Аскарали Ражабалиев: Жаңы келин

  • 10.10.2025
  • 990

АҢГЕМЕ

Таң сөгүлдү, ааламга ак нур жаап. Ак нур агып кирди келин менен жигит туңгуч түн өткөрүшкөн бөлмөгө. Ак төшөктө ак ич көйнөкчөн жаткан жаңы келин аруу жан эле. Капкара сүмбүл чачы чачыльш жатат жаздык бетинде. Күйөөсүнүн мойнуна оролгон оң колу. Күйөөсү башын балача келиндин көкүрөк астына катып, таңкы ширин уйкуда.

Келин эрте ойгонуп, короо шыпырмакчы болсо да, жигиттин жылуу койнунан чыккысы жок. Жигит жүзү кара торусунан келип, чоң кара көздөрүнө куп жарашкан келбеттүү. Кыйылып төшөктөн тургусу келбегени да ошондон келиндин.

Келин уйкудагы жарынын кайраттуу кара чачын сол колу менен сылагылап, маңдайынан өөп койду. Анан башын көтөрө, оң колун секи-ин тартьш алды да, төшөктөн турмакчы болду. Ушу чакта жигит көздөрүн чала ачып, күлүмсүрөдү. «Жатчы, Салкынай!.» – дей берип, кучагына тартты келинди. Келин эркелеп, назданып, секи-ин кыткылыктап, балыктай туйлады жигит койнунда. Экөө бирин-бири кезек менен өпкүлөп, алыша ойношту төшөктө. Жигит колуктусунун эки көзүнөн өпкүлөдү. Келиндин көздөрү бото көз булактай күлүп турат...

Далысын назик колдору менен кашылаган аруу жандын кылыгы жанына жага берген жигит, келиндин көкүрөгүнө башын жаздады.

– Жытың бир жакшы! — деди келин эркелеп.

– Сенин жытыңчы, жийде бурак жытындай, – деген жигит келиндин көкүрөгүн жыттагылады.

– Таң атты, Сагын. Турайын, – кыйыла тургусу келбей унчукту аруу жан.

– Жатчы дагы бир азга! – кучагынан чыгаргысы жок жигит аны.

– Короо шыпырайын, жаңы келиндей болуп...— жылмая башын көтөрдү келин.

Анан халатын кийип тышка чыкты. Короодогу өрүктөр тегиз гүлдөп, ак тумандай сансыз гүлдөр ак таңга жуурулушуп кеткендей. Гилас бүчүрлөрү кызара бүртүп, ана-мына гүл ачканы турат. Короо кыйла кең, ирээттүү, таза экен. Чоң, узун шыпыргыга көзү түштү сөрүнүн үстүндөгү. «Кайненем койсо керек...» деп койду келин ичинен. Кудум ушул короодо кө-өп жыл жашап, анан башка жакта кыйла жүрүп келгендей жылуу көрүнөт бардык нерсе келиндин көздөрүнө. Ууртунда билинер-билинбес күлкү, ак жүзү жаркьш, көңүлү шат. Шыпыргыны ынтызарлык менен эки колдой кармап, кыймылы чапчаң. «Сагын төшөктөн турду бекен?» – дегендей экөө түнөгөн бөлмөнүн терезесин карап койду. Тыптынч. Үйдөгүлөрдүн эч кимиси туруша элек.

“Үч күндөп той өткөрөбүз деп суй жыгылышты да”, – деген келин жымыйып койду. Көздөрүнө жылуу көрүнөт баары. Атүгүл таң алды сайраган куштар да. Жаз жыты, гүл жыты, ак таңдын жыты...

Жаратылыш таң эрте күлүп турду. Түнү бою жигит кучагында балкып чыккан жаңы келиндин аруу жүзү, жан дүйнөсү күлүп турду. Kopooгo ынтаа, ынтызарлык менен суу сээп, чакаларга толтура-толтура суу ташыды. Көңүлү чакадагы суудай толкуп, кубанычы чакадагы суудай мелт-калт толуп, жаш боюна батпай ашып-ташып атты.

Бул келечектеги Эненин улуу турмушунун алгачкы түнү менен таңы болучу...

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз