Самсак Станалиевдин “Касым Тыныстанов. Чагылгандын көз жашы” аттуу тарыхый-биографиялык романында жазуучунун документалдык маалыматтарды пайдалануусу
Кыскача мазмуну
Макалада Самсак Станалиевдин “Касым Тыныстанов. Чагылгандын көз жашы” тарыхый-биографиялык романында жазуучунун документалдык маалыматтарды кантип пайдалангандыгын жана алардын көркөм чыгармада ойногон ролун, тарыхый чындык менен көркөм чындыктын синтезин иликтөө максаты коюлган.
Бул романдын мисалында документалдык негиздерди теориялык изилдөө башка да прозалык чыгармаларды изилдегенге, аныктаганга, документалдык негиз бар деген түшүнүктүн табиятын аныктаганга көмөктөшөт. Ошондой эле аталган макала көркөм-документалдык проза жазган С.Станалиевдин көркөм чындыгынын маанилүү өзгөчөлүктөрүн жана көркөм чындыгын изилдөөгө далалаты катары каралат.
Эгемендүүлүктүн келиши менен тарыхтын ак барактары ачыктала баштаганы кыргыздын тун окумуштуусу Касым Тыныстановдун өмүр баянына кызыгууну да пайда кылды. Кыргызстанда өткөн тарыхка байланыштуу чыгарылган жаңы чечимдер, 90-жылдары “Кыргызстан Маданияты” гезитине басылган алгачкы маалыматтар, кыргыз элинин тарыхында бараандуу салым кошкон, бирок саясатка байланыштуу инсандардын өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныш инсандардын, жакын адамдардын берген маектери, “сырдуу” деген грифи бар документалдык материалдардын калың журтка жарыяланышы бул жаатта чоң жылыш жасаган.
Мына ошолордун ичинде жазуучу, адабиятчы Самсак Станалиев адабий каарман кылып алган Касым Тыныстановдун жубайы Турдубүбүдөн алган (Станалиев, 1991. 8-9) алгачкы интервьюсун айтса болот. Бул инсанга жазуучу көркөм чыгарма арноого да белсенген, алгач аны повесть деп, үзүндүсүн да жарыялаган (С.Станалиев, 1991. 8-9). Биз мында Самсак Станалиевдин “Касым Тыныстанов. Чагылгандын көз жашы” романындагы документалдык маалыматтарды пайдалануусуна, аларды көркөм чыгармада ойногон ролуна токтолууну эп көрдүк.
Көркөм чыгармада Касым Тыныстановдун өмүрү менен чыгармачылыгына тийиштүү урунттуу документтер пайдаланылган. Чыгарманын жанрына автор тарыхый-биографиялык жанр деген аныктама берген. Демек, чыгарма Касым Тыныстановдун биографиясына жана анын айланасындагы окуяларга, Касым менен байланышта болгон инсандарга байланыштуу маалыматтардын негизинде жазылган деп бүтүм чыгарсак болот.
Адегенде чыгарма жарык көрөрү менен эле адабиятчылар, коомдук ишмерлер, жазуучулар тарабынан бир катар макалалар жарыяланган, чыгарманын автору ошол учурда Кыргызстандын эң зобололуу Токтогул сыйлыгына да көрсөтүлгөн.
Алардын негизги басымдуу бөлүгүндө Самсак Станалиевдин аталган чыгармасына оң баа берилгенин көрөбүз. Мисалга Кеңешбек Асаналиев: “С.Станалиев сөздү ичкериден сезген, сөздү так өз ордунда, так өз мазмунунда иштете билген чебер экени, Касым Тыныстанов сыяктуу романдык персонаждын накта өзүнө дал келген сөздүн поэтикалык структурасын жарата билген стилист экени эч кимди кайдыгер калтырбайт” – деп, аны каармандын образын түзүп жатып документти пайдалануу менен адабияттын мыйзамдары менен мыкты айкалыштырганына кенен токтолгон (Кеңешбек Асаналиев, 2002-ж. №8).
Өзгөчө жазуучунун сөз чеберчилигине баа берип, аны сөздүн поэтикалык структурасын жарата билген стилист катары баалаган Кеңешбек Асаналиев романды психологиялык роман деп мүнөздөгөн. Адабиятчынын пикиринде Станалиев протогонист менен антогонистти сүрөттөөдө бирин көкөлөтө мактабай, экинчисин да жөнү жок каралабай, ар кимдин “жаратылышын” даана ачып, далилдеп көрсөтүүгө болгон дареметин жумшаган. Демек, автор тарыхый инсан жөнүндө документтерге таянган чыгарманы жазууда көркөм чыгармада жогорку белги катары бааланган психологизмге жетишкен.
Ушундай эле жогорку бааны КР УИА академиги, философия илимдеринин доктору А.Какеев да: “Жазуучу Самсак Станалиев татаал драмалуу, курч трагедиялуу заман тарыхын дал ошол Тыныстановдун аянычтуу тагдыры аркылуу көрсөтүүдө биздин оюбузча тарыхый-документтик жана оозеки маалыматтарга, психологиялык талдоо, кырдаал түзүү чеберчилигине, адам концепциясын түзүүгө, мезгилдин тарыхый, саясий философиясын ачууга көркөм-эстетикалык жалпылоого жетишүүгө, эң негизгиси тарыхый теманын, трагедиянын дал өзүнүн стилдик ыргагын, тилдик өзгөчөлүгүн табууга таянган” (“Кыргыз Туусу”. 2004) – деп жазган.
Ал эми китептин баш сөзүн жазган белгилүү жазуучу Казат Акматов: “Тарых кургуюндагы тагдыр жөнүндө” деген баш сөзүндө: “Айтууга да, жазууга да тыюу салынып, ошондон улам кылымдын ачуу көз жашы болуп кала берген инсан таржымалын айтып берүү, айтканда да өткөн күндөрдү кайрадан калыбына келтирип, көркөм сөз менен көз алдыга тартып берүү оңойго турчу түйшүк эмес” – деп жазган.
Кыргыз Республикасынын Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты С.Эралиев аталган роман жөнүндө (“Кыргыз Туусу” 2004. 9) сөз кылып жатып: “Касым Тыныстанов” романын тарыхый-документтик маалыматтар менен көркөм-эстетикалык ой жүгүртүүнүн синтезинен жаралган чыгарма деп айтса болот”, – деп баа берип, СССР боюнча алганда эки жарым миңдей жазуучуну жок кылган репрессия деген мезгил кандуу адамзат мүшкүлү деген аныктама менен тарыхта калгандыгын, мына ошол окуяны С.Станалиев он жылдан ашуун мезгил изилдегенин, Тыныстанов жөнүндөгү оозеки жана архивдик материалдарды айкалыштыра пайдалангандыгын баса белгилеп кеткен.
Көрүнүп тургандай, Станалиевдин К.Тыныстанов жөнүндөгү жазган чыгармасы адабиятчылардын оң пикирин жаратып, тарыхый-документалдык материалдар менен көркөм ой жүгүртүүнү жарата алган деген ойлорду айтышкан. Жазуучу менен баарлашканыбызда анын бул инсанга кайрылуусу адабият тарыхындагы ала жерлер, архивдик материалдардын жеткиликтүү боло башташы, ошону менен катар ири окумуштуу Касым Тыныстановдун чыгармачыл бейнесине кызыгуу себеп болгондугун айтат.
С. Станалиевдин “Касым Тыныстанов. Чагылгандын көз жашы” чыгармасы убагында бир нече окумуштуулар тарабынан Токтогул сыйлыгына көрсөтүлүп: “...ал белсене киришип, документтерге таянып, биз билген-билбеген фактылардын негизинде Касымдын өлбөс өмүрүн романдын тили менен кайра жаратып таштады. Романды окуган адам балкыйт, ал карандай фактылардын жыйнагы эмес, Касымдын өмүрү, махабаты, ишкердиги, акындыгы, илимпоздугу, жарандык жүзү, атуулдук эмгеги, өлүмү, оптимизми – ушунун баары көркөм сөздүн күчү менен даана ачылып, акын-илимпоздун, акын-атуулдун, илимпоз-атуулдун көөм образы түзүлгөн” – деп баса белгилеп кетишкен (Б.Батыркулов, С.Байгазиев, С.Рысбаев, А.Абдиев, А.Муратов. 2004. 16).
Самсак Станалиевдин “Касым Тыныстанов. Чагылгандын көз жашы” аттуу тарыхый-биографиялык романынын алгачкы барактарында эле Касым Тыныстановдун жубайы Турдубүбү берген интервьюдагы маалыматтар көрүнөт. Мисалга ал берген интервьюда: “Ошол күнү Сыдык Карачев мага келди да: “Сен кыргыздын эң мыкты жигитинин жүрөгүн жаралап коюпсуң” – деди. – Жаралаганы эмнеси? – дедим. Адегенде эч нерсе түшүнгөнүм жок” – делет (Самсак Станалиев.1991. 8). Көркөм чыгармада: “– Урушпасаң айтайын. Сен кыргыздын эң мыкты жигитинин жүрөгүн жаралап коюпсуң. Түшүндүңбү, Тукан, эң мыкты жигитинин жүрөгүн жаралап коюпсуң.
– Кыз түшүнгөн жок, Сыдыкты караган бойдон тура берди” (“Касым Тыныстанов. Чагылгандын көз жашы” 2001.17).
Касым Тыныстановдун акын Аалы Токомбаев менен болгон татаал мамилеси да, Коммунисттик Партиянын адабиятка киришип, буржуазиялык-улутчул, туранчыл деген кине коюулар да, “Академия кечтери” драмалары да анын өмүрүнө балта чапкан окуялар болду. Аргасыздык, мамлекет машинеси аны өзүнүн жазганын чыгармаларынан, айткан сөзүнөн тайганга, мойнуна жок күнөөнү очойто алганга аргасыз кылган. Мында анын өмүрүн жазган автор да бул кырдаалды кемелине келиштире сүрөттөп, кынаптап, Тыныстановдун Алексей Максимович Горькийге жазган каттарын кыргыз тилине котортуп кошкон (“Касым Тыныстанов. Чагылгандын көз жашы” 346-бет).
Оригиналда: “Уважаемый Алексей Максимович! Обращаюсь к Вам, знатоку пролетарского искусства, с убедительной просьбой написать отзыв на страницах центральной печати на этот мой труд, который постановлением местной организации снят с театральных постановок как произведение, открыто пропагандирующее буржуазно-кулацкой национализм и реставрирующее идеологию враждебных пролетариату классов…” – делсе (ф.391,5,д.48, Архив ИМА), чыгармада:
“Урматтуу Алексей Максимович! Пролетарлар искусствосунун билерманы катары Сизге көптөн-көп өтүнүп кайрыларым, жергиликтүү партиялык уюм токтому менен пролетариат табына кас идеологияны ачыктан-ачык үгүттөгөн чыгарма катары театр сахнасынан алынып салынган менин ушул эмгегиме борбордук басма сөз аркылуу пикир айтып койсоңуз жакшы болот эле”, – деп берилген (“Касым Тыныстанов. Чагылгандын көз жашы” 346-бет).
Ошондой эле катты Касым Тыныстанов Морис Львович Белоцкийге да жазган. Кат-документте:
“Тов. Белоцкий!
В добавлении к моим устным Вам сообщениям по вопросу о сборнике стихов “О Ленине” сообщаю следующее:
Рукопись этого сборника попала на рецензию ко мне и получил с моей стороны отрицательный отзыв как не верно толкующий образ Ленина как вождя и ленинизма, а также изображающая “Вождем” Троцкого…” (ф.391,5,д.48, Архив ИМА).
Ал эми романда:
“Жолдош Белоцкий! “Ленин тууралуу” ырлар жыйнагына оозеки билдирүүмө кошумчаларым бу: Жыйнактын колжазмасын рецензиялоо мага тапшырылган. Мен тараптан жолбашчы катары Лениндин образы жана ленинизм бурмаланып түшүндүрүлгөндүгү, ошондой эле Троцкийдин “жолбашчы” катары сүрөттөлгөндүгү белгиленип, тескери баалаган пикир жазып бергем...” – деп которулуп берилген (“Касым Тыныстанов. Чагылгандын көз жашы” 359-бет).
Белгилей кетчү нерсе, автор пайдаланган, оригиналы орусча документтердин көбү жазуучунун өзү жана акын, адабиятчы Алым Токтомушевдин котормосунда кыргыз тилине которулуп берилген.
Турдубүбү Тыныстанова берген интервьюда: “Рамадин деген жигит да чогуу болгон экен. Касымдын эки буту тең чатырап, шишип кеткенин ушул байкап калат да, өтүгүн чечкенге аракет кылат, бирок чече албай коёт. Айлалары кеткенде камерадан чыгарып, жардам берүүлөрүн суранышат. Ырайым болуп Касымды сыртка чыгарышат. Өтүктүн кончун тилип жиберишет. Камактагылардын айрымдарынан бир-эки тоголок кант табышат да, ысык сууга салып Касымга жуткурушат”, – деген жери бар (Кыргызстан маданияты, 1991. 8-9).
Интервьюнун бул жери да чыгармада төмөнкүдөй берилген: “Дары таштап кетсеңиз, дары болсо... – деди Рамадин баягысындай чебеленип. Доктур унчуккан жок, андай-мындайын сумкасына салып жатып жанында отурган адамга: “Чөнтөгүн карагыла, дарысы бар”, – деди акырын. (“Касым Тыныстанов. Чагылгандын көз жашы” 389-бет).
Романдын 8 жыл бою жазылышы, көркөм чыгармадагы каармандарга байланыштуу оң-терс фактылар, окуялар, документтер боюнча бир да кино коюлбаганы, көркөмдүк жагынан да терс сын-пикир айтылбаганы – Самсак Станалиевдин тарыхый-документалдык материалдарды кылдат иштеп чыгып, жакшы пайдаланганынан, көркөмдүүлүк жагынан жакшы иштегендигинен кабар берет.
Мында айта кете турган нерсе – Самсак Станалив “Касым Тыныстанов. Чагылгандын көз жашы” аттуу тарыхый-биографиялык романында документтин бир нече түрүн пайдаланган. Буга:
1. Архивдик материалдардан: маалыматтык документтер;
2. Каттар;
3. Мамлекеттик деңгээлдеги чечимдер;
4. Кыргыз адабиятына жана Касым Тыныстановго жеке тиешеси бар адамдар:
А) жары Турдубүбү;
Б) адабиятчы Зияш Бектенов; В) Асан Мукалаев; Г) Х. Карасаев; Д) иниси Ботаалы;
Е) Акима Жолдошева (адабиятчы Токчоро Жолдошевдин жары);
Ж) Мукай Элебаевдин жары Бурулча Элебаева, жана башкалар.
Сөз оролунда автор: “Менин бир “кемчилигим” – мен бул романда жыйналган, типтүү образ жаратпаганымда. Каармандардын баары турмушта болгон, Касымдын жанында жүргөн адамдар. Мени бул бир жагынан өтө жоопкерчиликте болгонго, фактылардан, документтен чыкпай, чыгармачылыгымды ошонун айланасында жүргүзүү шартына байлады”, – деп белгилеп өттү (2016. 01.03.1-жазуу).
Айсулуу Көкөева, КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту
АДАБИЯТТАР:
1. Станалиев Самсак, (1991. 11-август) “Тутулган айдын жарыгы же Касым Тыныстановдун өмүрлүк жары Турдубүбү менен аңгеме”, “Кыргызстан маданияты”, №33, 8-9.
2. Станалиев Самсак, (1991. 12-декабрь) “Касымдын махабаты”, “Кыргызстан маданияты”, №50, 8-9.
3. Асаналиев Кеңешбек, (2002. 11.08). “Азыркы психологиялык роман”. “Кыргыз Туусу”. №8-9. 4.
4. Какеев Аскар (2004. 21-24.05). “Тарыхтын көркөм баяны”. “Кыргыз Туусу” №34. 7.
5. Эралиев Сүйүнбай, “Сөз кереметинен жаралган”. “Кыргыз Туусу”. №40. 8.
6. Б. Батыркулов, С. Байгазиев, С. Рысбаев, А. Абдиев, А. Муратов. №49. 13-15.
7. Самсак Станалиев, “Касым Тыныстанов. Чагылгандын көз жашы” (2001. Бишкек. 480 б.)
8. Касым Тыныстановдун Горькийге каты (ф.391,5,д.48, Архив ИМА).
9. Касым Тыныстановдун Белоцкийге каты (ф.391,5,д.48, Архив ИМА).
10. Самсак Станалиев менен интервью. №1-жазуу. 01.03.16