АҢГЕМЕ
Жумуш башталгандан жарым саат өткөндөн кийин заводдун кире беришиндеги дарбаза алдына “Волга” авто-унаасы токтоду. Андан галстук, костюмчан төрт киши түштү. Алардын жетекчи экени дароо эле баамдалды. Иш жөнүндө сүйлөшүп баратып, текшерилме каалгадан өтмөк болушту. Эң алдында директор – Полозов Иван Андреевич. Калган үчөө – анын соңунда келатты.
Заводдун дарбазасынын оозунда турган нөөмөтчү өкүмдүү түрдө:
– Уруксат кагазыңарды көрсөтүңүздөр, –деп өздүк күбөлүктөрүн талап кылды.
Директор Полозов күтүүсүз тоскоолдукка туш болгонго, дендароо тартып туруп калды. Эмне болду? Ооба, заводго кирүүгө уруксаты бар күбөлүгүн көрсөтүү керек эмес беле?
Иван Андреевич чөнтөктөрүн аңтара баштады. Чөнтөк тинткен сайын жүзүндө ыңгайсыз абалда калган кишинин кейпи келди.
– Апей! Эсимден чыгып, үйгө таштап келе берген окшойм, – деди ал.
Сакчы: “Анда менин кандай тиешем бар?”– дегендей ийнин кысып койду да:
– Барып, алып келүүгө туура келет.
– Түшүнсөңүз, мен өтө ыраакта жашаймын.
Сакчы:
– Баары бир өткөрбөйм. Суранбай эле коюңуз, – кесе сүйлөдү.
Берки үчөө чыдап тура алышкан жок.
– Сага эмне болду, Петрович?
– Кимден уруксат кагаз сурап жатасың?
– Бул киши заводдун директору экенин өтө жакшы билесиң го, – жарыша чурулдап ийишти.
Кароолчунун бети чымырап да койгон жок.
– Мага демектен министр болбойбу? – деди ал. – Тартип деген тартип. Ким болбосун уруксат кагазын ачып көрсөтүүгө милдеттүү.
Директор менен кошо келген үчөө кайрадан жаагын жанышты.
– Мындай бой көтөрүүчүлүк деген...
– Директорлугун сыйлап койсоң боло...
– Бир аздан кийин кеңешме башталмак...
Нөөмөтчү айтканынан кайткан жок.
– Жок, жок, жок! Эчтемке билбеймин, – деп бул ирет Полозовдун көзүнө тиктеди. – Таарынсаңыз, таарына бериңиз, жолдош ачандик! Бирок уруксат күбөлүгү жокторду заводго эч качан кийирбеймин. Мен күзөттө турган күнү пропускасыз, бул жерден чымын да учуп өтө албайт.
Полозов үшкүрүнүп алды да, аргасы түгөнгөндөй беркилерге кайрылды:
– Эч бир айла кыла албайбыз, жолдоштор! Шалаакылыгым үчүн уялып турам. Деген менен сакчы туура айтат. Эгер ишенсеңиздер, жетекчи катары өз милдетин так аткарган кызматкерибиз менен сыймыктанып турамын. Мындай принципиалдуулукту колдоо гана керек. Тилекке каршы, бүгүнкү кеңешмени менсиз өткөрөт окшойсуздар. Силер өтө бергиле! Антпесе, кечигип каласыңар.
Директорду коштоп келген үч киши сөзүндө бекем турган кароолчуну айыптуу тиктешип, үн-сөз айтпай, уруксат кагаздарын көрсөтүп, заводго кирип кетишти.
Алардын карааны көрүнбөй калганда директор сакчынын колун катуу кысты.
– Ну, Петрович, азамат!.. Сен чыныгы артист экенсиң! – деди күлүп. Анан кадимки үнүнө салып: – Дагы канча убакыттан кийин бошойсуң?
– Жыйырма мүнөттөн соң, – деди сакчысы колундагы саатына тиктеп.
– Жакшы. Нөөмөтүңдү тапшырарың менен меникине дароо жетип кел. Ага дейре мен, кайырмакты таап, сөөлжан каза турайын!
Которгон Ырысбай АБДЫРАИМОВ
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR