Ырысбай Абдыраимов: Байкабастыктын кесири

  • 20.06.2026
  • 0

АҢГЕМЕ

Бекин кадыр– барктуу мекемени бийлеген жылдары өкмөттөн тийген жалыйнага канааттанчу эмес. Арыз– муң менен келгендерге кызматын сатып жүрүп, бөтөлкөгө жетеленип, андан арыла албай шору куруду. Кызматынан топтой томолонуп, кол жууду. Эми бешенесине кара курсактын гана арбайын соккон жетекчи туш келди.

Ичимдикти чектеген маал. Башына калдайган кара шляпа, үстүнө күлтүйгөн кара күрмө кийип, бетине капкара көз айнек тартынган Бекин ишине шашкеде бир көз көрсөттү да, жылт койду. Арак– шарап сатылчу дүкөндүн тегерегин акмалап, буту чидерленгенден бетер ал жерден жылбай турду. Ары– бери өткөн чоңдордун көзүнө урунбоо үчүн шарапкана ачылгыча жолдун өйүз– бүйүзүндөгү дүкөндөргө улам кирип чыгат. Убадалашкан кишиси кечигип жаткандан бетер билегиндеги саатына кез– кез үңүлөт.

Жол бурчунда олтурган абышканын чемичкесинен кочуштап алат да, аны чагып бүткөнчө чемичкенин даамдуулугун, дандуулугун мактайт. Бу курдай да тыйынын төлөбөй, чөнтөктөрүн чемичкеге толтурду. Түш оогондон кийин күн бешимге таяп баратты. Шарапкананын: “Саат экиде ачылат” деген жазуу илинген каалгасында дагыле кара кулпу илинүү турду.

Кечээ кошунасы тымызын кайнаткан самогондон жуткан. Ошогобу, башы жарыла жаздап, оорусу басылбай, жанын өгөөлөдү. “Бул кандай адепсиз дүкөнчү? Арбын соода жүргүзүп, киреше толтурууну ойлобойт өңдүү. Муну ылдам текшерип, тартипке чакыруу керек. Адамды зарыктырганы мен эмес, мыйзамга да сыйбайт” – деп бирөөнүн атынан дүкөнчүнүн аракка үстөк пул кошуп сатаарын жазып, текшерүүчүлөргө шилтеп иймей болду.

Сатуучуну тузагына илинткенден кийин анын сыйын көрүп гана тим болбой, милийса кезиндегидей пара алууну да чечти. Дүкөндү сагалашкан алыпсатар, аракечтердин арасында турганын таңазар албады. Ичкиликти ооздуктар заң– закүн кабыл алынгандыктан арак сатуу чектелип, бир топ аптадан бери бу шарапканага өзөк нымдаар жинди суу түшө электигин билсе да, өкмөттүн берегидей бүтүмүнө макул болбой, өз оюн актайт.

Эки бөйрөк тушу күлтүйгөн, арыкчырай, узун бойлуу тааныш жигиттин шарапкана жактан келатканын көргөндө жаны кире түштү. Иреңине кан, жүзүнө күлкү жүгүрдү. Жигиттин алдынан утурлай чыгып, кучак жая саламдашып, далысынан таптады. Анын күрмөсүнүн чөнтөгүн сыйпалап: “Эки бөтөлкө ала чыккан экен” деп бүшүркөдү да, “Бул бала жоктон болсо да, табат”– деген тыянакка келди.

– Жарайсың, көк жал! Сага жолуктурган жаратканга жаным курман! – деди да, жигитти бир топ жерге узатып барды. Бекиндин уйгактай жабышып, ата– бабасынын амандыгынан өйдө сураганына таңданган жигит анын тамаксоолугун эстеп, оозун жыя албай, ыкшый берди.

– Токто, иним, – деди Бекин тигини жеңинен тартып. – Баш жазган адамга көр казгандай сооп тиет. Бирдеме кылбасаң, болбойт.

– Эмнеден үмүт эткениңизди билип турам, байке! Жок деп шагыңызды сындырганча...

– Ии ошо, – Бекин жигитти кубаттай баш ийкеди. – Билсең, мендей жалгызды Кудай колдойт. Назарымдан калган адам эзели оңбойт. Билсең – тайыңмын, билбесең – асмандагы Кудайыңмын!

Экөө шарапканадан кыйла узап кетишти. Жолдо алардан башка пенде жок.

– Убара тартып, алыс барбай эле, мобунун бирөөсүн бере сал... – Бекин жигиттин чөнтөгүнө кол жаңсады.

– Сизге мунун кереги деле жок болуш керек.

– Кереги тиет. Антпесең, чөнтөгүңө катпайт элең.

– Кой баккан атамдын... – Жигит сөзүн аяктабай, күлдү да, – дүкөнгө келүүгө чолосу жок. Сураштырып жүрүп, араң таптым. Зарыгып калышты окшойт.

– Мен да зарыгып турам, мага да өтө зарыл. Эч ким көрө электе бирөөсүн кармата сал. Бол, эртерек. Шашылышмын, – деп Бекин тигинин топчуларын бүчүлүгүнөн чыгарды. Ыкшып күлгөнгө өткөн жигитти ой-боюна койбой, ансайын шаштырды.

– Күлө бербей, алдагыны ылдамырак чыгар. Кимдир бирөө көрсө, жабышат да, ырыскыны кемитет.

– Ууланасыз...

Бекин: “Алдаганын көр! Эптеп кутулуунун амалы” – деп ойлонду да:

– Тобокел! Уулансам – догум жок.

Бакыраң көз Бекиндин жалооруганын, чөнтөгүндөгүнү алгандан кийин кандай абалда каларын алдыртан ойлогон жигит күлкүсүн баса албады. Бекин жигиттин чөнтөгүнө колун шуңгутуп жиберди. Колуна бөтөлкөнүн мойну урунганда; “Карасаң, шек санабасын деп кагазга оротуп чыгыптыр. Таанышына алдырган да” – деди да шишени сууруп алып, өз койнуна салды. Жигит чырылдап ийип, колуна ачкенедей жабышты:

– Бериңиз, байке! Канча жерди кыдырып, араң таптым. Азыр бул – таңкыс. Атам менен апам эски короодо ушуну менен жан сактап жүрүшөт.

Бекинге: “Ата-энеси ушуну менен жан сакташса, демек, жашырынып ичишет экен да”– деген ой келди.

– Сиздин да күнүңүз ушуга түшсө... Мынчалык асылып калдыңыз, бирөөсүн берейин, – деди жигит аргасы түгөнгөндө. – Ушул жерде бөлүштүрөлүбү?

“Ырыскысын” жигиттен кызганган Бекин андан арылгыча шашты:

– О кой! Бул жерде милиса көрүп калса, экөөнөн тең айрылабыз. Андан көрө сен ылдам кет!

Жигит саамга кыйылды да:

– Болуптур, эмесе! Эч кимге көрсөтпөй, ээ? Ууланып калып... Арызчыл элеңиз, кийин “мага ушул куюп берген”– деп мага асылбаңыз.

Жалгыз калган Бекин бакка умтулду. Калың бак-дарактардын арасына кирери менен бөтөлкөнү ачты. Өзөгүнө “бөдөнөнүн сүтү” жүгүргөн соң, баш ооруткан кыйноодо нарыларын ойлоп: “Мадыра башты куп катырдым, ээ?”–деп, өз “эрдигине” маашырланды. Биресе: “Кимдир бирөө көрө калып, араң тапкан ырыскыма ортоктош болбосо экен”– деп алды-артына алаңдай көз жиберди. Киши кара көрүнбөгөн, калың бакка терең илгерилегенде гана жаны өзүнүкү болгонсуду.

Жакын арада эч ким жоктугуна көзү жеткенде гана бөтөлкөнү сууруп чыгып, оролуу кагазды ачты. Колундагысы тамагын такылдаткан арак эмес, курт-кумурсканы өлтүрүүчү дары экенин көрүп, эси оогондой нестейди. “Ууланып албагай эле! – деп чочулап, артынан жете келип, табалай күлгөн баягы жигиттин артында турганын көрүп, итатайы ого бетер тутулду. Өйдө туруп баратып, бөтөлкөнү ташка чапты. Көрсө, тиги жигиттин шарапканага канатташ турган чарба дүкөнүнөн чыкканын такыр элес албаптыр.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз