Тарас Шевченко: Бечара

  • 10.07.2025
  • 691

ПОВЕСТЬ

Жергиликтүү кыргыздар Орск чебин Жаман-Калаа дешет, бул ат аймактын жаратылыш шарты менен чептин жашоодогу ордун абдан так аныктайт. Мындай көрксүз аймак сейрек кездешет: кайда караба, ээн, кеберсип жаткан жайдак, бозоргон тегиз талаа. Албетте, кыргыз үчүн мунун эч кандай мааниси жок – ал бул көрүнүшкө көнүп бүткөн, бирок айланасындагы жаратылыш кооздугун, сулуулугун көрүп өскөн адам капысынан учу-кыйырсыз, чексиз талаанын катаал, кунарсыз мейкиндигине туш келгенде өзүн кандай сезерин элестетип көрүңүз! Жаңы келген жалгыз адамдын ээнсиреген жан-дүйнөсү үчүн мындай көрүнүш канчалык жагымсыз экенине таңгалуунун кереги деле жоктур.

Орск чеби өзүн курчаган аймакка толук шайкеш келет. Ошол эле кунарсыздык, ошол эле көңүл айныткан бир кылкалуулук.

Тоодогу кичинекей таш чиркөө гана, эсиңизде болсун, ал Яшма тоосунда жайгашкан, чептин жалпы абалынан бир аз өзгөчөлөнүп турат. Тоонун бир тарабында татарлардын кир тамдары, экинчи тарабында ошондой эле кир үйлөрдөн тышкары, соттолгондор үчүн өзгөчө бөлмөлөр салынган инженердин короосу. Инженердин короосунун маңдайында кичинекей төрт бурчтуу терезелери бар, карагайдан аштап салынган узун, жапыз имараттар, – булар батальондун казармалары, бир башында экзерцис-гауз аталган жыгач бастырма (жоокерлердин окуу бөлмөсү), экинчи башында жаңы таш чиркөө жана карагай үйлөрдүн ортосунан орун алган чакан төрт бурчтуу аянтча.

— Чептин өзү кайда? – деп сурарсыз. Мен өзүм да эки күн бою, ушул жерде көптөн бери жашаган бир адамдын көрсөткөнү боюнча талаада жайгашкан товар алмаштыруучу жай тарапка чыгып, кырындагы үйүлгөн топурак араң көтөрүлгөн аңды көргөнчө бул суроого жооп издеп жүрдүм.

Аң менен анын кырындагы үйүлгөн топурак жакшы дыйкан талаасына казган арыктан чоң эмес болчу. Баракелде! Чеп болбосоң коё кал! Бул чептин кереметине тойгончо суктанып, кечке жуук айыл аралап, жатагыма кайтып келатып, жаман кепенин бурчунан бурулуп, балалайка, дап көтөргөн жоон топ жоокерлерди көрдүм. Кепенин алдына барганда алар токтоп, айлана болуп тура калышып, дап, ышкырык коштогон шаңкылдаган ыр жаңырып, эл ичинен чыккан кыйкырыктар жаңыра баштады:

—  Ай да, помещик! Ай да, дворян! Бүркүт! Кыраандын өзү!

Мындай кыйкырыктарга кызыгып токтоп калдым. Мен бул көңүлдүү, дуулдап кызып алган жигиттерге барып, эмне болгон помещик экенин сурамакчы болгондо, ырын токтотпой топтошкон эл жарыла берип, алдыга айрык көйнөкчөн келишимдүү ак саргыл улан суурулуп чыгып, шамдагай, ыкчам кыймылдап, бирде олтура калып, бирде тура калып, чимирилип бийлеп жүрдү.

Анын келбетине таңгалдым. Анда сезилип турган асыл сапат менен катар, кандайдыр адамды өзүнөн түрткөн жийиркеничтүү бир нерсе бар эле. Мунун эмне экенин ийне-жибине чейин териштире алган жокмун, аны кароого бир нерсе тоскоол болуп, ал жерден алыстап, мага башка жолдошторуна караганда соо сыяктуу көрүнгөн жоокерден сурадым.

— Тигил чебер бийчи ким?

—  Ал бир байкуш! — жоокер мага тез жооп берди да, элге аралашып кетти.

«Байкуш» деген сөздү жоокер бир башкача айтты. Мага бул сөздү ал бир адамга тиешелүү эмес, кандайдыр бир коомдук таптын аталышы катары айтып жаткандай туюлду.

Кийин билдим, бул сөздү ал жоокерден башка адамдар да ушинтип айтышарын, көнгөндөн кийин өзүм да так ошондой айтчу болгом.

Адам айланасындагы адамдарга канчалык бат көнүп кеткенин байкабайт тура.

Түнү бою сары чачтуу жаш бийчи көз алдыман кетпей, «Ай да, помещик, ай да, дворян!» деген сөздөр кулагымда жаңырып турду.

Эртеси ал Байкуштун ким экенин билүү үчүн бардым, албетте, эч нерсе биле албадым, анткени, кийин мага айтышкандай, Орск чебинде ал жалгыз эмес экен.

Кайсы бир майрам болчу, кыларга ишим жок, кунарсыз чептин айланасында кыдырып жүрүп, кечке жуук үйгө кайтып келатканда кирпич заводдун жанынан дап, балалайкачан шайыр жигиттерге жана чоочун бийчиге кайрадан жолугуп, ошол эле кыйкырыктарды уктум.

Дагы көз жаздымда калбасын деп, бир жоокерди четке чакырып, бийлеп жаткан жигиттин аты ким экенин сурадым. Ал мага анын аты-жөнүн айтты, эртеси батальондун кеңсесинен ага чыгарылган кайгылуу өкүмдү окудум.

Бул өз энесинин өтүнүчү менен дворяндардын катарынан чыгарылган жигит экен. Бул окуя мени абдан кызыктырды, бирок мындай табышмакты кантип чечсем? Мен анын өзүнө жолугуп, андан бүт чындыкты билүүдөн башка эч арга таба албадым. Аттиң, бирок мен жаңылыптырмын!

Ал жинди сыяктуу неме эле. Соо кезинде тымпыйып унчукпайт, бир стакан арак ичсе тез эле мас болуп, апасын баш кылып, өзүн, айланасындагылардын баарын ышкыртып сөгөт. Бир гана бийдин ага кандайдыр жагымдуу жагы бар болчу, андан башка эч нерсе аны кызыктырчу эмес.

Мен анын билимин сынагым келди, бирок бекер аракет кылыпмын, ал мага ушунчалык тантырак сөздөрдү айтты.

Бир күнү ал мага “көңүлдүү” келип, үстөлүмдүн үстүндө ачык турган китепти көрдү.

— Эмнени окуп атасың? — деди ал.

– “Өлүк жандар.”

– А, бул Эжен Сьюнун чыгармасыбы?

– Туура, – деп жооп бердим.

Менимче, окурмандарымдын ичинде бул окуя чындыгында эле ушундай болгонуна ишенгендер аз табылат деп ойлойм, а бул чындыгында эле ошондой болчу.

Мына, Жаман-Калаа дал ушундай: өзү эч нерсеге татыбаган кунарсыз болгон менен, ичинде сейрек кездешүүчү адамдар жолугат, аларды изилдеп, эң кылдат сүрөттөөгө эч ким тоскоол болбойт.

Чалкыган Ата Мекенибиздин борбордук облустарынын биринде, райондук Н. шаарчасына жакын жерде, чоң жолдун боюнда катар-катар тизилген кичинекей терезелери бозоргон эки жүздөн ашык алачыктай жепирейген кепедей үйлөрдү санадым.

Айыл бир топ эле чоң экен, бирок бир көргөн адамга андай сезилбейт. Кызык: тегерете чытырман кооз токой, бирок айылда анча-мынча болсо да жарашыктуу бир да үй жок: бири кыйшайган, экинчиси чатырсыз, дагы бири солкулдап араң турат, а бири таптакыр эле кулап калган.

Айлананын баары жапжашыл, түркүн дарактар желге ыргалат, ал эми айылда, бирөөлөр айткандай, асынып өлөйүн десең бир дарак таппайсың. Же дыйкандарга бак отургузууга тыюу салышканбы, же ким билет, балким алар өздөрү эмгектенгенди каалабас жалкоо журттур. Жергиликтүү помещик аларды оңой эле мажбурламак, бирок анын өз карамагында бардык кызыктуу нерселер орнотулган англис паркы бар экен.

Ал эми ары-бери өткөндөргө кызыгып көчөгө чуркап чыккан балдар аман эле болушсун: жөн эле аюунун балдары, чаңга оонаган мамалактардан айырмалары жок.

Айылдын так ортосунда татаал архитектурасы жана архитектордун, балким, чиркөөнү негиздөөчүнүн начар табитин далилдеген, коңгуроо каккан мунарасы бир топ бийик чиркөө. Чиркөөнүн айланасында бир кездерде тосмосу бардай, муну бири-биринен алыс эмес орнотулган, катып калган баткактан бети көрүнбөгөн, кыязы, чочколор кашынса керек, жарым-жартылай талкаланган кир таш мамылардан билсең болот.

Чиркөө, айыл, жарым жылаңач, кир, жамаачы кийген балдар, – бир сөз менен айтканда, бардыгы чогуусу менен Ван Остаддын табитиндеги шумдуктай көрүнүштү тартуулайт. Айылды аралап өткөндө, сол тараптагы почта жолунан анча алыс эмес тоо этегин түнт токой курчайт, үстүнкү кабатында айланадагы кооз көрүнүштү көрүүнү камсыз кылган аянтчалары бар, байлардын хансарайдай чоң имараттарын көрүүгө болот, ал эми токой жок эле дегенде почтанын жолу өткөн тарабынан, терең жана кең казылган арык менен курчалган.

Бирде бак-дарактардын арасынан тунук көлмө күнгө чагылышып жарк этет; бирде липалардын артындагы кытай чарпаясынын бир бурчу жаркырайт; бирде акация бадалдарын, достуктун, сүйүүнүн урматына отургузулган Клеопатра ийнеси сыяктуу башка нерселерди көрөсүң, бир сөз менен айтканда, тири укмуштай сулуулук! Тим эле арабадан секирип түшүп, тосмодон аттап өтүп, байдын бакчасынын ар тарабынан сүрөткө тарткың келет.

Чынын айтсам мен дал ушундай кылгам. Бирок бул көп убакыт мурда болгон окуя. Азыр эч качан андай жорукка бармак эмесмин. Анда парктын бир четинен экинчи четине чейин басып баргам, ошондо коркунучтуу жымжырттыкка таңгалганым эсимде. Мен кереметтүү үйдү, күркөлөрдү, чарпаяларды, көлмөнүн четиндеги салаңдаган бак-дарактардын астында термелген, жаңы сырдалган кайыкты, көлдүн ортосунда сыймыктана сүзүп жүргөн жуп ак кууларды көргөм, бирок бул кереметтүү сүрөттү жанданта турган бир да адамга жолуккан эмесмин. Адамдын жоктугу мага жагымсыз таасир эткен; адамдын катышуусу жандандырбаган бул кооз пейзаж сыяктуу эле. Ал тургай ушул сыйкырдуу сейил бакка киргениме өкүнгөм.

Оо, эгер ошондо качандыр бир күнү ушул кымбат баалуу жалгыздыктын жашоочуларынын тарыхын жазууга туура келерин билсем эмне, анда мен үстүртөдөн кароо менен чектелбей, ар бир үйгө, кирүүгө болор бардык булуң-бурчка кирип чыгууга аракет кылмакмын, баардык жерди кунт коюп карап, изилдемекмин, балким, ошондо менин тарыхым дагы толугурак, дагы кенен болмок. Бирок аттиң... өткөндү артка кайтаруу мүмкүн эмес. Ошондуктан азыр бар нерселер менен гана чектелели.

Эки чакырымдай жол жүргөн соң, арабекечтен сурадым:

— Биз өткөн айыл кимдики?

—  Мырзаныкы.

— Мырзаныкы экенин билем, кайсы кожоюндуку! Ал мырзанын аты ким?

—  Помещик Хлюпин.

— Ал өзү айылда жашабайбы?

— Ал ижара акысын алганы эле келет, анда да жыл сайын эмес.

Менин маалыматым ушуну менен бүткөн. Ошондон кийин арадан отуз жылдай убакыт өткөндөн соң, мен Орск чебинен жолуккан арабекеч атаган помещикке аты уйкаш Байкушка жолугуп, эки-үч суроодон кийин ал жигит ошол помещиктин жалгыз уулу экенин, мен билген айылдын, парктын мураскери экенин билдим.

 *   *   *

Ал эми иштин жайы мындай болгон экен.

Бул бактысыз уландын атасы капитан Хлюпин үйлөнүүгө таптакыр эле көңүлү жок эле, бирок жагдай аны аргасыз кылып, мен сүрөттөгөн айылды сеп катары алып, бай, орто жаштагы жесир аялга үйлөнөт. Жесир аял ага бир уул, бир кыз төрөп берип, бир аз чогуу жашагандан кийин ата-бабаларынын мекенине көчүп кетет да, чарбаны балдарына мураска берип, балдарын атасынын камкордугуна калтырган. Сыягы, кемпир анын кайра үйлөнүшүн, балким, өзүнөн жаш аялга үйлөнүшүн каалабаса керек. Бирок капитан үй-бүлөлүк жашоого такыр эле көңүлү болгондуктан, жетим балдарын караган тарбиячыларын, кызматчыларын жана алардын энелерин чогуусу менен алып, Санкт-Петербургга көчөт. Ал жерде бойдокчулук өмүрүн көпкө өткөрдүбү же аз убакытпы, билбейм. Болгону, балдарга үзүлүп мээримин төкпөсө да, балдарга эне керектигин, башкача айтканда, үйлөнүү керектигин түшүнөт.

Ушундай жакшы ой менен бир жолу короодон чыгып кетти. Ал Литейная менен барып, андан Невскийге чыкты, аңгыча, оо Кудай...аны көздөй жаңыдан атып келаткан кочкул кызыл таңга окшоп, тротуар менен ак куудай калкып бирөө келаткан экен. Карт гусардын жүрөгү дүпүлдөп согуп, ордунан жыла албай катат. Ал мындай сулууну түшүндө да көргөн эмес.

"Болуптур, – деп ойлоду гусар, жана үй-бүлөнүн атасы – тобокел кылбаган кишиге ийгилик кайдан келмек, аракет кылып көрөлү! Артында коштоочулары көрүнбөйт, кийлигишип тоскоол жаратар эч ким жоктой". Ошентип, сулуунун артынан түштү. Ал көпкө чейин аны ар кандай аллеялар менен ээрчитип жүрүп, акыры аны Таврид бакчасына, эки кичинекей терезеси бар абдан кичинекей жепирейген үйгө алып келди да, анын мурдунун так астынан шып этип үйгө кирип кетти, ал көчөдө, болгондо да кир көчөдө калды. Үйдүн маңдайында бир саатка жакын күтүп, анан колун шилтеп, кайра артка кайтты.

Ошону менен бул окуя бүттү деп ойлогон. Бирок бул окуянын аягы эмес, башталышы, туурасын айтканда, жамандыктын башталышы болчу. Эгерде бул окуя отставкадагы гусардын эмес, башка аскер адамынын башына түшкөндө, ал дароо бардыгына чекит коймок. Менин капитаным, чечкиндүү киши катары белгилүү болсо да, Пескиге бир нече жолу барып, натыйжасыз кайткандан кийин акыры көксөп жүргөн кичинекей үйгө жуучуларды жөнөтүүнү чечти. Акыры максатына жеткен бактылуу капитан сулуу аялы менен айылындагы өзү калтырып кеткен чарбасына көчөт, балдары, балдарынын тарбиячылары, алардын энелери бардык көрпай-шарабайлары менен алардын артынан түшүшөт.

Бул жерде менимче, чечкиндүү капитандын экинчи аялы ким экенин кыскача айтып берсем жаман болбос. Анда эмесе анын баяны мындай. Атасы Волынь шаарында жайгашкан жөө аскер полкунда прапорщик болуп кызмат өтөп, бир сулуу кызды сүйүп калган. Иш ушуну менен бүтүшү мүмкүн эле, бирок шайтан сайып күнөө кыла коюп, аны үйлөнүүгө аргасыз кылышкан.

Ал көп каршылык көрсөтпөй, үйлөнүп, ротасы менен жүрүшкө аттанат. Ошол убакта Вознесенскинин жанына жоокерлер чогула баштаган. Вознесенскинин алдындагы акыркы күнкү эс алууда прапорщиктин жаш аялы Мария аттуу кыз төрөдү. Прапорщиктин байкуш аялы үч-төрт жыл баласы менен прапорщиктин, тагырак айтканда ротанын артынан улам жаңы жүрүштөрдө кошо көчүп-конуп жүрүп, акыры жетишпеген турмуштан, жалгызчылыктан, ар кандай жокчулук азабынан ооруга чалдыгып, көп өтпөй көз жумат.

Жоокер жигитти сүйүп, турмушка чыгууну чечкен кыздын акылы ордунда эмес жинди, ал тургай үч жолу жинди, — прапорщик гана эмес, лейтенантка чыкса да, эгер эле ал рота командири болбосо. Ал тургай ротанын командирине турмушка чыгуу да чечкиндүүлүктү талап кылган чоң тобокелчилик. Бул жерде чыныгы, нак сүйүү болушу керек. Менин оюмча, бул аял үчүн өтө чоң курмандык болгондуктан, аздыр-көптүр адептүү эркек ага тий деп кыйнамак тургай, аны каалабашы да керек.

Каза болгон жубайын жерге берип, баласын үй кызматчысына тапшырган прапорщик ротасынын артынан кууп жетүү үчүн жолго чыкты. Кызматында баары эле жакшы болгон жок, начальниктери менен мамилеси начар эле: анын жолдоштору эбак кенже лейтенант жана лейтенант болуп калышкан, ал дагы прапорщик боюнча жүргөн. Эмнеге мындай болуп жатканын бир Кудай билет. Кызматын деле жакшы аткарат, ашыкча иччү эмес, бир аз эрте үйлөнгөнү болбосо. Бирок аны менен кимдин иши бар! Ошентип ал ойлоп-ойлоп отуруп, кичинеден, анан улам барган сайын көбүрөк иче баштады, акыры ал бечарага ээлеген кызматынан кетүү сунушталды.

Ал кандайдыр бир тылдагы батальонго которууну суранган, алар аны Оренбург облусунда белгилүү болгон жыйырма үчүнчү аткычтар дивизиясына өткөрүп беришкен. Ары-бери карагыча кызы он жашка чыгып калган экен, ал байкуш окуганды да, жазганды да билчү эмес. Ал аны кайдан үйрөнмөк? Атасынын убактысы жок болчу, үй кызматчысы өзү сабатсыз, а айылдын балдары ага акчага ойногонду гана үйрөтүшкөн.

Ал бечара Оренбург облусуна келип бир жерге отурукташып, кызынын тарбиясын колума алам деп ойлогон. Кайдан! Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет демекчи, жаңы жерге көнө электе аны талаа чептеринин бирине жөнөтүштү! Ал эмне кылмак! Айла жок, талаа чебине барат. Бул талаа чептерин эч качан көрбөгөндөргө мен Кудайга миң мертебе жалынып, ал жерди таптакыр эле көргөзбөй коюшун тилегиле деп кеңеш берет элем. Кичине болсо да билимге тиешеси бар нерселердин баарынан алыстаганы аз келгенсип, тарчылык, жокчулукка баш отуң менен көмүлөсүң, адеп-ахлак жөнүндө айтбай эле кой.

Ошентип бечара прапорщик он эки жашар кызы менен ушундай жайга туш келет. Эртеси кызы чепте “юбкачан жаш жоокер” деген атакка ээ болду. Чынында сулуу, акылдуу, бир ордунда тура албаган тынчы жок, өзү теңдүү эркек балдарга окшогон кыймылдуу кыз болчу. Андан да жаманы, ал өзү менен бир кебетеси суук, бузулган, улгайган тарбиячысын ээрчите келген. Ошентип тарбиячысы көңүл ачууга чыкканда, Маша үй-бүлөлүүлөр жашаган казармага качып барып, ошол жерде түнөчү. Шордуу кыз! Бир боорукер жоокер ага окуганды жана жазганды үйрөтөт.

Ошентип эки жыл өттү, роталар өзгөрдү, Маша чоңоюп, укмуштуудай сулуу селки болуп чыга келди, андан башкасын айтуунун кереги жок. Чынында эле негизгиси айтылса болду, ал эми калганынын кимге кереги бар? Батальонунан кайтып келип, атасы Машага көңүл бурмакчы болот, бирок Маша мурдагыдай бала эмес: ал он беш жашта эле.

– Мейли, эми эмне кылмак элем, – дейт кайдыгер ата, – катчыга тийип алса да оокаты өтөр.

Ал ушинтип ойлонгуча Маша тез эле чоңоюп, укмуштуудай сулуу айымга айланды: катчыга гана эмес, генералга чыкса да, уят эмес эле. Кайсы бир чиновник, эсимде жок, ичкилик саткан жайданбы же бажыканадан бекен, кыскасы, аскер кызматчыларынан эмес, ошол кезде ал тууралуу шаарда кеп кылып жатышкан, кайсы бир мамлекеттик кызматкер, дээрлик чек ара комиссиясынын мүчөсү, кызматтык иштери менен шаарга келип, Машаны бир жерден көрөт да, жактырып калат. Ал ар кимден сурамжылап Машанын таржымалын билет, көп ойлонуп олтурбай, тарбиячысына беш сөлкөбөй карматат, анан ал шүмшүк жаш сулууну анын коюнуна салып берет.

Ал Петербургга кетеринде Машаны ээрчите кетти, кайрадан иши боюнча башка жакка барууга туура келгендиктен аны ошол жакка таштайт. Ошентип кыз Петербургда калат. Анан кантип Пескиге [Петербургдагы сойкукана, таверналардын ж.б. бузулгандар жайгашкан аймак) барып калганы башка окуя. Бирок ал жөнүндө айткым жок, анткени анда жийиркеничтүү нерселерден башка эч нерсе жок. Кандай болбосун Маша чала сабаттуу да, өз ролун бардык көк байпактарга караганда жакшы аткарчу. Дал ошол Маша менин жигердүү капитанымдын экинчи аялы болчу.

Мындан ары биз аны Мария Феодоровна атайбыз. Тойдон кийинки экинчи же үчүнчү күнү Мария Феодоровна дароо айылга көчүүнү талап кылат, мунун жүйөлүү себеби бар эле. Айылда аны ким тааныйт, эмне кылып жүргөнүн ким билет, ал эми шаарда, ал аз келгенсип борбордо жашагандыктан, күйөөсүнүн тааныштары менен жолугушуп турууга туура келет; алардын арасында мурдагы таанышары жок деп ким кепилдик берет. Эри бай адам болгондон кийин кимдерге жолугуп, кандай күнгө туш болорун кудай билет. Байларга мамиле кылууну, алардын арасында өзүн кантип алып жүрүүнү эч ким ага үйрөткөн эмес. Жоокерлерден окуганды, аз да болсо жазганды үйрөнүп алганы жакшы болгон экен, болбосо муну да билмек эмес.

Мария Феодоровна мына ушунтип ойлогон, чынын айтсам, ал абдан туура кылган. Анын практикалык же позитивдүү акылы бар экени баарык жактан көрүнүп турду. Провинциялык кожойкенин ролун аткарганына бир ай боло электе, баары ордунан козголуп, кыймылга келе баштады.

Менин капитаным көздөрүн алактатып олтуруп калды. Ал кошуна аялдарды конокко чакырып, көргөзгөн сый-урматы, дасторкону молдугу, кенендиги менен таңгалтырды. Бирок анын үйдөгү таасирин сезген биринчи кезекте капитандын өзү эле. Ал анын алдында даражасы ушунчалык түшкөндүктөн, мырзага караганда кызматчыга көбүрөк окшошуп калды.

Адегенде ал балдарга көңүл бурган эмес, боюнда бар экенин сезгенден баштап алар да анын көзөмөлүнө өтүп, ал байкуштар кандайдыр бир басымды сезе башташты. Кыз дагы эле моюн бербей ойноп жүрдү, бирок байкуш бала, таптакыр эле чөгүп кетти. Эл айткандай, ал атасын тартыптыр. Атасы да биринчи чабуулга чейин кайраттуудай жүрчү, бирок ага бир эле жолу катуу кыйкырганда, оозуна чөп албаган койдон жоош болду да калды.

Келечекте көптөгөн үстөмөндүктөр болорун болжолдоп, андан сактанып, ал үйдөн анча алыс эмес чарбалык имаратка көчүп, чыныгы дербиштер сыяктуу жашай баштады. Адегенде ал үйгө түшкү тамакка, кечки тамакка же жөн гана сүйүктүү жарынын ден-соолугун сураш үчүн келип жүрдү, бирок кийин ал бул зыяраттарынан да таптакыр баш тартты. Кечки тамак алып келген адамдан Мария Феодоровнанын саламаттыгын сурачу да эмес. Балдарын майрамдарда гана, анда да аялынын уруксаты менен көрчү болгон.

Бирок ал күнүмдүк жашоосунда эч кандай чоң чектөөнү сезген жок, тагырагы, аны сезе да алмак эмес. Ал күнүнүн көбүн иткана менен атканада же мал сарайда өткөрчү, же аба ырайы начар күндөрү кеңсесинде орноткон бутага тапанча менен атуу сыяктуу асылдардын кесибине көнүгүү менен өткөрдү. Айта кетчү нерсе, бул бөлмөдө отургуч менен бутадан башка эч нерсе жок, жадагалса мүштөгү да, он төртүнчү бети ачылган китеби да жок болчу, анда эмне үчүн кеңсе деп атап алганын билбейм.

Мария Феодоровна кош бойлуулуктун биринчи белгилеринен кийин жогоруда айткандай, күйөөсүнүн балдарына көңүл бура баштаган. Бул көңүл бөлүү төмөнкүчө болчу: ал буга чейин айына бир жолу барып жүргөн балдар бөлмөсүнө эми күн сайын үзгүлтүксүз бара баштады. Ал тез-тез келип балдар кандай тамактанганын, эмне менен тамактанышканын, кантип жаткырылганын, эртең менен кантип жуунганын, кандай кийингенине чейин көзөмөлүнө алган.

Өз энеси да балдарына мындан артык камкордук көрсөтө алган эмес, таңгалыштуусу, балдар аны жактырбай, жадагалса андан коркушчу. Алардын бири ыйлай баштаса, тарбиячынын: «Апаң келатат» десе жетиштүү эле, бала көз ирмемде ыйын токтотчу. Балдар өтө сейрек болсо да тентектик кыла баштаганда тарбиячылар дал ушундай ыкманы колдонушчу. Алар өздөрүн чыныгы жетимдей сезишчү, өзгөчө бала. Ал эми башында эки бети албырып турчу ойноок кыз да ага көңүл бөлүп карай баштагандан кийин акырындан жоошуп, кызыл жүзү кубара баштаган.

Элдин баары жакшы көрүп аларга баары мээримин төгүп жакшы көргөн адамдар бар, ал тургай андай адамдарды кабанак иттер да каппайт дешет. Атактуу Вальтер Скотт ушундай адамдардын бири болгон. Анан баарын эркелетип, жакшы мамиле кылса да, кайра аларды же жек көрүп, же алардан корккон адамдар кезигет. Мария Феодоровна ушундай адамдардын бири.

Балким бул антипатиядан көз карандысыз, өгөй эненин балдарга жек көрүндү болушунун дагы башка себеби бардыр. Эмнеси болсо да Мария Феодоровнанын түздөн-түз кароосу астында балдар жүдөп, арыктап кетишти. Ал эми өзүнүн сүйүктүү капитанына жолукканда ал балдар жөнүндө гана сүйлөчү, ошондуктан ал өзүнө кам көрүүнү сурана баштады, а балдар кудай буюрса, ансыз да чоңоюшат.

Жай өтүп, күз жакындады. Балдардын басып алышкандарына көп болгон, бирок жайында суук тийип калбасын деп, бакчага чыгууга уруксат беришкен жок: көлмө жакын, нымдуулук көп дешкен. Күз келгенде, балдар бакчага сейилдөөгө уруксат берилди, анткени Мария Феодоровнанын физикасы боюнча азыр аба муздак болгондуктан, көлмө эч кандай таасир эте албайт имиш. Ал эми капитандын физикасы боюнча ага баары бир. Анын дөбөттөрү оорубаса болду, жакында коёнго аңчылык башталат, ал эми балдарды ойлоп эмне? Ал үчүн алардын апасы бар.

Ал ортодо айылда чечек оорусу жайылды. Анын балдары башкалардын балдарындай эт-кандан жаралганы, чечекке каршы эмдөөдөн өтпөгөн башкалардын балдарындай бул жугуштуу ооруга чалдыгышы мүмкүн экени ата-эненин оюна да келбептир. Петербургда бул жөнүндө ойлошкон эмес, айылда такыр унутушкан, мына эми анын жыйынтыгы, балдар чечекке чалдыгышты.

Кайгыга баткан Мария Феодоровна өзү да төшөккө жатып калды, эшик, терезелердин баарын тактай менен бекиттирип, бөлмөлөрдү уксус менен тазалап, жууп чыгууга буйрук берди. Анын камкор ата-энеси да аны чечекке каршы эмдеткенди унутушкан экен, байкуш аны эми гана эстеди. Ал эстетеди да ооруп калды, ал аз келгенсип боюнда да бар эле.

Үйдү туш тарабынан тумчулап, аластап жатышты, балдарды чарбалык имаратта атасынын жанына алып барышты. Байкуш капитан жинди болуп кете жаздады. Акыры баары жакшы аяктады. Бала гана сокур болуп калды, анткени анын көзү мурун эле кызарып, ириңдеп кеткен. Ал эми кыз бир аз өңү бузулса да жакшы болуп калган. “Эч нерсе эмес, – дечү тарбиячысы кызга шыбырап, – жакшы болуп кетесиң, айымдын өзү ооруп калганына Кудайга шүгүр, болбосо сен да жаш мырзадай көзсүз калмаксың.”

Ал ортодо төрөт да жакындады. Үйдөгүлөрдүн баары бут учу менен басып жүрүштү, албетте, үч айдан бери өз үйүндө жүргөндөй башкарып калган акушеркадан башкасы. Башкалар тымпыйып, титиреп жүрүшкөндө, капитан сетердин күчүгүн үйрөтүп жүрдү. Акыры баары жакшы аяктады. Мария Феодоровна уул төрөп, ыйык сууга чөмүлтүшүп, Ипполит деген ысым беришти.

Чөмүлтүлүү аземин ушул окуя үчүн шаардан атайын алынып келген протоиер ата аткарды. Аземге ак сөөк жолбашчыдан жана башка маанилүү помещиктерден тышкары, алардын шаарында жайгашкан аткычтар батальонунун командири да катышты. Өкүл аталар менен энелердин катарына карап, капитан ушундай кубаныч үчүн бүт дүйнөгө, жок эле дегенде бүткүл уездин аймагына тууган болууга даяр эле.

Той чоң ийгилик менен өттү. Капитан дыйкандар үчүн айылдык майрамын уюштуруу идеясын ойлоп, бирок азыр кыш болгондуктан той-тамашалар жай айларына жылдырылып, айылдык майрамдын ордуна конокторуна, каалагандар болсо аюуга ууга чыгууну сунуш кылды. Баары, анын ичинде батальон командири да макул болду.

Төрөгөндөн кийин Мария Феодоровна туура алты жума кыйналды. Жөн эле физикалык жактан кыйналды деп ойлобоңуз, андай эмес: төрөттөн кийинки үчүнчү күнү ал ар кандай татаал гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасоого даяр болчу. Ал моралдык жактан азап тартты, тагырагы, үйдө бардыгын жана ал тургай өзүн да башкарган адам бар болчу. Бул акушерка эле. Ал эми Мария Феодоровна үчүн бирөөгө баш ийүүдөн өткөн жаман кыйноо жок болчу.

Акыры бул азаптуу алты жума да бүттү, крест жана дуба менен акушерканы узатышып, эшиктер бекитилди. Мария Феодоровна жеңил дем алып, башкаруунун тизгинин колго алды да, жолдошун чакырууну буйруду. Жарым саат өттү, күйөөсү келген жок. Мария Феодоровна ачууланып, аны күтүп жатканын айтып, кызматчыны кайра жиберди. Чабарман “ал жаңы эле сакалын алып, кийинип жатыптыр” деп келди.

Белгилей кетчү нерсе, капитан өзүн даражасы эң бийик адамдардын катарындамын деп эсептечү, ал үчүн аялына карата этикетти сактоо дээрлик ыйык эреже. Үйдө ал иттер менен бир аяктан жегенге да даяр үңүрөйгөн карапайым адам. Бирок үй сыртына келгенде, ал менин досторумдун бири айткандай, таптакыр өзгөрүп кетчү. Ал эми капитан аялынын үйү же бөлмөсү тууралуу сөздү өзүнө айтуудан коркчу, бирок жүрөгүндө аялынын бөлмөсү өзүнө жат экенин толук түшүнчү.

— Кайра-кайра чакыртып жатып араң келдиң го! — Марья Феодоровна капитанды мына ушундай какшык аралаш сөздөр менен тосуп алды.

— Кийинип аттым, кымбаттум, бул адептүүлүк эмеспи.

— Болуптур, кымбаттум! Бул адептүүлүк деле эмес. Балдар кандай?

— Кудайга шүгүр, жакшы!

— Коля кандай?

— Жакшы эле. Көзү көрбөй сокур болуп калды.

— Туура, сокур болот да. Мен сага чечекке каршы эмдөө керектигин айттым беле, бирок укпадың.

Ал калп айтып жаткан: ал эч качан антип айткан эмес.

— Качан айтканыңыз эсимде жок же унутуп калдымбы?

– Унуттуң, мырза. Мейли, кеп анда эмес, кандай, ал жерде аларга жакшы элеби?

— Анча эмес, кымбаттум! Бир аз тар болуп жатат.

— Тар болбойт. Алар сени менен калышсын, мен алардын мурунку бөлмөсүн уулубузга оңдоп берейин. Түшүнүп жатасыңбы?

— Түшүнөм, түшүндүм, сүйүктүүм!

— Дагы бир нерсени айтайын: мен тарбиячыларды алып калам, балдар чоңоюп калышпадыбы, аларга айылдан эки кызды алсак жетиштүү.

Күйөөсү дароо макул болду. Ал тарбиячыларды, өзгөчө кичүүсүн жактырчу эмес: «Ага тийише албайсың, тиштеп ала тургансып кыйкырып, ал тургай кожойкеге айтам деп коркутат, ал эми жаш кыздарды каалагандай башкарам», — деп ойлогон капитан уктап жаткан алты жумалык уулунун бешигине жакын барды.

— Жаратканымдын бергенин карачы, периштедей кылып, чынбы! — деди Мария Феодоровна наристенин бет жабуусунун четин көтөрүп.

— Керемет! Аны өпсөм болобу, кымбаттуум!

— Жок, ойготуп аласың, — жабууну түшүрдү. — Азыр үйүңө бар да, мага башкаруучуну жибер, айылдагы кыздардын баарын чакыртып, керектүүлөрүн өзүм тандайм.

— Эмнеге кабатыр болосуң, кымбаттуум, мен өзүм деле тандайм.

– Макул, макул, бара бер! Мен эмне кылып атканымды жакшы билем.

Түгөйлөр коштошушту.

Атасына чындап эле балдардын өз бурчунда чогуу жашаганы жакчу эмес (ал өзүнүн чарбалык имаратын ушинтип атачу) – канча айткан менен бул түйшүк да, бирок экинчи жагынан болочок жардамчы кыздар тууралуу ой ага жакты: «Канткен менен ал мага сарафан кийген бүкүрлөрдү жибербейт да», – деп ойлогон. Бирок жаңылыптыр!

Эртеси алар анын имаратына эки “сулууну” алып келишти, аларды көргөндө лейтенант аз жерден чалкасынан кете жаздады.

— Оо, жыргатыптыр го! – деди ал, жаңыдан келген бышмыйган, үтүрөйгөн кыздарды карап, итиркейи келип.

— Эмнеге келдиңер? – деп корс этти ал кыздарга.

— Балдарды караганы, – деп жооп беришти алар бир үн менен.

— Кебетеңер кантет, келишиптирсиңер да, айтарга сөз жок!

— Кудай берген кебетебиз ушу, мырза.

— Макул, үйгө киргиле.

Кыздар жаңы эле эшикти көздөй бурулушкан, эшик ачылып, бөлмөгө Мария Феодоровна өзү кирди. Капитан эртең мененки кемселин кийип жүргөндүктөн башка бөлмөгө кирип кетти.

— Каадаланбай эле кой, — деди Мария Феодоровна кирип келатып, — мен комплимент үчүн келген жокмун. Бир нерсе кийип, тез чык.

Капитан форма кемсели менен көрүндү да, Марья Феодоровнанын өзүнүн да, жаңы төрөлгөн баланын да ден-соолугун сурап, сылыктык менен башын ийип таазим кылды.

— Кудайга шүгүр, баары жакшы. А өзүң кандай?

– Жакшы, Кудайга шүгүр.

— Алар кайда жүрүшөт! А мынакей, – суранам, буларды таарынтпай жакшы кара, – деди ал кыздарды көрсөтүп.

— Кымбаттум, сен бул түрү сууктарды кайдан казып алдың?

— Эчтеке эмес, тарбиячынын кадыр-баркы сулуулукта эмес, кылган ишинде. Жүргүлө.

Кире бериштен өтүп, алар ар кандай тукумдагы күчүктөргө толгон чоң бөлмөгө киришти. Мария Феодоровна бет аарчысы менен мурдун чымчып жаап алды.

— Эч нерсе эмес, кымбаттуум, мен көнүп калгам, булар менин эрмектерим.

Алар күчүктөр жаткан бөлмөнүн артындагы кичинекей бөлмөнүн жанынан өтүштү, бул тарбиячылардын бөлмөсү болчу. Ал бөлмөдөн ары андан бир аз кенен жалгыз терезелүү бөлмө көрүндү, бул балдардын жатагы эле. Жарым жылаңач балдар жана тарбиячылар жашынмак ойноп жатышыптыр, сокур Коля издеп, калгандары жашынып алышкан экен. Мария Феодоровна бөлмөгө киргенде тарбиячылар селейип туруп калышты, кичинекей Лиза сокур инисинин колунан кармап:

— Апам келди! – деп шыбырады. Коля коркуп кетип эжесинин, эжеси болсо инисини артына жашынды.

Мария Феодоровна бөлмөгө тез көз жүгүртүп, акырын жылмайып койду, анан балдарга кайрылды:

—  Менден коркпогула, кичинекейлерим, мен силерге белек алып келдим.

Ал баштыгынан ар бирине бирден момпосуй алып чыгып берди. Коляга момпосуйду берип жатып ыйлагысы келгендей кайгылуу жылмайды:

—  Байкуштар! Буларды эмне кылайын деп жатасың? – деди күйөөсүнө.

— Эч нерсе, — кайдыгер жооп берди күйөөсү.

Андан кийин Мария Феодоровна тарбиячыларга кайрылды:

—  Ал эми силер, келесоолор! Балдарды эркелеткенди гана билесиңер. Камдангыла, силер бул жерден кетесиңер! А силердин, кымбаттууларым, ордуңар ушул жер, – деди ал жаңы келген кыздарга.

— Уктук, айым, — деп жооп берген кыздар таар кемселдерин чече башташты.

— Анда эмесе кеттим, генералым ойгонор убак болуп калды. Кош болгула, менин кичинекейлерим, — деди Марья Феодоровна балдарга карап. — Кеттик, — деди тарбиячыларга, анан мурдун жүз аарчысы менен басып, чыгып кетти.

Капитан унчукпай артынан жөнөдү, бирок ала-була ар түрдүү күчүктөр толгон чоң бөлмөдө саамга ойго батып турду да, бир маалда жогортодон келе калган ойго шыктангансып, алаканы менен кууш чекесин чаап алды:

— Жок, кымбаттуум, мындай болбойт! Мен ишиңе кийлигишпейм, андыктан сен да менин ишиме да кийлигишпе, — деп күчүктөрдүн кыңшылаганына кымындай да көңүл бурбай, кобураган боюнча бөлмөдөн чыгып кетти.

Кечки тамактанууга чейин ал кеңсесинде бирде колун артына алып айлана басып, бирде колдорун көкүрөгүнө кайчылаштырып бутанын алдына токтоп, бирде Наполеондун позасын ээлеп туруп калганына сырттан караган киши боору эзилгиче күлмөк. Бутанын ортосу аны бүтүндөй өзүнө сиңирип алгандай, өзүнүн кичинекей тунарып оту качкан көздөрүн ага кадап, телмире тиктеп көпкө турду.

Бир нече жолу тапанчаны колуна алып, бутадан орундукка чейин барып, мерчемдүү жерден тапанчасын көтөрүп мээлеп, бирок ок чыгарбай кайра түшүрдү.

— Жок, мындай кыла албайм! — айласы кеткендей кобуранды, алаканы менен чекесин көпкө ушалап, анан эки колун чөнтөгүнө салып, кайрадан ары-бери баса баштады.

Бир аздан кийин сакалын алды. Кырынып бүтүп, роза суусу менен жуунуп, эң жарашыктуу кийимин кийди. Күзгүнүн алдына токтоп, өзүнүн маанилүү жана сүрдүү кебетесин карап турду да, бир нече секунд айланасына тегерете көз жүгүрттү, акырында баш кийимин алып, үй-бүлөдөгү пайда болгон абалга карата нааразычылыгын айтууну (ушул сөз менен ал бышмыгый кыздарды айтып жатат) ойлоп, аялына жөнөдү.

Мария Феодоровна бул нааразычылык визитти алдын-ала көрүп, даярданып алган. Капитан абдан жакшы көргөн кочкул көк баркыт көйнөгүн кийип, баланы колуна алып, конок бөлмөсүнөн алдынан тосуп чыкты. Коркунучтуу Юпитер көздөн кайым болду, анын алдында таттуу жылмайып, эң жөнөкөй капитан турду.

Жаным: «Бонжур, папа», — деп койчу. Мария Феодоровна баланы өөп, күйөөсүнө берди.

— Эми кымбаттуум, сен аны өпсөң болот.

Капитан унчукпай баланы өптү.

— Билесиңби, сүйүктүүм, бүгүн кандай түш көргөнүмдү? Сенин Коляң менен биздин Ипполит чоңоюп, экөө тең гусар. Кандай азамат жигиттер болгонун көрсөң суктанасың! Тим эле керемет! Айрыкча Ипполит – сага эки тамчы суудай окшош. А чындыгында, — деп кошумчалады кытмыр жылмайып, — эгер аны жакшылап карасаң, ал чын эле сага окшош! – Ал баласын өөп, элжиреп турду.

Ошондон кийин капитандын кичинекей жүрөгүн өйүгөн нерсенин баары толугу менен өчтү. Жадагалса жаңы тарбиячылар да ага баштагыдан сулуу сезилди.

—  Бүгүн мени менен кечки тамакка каласыңбы? – деди Мария Феодоровна баласын бөлмөсүнө алып кетип жатып.

— Албетте, сүйүктүүм! – деди капитан. Бирок анын сүйүктүүсү үчүнчү бөлмөгө кирип кеткен эле, анын сөзүн эч ким уккан жок.

Капитан аябай бактылуу эле, кең жумшак олтургучта төшүн жайып «Фрайшюцтен», Вебердин операсынан “Эх, шарап деген болбосо!» деген ырды ышкырып, анын ыргагында булгаары кол кабы менен тизесин чапкылап жыргап олтурду.

Мария Феодоровна кечки тамакка мурункусунан кем калбаган аземдүү көйнөк менен чыкты. Бул байкуш капитанды биротоло ордунан тургус кылды, анткени бул капитан өзүн (эмне үчүн экенин бир Кудай билет) акыркы мүчөсү эмесмин деп эсептеген жогорку коомдун талабына ылайыктуу болчу.

Түшкү тамактан кийин алар эң назик жубайлар үйлөнүү үлпөтүнөн кийинки биринчи күнү ажырашып жаткансып өбүшүп коштошушту, байкуш капитан кайсы заманда мындай окуя болгону эсинде жок. Үйгө келип, чечинбестен, бардык күчүктөрүн өөп чыкты, а балдарын ойлогон да жок. Чечинип, жумшак мамык керебетке жатып, оор үшкүрүп алды. Анан эмнеге үшкүрдү, аны бир Кудай билет.

Мария Феодоровна өзүнүн келесоо күйөөсүн биринчи жолу ушинтип тынчтандыргандан кийин ал жагымсыз тарбиячыларга биротоло көнгүчө, ошол тактикасын уланта берди. Кийин ал башка саясатка өттү. Жапайы болуп кетпесин, жакшы адамдар менен катышы үзүлбөсүн деп, аны кошуналардыкына конокко жибере баштады.

— Мен деле сени менен бармакмын, бирок көрбөйсүңбү, колумда балам бар, аны таштап кеталбайм.

— Аның чын, сүйүктүүм, — деди ал, – сен аны менен кала бер. Карасаң, кандай сүйкүмдүү наристе. Сен үчүн боорукер кошуналарыбыздан кечирим сурайм.

— Бир гана айтарым, — дээр эле ал конокко камданып, — балабызды эмчектен чыгаргыча эч кимди конокко чакыра көрбө (уулун өзү эмизчү).

– Бирөөнү да чакырбайм, кымбаттуум, – дечү ал арабага түшүп жатып.

Ал үйдөн чыккандан кийин, бир ай, кээде эки айга чейин келбей жүрө берчү. Анын кайда барганын, эмне кылып жүргөнүн анын ишенимдүү адамдары, арабакеч менен кызматчысы гана билчү. Алар балким, айымга тентек кожоюнунун, мисалы, провинциялык шаардагы, кээ бир көңүл ачуучу жайлардагы кызыктуу жоруктарын айтып беришмек, бирок айым бул тууралуу алардан сурачу эмес: анын көңдөй баш күйөөсүнүн кызыктуу жоруктары менен эмне иши бар? Ал максатына ишенимдүүлүк менен бара жаткан, ал өз тагдырына ыраазы болчу.

Анын максаты ушундай эле... Бирок коё тур, эмнеге түйүнчөктү мөөнөтүнөн мурда чечиш керек? Балким, кудай сактасын, ал жерде убакыттан мурун көрсөтүү же айтуу мындай турсун, ойлонууга да уят нерсе катылып жаткандыр. Андан да жакшысы, силер менин чыдамкай окурмандарым, окуп баштадыңарбы, эми аягына чейин чыдагыла: ошондо Мария Феодоровнанын сулуу башында кандай шайтан отурганын өзүңөр баамдайсыңар.

Карапайым тарбиячылардын бири, олдоксон жана одонороогу боорукер, жупуну аял болуп чыкты, муну байкаган Мария Феодоровна ага Лизканы гана жакшы кароону, Коляга жакын жолобоону буйруду. Ал эми орой, адепсиз, кыйкымчыл кызга сокур Коляга катуу кам көрүүнү, тентектикке жол бербөөнү, эң негизгиси ашкере тамак бербөөнү тапшырды. Байкуш! Бактысыз бала! Карындашы менен анын тарбиячысы өздөрүнүн кечки тамагынан ага калтырып, түндөсү сугалак тарбиячысы уктап жатканда тымызын тойгузуп турушпаса, ал эчак ачкадан өлмөк.

Капитанга коноктоп жүргөн абдан жакты, ал тургай өз үйүнө да көз салбай калды. Кокус жакын жерде болуп калса, кат жөнөтүп, акча, шейшеп же дагы бир керектүү нерселерди алдырып алчу. Ушинтип бир нече жыл, тагырак айтканда, үч-төрт жыл өтүп кетти. Бардыгы өз кезеги менен өтүп, бардыгы Мария Феодоровна каалагандай эле.

Күндөрдүн бири – күздүн күнү, кайсы айда экени эсимде жок, кожоюндун арабасы үйдүн жанына токтоду, капитанды адаттагыдай колтуктап түшүрбөй, көтөрүп түшүрүштү. Муну көргөн Мария Феодоровна жини келгендей кабагын чытыды. Ал аны мас деп ойлогон, анткени бул анын бирден-бир жетишпеген кемчилдиги болчу, эми ага да жетиптир. Бирок бул Мария Феодоровна шектенбеген нерсе болуп чыкты.

Кептин кыскасы, бир бай кошунасы үйүндө той өткөзүп, тойго келген коноктордун арасында биздин капитаныбыз да болот. Ар кандай оюн-зооктордон кийин мергенчилердин чоң тобу, коёндорго аңчылык кылуу үчүн талаага чыгышат. Албетте, ал жерге биринчилерден болуп капитан да барган. Атүгүл өз иттерин алдырып алгысы келген, бирок бул адепсиздик болуп каларын айтышканда чоочун иттер менен жөнөгөн.

Ошентип ал коёнго биринчилерден болуп жолугат, албетте, аны иттерге кубалатып жөнөйт. Ошентип ал дөбөттөрдүн артынан катуу ылдамдыкта чаап бараткан, тилекке каршы, талаада чоң коо бар экен, дөбөттөр секирип өтүп кетишкенде, чабандес аты менен түз эле коого кулап, ат баса жыгылат. Анын үстүнө коодо жука муз каптап калган суу бар экен. Ал байкуш жарадар болгону аз келгенсип, муздак сууга түшкөндүктөн аны алып чыгышканда араң эле дем алып, ошентип аны үйгө алып келишти. Мына ушундай окуя.

Дароо шаардан дарыгерди, эртеси дин кызматчысын чакыртышты, үчүнчү күнү кечке чейин, бактысыз балдарына керээзин айтып, Мария Феодоровнанын камкордугуна тапшырып, гусар жанын өлүм периштесинин колуна тапшырды (б.а. ал өлдү).

Убакыт канчалык аз болсо да, Мария Феодоровна өзүнүн жана уулунун келечегин камсыз кылуу үчүн зарылчылыктын бардыгын формалдуу түрдө жасаганга үлгүрөт, башкача айтканда, ал мындан ары жалпы мүлктүн үчүнчү мураскери, ал бардык нерседе камкорчу да, толук кожойкеси да өзү болуп калат. Мария Феодоровна сүйүктүү күйөөсүнүн сөөгүн кайыңдын көлөкөсүнө, тунук көлмөнүн жанына коюп, акыркы сапарга узатуу аземинде өзгөчө артистик талантын көрсөттү.

Кайгыга батып, соороно албаган жесир аялдын ролун ушунчалык жакшы аткаргандыктан, эң кайдыгер кошуналар да аны көрүп кошо ыйлашты, ал эми байкуш жетимдерди, өзгөчө Коляны кучактап өпкүлөп, көз жашына чөгөрүп жибере жаздады, эгерде боору ооруган кошуналар кармап калышпаса, өзүн көргө деле таштамак. Бирок Кудайга шүгүр, ага чейин жеткизишкен жок, аны үйгө өлүктөй көтөрүп киришип, нашатыр жыттатып араң эсине келтиришти. (одеколон жардам берген жок).

Ал өзүнө келип, уктоочу бөлмөсүндө жалгыз калганда, жаназага келген кошуналарынын өзү жөнүндө айтып жатышканын алыстан угуп, мыйыгынан күлүп, ичинен шыбырады: «Эң негизгиси баары өзүнөн-өзү бүттү, а калган иштин эбин өзүм табам», — деди да төшөктөн туруп, акырын баласы жаткан бөлмөгө, сүйүктүү Ипполитине жөнөдү. Кечке жуук дасторкон толо коюлган тамак-ашты тоё жеген коноктор Мария Феодоровна дүйнөдөгү эң бактысыз аял экенине толук ишенип, өз үйлөрүнө тарап кетишти.

Мария Феодоровна болсо аларды оор кайгысына ого бетер ынандыруу үчүн эртеси айылдагы бардык аялдарды, кыздарды күрөк жана каптары менен кожоюндун короосуна чогултууну буйруду, бирок эркектерди жайына койгула, алар өз ишин аткарышсын деди. Кыздар жана аялдар жогоруда айтылган куралдар менен чогулгандан кийин, башынан аягына чейин кара кийген Мария Феодоровна көзүнө жаш алып, аларды сүйүктүү капитанынын мүрзөсүнө алып барды (Ольга Игордун мүрзөсүнө салган сыяктуу) да, кабырдын үстүнө күмбөз тургузууга буйрук кылды.

Иш башталып, эки-үч жумадан кийин сүйүктүү капитандын кабырынын үстүндө кара эстелик көтөрүлдү. Мария Феодоровна бул ишке өзү жетекчилик кылып, жумшак мүнөздүү жумушчулар айткандай, иш учурунда көз жашын дарыядай агызды. Мария Феодоровнадан артык маркумду жоктогон эч ким болгон жок. Бардыгы баш көтөрбөй иштеди. Чындыгында, алардын маркумду да, Мария Феодоровнаны да каргаганга толук укуктары бар эле: сөөктөн өткөн суук 10 градуска чейин жетип, бечаралар, "Кудай эмне берсе" дегендей, эптеп бирдеме жемиш болуп, чала тоют болуп иштеп жатышканына демейде бардык нерселерге сезимтал Мария Феодоровна билмексенге салып, кайдыгерлик менен карады.

Бул сүйүү жана эскерүүлөрдүн эстелиги кан жана чын жүрөктөн чыкпаган көз жаш менен сугарылды десек жаңылышпайбыз. Көп адамдар бул кызыктуу трагикомедиянын мага окшоп көрүүчүлөрү болгондордон башкасы, менин чындыкты айтып жатканыма эч ишенбейт. Көп өтпөй «Мария Феодоровна деген жесир элге көрүнбөй, түн киргенде үйдөн чыгып, күйөөсүнүн мүрзөсүнө барып, таң атканга чейин ыйлап жүрөт» деген ушак бүт районго эмес, бүткүл уездке тарады.

Мен бул ушактардын чындыгына кепилдик берем. Ал чындап эле аба ырайы кандай болбосун түнү менен сыртка чыгып, эринин мүрзөсүнө барып жүрдү, мен ал жерде аны ыйлады деп айта албайм, бирок эл уккандай кылып, үнүнүн жетишинче боздоп, улуганына көзүм жетет.

Боорукер кошуналары Лиза менен Коля сегизге чыкканын эсине салганга чейин, ал мүрзөгө барып боздогонун токтоткон жок.

Ал эсине келгендей болду. «Каргыш тийген кошуналар, — деп ойлоду ал, — мен эмне кылганды билбей тургансып. Эми башка арга жок, – ал ролун өзгөртүп, назик аялдан назик эне болууга туура келди. Көп кечиктирбестен майда помещиктерин жана ачык ооз кошуналарын коштошуу кечесине келүүнү өтүнүп кат жөнөтүп, ал, Мария Феодоровна жаш айымды Смольный монастырына алып баратканын, жакшы мамиледеги кошуналары менен коштошкусу келгенин, бирок балдар менен алек болуп колу бошобогондуктан өзү аларга бара албастыгын билдирген.

Кошуналар тез эле чогулуп, бир-эки күн жата конок болушту, ушак айтышты, анан Марья Феодоровнанын теңдешсиз боорукерлигин, Лизанын чыныгы периштедей сүйкүмдүүлүгүн, жөнөкөйлүгүн элге жарыя кылыш үчүн уездке тарап кетишти. Бирок Лиза карапайым, ал аз келгенсип, жетимдик жашоодон чөгүп, жүдөгөн сегиз жашар айылдык кыз болчу.

Мария Феодоровна өзүнүн ойлоп тапкан амалына абдан кубанып, коштошуу той өткөзгөндөн кийинки жуманын бир күнү эртең менен маркум эри оңдоп-түзөөчү болуп иштеп жүргөндө жарманкелерге минип барчу үстү жабык арабага үч атты чегүүгө буйрук берди. Ал өзү менен төрт жашар баласы Ипполити жана бечара Лизаны алып, башка эч кимди, – кызматчысын да, күңүн да албай, Лизаны Смольныйга, мүмкүн болсо Екатерина институтуна жайгаштыруу үчүн Петербургду карай жолго чыкты.

Петербургга келип, өзүнүн сүйүктүү Пескисинде «Випорх шаарынан келген швед айым» деген сырдаш курбусу Юлия Карловна Шошер менен бирге турду. Юлия Карловна Шошер 14-класстагы жесир аял эле жана Пескиде өзүнүн кичинекей үйү бар болчу. Кичинекей үйдөн тапкан кирешесинен тышкары, кылган кесиптеринен көзгө көрүнөрлүк киреше алчу, а кесиптери дагы ар кандай: айымдардын эски кийимдерин сатчу, лотерея билеттерин таркатчу, сүйүшкөндөрдүн ортосунда жуучулук кылчу, жөн гана... дүйнөдө ушунчалык көп кесиптер бар эмеспи, алардын баарын санап бүтө албайсың.

Мария Феодоровнанын бактысына үйдүн чатырында жайгашкан кичинекей бөлмө бош экен. Ал ошол жерге жайгашты. Үйдүн биринчи кабатына улай салынган төрт терезеси, көчөгө караган эшиги бар мода дүкөнү сыяктуу бир нерсе бар болчу. Пескиде мындай нерсени элестетүү кыйын болсо да, мен бул чындап эле мода дүкөнү болгонун башка нерседен эмес, бир терезеде дайыма муляжда шляпа илинип, ал эми башка терезелерде колдорунда кандайдыр бир жасап жаткан иштери бар, жаш, кызыл жүздүү кыздар дайыма өздөрүн көрсөтүп олтурушканына карап айта алам.

Мария Феодоровнага тагдыр өзү жардам берди. Ал жөн гана модалуу мекеме жөнүндө ойлогондо, мекеменин өзү анын алдында турган.

Ал Юлия Карловнаны өзүнө чакырды.

— Юлия Карловна, — деди ал, — үйүңдөгү мода дүкөнүн ким иштетет?

—Менин жердешим, ал дагы Випорхиден, ал дагы мен сыяктуу, ар кандай иштер менен алектенет, ысымы – Каролина Карловна Шпек.

— Мен мода дүкөнүнө берейин деп өзүм менен бир жетим кызды ала келдим, алыска барбай эле аны менен сүйлөшсөмбү дегем, балким, бул кызды алып калар? Болгону мен анын акысын төлөгүм келбейт, кыз бир нече жылдар бою өз кызматы менен анын эмгегин актап берет.

— Алат, дароо алат. Ал сулуу, ак көңүл айым. Ага азыр эле барып айтам.

Юлия Карловна кууш тепкичтен түшүп келатып, келечектеги пайдасын ойлоп, мыйыгынан жылмайды. Анткени Каролина Карловна экөө бул кош маанилүү мода дүкөнүн чогуу иштетишчү.

Эртеси эле келишимге кол коюлду. Лизаны Смольный монастырынын ордуна крепостной кыз Акулина деген каймана ат менен он жылга, өз кызыкчылыгын ойлогон карыган жийиркеничтүү мастандын колуна салып берди.

Каролина Карловна Лизаны биринчи жолу кабыл алып, Акулька деп атаганда, байкуш кыз мен Акулька эмесмин, Лизамын деп ыйлады. Аны сабашканда гана, байкуш Лиза анын чындап эле Лиза эмес, Акулька экенине макул болду. Лизаны ушинтип жайгаштырып, Мария Феодоровна сүйүктүү Ипполитине он төрт жашка чейинки балдарга арнап тигилген ар кандай фасондогу, ар кандай курактагы бир нече жуп балдар көйнөктөрүнө буюртма жасады.

Көйнөктөр даяр болгондон кийин борбордо бекер эле акча коротуп жүрбөйүн деп чечти да, байкуш Лизаны бетинен өөп, кайгылуу, жетимдик, азаптуу өмүр сүрүүгө калтырып, айылына жөнөдү. Мария Феодоровна Петербургдан кайтып келди деген кабар тарап, ага учурашканы келген кошуналар анын тез келип калганынына кызыгышты, албетте, Мария Феодоровнаны жетишкен ийгилиги менен куттукташты.

Алар бул ишти кантип тез бүтүрүп келгенин сурашканда, алардын оозун ачырган окуяны айтып бергенде угуучулар дем чыгарбай угушту. Анын айтымында, ал арыз жазгандын эртеси эле анын батирине Лонгинов мырзанын өзү келип, (Николай Михайлович Лонгинов (1775-1853), «Императрица Мария Феодоровнанын департаментинин мекемелерин», башкача айтканда, кайрымдуулук мекемелерин башкарган мамлекеттик катчы) Лизаны алып кетип, түз эле Екатенинбург институтуна өткөзгөн экен.

Куулук-шумдукту билбеген кошуналар анын айткандарына ишенип, үйлөрүнө тарашты, анан Мария Феодоровнанын айткандарын өздөрүнүн толуктоолору менен уездге жайылтышты. Ал эми Мария Феодоровна сапардан кайткандан кийин эс алып, кайрадан чарбалык иштерди өз колуна алды, башкача айтканда, катчыга, үй кызматчысына жана башка кызмат адамдарына ишенбей, эң тажрыйбалуу үй кожойкесиндей билгичтик менен чарбалык иштердин майда-чүйдөсүнө чейин аралаша баштады.

Айта кетчү нерсе, күйөөсүнүн көзү тирүүсүндө кыраакы, сарамжалдуу болсо, анын көзү өткөндөн кийин мунун баары өзүнө тиешелүү эместигин, ал байкуш жетимдердин камкорчусу гана экенин, ар бир жоголгон күкүм үчүн Кудай алдында жооп берерин шылтоо кылып, таш тырмак сараңга айланган эле. Бош убактысында Санкт-Петербургдан алып келген сүйүктүү Ипполитинин кийимдерин кийинтип, чечинтүү менен алектенчү.

Лизаны Петербургга алып кетишкенде, сокур Коля таптакыр жетимсиреп, абалы ого бетер оорлошкон. Байкушка мурда же эжеси, же тарбиячысы жок дегенде жегенге бир нерсе калтырып коюшар эле. А азыр ага үйдөн чыккан таштандыларды алып келишет, ал эми таш боор тарбиячысы аларды да оңгулуктуу бербей, бөлмөсүнө камап салып, айылдагы отуруштарга кетип, бир күн кечке караанын көргөзбөйт. Дагы жакшы, кээде бөлмөгө күчүктү таштап кетет, жок дегенде айланасында жандуу бирөө болот.

Байкуш аз убакыт ичинде арыктап, өңү кер сары тартып кеткенин Мария Феодоровна бир күнү кокусунан көрүп чочуп кетти. Бирок ал жөн гана коркуу менен чектелди, анын абалын жакшыртууга аракет жасаган жок. Ырас, ал ага бир нече жыл кийгенге ылайыктап, шалбыраган чоң кемсел жана ошондой эле кенен, узун шым алып берди. Ошол жаңы кийими менен тарбиячысы аны туугандарына көрсөтүү үчүн айылга алып барган. Туугандары боорукер, колунда бар адамдар болсо керек, сүт, ботко берип курсагын тойгузушту, ал эми жолдон же деп берген токочун ал кургур куу итке жулдуруп жиберди.

Эртеси ал тарбиячысынан аны бүгүн дагы ээрчитип алуусун суранды, ал макул болду. Жолдо баратып ал бир таанышында зарыл жумушу бар экенин эстеди, бирок эмнегедир аны ал жакка алып баргысы келбеди. Ошентип аны көчөдөгү тосмонун жанына отургузуп, "кыймылдабай олтур, болбосо иттер талап кетет" деп катуу коркутуп, таштап кетти. Буйрукту берип, кирип кеткен боюнча көпкө чыккан жок. Тосмонун жанында унчукпай күтүп отуруп, жүзүнө күн нуру тийгенде акырын жылмайып койду. Көпкө чейин күтүп, күндүн ысыгына какталып, курсагы ача баштаганда алгач акырын, анан катуулап ыйлай баштады. Анын ыйлаганын көргөн айылдын балдары чуркап келишип, аны тегеректеп калышты, анын ким экенин, кайдан келгенин билбей көпкө карап турушту.

Акыры чоңоюп калган эки-үч бала аны үйлөрүнө чакырды, бирок ал сокур экендигин, жолду көрө албасын айтты. Шайыр балдардын бири аны колунан жетелеп үйүнө ээрчитип баратып, жолдошторуна эрмек катары, аны тегиз жерден эле «Секир, бул жерде арык же көлчүк бар» деп үйүнө жеткиче тамашалап барышты.

Бала бир нече секириктерди жасаткан соң, акыры аны үйүнө алып келди. Кепедей үйдөгү кемпир ага капуста сорпо, ботко кошулган пирог берип курсагын тойгузду да, аны кожоюндун короосуна алып барып, Мария Феодоровнанын өз колуна тапшырды. Ал эми Мария Феодоровна мындай өзүм билемдиктен келе турган бактысыздыкты эскертип, аны эл көзүнчө катуу сабоого буйрук кылды. Ушундан кийин көпкө чейин байкуш Коля жатагын таштап сыртка чыккан жок.

Жекшемби күнү коңгуроо кагылып, коңгуроонун үнүн бечара Коля да укту. Үн басылганча жылмайып унчукпай тыңшап, анан тарбиячысынан сурады:

— Бул эмне деген күүлдөгөн үн?

— Күүлдөгөн дейт тура! Бул күүлдөгөн жок, коңгуроо кагылып, сыйынууга чакырып жатат, —деп түшүндүрдү тарбиячы.

— Ал сыйынуу кайда болот? — Коля бир аз унчукпай тургандан кийин суроо узатты.

— Кайда болмок эле, чиркөөгө барып сыйынышат.

—  Кайсы чиркөөгө? (Коля он эки жашка толгону калганына көңүл буруңуз.)

— Кайсы болмок эле? Тигил жакта, айылдын чиркөөсү бар.

— Ал жакка биз да барбайлыбы.

— Унутуп калдыңбы, өткөндө эмне болгонун... Дагы каалайсыңбы?..

Коля унчукпай калды.

Ошондон кийин Коля күнүгө кулагын түрүп тыңшай баштады, бирок коңгуроо үнү анын жатагына оңой менен жетчү эмес. Акыры, кийинки жекшембиде ал баягы добушту кайра угуп, кубанып кетти.

— Кайра дагы коңгуроо кагып жатышат!

— Кагышса эмне экен!

— Энекебайым! Кымбаттуум! Мени чиркөөгө алып барыңызчы!

Ал тарбиячысынан ушунчалык жалбарып сурангандыктан, акыры ал аны аяп, ага Кудай берген кийимин кийгизип, чиркөөгө жетелеп барды.

Кызмат учурунда Коля таштай катып кыймылдабады. Ал мурда эч качан укпаган ыр менен поптун кудайга келтирген келмелерине аябай таңгалып, тигил же бул сөздөрдү түшүнбөсө да, кулагында бир башкача жагымдуу жаңырып, акырын башын ийип, билинер билинбес жылмайып укту. Кызмат бүттү, бирок ал дагы эле бир орунда калып, кызматтын уланышын күттү. Бирок тарбиячысы анын колунан кармап, бүгүнкү мессанын бүткөнүн айтып, аны чиркөөдөн алып чыкты.

Дыйкандар сокур жаш кожоюндун чиркөөгө келип чокунбай, кыймылдабай карап турганына таңгалышты, мурда да сокур жаш кожоюндун чиркөөгө келип чокунганын бир да көрүшпөгөнүн эстешти. Христиан эне жаңыдан эле чулдурап сүйлөй баштаган баласына эң биринчи үч манжасын бүктөп, кайчылаштырып, «бозия» деген сөздү айтып жараткан кудайга ибадат кылууну үйрөтөт эмеспи. Тагдыр ал назик насаатчыны бечара Коляга ыраа көрбөй эрте алган, а өгөй энеси муну унутуп койгондуктан, он эки жашар тестиер бала бир да дубаны, атүгүл чокунганды билчү эмес.

Поп анын мындай абалын билген эмес, анын үстүнө ал ыйык кызматын кылуу үчүн кожоюндун үйүнө жылдын белгилүү күндөрүндө гана келе турган. Ага дарыгерге төлөгөн сыяктуу, зыярат үчүн акча төлөнчү, болгону ушу. Ал эми Мария Феодоровнадай чиркөөдөн алыс помещиктердин көпчүлүгү дин кызматкерлерин үйлөрүндө кармашат. Бул абсолюттук чындык жана аябагандай өкүнүчтүү! Мессадан кийин поп Коляны өзүнө чакырып, аны андан бир жаш улуу уулу Ванюша менен тааныштырды, тамак берип, курсагын тойгузуп, ыйыкталган нан берди да тарбиячыга аны ар жекшембиде чиркөөгө алып келип туруусун буйруду.

Коля бир жума бою уктабай, [коңгуроо кагыгылып жатабы деп] тыңшап, акыры коңгуроонун үнүн укту: жекшемби күнү эртең менен коңгуроо кагылганда ал кубанганынан кыйкырып жиберди: «Чиркөөгө! Бирок тарбиячысы уктап жаткан экен. Ал анын төшөгүн сыйпалап таап ойготтуп, аны чиркөөгө алып баруусун суранды.

– Ой, түн каракчысы! Уйкусураган тарбиячы жинденди: – Түн жарымында кайдагы чиркөө? Сен го сокурсуң, сага түн болобу, күндүзбү баары бир,—деди да экинчи капталына оодарылып, дароо коңурук тарта баштады.

Коля коңгуроо кагылганча унчукпай ыйлап олтурду. Коңгуроо кайрадан кагылганда тарбиячыны ойготуп, андан чиркөөгө алып баруусун суранды. Бул жолу тарбиячы макул болду.

Поп аны мессадан кийин кайрадан өзүнө чакырып, мурунку жолкудай эле тамак берди, Кудайдын үйүнө келүүдөн жалкоолонбой келип турушун суранды. Коля коңгуроону укканда эле чиркөөгө барууга даяр экенин, бирок тарбиячысы аны алып келбей жатканын айтты. Дин кызматчы тарбиячыга эгер Коляны чиркөөгө алып келбесең, ыйык нан менен шарап бербейм деп катуу эскертти. Тарбиячы ошондон тартып Коляны дайыма коңгуроо кагылгандан кийин чиркөөгө алып бара баштады.

Коля чиркөөгө жана поптун үйүнө бара баштаганына алты айдан ашкан жок, ал эртең менен, түштө, кечинде окулуучу дубаларды, ыйык китептин бир нече ондогон аят-сүрөөлөрүн, бардык жекшемби күнкү окулчу Инжилдерди жана элчи Пабылдын дээрлик бардык каттарын жатка билип калды. Поптун уулу Ванюша аны менен достошуп, ага уктар алдында таңкы аят-сүрөөлөрдү, дубаны жатка окууну үйрөтүп жүрдү. Мындан тышкары, ал бирөөнүн жетеги жок, көзү көргөн адамдай чиркөөгө өз алдынча барып, келүүнү үйрөндү, тарбиячынын эми Коля менен иши болбой, жылуу төшөгүнөн турбай жыргап уктап жатчу болгон.

Кээде ага Ванюша, поптун уулу ыйык китептерди ала келчү, эгер аба ырайы жакшы болсо, алар бакчаны айланып сейилге чыгышчу же көлмөгө түшүшчү.

Ошентип дагы бир жай өттү. Ванюшаны семинарияга алып кетишти. Байкуш Коля жетимсиреп, кайрадан жалгыз калды. Бирок ал ыйык китептин бардык аят-сүрөөлөрүн, ыйык тарыхты жатка айтып, бакчанын жалгыз аяк жолдорунун баарын жаттаган.

Мария Феодоровна анын мындай жөндөмдөрүн тыкыр көзөмөлдөп, алардын өнүгүшүнө тоскоол болгон жок, ал мындан убакыттын өтүшү менен Ипполит мүлктүн чыныгы ээси болуусуна эч кандай тоскоолдук көргөн эмес эле.

Ипполитушка да атактуу баатырлардай күн санап эмес, саат сайын чоңоюп, эл айткандай май көлдүн үстүндө сүзүп жүргөн. Бардык нерсеге катаал Мария Феодоровна уулуна келгенде чексиз назик мамиле жасап, мээримдүү эне ашкере сүйгөн баласы эмне кылам десе, ошонун баарына жол берчү. Ал он жашка чыгып калган, бирок апасы ага окуганды жана жазганды үйрөтүүнү ойлогон да жок. “Убагы келгенде окуйт да, — дечү ал кошуналарына. – Баланы эрте кыйнай бергенде эмне.” Ошентип бала тарбиячысы менен күңдөрдүн таасиринде өсүп жатты.

Бир жолу поп Коляны текшермекчи болуп, ага ишемби күнү чиркөөдө кечки мессада өз ордуна тургузуп, биринчи аят-сүрөөлөрдү окууну буйурду. Коля аны китептен окугандай эч такалбай окуду. Жекшембиде поп ага бир күн бою өз ордуна коюп, күн бою аткарылууга тийиш болгон кызматтардын баардыгын жасатты. Поп дагы, мессага келишкендер дагы Колянын кызматына суктанып, ыраазы болушту. Кээ бир кемпирлер гана сокур кожоюндун сезим козгогон өтө эле аянычтуу чыккан үнүн белгилешти.

Чиркөө анын жападан жалгыз баш калкалоочу жайы болуп калды, ал жерге ал эң сүйүктүү досуна, эң назик апасына барган сыяктуу барчу. Биздин улуу, жөнөкөй чиркөө ырлары, анын бүткүл жан-дүйнөсүн ээлеп, ал эми Дөөтү пайгамбардын кудай өзү жалгаган касиеттүү обондору, таңгалыштуу лирикасы анын али бузула элек таза рухун асманга көтөрдү. Ошентип анын балалык жан-дүйнөсү, алдыда аны күтүп турган ары коркунучтуу, ары азаптуу турмушка даярданып, жетиле баштады.

Поп, өзгөчө, чиркөөнүн майда дин кызматчылары аны акы албаган жана эң ынталуу жардамчы катары жакшы көрүшчү. Мисалы, ал коңгуроо мунарасынын жанына келип, кечки же эртең мененки сыйынууларды күтүп отурган учурлар көп. Коңгуроо кагуучу адам поптун уруксатын алгандан кийин чиркөөнүн кулпусун ачат да, сокур кожоюнду коңгуроону кагуу үчүн мунарасына жөнөтөт. Же айылдан бирөө кайтыш болсо, маркумду узатууда аткарылчу ырымдарды аткарууга жумшашат. Ал бирөөлөрдүн жетегинде маркумдукуна барып, бардык ырым-жырымдарды бир да жеринен жаңылбай, дубаны бүт жан-дүйнөсү менен окуп, көзүнөн жаш чыкпаган адам калбайт.

Анан кантип дин кызматкерлери аны жакшы көрүшпөсүн? Ал эми улуу орозо айы келгенде ал үйгө бир нече күн келбей калчу. Ал поптукуна же башка дин кызчыларыныкына барып кечки тамакты ичкенден кийин, чиркөөдө ыйык күнү аткарылар бир да жөрөлгөнү калтырбастан аткарчу. Анын токтоп, демди терең алып, таза, чын жүрөктөн басым жасоо менен: «Эй эл-журт, түшүнгүлө, моюн сунгула, анткени Кудай биз менен” деп сыздап окуган дубаларын, дин кызматчыларына кошулуп муңдуу үн менен ырдаганын көзгө жаш албай, эмоциясыз угуу мүмкүн эмес эле.

Мария Феодоровна Коляны бир сокур келесоо катары көрчү, ал анын коңгуроо мунарасында жашоосуна тоскоолдук кылган жок. Анын ою боюнча ага бир жыл бою кийигизген эки жуп пахта кемсел, жыйырмага жакын кендир көйнөк сокур үчүн жетиштүү болчу, андан артык камкордуктун ага эмне кереги бар? Бүтүндөй чарба имараты анын карамагында, керек болсо бир короо ит багып алса болот. Бир гана жетишпегени – кудай көзүнөн ажыратыптыр, бирок ага Мария Феодоровна күнөөлүү эмес да.

Адегенде кошуналар аны сокурлар институтуна жиберсеңер болмок дешкен, баары бир ал жакта жакшы да.

— Ой, энекебайларым! — деп жооп берчү ал, — ал жерде буга көз бере алышпайт, ал эми сокур киши эмнени үйрөнөт?

Кошуналар албетте, ага каршы чыгууга батынчу эмес, мындай практикалык аргументтерге баары макул.

Ушундай саясаттын натыйжасында Коля кокустуктун ырайымына калтырылган, анысы да жакшы болгон экен. Кокустук анын бейкүнөө, сезимтал жан-дүйнөсүн ыйык сөздөргө жана сыйкырдуу үндөрдүн арасына алып келди. Ал кудайдын кудурети менен руху көтөрүлүп, өзүн миңдеген көзү көргөн адамдардан миң эсе бактылуу сезчү, албетте, Мария Феодоровна анын мындай абалынан шектенген эмес. Болбосо кызмат учурунда аны чиркөөгө жибербей үйүнө камап салмак.

Ал үчүн күн менен түндүн айырмасы болбогондуктан, Коля жай түндөрүн көбүнчө бакчада же коңгуроо мунарасында өткөрчү, өзүнүн сүйүктүү ырын үн чыгарып айткандан тажачу эмес. Жамандарга теңелбе, көрө албаска суктанба. Адегенде дыйкандар түнү менен коңгуроо мунарасынын жанынан өтүүдөн коркуп, ач арбак өзүнө, өлгөндө жасалбай калган ырым-жырымдарды окуп жатат деп ойлошкон. Бирок кийинчерек бул жаш сокур мырза экенин билишкенде, алар түн жарымында чиркөөнүн жанынан чокунбай өтүп кетишчү болгон.

Кээ бир, албетте, андан аздыр-көптүр көз карандысыз, демек, тайманбаган, эркин ойлогон кошуналары кээде Мария Феодоровнага Ипполитенька он төрт жашта экенин, аны окуганды, жазганды үйрөтүү мезгили келгенин эске салчу. «Силер акылсыздар, — деп ойлочу Мария Феодоровна, — менин уулум таза кандуу дворян, чоң помещик! 1000 жандын ээси, силердикиндей — үч жарым жан эмес, аныңар да үч жолу кайра-кайра кепилдикке коюлган, — мына ошондой! Ал сабатсыз болсо да силер, сабаттулар келип, анын алдына таазим кыласыңар».

Ушундай көрүнүктүү аргументтер менен ал өзүнүн сүйүктүү Ипполитенькасы үчүн сабаттуулуктун пайдасыздыгын далилдеди. Бирок ал өз аргументтерине канчалык терең ишенбесин, бир күнү эртең менен катчы Федьканы чарбалык кеңсеге чакырып, Ипполитушкага окуганды, жазганды үйрөтүүнү буйруган. "Душман көзүнө" деди ал.

Ипполитушка эң бузулган эрке талтаң болгону аз келгенсип, адаттан тыш келесоо чыкты. Окуучуга албетте, жакшы эле, бирок крепостной мугалимди көбүнчө ат сарайга алып барышчу (эмне үчүн алар мал сарайга алып барары белгилүү). Байкуш Федька башы көңдөй окуучусу менен кыйналып жүрүп, акыры эсине келди.

Бир күнү Ипполитушка оюнчуктары менен кошо бир нече жез беш тыйынды окуу бөлмөсүнө ала келди. Федька окуучусунан бул тегерек оюнчуктарды кайдан алганын сураганда, ал апасынын керебети астында мындай оюнчуктар бир баштыкка толтура экенин айтты.

— Анда эмесе мындай Ипполитушка, — деди Федка ичинен кымылдап, — каалайсыңбы, такыр эле окутпай коёюн?

— Каалайм, — деп жооп берди окуучу кубанып.

— Бүгүн бул оюнчуктарыңды мага бер да, керээлдин кечке ойной бер, эртең келгенде дагы алып кел, мүмкүн болсо көбүрөк, бирок апаң көрбөсүн, болбосо ал окууга мажбурлайт.

Мугалим куру бекер эле тынчсызданып жаткан: окуучу уурулук деген өнөрдү эчак өздөштүрүп алган. Тарбиячы Аксинья үч жылдан бери уурдалган кант, момпосуй жана ар кандай таттууларды, анын ичинде кээде жезден жасалган тегерек оюнчуктарды да колдонуп жүргөн. Демек, сактык чараларынын таптакыр кереги жок болчу. Эртеси келишим боюнча окуучу мугалимге он чакты беш тыйындык алып келип, окуудан бошойт. Күндөн күнгө бул окуя уланып, акыры айдын аягында баштык бош калат.

Окуучу бул кейиштүү окуяны устатына билдиргенде насаатчы көпкө ойлонду да:

— Байкадыңбы, Ипполит Иванович, апаң ушуга окшогон ак оюнчуктарды кайда сактайт? – деди.

— Билбейм, көрө элекмин, — деди окуучу.

— Билбесең олтур, окуйбуз!

— Эртең билип келем, — чочуп кетти окуучу, — аны каалашыңча алып келем, мени окутпа!

— Макул, көрөбүз. Эртеңкиге чейин ойной бер.

Эртеси Мария Феодоровнага жез тыйын керек болуп, анан бош калган баштыкты көрдү да кызматчылар менен тарбиячыларды чакырды. Баары бир заматта келип тизилип туруп калышты.

— Силер, — деди Мария Феодоровна, — акмактар, келесоолор, бул баштыктагы тыйынды алдыңарбы?

– Жок, айым, биз көргөн жокпуз.

— Чыбыктарды алып кел! — деп кыйкырды малайына.

Чыбыктарын алып, эки малай пайда болду. Кыйноо башталды. Бардыгын сабашты. Аксинья үйдө жок үчүн аны чакыртып жиберишти. Аксинья келип:

— Кожойке, буларды бекер кыйнап жатасыз, жаш мырза ал тыйындарды мугалимине ташып жүрүп бүтүрдү, – дебеспи.

Бечара Аксинья өзүнүн тайманастыгы үчүн кымбат төлөдү: ага башкалардан эки эсе көп балак урулду.

Кызматчыларды бошотуп, Мария Феодоровна Ипполитеньканы издеп бөлмөлөрдү аралап чыкты. Бирок Ипполитенька канчалык акылы жок болсо да кыздардын эмне үчүн өксүп ыйлаганына көзү жетип, алардын ыйынын басылышын күтпөстөн, бакчага чуркап чыккан. Ал анча деле жинди эмес, курсагы ачканча бадалдын арасына жашынып, Коля сокурга тамак алып бараткандарын көргөндө, чарбалык имаратка барып, анын тамагын жей баштаган. Бирок ошол жерде тамак жеп аткан жеринен Мария Феодоровна өзү келип кармап алды.

А байкуш Коля ууруну башпаанек кылганы үчүн энчисин алды! Сөгүп жемелөөдөн, кекетип коркутуудан тышкары уруксат берилмейинче бир кесим кара нан менен бир чөмүч суудан башка эч нерсе бербегиле деген тыюу салынды. Чыныгы энелик мээримдүүлүк, боорукерлик менен алдап-соолап, Мария Феодоровна Ипполитенькадан акчаны качан, кимге бергенин, бардык майда-чүйдөсүнө чейин билип, Федька-насаатчыны аябай сабатып, Кузьма менен Демяндын мал короосуна, андан шаарга, аскерге жиберүүнү буйруду. Айтылды – аткарылды.

Эми Ипполитенька жөнүндө ойлонуу калды, аны эмне кылуу керек. Ансыз деле он алтыга чыгып калган экен, айылдагы желмогуздар аны бузары бышык. Аны Петербургга алып барып, кайсы бир жакшы интернатка киргизиш керек. Мария Феодоровна ушунтип ойлогон, дал ошондой кылып оюн ишке ашырмак болду.

Чарба башчысына чарба иштери боюнча буйрук, көрсөтмөлөрүн калтырып, ал баягы күйөөсүнүн жабык арабасын коштуруп, сүйүктүү баласын жана анын сүйүктүү тарбиячысы Аксиньяны алып, жадагалса эң жакын, сырдаш кошуналары менен коштошпостон, Петербургга жол тартты.

Эми ага уулун тарбиялоо үчүн кайда барарын, кимге тапшырарын айтуунун кереги жок. Эгер аларды чакырса Ипполитеньканын кайсы бир кылык-жоруктарын билип калышы мүмкүн, анан бүткүл облуска ууру деп жайып жиберишет, бул келесоолор анын бала экенин түшүнөт дейсиңби!

Петербургга келгенден кийин Пескиге эмес, Ямск Слободасында, Иван Предтечи чиркөөсүнүн жанындагы мейманканага токтоду.

Эртеси ал батирден издегени чыкты, анткени мейманкана ыңгайсыз жана кир, эң негизгиси кымбат экен, ал Петербургда жок дегенде эки жыл, балким андан да көп болууну көздөгөн.

Дарбазадан чыгып, чиркөө алдынан чокунуп өттү (ал бир топ убакыттан бери өтө динчил болуп калган) жана Лиговканы бойлоп, Знаменьеге жөнөдү. Ал Знаменьеге токтоп, тумандуу Невский проспектисине көз жүгүртүп, ушул жерлерде өткөзгөн жаштык күндөрүн эстеп бир аз турду, андан ары Невский проспектисин кесип өтүп, Пескиге, түз эле өзүнө жакшы белгилүү төрт терезелүү, мода дүкөнү бар атактуу үйгө жөнөдү.

Бул кичинекей үйдүн терезелеринин биринде муляжда он жыл мурдагыдай эле илинген шляпа, а башка терезелеринде он жылдан бери ордунан жылбагансыган кыздар көчөнү карап отурушкан. Бул кыздардын арасында Лиза да бар болчу, бирок бул баягы сегиз жашар, унчукпаган бетин чечектин темгили баскан Лиза эмес, эки колун көкүрөгүнө кайчылаштырып, сулуу тармал башын бийик, тисирейген төшүнө кыйшайтып отурган, он тогуз жаштагы, роза гүлүндөй бажырайган, бойго жеткен, жапжашыл сулуу болчу.

Анын жаш, назик жүзүндө бала кезиндеги темгилдин изи калбаптыр, аларды көрүш үчүн өтө жакындан, кылдаттык менен кароо керек болчу. Мария Феодоровна терезе алдынан өтүп баратканда Лиза узун кирпиктерин көтөрүп, терезени карап, өңү кубара түштү. Ал байкуш өгөй энесин тааныды, көз алдына бир кезде көргөн бардык ачуу, азаптуу турмушу тартыла түштү. Алакандары менен бетин жаап, отургучтан тургусу келди, бирок тура албады. Ордунан козголуп баратып, эсинен танып жыгылды.

Курбулары аны көтөрүп, көшөгөнүн артына алып кетишти. Терезе түбүнөн өтүп бараткан Мария Феодоровна кандай кырсыкка өзү себепкер экенине шектенген жок. Ал өзүнө көптөн бери тааныш короого жайбаракат кирип, таштанды чуңкурдун жанындагы белгилүү үйгө келип, кичинекей, шашылыш жасалып, бирок эскирип калган эшикти каккылады. Эшик бир аз кычырап ачылып, колуна көмкөрүлгөн чөйчөк көтөргөн Юлия Карловна чыкты (Юлия Карловна, анын сансыз кесиптерине дагы бирди кошкон – кофе менен төлгө салчу.) Босогодогу биринчи ахалап көрүшүүдөн соң, кийин Мария Феодоровна үйгө кирип, эски достор өбүшө кетишти.

Юлия Карловна күтүүсүздөн келген кымбаттуу коногун эскилиги жеткен отургучка отургузуп, аны жаш, арыкчырай, өңү кубарган, бакырайган, кара көздөрүнөн жаш тегеренген, чымкый кара кийинген кыз менен тааныштырды.

— Тааныштырып коёюн, — деди Юлия Карловна Мария Феодоровнага кайрылып, — менин жакшы курбум, мадемуазель Шарнбер, атамдын жердеши. Жакшы үй-бүлөдөн. Жаңы эле кофе менен салган төлгөм аябай жакшы түштү, мындан артыкты сурап да ала албайсың, бирок бул кургур ишенбей, ыйлап жатат.

— Мен эки жылдан бери ишенип келем, — деди кыз акырын.

— Ооба, энекебай, кээде он жыл күтүп деле ыйлашпайт, — деди Юлия Карловна нааразы болуп. — Кантмек элең? Тагдырың ушундай. А эгер түгөйүңдү күтүүдөн тажасаң, анда үйүмө көчүп кел деп көптөн бери айтып жүрөм го. Эгер жаш айымдар менен чогуу иштегиңиз келбесе, анда дүкөндү алыңыз. Мен кудай турат ко, сенден бирдеме бер деп деле айтпайм. Бул мага да жакшы, сен да зыян тартпайсың.

Кыз ыйлап жиберди да: «Кош болуңуз! деп бөлмөдөн чыгып кетти.

— Жакшы бар, эртең кел. Жаңы кофе демдеп кайра салып көрөйүн, — деди Юлия Карловна кызды көзү менен узата карап. Ал эшикти жапкан соң деле Юлия Карловна сөзүн улантып жатты: “Сен өтө эле намыскөйсүң! Сүйүктүүңдү дагы бир-эки жыл күт, балким өзгөрөсүң, жалынып-жалбарып келерсиң, ошондо кеч болуп калат, мен сени босогомо да киргизбейм, ал кезде эмнең калат! Азыр эле кемпирге окшойсуң, кийин сени ким карайт?”

— Мына, Мария Феодоровна, чыныгы бактысыздык мына ушунда, — деди мейманынан аёо күткөндөй. – Көрдүң го, гүлдөп турган убагы, сулуу, жакшы ата-эненин кызы. Жашы өтүүдө, сулуулугу бекер эле соолуп барат. Буга ким күнөөлүү? Ата-энеси, башка эч кимдин тиешеси жок!

Булар, кымбаттуу энекебайым, Кронштадда жашачу, кеңседе жакшы кызматы, дүкөндөрү бар эле. Жума сайын үйүндө кечелерди өткөрүшчү. Анан алардын үйүнө бир мичман келе баштайт. Белгилүү иш да, жаш жигит менен кыз бир-эки жолу жолугуп, бири-бирин сүйүп калышат. Ошондон көп өтпөй шайтан сайып күнөө кылышат. Мына ушундай. Кээде үйдө бийлеп жүрүп, акырын короого же көчөгө чыга калышып, шинелди жамынып, көгүчкөндөрдөй күбүрөшүп, өз билгендир жасашат, а ал убакта жөн жүрбөгөн апасы өзү жаш офицерлер менен ойноп жүргөн болот. Мен атасын күнөөлөбөйм. Кызын кароо эркектин иши эмес, апасынын милдети, баарына апасы күнөөлүү. Ал алжыган келесоо жигиттин кызын тегерегине айланып чыкпай жүргөнүн көргөндө эле "Сага эмне керек, жаш жигит? Жөн эле эрмек үчүн жүрсөң, тигине эшик, экинчи көрүнбө, эгер мамилеңер олуттуу болсо, үйлөн!" – дебейби.

«Мейли, жаштар өздөрү билишет, тарбия көргөн жигит ашыкча эч нерсеге жол бербейт» деп ойлошкон да. Анан тигине: ал жол бербептир, тарбия көргөн жакшы адам экен. Кыларын кылып, кыл жип менен бууп, анан Астраханга же андан да алыс жакка которулуп кетти. А тигилер иштин жайын кошуналар кызын сөөмөйү менен сайып көрсөткөндө гана байкашкан.

Анан баштагыдай эле кечелерди өткөзүшөт, залдар жарык, баары даяр, бирок эки-үч аракеч келбесе, башка коноктор жок, иш начар экенин көрүшөт, Кронштаддан көчүүгө туура келет. Азыр бул жерде, Петербургда жашашат, ээлеген кызматы жок. А бул келесоо төлгө салдырып, дуба окутуп жүрөт. Менин дубамды тим эле укмуш деп ойлойт! Сүйгөнү мен окусам эле жүгүрүп келет экен! Ал мындан сулууну эчак таап алган чыгар. Бир нерсең барында мага кел, карысаң эч кимге керегиң жок дейм. Ой-ой, шордуу кыз, ойлоп-ойлоп боорум ооруйт, – деп үшкүрүндү.

— Эмесе мындай, Юлия Карловна, — деди Мария Феодоровна көпкө унчукпай олтургандан кийин, — сага бир чоң өтүнүчүм бар.

— Кандай өтүнүч, Мария Феодоровна? Билесиң да, сен үчүн дүйнөдөгү баардык жакшылыкты жасаганга даярмын!..

— Мага кичинекей батир таап бер, мүмкүн болсо үч бөлмөлүү, жакын жерде бир мыкты мектеп-интернат болсун. Билесиңби, мен уулумду алып келдим.

— Ооба, мыкты мектеп-интернат бар, айым... Мадам... анын аты ким эле... батир... батир...— Ал манжалары менен Н.нын мыкты интернаты жайгашкан бүткүл кварталдын үйлөрүн санай баштады. — Болуптур, кандай жол менен болсо да табабыз, — деп кошумчалады Мария Феодоровнага жагына карап.

— Бул мага кылган чоң жакшылыгың болот эле. Бирок үч бөлмөдөн ашпасын: азыр абалым анча эмес, акчам аз, — өлүп олтуруп малдын башы азайды, түшүм начар, улам бир чыккан өрт биротоло түбүмө жетмей болду. – Мария Феодоровна ыйлап жибере жаздады.

– А баса! — деди ал узак тыныгуудан кийин, — унутуп кала жаздапмын. Менин Акулькам кандай жүрөт? Менимче, ал азыр чоңоюп калгандыр?

— Оо, ал анык сулуу болду! Анан кандай чебер! Кандай сулууга айланганын көрсөң, тим эле укмуш! Бирок эмнегедир дайыма бир нерсеге кусалуу.

— Жаш да. Кандай дейсиң, Юлия Карловна, ага ылайктуу күйөө таба аласыңбы? Мага азыр анын кереги жок, мен Петербургда жашайм, бул жерде ал мен үчүн жөн эле ашыкча жүк, өзүң билесиң.

— Ылайыктуу адам көптөн бери бар, бирок өзүңдүн уруксатыңсыз батынган жокмун, сага жазайын десем дарегиң жок, каякка жазарымды да билбейм. Маркум Каролина Карловнага калтырган дарегиң жоголуп, ошондуктан кудай сени бизге өзү айдап келгиче эмне кыларымды билбей тургам. Ал эми жигиттин жайы мындай, — деп улантты ал, — ашпозчу, элүү орундуу ашканасы бар, чиновниктер айына беш сомдон төлөп тамактанышат. Жаман капитал эмес, бирок жок, ал муну каалабайт. Дагы бир мамлекеттик аракеч чиновник да ага жабышып жүрөт, жаш, жакшы жигит, бирок акчасы жоктой. Билбейм, ал ага жөн эле келип жүрөбү, же чындап эле баш кошсом деген ою барбы, түшүнбөйм.

— Ашпозчу эле ылайыктуу го, жок дегенде жеген наны кенен болот. Эгер аны каалабаса, мамлекеттик кызматкерге барсын. Мен балким, бир аз сеп берем. Бул ишти бүтүрсөң, Юлия Карловна, сага абдан ыраазы болот элем.

— Мен сен үчүн болгон аракетимди кылам, Мария Феодоровна, албетте, аракет кылам. Ой, энекебай, кайда баратасың шашып?

— Кетер убактым болду, — Мария Феодоровна даярдана баштады.

— Бир аз күтө тур, энекебай, бир мүнөттө кофе даяр болот.

– Жок, ыракмат, башка жолу. Жакшы кал! Батир жөнүндө унутпа.

— Унутпайм, унутпайм, Мария Феодоровна.

Ошонтип курбулар коштошту.

Батирине кайтып келип Мария Феодоровна өзүнүн Ипполитушкасын короо шыпыргычтын ак саргыл баласы менен акча сайышып чүкө ойноп жатканын көрдү. Бул Ипполитушканын билим берүү тармагындагы биринчи сабагы. Айылда бул улуу өнөрдү өмүр бою да үйрөнө алмак эмес, борборго келгенге үлгүрбөй, эртеси эле кыт куюлган сака деген эмне экенин түшүндү.

Эки күндөн кийин Мария Феодоровна өз курбусуна батир тууралуу билүү үчүн барган. Убадага так Юлия Карловна, дал өзү каалагандай батир тааптыр, жарык жана жайлуу, эң негизгиси, өтө кымбат эмес жана дээрлик мыкты интернаттын, башкача айтканда, чиркөө мектебинин жанында экен.

Курбусунукунан бир чыны кофе, тагыраак айтканда, цикорий ичкен соң, алар батирди көрүү үчүн жөнөштү. Короодо баратып алар модалуу дүкөндөн пианинонун коштоосунда чыйылдап ырдаган аялдын бийик үнүн, жана эркектин каргылданган жоон үнү аны кайталап, ырдын сөздөрүн так жана даана айтып ырдап жатканын угушту:

Шалбаларда, шалбааларда, шалбааларда,
Монастырдын шалбааларында.
..

Курбулар бири-бирин карап жылмайып көчөгө чыгышты. Жолдо келатып, Юлия Карловна буга окшогон, өзгөчө Пески сыяктуу борбордон алыс, дурус адам баш баккандан да корккон мекеменин оор түйшүктөрүн, көйгөйлөрүн айтып бүтө албай келатты.

– Бул түгөнбөгөн түйшүктөрдүн акыбети кайтса жакшы эмеспи, башкасын кой, сенин Лизаңды, башкача айтканда, Акульканы эле алалычы, ага эмне болгонун бир кудай билет, такыр эле жыгачтай катып калды: жакшы мамиле кылганыңды да билбейт, эч нерсе айта да албайсың, дубаланган немедей мелтирейт да турат. Аны эмне кыларымды билбейм. Өзү үчүн да, башкалар үчүн да бир нерсе жасайын дебейт, жок дегенде жеген нанын актабайт.

— Аны күйөөгө бериш керек, күйөөгө, Юлия Карловна, — деди Мария Феодоровна. — Канчалык эрте болсо, ошончолук жакшы.

— Аны мындай жерден ким алат?

— Алат, ага сеп убада кыл, Юлия Карловна, эгер сен аны кандайдыр бир жол менен бир жерге орноштуруп берсең, мен сага аябай ыраазы болот элем. Бирок... — бир нерсени эстегендей кошумчалап койду Мария Феодоровна, — эмнени ойлоп жатканымды да унутуп калдым.

Юлия Карловна, тааныштарыңдын арасында адвокат жокпу, бирок билесиңби, өтө кымбат эмес, анткени меники болбогон эле майда иш, мен намыс үчүн гана атаандашып жатам, жеңилгим келбейт.

— Албетте, бар, ал эң сонун адам, ишин аябай мыкты билген адис. Бир гана кемчилдиги бир аз ичет. Бирок азыркы заманда ичпеген ким бар? Ал болбосо, Ли... Акулькаң мени чоң балээге кабылтмак.

— Эмне болду эле?

— Эсиңдеби, дүкөндү бирге иштеткен курбум бар эле го, ал эмне деп койгонун бир кудай билет... жини менен аны аз жерден сууга чөгөрүп жибере жаздаптыр. Анан иш козголгон. Бирок кудайга шүгүр, ал өлүп калып иш жабылды. Бирок ошентсе да мен Кузьма Сидоричке ыраазымын.

Мария Феодоровна бир нерсени ойлоп жаткандай унчукпай, бут учу менен аллеядагы ылайды айланып өтүп, Юлия Карловнага кайрылды:

—  Менин ишим анча маанилүү эмес, сенин жөнөкөй эле кат жазганды билген таанышың жокпу? Мен ага эмне жазышты өзүм айтам.

—  Башкы штабда бир кызматкер бар. Ал сиздин Акулька дегенде үзүлүп түшөт, анын ага жасаган мамилесин көргөн кишинин көзү сүйүнөт. Билесиңби, — деп кошумчалады ал бир аз ойлонуп, — эмнеге мынча убара болосуз? Сен ага бир нерсе убада кылсаң, Акулькаңдын маселеси өзүнөн өзү чечилет.

Ошол маалда алар дарбазасында батир жана бурч ижарага берилет деп жазылган кагаз чапталган бир топ эскилиги жеткен үйгө келишти. Жабык дарбазаны кагышты.

Дарбазаны короо шыпыргычтын ордуна топу кийген карган кемпир ачып, аларды короого киргизди. Батир Мария Феодоровнын оюндагыдай болуп чыкты. Дал ушул Юлия Карловна айткандай жарык да, жайлуу да. Бир гана нерсе... бир аз кымбат: отуну менен айына 10 күмүш сом. Мындай баа менен Покотиловкада көпкө жашай албасаң керек. Ал үйдүн кожойкесине өзүнүн аз эле жерден кайырчы болуп кала жаздаганын, коргоосуз жесир калганын айтып, бааны түшүрүүгө аракет кылды. Бирок кожойке айтканынан кайткан жок. Ал өзү да үй-жайсыз жетим, коргоосуз жесир аял экенин, бага турган эч кимиси жок экенин айтып, муюган жок.

— Эгер сен аял эмес, эркек болсоң, анда жыйырма сомго да киргизбейт элем, бирок биз аялбыз, жашообузда ар кандай нерселер болушу мүмкүн.

Мария Феодоровна унчукпай акчасын алып чыгып, үй ээсине берип, кургак сүйлөдү:

— Батир меники, эртең көчүп келем.

Чынында эле эртеси ал конушун майлап Юлия Карловнаны аз болсо да чыныгы кофе менен сыйлады.

Көп өтпөй Аксинья кожойке менен урушканга үлгүрдү, ал эми Ипполитушка кыт саканы ыргытканга машыгып, короодогу таштандыларды кылдаттык менен чокуп жаткан ак корозду бута кылып тандап алды. Сокку аябай эле сонун болду, байкуш короз канаттарын силкип-силкип, дароо жан берди.

— Кандай укмуш сака, — Ипполит сүйүнүп кетти. — Бекеринен апам он тыйын төлөбөптүр!

Ак короздун каргашалуу өлүмү тууралуу кеп кожойкенин кулагына бат эле жетти. Үйдө ушунчалык дүрбөлөң көтөрүлгөндүктөн, эгер Юлия Карловнанын ортомчулугу болбогондо, Мария Феодоровна ошол эле күнү жайлуу кичинекей квартираны таштап чыгып кетүүгө туура келмек. Бирок иш элүү тыйын менен аяктады.

Бул жагымсыз окуянын жакшы жагы да бар эле, Мария Феодоровнага борборго эмне үчүн келгенин эсине салды. Ал дароо Юлия Карловнага кайрылып, эгер мүмкүн болсо эртең ага мектеп-интернатынан тарбиячылардын бирин жиберишин өтүндү, ал биринчи кезекте Ипполитушканы үйдө жеке даярдап, анан гана интернатка жиберүүнү ойлогон.

Айткан иш аткарылды. Эртеси приходдук мектептен бир мугалим келип, Ипполитушка мугалимдикине кечки тамакка чейин жана кечки тамактан кийин барып турмай болуп макулдашышты, бул ага кызыктуу болмок, анткени мугалимдин батиринде дагы бир нече бала окуйт экен. Ошону менен бул иш бүттү, эми дагы бир эң кыйын иш калды.

Мария Феодоровна Петербургга жаңы келген күнү Лизанын өлгөнү тууралуу өз жакындарынын бирине, кошунасына кат аркылуу билдириш керек эле.

Ага мынчалык татаал катты ким жазат? Өзү жазса, шылдыңдап күлүшмөк, себеби фамилиясын араң жазат. Ага курбусу сунуш кылган катчыдан сурангысы келген жок, анын үстүнө ал Акульканы тааныгандыктан, анын Лиза экенин билбесе да, шайтан билеби, кокус билип алган болсочу! Жок, ага мынчалык маанилүү катты ишенип жаздырууга болбойт эле.

— Ой, келесоо жаным! — деп кыйкырып жиберди Марья Феодоровна көп ойлонгондон кийин. — Мен эмнени ойлогом? Мугалимди эмнеге жалдадым?

Ал дароо Аксиньяны мугалимди чакырып келүүгө жиберди. Ал келгенде аны сыноо максатында кыска кат жаздырып көрүүнү чечкенин айтып, ага эмне тууралуу жазуу керектигин түшүндүрдү.

Мугалим угуп, бир саамга ойлонду да:

— Тема олуттуу экен, ойлонуп көрүш керек. Адегенде билишимче жазып келейин, а эртең өзүңүз окуп көрүп, оңдоочу жерлерин көрсөтсөңүз кайра жазайын. Буюрса, эртең даяр болот!

— Макул, даяр болгондо мага алып кел.

Бир-эки күндөн кийин кол жазмасын колтугуна кыскан мугалим кирип келди. Мария Феодоровна отурушун суранганда, ал көргөзгөн отургучка отуруп, каллиграфиянын үлгүсү болгон кол жазмасын ачты. Мария Феодоровна кол жазманын ушунчалык сулуулугуна суктанып, мугалимден окуп берүүсүн суранды. Мугалим өз чыгармасын окуп, же тагырагы, айтып бүткөндөн кийин Мария Феодоровнага астыртадан көз жүгүртүп, өзүнө ыраазы болгондой, башын бир аз ийип, кол жазманы тапшырды.

Мария Феодоровна катка абдан ыраазы болду, Аксиньяны чакырып, кофе кайнатууну буюрду. Ал эми кофени алып келгиче катты дагы бир жолу үнүн акырын чыгарып окуп берүүсүн суранды. Мария Феодоровнанын жылуу мамилесине кубаттанган мугалим баштагыдай даана болбосо да, акырын, бирок терең сезим менен: «Анын сүйкүмдүү көз карашынан түбөлүккө айрылдым» деген сөздү окуганда Мария Феодоровна жүз аарчысы менен көзүн сүрттү. Бул албетте, бактылуу автордун көңүлүн бурбай койгон жок, бул ага айтылган ыраазылыктан да артык эле. Мария Феодоровна авторду кофе менен сыйлап, кол жазманы эстелик катары сураган соң, анын аракети үчүн (бир аз кымбат, бирок ал жөнөкөй катчы эмес да) бир сомдук күмүш тыйын сунду.

Автор ага эч кандай сыйлыктын кереги жоктугун, анын жылуу мамилеси ар кандай сыйлыктан артык экенин айтып, андан марттык менен баш тартты.

Мария Феодоровнанын жүрөгүнүн жумшактыгы, сезимталдыгы, жакшы тарбия көргөн акыл-эси жөнүндө дагы бир нече жагымдуу сөздөрдү айтып, мугалим ийилип коштошту да жолуна түштү.

Эртеси Мария Феодоровна өзү катты почтага алып барып, ошол жерден бир почточуну таап, андан мөөр басылган конверт алды да катка мөөр басып, дарегин жазып коюусун өтүндү.

"Буюрса, бул көйгөй да бүттү" деди ал ичинен почтадан чыгып баратып.

Эми бир гана эң акыркы жана эң чоң көйгөй калды: Лизанын тагдырын чечүү керек, ошондон кийин ал бүт күчүн Ипполитушканын билим алышына жумшайт. Убакыт өз ирети менен өтүп жатты. Жарым жыл өттү, дагы бир нече ай өттү, бирок Лизанын тагдыры дагы деле чечиле элек. Юлия Карловна күн сайын Мария Феодоровнага жолугуп, бир чөйчөк кофе ичип, эң кызыктуу жаңылыктарды айтат, бирок Лизаны турмушка узатуу тууралуу бир ооз сөз да айта элек. Кызыкдар экенин көрсөтпөө үчүн ал өзү сөздү баштагысы келчү эмес. Ырас, ал бир нече жолу кыйыттып көрдү, Юлия Карловна да чаргытып жооп берүү менен чектелген. Ал эмне деп ойлорун билбей калды.

Ал ортодо Юлия Карловна анын айланасында алтын куурчакты айлангандай тегеренип, анын сүйүктүү уулунун жаш балбандыкындай чымыр денесине, жаштыгына, билимине суктанып жүрдү, бирок мунун баары бекер убара болчу: Мария Феодоровна айылдан көп акча алып турса да, ага беш мөөр басылган пакетти көрсөтүп, бир чыны кофе, бир кесим пирог менен кутулчу.

Юлия Карловна чыдап күттү, бош убактысында анын досу Мария Феодоровна генералдын аялы жана байлыгын көрсөтпөгөн аял экенин кварталында жар салып жүрчү. Мына ушундай ушак-айыңдардын натыйжасында Мария Феодоровнанын тааныштарынан, жакын курбуларынан турган татыктуу чөйрө пайда болду. Ырас, алардын айрымдары генералдын аялы бир кесек кант менен бир чыны кофе үчүн титиреп турганын көрүп, мындай таанышууну улантпоону туура көрүштү; башкалар, анын ичинде Юлия Карловна да чыдамкайлык баарын жеңет деген эрежени карманышкан.

Бирок бул эреже толугу менен актаган жок, Мария Феодоровна, алар айткандай, бекем аска болчу. Тек аны курбулары таштап кеткен жок. Алар сенин акчалуу экениңди билсе, акчаңды көрсөтпөсөң да кудайындай карап, эң жоомарт кудайга сыйынгандай, таазим кылар адамдардан эле. А Юлия Карловна каны чет элдик болсо да чыдамы жок болуп чыкты. Ал келечекте болор пайданы күтүп олтурбай, ушундай мүнөздөгү окуяны баштады.

Көпкө күтүп, терең ой жүгүрткөндөн кийин: "Мен эмне деген келесоомун, эки колумду жайып, качанкыга чейин карап отурам? Кызды бекер бактымбы? Дагы эр таап, жакшы жерге жайгаштыр дегенин кара. А ушунун баары бекер. А кыздын ким экенин бир кудай билет, Лизабы, Акулькабы, аны эмне деп чакырышты да билбейсиң".

Дагы бир нече ай күтүп, натыйжа чыкпагандан кийин Мария Феодоровнанын кызматчысы жана ашпозчусу Аксиньяны жакшыраак таанып-билүүнү чечти, — анын кесиби ушундай, ага кандай тааныш күтсө да жараша берет.

Күндөрдүн биринде ал кокусунан кичинекей дүкөндөн Аксиньяга жолугуп, аны менен өтө кызыктуу маселе боюнча сүйлөшкүсү келгендигин, мүмкүн болсо эртең бир мүнөткө болсо да келип кетишин суранды. Аксинья дароо макул болду, бирок ал Юлия Карловнанын үйүн билбейт эле.

Мария Феодоровна өтө зарыл учурда Юлия Карловнаныкына же Ипполитушканы жиберчү, же өзү барчу, бирок Аксиньяны жиберчү эмес, анын ал жерден Лиза менен жолугуп калышынан коркчу. Эми кандай болор экен? Юлия Карловна ага бардык көчөлөрдү, аллеяларды, өзүнүн кичинекей үйүн майда-чүйдөсүнө чейин сүрөттөп берди.

Аксинья жекшембиге чейин күтүп, үйдү эртерек жыйнап, Юлия Карловнаныкына жөнөдү. Баары жакшы болчу, бардык көчө, аллеяларды эстеди, бирок үйдүн дарегин унутуп калган. Ошентсе да ал үйгө кандайдыр бир жолдогу белгилер менен жетип, керектүү үй экенине ынануу үчүн ал жерде кыздар отурабы же жокпу деп терезелерди карады (бул үйдүн негизги белгилеринин бири эле). Ал биринчи терезеге чыгып шыкаалап, эңкейип, кандайдыр бир жумуш жасаган жүзүн көргөзбөй чүмбөттөп алган кызды көрдү. Юлия Карловнаны сурайын деген ниетте терезени какты. Кыз башын көтөрүп Аксиньяны көрүп, өңү кубара түштү. Аксиньянын жүзү да өзгөрдү. Бир мүнөт унчукпай тургандан кийин кыздын үнү араң чыкты:

— Аксинья!

Аксинья селт дей түштү: бул үндөн тааныш, көптөн бери унутулуп калган нерсени уккандай болду. Бирок ал дагы эле оозун ачып, сүйлөй албай турду.

— Аксинья! — кайталады Лиза, — сенсиңби же мен түш көрүп атамбы?

— Жок, бул менмин, мен Аксиньямын, сенин тарбиячыңмын, эсиңде барбы?

— Эсимде, эсимде, — деди да, Лиза көчөгө чуркап чыкты.

Алар көчөдө унчукпай кучакташып көпкө ыйлашты, Лизанын курбуларынын бири көрүп, күндүз көчөдө минтип турганыңар уят деп бөлмөгө кирүүгө көндүрдү. Бөлмөдө аларды кокусунан ошол жерге келип калган Юлия Карловна өзү тосуп алды.

Бири-бирин карап алып ыйлаган Лиза менен Аксиньяны карап, Юлия Карловна аларды көрүп кошо ыйлады. Экөө эстерин бир аз жыйып сүйлөшө баштаганда Юлия Карловна аларга тоскоолдук кылууга бардык күчү менен аракет кылууну чечти. Юлия Карловна буларды жалгыз калтырууга болбостугун түшүндү, анткени алар анын бардык жашыруун пландарын акылсыздык менен бузуп коюлары мүмкүн эле. Ошондуктан Аксиньяга учурашар замат өз бөлмөсүнө алып кирип кетти, аны бурчка отургузуп, кофе кайната баштады.

Кофе ичкен соң Аксиняны дарбазадан узатып, Лизаны көргөнүн айтпа деп катуу эскертти.

— Бош убактың болгондо келип тур, Аксиньюшка! — деп кошумчалады ал коштошуп жатып.

Аксинья Лиза менен коштошуп, батирине жөнөдү. Юлия Карловна ойлонуп, Лизаны бөлмөсүнө чакырды да, жанына отургузуп, эркелетип сурай баштады.

— Айтчы, сүйүктүүм Акулька, — деди ал, — айылда жүргөн кезиң эсиңдеби?

— Менин атым Акулька эмес, Лиза экени, иним экөөбүздүн бир бөлмөдө жашаганыбызды, иним Коля байкуш сокур экенин, адегенде бул Аксинья анын тарбиячысы болгонун, анан өгөй энем аны өзү жашаган үйгө алып кеткени эсимде. Ал эми ал байкушка жегенге эч нерсе бербеген айылдык таш боор аялды тарбиячы кылып дайындаган. Ал байкуш аны менен калган. Азыр тирүү боду бекен, байкушум? — Лиза ыйлай баштады.

— Эсиңде дагы эмне бар?

— Мен өгөй энебизди эстейм, аны эч качан унутпайм. Аны жакында эле көчөдөн көрдүм, коркконумдан өлүп кала жаздадым!

— А айылың кайсы облуста, кайсы райондо, эсиңдеби?

— Эч нерсе эсимде жок, аны билбейм.

Юлия Карловна суроолорун мындан ары улантуунун кереги жок деп тапты, Лизаны бөлмөдөн чыгарды да, плащын, шляпа сыяктуу май болгон бир нерсени кийип, эшиктерин бекитип, көчөгө чыкты.

Коноктон үйүнө кайтып келаткан Аксинья көчөдөн эле батирден чыккан катуу үндөрдү укту. “Кудай сакта, ууру киргенби? – деп ойлоого үлгүрүп, шашкалактап чуркап тепкич өйдө көтөрүлүп эшикти ачып, көзүнө болуп көрбөгөндөй, бир болсо ичкилик сатуучу жайлардан гана көрсө болор көрүнүш тартылды.

Кутурган мышыктай жонун түктүйүп, оозунан көбүк чыгып, муштумдарын түйүп, Мария Феодоровна чабуул коёр болуп, качырып турган экен, анын каршысында коргонуу абалында Ипполитушка турган. Аксинья киргенде Мария Феодоровна эсине келе түштү да, муштумун түшүрүп кышылдады:

— Ох, желмогуз! – деди да, Аксиньяга кайрылды:

– Барып, бул келесоонун мугалимин чакырып кел. Ал Ипполитушкага жакшы нерсени үйрөтүптүр!

Аксинья бөлмөдөн тез чыгып кетти.

Бул дээрлик трагедиялуу көрүнүштүн алдында төмөнкүдөй окуя болгон эле.

Аксиньяны түшкө чейинки сыйынууга коё берип, Мария Феодоровна өзү да чиркөөгө жөнөгөн. Ал Ипполитушканы өзү менен кошо ала кетмекчи болгон, бирок анын кокусунан башы ооруп, үйдө калган. Ал жалгыз калганда апасынын кутусунун кулпусун мык менен ачып (ал агартуу жолунда өзгөчө ийгиликтерге жетишкен) апасы акчасын катып койгон жашыруун тартманы издей баштайт. Ал акча деген эмне экенин буга чейин жакшы билип алган. Анын үстүнө, өткөн жумада таптакыр жолу болбой бир топ акчасын уттуруп, Гречтин грамматикасын күрөөгө койсо, кабыл алышкан жок, карганса да карызга ойнотушпады. Анан да доспуз деп коюшат! Ал апасынан сурайын деди эле, бирок апасы сүйлөшпөй кетип калды. Ал анан эмне кылмак? Албетте, уурулукка барат. Ал эми алыска барбаш үчүн, ал өзүнүн биринчи аракетин апасынын кутусунан баштоону чечти, бирок тажрыйбасыз жана чыдамы жок ууру катары шашып, сактык чараларын унутуп, башкача айтканда, эшикти илгич менен бекитүүнү унутуп койгон. Жашыруун куту ага сырын жаңы эле ачканда Мария Феодоровна акырын кирип, бул жорукту көргөндө таңгалганынан оозу ачылып, селейип туруп калды.

Жарым сааттан кийин бөлмөгө Аксинья, анын артынан жаңы форма кийген, майрамдык маанай менен, жадырап-жайнаган мугалим пайда болду. Бирок Мария Феодоровна аны айбаттуу арстандай сурданып тосуп алганда, анын жылмаюсу көпкө созулган жок:

—Мугалимдер! Керемет мугалимдер! Силерге терең ыраазычылык билдирем! — Ал ачуусу келгенинен сөзүн уланта албай аптыгып, эч нерсе түшүнбөгөн байкуш мугалим оозун ачып, көзүн бакырайтып туруп берди.

— Мен сизге терең ыраазычылык билдирем! — деп улантты Марья Феодоровна араң дем алып. — Ооба... балага акыл үйрөттүңүз, окуттуңуз, агарттыңыз! Мынакей, эми берген билимиңизге суктана бериңиз! Бул менин балам! Жалгыз балам! Сиздин ырайымыңыз менен, мырза, бул ууру, каракчы, бандитке айланыптыр! А мунун баарына сиз гана себепкерсиз, мени тоноп, анан уурдаган акчаны өзүңүзгө ташып келип бергенге үйрөттүңүз.

— Айым! — деди мугалим деми кысылып, — сиз мага жалган жалаа жаппаңыз! Сиз жөн гана көпкөн аялсыз, андан башка айтарым жок! Сиз менен сүйлөшкүм да келбейт, кош болуңуз!

Ал шарт бурулуп, чыгып кетти. Мария Феодоровна жоош мугалимден мынчалык каршылыкты күтпөгөндүктөн, буга абдан таңгалып, өзүн жоготуп, эмне дээрин билбеди, ал эсин жыйгыча мугалим дарбазадан чыгып кетиптир.

– Чурка, кууп жет, бир мүнөткө келсин, – Аксиньяны эшикке түртүп чыгарды. Аксинья тепкичтен чуркап түшүп, кууп жөнөдү. Бир мүнөттөн кийин мугалим диванга отуруп, өзүнүн мыкты окуучусунун эрдиктери, бош убактысын кантип өткөзгөнү тууралуу узун аңгемени салкын кандуулук менен укту. Бул баянды башынан аягына чейин укту да, суроо узатты:

— Эмне үчүн аны мага акыркы жумада окууга жиберген жоксуз?

— Кантип жиберген жокмун? Ал күн сайын сабакка барам деп кетчү. Ал тургай түшкү тамакка да үйгө келчү эмес!

— А мен аны жекшембиден бери көрө элекмин!

— Кайда жүрдүң, я?.. — Мария Феодоровна Ипполитушканы карады, бирок Ипполитушканын изи эбак сууптур.

Анын жаман кылык-жоругун кантип оңдоо керектиги тууралуу узак талкуудан кийин сабакты уулантуу чечими кабыл алынды, анткени Ипполитушка мугалимдин айтымында жазуу жана орус грамматикасы боюнча билимин али бекемдей элек экен. Анын мезгилсиз сейилдөөсүнө жол бербөө үчүн Аксинья аны эртең менен мектепке алып барып, кечинде алып келип турмай болду.

Ошентип айтылган сөз аткарылды. Дүйшөмбүдө эртең менен тынч аллеянын көптөгөн тургундары мектепке бараткан alЄenfant курткасын [французча.] кийген он сегиз жаштагы өспүрүмдү, анын артында китептер жана грифель тактайчасы салынган булгаары баштык көтөргөн улгайган кызматчы аялды байкашты. Ипполитушка жалгыз барып жүргөндө аны эч ким байкачу эмес, бирок Аксинья анын артынан ээрчигенде, баары аны сөөмөйлөрү менен көрсөтө башташты. Кызык!

Аксинья бат эле Ипполитушканын артынан калбай ээрчип жүргөндөн тажады, бир күнү ал ага башка мектепке, башкача айтканда, Юлия Карловнанын үйүнө барууну сунуштады. Аны конфет берип сыйлашканы менен биринчи жолу барганда ал жер ага анча жаккан жок, бирок экинчи жолу барганда көңүлүнө төп келди. Юлия Карловна Аксинья менен ээн-эркин сүйлөшүш үчүн аны кыздарына алып барып, конок тажабасын деп катуу тапшырды. Аксинья ал жерден аны араң сүйрөп чыгып, кыздар ага ушунчалык жагыптыр. Аларды ушунчалык жактыргандыктан, ал мектептен бул сулуу сиреналарга чуркай баштады. Сиреналар көп өтпөй ага тартуулаган кубанычтары үчүн акча талап кылышты. «Акча? Бирок бул каргыш тийген акчаны кайдан алам? – деп ойлоду ал. – Апам эртерек өлсө, балким мага жеңил болмок».

Ипполитушка кыздар менен жыргап жүргөндө, Юлия Карловна ак көңүл Аксиньяны цикорий менен сыйлап, Лиза жөнүндө керектүү маалыматтын баарын сурап билип алды. Ал тургай облус, район, айыл атынан бери билип, билгенинин баарын генералдык штабда иштеп, аудитор болууга камданып, сынак тапшырып жүргөн тааныш катчы менен бөлүштү.

Болочок аудитор өзүнүн сүйүктүү Лизасынын мындай сырларын билгенде, жинди болуп кете жаздады. Бул күтүүсүз келген ийгиликтин ачкычы! — деп кубанганын жашыра алган жок.

Бирок Юлия Карловна андан Мария Феодоровна берген септин жарымын алмайынча ага Лизаны берүүгө макул болмок эмес.

Клерк албетте, анын койгон шартына каршылык көрсөтпөй макул болду. Жыйынтыктап айтканда, ал ага милийса башчысына арыз жазууну үйрөтүп, андан кийин өз жайларына кетишти. Эми Лизаны Аксиньянын келесоо экенине жана анын калп айтканына, чындап эле Лиза эмес, жаш айым эмес, Акулька – чыныгы крепостной кыз экенине, анын алдында ушундай жакшы келечек күтүп турганына, эгер ал келесоо болбосо, акыры өтө барктуу ак сөөк айымдар катарына кошулушу мүмкүн экенине ынандыруу гана калды.

— Макулсуңбу, Ли... Акулька? — деп сурады.

— Макулмун, мор тазалоочу болсом да макулмун, ушул сормо саздан чыксам эле болду.

— Эмне болгон сормо саз экен. Башка үйлөр сыяктуу эле үй. Сен али алдыда дагы эмне болорун биле элексиң.

— Мындан жаман болбойт деп ойлойм.

— Жакшылыкты билбеген шуркуя! Бирөөнүн нанын жеп семириптирсиң... жалап! Шерменде!..

Алар уруша кетишти.

Чарчаганча урушуп, анан кайра жарашышты, бир чыныдан кофе ичишип, Юлия Карловна тез кийинип, короодон чыгып кетти, ал эми жалгыз калган бактылуу колукту буркурап ыйлай баштады.

Юлия Карловна жакшы кабар менен түз эле Мария Феодоровнага барып, аны эң жакшы маанайда тапты: ал жаңы эле айылдан бир топ акча жана Сокур мырза арыктанбы же чуңкурга түшүп кеткенби, айтор бутун сындырып алганы тууралуу кабар алган. Өбүшүп көрүшкөндөн кийин курбулар диванга отурушту, Юлия Карловна бир аз унчукпай туруп сөзүн баштады:

— Мына ушундай, Мария Феодоровна, энекебайым, аны араң көндүрдүм, — ал катчыга тийгиси келбейт, ага дароо даяр кызматкер керек экен.

— Ой, ал эмне эр тандап калыптырбы! — күңкүлдөдү Марья Феодоровна, — анын каалаганын кара, кызматкер керек имиш! Айылга алып барып мал баккан койчуларга берсем эмне кылат экен!

— Анан дагы крепостной кыз эмесмин, ак сөөк тукумумун дейт.

Мария Феодоровнанын жүзү өзгөрө түштү.

— Бирок анын кандай ак сөөк экенин көрсөттүм. Жаакка эки чаап, оозун жаптым.

— Туура кылыпсың.

— Анан дагы бир маселе: күйөө бала кежирленип жатат. Миң сомдон кем албайм дейт.

—  Ой, шүмшүк десе! Крепостной кызга миң сомбу! Мындайды кайдан көрүптүр?

—  Ооба, ага карапайым кыз эмесмин, ак сөөк тукуму болом деп кыз өзү айтыптыр.

Мария Феодоровна ойлонуп калды:

—  Ал жок дегенде жарымына макул болор?

—  Мен ага жети жүз сом берейин десем, ал уккусу да жок.

— Эмне кыларымды билбейм, – деди Мария Феодоровна өзүнчө кобуранып.

—  Эмне кылмак элең? Миң сом бер да ишти бүтүр.

—  Мейли, макулмун, бирок тойдон кийин берейин.

— Бирок ал азыр бер деп жатат, акчасы жок чиркөөгө да баралбайм дейт. Акча болсо эртең эле алып кеткенге даяр.

— Мейли, шайтан алсын! Сен сураган акчасын берип тур, мен сага кийин берейин.

— Менде азыр сокур тыйын жок.

— Эми эмне кылабыз, ага акыркы акчаны беремби? Өзүм кандай оокат кылам? Мейли, аны шайтан алсын, деги эртерек бүтүрөлүчү. Эртең кел, дайындап коём, Юлия Карловна, — деп кошумчалады айласы кеткендей.

— Макул, келем. Бирок эртең сөзсүз болсун, көпкө созбой жекшембиде бүтүрүш керек, а бүгүн билесизби, бейшемби, шашышыбыз керек.

— Анда бир сааттан кийин келип көрчү. Же коё турчу, менде барбы, карап көрөйүн. – Ал башка бөлмөгө кирип кетти.

Көп өтпөй ачылган кулпунун үнү угулуп, Юлия Карловна күлүп жиберди. Бир нече мүнөттөн кийин Мария Феодоровна колуна толтура акча көтөрүп чыкты.

— Мына, канча керек, ошончо, — деди акчаны Юлия Карловнага сунуп.

Ал акчаны кылдат алып, шашпай санап, кир сумкасына салды.

—  Тойго келе бер, чиркөөдөн да калбай бар.

—  Мен чиркөөгө эле барам.

— Кел. Той Знаменьеде болот, түштөн кийин, саат төрттө.

—  Макул, сөзсүз барам.

Юлия Карловна тепкичтен түшүп баратып өзүнчө сүйлөнүп койду:

— Мышык кимдин этин жегенди билет.

Жалгыз калган Мария Феодоровна ээн-эркин үшкүрүнүп, кудайга ыраазы:

— Жакшы, Кудайга шүгүр, оңой кутулдум!

Ооба, оңой кутулган, бирок биротоло эмес эле.

Ал эки колун артына алып чыныгы арстандай, бөлмө ичинде ары-бери басып көпкө жүрдү. Анан күтүлбөгөн жерден бөлмөнүн ортосуна токтоп, болгон күчү менен алаканы менен чекесин чаап кыйкырып жиберди:

— Ой, мен келесоо! Аксинья! Аксинья!

Чочуп кеткен Аксиня жүгүрүп кирип келди.

— Эмне турасың жалдырап? Чурка, Юлия Карловнаны тез чакырып кел!

Аксинья чуркап чыкты.

— Миң сом! О, мен келесоомун, келесоомун (Марья Феодоровна өзү менен өзү сүйлөшүп жатты)... миң сом! Тил каты жок, эч нерсеси жок! Жана кимге? Кайсы бир — фү! Айтуудан да уялам. Мага эмне болду? Жок, ал мени албетте, башымды тегеретип, сыйкырлаган. Эгер мойнуна албай койсочу? Ал ошентет, аны жакшы билем. Макул, акчаны шайтан алсын, иши кылып бул жалаптан кутулсам болду, антпесе ал мага көзүмө чыккан тирсектей болду го... Жекшемби күнү саат төрттө. Барам, сөзсүз барам...

Ал көпкө чейин колун артына алып, бөлмөдө ары-бери басып, Аксиньяны күттү. Ошол учурда Аксинья Юлия Карловнанын үйүнө чуркап жетип, дарбазадан Лизага жолукту.

— Салам, Аксинья! Келгениң кандай жакшы болду, сени сөзсүз көрүшүм керек эле.

—  Саламатсызбы, жаш айым! Мага Юлия Карловна керек.

—  Ал үйдө жок, бүгүн эртең менен бир жакка чыгып кеткен. Бирок мага айтыңызчы, Аксинья! Сиз мени жаш айым дейсиз, бирок сиздей эле крепостной дыйкандын кызымын. Бирок сиз... чын эле, мен... — Лиза андан ары сүйлөй албады.

— Эмне деп жатасыз! Эмне дейсиз, Лизавета Ивановна! Сиз чыныгы ак сөөк айымсыз.

— Менин жаш ак сөөк айым экенимди сизге ким айтты?

—  Кудайым-ай! Аны мага ким айтмак? Сизди өзүм кучагыма алып, көтөрүп чоңойтподум беле?

—  А Юлия Карловна сизди калп айтып жатат, сени жөн эле шылдың кылып жатат дебедиби.

— Шылдыңдаппы? Калп айтып жатыптырмынбы? Ал былжырайт, ошону айткан кишинин бетине түкүр. Калп айткан жокмун. Керек болсо ант берем, губернаторго, падышанын өзүнө чейин барам!.. Карабайсыңбы, ак сөөк кызды кайдагы бир көчөдөгү кыздардай кордоп... а мен калп айткан имишмин... Жок, мен ага калп айтпаганымды далилдейм.

— Уксаңыз, Аксинья... — Лиза анын сөзүн бөлдү, — ал мени күйөөгө бергени жатат.

— Мейли, берсе берсин! Эгерде ал ак сөөк адам болсо, бул ыйык иш, бирок сен карапайым адамга турмушка чыкканың туура эмес.

— Ал азырынча катчы, бирок жакында дворян болот...

— Ошондой эле болсун, ал сөзсүз ак сөөк болуш керек, антпесе кантип болсун!

— Желдетке тийсем да ушул Содомдон кутулсам болду!.. — Лиза ыйлай баштады.

— Эмне деп жатасыз! Эмне деп! Жаш айым! Чокунуңуз! Ушундай сөздөрдү кантип айтып жатасыз — желдет жерге кирсин!

— Эх, Аксинья, Аксинья, бул жерде мен көргөн күнүмдү билсеңиз, башкача айтмаксыз.

Ошол маалда көчөгө караган эшик ачылып, сакалы алынбаган бирөө сыртка карап кыйкырды:

— Лиза!

Анан эшик кайра тарс жабылды.

– Барыңыз, жаш айым, сизди чакырып жатышат. Мен кеттим, айым мени чыдамсыздык менен күтүп жатат. Кош болуңуз!

— Кош бол, Аксинья! Тойго кел.

— Келем, сөзсүз, — деди да Аксинья көчөнүн аркы өйүзүнө чуркап өттү.

— Кайда жүрдүң? — Марья Феодоровна аны ушул суроо менен тосуп алды.

— Мен ага жетпей калдым. Үйүнө барсам, ал жок. Эртең менен кеткен боюнча кайра келбегенин айтышты.

— Демек, сен анын үйүнө барганга жетиштиңби? Эй, арзыбаган макулук! Ал кандай үй экенин билесиңби? Аңкоо!

— Башка үйлөрдөй эле үй, Ипполит Иванович да ошол жерге барып жүрөт...

— Эмне?

— Ал үйдө биздин жаш айым Лизавета Ивановна да жашайт!..

— Эмне?

— Мен ал үйдө...

— Жаагыңды жап, тилиңди кесип салам!.. Чык эшке!

Аксиня чыгып кетти.

Мария Феодоровна калтырап-титиреп, тынчый албай, кечинде төшөккө жатып калды. Эртеси анын жан аябас достору төшөгүн курчап, уктар алдында малина демдеп ичүүнү сунуш кылышты, өзүн жакшы сезбесе да, алардын айтканын жасады.

Ал эми жекшембиде ага канчалык кыйын болсо да, саат туптуура үчтө короодон чыгып кетти. Ипполитушканы ээрчиткиси келген, бирок ал мугалимге сабагын кайталоо үчүн бармак. Көчөдө таксистти (Пескиде сейрек учуроочу) жолуктурду. Андан Знаменьеге канча тыйын менен барарын сурады. Ал он тыйын аларын айтканда Мария Феодоровна муну өтө эле кымбат деп эсептеп, жөө жөнөдү. Саат алтыга чейин ал чиркөөнүн короосунда отурду, бирок тойдон дайын жок. Акыры ордунан туруп: «Алар башка чиркөөгө кетишсе керек, Юлия Карловнанын үйүнөн карай кетейин» деп ойлоп, анын үйүн көздөй жөнөдү.

Юлия Карловнанын үйүнө жакындай электе эле ал жактан угулган музыка менен ырдын жаңырганын укту. "Той ушул жерде турбайбы," деп ойлоду. Терезеге жакын барып, музыка чыккан бөлмөнү карады, анан эмнени көрдү дебейсиңерби? О, көзүң жамандыкты көрбөсүн! Уят, шермендечилик! Анын сүйүктүү эркеси бир топ кызып алган Ипполитушкасы жыртык көйнөкчөн, жарым-жартылай жылаңачтанып алып, пианинонун коштоосунда балжайган, өзүндөй эле жарым жылаңач жаш айым менен бийлеп жаткан экен. (Орск чебиндеги жоокерлерди чын ыкластан таңгалтырган бул улуу искусствонун алгачкы сабактарын ал ушул жерден алган).

Сүйүктүү жалгыз баласынын, айылдагы чарбасынын болочок кожоюнунун кылыгын тоё көрүп, эмнегедир көчөнүн аркы өйүзүнө өтүп, жол боюнда орнотулган олтургуча шалдайып отуруп калды. Ошол маалда дарбаза ачылып, Юлия Карловна менен аскер кызматкери ээрчишип көчөгө чыгышты. Көчөдө аскер кызматкери, башын ийип коштошту да, экөө эки тарапка кетти. “Той болгон эмес экен да”, — деп ойлогон Мария Феодоровна болгон күчүн жыйнап Юлия Карловнаны чакырды.

Ал эч нерсе болбогондой жанына келип, ийилип саламдашып, ден-соолугун сурады.

 — Ден-соолугум сен ойлогондой өтө жаман эмес. Бул эмне кылганың, —  деп кошумчалады ал үнүн бийик чыгарып, — мен сага киммин, же бир келесоо деп ойлойсуңбу? Той кайда?

— Кайсы той?

— Эмне дедиң эле, Знаменьеде болот дедиң беле?

— Ооба... унутуп калган турбаймынбы. Эч нерсе эмес, сеп даяр болсо, той бергенге үлгүрөбүз.

— Кайсы сеп?

— Мен сизге айтпадым беле. Миң сом!

— Кечээ эле бербедимби.

— Сен мага келишим боюнча Акулька үчүн карыз болчусуң, ошону бердиң, эми Лизавета Ивановна Хлюпинанын себин бер. Эми түшүндүңбү?

Мария Феодоровна аягына чейин уккан жок, Юлия Карловна колтугунан сүйөп калбаса, балким, тротуарга жыгылып калмак. Лиза бул көрүнүштү терезеден көрүп, Мария Феодоровна эси ооп баратканда көчөгө чуркап чыкты. Юлия Карловнага аны эсине келтирүүгө жардам бере баштады. Мария Феодоровна эсине келип, тегерегине көз чаптырды да, унчукпастан Юлия Карловнанын бетине түкүрүп, көчө менен тез басып жөнөп кетти.

— Бул эмнеси? — деди эч нерсе түшүнбөгөн Лиза Юлия Карловнадан.

— Келесоо да, эмне ойлогонун ким билет!

Экөө кетип бараткан Мария Феодоровнанын артынан көз жүгүрүп бир аз турушту да, үйгө киришти.

Мария Феодоровнанын башы таптакыр айланып калды. Демейде эң тайманбас, эң кара ниет адам өз жамандыгын ашкерелеген бир эле сөздөн өзүн жоготот. Ачуусу келгенинен чачын жулуп, колун кемирди. Аксиньяны аёосуз сабап, каргыштан да жаман нерседен кутулуу үчүн үйгө бир нече күн келбеген кымбаттуу Ипполитушканы каргады. Анын кайда экенин эч ким билген жок. Акыры шайы ооп жыгылып, катуу ооруп калды.

Курбулары дагы эле бир добуштан малина кошуп чай ичүүгө кеңеш беришти. Ал ичти, бирок малина да, ромашка да жардам берген жок. Достору андан башка берер кеңеш таба алышпады. Ал эки ай ооруп, курбулары аны биринин артынан бири таштап кетишти. Ипполитушка бир нече күн жүзүн көрсөткөн жок, жалгыз гана Аксинья ишенимдүү иттей анын жанында болду.

Ал эми Юлия Карловна менен болочок аудитор жаңы жүрүш ойлоп табышты. Алар Мария Феодоровнанын атынан айылдагы попко кат жазышып, беш сом аманатты кошуп, дин башкармалыгынын кеңсесинен Лизанын туулгандыгы жана ыйык сууга чөмүлтүлгөндүгү тууралуу күбөлүктү салып жиберишин суранышты.

Ефрем ата мындай катка аябай таңгалды. Ал жакында эле Лизавета Ивановнанын каза болгону тууралуу кайгылуу катты окуп, анын жан-дүйнөсүнө багыштап, тийиштүү диний ырым-жырымдарын жасаган эле. Эми алар туулгандыгы жана ыйык сууга чөмүлтүлгөнү тууралуу күбөлүктү талап кылышууда. "Кызык" деп ойлоду, бирок коңгуроо каккан адамын шаарга мөөр басылган кагаз алып келүү үчүн жөнөттү, ал эми өзү аялына бул кызык окуяны айтып берди. Поптун аялы кабарды ичинде көпкө сактап тура алган жок, ал башкаруучунун аялы менен бөлүштү. А башкаруучунун аялы жесир кошунасына, жесир аял өзү колдоп, жардам берип жүрчү помещиктин аялына, помещиктин аялы башка помещиктерге айтты, ошентип, Ефрем ата дин башмармалыгынын кеңсесинен Лизанын күбөлүгүн алдырганга чейин, бүткүл провинция бул окуя менен кабардар болуп, ар ким ар кандай жоромол айтып, бирок чындыкка бирөө да жакындаган жок.

Ефрем ата күбөлүктү алып, катта көрсөтүлгөн дарекке, башкача айтканда, Юлия Карловнага жөнөттү. Юлия Карловна бул кымбат документти алып, болочок аудиторго көрсөтүп, дароо ишке киришүүнү, Мария Феодоровнага чабуул коюну чечишти, андан тойго дагы бир миң сом алуу керек эле.

Адегенде кат жазышты, бирок катка жооп болгон жок, анткени Мария Феодоровна жалаң басма тамгаларды гана окуй алчу, жазма тамгаларды билбегендиктен, катты чоочун кишиге көрсөтүүдөн уялды. Анын үстүнө ал катта кандайдыр бир жаман кабар жазылганын туюп жаткан.

Көп өтпөй эртең менен жооп алуу үчүн Юлия Карловна өзү келип, учурашкандан кийин мындай деди:

— Мария Феодоровна мен сага келдим эле?

— Келгениңди көрдүм. Эмнеге келдиң?

— Эмнеге... хм, эмнеге? Акчага, Мария Феодоровна!

– Эмне, сага карызым барбы?

— Карызың бар, Марья Феодоровна!

— Канча карызмын, сурасам болобу?

— Болгону миң сом!

— Дагы миңби?

— Туура, Мария Феодоровна!

— Эй, канкор! О, кан соргуч! Эй, сен...

— Ал андан ары ушундай бир сөздөр менен каргап-шиледи дейсиң, аны айтып да, калем менен жазып да жеткире албайсың. Юлия Карловна бул каргыштардын ага эч кандай тиешеси жоктой, бир тал кирпиги да кыймылдаган жок.

— Демек, сен мага миң сом бербейсиңби? — деди Мария Феодоровна бир аз тынчыганда.

— Бербейм! Бере албайм!

— Кааласаң бербей эле кой! Демек, эртең полиция башчысына Лиза жөнүндө айтам...

Мария Феодоровна аны карап, бирок унчуккан жок. Юлия Карловна да унчукпады. Бир нече мүнөт ушинтип өттү. Анан Мария Феодоровна унчукпай ордунан туруп, дубалга илинген иконду алып, Юлия Карловнага сунду:

— Эртең баарын бүтүрөм деп ыйык шейит Ипполиттин жүзү менен ант бер!

– Юлия Карловна, ант берем, — деп атүгүл орусча чокунуп да жиберди. Мария Феодоровна кутудан бир пачка акча алып, миң сомду санап, унчукпай Юлия Карловнага сунду, ал да унчукпай алып, акчаны шашпай санап, капчыгына салды:

— Жолукканча, Мария Феодоровна.

— Жок, жолукканча эмес! Биротоло кош бол! Мен эртең айылга кетем.

— Жок дегенде жекшембиге чейин күтсөң болмок! Жекшемби күнү аны сөзсүз узатабыз.

— А сен менсиз деле узата аласың. Кош бол!

— Макул, каалаганыңдай болсун. Бирок керектүү учурда кетип жатасың.

Юлия Карловна үйдөн чыгып кетти.

Кийинки жекшембиде үйлөнүү аземи Знаменская чиркөөсүндө тынч, жупуну өттү. Мария Феодоровна чиркөөдө тойго кызыккан элдин арасында жүргөн. Баары бүткөндөн кийин ал Лизага барып, аны мыйзамдуу никеге турганы менен куттуктады.

Лиза кыйкырып, эси ооп жыгылды. Мария Феодоровна элдин арасына аралашып көрүнбөй калды.

Ал батирине кубанычтуу кайтып келип, Аксиньяга жолго даярданууну буйруду. "Болду жетет, бул каргыш алгыр Петербургда жетиштүү көңүл ачтым. Эми Ипполитушканы үйлөндүрүү гана калды, ишим бүттү" – деди ал ичинен. Кожойкесинин жакшы маанайын көргөн Аксинья бир жерге барып келүүнү суранып, уруксат алды. Аксинья Лизавета Ивановнанын тоюна барганы жатканы Мария Феодоровнанын оюна да келген эмес. Той күрү-гүү менен өтүп, Ипполитушка тойдо башкалардан өзгөчөлөнүп, тартынбай ичип-жеп, бийлеп жүрдү, таңга маал аны ошол жерге жаткырып коюшту.

Эртеси Ипполитушка өзүн жаман сезип ойгонду, колуктусуна белек кылуу үчүн Юлия Карловнага плащы менен күрмөсүн үч сомго күрөөгө койгонун айтышканда абалы ого бетер начарлады. Ипполитушка бир аз ойлонуп, Юлия Карловнага барып анын алдына чөгөлөп, кечке чейин күрмөсүн, плащын берип туруусун суранды. Юлия Карловна аны аяды...

Эптеп кийинип, көчөгө чыкты. Эми кайда барат? Ал көпкө ойлонду, катуу ойлонду. Апасына жүзүн көрсөтүүдөн коркту, а кечке чейин үч сом табуу керек. Болбосо Юлия Карловна аны куру кол босогосуна да киргизбейт, бул үчүн ал дүйнөдөгү эң жаман нерсе болмок. Ал кечке ойлонуп, жөнөкөй, демек, ишенимдүү долбоорду ойлоп тапты.

«Апам, – деп ойлоду ал, – үч айдан бери ооруп жатат, короодон чыкпайт, демек, анын өлгөнүнө баары ишениши мүмкүн, үйгө барбай эле анын бардык тааныштарын кыдырып, апамды акыркы сапарга узатуу үчүн керек деп сурасам, үч сомдон көп чогулбайбы? Бир сомду майордун аялы Потаскуева эле берип салышы мүмкүн. Коё тур, чухонка, (фин улутундагыларга карата кемситкен сөз) мен чынчыл адам экенимди далилдейм…” Мына ушул кереметтүү оюна шыктанып көчө бойлоп чуркап кете жаздады.

Эртеси саат ондор чамасында маркум Мария Феодоровнанын сөөгүн алып чыгуу үчүн курбу, достору чогула башташты. Элестетип көргүлөчү, аларды өлдү деген адам тосуп алып, аны эстеп келишкендерине ыраазычылык билдирип, чайга чакырганда алар кандай таңгалышканын!

Мария Феодоровна жакын арада кетерин достору билип, аны менен коштошууга келишти деп ойлогон. Көп өтпөй эле ал абдан капа болду. Курбулары чыдай алышпай, биринен бири өтүп, чурулдашып келгендеринин чыныгы максатын айта башташты.

Мария Феодоровна канчалык аракет кылбасын, жалгыз Ипполитушкасынын жоруктары тууралуу аңгеменин акырына чейин уга алган жок, боорукер досторун кууп чыгып, Аксиньяны мугалимге жиберди. Мугалим келгенде ага баласы жоголгондугу тууралуу милийсага билдирүү жазуусун суранды. Арыз даяр болгондон кийин ал аны дароо бөлүмгө жөнөтүп, мугалимге он беш күмүш тыйындык берди, мөөр басылган барак сатып алуусун өтүнүп, дагы эки гривенник тыйын кошту.

Ошол күнү кечке жуук бөлүмдөн “адашкан кой” тууралуу кабар келип, аны эмне кылыш керектигин сурашты. Ал койдун энеси, өзүнүн адашкан уулу тууралуу кабар берген квартал башчысынан уулун шаардык түрмөгө кабыл алуу үчүн тиешелүү адамдарга кат жазып беришин өтүндү.

Эртең менен эки колу байланган Ипполитушка, кыска, жука плащчан полиция кызматкеринин коштоосунда Литовск түрмөсүнө [Петербургдагы түрмө] киргизилди.

Ошол күнү түшкү тамактан кийин мугалим Мария Феодоровнанын жанында мөөр басылган баракка Ипполиттин, помещик айым Мария Хлюпинанын уулунун, энесине болгон сый-урматсыздыгы үчүн дворян титулунан ажыратуу тууралуу өтүнүчүн жазып олтурду.

Арыз тез эле канааттандырылып, бир күнү эртең менен Ипполитушка Литва сепилинен камактагылардын тобу менен Москва жолуна чыкты.

Үйлөнүү тоюнан бир жума өткөндөн кийин Лизаны Юлия Карловна жана анын ишенимдүү күйөөсү билгичтик менен жазып берген арызды берип, Ички иштер министринин кабинетине жөнөтөт. Арызды министр өзү кабыл алып, карап чыгып ишке киргизди. Кайрылуудагы маалымат алгач канчалык акылга сыйбагандай көрүнсө да, бул чындык экени белгилүү болду. Ошентип, Петербургдан биротоло кетүүгө даярданып жаткан күнү Мария Феодоровна жашаган батиринде камакка алынып, тергөө иштери жүргүзүлө баштайт. Тергөө версиясы боюнча, ал өгөй балдарына кысым көрсөтүп, уулу Ипполиттин пайдасына мураскорлуктан ажыратуу максатында кылмыш жасаган деп табылды. Жасаган кылмышы далилденип, сот аны өмүр бою абакта камоого өкүм чыгарып, мөөнөтүн өтөө үчүн алыскы түрмөлөрдүн бирине жиберет.

Бирөөгө кылган жамандыгы, акыры айланып жүрүп адамдын өз башына тиет турбайбы. Ошентип, Мария Феодоровнанын арам айла-амалдары бүттү, эми ал баарынан, атүгүл жеке эркиндигинен да ажырап, тар, караңгы камерада, «Гулливердин саякаттарынын» автору айткандай, «тешиктеги ууланган келемиштей өлүп барат».

Елизавета Ивановна өз ишин ийгиликтуу аяктап, жолдошу менен бирге борбордон жөнөп кетти. Жолдошу азыр жөнөкөй катчы эмес, коллегияда каттоочу болуп иштейт. Юлия Карловна да алар менен айылга энеси, жок дегенде үй кызматчысы катары ала кеткиле деп өтүнгөн, бирок жаш жубайлар чечкиндүү түрдө бул сунушту четке кагышып, ал мурдагыдай эле белгилүү мекеменин ээси бойдон калды.

Лизанын кайгылуу окуяларынын тарыхы бүткүл районго, ал тургай бүткүл облуска белгилүү болду, анын натыйжасында сезимтал кошуна жер ээлери аны чындап романтик каарман катары кучак жайып тосуп алышкан.

Көп өтпөй кароосуз калган чарба жаңылана баштады.

Лизанын күйөөсү абдан эмгекчил, жакшы адам экен, бир жылдан кийин чарбасын мыкты билген кожоюн болуп чыга келди, чарбанын кароосуз калган жерлери иштетилип, өз пайдасын алып келе баштады.

Бир сөз менен айтканда, Елизавета Ивановнанын келиши менен баары жанданды, бирок анын келгенин баарынан да бечара сокур Коля жон териси менен сезди. Ал андан бир мүнөткө да ажыраган жок, аны эң камкор эне жана эң назик эжедей карай баштады.

Коля мурункудай эле чиркөөгө барчу, мурункудай эле кенже дин кызматкеринин жана коңгуроо кагуучунун милдеттерин берилүү менен аткарып жүрдү. Бул анын эң чын ыклас менен аткарган жападан жалгыз кесиби эле. Көбүнчө, түнү бою күзөттө болуп, кеч келип: “Оо, Жараткан Кудайым, бизди өз коргооңо ал! Өзүң жараткан апаатарыңдан сакта! Бүт үмүтүм өзүңдө!” – деп келмесин шыбырап, зикирин чалып, анан гана уйкуга кетчү.

1855-жыл, 20-февраль.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз