Миргүл Наралиева: Шам чырак

  • 23.06.2025
  • 873

АҢГЕМЕ-ФЭНТЕЗИ

Караңгы үй. Үйдүн терезесинде жалгыз шам чырак турат. Ал бөлмөнүн ичиндеги чачылган эски буюмдар, сүрөт, кагаздар, өңү өчкөн оюнчуктарды көп жылдардан бери талыбай тиктеп турганы турган.

Бирок шам чырак дайыма сырткы жашоону көргүсү келе берчү. Терезеден  аркы жашоо кандай болду экен? Ал сыртка такыр чыгып көрбөптүр. Көчөгө жарыгын жаркыратып чачкан чоң чырак менен сүйлөшкүсү келчү.

Бүгүн кандай болсо да эшикке чыгып көрөйүн деди. Терезеден аярлай түштү. Тепкичтен тепкичке секирип, түшүп келе жатып чалынып жыгылды. Тоголонуп барып эшиктин сынык жеринен сыртка чыгып, жерге жатып калды. Көзүн ачып, өйдө туруп, эки жагын  карады. Бах, кандай сонун! Абдан кооз жана кең дүйнө экен.

Сүйүнүп, бир-эки кадам секиргенде эле жалыны жалп өчтү. Кайра күйдү. Шамал кайра өчүрдү. Кайра күйдү. Ошентип жолго жеткенде машина жанынан шуу деп өтүп кетти. Жалыны дагы өчтү. Жолдун аркы бетине жеткиче далай жолу өчүп-күйдү.

Өзүнө бою кичине болуп калгандай сезилди. Бир маалда алдынан мышык чыгып, үрпөйүп чочуп качып жөнөдү. Шам чырак ага таң калды.

Анан чоң чырактын алдына келип учурашты. Бирок чоң чырак аны карагысы келбей, көрмөксөн болуп тура берди. Ал шам чырактын  терезеде турганын байкачу, бирок  ага көңүл бургусу келчү эмес.

Шам чырак ары жактан  кичинекей топ таап келип, аны чоң чыракка тоголотту. Топ  чоң чырактын бутуна келип тийди. Чоң чыракка жакпай калды көрүнөт, кабагын түйдү.

Бир маалда шам чырак желим баштыкты шамалга тосуп, ага жел толтуруп  учуп жөнөдү.Чоң чырак ага таң кала карады. Кулап кетпесин деп кабатырлана баштады. Чоң чырактын маңдайына жетерде, жамгыр себелеп кирди. Желим баштыкка суу толуп, шам чырак жерге кулап түштү. Алдастады. Эми суу боло электе үйгө жетүү керек.

Желим баштыктан  араң бошонуп, секирип жөнөйт. Чоң чырак өз жарыгын ал жакка буруп,  жол көрсөтүп жардам берет. Ал дагы тынчсызданат. Шам чырак улам өчүп-күйүп, үйдүн жанына келип, эшигин көрүп таң калып туруп калат. Эшиктин сырты жыгач менен мыкталган экен. Демек, бул үйдө эч ким жашабайт...

Жамгыр катуу жаап баштады. Шам чырак үйгө кирип, терезеге чыкты. Бою өтө эле кичирейип кетиптир. Көчөдөгү чоң чырактын башы эле көрүнүп турду. Чоң чырак аны карап туруптур. Кол булгалады.Чоң чырак да жарыгын чачып, андан көзүн албады.

Шам чырак бөлмөдөгү буюмдарды дагы бир ирет карады. Баарынын көңүлү суз. Аларга жылмаю тартуулагысы келди. Бирок өзү өчүп бара жатат. Кабатыр болду. Айла жок. Акыры чоң чырактын жарыгына колун сунуп, көзүн жумуп өчүп бара жатты.

Чоң чырак дагы көзүн жумуп, уктамак болгон. Ошол маалда терезеден катуу күч менен, бир узун нур кирди. Шам чырак чочуп кетти. Ага акыркы күчүн жыйнап колун тийгизди. Абдан жагымдуу экен. Анан ошол жарыктын ичине кирип кетти...

Ал жарык  күндүн алгачкы, таңкы нуру эле. Шам чырак ошентип күн нуруна айланып, терезе артындагы жашоону көрүп кубанды. Аалам кезди. Сууларга, тоолорго, табиятка суктанды. Бактылуу болду. Жыргап, каткырып күлдү.

Эртеси баягы үйдүн терезесинен таңкы, биринчи нур болуп кирди. Кирип баратып кечээги ордун караса, өзүнүн эриген элеси күлүп  туруптур. Күндүн алгачкы нуру бөлмөдөгү буюмдарды жылмайып карап, кытыгылай баштады.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз