
"Качкын — бул өз мекенине болгон сүйүүсүнөн айрылбаган адам."
Виктор Гюго
Мен өз өлкөмдөн 2016-жылы аргасыз чыгып кетүүгө мажбур болгон журналисмин. Өз чындыгымды жазып, элге жеткирүүгө аракеттендим. Бирок чындыкты айткан киши ар дайым душман көрүнөрү турган иш экен. Үнүмдү басууга Атамбаевдин бийлиги колдорунан келгенди кылышты. Акыры өлкөдөн чыгып кетмейин үй-бүлөмдүн тагдыры кооптуу экенине көзүм жетти.
Өткөн өттү, эски жаратты тырмагандан азыр пайда жок. Менин айтайын дегеним башкада…
Мен мурда кандай көзкарашта элем, азырчы? Кеп учугун ошондон улайын. Башында ойлогом: “Эмне үчүн Батышка барууга тийишмин? Биздин руханий дүйнөбүздү жылаңачтап, каада-салтыбызды бузгусу келген каапырлар…” — деген түшүнүктө жүрдүм. Бул ой менин башыма бала чагымдан куюлган.
Бирок чек арадан өткөндө биринчи жолку көрүнүш мени ойго салды: таң атпай чоочун өлкөнүн волонтёрлору колума ысык чай, ысык тамак-ашын сунуп, “коопсузсуң, эми тынчсың” деп жылмайып кабыл алышты. Ал эми өзүм “умма” деп мактанып жүргөн мусулман өлкөлөрүнүн биринен да мындай мамиле көргөн эмесмин.
Кийинчерек мага жатакана беришти. Тил үйрөнүүгө бекер курстан өткөрүп, билимимди өөрчүтүүгө шарт түзүштү. Жумуш табышыма өздөрү көмөктөштү. Бир гана нерсени талап кылышты: мыйзамды сыйла, эмгектен, коомго салым кош.
Ошондо кайрадан жанымды өйүй баштады бул суроолор:
“Ким каапыр? Өз элиңди эзген бийликпи же баш калкалап келген бөтөн кишиге өз баласындай мамиле кылган Батышпы?”
Мен буга чейин түшүнбөптүрмүн. Чыныгы гумандуулук кайсы жерде экенин эми гана түшүндүм. Эмне үчүн биз көзүбүздү жумуп, Батышты жек көргөнгө милдеттүүбүз? Эмне үчүн адамдык наркты коргогон коомду “каапыр” деп аташыбыз керек?
Эми бир гана нерсени айта алам: качкын болгон күнүм — тагдырымдагы оор сыноо. Бирок дал ошол күн мага чыныгы дүйнөнү ачты. Мусулман коомунун эң чоң трагедиясы — өз кемчилигин моюнга албай туруп, башканы “каапыр” деп шылтоо кылуусу.
Мен качып чыкканда, алгач жүрөгүмдө үмүт бар эле: «Болбосо мусулман өлкөлөрүнүн бирине барып башпаанек алармын. Алар биз менен бир боор, динибиз бир» — деп ойлодум. Бирок чындык таптакыр башкача болуп чыкты.
Мени “бир туугандар” өлкөсүндө чек арадан эле тикенектей суроолор күттү: «Кайдан келдиң? Эмне үчүн качтың? Саясатка аралаштың беле? Бизге баш ооруңдун кереги жок!» — деген жемелөөлөрдү угуп, айлам куруду. Артка жол жок эле кайра. Ага чейин “момун мусулман бардарыбыз” деген улуу биримдикке ишенчүмүн. Бирок бул ишенимим ал жерде аябай сынды.
Мусулман өлкөлөрү өз боордошторуна эшигин жапканын көрүп, жүрөгүм ооруду. Алар качкынга эмес, “түшүм алып келчү мигрантка” гана эшигин ачышат экен. Мен үчүн бул чоң сабак болду: мени каапыр деп айыптаган Батыш эмес, өз деп санаган мусулман өлкөлөрү боорго тебишти ошентип.
Мен батыш шаарларынын көчөлөрүн аралап жүрүп, биринчи жолу мамлекеттин адамга кызмат кылганын көрдүм. Ар бир бурчта — коомдук китепкана, ар бир көчөдө — мүмкүнчүлүгү чектелгендерге ыңгайлуу жол. Кадимки шаар турмушунун өзү теңдикти даңазалап турганына күбө болдум.
Мага дайыма дем-күч берип турушту: «Сен мыйзам алдында бул жердин жараны сыяктуусуң. Сенин укугуңду эч ким тебелебейт». Чынын айтсам, башында ишенген эмесмин. Бирок практикалык турмуш мени таң калтырды: бир күндө эле бекер врачка бардым, социалдык кызматтан жардам алдым, балдарыма мектеп табыш оңой болду.
Гуманизм чоң ураандарда эмес, күнүмдүк жашоодо көз көрүнөө колдонуларына ошондо көзүм жетти. Бизде көпчүлүгү “мусулманбыз” деп мактанабыз, бирок кошунасына ырайым кылчулар чанда кезигет. Батыш болсо “каапыр” делсе да, бөтөн адамга өз баласындай кам көрүшөт.
Мен эми өзүмө суроо берем: мекен деген эмне? Географиялык чек арабы? Же жүрөгүңдү уккан коомбу?
Менин башыман өткөндөр бир нерсени айгинеледи: мекен — бул сен эркин дем алып, өз үнүңдү айта алган жер. Мекен — бул сенин уул-кызың өз келечегин коркпой кура турган коом.
Эгер мындай мүмкүнчүлүк Батыш коомунда эбак курулса, эмне үчүн аны “каапырлардын өлкөсү” деп жек көрүшүбүз керек? Эмне үчүн биз өз өлбүздү ушундай гуманизмге жеткирүүнү кыялданбайбыз?
Эми мен үчүн Батыш — жек көрүүнүн эмес, таалимдин символу. Бул жерде мен адамдык нарк кандай корголорун, коом кантип иштеши керектигин көрдүм. Жаңы көз карашым менен жаңы мекен таптым.
… Мен Батыш шаарынын көчөлөрүн аралап жүрүп, майда-барат көрүнүштөрдүн өзүнөн чоң сабак алдым. Кимдир бирөө коляска түртүп келатса, бейтааныш адамдар эшик ачып беришет. Автобуска майып жаран кирсе, айдоочу токтоп, колунан жетелеп киргизип, отургучту бошотуп берет. Парктын бурчунда чымчыктарга жем чачкан карыяны көрдүм, анын көз карашында тиричиликтин майда жандыгына болгон ырайым көрүнүп турду…
Ошол маалда өз коомубуз эсиме түштү: көчөдө бирөө жыгылып калса, “өзүнөн көрсүн” деп кайдыгер өтүп кетебиз. Бир үйдө кырсык болсо, кошунасы эшигин ачпайт. Биз “умма” деп көкүрөк какканыбыз менен, чыныгы бир туугандыкты жашообузда колдонбойт экенбиз.
Эң оор жери — биздин элдин аң-сезими али да Кремль медиасынын торунда. Батыш жөнүндө сөз болсо эле “алар бузулган” деген түшүнүк уялап калган аң-сезимибизде. Бирок ошол эле учурда ал “каапырлардын” өлкөсүндө адам укугу корголот, акыйкат бар, жардам бар, мыйзам бар. Ал эми “ыймандуу” делген өлкөлөрдө бийликтин бир ооз буйругу менен тагдырың талкаланышы мүмкүн.
Бөтөн кишиге жардам берген жылмайуудан, майып жаранга орун бошоткон карапайым калктан, тил билбеген качкынга бекер курс уюштурган мамлекеттик камкордукка эмне дей аласың?..
Ошондуктан азыр айта алам: качкын болуу — тагдырдын жазасы эмес, чындыктын көзүн ачкан чоң сыноо!
P.S. Автордун өтүнүчү менен анын аты-жөнүн жарыялбай турганыбызды билдиребиз...
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.