Дүйшөн Шаматов: Мугалимдин аброю

  • 16.06.2025
  • 1339

Эч кандай билим берүү системасы ошол системада иштеген мугалимдердин сапатынан жогору боло албайт деген учкул сөздүн маанисин талдап көрсөк, мугалимдердин сапаты билим берүү сапатынын көрсөткүчү. Мугалимдер жаштарга билим жана тарбия берүүчү инсандар экени талашсыз. Чын, билим сапаты мугалимдин профессионалдык деңгээлинен көз каранды. 

Мугалимдер күчтүү болсо, өлкөнүн өнүгүп, бакубат болуусуна түздөн түз таасир берет. А билим деңгээлинин төмөндүгү мамлекет ичиндеги саясый, экономикалык жана руханий маселелердин күчөшүнө таасир этиши мүмкүн. Керек болсо мамлекеттин коопсуздугу менен көз карандысыздыгы да билим берүү сапатына байланыштуу.  

Тилекке каршы, азыркы учурда мугалимдердин статусу абдан төмөндөп кеткен. Коомчулукта негизинен мугалимдердин жетишпеген жактары сынга алынып, массалык маалымат каражаттары аркылуу көбүнчө терс жактары чагылдырылат. Бул көрүнүш азыркы жаштардын мугалимдик кесипти тандоосуна бөгөт койгону талашсыз. Балким мугалимдердин аброюн көтөрүү максатында мыйзамдар иштелип чыкса, мугалимдик кесипти тандагандардын саны артмак. Ошону менен биздин адистер алдыңкы өнүккөн мамлекеттерде барып окуп келип, биздин системага тажрыйбасын таркатса жакшы болмок.

Билим берүү системасына олуттуу көңүл бурулбагандын кесепетинен улам окуучуларыбыз мектепте жетишерлик деңгээлде билим албай, натыйжасында, көптөгөн жаштарыбыз мигрант катары кара жумушка кетүүдө. Эми миграция маселеси татаал жана аны дароо токтотуш кыйын. Бирок биздин жаштар заманбап билим алганда ошол эле чет өлкөгө барган жарандар чет тилдеринде эркин сүйлөп, техникалык кесиптик билими жогору болсо, алардын квалификациялык жумуштарга орношуу мүмкүнчүлүктөрү кеңири болмок, өз укуктарын да коргой алышмак.

Өлкөдө билим берүү сапатын оңдоо тууралуу концепция кабыл алынышы керек. Келечегибизди билимдүү жаштар менен камсыздай алсак, өлкөбүз башка мамлекеттер менен тең ата мамиле жасай алат. Мугалимдин статусун жогорулатуу өтө керек маселе. Ар кандай мамлекеттерде, эл аралык деңгээлде мугалимдин статусун жогорулатуу аракеттери болуп жатат. Мына ошондой аракеттердин көрүнүктүү эки мисалын келтирейин.

Биричиси, мугалимдердин аброюн көтөргөн изилдөө ТАЛИС (Teaching and Learning International Survey, TALIS) болуп саналат (http://www.oecd.org/education/-talis/ ).

ТАЛИС 2008-жылдан бери ар бир беш жылда өткөзүлөт. Ал мугалимдердин мектепте иштөө шарттарын жана билим берүү чөйрөсүн изилдейт. Изилдөө мектеп билим берүү саясатын калыптандырууга, өз салымын кошууга шарт түзөт. Изилдөөгө мектеп мүдүрлөрү менен мугалимдер катышат.

ТАЛИС-2013 жыйынтыгы боюнча төмөнкү натыйжалар алынган: 1-мектептеги мугалимдин убактысынын 20 пайызы тартипти оңдоого, административдик документтерди толтурууга кетет. Бул албетте, кесипке терс таасирин тийгизбей койбойт. Мектеп мүдүрүнүн 41% убактысы административдик жумушка кетет. Сурамжылоого катышкан мугалимдин болгону 30 пайызы коомдо мугалимдик кесип бааланат деп эсептешет.

ТАЛИСтин изилдөөсү төмөнкүдөй суроону камтыган: мугалимдердин окутуу жөнүндөгү ою, мектеп лидерлери, мугалимдин кесиптик иш аракети, мугалимдин кесиптик өнүгүшү, мектептеги жагдай, мугалимдин өз жумушу менен канааттануусу, мугалимдердин ар кандай катмардын жана диндин өкүлдөрүнүн балдарына билим берүүсү.

Жыйынтыгында ТАЛИС көптөгөн мамлекеттердин билим сапатын жакшыртууга көмөк берген. Мисалы, ТАЛИС жыйынтыктарынын негизинде Кытайдын Шаңхай шаарында мугалимдердин маянасы 10% жогору көтөрүлдү. Ал эми Жапония ТАЛИСтин жардамы менен бир канча керектүү маселелерин чечип, айлык акыларын жогорулатышкан. Ал эми Англияда ТАЛИС негизинде мугалимдердин окуу жүктөмүн кызуу талкуулашкан. 

Дагы бирөөсү Варки фонду (Varkey Foundation) 2013–2014-жылдан бери уюштуруп келе жаткан Глобалдык Мугалимдер Сыйлыгы (Global Teacher Prize). Бул сыйлыкты журналисттер мугалимдер арасындагы Нобель сыйлыгы аташат. Бул сынакка дүйнөнүн булуң бурчунан мугалимдер катыша алат жана жеңүүчү болгон мугалимге 1 миллион доллар акчалай сыйлык тапшырылат. Ошондой эле мыкты 50 жана мыкты 10 мугалим тизмесине киргендерге да атайын баалуу сыйлыктар берилет. Бул сынактын негизги максаты – мугалимдердин статусун жогорулатуу. Сынактын алдында репрезентативдик тандоо менен сурамжылоо изилдөөсү жүргүзүлүп турат. Мисалы, Глобалдык Мугалимдер Статусун аныктоо үчүн ар кандай өлкөлөрдө иштеген мугалимдердин индексин 5 тармактан карап көрүшкөн.

1-мугалимдик кесиптин башка кесиптерге караганда кадыр баркы;

2-мугалимдердин коомдогу орду;

3-ата-энелер өз балдарын мугалим бол деп үгүттөшөбү;

4-окуучулар өздөрүнүн мугалимдерин урматташабы;

5-коомдун мүчөлөрү азыркы мугалимдердин маянасы кандай деген сурамжылоо жүргүзүшкөн.

Ушул сурамжылоону Варки фонду 2013-жылы биринчи жолу өткөрүшкөн, анда алар 21 өлкөдөн 21000 адамды катыштырышкан. Ар кандай тармактагы адамдарды ар бир өлкөдөн 1000ден адам катыштырышкан.

1-суроосу башкаларга караганда мугалимдик кесиптин кадыр-баркы кандай деп салыштыруу үчүн баары болуп 14 кесипти сунушташкан. Рейтингге жайгаштыргыла деген суроого жогорку жана төмөнкү орундар деп белгилешкен. Салыштырууга берилген кесиптерге башталгыч класстын мугалими, орто мектеп мугалими, мектеп мүдүрү, милиция кызматкери, врач, менеджер, дизайнер, китепканачы, айыл өкмөтү, социалдык кызматкер, вебдизайнер, инженер, сот кызматкер кесиптери берилген. 

Мугалимдик кесиптин орду башка кесиптерге салыштырылган. Натыйжада мугалимдик кесип жогорудагы 14 кесиптин арасынан 7-8 орунга коюлган. Сурамжылоого катышкан көпчүлүк мамлекеттерде жогорку класстын мугалимдери башталгыч класстын мугалимдеринен аброю жогору бааланган. Ал эми мектеп мүдүрүнүн аброю мугалимдик кесипке караганда жогору көрсөтүлгөн. Көпчүлүк катышуучулар мугалимдик кесипти китепканачы жана социалдык кызматкер менен аброю окшош деп баалашкан.

Ата-энелер өз балдарын мугалимдикке үгүттөйбү деген суроого төмөндөкүдөй жооп алышкан: Кытайда көпчүлүк ата-энелер (50%) балдарын мугалим болушун каалайт жана ошондой эле Греция, Түштүк Корея, Түркия да ушундай эле ойлошот. Израилде болгону 8% ата-эне өз балдарын мугалим бол деп үгүттөшөт.  

Окуучулар мугалимдерин урматтайбы деген суроонун жыйынтыгы да кызыгуу жаратып, Кытай эл республикасында 75%, Түштүк Кореяда 55% өлчөмгө ээ болгон. Сингапур, Египет, Түркия мамлекетеринде да респонденттер окуучулар мугалимдерин урматташарын тастыкташкан. Ал эми начар көрсөткүчкө Бразилия, Израил мамлекеттери ээ.

Сурамжылоо жыйынтыгында мугалимдерди сыйлаган Жакынкы Чыгыш жана Азия өлкөлөрү экени аныкталган. Балким бул ошол элдердеги улууларды урматтоо тенденциясынын сакталып калганын көрүүгө болот.

Сурамжылоонун 5-суроосуна да кызыктуу жооптор алынган. Дээрлик бардык мамлекеттерде айлык маянасы жогору болсо деген ойлор айтылган, бир гана Жапонияда мугалимдердин айлыгын бир аз азайтылса деген ойду айтышкан. Бул сынакты уюштуруп, сыйлык берүүнүн максаты – мугалимдик кесипти даңктоо, күчтүү адистерди кесипке тартуу. Сынакта мугалим окуучуларына жана жалпы эле коомчулукка тийгизген таасирине басым жасалат. Сынактын критерийлери төмөнкүдөй:

1-коомчулуктун колдоосу мектеп жамааттын, окуучулардын сын-пикири аркылуу;

2-мугалим өз кесибине тийгизген таасири жана башка адамдарды мугалимдик кесипке тарта билүүсү;

3-окутууда инновациялык окутуу усулдарын колдоно билүүсү;

4-окуткан окуучуларынын ийгиликке жетүүсүнө өбөлгө болуусу;

5-мектептен тышкаркы учурда мугалимдик кесипти канчалык деңгээлде чагылдырып жатканы;

6-окуучуларды өз мекенин сүйүүгө даярдоо менен чектелбестен, аларга жалпы адамзаттык баалуулуктарды таанытуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзүп бере алдыбы деген кызыктуу критерий болуп саналат. Ошентип, Global Teacher Prize деген конкурска катышуу – мугалимдердин аброюн көтөрөт деген ишеничтебиз.

Тилекке каршы, 2013–2014-жылдардан бери уюштурулуп келе жаткан бул сынакка Кыргызстанда бир да мугалим катыша элек. Бизде мактанаарлык мугалимдерибиз көп, мына ошолор ушул сынакка катышып, биринчи орунду жеңип алса, кандай сонун болмок. Олимпиадада медаль уткан спортсмендерибизге окшоп ошол мугалимдерди аэропорттон тосуп алып, коомчулугубуздун каарманы кылып даңазаласак. Канча деген мугалимдерге шык-дем бермек жана мугалимдик кесипке жаштарыбыз да кызыга башташмак. Ушул сынакка катышуу үчүн маалыматты бул сайттан тапса болот https://www.globalteacherprize.org/.  

Бул макала белгилүү профессор Дүйшөн Шаматовдун "Билимге умтулуу" аттуу китебинен алынды.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз