Мээрим Көлбаева: Доор, акын жана бийлик

  • 05.05.2020
  • 5808

Көркөм сөз өнөрү адамзат жаралган байыркы доорлордон башат алып, окшоштуруудан, тууроодон, образдуу ойлоодон, адамдын ички арман, күйүтүн баяндоодон, көӊүл ачуудан, эмгектен ж.б. себептерден улам жаралган деген сыпаттоолору менен кайсы бир деӊгээлде  коомдук өнүгүүнүн образдуу чагылуусу катары жаралат.

Мындан улам мезгил өтүп, доор алмашкан сайын акындык өнөр мазмундук, формалык, идеялык, тилдик жактан жаӊыланып турары мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок ошол эле учурда канча кылымдардан бери сакталып келген чыгармачылык салттуулуктар  акындык өнөрдүн өздүк касиетин сактоонун негизи катары кызмат өтөйт. Доор алмашып, мезгил өзгөрүүсүнө ыӊгайлашуу б.а. коомдук өнүгүүнүн образдуу мүнөзүн көркөм сүрөттөө, андагы көркөм салттуулуктардын сакталыш деӊгээли акындардын (ырчы) чыгармачылык дараметине, акын жашаган доордогу бийликтин өнөр адамдарына жасаган мамилесине көз каранды экенин көрсөтөт.

Байыркы адам акылынын баёо мезгилиндеги «бардык нерсенин колдоочулары бар» деп ишенген көөнө доордун  аӊчылык жашоо, көчмөн турмуш элестерин чагылдырган мифтик башаттар, кийинки отурукташууга өтүүдөгү, андан бери орток түрк адабиятындагы көркөм сөз өкүлдөрүндөгү өзгөрүүлөр, андан берки XI-XIV кылымдардагы Алтын-Ордо доорундагы аты уламышка айланган ырчылардын, «классикалык доор» аталган XIX аягы XX к. башындагы мезгилдик мерчемди кучагына алган акындар чыгармачылыгы, совет доору жана эгемендик жылдардагы төкмө акындар поэзиясындагы доор, акындык өнөр жана бийлик маселелеринин карым-катышы өзгөчө сөз кылууга арзыйт.

Тарыхта болжол менен XI-XIV кылымдардагы бир чети Орто Азиядан тартып Атлантика, Тынч океандарына чейин созулган Алтын-Ордо мамлекети түзүлүп, аны Чыӊгыз хан (Жучи) башчылык кылган мезгилде адабият байыркы түрк адабий салттары менен чыгыш адабиятынын салттарынын негизинде өнүгүп, өлкөдө илим-билим өсөт, араб графикасынын негизинде жазма адабият өнүгө баштайт. Мына ушундай тарых тилкесинде кыргыздарда Кетбука, Асан Кайгы, Токтогул ырчы, Жээренче чечен, Алдар көсө өӊдүү өнөр адамдары жашап, кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө өз таасирин тийгизген. Бирок ошондой болсо дагы кылычынан кан тамган журт башынын карапайым калкка жасаган катуу кысымы, бийлик талашкан ордо бектеринин чыр-чатагын көргөн Асан Кайгы бийликке:

Айкан, мен айтпасам билбейсиӊ,
Айтканыма көнбөйсүӊ.
Чабылып жаткан элиӊ бар,
Аймагын көздөп көрбөйсүӊ,
Мастанып, кызып тердейсиӊ,
Өзүӊдөн башка кан жоктой,
Өрөпкүп неги сүйлөйсүӊ?[1] – десе,

Токтогул:   

Ата-түрктүн балдарын,
Алды-алдынан айдадыӊ.
Адилет ишке барбадыӊ.
Карчыга салдыӊ калкылдап,
Аалымды алдыӊ арчындап.
Эр өлтүрүп, кун бербей,
Талап алып, бул бербей,
Канкорлугуӊ арбыды[2] – дейт.

Демек, байыркы мезгилде эле акындар эл башчыларынын калкка жасаган кыянат иштеринин бетин ачып, аларга нааразылыгын элдин атынан айткан элчилик милдетти аркалашкан.

Эл жакшылары да акындарга бийик урмат көрсөтүп, айрым учурларда акындарды кеӊешчи кылып алып, адилет бийлик жүргүзүүгө аракет кылгандары да жок эмес. Маселен, айтылуу Калыгул акындын бийлик төбөлдөрү арасында өзгөчө кадыр-баркка ээ болушу, «чоӊ-чоӊ уруулардын ортосундагы чыр-чатактарды, доолорду чечүүдө, ал гана эмес казак-кыргыз, кыргыз-орус ж.б. элдер менен мамиле түзүүдө, айрыкча, түндүк кыргыз уруулары менен Кокон хандыгынын өз ара катыш, мамиле иштерине активдүү аралашканы, көп учурларда чоӊ роль ойноп, таасири зор болгону көп эскерилет. Эл ичиндеги ушул мүнөздөгү уламыш аӊыздарга таянып манасчы Шапак, Калыгул, Ормондор:

«Кат алышып барышчу,
Оруска кабар салышчу.
Элчилери бар экен,
Ушунун баарын эптеген,
Калыгулдун кеби экен»[3] – деп жана Ормон опуза – орус бийлигин токтотуу үчүн жасалган айла амалдар Калыгулдун акылы менен иштелген деп[4] эскерилиши, тарыхчы Б.Солтоноевдин «Калыгул Ормон хандын жардамчысы[5]» – деп белгилеши, акындын айткандарындагы:

«Ой, иним, Ормонум,
Жеген менен тойбодуӊ.
Кой дегенге болбодуӊ,

Орус алат жериңди,
Сындырат сенин белиӊди.[6]» – деп көрөгөчтүк менен сын айтып, «эки бетиӊ көө болуп, элге батпай калбагын» деп эл башына катуу  эскертүү беришинен хан Ормондун доорунда сөз билги адамдын коомдогу даражасы кандай бийик, ардактуу болгонун көрөбүз. Экинчи жагынан, Калыгулдун Бай Сарыбагыш уруусунун ичиндеги манаптын тукуму болушу, турмуштук зарылчылыктын жоктугу жана атасынын эл аралап, колуна комуз алып,  ырчы болушуна тыюу салышынан улам өзүн ырчы атабай астейдил жүрүшү, эл башкарууга барбай кеӊешчи иретинде иш алып барышы Калакенин улуу өнөрдү ардакташынан болсо керек деген ойго келесиӊ.

Калыгулдун мисалында парадаксалдуу эки жагдайды көрүүгө болот: биринчиси, манаптын, бийдин б.а. тектүү жердин тукумунун ырчылыгы ашып турса дагы эл кылырып ырдашын намыс көрүшү, ырчылыкты жан сактоонун бир булагы катары эсептеши, ырчылык караламан калк катмарынан уюган элдик өнөр экендигин күбөлөйт. Мисалы, «Жаныш акындын «Бай болсоӊ, бул жайларга келмес эдиӊ; Ар жерде жетектелип жүрмөс эдиӊ»[7] – деп Чөжөнү сөзгө сындырышы, Сартбай, Байгабыл акындардын «кул», «томаяк», «тентиген» деген атоолорду алышы да бул пикирди бекемдейт.

Экинчиден, сөзү жүйөлүү, ою так, санаты тизмектелген ырчы ошол «тектүү» аталган эл жакшыларына кеӊешчи болуп, акыл айтып, жол көрсөтүшү бул акындык өнөрдүн улуулугун кабарлайт. Кезинде Арстанбек Сүйүмбай акындын «Бий баласы болсоӊ да, \ Бий үйүнө батпаган, \ Бий өргөсүн баспаган, \ Салбардан туулган карыпсыӊ» деген какшык сөзүндө көрүнгөндөй, социалдык төмөнкү катмардан (салбар аялдын баласы) болушуна карабай кези келгенде «Эл менен сен бийиксиӊ, \ Элден чыксаӊ кийиксиӊ» деп эл башчыларына нуска сөзүн билдирип, акыл кеӊешин айтышы, тууган ичиндеги чатактан улам жер кыдырып, жан сактаган сарыбагыштан чыккан Балык акындын таякелерине Таласка келип, Ажыбек датка, Бүргө баатырга сөзү менен жагып, барктуу өмүр сүрүшү, журт башкаруу ишине аралашышы, даражалуу чоӊдорго кеӊешчи болушу, Аблай хандын согушунда кул катары кеткен Чөжө акындын казак агайындардан сөзү аркылуу ардактуу орун, аброй алышы өнөрдүн күчүн, сөздүн кереметинин улуулугун күбөлөйт.

Демек, акындар жашап өткөн бул доордун талап мүдөөлөрү ырчылыкты төмөнкү катмардын кесиби катары мүнөздөп, ага тыюу, ченеп-бычууларды киргизгени менен талант менен бийликтин биргелешкен, бири-экинчисине кеӊешчи, экинчиси аны эл башкаруу иштеринеде пайдаланышы, акыл алышы, ырчылыкты аздек тутуунун үлгүсү болгон.

Андан бери XIX к. аягы ХХ к. башында кыргыздар негизинен уруулук түзүлүштө жашап, солто жана сарбагыш урууларынын ич ара чыры, талаш тартышы күчөп, кыргыздар менен Улуу жүз казактарынын чатакташуулары Кокон бийлигинин басып алышына жакшы шарт түзүп берет. Салыктын түрү көбөйүп, карапайым калк турмуштук кыйынчылыкка дуушар болот. Ошол оор жагдай эл арасындагы ырчыларды колунда бар мансаптуу эл бийлөөчүлөрүнүн эшик ырчыларына айландырат. Акындарга карата мамиле өзгөрүп, айрым акындарды өз бийлөөчүлөрүн мактап ырдаган «Арзыматка» айландырса, экинчи бирлери катуу турмуштан каржалса да караламан калктын көйгөйүн ырдатып, өнөр ээлерин эки жээкке айдайт. Ал эми турмуш айрым ырчыларды бир туруп эл мүдөөсүн, кадимден калган ырчылыктын наркын, калктын кадырын ырдатса, жан айласы үчүн өз беги менен байын мактоого да аргасыз кылат.

Жыйноочу, оозеки чыгармачылыкты айтуучу Ы.Абдыракмановдун эскерүүсүндө бугу уруусунун желдеӊ уругунан чыккан, оӊ менен солду аралап, нечен чоӊ жыйындарда жар чакырып, кези келгенде салттуу болуп калган чоӊ акын Солтобай эл тарабында болуп, акындык адилдикти бийик тутуп, ошол мезгилде эл башы катары аябагандай атак, ызаатка ээ болгон Шабдан манапты кордоп ырдашы, «Текес менен коштошуу», «Жарыктыгым», «Көл ата» аттуу мыкты чыгармаларды жаратышы, Боронбайдын керээзин поэтикалык формага салышы, эӊ башкысы Арстанбектин окуучусу катары анын көӊүлүнө толуп, «көзүм өтсө, Солтобай, нуска сөзүм таштаба» – деп ага ишеним артышы, бий-манаптан коркпогон жаалданган акындык арымынын күчтүү, тайманбас жүрөктүү ырчы экенин көрсөтөт.

Бирок ошондой болсо дагы айрым учурда акын эл мыкчыгерлеринин  тукуруусуна учурап, мүмкүн жан сактоо айласы үчүн дагы болсо керек, уруу намысы, өз уруу башчыларынын көз карашын жактап ырдаган. 1870-жылдардын аягында Ормондун кунун өндүрүү максатында Шабдандын көл башына келип, ою ордунан чыкпай кайтууга аргасыз кылганда өз уруусун көтөрө чалып макташы, кийинки жылы Кичи-Кеминдин Кара-Булагында Каракол Бишкек тобунда Чыныбайды ээрчип барган Солтобай жан айласы, өлүп калбайын деген коркунуч менен Шабданды кыргызда теӊдеши жок адам катары мактап:

«Ардактаган тулпарды,
Адырга минсе тер чыпас.
Адигине, тагайдан
Артылып сендей эр чыкпас», «кыргызда сендей эр чыпас» – деп көтөрө чалып мактоого өтөт. Мындан улам өнөрү жагып, кечирим алып, ат минип, тон кийип узайт. Ушундай эле кордоп ырдаган манабын кайра жан айласы үчүн мактоого алуу Үмөтаалы ырчынын чыгармачылыгында да кездешет.  

Эл башчыларынын өнөр адамдарынын кадыр-баркын өз кызыкчылыгына пайдаланып, көӊүлүнө жакпаган ыр ырдаса эл арасында ар кандай кылык жоругу менен шылдыӊга алышы, мисалы, бишкектик Айылчы деген адамдын тоюнда Найманбайдын тойго жарчы болуп даӊазалап турбай кеч келишин, шылтоолоп талтагай мүйүз сары эчкини берип шылдыӊга калтырам деши, ошол эле Найманбайды Сапректин ашында Чолпонбай тукуруп жумгалдык саяктарды кордотушу, айтышта ырчыларды бирин-экинчисине тукуруп (Куйручук менен Найманбайдын айтышы, Токтогул менен Найманбайдын Тер-Жайлактагы айтышы) кордошуп ырдоого түртүп, өздөрү сыртынан карап, ыракат алышы ошол доордун айрым колунда бар эл жакшыларынын өнөргө карата өгөйлүк мамилесин көрсөтсө, тарыхый-турмуштук шарт акындарды аргасыз эл билермандарынын кызыкчылыгында ырдоого түртүп, нарктуулук, салттуулук позициясынан тайдырган.

Мына ушул жагдай Сартбай, Солтобай, Найманбай, Ботобай, Карамурза ж.б. бир топ акындарга эскичил, бай-манапчыл, феодалдык деген жарлыкты тагып, канча жыл чыгармаларын жыйноодон, окуудан, иликтөөдөн алыстатты. Мындай шартка «… акын бир аймакта чогуу жашап, бир атанын (уруу же уруктун) урпагы эсептелип, аш-тойдун чыгымын бирге көтөрүп, уруш-чапкынды бирге тосуп, жоого бирге, жолго бирге дегендей, сыртынан ынтымактуу бир эл катарында көрүнүп, «ууру кылсаӊ урууӊ менен кыл» деген түшүнүкккө[8]» урматтоодон улам кабылган.

Кыргыздар арасындагы феодалдык ич ара жаӊжалдашуулар, Кокон хандыгынын зордук-зомбулугуна чыдабаган элдин көтөрүлүштөрү, бийлик талашуулар, Орусия дөөлөтүнө кошулууга аргасыз кылат. Мына ушундай тарыхый жагдайдан улам кош бийлик кысымына учураган калктын аялуу катмары катуу жабыркайт. Ушул мезгилде Токтогул, Калмырза, Эшмамбет, Үмөталы, Коргоол, Калык ж.б. акындардын чыгармачылык көз караштары калыптанган.

Кыргыздар Орусиянын курамына киришинде бирдиктүү башкаруу тутуму түзүлдү. Мындан улам уруулар арасындагы касташуулар басаӊдап, зордук-зомбулук жеӊилдегени менен «феодалдык ак сөөктөрдүн ортосунда айыгышкан кармаш жүрүп, зордоп күчкө салуу[9]» кеӊири жайыла баштайт. Мына ушундай абалда каржалган карапайым калктын тарабында болуп, чыгармачылыгы менен кембагалдарды коргоого алган Токтогул учурундагы эл башыларга калк атынан элдин мүдөө-талабын ырга кошуп ырдап, жалаага калып, сибирдик сүргүнгө айдалса, Калмырза акын шору катуу турмуштун айынан жер кыдырып, жан сактап 44 жашында манапты кордоп ырдайм деп Жумгалда киши колдуу болуп, кунун кууган да, сураган да жан жок болгон армандуу өлүмү, кедей үй-бүлөдөн чыккан Эшмамбет да эртелеп шорго малынып, байдын малын багып, андан эмгек акы албай эле карыз болуп чыгып, жан сактоонун айынан Кетмен-Төбөдөгү таякелерине  качып кетиши, жан сактоонун айынан Алтай Айдарбек уулунун жарамазанды көп айтышы, өмүр бою Таласта Кудайберген Кызылбаш болуштун ырчысы болуп, анын чектөө, талаптары менен ырдап жүрүп кийин араздашып айрылышканынан улам бир да чоӊ жыйында ырдабай өксүп калышы сындуу фактылар ошол доордогу акындардын абалынын оордугунан, бийлик тарабынан өтө кордолгонун кабарлайт.  

Ал эми айрым фактыларда акындарды эл жакшылары жанында алып жүрүп, өргөө көтөрүп, ат мингизип, айрымдарын үй-бүлөлүү кылышын эки багытта кароого болот. Биринчиден, ырчынын нарк-нуска сөзүн угуп, кеӊешин алуу, же өнөрдү сыйлоо, экинчиден уруу намысы, өз элинин мүдөөсү, бийлигин сактоонун бир ыгы дешке болот.  Бирок жан дүйнөсүн уялаган талант, кан-жаны менен келген чыгармачылык шык-жөндөмгө ээ акындар кандай кыйынчылык, оорчулук турмуш, бийликтин кысымы болбосун – карапайым калктын мүдөөсүн бийик тутуп, эл турмушун ачык чагылдырган акындык ариетти ардактап, улуу өнөрдүн учугун улап келди. Мына ушундай акындар үчүн оор кырдаал, айтпайын десе караламан элдин каржалган жашоосу, айтайын десе керт башынын азабы таразалаган оор турмуш акырындык менен Совет бийлигинин орношуна орун бошотуп, тарыхта чоӊ бурулуш менен таанылган доор өз өкүмүн сүрө баштады.

Канча кылымдардан бери калыптанган көчмөндүк түзүлүш акырындык менен бузулуп, элдин отурукташуусу, чарбанын ирилештирилүүсү менен коштолуп, мындан улам калктын аң-сезими жаңы нукка багыт алып, коомдук жаңылануу мезгили келди.

Ал учур элибиздин көксөп келген эркиндикке, теңдикке жетүү тууралуу улуу максаттарынын орундалышы катары кабыл алынып, эл шайырлары, ырчылар баардык шартты түзүп берген чыгармачылык камкордукка ээ болду.

Совет мезгилинин алгачкы мезгилиндеги кыргыз театры менен филармониясынын түптөлүшү, кыргыз басмасынын жолго коюлушу өңдүү окуялар таланттуу ырчы, акындардын башын бириктирип, чыгармачылык чөйрөнүн калыптанышын шарттайт. Мындан сырткары кайсы акын кай жерге барып, эл кыдырып, аш-той болобу, ар түрдүү элдик жыйындар болобу – ырдап жүрө берүүчү чачкын мүнөзүндөгү талант тартуулоосу системага түшүп, элдик клубдарда, жыйындар өтүүчү залдарда, театрларда өтө турган болду. Мурда кайсы өрөөндө, кайсы тойдо же ашта айтылган айтыштар ошол жыйынга чогулган элдин назарына гана тартуулана турган болсо, телевидение, радио, газет-журналдардын коомго кызматтары уюштурулгандан тарта айтыштардын таралуу аймагы кеңейди.

Акындар көңүлүн ачуучу, жыргал турмуштун салтанатын, жетишкендиктерин, бактылуу келечекти, үзүрлүү эмгекти чагылдырууга багыт алды. Мындан улам социалисттик курулуштун ийгиликтерин даңазалоо, өлкөнүн өнүгүп-өсүшүнө чакырган агитациялык-чакырык мүнөзүндөгү саясий айтыштар жаралды. Буга Калык, Кенен, Үмөтаалынын 1923-жылы батрактардын тоюнда ырдашканын, Ак-Чийдеги Союз кошчунун тоюндагы Осмонкул менен Калыктын:

“Жыргап жаны жатпайбы,
Жыргал күн алып Ленинден.

Осмонкул:

Ошол элди жактаган,
Ырысы менмин элирген.

Калык:

Теңдик алды кечээки,
Таалайсыз шордуу батырак.

Осмонкул:

Тизгин тийип колуна,
Таалайга жетти шатырап.

Калык:

Көктөн жамгыр төккөндөй,
Куюлду ырыс чачырап.

Осмонкул:

Ленин берген укукту,
Алгыла, жакшы асырап[10]!” – деп жаңы заманды, бактылуу турмушту жакшы асырап алууга үндөштү. Эл-жердин өсүп-өнгөнүн ырга салып, “совет адамдарынын достугун, биримдигин аларга болгон Лениндик партиянын камкордугун даңазалашты[11]”.

Таланттууларды эл арасынан таап, мыктыларын топтогон алгачкы кароолор (1935) уюштурула баштады.

Кыскасы, ошол доор талантты, ырчылыкты баалоо, аларды материалдык-моралдык жактан колдоого алуу, чыгармачылыгын өнүктүрүү тууралуу шарт-жагдайларды жакшыртуу, байыркы мезгилдеги чачкын мүнөздөгү өнөрлүүлөрдү топтоп, ирилештирүү, аны радио-теле, газета-журналдар аркылуу элдин калыӊ массасына жайылтуу, эл арасында таланттууларды таап, аларга көӊүл бөлүү, шыктандыруу сындуу маселелерде аябагандай чоӊ иштерди аткарды дешке болот. Бирок тилекке каршы, кадимден келген ырчылыктын салттары өзгөрүп, акындар агитациялык, чыкырык, үгүт иштеринин жарчысы катары кызмат аткарып, алдын ала даярдыксыз төгүп ырдоо салты, алдын ала жуп-жубу менен кызматтык орундарга кабыл алынган артисттик кесип менен алмашкан.

Ырчылар көкүрөгүндөгү акындык баамы жетип көзү көрүп турган чындыкты ырдоодон четтетилип, руханий чектелүүгө, саясий заказды аткарууга, чарба жетишкендиктерин даӊазалоого мажбурланды. Мындан улам “төкмөлүктүн өнүгүү доору алдыда эмес, артта калды[12]”, ырчылык төрт акын менен бүтөт (Ашыраалы, Эстебес, Тууганбай, Замирбек) деген пикирлер жаралды.

1991-жылы 31-августта «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндөгү Декларация» кабыл алынып, «Кыргыз Республикасы көз карандысыз, эгемендүү демократиялык мамлекет» деп салтанаттуу жарыяланды. Жаӊы жаралган “эгемен” деген мамлекет экономикалык, саясий жакырланууга учурап, өз өнүгүү багытын таппай, кыргыз маданиятын кризистик абал тооруду. Мындан улам, 10 жылга жакын ырчылык, айтуучулук, комузчулук өнөрдүн алып жүрүүчүлөрү сай-сайлап акча таап, жан сактоонун айынан башка кызматтарды аркалап кетүүгө аргасыз болду. Ушундай багытын таппай, карайлап турган ырчылык өнөрдүн өкүлдөрүнүн башын кошкон “Айтыш” (2001) коомдук фондунун түзүлүшү ырчылык өнөрдүн өмүрүн улап, Амантай, Жылдызбек, Шекербек, Жеңишбек, Элмирбек, Азамат, Аалы сындуу акындардын жаӊы мууну, андан бери Идирис Айитбаев, Асылбек Маратов, Баян Акматов, Жылдызбек Төрөканов, Болот Назаров, Кубат Тукешов, Кадырбек Бейшенов, Акжолтой Канат уулу сындуу жаш канаттар жаралды. Бир катар республикалык, эл аралык деӊгээлдеги айтыштар өткөрүлүп, улуу өнөрдүн учугу улангандай болду. Алгач акындарыбыз элдин эркиндиги, улут эгемендиги ырга салынып, кыргызды кыргыз кылган чыгаан инсандары, алардын өрнөк болор өмүр жолун, мамлекеттик тилди даӊазалоо менен баштады.

Совет мезгилинде өзгөчө камкордукта турган өнөр адамдары бийликтин көӊүл жылыта албаган көзөмөлүндө болуп, бийлик бир жээкте, өнөр адамдары бир жээкте тургандай абал жаралып, эл башылардын эсинен чыгып, өнөрлүүлөр эми өз киндигин өзү кесип, атуулдук ариети бийик, улуттук уӊгуга күйгөн инсандардын колдоосу менен күн өткөрүп турду.

Байыркы мезгилдердеги өнөрлүүлөрдү кадырлоо, ырчыларга камкордук кылуу, социалдык турмуш-тиричилигине кам көрүү, ал тургай жанында алып жүрүп, акыл кеӊешин угуп, эл башкаруу иштеринде аралаштырып, абдан кадырлаган бийлик, эл жакшылары бул жылдары болбоду. Айтыштардын биринде Майра Керим кызы:

“Туз салбаса тамактын даамы жок гой,
Таптабаса күлүктүн табы жок гой.
Осундай жас таланты көтөрбөгөн,
Отурган үлкөндөрдүн баамы жок гой.
Ардактуу Назарматов министрим,
Алиги Амантайдын тамы жок гой» - деп министирге сөз салышы өнөр адамын жанына алып жүрүп, үй көтөрүп, малын бөлүп, үйлөндүрүп, эл намысы, уруу намысы деп көзөмөл жасаган көчмөн турмушта өмүр кечирген байыркы мезгилдердеги эл жакшыларынын нарктуу салтын көрсө да көрмөксөн, укса да укмаксанга салган азыркынын эл жакшыларынын «эстүү» кылыктарынан кабар берет.  

Эгемен болдук деп сүйүнүп, жар салганыбыз менен эл башылардын өнөргө болгон мамилеси акындарды турмуштун өгөй балдарына айландырды. Амантай акындын:

“Кечээ Бакиевдин кезинде,
Кыргыз тилинин күнү эле.
---------------------------------
Чудинов сүйлөп кыргызча,
Чудо кылса деп тилейм» - деп чымчып ырдаган эки сап ыры үчүн бийлик куугунтуктап, филармониядан кетүүсүнө аргасыз кылса, эл көйгөйүн көтөрүп, ырдап чыккан Элмирбек акындын артына куугун түшүп, өмүрүнө коркунуч келген учурлар, улуттук уӊгудан безип, өз көмөчүнө күл тартып, күнүмдүк пайданын кулуна айланган эл башылардын талантка, руханий жан азык болуучу өнөргө кылган мамилесин ачыктап турат. Мындай иш-аракеттер байыркыдан келе жаткан баш кесмек бар, тил кесмек жок деген нарктуу жөрөлгөнү тангандык же “маселени ок менен чечип калган” азыркынын “акылмандарынын”  “абийирдүү” иш-аракети десек болот.

Эгемен мамлекет, эркин эл болдук деп кубанганыбызга 30 жылга жакын убакыт өтсө дагы советтик мезгилден калган мамлекеттик байлыктар, ири ишканалар менчиктештирилип, таланып, акчалуу, амалдуулардын колуна өтүп, мамлекеттин ички-тышкы саясий байланыштарынын баары жеке кызыкчылыкка байланып,

“Бөлөктөн кыргыз көп алды,
Бөрүлөр  бөлүп жеп алды,
Жаттан кыргыз көп алды,
Жан кечитилер жеп алды” – деп Элмирбек акын күйүп ырдагандай, журт кызыкчылыгын эске алган эл жакшылары болбоду. Калк турмушун оӊдойбуз деп келген сырттан алган акчага элди, жерди, келечек муундун кызылдай тагдырын “күрөө койгон” “эл күйөрлөр” жаралды. Өлкөдө жумушсуздук күч алып “эшектин баасы тулпардан ашып», «короздун наркы шумкарды, басып калган заман” (Жеӊишбек) жаралды. “Кыздан жигит уялып, качып”, “кары-жашы ичкилик татып”, “эл ырысын шылуундар чечип калган заман” келип, мурдагы калыптанган баалуулуктар жоюлуп, ачыктан ачык паранын күнү тууп, кыздары денесин сатып турган “көгүчкөн базар” көбөйүп,

“Таш бака болуп талаада,
Тамтайып жаткан балдар көп.
Алжактап өзү тийишкен,
Алкаштын кейпин кийишкен
Аялдар, кыздар андан көп.
Эркекче таптак сөгүшкөн,
Эл турган жерде өбүшкөн.
Туалетке, талаага
Тууп таштап, көнүшкөн.
Наркомандар көбөйдү,
Начар балдар төрөлдү” (Тууганбай).

Бул абалдан каржалган калк каӊгырап кара курсактын айынан кай жактан иш чыкса оор-жеӊилине карабай кадимден келген Атажуртун таштап тентип кетти.

Мына ушундай эгемен элдин “жыргал турмушун” көкүрөгү менен туюп, көөдөнү менен сезген эл акындары Э.Иманалиев “Кайраттуу калкым бекем бол, \ Кагылам журтум эсен бол”, “Чоӊдорго кайрылуу”, “Кайрылуу”, “Бийликтегилер билип алгыла” ж.б., Аалы Туткучевдин “Ыймандуу башчы келсе экен”, “Салыкчыларга”  аттуу термелерин жаратып, бүгүнкү күндүн “жетишкендиктерин”, келечек муундардын коркунуч коштогон турмушун, эл жагдайын Калыгул, Арстанбек сыӊары эл башындагыларга коӊгуроо кылып кагып турду. Муну менен акындар коом алдындагы өз милдетин, акындык салтты улай өз вазыйпасын аткарышты. Ал эми андан сабак алуу, ага жараша иш-аракеттерди иштөө, өнөргө камкордук кылуу, бүгүнкү бийликтин ишке ашпаган милдети бойдон калууда! 

Мээрим КӨЛБАЕВА, “РухЭш” сайтынын “Казына” адабий эксперттер тобунун мүчөсү
02.05.2020


[1] Залкар акындар:  том: Кетбука, Асан Кайгы, Токтогул ырчы, Калыгул, Арстанбек. / Түзг.: А.Акматалиев, С.Мусаев, Б.Кебекова. – Б.: «Шам», 2006. – 28-б. 

[2] Ошондо, 49-б.

[3] Ошондо, 59-б

[4] КРУИА Кол жазмалар фондусу. Инв. №1319. 27-28-б.

[5] КРУИА Кол жазмалар фондусу. Инв. №1057. 272-б.

[6] Залкар акындар:  том: Кетбука, Асан Кайгы, Токтогул ырчы, Калыгул, Арстанбек. / Түзг.: А.Акматалиев, С.Мусаев, Б.Кебекова. – Б.: «Шам», 2006. – 97-б. 

[7] Кебекова. Кыргыз эл ырчыларынын очерктери. – Б., 2009, - 124-б.

[8] Кыргыз адабиятынын тарыхы. Кыргыз эл ырчылары. А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. – Бишкек: 2012. 5-том,243-б

[9] Кыргыз адабиятынын тарыхы. Кыргыз эл ырчылары. А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. – Бишкек: 2012. 5-том,341-б

[10] Бөлөбалаев,  Осмонкул. Менин өмүрүм [Текст] / О.Бөлөбалаев  - Фрунзе: «Кыргызстан”, 1968, 105-106-б.

[11] Ирисов, П. Кыргыз айтыштарынын жанрдык өзгөчөлүктөрү. – Ф.и.к окум. дараж. изд. алуу үч. жаз. дисс. [Текст] / П.Ирисов – Фрунзе,  – 1971,  – 160 б.   

[12] Айтматов, Ч. Ак таңдай акындын мурасы [Текст] / Ч.Айтматов // Жеңижок – Фрунзе, 1982. – 495 б.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз