АҢГЕМЕ
Колдон колго өтүп жүрүп эскилигим жетти. А мүмкүн мени окуган да чыгарсыз?.. Адегенде мени китепканадан бир окурман уурдап кеткен. Кандай жол менен уурдалганыма кийинчерек келели. Баян жүрүшү башкада азыр...
Эсиңизде болсун, адамдар окуяны башынан айтса, мен аягынан баштайм. Анан да мени канчасы окуп чаккан болсо, мен да алардын ар бирин калтырбай окуп чыктым. Окуянын аягы мындай болгон: мени бир кайдагы эки чычкан кемирип жеп, ачуусу кайнаган Кунар силкинген бойдон таштанды челегине ыргытып салды. Мени мурда таштандыга кабылар тагдыр күтөрү оюма келсечи. Бир кездерде окурмандар шабыратып окуп, талоонго түшүп жүргөн кезегимде, минтип чычкандын тиштеринин сасык уусу боюма сиңип; таптакыр керектен чыгарымды кайдан ойлоптурмун.
Менде жазылган каармандардын өтө оор, ачуу тагдырларынан да өз тагдырым кейиштүү аяктарын эч ойлогон эмесмин. Көрсө, ар нерсенин өз учуру, өз доору, өз заманы өтөт турбайбы. Мен мындан көрө алоолонгон кызыл жалын отко кабылып, күйгөн күлүм менен көккө сапырылып алсам эмне! Көкөлөп көктө учуп жүрсөм эмне. Көпкөк асманга бир мерте көкөлөп, өз боюмду көгөргөн көк жайык түзгө, көк деңиз үстүнө таштасам эмне – дүйнө тар беле!
Таштанды челегине ыргытылган себебим, Кунар менен Урматтын кыжыңдашкан чырынан башталды. А чырга мындай нерсе себеп болгон: Урмат мени окуп жатып уктап калды. Бир аз чырым этип алгандан кийин ойгонобу десем... жок, кайта кышылдап терең уйкуга көшүлдү. Мен болсо анын шалдайган колдорунан жылмышып түшүп, жүзүн жаап калдым. Көп өтпөй Урматтын мурду тердеп, мен да нымшый баштадым. Ошондо ал бир капталына оодарылып, а мен кулап түштүм. Түшкөндө да бийик кроваттан. Анткен менен мага жайлуу боло түштү. Бирок көп өтпөй бурчтан кыбыраган чычкан чыкты. Мени көрбөй калса дедим эле, бирок мен тарапка келатты. Демек мени көрүп анан чыкса керек да.
Жакындап, тып токтоду. Токтогон себеби, Урматтын дем алганын угуп, көздөрү чекчейип, эки жагын тыңшады. Артына кайта кетейин деп эки анжы ойдо түйшөлө баштаганда Урмат жөтөлүп жиберди. «Жанымды сактап калдың, уйкучум, азаматсың! Эми бир катуу, катуу жөтөлүп койсоң кайрылып келгис болор» деп турдум эле, бирок Урмат ошол бойдон жөтөлбөй да койду, коңурук да тартпады. Анан баягы бурчтан чычкандын көздөрү жылтырап, шыкаалап турганын көрдүм. Бул жолу ал жалгыз эмес эле, артынан дагы бирин эрчитип чыкты.
Чычкан чычкан болсо, мен китеп болсом, карап турушмакпы, жылып келишти. Мага бул дүйнөдө чычкандан өткөн душман жогун билерсиңер, экөө тең ач экен: мени кыртылдатып кемирип киришти. Буга чейин далай кордуктарды деле көрдүм, а бул жолу кордуктун кордугун айт: экөө эки жагымдан кемирип жеп, кайрадан тешиктерине кайтып барып жок болушту. Алар кеткенден кийин да жагымсыз жыттары каңырсып кала берди. Мен азыр да чычкан жыттанып турам. Бирок бул мага мурдатан тааныш жыт, бул жытка эчактан бери көнүп да калдым.
Мени эки чычкан таптакыр керектен чыгарып салгандан кийин минтип башымдан кечирген окуяларды айтып берүү аргасыздыгы эмнеге пайда болгонун түшүнүп аткандырсыз, окурман!
Эки чычкан мени кемирип кеткенден көп өтпөй Урмат ойгонду да, мени көрөрү менен «туй, ата!» деп кейиди. Болор иш болгондон кийин үстөлдүн үстүнө чыгарып койду. Кунар сырттан кирди. Ал мени көрүп, Урматка бир тийди:
- Сага мен эмнеге бердим эле муну?!
Мени Урматтын көзүнө такап силкилдетти эле, күкүмдөрүм күбүлүп калды. Урмат болсо тайсалдай түштү:
- Үйгө чычкандар толуп кеткен окшойт, ойгонсом эле...
- Чычкан эмне... Ушул үстөлдүн үстүнө чыгат бекен?!
- Анан эмне... Чычкан эмес, мени жеди деп турасыңбы?..
- Окуй турганга жакшы китеп берип тур дегениңден, кыйбай атып берсе! Минтип...
- Уйкум келбегенинен ачып жатып... кызыктуу жерине жеткенде... Кечирип кой, сага мындай китептин дагы онун сатып берем.
- Мага он китебиңдин кереги жок, мынабунун өзү керек!
- Өзү болсо, өзүн таап берем! - Урмат оңой эле кутулду.
Экөө көпкө деле кыжыңдашкан жок. Бирок менин чырымдын аягы – адамдардын китепке жасаган мамилесин көрсөттү.
- Мен уйку качкан убактарда уктап кетиш үчүн эле китепке көз жүгүртүп баштайм, - деди Урмат. - Анан эки-үч баракты ачкандан кийин кандай уктап кеткенимди билбей калам.
- А мен мурда убакытты өлтүрүш үчүн эле китеп окучумун, - деди Кунар. - Бирок китептин кадырын кеч билдим. Китеп окуунун өзү да чоң мээнет экен. Азыр ойлосом, атам-энем да, мектеп, жогорку окуу жай да бербеген билим-тарбияны китептен сиңириптирмин. Чынында ата-энеме караганда китепканага көбүрөк карыз болдум. Билимди мага китепкана берди. А жарыктык ата-энем мал артынан айдап жүрүшүп, мал кылып коюшмак экен. Алар мага дүйнө таанытышкан жок, дүйнөнү китептен тааныдым. А жалаң көр дүнүйө деп жүргөн атам-энем мал артынан кетип баратсам коюн-кончумду тинтип, эптеп үйдөн кытып чыккан китепти колумдан алып коюшчу.
«Талаага мал кайтарганы баратканда... чилистен кейиптенбей, алдагы азгырыкты ташта, малдын баарын жоготосуң!» дешип, мени мал кайтартыш үчүн караңгы бойдон кармагылары келчү. Болбосо азыр окуган китептерди бала кезде эле окуп коймок экемин. Бала кезде китеп окуганга чолом тийбей жүрүп, анын баркын кеч түшүнгөнүмө өкүнөм. Азыр түшүнсөм, китеп окугандын өзү – жан дүйнө гигиенасы экен. Гигиенасы дегеним – кай бир кейипкер үчүн ыйлайсың, соороносуң, кейийсиң, сүйүнөсүң. Жандүйнөң козголуп алат. Дилиңден тазаланасың. Түрдүү каармандардын оң жагын, терс жагын көрөсүң. Айтор, «Китеп – адам жан дүйнөсүнүн күзгүсү» дегенди ким айтканы эсимде жок, адамзаттын акыл-эсине шоола чачкан китептерди минтип сага окшогондор чычканга жедирип коюп, жарым өлүк болуп уктап жата беришет, - деп мени таштандынын челегине ыргытып салды.
Мен болсо таштандылар арасында өтөр кийинки тагдырым жөнүндө узун санаага түштүм...
* * *
Урматка чейин да далайдын колунан өттүм. Кунар мени бирөөгө берсе, ал бирөөгө, анысы дагы бирөөгө берип жүрүп, окурмандардын түрдүүсүн көрдүм. Колдон колго өтүп, жыртылып баштадым. Кунар мени сатып алган эмес, уурдап алган. Мен ага чейин китепканада сакталгамын.
Ошол күнү китепкананын чоң залында окурмандар көп болучу. Кечинде иш аяктап, чоң залды жаңырткан коңгуроо кагылары менен дүрбөгөн окурмандар четинен барып китепканачыга колундагыларын өткөрө башташты. Кунар болсо окурмандар суюлган кезде колундагы журналдарды өткөрүп жатып, китепканачы алаксып калган кезде үстөл үстүндөгү мени көрдү да, койнуна кытып алды. Ошол бойдон кайрылып барганым жок.
А окурмандар мени жазган автордун тирүү экенине да, өлүү экенине да кызыгышкан жок. Мага гана кызыгышты. Азырынча менин авторумдун өмүр-баянын жазыш эч кимдин оюна келелек. Мени жазган Д.Н. мен басмадан чыгардан бир аз мурда өз жанын өзү кыйып, маңдай тери үчүн калем акысын да албай кетти. Ыраматылык тирүүсүндө анчалык деле сөзгө алынып, жетер атагына жетпеди. Биз болсо басмадан миңдеген нускалар менен кайталанып чыгып, туш-тушка тарадык. Басмадан чыгарыбыз менен миңдеген китептердин арасынан мага китепканага деген мөрдү балтайта басышып, татынакай кыздын кебездей жумшак колуна тапшырышты. Мага ошондо адамдардын алаканы мээримдүүдөй туюлган...
Китепканага түшөрүм менен жанымды тынтырышкан жок. Күндө шабыратып окуган окурмандарым көбөйө берди. Бир жолу жөнөкөй окурман эмес, жазмакер сөрөйдүн колуна тийдим. Мени окуп атып бир жерди тиктеген бойдон мостоюп көпкө ойлонду, тыным жасап көзүн эс алдырып алабы десем, колуна калем алды да, менден кызыктуу бир окуяны көчүрүп баштады. Көчүрүп бүтөрү менен чөнтөгүнө бекитти да, кетти. Айтор ошол жазмакердин кийин-кийин таскагы катуу чыкты. Ал жазуучунун ысымын атабаган себебим, азыр аныңар белгилүү жазуучу болуп алды.
Дегиңкиси мени менен катар чыккан миңдеген нускалар окурмандардын талоонуна түшүп, тартыш китепке айландык. Бир нече тилдеги окурмандарга которулуп да жеттик. Далай котормочулардын чөнтөктөрүн калем акыга шыкадык. Муну мактанып айтып атканым жок. Болгону эле жакшы китептин тагдыры кандай экендигин силерди элес алса дедим.
Мүмкүн мен мыкты аңгемелердин жыйнагы болбогондо көптөгөн окуяларга кабылат белем, ким билет?.. Чаң басып, китеп текчелерде тизилген начар китептердин тагдырына деле суктанбайм. Алардын да пешенесине жазылган ар башка тагдырлары бар. Жаман китеп болобу, жакшы китеп болобу... акыры деле адамдардын жасай турган мамилесинен кайда качып кутулат элек.
Китеп – адамзаттын агартуучусу экенин баары унутту. Үйлөрүндө чыкыйта тизилген китептер аркылуу – өздөрүн бийик мартабалуу, билим-маданияттуу көрсөткүсү келгендер толуп кетти. Алар дубал бооруна тирелген китептердин бирин да пайдаланышты билишпейт. Бизди бир үй ичин көрктөй турган буюмдар катарына коюшту. Мүмкүн менин шериктештерим да модадан калбас пенделердин үйлөрүндө кооздук үчүн дубал боорунда тирелип турушкандыр, менин андан эч шегим жок.
Китеп аттуунун көбү – адамдарды пайда табууга үйрөткөн гана каражатка айланды. Ал китептердин куну Толстой, Стендаль, Шекспир, Достоевский, Кабавата ж.б. ж.б... улуу жазуучулардын катарында бийик жана баалуу. Мен азыр чычкандар кемирип кеткенден кийин таштанды челектин ичинде жатып, мындан ары колдонууга керексиз болуп калганым үчүн – акырет алдындагы сөзүмдү айттым.