Мусакун Айбек: Жүзүкара чындык

  • 15.07.2025
  • 976

(документалдык көркөм аңгеме)

  1.  

Эски кагаздардын жыты мурдун өрдөгөн Саяк «мунун сыры ачылбаса, маңкурттардын көзү ачылбайт» – деп сүйлөндү ичинен.

Ээн имаратта убакыт токтоп калгандай. СССР кулаганына чейрек кылымдан ашса да, НКВД архивинин дубалдары аза күтүп тургандай. Жымжырт.

Жаш окумуштуу Саяк Сабиров – архив изилдөөчү. Анын колунда "1941-жыл. Львов түрмөсү. №12-протокол" деген мөөр басылган папка бар. Аны ачканда көзгө урунган ысымдар булар:

Рахима Абдуллаева. 21 жашта. Медтехникум студенти.
Григорий Волчек. 17 жашта. Еврей гимназиясынын бүтүрүүчүсү.
Орозбек уулу Токтосун. 27 жашта. Кыргыз. Москвадан келген жаш геолог.

Бул үч адам бири-бирине таптакыр чоочун. Үчөө тең НКВД түрмөсүндө бир эле күнү, бир эле камерада, бир эле түнү атууга кеткендер. Тек гана "шектүү" же "эл душманы" болгону үчүн. Протоколдордо бири да соттолбоптур. А иш кагаздарында "экстренное исполнение" деген мөөр турат. Демек, "тез арада жок кылынсын" деген шашылыш буйрук.

«Булардын өлгөнүнө эмес, себепсиз өлтүрүлгөнүнө ыйлагың келет» – деди ичинен күбүрөнгөн Саяк.

Анын чоң атасы Нарында кулакка тартылып, Украинанын Херсон аймагына сүргүнгө айдалып, ошол жакта сөөгү калган. Саяк үчүн бул архив – ак кагаз бетиндеги жүзүкара чындык. Бирок эл эсинен эбак өчүрүлгөн, атайы унуткарылган саясый тарых бул.

Мындай бүтүмгө келген себеби: өзү МГУну бүтүп, биология илимдеринин докторлук даражасына жетип, кийин генетикалык экспертизалар боюнча адис болуп чыкты. Ошондон улам Орусиядагы эксперттик борборлордо, лабораторияларда иштеп, соттук-экспертизалык илим жаатында ишмердигин улады.

Илимий тарыжырыйбасы өскөн сайын өзүнөн өзү Орусиянын тарыхый архивдеринде (айрыкча КГБ документтеринде) илимий изилдөө жүргүзүп жүрүп, көп купуялуу сырларга кабылды. Кабылганда да эми мынтип шектүү бир документке күбө болуп отурбайбы. Сталиндик репрессия тушунда НКВД кантип “генетикалык тазалоо” деген программаны жүргүзүп, аны учурдагы айрым структуралар кантип колдонорунан шек алуусу күчөдү.

Архив арасынан дагы бир документ көзгө урунду: "Операция ИНФЕКЦИЯ. 1983".
Кайсы бир пландын негизинде КГБ комиссарлары дүйнө жүзүнө АКШ СПИДди ойлоп тапкан деген жалган маалымат таратып, Африкадагы антиамериканизмди күчөтүүнү максат кылышканы эбак дайын. Бул маалымат "New Delhi Times", "Patriot" сыяктуу гезиттерге жөнөтүлгөн. Журналисттерге олчойто акча төлөнгөн. Жүз миңдеген адамдар бул калпка ишенип, АКШ жек көрүндүгө айланган.

Ызырынган Саяк кекенип сүйлөндү өзүнчө: «Бул калптардын баары тынчтык мезгилинде жасалган согуш актылары. Тарых ачыкталса гана коом акыйкатты тааныйт. Бирок ушундай канкор чындыктар жабык турганда, эл өз баш кесерлерин баатыр деп ойлойт!».

Архивдин дагы бир бурчунда "Саясый курал катары секс-видеолор. 1971–1984" деген мөөр коюлган конверт жатканын көрүп, бирок аны ачып көрүүгө жүрөгү даабады. Ичинен кобуранды: «Агер адеп-аклак, ар-намысты жок кылсаң, эл элдигинен ажырайт...»

Арийне, ушул ойдун өзү аны опурталдуу тобокелдикке түрттү. Манжалары акырын конвертти сыйпалап, анын ичиндеги фактылар эмне экенин сезип турса да, ачпай коюуга эрки жетпеди.

Конверттен чакан 8 ммдик тасма, эски микрофиштер жана чийилген кара чөнтөк-кассета чыкты. Бириндеги жазуу:

«Гёте институту. Берлин. 1973. “Дипломаттын кызы”»

Башка биринде:

«Брюссель. 1978. Энергетика форуму. “Кытай делегаты №2”»

Үчүнчүсүндө:

«Москва. 1982. “Партиянын кадрлык резерви”»

Тасманын тушуна "Компромат толугу менен даяр. Жашыруун бөлүштүрүүгө уруксат берилди" деген штамп басылыптыр.

– Демек... булар ошол адамдардын өзүмчүл напсисин бетине кармап, жанына илип койгон капкан экен да! – деп күбүрөндү Саяк.

Ошол эле конверттин түбүндөгү баракты сууруп чыкты. Анда "ИНСТРУКЦИЯ: Компромат менен башкаруу методикасы" деп немис тилинде жазылган архивдин көчүрмөсү экен. 1974-жылы Москвадагы КГБ офицерлерине немис тилдүү агенттер тарабынан даярдалган "Сенин душманың – анын көңүл ачуусунда!" деген доктринанын негизинде жазылыптыр шумдук. Башында Лениндин сөзү келтирилген:

“Эң бекем идеологияны да төшөктөгү ырахатсыздык кулатат.”

Саяк барактын түбүндөгү кодду көрө коюп, чочуганынан селт дей түштү тулку бою:
“014-KZ. Казань архивинен көчүрүлдү. Материалдарды жок кылуу мөөнөтү — 2030.”

– Демек, булар азыр деле жашыруун колдонулат экен да… – деп кекенип кобурады. – Ар-намыс менен эмес, компромат менен башкарган система сакталып турганын көр...

Жүрөгү заарканып, конвертти кайра ордуна салды. Бирок билип алганы да жакшы болду: саясаттын уятсыз жүзү — ушул архивде жылаңачтанып турганын…

КГБ “адамдын ырахатын куралга айланткан” деген технологиянын масштабы тууралуу бекер айтылбай келгенине толук ынады. Архивдик документтерге таянган илимий-макалаларынын сериясы бир томдук китеп болчудай… Ал буга чейин да саясый курал катары колдонулар «секс-видеолор» менен таанышкан.

Анда да конверт ичинен чакан бобин[1] тасмалар, эски магниттик кассеталар, шейшепке оролгон кичинекей конверттер жана порно сүрөттөрдүн үлгүсү чыкты. Ар бириндеги жазуулар:

  • «Прага. 1973. "Партия мүчөсүнүн кызы менен интимдик эпизод. Түнкү мейманкана №12"»
  • «Брюссель. 1978. Советтик делегациянын мүчөсү. Чет элдик аял менен.»
  • «Москва. 1981. Комсомолдун активисти. Эки жыл. Сырдуу мониторинг.»

Анын да бир бурчунда таңгаларлык жазуу көзгө урунган: “Эң жашыруун”. Сыртына мөөр басылган.

Андагы төмөнкү саптар Саяктын эсинен кеткис болуп сакталган.

“Эл душманын аныктоодо жазык издөөнүн кажети жок. Өзүнүн алсыз сезимдерин өзү ачыктап берет. Эч болбоду дегенде бир түн анын бүт өмүрүн башкарууга жетиштүү.”
(КГБ нускамасынан. 1977)

Саяктын көз алдына чыгаан илимпоздор, жаш лидерлер, илим-билимдүүлөр, коомдук ишмерлер тартылды. Кимдир бирөөнүн жаш курагында тартылган жашыруун эпизоддору аркылуу аларды өмүр бою баш ийүүгө мажбурлап келишкени эми түшүнүктүү болду ага.

Саяктын башына башкалар билбеген бүтүндөй бир дүйнөнүн эшиги ачылгандай болду. Идеологиялык бул согуш – жан дүйнөңө жасалган күч колдонуу эле…

2.

Күүгүм талаш Саяк Чыгыш Европанын жээгиндеги Львов шаарындагы убактылуу отелине кайтты. Чоң атасынын керээз кеби кулагында дагы кайталанды:

«Тарыхты айтпасаң, кара жер сени кечирбейт. Көзү тазалангандар үчүн жок дегенде сен үн кат...»

Колуна керектүү архивдик материалдарды топтогон Саяк эртеси Москвага учту. Үйүнө жетери менен ваннанын муздак суусуна чайынып эле архивдик материалдарга кайрадан үңүлдү. Самолет аэропорттон көтөрүлгөндөн тарта ойлору өзүнөн өзү ирээтке келип, мурдагыдай башалам, быт-чыт чачылган ойлору эми бышып, өз талдоосун кагазга түшүрүү мезгили келгенсиди. Көөдөнүндөгү шек саноолор жанына тынчтык бербегенден, архивдик материалдардын негизинде биринчи макаласын баштады.
Темасы: "Украинага кулакка айдалгандардын таржымалы"

Ал макаласы жарыкка чыккандан көп өтпөй, Москвадагы академиялык чөйрө, илимий симпозиумдарда ага архив изилдөө борборундагы санаалаш, тилектештеринин мамилеси дароо сууду. Окумуштуулар кеңешинин талкуусунада аны “мунуң бурмаланган тарых” деген жемелөөлөр күчөп, илимий макаласынын кийинки бөлүгүн убактылуу токтотууга аргасыз болду…

Ошондон көп өтпөй эле Саяк суракка чакырылды. Бирок ал бир эле макаласы менен жалпы тарыхты өзгөртө албайт эле да. Болгону, чындыктын бир гана бучкагы жарык көрөрү менен, анын макаласынан окумуштуулар кеңешинин жетекчиси чочулады, титиреди...

3.

Түнкү саат 3.14.
Саяк кезектеги макаласын жазып бүтүрүп, сууну муздаткычтан алып, чоң атасынын сүрөтүнө кадалды. Шыпты тиктеп жата берди көпкө. Шыптан ким-бирөөнүн көзү кирпик ирмебей карап тургансыйт. Көңүлү удургуп, караңгыдагы өзү менен өзү сүйлөштү:

– Чындыкты казганың менен, кимге керек? – деди үн.

– Өзүмө, – деди Саяк. – Жок кылынган чоң атамдын үнүн козгоп, ошол үнгө үн кошом.

– А эмне өзгөрөт? Канчалаган архивдер өрттөлдү, өчүрүлдү. Сенин илимий макалаларың эмнени өзгөртөт?

– Жалгыз жалбырак жерге түшсө, дүпүйгөн зор дарак да силкингендей кылам! – деди Саяк ишенимдүү. – Жалгыз чындыктан жалпы совет доорунун ташы талкан болгон. Бирок аны кайра улантуучулар да жок эмес.

– Коркпойсуңбу? Эч ким сага алкыш айтпайт бул эрдигиң үчүн. Аларга чындык эмес, тынч жашоо болсо болду… жанга тынч.

– Тынчтыкты чындык үчүн күрөшкөндөр орнотот.  Унчукпас, коркуу доору бүттү. Үн чыгаргандардын доору келатат.

– Анда даяр бол. Мындай үн көпкө чейин угулбайт калкка. Кийинкиси сен болосуң...

Көз алдында чоң атасы турду. Ал архивдин караңгы бөлмөсүндө бармагын тиштеп, буулугуп тургандай элестеди. Муздак дубалдардын шыбыр үнүн эшитти:

– Саяк... – деди үн. – Элге чындыкты жеткиргениңе чейин өзүңдүн көзүңдү тазалап коюшпасын. Чындык үчүн күрөшүү – опурталдуу. Чындык өзү чоң коркунуч.

Ошол эле түнү Саяктын каалгасын бирөөлөр акырын черткиледи. Ал эшикти ачпады. Тизесине жөлөгөн ноутбугуна ыктай отуруп, мыктай ойлорун экинчи макаласына кадай берди: "Ким үнсүз калса – күнөөлүү"...

Ал жазып жатып шыпка дагы бир ирмем көзүн кадады. Шып үнсүз эле. Бир маалда, ал күмүш түстүү папканы акырын сууруп чыкты. Ал папкада жазылган бул болчу:

“Опеpация: Кайра үн кошуу”
 Код: 014. Архив: Казань. Ким токтотот – ошол жооп берет.

Саяк акыркы сүйлөмүн улады:

«Улуттарды маңкурт кылар эң коркунучтуу курал – тарыхты үнсүз калтыруу идеологиясы. Бурмалоо. А мен ага үн коштум.»

Ошол түнү архив өрттөлдү.
Саяктын каалгасын эч ким каккан жок. Болгону, эртең менен дарбазага кире берген жерден бир барак кагаз табылды. Анда бул гана жазылыптыр:

«Мунун сыры ачылбаса, маңкурттардын көзү ачылбайт!»

Саяк Сабиров өз маалыматтарын жарыкка чыгарууга аракет кылгандан баштап, аны “мамлекеттик сырды ачкан” деген айып менен аңдуулар башталган…

Бирок эч белгисиз себептер менен жаш окумуштуунун үйү өрттөлүп, үйү менен кошо өзүнүн да көзү тазаланды. Анын өрт жалмаган үйү менен кошо архивдик материалдардын көчүрмөлөрү ың-жыңсыз жоголду.

[1] Бобин — плёнка, магниттик лента, зым-аркан, кабель, ж.б. оролгон ийкемдүү материал.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз