөндөй. Керебеттен түшүп, ыкчам кийине баштады. Ал эми эркек жана эле тапкан таалайын колдон жулдуруп ийген немедей томсоруп отуруп калды.

– Сиз капа этпеңиз. Чакырсаңыз дагы келем. Жанагы элкомго алдын ала акчасын которуп койсоңуз болгону. Бир жумадан кийин байланышалы, макулбу. Туура жети күндөн кийин телефон чалыңыз. Ошондо кайсы күн болуп калат? Жекшемби. Жок, биринчи күнү кечки саат ондордо. Сүйлөштүкпү?

– Сен атыңды да айтпадың го, жакшылап таанышып алсак болмок, – деди эркек ындыны өчүп.

– Клеопатраны деп айтыңыз. Бирок менин чыныгы атым – Мөлмөл.

– Мөлмөл дейсиңби?! Кандай таң каларлык дал келүү! – эркек дээрлик кыйкырып жиберди.

– Байке, эмне болду? – кыз чочуп кетти.

– Эмнегедир баятан бери менин кулагыма Барпынын «Мөлмөлүмү» жаңырып жаткан. Ааламдын биз аныгына жете элек купуя көп сырлары бар. Болбосо азыркы дал келүүнү кантип түшүндүрөбүз.

– Аа, – деп койду кыз, анча маани бербегендей.

– А эмне үчүн Клеопатра?

– Биздин каймана аттарыбыздын баарын бая телефон чалган бригадирибиз мамаша Кураж ойлоп тапкан. Өзүн «мамаша Кураж» деп атап алган да өзү. Тереза эже аны «өлөрман эне» деп атайт. Ырасын айтсам, мен бизде иштеген эжелердин көбүнүн чыныгы аттарын билбейм.

– «Өлөрман эне» десе таап айтыптыр, – деди эркек жылмайып.

Ошол көз ирмемде телефон дагы шыңгырады.

– Акмактар! Кайра-кайра телефон чалып… Беш мүнөт кечиксем өлүп калмак белеңер! – кыз жаалы кайнап, жулкуна жөнөдү. Бирок сыртка чыга берерде кайра келип эркекти шарт кучактап өптү да токтолбостон басып кетти…

(Повесттен кыскача үзүндү. Толук вариантын китептен окуй аласыздар.)

Китепти автордун өз колунан сатып алууну каалоочулар +996 551 101 481 номуруна кайрылыңыздар!

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз