Алмаз Кулматов: Эзелки кыргын жөнүндө жаңы баян

  • 30.05.2020
  • 5432

Сүрөттө: Алмаз Кулматов, Медеткан Шеримкулов, Арслан Капай уулу Койчиев.

Мындан бир нече жыл мурун Лондондогу Ко́вент Га́рден театрында (Theatre Royal, Covent Garden) Гоголдун “Өлүү жандар” поэмасынын негизиндеги операсы неченчи ирет коюлуп, ага келген киши аягы үзүлбөй, тамшанган эл арбын экенин “Российская газетадан”окуп, ойго кеткем. Бу крепостук укук деп аталган жарым кулчулук түзүлүш мезгилиндеги орус тиричилигине мүнөздүү, кулчулук доорду эзелки тарыхтан гана билген азыркы британдыктар чыгарманын өзү тургай, анын негизинде ыр-күүгө салынган операсын кандай сиӊирип, кантип түшүндү экен деген да жармач ой кеткен эле эрксизден.

Гоголдун бул чыгармасы алгач 1854-жылы англис тилине которулган, кийин он чакты жолу кайра которулуп, ал тургай согуш кычап турган 1943-жылы басмадан чыккан. Окумал журт кыйчалыш заманга карабай окуйт турбайбы, көрсө. Көрсө илим-билимдүү, өнүп-өскөн, дагы өсөм деген элде эстетикалык муктаждык күч, көркөмдүккө умтулуу табигый сезим-туюмдай, инстинкт сымал өжөр окшобойбу.

Эгер кудай жалгап, дүйнөлүк шедеврлердин бири, айталы ошол эле “Өлүү жандар” же “Дон Кихот” кыргыз тилинде опера болуп коюлса, азыркы кыргыздар агылып барып көрөрүнө күмөнүм бар. Коюлары арсар, агер коюлса, ошол операга же балетке көпчүлүк барарына азырынча көз жетпейт. Нечен жылдан бери алданып, колунан оокатын расмий шылуундарга алдырып, ырыстуу деп ишенгендерге ырыскысын уурдатып, көр оокаттан тукулжурай түшкөн, сезими мокой түшкөн карапайым көпчүлүктүн көркөм маданиятка чолоосу тийбей бараткансыйт. Ошол эле учурда, адабий чыгармалар окулбай калды, адабият жаралбай калды деш да натуура көрүнөт. Эл изденип жаткан кези. Эстетикалык суроо-талап бар, көкүрөгүнө ой салган, сезимин козгогон, жан дүйнөсүн түйшөлткөн, эс-учун жоготконду эсине келтирген, көңүлүн көкөлөткөн чыгармага эл муктаж. Көркөм өнөргө кызыгуу күүсүнөн жана элек. Жаӊы чыгармалар жаралууда.

Белгилүүлөрү менен катар көркөм адабият айдыӊына ат бастырып кирген акын, жазуучулардын чыгармаларын эл-журт талашка түшүп, колдон колго өтпөсө да, окулууда. Адабий чыгармалардын конкурстары байма-бай жарыяланып, жаӊы чыгармалар окурмандар арасында кадимкидей талкууланып, айрымдары элдин дурус баасына арзып, жылуу маанай жаратып, айтор адабий турмуш уланууда.

Адабиятка кызмат кылам деген жана колкоосу жок эле ушул жүктү аркалап келе жаткан “РухЭш” сайтына азыркынын мыкты жазуучусу, насили тарыхчы Арслан Капай уулу Койчиевдин “Алмуздактагы кечил” деген аӊгемеси өтө кызык теманы козгогон экен. Адатта адабий чыгарма автор козгогон тема менен чектелбейт экен. Автордун айткысы келген идеясы башкача мазмунга ээ болуп же автордун оюна дегеле кетпеген идеялар менен байышы, түпкү мааниси окурмандын кабылдоосуна жараша түркүн интерпретацияланышы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Тукум курут кыргын, мисмилдирик (геноцид, холокост, этностук катастрофа) темасы адабиятта эӊ кеӊири чагылдырылган темалардын бири. Армяндардын кырылышы, айрыкча еврейлердин соңку замандагы кыргынга учурашы, сүрүлүп-сүрдүккөндөгү көргөн азап-тозогу көркөм өнөрдө жана адабиятта түркүн жанрда не бир чиркин чыгармалардын сюжеттик өзөгүн түзгөн жана түзүп келет. Бирок байыркы заманда еврейлердин өзү башка бир элди тукум курут кылып, катуудан казаны, жумшактан күлү калгыча чапканы көркөм өнөрдө негедир кездешпейт да кеп кылынбайт. Мадийлер (англисче версиясында мидийлер - Midians)  еврейлерге кандаш туугандар, Авраамдын Хеттура аттуу аялынан төрөлгөн төртүнчү уулу Мадиамдан тараган  нак тукуму.

Аталышы окшош, күн кечирген аймагы ирегелеш, жашаган доору бириники так, бириники уламышта болжолу ошол доорго жакын болгондуктан улам мадийлерди Мидий падышачыгынын калкы менен айырмалабай, экөөнү бир эле деп эсептегендер алигиче арбын тарыхты жакшы билбеген журтчулукта. Бирок Библиядагы кырылган мадийлер (Египет доору) башка, эзелки Мидий падышачылыгы (б.з.ч. 9-1 кылымдар) башка. Мадийлер Авраам тукуму. Мидий падышачылыгын курган эл перстерге жакын, азыркы Иран бөксө тоолорунда калыптанган журт. Эми еврейлерге кандаш бир тууган ошол мадийлерди ким кырган? Моисей. Моисей Египет фараондорунан качып, аталаш тууганы мадийлердин арасына келип баш калкалайт. Мадийлер бозгунга жаны ачып, бооруна батырып, Моисейге Сепфора деген кызын да күйөөгө беришет. Кийин кашайып, Моисейдин көӊүлү бузулуп, алигиче бүдөмүк себепке такап, көктөн тушкөн аянга шылтап, Жараткандын амири менен (адатта кыргын-сүргүндү жараткандын талабына такашат) мадий аттууну тукум курут кылыш керек деп каарын төгүп, түгөл кырдырган экен. Бир кыргынга ыраазы болбой кайра жайпатып, биротоло тукум курут кылат.

Эркек аттуу жан калбасын, кыздарын гана калтырып, олжолоп алгыла. Болгондо да эркек жолой элек, энесинен башка киши өппөгөн, “желден башка сылабаган чачынан” ууз кыздар гана аман калсын. Мүлкүн түгөл талагыла, кийиктей кубалап жүрүп мойсогула деп кырдырган экен. Библияда бул кыргын оголе дыкаттык менен, ийне-жибине чейин улуу миссиядан бетер даңазалана баяндалат. Кырылган элден, бүлүнгөн журттан талоонго түшкөн жаны, олжого түшкөн малы, мүлкү эсепке алынат. 675 миӊ кой-эчки, 72 кара мал, 61 миӊ эшек, алтын-күмүш, зер буюмдары, анан 32 миӊ секелек кыз олжолонот. Анын ичинен 32 кыз, алтын-күмүш түгөл, мал-мүлктүн ондон бири кудайга деп динаятчыларга тиет. Ошондо эле талоон башында турган динаятчылар оокатка тап көрүнбөйбү, кызарган жакшысын өзүнө ыйгарган. Ушинтип айтылат Библияда, Эсеп китебинде (Книга чисел, 31-бап).

Еврейлерге кандаш тууган мадийлер үчүн ушул каргашалуу окуянын чоо жайы Капай уулу Арсландын аӊгемесинде келиштире баяндалат.

Библияда баяндалган окуялардын дээрлик баардыгы ошол күндөн ушул күн музыкада, сүрөттө, адабиятта, театрда, кинодо, архитектурада, айтор искусствонун баардык түрүндө, ар кандай жанрларында чагылдырылат. Шедевр делген чыгармалардын өзөгүн түзөт, баштапкы сюжетине айланат, көркөм образдар жаралат. Эски жазмалардагы, Библиядагы, байыркы жана кийинки баяндардагы бейиши менен тозогунан тартып, жан-жаныбарларга байланышкан кенедей эпизоддорго чейин көркөм өнөрдө, искусстводо тигил же бул масштабда, ар кандай деӊгээлде чагылдырылат. Библиядагы көп окуялар, персонаждар, кубулуштар ар кайсы доорлордогу нечендеген чыгармаларда улам кайталап сүрөттөлөт, таржымалданат, даӊазаланат, айыпталат, чечмеленет, кыскасы искусство менен адабияттын салттуу темасына айланат. Неликтен бул окуя боюнча дээрлик эч нерсе жок.

Арслан Койчиев бул темага биринчи кайрылган сүрөткер. Бар болгону Маскөөнүн Кремлинде Алтын палата аталган кеӊ бөлмөсүндө XVI кылымга таандык сүрөттө ушул окуянын элеси чагылдырылган. Аты да так жазылбайт, бирок Библияны тереӊ окуган, ошол мезгилден кабары бар киши гана сүрөттөгү адамдардын кийими, окуянын мүнөзүнө карап мадийлердин кыргыны экенин баамдай алат. Болду. Бир эл – мадийлер тукум курут болгон эзелки кандуу кыргын негедир көркөм адабиятка сюжет болбоптур, ырдалбаптыр, музыкага кайрык болуп арман күүгө салынбаптыр, сүрөткө тартылбаптыр. Чанда гана чыгармаларда үзүл-кесил эскерилбесе, мурда же кийин бүкүлү чыгарма арналбаптыр. Тарыхчылар деле кыйгап өтчү экен.

Тарых факультетинде окуп жүргөнүбүздө не батышчыл, не советчил тарыхнаамада, расмий окуу китептеринде, тыюу салынган, буржуазиялык тарыхнаама эп сындалган, бирок өзүбүз ар кай жерден издеп таап окуган китептерде дале жарытылуу баяндалган эмес экен. Себеби мага белгисиз. Кырылгандан кийинки бойго жете элек кыздын саны эле 32 миӊ болсо, азыркы демографиялык чен-өлчөм менен деле аз эмес, итапкан көп элдин тыптыйпыл кырылышы нечен чыгаан сүрөткерлердин көз жаздымында калганы, сезимтал көркөм өнөргө тема боло албаганы, тарыхчылдардын кыйгап өткөнү кызык.

Балким жазылгандыр, баяндалгандыр, бирок Библияда кашкайып турса да, азыр саны 40 миллионго чукул, суверенитетке жетсем дегенде ак эткенден так эткен күрд калкы ата-бабабыз болчу деген Мидий падышачылыгына аты уйкаш, заты да алыс эмес, жашаган доору менен аймагы окшош мадийлердин кырылышы көӊүл сыртында калганына не себеп. Бүтүндөй бир элдин кырылышы тууралуу орошон чыгарма, көркөм керемет балким бардыр, бирок Кремлдин дубалындагы эски сүрөттөн башка чыгарманы мен учурата элекмин.

Эми кезиктирдим. Библияда аты кездешпеген, библияны жазган элден, анда баяндалган журттан тээ алыстагы көчмөн кыргыздын католик Британияда интеллектуал иш менен алек билимдүү уулу, кыргыз жазуучусу Арслан Койчиевдин насили философиялык маанай баштанган болочок романынын бир шиӊгили – аӊгемесинде баяндалып отурат. Бул темага кайрылуу тереӊ билимди жана акыл дараметин гана эмес, саясий жактан караганда кайсы бир деңгээлде эрдикти талап кылат. Адатта геноцид темасы кырчылдашкан кайым айтыштын, кындан кылыч суурткан кармаштын, не бир акылмандардын айласын кетирген акыл жарыштын, кек кууган кызуу кандуулук менен сабырдуулуктун эзелки таймашынын оболку себеби, түп башаты, эси жоктор үчүн күчөтмө шылтоо.

Ансыз деле Арсландын тарыхый айрым окуялар тууралуу, мисалы согуш туткундары, эл болуп туруп эл катары өз аты менен катталбай калган этностор тууралуу макалалары социалдык желеде күн кечиргендердин эрмегине айланып, алардын ачуу талкуусунун бутасына алынып турган чагында эми еврейлердин мадийлерди тукум курут кылганын кара сөз туруп ыр сымал көркөм баяндап отурса, жактырбагандар, каяктагы кепти баштап отурат бу дечүлөр да арбын.   

Кыргындын себеби да белгисиз, эки ача түшүндүрмөлөр бар. Албетте, көөнө уламыштарда жөөттөр (иудейлердин кадимки кыргызча аталышы, эч кандай терс мааниси жок) мадий зайыптарынын азгырына кирип, аягынан бузулгандары көбөйдү, кудайдын каргышына калчу жаман жоруктарга кириптер болууда, бузулган эркектер чүлүгүн үзгөн букадай токточудай эмес, көзүн сүзгөндөрдү биротоло жоёлу, эркектанасы менен түгөл кырып кутулалы, жараткан өзү ушинтип айтты, бул ишти Моисейге табыштады деп Библияда баяндалат. Бул кыргындын идеологиялык негиздемеси. Экономикалык негиздемеси да бар чыгар, болбосо жалаң идея мынча аёосуз кыргынга жалгыз себеп боло алышы күмөндүү.

Ар кандай согуштардын жалгыз болбосо да, түпкү себептеринин бири экономикалык кызыкчылык болмогу анык. Ушул замандын айрым окумуштуулары бул кыргынды өзгөчө мүнөздөгү, сейрек кездешчү геноцид деп баалайт. Мисалы Адам Жонс секелек кыздарын гана калтырып, калганын кырып салуу кан жаңыртыштын амалы, генетикалык мүдөөнү көздөйт, калган себептер беймаани деп эсептейт (караңыз: Adam Jones, «Genocide: A Comprehensive Introduction», 2010).

Мадий кыргынына чейинки жана кыргындагы негизги персонаж теги мадий Валаам кечили, автордун аӊгемесинде байыркы уламыштарда айтылган образдан айырмаланып, кыргынга себепкер, еврейлерге каршы үгүтчүл, жигердүү идеолог эмес, ушул кыргында негедир бейтарап роль аткаргандай сезилет. А балким автор Валаам кечилинин позициясын окурмандын жайына койгондур.

Арслан Койчиевдин эзелки кыргын, андагы кечил тууралуу аңгемеси бир кезекте Ницшенин философиялык ой толгоолорунун өзөгүн түзгөн Заратуштранын ысымы кошо аталган болочок чоӊ чыгармасынын бир бутагы. Моюндаш өскөн досу катары жарыялана элек, жазылып жаткан жаңы чыгармасында өткөн кылымдын отузунчу жылдары репрессияга байланыштуу баяндын үзүндүсүн окуганым бар. Кыргыз эли тушуккан кыргын, Үркүн жана репрессияланган кайран муун тууралуу Арслан Койчиев “Мисмилдирик” повестинде эң сонун баяндаган. Еврейлердин мадийлерди эзелки кыргыны менен кечээки эле репрессиянын концептуалдык байланышы, тарыхый окуянын нравалык, философиялык жана көркөм интерпретацияланышы чыгарма толук болмоюн айтуу эрте. Алмустактагы кечил баяны ойго салаар, акыл түйшүгүнө, эстетикалык толгонууга бөлөгөн керемет аңгеме. Окуя татаал, кандуу, бирок ой нарктуу, сөз жагымдуу.

Мен чыгарманын окурманы өзү аңдап, баалай тургандыктан көбүн айтпай, жеке пикиримди таңуулабай, тарыхчы катары билгенимдин азын айттым. Буюрса, толук роман окурмандын колуна тийер. Арсландын чыгармасы толук жазылганда, толук окулганда гана көтөргөн идеялык жүгү, эстетикалык наркы аныкталып, ого бетер көркүнө келип, концептуал жагдайлары ачыкталаар. Ошондо гана биз азыр жоромолдоп, бирок таппаган акыл-ойдун өзөгү ачылаар, жандырмагы жанаар, ар кай булактан куралып, керилип аккан Иордан дарыясынан бетер руханий талааны гүлдөтүп агаар, көркөм дүйнөнү бүрдөтүп агаар.

Алмаз КУЛМАТОВ, коомдук ишмер.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз