Врач-сексолог: Жыныстык сабатсыздык – ажырашуулардын жашыруун себеби

  • 07.07.2025
  • 723

"Аялды төшөктө сүйбөгөн эркек, аны турмушта да сүйбөйт."
(Француз эл макалы)

Сүйүүнү баштоо оңой, а сактап калуу – өнөр.

Кыргыз коомунда жыныстык темада сүйлөө – уят, сурап билүү – күнөө, аңдоо – ээнбаштык катары кабылданып келген. Ушундай тар түшүнүктүн айынан төшөк жашоосу тууралуу билимсиздик көптөгөн үй-бүлөлөрдүн тагдырын тозокко айландырып жатат. Бул – жашыруун трагедия.

Эркек үчүн жыныстык жашоо – жеңиш, аял үчүн – байланышты тереңдетүү.

Адам денеси – жөн эле тери менен эт эмес, бул жан дүйнөнүн жана сезимдин тилсиз дүйнөсү. Көптөгөн эркектер жыныстык жакындыкты максат катары, ал эми аялдар милдет катары кабыл алышат. Төшөктөгү көңүл калуу, салкын мамиле акырында аялдын сүйүүсүн, ишенимин, ишеним менен кошо аялдык аруулугун жоготот.

Ажырашуулардын жашыруун статистикасы:

Кыргызстанда ажырашуулар жылдан жылга көбөйүп жатканы менен анын себептерин көбүнчө “мүнөзү туура келбеди” же “туугандар менен тил табыша албады” деген үстүрт жүйөлөр менен жашырып коюшат. Ал эми иш жүзүндө:

  • Төшөк жашоосундагы канааттанбоо;
  • Жубайлардын бири-бирин жыныстык жактан түшүнбөөсү;
  • Эркектер аялдын муктаждыктарын тоготпогон өзүмчүл мамиле;
  • Аялдын “кумары сыздап”, бирок үн катпай жашап жүрүшү – ушулар үнсүз, бирок эң негизги себептердин бири.

Аялдын үнү угулбайт. Бирок сезилет.

Эркек – төшөк мамилесинде үстөмдүк кылууну кааласа, аял жубайынын ичинде эриген жылуулукту, эркеликти, назиктикти каалайт. Аял үчүн алгач эмоциялык байланышты, коргоочу күчтү, тазалык менен назды сезүү маанилүү. Ушул нерселер болбой, эркек үстүрт мамиле менен жыныстык актыны механикалык милдетке айландырса, аял үчүн төшөк – ыракат эмес, жазага айланат.

Эмне кылуу керек?

  1. Төшөк тууралуу билим алуу – уят эмес, зарылдык.

Биздин коомдо сексология илими жөнүндө түшүнүк жокко эсе. Жубайлар отура калып, бири-бири менен ачык сүйлөшүп үйрөнүүсү керек.

  1. Эркек аялдын жыныстык психологиясын билүүсү зарыл.

Аял кумарга баш оту менен берилип, ички гармонияны сезүүсү үчүн эмоциялык жакындык, корголгондук сезими, сөз, жылуулук, түшүнүү абдан маанилүү.

  1. Аялдын муктаждыктары да адамдык укук.

Аял “үй-бүлө үчүн чыдап жүрөт” деген көз караш улуттук трагедияга айланууда.

  1. Билим – ынтымак булагы.

Эгер жубайлар дене муктаждыгын ыйман менен, руханий жакындык менен айкалыштыра алышса, төшөк – эки адамдын эле эмес, бүтүндөй коомдун тазалыгына салым кошот.

Корутунду:

Төшөк – күнөөлүү нерсе эмес.

Жыныстык ыракат – ыймансыздык эмес.

Аялдын кумарын таануу – уят эмес. Бул – махабатты сактап калуунун жалгыз жолу.

Жыныстык сабаттуулук – үй-бүлөлүк бакыттын, айкөл сүйүүнүн жана терең ишенимдин пайдубалы. Аны моюнга албаган коом – көр тиричиликтин торуна камалып, аялдардын көз жашынан дубал тургузат.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз