Мусакун Айбек: Кулакка тартылган эчкичи

  • 05.09.2025
  • 1398

АҢГЕМЕ

Айылга кызылдардын чаң аралаш тобу кирген күнү асманды булут каптап, күндүн көзү да сокур эле. Ат тизгинин тартып, күрөң кийимчен комендант айылдын чок ортосуна топтотту элди. Артынан жергиликтүү активисттер коштоп, колдорунда кызыл байрак. Тестиер балдар топурап ээрчишип, алардын артынан кызыгып ээрчип алышкан. Аларга баары кызык көрүнөт эмеспи.

– Жолдоштор! — деп кыйкырды комендант. — Москвадан буйрук келди. Бай-манаптардын малы мамлекеттин энчисине өтөт. Эл жашоосу баарында тең болушу керек!

Айылдагылар бири-бирин карап, тил-ооздон калгандай селейишти. “Кайдагы бай-манап калды арабызда?” деген кооптонуу эле бул. Байлардын малын буга чейин эле тартып тынгандай болушкан. Эми кедей-кембагалдардын короосун шимшилөө башталганын туюп турушту баары.

Жаманкулдун короосунда жалгыз эчкиси бар эле. Ошол эчкинин сүтү менен Айтбүбү балдарын тоюнтуп, курсактарынын кайгысы жок эле, эми минтип кызылдар алардын короосуна да кирип келишти.

– Кана, байым… Жаманкул! — деди айыл активисти, өзүнөн улуу аксакалды омуроолой сүйлөп. – Элиң ачка отурганда сен эчки багып, молчулукта жашаганың болбос. Жетелеп чык малыңды.

Жаманкул үлдүрөй түштү сөзүн таппай:

– Жолдоштор, менде кайдагы мал… жалгыз эчкимден башка… Балдарымдын болгон бүткөн ырыскысы ошонун сүтүндө. Аны алсаңар, биздин өлгөнүбүз ошол… Көргөн күнүбүз кантет? – деди жалооруй тиктеп.

Комендант кабагын чытып, сабырсыз кыйкырды:

– Совет бийлиги өлтүрбөйт! Совет бийлиги теңчилик орнотот!

Балдарын бооруна кыскан Айтбүбү көз жашын төгүп, эчки болсо улактарына чебелектеп тегеренип, мекиренип жиберди адам тилин түшүнгөн немече.

“Токмогу катуу болсо, кийиз казык жерге кирет” болуп, кызылдар акыры алып тынышты жалгыз эчкини. Жетелеп чыгып кетишти өз малындай. Жаманкулдун жүрөгү тилинип, үнү кардыгып, ооз ачканга да жарабады айласы куруп.

Эртеси айыл тургундарына жыйын өткөрүлүп, Жаманкулду “кулак” деп жарыялашты. Эл тил-ооздон калгандай унчукпай туруп берди жер карап. Баарынын көзүндө коркунуч жаралды. Ар кимиси өзүнчө ой жоруду: “Жалгыз эчкиси бар кишини бай дешсе, анда биздин да көргөн күн куруйт экен”.

Жаманкулду ошол эле түнү айдап кетишти. Украинага сүргүнгө жиберишти деген кабар кийин тарады. Ал жакта бөтөн тилдүү элдин арасында кыш заводунда иштеп, оор жумушта иштээри айтылып жүрдү көпкө. Айтбүбү болсо балдары менен айылда ачарчылыкка туш болду.

Жылдар өттү. Айылдагылар Жаманкулду эстегенде бир гана кеп айтышар эле:

– Совет бийлигине жалгыз эчкиң да көп көрүнөт.

Айрымдары Украинадан кайтып келгендерди көрдү, бирок Жаманкулдун аты ошолордун арасында аталган жок. Балким сөөгү бөтөн жерде калды, балким урпактары бөтөн элге сиңип кетти…

Эпилог

Жаманкулдун жалгыз эчкиси менен кошо кеткен тагдыры – бул жөн гана бир үй-бүлөнүн кайгысы эмес, бүтүндөй элдин башына түшкөн каргаша болчу. Ошол күндөн тарта элдин аң-сезиминде “колунда барды жек көрүү” түшүнүгү жашайт. Совет доору байларды жек көргөзүп чоңойтту баарыбызды. “Эл жакшылары гана кедей-кембагалдын арасынан чыгат” деген түшүнүктү калыпташкан.

Бул жалган тарбия бүгүн да жашайт. Колунда барларды “элдин эсебинен байыгандар” деп түшүнүшөт. Ишкерди көргөндө “бул элдин ырыскысын жеген” деген нааразычылыктар бар. А чынында ишкерлер – эл багарлар, жаратман адамдар гана улутту көтөрөрүн аңдабай келебиз.

Аныгында: ар бир дүкөндүн текчесиндеги азык-түлүк, ар бир баланын колундагы таттууну, ар бир үйдүн босогосундагы тиричилик ишкерлердин эмгеги болбосо кайдан жаралмак?.. Алар болбосо, жашообузга керектүү оокаттар кайдан жаралмак?..

Жаманкулдун эчкисин “байлык” көргөн доор эбак артта калган. Эми ошол катаны кайталабоо – биздин милдет. Колунда барды жек көрүү – улутту артка тартат. Колунда барды урматтоо – элди алдыга сүрөйт.

Жаманкулдун аңгемеси – бизге тарыхтан калган эскертүү. Эми аны сабак катары сактап, эртеңки күндүн жолуна жарык чачуу – ар бирибиздин парз.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз